Баарынан да баланын энесине кыйын болду. Баспаган жери, сурабаган кишиси калган жок. Ыргайдай болуп, сүйрөлүп араң эле басып калды, бечера. Эринин өлгөнүнө деле эки жылдан жаңы өтүптүр. Ошондон калган эки жетимчени жетилтем деп, эл ичинде эптеп тиричилик кылып атканында, карабайсыңбы!
Венера күнүгө эрте, таң заардан базарга чыкчу. Ысык-суукка какталып, адегенде майда-бачек сатып, а кийин орун-очок алып, соо¬дасын саал түзүктөп алган. Кечинде бутун тарта албай араң келген энесин алтыга толуп-толо элек Гүлзада менен экиден эми эле жаңы өткөн Эркинбеги тосуп алчу. Экөө эшиктин алдында эпейип туруп алышып, кечкурун жол карайт эле!.. Бир күнү келсе эле анан... каргадай болуп кызы жалгыз калыптыр!
Бөбөгүн издеп, дикилдеп чуркап, ыйлай берип суй жыгылыптыр бечера. Эркинбек эшикке чыга калып эле заматта көздөн кайым болгон имиш.
Ушундай кеп-сөз шаарга эле эмес, алыскы райондорго да жетип заматта «дүң» дей түштү. Ошондон бери курган келиндин барбаган жери, сурабаган кишиси калган жок. Кимдин оозун ким тыят эле, эл ичинде үрөйдү учурган божомол, имиш-имиштер күчөдү. Кээ бирлери: «Балдарды уурдап, чет өлкөлөргө сатып аткандар бар имиш!» – десе, дагы бири: «Кара башын жесин, өгүнү бирөө ресторанда отуруп, тамактын ичинен баш бармак таап алыптыр!» – дейт. А турсун: «Баланы азгырык алып кетиптир!
» – деп да ийишти. Айтор, ар кандай жоромолдор,
«дейт-дейт» кептер ата-энелердин үрөйүн учуруп, балдарын сак-сактап эле кайтарып калышты. Капырай десең, кандай болгон күндө дагы, кенедей баланын көздү ачып-жумгуча көздөн кайым болушу адамды айран таң кылбай койбойт...
Жол ката ушуну ойлоп, Акшоола жаңы эле кабинетине кирген. Ага удаа эле баягы, баласын жоготкон келин да баш бакты.
– Келиңиз, – деди Акшоола илбериңки, – Ал-акыбалыңыз кандай, Венера?
Өзүнүн ал-акыбалынын өзү үчүн азыр анчалык деле маа¬ниси жоктой, Акшооланын суроосун жоопсуз калтырып, а бирок алда неден үмүт эткендей Венера аны үзүлө тиктеди. Анын эмне сурагысы келгенин түшүнгөн Акшоола эмнегедир тайсалдай түшүп, баш чайкады:
– Азырынча бизге кайрылгандар боло элек. А тиги... ички иштер органдары эмне дейт?
Үмүтүнүн эң акыркы билиги «жалп» өчкөндөй, Венеранын муун-жүүнү бошоп шалдая, эриндери диртилдеп, колдору да саал титирегенсип кетти. Эми элеки көздөрүндөгү каканактаган ысык жаш кайра эле каректерине сорулуп, ары сиңип кеткен өңдүү кургай түштү. Өгүнкүдөн да бир топ өзгөрүлүп, арыктап, жүдөп калыптыр, шордуу.
Отузга али толбой жатып, саамайларын ак басып кеткен келин бир аргасы ушул жерден табылчудай,
акыркы күндөрү айланчыктап эле келе берет.
– Баламды кайдан табам?! – деди эми да Венера бет маңдай отурган Акшооланын колун кош колдой, мыкчый кармап:
– Айтчы, Акшоола, бирдеме дечи?! Унчукчу?! Ушу убайдан куткарчы?!
– Кайрат кылчы?! – деди Акшоола. А бирок келин аны укпагандай,
боздоп ыйлап атты:
– Кагылып гана кетейин каралдым, ай! Карааныңды кайрылып кайра көрбөй, какбаш болуп кантип калам, катыгүн?! Сербейип кайда гана калдың экен, карааным?!
Кай жазыгың үчүн Кудайым сени куу¬ратты экен, балам?! Эми эмне кылам?! Кайдан издейм, кайдан табам? Кимден сурайм, берекем?! Ушундан көрөкчө мени артыңдан кошо эле алып кетпейби, Жараткан?!
– Сабыр кылчы, алтыным. Үмүттү үзбөйлүчү, Кудай бар эмеспи?..
– Жок, жок! Мен Кудайдын бар экенине ишенбейм!
Болбосо, анын калыстыгы канакей?! Эрбейип, экиге эми эле чыккан Эркинбегимди эмнеге энесинен ала качып, кууратты дейм да?! Айтчы, айткылачы?!
. Балам!!!
Балам ай, балам!!!
Венера улам өзүн жогото, буркан-шаркан түшүп ыйлап, түйүлгөн чачы далысы ылдый жайылып, өңү бузулуп, ансайын:
– Суу! Суу бергилечи!
! Өзөгүм өрттөнүп атат! Өчүргүлөчү мени! – деп өзүнүн көкүрөгүн өзү тытмалап, жерде оонап жатып калды. Адегенде аны жоошутууга аракет жасап атып, акыры чарчап суй жыгылганда Акшоола чуркап чыгып кесиптештерин чакырып, анан «тез жардамга» чалды.Венераны «тез жардам» алып кеткенден көп өтпөй эле, Акшооланын чөнтөк телефону чырылдады.
– Угуп атам, – чарчаңкы унчукту Акшоола.
– Алло! Акшоола Ашыракмановна!
– телефон чалган аял опуза унчукту.
– Да, да? Мен сизди угуп атам.
– Угуп атсаңыз, анда мындай! – бейтааныш аял орой, өктөм үн катты, – Бүгүндөн кечикпей мага келип, кезигип кетишиңиз керек!
– Кечиресиз, а сиз кимсиз?
– Ким экенимди келсеңиз билесиз да! Адегенде келесизби, ошону айтыңыз!
Акшоолага анын ыксыз орой, өктөмдүгү жакпады:
– Анчалык зарыл жумушуңуз болсо, өзүңүз келип кетиңиз!
Бейтааныш аялдын бейадеп мамилесине саал кыжалаттанганы менен, бат эле кайра эсинен чыгарып таштап, ишке алаксыгысы келди. «Ушунчалык эле зарыл иши болсо, келип кетээр», – деди өзүн тынчытып. Анткен менен көңүлү эч нерсеге чаппай, эмнегедир эле ой-санаасы алагдылана берди. Күнүмдүк эле жумуштары ага башкача бир татаалдай сезилди. Анын үстүнө Венеранын жапжаш туруп ак аралаган саамайлары менен салаалаган көз жашы, эсин жоготуп жерде оонаган элеси көз алдына кайра-кайра тартылып туруп алды.
Телефону кайра дагы чырылдады:
– Алло! Сиз эмне, киши менен кишиче сүйлөшкөндү билбейсизби?
! Таштабыңыз,
трубканы!
!!
– Кечиресиз, сиз кимсиз?! Сизге эмне керек?!
– Айтмакчы, күйөөңүздүн аты Ынакпы?! – бейтааныш аял анын суроосуна кайра суроо менен жооп кылып, жыландын башын аста кылтыйтып койду эле, кепке саал какай түшкөн Акшоола:
– Болуптур!
– деди. – Дарегиңизди айтыңыз. Бирок бүгүнкүгө эмес, жолугушууну башка күнгө болжойлу.
– Жок! Жок! – Алиги аял шашып, чок баскандай ыргып-секирип кетти:
– Башка күнү кеч болуп калат!
Чындыгында эле аялдын чый-пыйы чыкканына себеп, жөн бар болчу. Анткени, Акшоолага бүгүн кезикпесе, канча бир күндөн берки ойлоп тапкан айла-амалы таш кабат эле. Анысын өзү дагы байкабай, сыртка айтып албадыбы. А бирок амалкөйлүккө салып, кептин этегин кайра бат эле башка нукка буруп кетти:
– Эртең кечигип каласыз, айым!
– Кечигип? Эмнеден?
Аял жоопту ансайын машакаттана,
маалката табышмактап,
ананкыга узартып койду:
– Ал жеке сиздин жана сиздин сүйүктүү эриңиздин кызыкчылыгына байланыштуу!
– Кызык экен...
– Анан калса, оңой менен да таптырбайт экенсиз! Эче күндөн бери ишиңизге, үйүңүзгө чалып издей берип, чар¬чоодон суй жыгылдым...
Аялдын атын, дарегин жазып алгандан кийин да: «Бу Лилия деген ким эле?» – деп көпкө убараланып,
а бирок жадымынан такыр таппай койду. Чындыгында бул ысымдын өзү да Акшоолага жаңылык болчу. Лилияга анын үйүнүн, ишинин түгүл, чөнтөк телефонунун номерин ким берди десең? Атыгүл ал Ынакты да билет имиш. Каяктан?.. Анткен менен ага азырынча баары табышмак эле. Андан кийин эси-дарты алагды болуп, ою такыр чогулбай койду. «А балким, бул Самагандын экинчи аялыдыр? – деди бир ою, – Жок, жок, анда алардын чыр-чатагына Ынак экөөбүздүн кандай тиешебиз бар?»
- (8 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Адашкандар". Автор:ЖЫПАР ИСАБАЕВА
#2 23 Июнь 2016 - 07:20
Самаган дегени – Алиянын күйөөсү. Кечээ үйүнө ошол, бала кезден чогуу ойноп, чогуу өскөн эң жакын курбу кызы келген. Убагында көргөндүн көз кумарын кандырган, көгүчкөндөй көркөм, кермаралдай керилген керемет кыз эле, чиркин. Турмуштун запкысын тартып, эми жүдөңкү кара келин болуптур. Эки кенедей кызын жөжүрөтүп ээрчитип алган. Алиянын айтымына караганда Самаган жалгыз энесин да карабай, кемпирдин колундагы бирин-экин малын да сатып ийип шаарга баса берген имиш. Анткен менен аракка берилип алып, катын-балдарын деле жыргатпаптыр.
Акыры кара курсагын кампайтыш үчүн базарда соода кылган Ырыскан аттуу аялдын үстүнө кирип алып: «Сен эркек төрөбөйсүң!
» – деп Алияны кордойт имиш. Акыркы күндөрү алар турган ижаранын да акысын төлөбөй, а бирок анда-санда буту-колунун кычуусун кандырып уруп-сабап кетет экен. Эмчектеги кичинесин көтөрүп, этектеген чоңураагын ээрчитип, эки-үч күн кайыр сурап да көрүптүр, арман! Аны укканда Акшооланын сайсөөгү сыздап-сыздап кетти го!
Алия андан акча сурады:
– Айылга, кайын энеме кетейин дедим эле. Кантсе да, эчкинин жашындай жашы калган, чүкөдөй ошол кемпир менин кыздарымдын чоң энеси эмеспи. Андан башка биздин эч кимибиз жок!... Аңгыраган ээн үйдө жападан жалгыз, эмненин күнүн көрүп атты экен, шордуу!
– А балким, шаарда эле калып иштээрсиң? – деген Акшоола аны аяп, – Ынак келсе акылдашып, иш таап, ижараңа жардам берели?
А бирок Алия ага көнбөй койду:
– Карманып, туу туткан апамдан айрылып, жалгыз калганымды билесиң. Менде бир тууган, ата да болгон эмес! Мен азыр эне жыты, мээримине чаңкап турам, Шоола! Барайынчы? – деген. Акыры ынанып, кайын энесине көйнөк-көнчөк, чай-чамек алып берип, өздөрүн да бир сыйра ки¬йиндирип, бүгүн эртең менен көлгө узатып ийип, ишке келгендегиси болчу.
Кыздарын сербейтип жетелеп, көтөрүнүп алып көзүнүн жашын кылгыртып машинеге түшкөн Алиянын элеси көңүлүн эзип, көкүрөгүн өрттөп турганда, кечээки эле соп¬соо Венеранын баласынын күйүтүнөн тигинтип жиндиканага кеткени!.. Алар аз келгенсип, белгисиз Лилия аттуу аялдын опуза-сунушу! .. Ушулардын баары аны бир эле күндө катуу чарчатып койду. А бирок, ошолордун бардыгынан тең Акшооланы арачалап, көңүлүн көккө серпилтип, чарчаганын унуттурган жалгыз нерсе – Ынагынын тууруна учуп келатканы эле! Ушуну ойлой калган Акшоола шашылып саатын карады. Саналуу эле убакыттар калыптыр! Кубангандан шашкалактап, өзүнө-өзү сыйбай кетти! Ынактын чет өлкөгө кеткенине бүгүн туура эки жума. Акшооланын сагынычы тоодой! Ынак да түндө телефон чалып, кусалык жанына баткандыгын айтты эле... «Ал келгиче тигил аялга барып, жолугуп келе коёюн», – деп эми Акшоола шашылыш жолго чыкты...
* * *
Бул убакта Алиялар да жолдо болчу. Ою онго, санаасы санга бөлүнүп, терезеге телмирет. Анткен менен курбусунун мамилеси, боор тартып ыктаганы бир капшытын толтуруп, чыны менен эле жашоодо жалгыз эмес экенин, аны издей турган, сурай турган бирөөлөрдүн бар экенине бел байлады. Аяш атасын, аяш энесин элестетип, өз ата-энесин эстегендей жүрөгү ысып, көңүлү көтөрүлө түштү. «Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн» деген сөздүн чоо-жа¬йын баамдады. Мурунтан аларды эмнеге эсине албады экен? Чынында эле Алияны алар башынан эле жакшы көрүшчү. Балким кызы менен ысык-ынак болгон үчүндүр, а балким анын апасын сыйлап, же болбосо жетим-жесирлер деп аяшчудур? Айрыкча аяш атасына ичи имерилип, жүрөгүнүн тереңинде жакшы көрөт эле. Атасы жок болгон үчүнбү, эмнегедир Акшоолага кошулуп, ал да аяш атасына эркелегиси келчү. Кызылдуу, буудай ыраңынан жыттап, мойнунан кучактап, ата жытын искегиси келгенин бир жолу айтса, апасы ыргып-секирип, чочуп кеткен:
– Ок, чунак кыз! Ал эмнең?! Эмнеге антет элең?! Ал сага ким эле?! – деп. Умсунуп калган кызы. Энеси да ошондон кийин аны аягандайбы, айтор кызынын атасы жок экенине күнөөлүү окшоп, жалтаңдай карачу. Алда неден санаар¬кап, корккондой боло берчү. Кызы да ансайын апасын жүдөтүп, эс тартканда деле толгон-токой суроолорду бере берээр эле:
– Атам кандай киши эле? Мени жакшы көрчү беле? Өпчү беле? Аты ким эле? Кимге окшош эле?
– Жакшы киши болчу. Баланы да жаман көрчү беле? Сага окшош болчу... – деп кыска, супсак айтып, ал тургай айрым суроолоруна жооп бербей койчу апасы.
Бир күнү кызы окуудан томсоруп, ыйлап келди:
– Апа, атамдын аты ким эле? – деди дарбазадан кире элек жатып эле.
– Дагы баягыңды баштадыңбы? ! Жок атаңдын атын эмне кыласың? Андан көрө окууңду жакшылап оку! – Кемегеде от жагып отурган апасы ушинтип сүйлөнүп койгон. А бирок, ар убак ушундай суроодон кийин апасынын тунжурап, ойго батып кетмей адаты болор эле. Бу жолу да ошент¬кен. Оттун илебинен ого бетер жүзү албырып, бир чекитти тиктеген калыбында ойлонуп кеткен. Бара-бара кызы апасынын ушундай мүнөзүнөн улам, көкүрөгүндөгү быкпырдай кайнаган, толгон-токой суроолорун ичине катчу болгон.
– Атаңдын ким экенин билип алчы, кыйын болсоң! Сен деген Ашыракмандын кызысың! – деген бир жолу Улан. Ашыракман – Ак¬шооланын атасы. Уландын бул «шылдыңы» ага бир чети жага түшкөн. А бирок анда да Алмакан апа ыргып-секирип:
– Калп айтат! Кап-каяктагы сөздөрдү укпай, ошо бала менен сүйлөшпөй жүрчү! – деп жемелеп койгон. Балалыгы да, болбосо ошондо апасынын тилин албай, Уландан: «Менин атамдын ал экенин сага ким айтты?» – деп сураса болмок. Улан азыр каякта болду экен? Айтмакчы, анын атасы жөнүндө балким аяш атасы, аяш апасы билер? Анда Акшоо¬ла эмнеге билбесин? Билсе эчак эле айтат болчу. Эмнеси болсо да Алия апасы айткандай, атасынын ал төрөлгөндө эле өлүп калганына азыр деле ишенбейт. Эмнегедир ага атасы жакын эле жерде, каяктадыр жүргөндөй сезиле берет. Атасына эркелеп: «Атаке!» – деп качантан берки кусасын төгүп, көкүрөгүнө боюн таштап, бакырып жыгылгысы келет. Бирок, ошол эле тапта атасын жек көрүп, жүрөгү кайра муздай түшөт. Канчадан берки «ата» деп тарткан зары үчүн, апасы экөөнүн азап-тозогу үчүн кечире албай мисирейет. Деги бар болду бекен, атасы? Ким болду экен?
Ушинтип ойлоп келатты келин. Адам деги кандай жүк¬чүл? Анын көкүрөгүнө эмнелер гана батпайт? Жакшылык да, жамандык да! Сүйүү да, жек көрүү да! Сагыныч, куса, арман, күтүү! Саргайган санааларчы? Кээ бир адамдардын көкүрөгү чылгый эле ыкыр-чыкырга толтура. Ыпылас ойлорду ойлоп, Самаганча ыпылас иштерди жасайт, алар. Оо-уу, алардын колунан эмне деген гана жамандыктар жаралбайт?! Оозунан эмне деген гана ыпылас кептер айтылбайт?! Жашоо ошонусу менен коркунучтуу!
Жоголгон бала эсине түшө калды, Алиянын. Ансайын денеси «дүр» – деп, эмнегедир күйөөсүн ого бетер жек көрүп кетти.
Райондун борборуна жетпей, биринчи эле айылдан түшүп калып, тоону беттей кеткен узун көчөнү бойлоп келатты үчөө.
– Апа, чоң энем мени тааныйбы? – дейт Чолпонай.
– Тааныйт.
– А мен аны тааныбайм.
– Тааныйсың. Биз шаарга кеткенде сен Алтынайдай кичинекей болчусуң. Чоң энең сени бешикке бөлөп, алдына алып отурчу. Жакшы көрчү. Сагынды го.
– Анда эмнеге бизге келген жок?
– Ал шаарга жалгыз бара албайт да, адашып кетет.
– Ошон үчүн биз өзүбүз келатабыз, ээ?
– Ооба, кызым.
Баягы дүпүйгөн бак-дарактын көбү кыйылып, мулуйган-мулуйган дүмүрлөрү эле калыптыр. Ошон үчүнбү, айылдын ажары качып, көзгө өтө эле жугумсуз. Анткен менен арак, шаан-шөкөт көп окшобойбу. Алкынган аттарды ары-бери татырактатып, жаштыкка эле эмес, аракка мас алагүү жигиттер чоочундардын жанынан чаап өтүшөт.
– Апа, коркуп атам, – дейт Чолпонай адатынча.
– Коркпо, кызым... – баягы сөзүн айтат апасы.
Алардын үйү көчөнүн башында боло турган. Бир колуна бала, бир колуна сумка көтөрүп, тестиер кызын ээрчиткен Алиянын жүрөгү улам үйгө жакындаган са¬йын түпөйүл тарта, чийки май тиштегенсип баратты.
Баягы өз үйүнө барган күнүн эстеди. Анда да күйөөсү жок, жалгыз болчу. Колунда тун кызы, анан апасына деп тээ күйөөгө чыккандан бери чогултуп, каткан-үткөн дүнү¬йөсү. Анысы деле майда-барат: бир байлам жоолук, байпак, апасынын ысык-суукка туурулуп шуудураган колуна деп алган бетмайы, бир пачке чай, эки кил таттуу... Колунан келгени ошол болчу. Күйөөгө тийгенден кийинки бул биринчи жолу келиши эле. «Апама бир барып келсек болот эле» – дей берчү келин. Күйөөсү унчукпай, укмаксан болчу. Эмнени ойлоп, эмнеге антээрин Алия анда каяктан билиптир. Көзүнүн кы¬йыгынан кытмыр карап, мыйыгынан күлүп койчу, эри. Аны башкача түшүнчү келин: «Кайсы арыңа барасың? Мен акча берсем барасыңбы? Бербей койсом эмне кыласың?» – деп жатабы деп ого бетер көңүлүн таап, анын кара мүртөздүгүн жумшартканга аракет кыла берчү. А чынында Алия апасынын өлгөнүн анда билчү эмес. Мурунку жылы жазда эле: «Апаң өлдү. Баланчанчы күнү коюлат» деп телеграмма келгенин, аны күйөөсү алып, буга көрсөтпөй ушалап ыргытып ийгенин каяк¬тан билиптир?! Ошондон бери эле энеси эсинен да, түшүнөн да кетпей жүрчү. Өлөр алдында байкуш апасы жаналакетке түшүп, жалгыз кызын көргүсү келгендир, түшүнө кирип эле чакыра берчү. Бара албай койбодубу, анда да. «Сагынса керек, байкуш апам. Мен да сагындым. Жол кирем болсо эле, күйөөм жиберсе эле барып келет элем!» – дечү.
Тигиниси да мышык-чычкан ойнотуп, каадаланып, барк¬танып, табышмактуу кылыйып карап, унчукпайт. Эртең менен эрте базарына кетчү. Кечинде келип, жамбаштап жатып алып бир тутам акчасын кайра-кайра санап, бирок, кайра эле чөнтөгүнө солоп алчу.
– Ме, нан ал! – деп майда сары чолокторду корс¬тон боло ыргытып койчу. Бир күнү анан Кудай ичине «ыйман» берди го:
– Апаңа барып кел! – деп ашык-кеми жок, жол кирелик акча сунду. Алиянын сүйүнгөнүн сураба! Ишенип-ишенбей, тигил кайра тартып алчудай жалтаңдап атып:
– Экөөбүз чогуу барсак болот эле?.. – деген кыңырылып.
Жол бою ушуларды ойлоп, тунжуруган Алия күнгө какшып, сыры эчак сыйрылып түшүп, каалгасы кыйчылдаган жыгач дарбазанын жанында буйдала түштү. Жүрөгү дүкүлдөп, эмнегедир бакырып ыйлагысы келип, ичкери батынып баш бага албай эшикте турду.
– Апа, бул кимдин үйү?
Анда да ушинтип сураган кызы. Анда да апасынын дарбазасы так ушинтип кыйч-куйч этип, кагырап турбады беле?! Анда да Алияны ушинтип, короонун ичи-сыртын курчаган коко тикенектер тосуп алган! Анда да апасынын шыбагы сыйрылып түшүп, үтүрөйгөн жаман үйү көзгө эң эле кунарсыз көрүн¬гөн! .. «Апам?! Апама эмне болгон?!» Оюна ушул келип, жүрөгү кабынан ыргып кетүүчүдөй лакылдап, анда да ыйлагысы келген! Короого кирсе үйдүн эшиги бек, терезелерге болсо каршы-терши жыгач урулуп калыптыр болчу анда!

#3 23 Июнь 2016 - 07:22
– Апа-а?! – деп жаш баладай элеңдей түшкөн. Аңгыча короого үч-төрт аял кирип келбеди беле! Кошуналар экен. Алардын түрүн көрүп эле апасынын соо болбой калганын билди кыз. Коркуп кетти.
– Алиясыңбы, айланайын? – Бул Кадича кемпир болчу.
– Жакшысыздарбы? – деди үнү дирилдеп, ыйлачудай болгон кыз. – Апам каякта?
Тигилер бирин-бири карап, алда нелер жөнүндө үн-сөзү жок сүйлөшө калышкансыды.
– Келчи берекем? – Кадича эне улуулук кылып, беркилерден озунуп кучак жайды:
– Амансыңбы, кагылайын? Жакшы жүрөсүңбү?
Эмнегедир эненин сунулган колдорун майда калтырак басып, үнү каргылданып кетти:
– Кайрат кыл, берекем. Алмашты жайына узатканбыз!
– Ыя?!! – Уккан кулагына ишенбей, саамга дендароо боло теңселе түшкөн Алияны улам бир аял келип бетинен өөп, жөлөп-таяшты:
– Кайрат кыл, айланайын! ..
– Ооба, айланып кетейин, ошент!.. Тагдырдын жазмышы экен. Бул дүйнөгө түркүк болчу ким бар дейсиң?!.
Эсине келе түшкөн Алия ошондо гана көкүрөгүндөгү бир ачуу арманды сыртка чыгарып, ачуу чаңырып алды:
– Апакеба-ай?! А-аа!!
– Кой кызым, кой! Антчү эмес, кагылайын! Кайрат кыл?..
Аялдар жерде оонап, жер чапчылап, чабалактаган кызды басылта албай жатышты.
– Апакебай, апа дейм?! Апаке, кантип мени жалгыз таштап кеттиң, апакебай?!
– Кой эми, балам. Сабыр кыл!
– Жок-жок! Ка-алп! Ишенбейм! Алтын апакем, ай! Каралдым апам, ай! Ой жүрөгүм, ай!..
Жедеп үнү чыкпай калганда гана эси ооп, солуктап жатып калды Алия.
– Алмакандын үйү тараптан ый чыгабы, ботом? Кызы келген окшобойбу, – деп айыл-ападагылар бири-бирине кулак кагыш кылып отуруп, заматта короонун ичи опур-топурга толуп кетти. Аяш апасы кайра барып, үйдүн ачкычын алып келди. Өзөгү өрттөнүп, арманда сыздап отурду Алия. Апасынын эле жоктугу болбосо, үйдүн ичи баягы эле боюн¬ча, жасалгалуу экен.
– Сени келип калабы деп, оокат-кечеңди улам күбүп-кагып, ушинтип кармап аттым,-деди Акшооланын апасы кыздын алдына көлдөлөң жая салып атып.
– Баары орду-ордунда. Ушунун баарын термелеп, сага арнап жүрчү эмес беле, шордуу!
– Аяш апа, мага эмнеге кабар айткан жок элеңер? – деген кыз аяш апасына жакынсый да, таарынгандай да үн катты.
– Кабар айтылган, ботом! Телеграмманы аяш атаң өзү жиберген.
– Каякка жиберди эле?
– Апаңа жазган каттарың бар экен. Бир күнү келсем, ооруп калыптыр, байкушум. «Эмнеси болсо да өзүңө аманат. Биякта дареги бар экен. Эгерде бирдеме болуп кетсем, кабар кыларсың» – деп мага берген. Ооруп атып да сени оозунан түшүрбөй, чакыртып атты. Бир нече курдай чакырып, телеграмма, кат да жибердик. Телефонго да чакырдык, такыр эле жооптошпой койбодуңарбы. Кайненең келген, бечара. Ал да дайныңарды билбейт экен. Ошондой да кыласыңарбы, ботом? – Нааразы болгондой унчукту аяш апасы.
– Уккан эмесмин. Кабар барган эмес... – эриндерин алсыз кыбыратып, салаалап аккан жашын аарчыбай, үнсүз ыйлап атты Алия. Күйөөсүнүн башкача, кандайдыр сырдуу кылыйганы элестей, оюна ушу «тык» эте түштү: «Билгени бар тура!!! » Ошондо бир катуу карарып, эч качан кечирбестей жек көрдү аны.
– Бул жолу да укпай эле келдиң беле? – деп чай куюп атып сурады аяш апасы.
Башын ийкеди кыз.
Аяш атасы тоого киши чаптырып, мал алдырды. Эртеси эле айылдын аяк-башы чогулуп келип, Алиянын апасына куран окутушту. Кызынын алып келген эки кил таттуусу да ошого кошулуп калды.
* * *
Колундагы баласы тыбырчылап, кыңкыстаганда гана оюнан «селт» деп чочуп, эсине келе түштү келин.
– Апа, эмне турасың кечке эле? Болбойсуңбу? ! – деп Чолпонайы эчактан бери эле этектен тарткылап аткан. Жедеп жүрөгү калып, жалкоотай болуп калган келин бу саам да апкаарып атып араң эшиктин босогосун аттады.
Алар кирип барганда Жаңыл апа жүн тытып отуруптур! Ойго терең чөмүлүп алган эне үчөөнүн антип, кирип келгенин адегенде туйган жок.
– Апа?! Апаке?! – кайын энесин тирүү көргөнүнө кубанып, ишенип-ишенбей бакырып алды келин. Ошондо гана эненин жүрөгү «болк!» эте, жанына келип калган келини менен кичинекейлерин тааныбай аткандай үңүлө, бүшүркөй тиктеди.
– Апа, менмин апаке! Мен – Алия¬мын го!
– Чоң энеке! – деп Чолпонай чоң энесин басып жыгылды.
– Оо, Кудай! Кагылайындарым! – көргөн көзүнө ошондо гана ишенип, каректери каканактап, жер айланкөчөк боло түштү, эненин!
– Келдиңерби? !. Аксарбашыл, айланайын Жараткан! –деп карбаластап, калдалаңдап шашып калган кайненесин кучактап, бетинен өпкүлөп, кудум өз апасын кайра таап алгандай балбаалап ыйлап, эненин сүт жыттанган илебинен искегилеп, жаш балача эркелеп атты Алия.
– Кой, каралдым, ыйлабачы?
Келининин анткенин башкага жоромолдогон эне:
– Энени түбөлүк түркүк кылган ким бар экен? Калган өмүр-жашын өзүңө, сенин чүрпөлөрүңө берсин! – деп салт боюнча ага кайратын айткан менен өзүнүн да көкүрөгүндө көйгөй толтура болчу. Өзү да жашып, балбалактап ыйлап алган.
– Оорубай-сыктабай турасызбы, апа? – Энесинин жоо¬лугун оңдоп-түздөп, сыртка чыгып калган ак чачтарын ары жашырып атып сурады Алия.
– Мен куруюн, балам! Мени эмне, Кудай алат дейсиңби! Силердин эле жамандыгыңарды көрбөй, киши болгонуңарды көрүп анан өлө берсем мейли эле!
– Антпеңизчи, апа! – чындап эле ушинтти келини: – Өлүмдү айтпаңызчы? ! Сиз бизге керексиз, апакебай! ..
– Алдыңа кетейин, сенин! Алдыңа кетейиндерим менин! Силерди көрөр күнүм бар турбайбы, Кудай! Кагылайындарым! .. – деп бапыраңдаган эне Чолпонайын жыттады:
– Чолпонайсыңбы?
– Ооба да! – деди небереси чоң эненин мойнуна оролуп. – Эмне, мени тааныбай атасызбы?
– Чоң энең ошондой сокур эмеспи, берекем! – деди энеси аны кайра-кайра жыттап атып.
Чоң эне неберелери менен көрүшүп, улам бирин шорулдата жыттагылап, жалынып-жалбарып аткыча, Алия баштыгын чечип, ка¬йын энесине ала келген базарлыгын додолоп ортого койду.
Анткен менен эненин эси-дарты башкада болуп, «тырс» эткен дабыш чыкса эшикти карай «селт» этип, мына-мына азыр Самаганы «жарк» этип кирип келчүдөй үмүттөнө да, күдүктөнө да берди. Ушунун баарын тең эле билип, туюп аткан Алия да ичинен сызып, ансыз да чүтүрөйүп, карылыктан мурун да кайгыдан каржайып арыктап, эки жаагы шимириле түшкөн бечера энени аяп, ансайын энеге эбедейи эзиле үзүлүп түшүп, «апакелеп» өөп-жыттап атты. Жаңыл апа да аштымканада турчу жыгач үкөгүн ачып, качантан берки балдарына арнап каткан тамак-ашын жайнатты. Карындын оозун чечип, өз колу менен май омкорду. Неберелеринин кочушун толтуруп, камкаймак менен шекерге ороп кургаткан курутун берди. Ошондо да уулу эшиктен эми-эми кирип келүүчүдөй улам эшик жакка үңүлө калып атты.
– Самаган келген жокпу? – деди чай ичип атканда гана «эмне жооп угам?» дегендей жүрөгү дүпүйүп.
– Ал шашпайраак, кийинчерээк келет апа, – деди Алия энени кай¬гырткысы келбей.
– Ий-и... – деп эненин көөнү жайлана түштү: – Иштен колу бошой албай калгандыр да.
Алия бир нерсе деп ийчүдөй обдула түшкөн Чолпонайды акырын зекип койду...
* * *
Акшоола издеген табышмактуу аялдын үйү шаардан кыйла алыс жайгашкан жаңы конуштардын биринде экен. Транспорт да жакшы жүрбөй, эки-үч саатта араң бир кылдыраган көк маршрутка каттайт. Анысы да айылдын жолу машине жүрүүгө ылайыгы келбегендиктен, асфальт бүткөндө эле кайра артына кайтып кетет. Түндөгү жааган жамгыр жолду ого бетер ылайлап, сары топурагын жууруп салыптыр. Жергиликтүү тургундар чоң жолдогу аялдамага чейин резинка өтүкчөн келишип, жуп жөнөөрдө гана сыйлуу бут кийимин алмаштырып кие коюшат.
Мындай кырдаалга кабылам деп ойлобогон Акшоола өтө ыңгайсыз абалда калды. Далай ирет көлчүккө түшүп, тизесине чейин баткакка батып да кетти.
Бул убакта күн бир топ ылдыйлап калган. Жаңы конушка кирип эле, бет маңдайынан жолуккан аялдан сурады:
– Кечирип коюңуз, эже, 109-үй кай тарапта болду экен?
– Аа, Лилияга баратасыңбы? – деди кайра Акшооланын өзүнө суроо берип, «каяк¬тан көрдүм эле?» дегендей аңкая караган аял.
– Ооба, – деп жогун тапкандай кубанып кетти Акшоола. – Сиз аны тааныйсызбы?
Суу алганы чыккан аял чакаларын жерге коё коюп, эчаккы эски таанышындай божурап туруп калды:
– Аны бу жерде жашагандар бүт тааныйт. Сырттан келгендер да көп. Кээде кезек күткөн кишилер менен машинелер эшигинин алдына батпай кетет. Лилия азыр аябай ба¬йыды. А болбосо, эки-үч жыл мурун мага окшогон эле катын болчу, кокуй!
– Ал деги эмне болгон аял? Эмне иш кылат? – Акшоола ансайын кызыга сурады. Дагы бирдеме айтайын деп оозун таптап келатып, бирок анысын айтып үлгүрө электе эсине бир нерсе түшө калгандай, алаканын «шак» коюп:
– Ии-ий, кокуй! Сүтүм ташып кетти го! – деп эңкейип жер¬ден эки чакасын эңип ала коюп, суусу жок эле калдыратып- шалдыраткан боюнча далдалаңдап, үйүн көздөй жүгүргөн аялдын артынан Акшоола күлүп калды:
– Жакшы барыңыз!
Андан арыраакта эки-үч бала чүкө атып аткан экен:
– Ал үй тээ-тиякта, – деп мурдун жанып, эдирейе карады балдардын бирөөсү. – Көчөнүн эң аягына барсаңыз, ошоякта.
Чүкөсүн уттуруп, ызалуу энтиккен экинчиси аны ыкылдатып, шаштырып атат:
– Атпайсыңбы, эй!..
109-үйдүн эшигинин алдында бир-эки машине туруптур. Чыны менен эле ко¬роонун ичинде кезек күтүп отургандар көп экен. Акшоола баш ийкешип учурашты да, аларды аралап өтүп, үйдүн каалгасын тартты. Ичинен илинүү экен.
– Ай, кызым! Алдагы коңгуроону бас! – деди кезек күтүп аткандардын арасындагы жашы алтымыштарга келип калган аял. Сыягы Акшооланын биринчи жолу келип атканын билди окшойт. Андан кийин отургандардын баары тең демдерин ичине катып, «эми эмне болор экен?» – дегендей тунжурап, ал жакка назар салып калышты. Лилиянын баягы өтө эле чектен ашкан өктөмдүгү, оройлугу жана керсегей кербездигине кошул-ташыл, мында отургандардын антип караганы, бу короонун табышмактуу, күңүрт таасири Ак¬шооланын журналисттик ынтызарлыгын ырбатып: «Бул эмне болгон аял, менде кандай жумушу бар?» – деген кызыгуусуна оого бетер май тамызып койду.

Билдирүүнү түзөткөн: ayka96: 23 Июнь 2016 - 07:22
#4 23 Июнь 2016 - 07:24
Каалганын коңгуроосун кайра-кайра басты эле, ары жактан дабыш чыгып, эшикти үстү-башына жалаң ак кийинип алган, далдайган кара аял ачты. Ак¬шоола азыр үйгө мант берип кире каччудай комдонуп, эшикти денеси менен толтура тосуп, жактырбагандай аны бутунан башына чейин сыдыра карап чүйрүйдү да:
– Сен ким элең?! – деди.
– Лилиясызбы? – деди Акшоола.
– Лилия азыр бош эмес. А сен кимсиң?!
– Мен – Акшоола Ашыракмановна, гезиттен.
– Жакшы болуптур! Анда тигиндей барып кезекке туруңуз! – Аял кезекте тургандарды көз¬дөй ээк жаңсады.
– Кечириңиз, кезекке турганга менин каалоом да, экинчиден убактым да жок. Мен шашылышмын!
Аял Акшооланын андан аркы сөзүн угуп да отурган жок. Эшикти ичинен «тарс!» жаап, кулпулап алды. «Деги, булар эмне болгон аялдар?!» – деди оюнда болуп көр¬бөгөндөй орой, текебер мамилелерден улам назары сына түшкөн келин. Канча курдай басып кеткиси келгени менен, а бирок бу табышмактын жообун тапмайын баары бир ою ордуна келбей турганын билип, анын үстүнө ушунча жол басып атайын келгенден ки¬йин эми бир аз күтөйүн деген ойго келди. Ал бери басканда баятан бери өзүн карап, дымый түшкөн эл да жандана түшкөнсүдү. Ошол элдин ичинде отурган арыкчырай, чапжаак, көздөрү күлмүңдөп, су¬лууча келген жаш келин эмнегедир Акшооланы жактырбагандай көзүн сүзүп, тетири карап кетти.
– Кызым, бери кел. «Исписек» менен киргизет, – деди четтеги улгайыңкы аял. Ошол оорунун азабын көп тартканы билинип, өңү кубарып, жоолугунун алдынан ак чачтары сербейген арык аялдын жанына отуруп атып:
– Бул аял өзү ким болот? – деди Акшоола Лилия жөнүн¬дө сурап. Арык аял аны түшүнбөй калды окшойт:
– Аа, ал тигил Лилиянын жардамчысы окшойт, – деди.
– Жок, мен ошол Лилиянын өзүн сурап атам.
Аял бүшүркөй карады:
– Көрүнгөнү келдиң беле?
– Мен... башка иштер менен. А бул эмне, дарыгерби?
– Дарылайт да экен, дуба салып, дуба жазат экен. Төлгө ачып, өткөн-кеткенди билген көзү ачыктыгы да бар экен.
– Биринчи жолу келип атасызбы?
– Бүгүн биринчи күнүм.
– Эмнеңиз ооруйт?
– Ой, оорубаган жерим жок, балам! Жада калса ушу колумдун учтарынан тартып, төбө чачыма чейин соо эмес.
– Доктурга барбайт белеңиз?
– Барбай койду дейсиңби, кокуй! Ошол ийненин арты менен басып жүрөм да. Антсе да кокус, какыс айы¬гып кетемби деген илгери үмүт! Айлаң кеткенде жан үчүн баарын кылат экенсиң, чиркиндики!
– Ылайым эле жакшы болуп кетиңиз, эже. А деги, бул аялдан айык¬кандар бар бекен?
– Ким билет. «Аябай күчтүү, укмуш!» деп эле айтышат. Кээси эчтеке жок дейт. Эми буюрганы да.
Акшоола жанагы, өзүнө мурдун чүйүргөн келинге кайрылды:
– Сиз Лилияга көптөн бери келесизби?
– А эмне болду?! – «Ишиң канчалык?! » дегендей каш серпе, зирпилдеди келин.
– Эмне болсун, дарыгердин касиет-күчү канчалык экенин билдиңизби дегеним?
Келин жооп бербей, деги эле бул жердегилерди теңине албагандай тетирилеп, ары карап унчукпай отуруп алды.
– Муну тааныйсыңбы? – деди арык аял Акшоолага шыбырап, тигил келинди жаңсай.
– Жок, – деди Акшоола.
– Таң!.. – деди аял алда нени байкаган окшоп. – Сен келгени эле ушинтип кебетеси бузулуп калды мунун...
Алардын антип күбүң-шыбың болуп, кеп өзү тууралуу болуп атканын билгендей келин ансайын кубарып-кумсаңдап кетти. Бирок, бул келин өзүнүн өтө коркунучтуу душманы экенин Акшоола билген да, келиндин кергиштеген мамилесине териккен да жок.
Баятан бери булардын баарын байкап, көрүп, ким-кимисине алдыртан кулак түрүп, унчукпай отурган чүйтүгүй кара кемпир аңгыча кепке аралашты:
– Бу Лилияга кызга ишенгиле! Кудай дегиле!
Кемпир ансыз да майы кетип, чүңүрөйгөн көздөрүн ого бетер жүл¬жүйтө жумуп, өз жакасын өзү муунта кармап:
– Лайлоху-илла- алла, – деп келме да келтирип жиберди. – Лилия кыздын касиет-кудуретинен күмөн саноо, ага акарат айтуу, шек келтирүү – чексиз күнөө! Анткен адамды Кудай Таалам абдан катуу жазалап коёт. Ага дилиңерди, пе-йилиңерди бурсаңар, жамандык көрбөйсүңөр!
Кемпир ушинтип оозун жыйгычакты үйдөн жанагы кара аял менен кошо дагы сомодой болгон эки эркек чыкты. Кезекте отургандар: «Кимибизди чакырар экен?» – дегендей аларга кулак түрүп, үмүттөнө карашты эле:
– Та-ак! – деп жанагы аял колундагы узун тизмеге көз жүгүртө карап:
– Баспай калган ким?! – деди эле короодогулар кулак-мурун кескендей дымый түшүштү. Аңгыча жымыраган жымжырттыкты жарып, жанагы кемпир чыркырап ийди:
– Мен, ме-ен, айланайын!
Бат эле өңү-башы, үнү да өзгө¬рүлө түшүп, кубанганданбы же шашып калгангабы, мой¬ну-башы калчылдап, ээги титиреп кетти. Жерге түшөм дедиби, отурган отургучу менен кошо көмөлөнүп, боз топуракка аралашып эле оонап жатып калды. Ошентсе да үй тарапка боору менен мулуңдап, соймолоңдоп жылып, аракеттене баштады эле, тигилер аны жерден тап-так көтөрүп, үйгө алып кирип кетишти.
– Бечара кемпир! – деди тээ бир далайдан кийин арык аял кейип. – Шал турбайбы, көрсө!
– Биз келгенден бери эле ошол жерден жылбай отурган, – деди дагы бири.
– Анткен менен эс-акылы ордунда, сүйлө¬гөн-эткени тың окшобойбу! – деди үчүн¬чү¬сү.
Акшооланын эсине Ынагы түшүп кетти. Саатын карап, жүрөгү бир опкоолжуп алды: Асылынын Бишкекке коноруна бир нече эле мүнөттөр калыптыр! .. Бая¬гыдай, Ынагы сүйгөн орхидея гүлүн кучактап, тосо албай калды бу саам! Кап десең, каргашадай болгон каяк¬тагы аял чыга калып!.. Мейли эми,-деди өзүн кайра жоот-котуп. – Аман-эсен келсе болду...
Демейдегиге окшобой, өзгөчө жасалгаланган, жыпар жыттуу гүл салынган вазалардын арасында жылтылдап күйгөн шамдары бар, романтикалуу кечки дасторконун элес¬тете күлүмсүрөдү. .. Сагынычын, анан да кечээтен берки көр¬гөн-уккандарын айтып, Ынагынын акылдуу сөздөрү, көздөрү менен бардык кыйынчылыктардан кутулаарын ойлоду: «Деги мен сенсиз кантет элем, жөлөгүм?! Бул жа¬шоодо сенин бар экендигиң үчүн Жаратканга миң алкыш! Айтмакчы, башка аялдар да мага окшоп, күйөөлөрү менен сыймыктанып, мактанат болду бекен?»
Көз алдына кечээ Алиянын күйөөсү жөнүндө айткандары элестеп, денеси жыйрыла түштү. Анан калса, курбусунун кубанычынан кайгысы, жыргалынан азабы арбын ал күндөрү кудум кино тасмадай тизмектешип, көз алдына элестеди...
* * *
Түн ортосу болчу. Эшик кагылганда бала эмизип, уйку-соо¬нун ортосунда магдырай түшкөн Алия «селт» этти. Эми элеки ар кайсыны айтып, божурап аткан Чолпонайдын да көздөрү умачтай ачылып, үрпөңдөп тура калды:
– Апаке, коркуп атам!..
– Коркпо, кызым... – Энеси анын башаламан чачылган саамайларын ирээттеп, сылаган болду. Канчалык кызына сыр алдырбайын дегени менен коркконунан өзүнүн да муун-жүүнү калчылдап, денесинен чыпылдаган муздак тер чыгып кетти.
– Тарс-с! Таарс-с!! !
Эшиктеги эме каалганы абалкыдан да катуу урду. Эсине келе түшкөн келин сырттагынын ким экенин билсе деле:
– Ким бул?! – деди бош.
– Ач-ч!!!
Эне-баланын жүрөгү «болк» этти.
– Апаке! – деп апасы эшикти көздөй басканда тарбайган ичке колдорун титирете сунуп, бакырып ыйлап ийди кызы. – Апаке, ачпачы эшикти! Ал сени ура-ат!! ! Ачпай эле койчу?!
Ага кошулуп бөбөгү да ыйлап, үйдүн ичи заматта ызы-чуу түшүп кетти.
– Кой, кызым! Ал силердин атаңар да!
Далысы ылдый төгүлүп, жайылып кеткен олоң чачын желкесине ороп аткан келиндин ак көйнөгү айнектен түшкөн ай жарыгында ого бетер аны ажарына чыгарып, а бирок ошол боёгу өчүп, өңдөн азып бараткан сулуулугу азыр эч нерсеге татыбай, жан¬дүйнөсүндө жанчылып, эмне кылар айласын таппагандай эки ортодо эс-мас боло түшкөндө, эшиктин кайра дагы тарсылдаганы аны эсине келтирип:
– Азыр, – деп шашып калды.
Илгич ичинен ачылып-ачыла электе эле эшикти каңтара тээп калбык ооз, далдайган кара эркек үйгө кирип келип, ким бирөөнү издеп аткандай эки жакты карады. Балдардын да ыйы басылып, үйдүн ичи кулак-мурун кескендей дымырай түштү.
– Эмне ачпайсың?! – деди эми Алияны демите.
– Тиги... – келин күнөөлүүдөй кирбиңдеп, артына кетенчиктеди. – Уктап атканбыз. Укпай...
– Биротоло уктатып сала¬йынбы, ыя?! – Төбө чачынан чапчый кармап, кыжынган эрине жансоога сурагандай, күнөөлүүдөй карады келин:
– Кечирип койчу?..
– Кечке эшикке тургузуп коюп!.. Тапкан экенсиң, мышык-чычкан ойночу кишини! Өпкөңдү гана үзүп алайынбы, ыя-а?! Же бирөө-жарымды киргизип алып, кайда жымырарыңды биле албай аттыңбы, а?!
– Койчу эми, Самаган?! Балдардын жүрөгү түшүп атпайбы!..
– Балдар имиш! Бала имиш!! – кыздарды теңсинбегендей кекээрледи эри, – «Бал-ла» деп! Урдум, сенин тууган балдарыңды!
– Акмак! – эми жанагыдай кирбеңдебей, эмнегедир тигинин көзүнө тикирейе карады келин. – Балдардын кусуру урган акмак!
– Ме, сага! – Барскандай муштум өпкөсүнө кадала тү¬шүп, түйүнчөктөй түйүлгөн келин жерге шыпырылып түштү эле, эми аны так кекиртектен муунта кармап өйдө тургузду:
– Ким акмак?! Кана, кайталачы дагы?! Ким акмак деп атам?!!
– Ата-а?! Коё бер, апамды! – Чолпонай атасынын этек-жеңине асылып, чырылдады. А бирок, атасы аны желкеден кармап, ары алып ыргытып салды. Бир далай жерге чейин көмөлөнүп кеткен кыз апасынын өңү кара көк тартып, муунуп баратканын көрүп кайра эле бакырып ыйлап тура калды. Жаак эттери карышып, тиши качырап, Алиянын мойнун муунта кармаган колу карышып бараткан атасына учуп жетип, санынан аткый тиштеп, булкуп алды эле, Кудай жалгап атасы аюуча бир айкырып алып, бери обдула бергенде апасы жерге «шалак!» дей түштү. Атасынын кебетеси укмуш эле! Артка качып, кетенчиктеди кыз. Бирок, Кудайдан болуп атасы ага жетпей калды. Алда неге чалынып, көмкөрөсүнөн кулады да, булдуруктап сүйлөнүп атып, кыймылсыз жатып калды. Качан гана ал коңурук тарта баштаганда, көз ирмебей кыймылсыз каткан кыз апасына учуп жетип:
– Апа?! Өлбөчү, апа?! – деп колу-бутунан тарткылап, ыйлап атты.
Кызынын ыйын элес-булас эшитип атып эсине келген Алия көздөрүн ачты. Аздан соң кыбырап башын көтөрүп, мойну-башын кармалап, үйдүн ичин айландыра карады. Кичинекейи ыйлап атып, жедеп чарчап суй жыгылганда уктаган көрүнөт.

#5 23 Июнь 2016 - 07:25
Чоңураак кызы кадыресе адамдай кирпик какпай, жанында отурган тура! «Кыз баланы жерип коёт!.. Кыздан айланайын!
..» – ушуну ойлогон келин кызын кучагына кысты.
– Апа, эми эч качан өлбөчү?! – деди кызы.
– Өлбөйм, каралдым! Өлбөйм... Силерди таштап, кантип өлөйүн...
Апасынын жообуна ыраазы болгондой, Чолпонай эки ийнин солкулдата улутунуп алды.
Коркурап коңурук тартып, жерде оонаган эрин көргүсү келбегендей, жүзүн буруп кетти Алия. Демейдегидей аны колу-бутунан тарткылап, төшөккө да жаткырган жок. Эмнегедир, жайына койду...Чолпонай калп эле көзүн жумганы менен, көпкө чейин уктай албай жатты. Ансыз да астында тактайы жок, көк жыттанып, үтүрөйгөн тар бөлмөнүн ичи ого бетер кунары качып, атасы тараптан каңылжаарды өрдөгөн ачыткы менен арактын жыты келип...
Ушунун баарын көрүп аткандай, терезеден муңайым шыкаалаган айдан уялып кетти кыз. Ал баарын билип, түшүнүп аткандай туюлду ага. Атүгүл ары карап айдан жашынып да алды...
Апасы ыйлап аткансыды... Аны аяп кетти Чолпонай. Эмнегедир эле эсине Элмиралар түшүп кетти: «Алар бизден башкача... Алар аябай бактылуу жашашат, – деп ойлоду кыз. – Анткени, Элмиранын атасы арак ичпейт да! Элмира менен апасы андан коркуп, бизчилеп жашынбайт... Анын башка аялы да жок. Кечинде атасы иштен келатканда, Элмира дайыма алдынан тосуп, чуркап чыгат. А мен антпейм. Менин атам келатканда, мен кыздар-балдардан уялам!.. Алар: «Чолпонка, сенин атаң бүгүн да мас экен!» – дешет, же болбосо: «Качтык, Самаган аракеч келатат!» – деп дыр коюп качышат. Мен да качам... Кээде апам да бөбөгүм экөөбүздү алып, кошуналардыкына качат. А бирок ал дагы элден уялам дейт! Байкушум апам десе! Карап тур, чоңойгондо апамды бакпасамбы! ..»
Ушинтип жатып, тээ бир далайда барып уктады кыз.
Темененин тешигиндей болгон терезеден түшкөн күндүн нуру, үңкүргө окшоп үтү¬рөйгөн үйдүн ичине жан киргизген окшоду. Түнү бою уктабай, ыйлай берип эки көзү эки тоодой болгон Алия Чолпонайды ойготту:
– Тура кой, кызым. Тур, кетебиз!..
– Каякка? – көзүн ушалап тура калган кызга бул чоң жаңылык болчу. Анткени булардын барар жери, жалгыз чоң энесинен башка жакын кишиси жок экенин бир-эки жолу апасы бирөөгө кеп кылып атканын уккан.
Апасы унчуккан жок. Тек гана балдарынын кийим-кечесин чогултуп, камынып атты.
– Апаке, – деди кызы кичинекей болсо дагы энесинин көңүлүн оорутуп албасам экен дегендей этият, жапакечтене, – Апаке, троллейбуска түшкөнгө тыйыныбыз барбы?
Апасы дагы эле унчуккан жок. Бирок кызы анын карегинен тыпылдап таамп кеткен көз жашты көрүп, ого бетер кичинекей эт жүрө¬гү кайыша түштү. Атасы болсо дагы эле бая кулаган жеринде коңурукту кош тартып, коркурап уктап жатат. Булар антип камынып чыккычакты, аңдып тургансып сырт¬тан аңгыча баягы бакылдак аялдын үнү чыгып, Алия жылан көр¬гөндөй жыйрыла түштү.
– Ии, эриң кайда?! – Үйгө кирип келген аялдын биринчи эле сөзү ушул болду.
– Уктап атты эле... – Абалкысындай Чолпонайдын апасы бу саам да тигил аялдын алдында коркок-билиши бардан бетер кирбеңдей калды. Бою пас, жоон-жолпу кара аял аны жөөлөп өтүп, үйдүн ичин жийиркенгендей бир айландыра карап алып:
– Кана, батирдин акчасы?! – деди.
Сыягы, Самаган менен сүйлөшө албасын билди окшойт:
– Бүгүндөн баштап процент коем! – деди сөөмөйүн Алия¬нын көзүнө карай силкилдетип, – Беш-алты айдан бери куттуу үйүмдө жакшы эле кутуруп жашадыңар! Төлөбөй¬сүңөрбү, сотко берем! Эриңе айт, качып кутулам деп ойлобосун! Ушул жуманын ичинде же акчамды таап бересиңер, же болбосо!..
Аял андан аркысын айтпай, өзүн тирмийе тиктеген Чолпонайды бир кызыктай карап койду. Ошол шектүү караш, «болбосо! ..нун» ары жагында «болбосо ушул кызыңарды бересиңер! » – дегендей жыландын башы кылтыйып турган. Ансыз да араң турган Алия¬нын ызаданбы, корккондонбу, айтор кулагы чуулдап, көздөрү тунарыктай, теңселе түштү. Ошондон көп узабай эле бир баласын жетелеп, бирөөнү бооруна кысып аялдамага чыкты.
Кебетелери жүдөңкү, биринен-бири өткөн арык бул үчөө, эмнегедир аялдамада көпкө турушту. Качан гана чоңураак кызы:
– Апаке, кетпейлиби? Курсагым ачты... – деп кыңылдаганда гана токтогон троллейбуска даап баш бакты келин. Ал жаңы эле балдары менен орун алып отурганда, кондуктор да даяр болду. Алия анын келгенин байкадыбы, жокпу, айтор терезени карап, мисирейген калыбынан жазбай отура берди.
– Билет алыңыз! – деди кондуктор.
– Акчам жок! – деди Алия да жанагы эле тескери караган калыбында.
– Кызык ай! – Эки бети үзүлүп түшчүдөй болуп булкулдаган аял: «Мунун эмне деп атканын угуп атасыңарбы? !» – дегендей саллондогу элди бир айландыра карап алды да:
– Ай, келин! Акчам жок деп кайра мени коркутасың да?! – деди.
– Жок болсо ошентем да.
– Ошентпе, жок болсо! Жөө кет!
Аңгычакты ары жакта отурган, сыягы айылдан келсе керек, кызыл жүздүү, чийбаркут кемсел кийип, жашы алтымыштарга барып калган аксакал адам кепке аралашты:
– Жоктун иши жок да, балам! Жаш балалуу келин экен, жөн эле койсоңчу?
– Ары карап отура берчи! – ага атырылып бир тийди кондуктор аял. – Же эмне, менин үйдөгү кызыл чийедей беш баламдын алаканына сен талкан салып бересиңби?! Ыя?! Мен да бала-бакырамды багайын деп, эртеден-кечке ушинтип татырактап, көк темирди минип жүрөм! Же мени жыргаганынан «жылкычы болду» деп атасыңбы? Андай эле боо¬рукер болсоң, төлөп койбойсуңбу ордуна?! Калп эле акылдуусуна бербей! Төлө, ай келин?!
Аксакал андан ары ага теңелип, жаакташкысы келген жок. Тек гана башын чайкай, төш чөнтөгүнөн акча алып чыкты да, аялдардын ким-кимисин аягандай акырын унчугуп:
– Ала гой, – деди колундагыны сунуп. Кондуктор аны «шып» эттирип илип ала койду да, а бирок калганын кайрып берүүгө үлгүрбөй калды. Аксакал да аны күтүп отурган жок, токтогон аялдамадан түшүп калды. Эмнегедир Чолпонай ошол карыя кеткен тарапты терезеден умсуна карады. Эки колун аркасына алып, башын төмөн салып, ойго терең батып кеткендей тунжурап кетип баратыптыр. ..
Алар анан көп кабаттуу үйлөр¬дүн жанынан түшүп калышып, алакандай кагазга жазылган дарек боюнча Акшооланын үйүн таап келишкен...
* * *
Акшоола ушуларды ойлоп отурганда, Лилиянын жардамчысы чыгып, өтө маанилүү бир нерсе айтуучудай элди айландыра бир карап алып:
– Кечиресиздер, эгерде кимде-кимдин жанында чөнтөк телефону болсо, сеанска кирип чыккычакты өчүрө турууңуздарды өтүнөбүз?! – деди. – Анткени анын баары Лилиянын «тигиякка» байланышка чыгуусуна тос¬коолдук кылып атат!
Акшоола баш болгон эки-үчөө телефондорун өчү¬рүштү.
Бул убакта Лилия Акшооланы терезеден карап отуруп эле анын күйөөсүнө телефон чалып аткан!..
Ынактын келгенине аз эле убакыт болгон. Үйгө кирип келип эле аялын издеди. Эмнегедир, Акшооласы бу саам абалкысындай сагынычы ашып-ташып тосуп, кучагына кулаган жок...
– Шоо-ла-а?! – деди босогодо туруп. – Мен келди-им, күкүк?!
Жооп болгон жок.
Бир убакта жол жүргөнгө чарчап, анын үстүнө улам сырт¬ка кулак түрө берип тажаган Ынактын көзү илинип кетиптир. Телефон чырылдаганда гана ыргып туруп, трубканы көтөрдү:
– Кечиресиз, Акшоола деген журналист аял ушул үйдө жашайбы?! – деди Лилия.
– Ооба. Бирок ал үйдө жок эле.
– Жок экенин билем! – деп табышмактуу кергиштеп койду тигил аял. – А сиз кимиси болосуз?!
– Күйөөсү.
– Күйөөсү?! – Аял бышкырык атып, ыргып-секирип кетти. – Мыйзамдуу күйөөсүбү, же?!.
– Ким бул?! – Ансыз да чарчоо менен күтүүдөн сиркеси суу көтөр¬бөй турган Ынак «бурк» этип, аялдын андан аркы сөзүн уккусу да келбей трубканы коюп коёрдо:
– Эмне буркулдайсың? ! – деди тиги аял да бирдемеси өтүп кеткендей бакылдап. – Адегенде катыныңдын кай жакта, ким менен эмне иш кылып жүргөнүн билип, тыйып албайсыңбы, кыйын болсоң! Дагы күйөө имиш!
Башынан ылдый бирөө муздак суу куюп ийгендей, Ынактын денеси дүрүлдөй түштү. Уккан кулагына ишенип-ишене албай:
– Сиз кимсиз?! Эмне деп атасыз?! – деди.
– Эмне уксаң, ошо деп атам! Уккуң келип атса, анда ук: Азыр сенин катының башка эркектин койнунда эркелеп жатат! Ии!
Мунун баары өңү же түшү экенин ажыратып биле албай, заматтын ортосунда дел болуп, Ынактын эси эңгирей түштү. Ушул учурда аял трубканы таштап салды. Анткен менен ошол аялдын: «Катының башка эркектин койнунда эркелеп жатат!..» – дегени кайра-кайра кулагына угулуп, жаңырыктай кайталана берди.
Акшооланын чөнтөк телефонуна кайра да чалды. Өчү¬рүп коюптур. «Бул эмнеси?! Кызык го?!..» – деп ансайын шектенүүсү ырбай, дубалда чыкылдаган саатка үңүлдү.
Саат кечки жетиден кырк мүнөт өтүптүр. Демейде Акшоола мындан да кеч, гезит чыккан күндөрү түн ортосуна калган убактары болот. Бирок, анда Ынак мынчалык тынчсызданчу эмес. Анткени, гезиттин ишин жакшы билет. Анын үстүнө аялы телефон чалып, андайда кабарлашып туруучу. Жумушу бүткөн маалда бул өзү барып тосуп алар эле да. Андай учурларда Ынак Акшооланы чындап эле аяй турган:
– Керелдин кечке жаның тынбайт. Чарчадың го? – дечү ал. – Келип алып деле кагаз менен алпурушуп атасың. Андан сырткары үйдө да жумушуң аз эмес. А балким, тынчыраак эле... башка ишке өтөөрсүң?
Түнкү Бишкектин шамдарын жакшы көргөн Акшоола терезени телмирип карап келатып бир ирээт:
– Башка иште иштей албайм! – деп кесе айткан.
– Эмнеге?
– Билбейм, Ынак. Буларсыз менин дүйнөм жарды. Мен ансыз жарым жанмын...
– Силерге деги түшүнүп болбойт, – деген Ынак чындап эле.
Анткен менен ар убак аялын түшүнгөнгө, аны колдогонго аракет кылчу. Баш кошкон ушунча жылдан бери экөө кер-мур айтышып да көрүшкөн эмес. Ким бирөө¬лөргө окшоп обу жок таарынышып, кызганышпайт да эле. Антүүгө шылтоо да жок болчу. Бул жагынан Ынак өзүн чексиз бактылуу сезер эле.
Ата-энеси да Кудайга шүгүр, күүлүү-күчтүү дегендей. Алыста болсо да күнүгө бир маал телефон менен сүйлө¬шүп, ал-акыбал сурашып, кабар алышып турат. Үйү – үстүндө, жаркылдаган жары – жанында. Иши да жаман эмес. Дагы эмне керек? Кудум өзүнө куюп койгондой болуп, Сезимтайы чоңоюп калды. Элеттеги чоң эне, чоң атасына медер болуп, булардын бар-жогун билгизбей жыргатып аткан ошол кыз.
Үй-бүлөдөн, сүйүүдөн жолу болбой калган айрым жоро-жолдоштору буларга суктанышар эле. Экөөнү үлгү кылып: «Сүйүү деп ушулардыкын айт!» «Кандай бакты¬луусуңар? !» «Экөөңөр издешпей табышкансыңар. ..» – дешсе Ынак сыймыктанып, тагдырына ыраазы болчу. Кимден болбосун: «Аялың жакшы,» – дегенди угуп жүрүп, жедеп кулагы каныккан жигитке ошонун баары бир тең да, эми элеки аялдан укканы бир тең болуп кетти!

#6 23 Июнь 2016 - 07:26
Аркы-терки басып, дембе-дем тамеки тарта берип, бир убакта ичтегисин ушинтип сыртка чыгарып айтып алды Ынак:
– Жүзү кара десе!..
Кимди ошенткенин адегенде өзү да түшүнгөн жок. Бул анын өмүрүндө биринчи жолу Акшоолага жаман айтышы болчу:
– Көрсө, сен ушундай экенсиң, ээ?! Мен сага ишенип жүргөн турбаймынбы! ..
Балким, Ынак алиги аялга деле ишенбейт болчу. Анын келерин билип туруп, болгондо да телефонун өчүрүп коюп, Акшооланын ушунчалык жоголуп кетиши анын шектенүүсүн күчөтүп койду.
Бирок ал аялын мынчалык жамандыкка барат деп ойлогон эмес! Эки эле жуманын ичинде, деги эле качандыр бир Акшооланын мүнөзү, жүрүм-туруму кескин өзгөрөт деп эч ойлобоптур! Ал жөнүндө ушундай жаман ойлорду ойлойм деп үч уктаса түшүнө да кирбептир.
Заматтын ичинде ушунун баарын ойлоп ийген жигит жанараак эле сагынып, ичи элжиреп, сүйүп, аяп турган жубайын жек көрүп кетти. Ал тургай азыр анын үйгө келбей, көзүнө көрүнбөй, ошондон ары жоголуп кетишин каа¬лады.
Ушундай ыпылас ойлор, ыпылас иштерден кийин экөөнүн бет карашканы эле ага канчалык кы¬йынга турмак!
Жүрөгүндөгү өтө назик, таза махабатына капысынан ушинтип бүлүк түшкөн Ынактын андан ары чыдап отурушу мүмкүн эмес эле! Андан көрөк үйдөн чыгып, каяккадыр безип кеткиси келип кетти...
* * *
Кандайдыр бир жамандыкты сезгендей, ушул учурда Акшооланын жүрөгү опкоолжуп алды. Чөнтөк телефонун эки-үч ирээт алып чыкканы менен, «жаныма аралжы бо¬лоор бекен» деп Лилияга ишенип, шыпаа издеп келип отурган элден тартынып, даай алган жок. Бир убакта баарына ка¬йыл боло, кол шилтеп басып кеткиси келди. Ошону билгендей, ал жаңы эле ордунан тура бергенде үйдөн жардамчы аял шашып чыга калып:
– Кир! – деди Акшооланы жаңсай чакырып. Кирип баратканда:
– Он беш сом төлөп кой! – деп акчаны санап алып, төркү бөлмөнүн эшигин ачты. Мынакей – баятан берки Акшоолага табышмак болгон сырдуу аял! Төрдө аппак көйнөкчөн, ак жоолукчан, бутуна жылтырак маасы кийген өзү курдуу сулуучумак, арыкчырай, а бирок эң эле сүйкүмсүз, сурданган келин отурат! Алдындагы жая салынган ак кездеменин үстүндө кандайдыр бир эскилиги жетип, кагаздары үбөлөнүп түшөөрүнө аз эле калып, бурчтары кетилген калыңы¬раак китеп, камчы, балка, теспеси жатат.
Үйдүн ичи таза, тыкан экен. Анткен менен Акшооланын көзү тунарып, башы тегеренип, бир кызыктай болуп кетти. Азыраак алсыздана, денесинен муздак тер чыга түшкөн¬сүдү. Бирок өзүнө-өзү күч берип, карманды. Сыр алдырбай, өзүн бутунан башына чейин сыдыра тиктеп, мисирейген келинге:
– Саламатсызбы? – деди. Тигил анысын укпагансып:
– Кел?! – деди да, Акшоола отурган соң гана колуна теспесин алып, көзүн жумуп алып эриндерин кыбыратып, алда нелерди күбүрөнүп, сыя¬гы келме келтирип же дуба окуп атты.
Акшоола өзүнө-өзү таң калып койду. Канча бир адам менен аңгемелешип, жолугушуп жүрүп, ушундай абалга биринчи дуушар болушу. «Балким бул чындап эле адамдан башкача, Кудайдын артыкча сүйгөн кишисидир? Эртеден бери ишенбей, сыртын салып отурганы үчүн балким муну жазалап атабы?» Адегенде ушинтип ойлоду. Бирок, бир сезими ага баш ийген жок: «Андай деле эмес! Бул деле башкалардай адам да! Анчалык эле кулдук уруп ишенгидей, Кудай эмес го, акыры!»
Атасы да өзүнүн «жомогунда» ушинтип айтчу: «Эмчилик-домчулук кылгандардын да ак-карасы болот. Ак дегеним – алар жалаң ак ойлорду ойлоп, адамдар үчүн ак иштешет. Табыпчылык кылып, соопко калышат. Ак жолго чакырат. Кара дегеним – андайлар кара иштерди жасашып, атак-даңкка, дүнүйөгө кул, шайтанга жолдош болушат». «Анда, адамдардын ак-карасын кантип тааныса болот?» – деген бир жолу аркы-беркини анчалык аңдай элек кызы. Ошондо атасы: «Көзүнөн, сөзүнөн, кылган ишинен билишет,» – деген жомогун ого бетер татаалдантып.
Лилия күбүрөнүп бүткүчө Ак¬шоола ушуларды ойлоду. Ошондон улам го, өзү да жанагыдай болбой, саал жеңилдей түшкөнсүдү.
– Лилия, мен шашып атам, – деди качан гана Лилия көзүн ачканда.
Анын жалтанбай, тоготпогондой кадала караган көз¬дөрү Ли¬лияга жаккан жок. Жанагыдан да сумсайып, сурдана түшсө, сулуулугу эч нерсеге татыбай, эмнегедир эң эле сүйкүмсүз болуп, адамдын ичин муздатып жиберет экен.
– Мени эмнеге чакырдың?! . – деди Акшоола да анса¬йын анын «касиетине» каяша айткандай өктөм сурап. Тигил да:
– Азыр билесиң! – деди да алдындагы китепти ачып, биринчи эле ачылган бетин телмире тиктеп, ичинен «окуп» атты.
Акшооланын эсине эми элеки көтөртүп кирип, кайра жөрмөлөп чыккан кемпир түшүп, күлкүсү келип кетти. «Кудайга күнөөкөр болбоюнчу, – деди анан. – Балким чындыр?» Өзүн-өзү ушинтип зордоп да көрдү. Бирок эле ички сезими ага моюн сунбай, ишенбей туруп алды. Антейин десе, чүкөдөй болгон, төрүнөн көрү жакын кемпирдин кубангандан жаш баладай балбаалап, бакырып-өкүрүп ыйлап, боору менен боортоктоп жылып кирип, кайра төрт аяктап жөрмөлөп чыкканын өз көзү менен көр¬бө¬дүбү!
Атүгүл кемпирди алып кирип кетишкенден ки¬йин үйдөн ачуу айкырык чыгып, кемпирдин онтологону, боздогону короонун ичине чейин эле эмес, Кудайга да жетип атпады беле! Сырттагылардын эси-дарты, көңүлү ошол жакка бурулуп, жымырап эле отуруп калышкан. Аңгыча жанагы эки жигит кемпирди кайра эшикке жетелеп чыгышты.
– Коё бергилечи, мени?! Мен өзүм!.. Өзүм эле баса¬йынчы! .. О, Кудай! Мен чын эле кайра басамбы?!. Кагыла¬йын э-эл! Жу-урт!! ! Мен эми шал эмесмин! Мени карасаңар?! Мен басканы калдым-м!. . Мен өзүм!.. – деп энтелеңдеп, артка шыпырылып кеткен жоолугунун алдынан ак чачтары сеңселип учуп, этек-жеңине чалынып жыгылып, кайра жандалбастап туруп, жерде жөрмөлөп келатты кемпир!
Отургандардын арасында аны тосуп алган жакындары да жок экен. Кемпирди көрүп, анткен менен кээ бирөөлөр кошо ыйлашты. Акшоола эле такыр ынанбай койду. Журналисттик адат боюнча диктафонун, фотоаппаратын даяр-дап, кемпирди көздөй утурлай басканда ага жанагы эки жигит менен алиги чоң аял жетип келип:
– Бул жерде сүрөткө тартууга болбойт! – дешти. – Ал үчүн Лилия¬нын уруксаты керек. Анын үстүнө байбиче али баса элек. Кудай Лилияга кубат берсе, кырк күндөн кийин кемпир чуркап кетет. Ошондо сүйлөшүңүз!
– Апанын аты-жөнүн, дагы бир-эки ооз кеп сурайм, – деди Акшоола.
– Болбойт!
– Эмнеге болбойт?!
– Бул жерге бекерчиликтен эмес, дартка даба издеп келишет, айым! Ашыкча аракеттериңиз менен сиз аларга да, Лилияга да кыянаттык кылган болосуз!
– Эмнегедир байбиченин жакын туугандары көрүнбөйт го? Жалгыз кантип, каяктан келди?
Бул учурда эки жигит кемпирди эки колтугунан сүйөй, берки кичине үйгө алып кирип баратышкан.
– Калганын Лилиянын өзү менен сүйлөш! – деген аял да башка эч нерсе айтпай, Лилиянын үстүнө кирип кеткен.
А бирок, Акшоола азыр ал жөнүндө деле кызыгып, сурагысы келген жок.
– Күйөөгө чыкканыңа жакында он жыл болот экен! – деди аңгыча китептен баш көтөргөн көзү ачык. – Бир кызың бар экен, бирок ал да азыр өзүң менен эмес, сыртта – ким би¬рөө¬лөрдүн колунда окшойт. Каякта кызың?
– Айылда.
– Күйөөң да алыс жакта жүрүптүр. Бүгүн келет деп аябай күтүнүп атыпсың, бирок!.. – Лилия эмнегедир унчукпай, андан ары атайылап сыр каткандай, мемирей калды...
– Эмне бирок?! – деди келинге канчалык ишенгиси келбей атса дагы, Ынакты укканда жүрөгү «зырп!» эте түшкөн Акшоола.
– Аябай сагынып, дегдеп турупсуң го?! – деди жооп бериштин ордуна көзү ачык ансайын кыйгачтап. – Азыр да үйүңө шашып, тынчың кетип турасың... Күйөөңдү абдан сагыныпсың, ыраспы?! – Көзүнүн төбөсүнөн сынай тиктеди.
– Ырас! – деди Акшоола «анын эмнеси бар экен?» деген кыязда.
– Бирок!.. – дагы унчукпай калды Лилия.
– «Бироктон» башка эч нерсе айтпайсызбы?
– Бирок аның баягыдай эмес!!! – «тарс» жарыла, эмнегедир ушунчалык ишенимдүү да, табышмактуу да, табалуу да баш көтөрдү Лилия.
– Түшүнбөдүм? !.
Лилия китебин жаап, Акшооланы сынай карады:
– Силердин үй-бүлөңөр, сүйүүңөр ураганы турат деп атам!
– Эмнеге?! – деди суук сөзгө башы айлана түшкөн Акшоола баары бир ага ишенгиси келбей.
– Ортоңордо башка аял турат! – Кесе айтты көзү ачык. – Бүгүн араңарда азыраак түшүнбөстүк болот! Урушасыңар! Демек, ал эртеңки ажырашууга себеп! Күйөөң тараптан бул уруш жөн гана шылтоо, ашырашууга алгачкы кадам! А эртең... Эгерде мени менен жакшылап мамиле түзүп албасаң, эрсиз каласың!
– Ушуну айтайын деп чакырдыңыз беле?
– Ооба! – деди көзү ачык да тиреше айтып. – Бул эмне, азбы сага?!
– Болуптур, – деди Акшоола. – Ошондой болсун дейли. Анда биз эмне кылышыбыз керек?!
– Аракет кылышыбыз керек!
– Кантип?!
– Анын жолун мен – өзүм табамын! – деди Лилия Ак¬шооланын муюй калганына кубанып кеткендей. – Күйөөңдү кармап калыш үчүн мен сага өзүм жардам берем!
– Дубалайсызбы? ! – деди бирок Акшоола какшыктагандай сурап.
Лилия кайрадан териге түштү:
– Ал менин ишим!
– Рахмат! – деп кетмекчи болуп ордунан турду Акшоола. – Жакшы калыңыз!
Көзү ачык келин мыйыгынан мыскылдагандай күлүп койду:
– Балким кийинчерээк, күйөө керек болсо кайра да бир кайрыларсың! Бирок, анда мен чакырбайм сени! Өзүң суранып келесиң! Жакшы бар!
Акшоола чыгып кетти. Бирок буттары чалыштап, көздөрү караңгылап, өзүн-өзү араңдан зорго кармап баратты.
Ал чыгып баратканда Лилиянын жардамчысы кезек күткөндөрдүн ичинен баягы, текебер келинди чакырды эле:
– Апе-ей, сиңдим, ал менден кийин келбеди беле?! – деп, күтүүдөн чыдамы түгөнгөндөй улгайган арык аял чырылдап ийди.
– Күтө туруңуз! – Зекий сүйлөгөн аял элге угуза күңгүрөнүп койду. – Тим эле мен үчүн келип атышкансып! .. Биякта эле биз жыргап аткансып... ушулардыкы өттү, мага!
Эмнегедир эле эртеден бери Акшооланы акшыя карап, мистеңдеп отурган келин бу саам да аны бутунан башына чейин жаман көзү менен карап, андан ары кирип кетти...
– Кел?! – деди ал кирип келери менен эле Лилия. – Эми элеки аялды тааныдыңбы? !
– Тааныдым.
– Ушул беле?! – кайра да бышыктап, такый сурады.
– Ушул!
– Сени тааныган жокпу?!
– Жок! Ал мени тааныбайт. Көрө элек дегеним.
– Анда сен аны кантип таанып атасың?!
– Бир чоң отурушта чогуу болгонбуз. А бирок ал Ынак Кабыловичтин колтугунда отуруп, мени байкаган эмес. Андан кийин деле сыртынан көп эле көрүп жүрөм.
– Айнура, – деди ошондо гана Лилия. – Эжеңдин касиетин байкадыңбы? ! Кечээ «окуп», периштелеримди жөнөттүм эле, бүгүн ой-боюна койбой, энтеңдетип ээрчитип келишиптир!
– Мен да ошону ойлоп, таң калып атам! – деди Айнура анын калпынан кыпындай да күмөн кылбай.
Лилия ташын жайып, төлгө тарт¬ты:
– Күйөөсү азыр үйүндө экен!..
– Ынак Кабыловичпи? ! – Бир нерсе көрүнө калуучудай төлгө ташты үзүлүп түшүп, үңүлө тиктеген көздөрү күл¬мүңдөп, кубанып кетти Айнура. – Келиптирби? !
Лилия чын эле бир керемет жаратып аткандай, эмнегедир өзү да маашырлана күлүп, жадырай түштү да:
– Касиеттерим кулагыма шыбырап атышат, келиптир! – деди. – Ал аялын азыр жек көрүп атат...
– Коюңузчу?! – Айнуранын чырагына ого бетер май таамп, ойдолоктой түштү.
Аны байкабагансып, андан ары күңгүрөндү Лилия:
– Экөөнүн ортосунда бүгүн уруш болот. Билесиңби, эмнеге?!
– Жок!
– Анткени, алардыкына кечээ да жибергем, мына-мына азыр да экөөнүн арасын суутсун деп, касиеттеримди жө¬нөтүп атам! Мунун баары сен үчүн, түшүнүп атасыңбы?!
– Ооба!
Төлгөсүн жыйнап:
– Калганын дагы көрө жатарбыз, сиңдим. Азырынча бизге ушул эле жетет, – деди. – Бул күн – сенин күнүң болду окшойт. Баары ойдогудай башталды. Демек, сен үчүн бул – жакшы жөрөлгө!
– Рахмат, эже! Жакшы калыңыз! – деп кубанычы койнуна сыйбай, ал отурган жер төшөктүн алдына акча коюп, чыгып бараткан Айнураны кайра токтотту көзү ачык:
– Коё турчу! Менин айткандарымды унута элексиңби?!
– Жок! Унутпай калайын, эже! – деди тигил да сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнө коюп.
– Бара бер, анда! Бир жумадан кийин келесиң.
Айнура бирок бир нерсе оюна түшө калгандай босогодон кайра имерилип, анын бергенине анчалык ыраазы болбогонсуп калган келинге:
– Эже, унутуп бараткан турбаймынбы, – деп сумкасын ачып, андан кичинекей бир кутуча алып чыгып Лилиянын колуна карматты: – Бул менин сизге деген ыраазычылыгымдын алды болсун!
Калп эле:
– Ой, бул эмнең?! – деген болду Лилия. – Жөн эле коё турбайт белең. Мейли эми. Рахмат!
Ал чыгып кеткенден ки¬йин кутучаны ачып, андагы алтын шакекти аты жогуна салып, айландыра караган Лилия узап бараткан «майлуу» клиентин терезеден ээрчий карап, жылмайып койду да, жардамчысына чын эле чарчагандай, бирок көңүлдүү унчукту:
– Бүгүн жакшы иштедик, ээ? Аябай иштедик!..
Өзүнө-өзү ыраазы боло, атүгүл кыңылдап ырдаган болду.
– Эң негизгилерин кетирдик окшойбуз, – деди анан, – калгандарын эми чогуу эле киргизчи. Эртерээк кутулбасак, чарчадым! ..
Эртеден бери акыйып күтүп аткандар топурап, бири-бирин жөөлөп кирип келишти да, уй мүйүз тартып, тизилип отуруп калышты. Алардын ортого додолоп койгон чай-чамек, банка-банка сууларына теспесин тийгизип, дуба окуган болду да:
– Өзүңүздөр күбө болдуңуздар, аябай чарчадым, – деди Лилия. – Эми эртең келбесеңиздер. ..
Ушул жерге кирсе эле бир ажайып болуп кетүүчүдөй кезек күтүп, баятан бери кезерип кетпей отурган элдин ындыны сууй, мойнунан байлагандай баштарын шылкыйтып чыгып кетишти.

#7 23 Июнь 2016 - 13:13
Аларды чыгарып коюп, чоң аял дарбазанын ичинен илип койду.
– Кызыл-кызыл демдеп, ысык чай алып келчи! – деди Лилия ак кийимин чечип, үстүнө узун махро халатын желбегей жамынып, буту-колун сунуп чалкасынан жатып атып.
– Бүгүн канча киши келди ия? – деди анан ошо ойго баткан калыбында.
– Өз кишилерди кошпогондо токсон жети.
– Баары бердиби?
– Берет да!
Чоң аял эртеден кечке келип-кеткендердин тизмесине кошуп, бир боо акча сунду. Лилия да төшөктүн астындагы, китебинин ичиндеги чогулган акчаларын кошуп санады.
– Журналист келин эмне дейт? – деди чоң аял.
– Эмне десин?! Журналист болсо өзүнө да,чынбы?! Алдынан бир өтүп койдум. Өзүнчө эле боюн көтөргөн¬сүйт. Өзүнөн калсын. Бизге эмне, акча бергенине кызмат кыла беребиз да, ыраспы?
– Конечно! – деди тиги аял. – Ант¬кени менен байкушка кыйын эле болот го? ыя?
– Боло берсин! Кыйын болбосун десе ыкка көнүш керек эле да. Же эмне, анда акча жок дейсиңби?
– А баса, жана анын эри менен сүйлөштүңбү?
Лилия өзүнө-өзү ыраазы боло күлүмсүрөдү:
– Сүйлөштүм да! Как раз үйүндө экен. Кечээки сөз¬дөрдү айтып: «Аялың бирөө¬нүн койнунда жатат» десем байкуш эме дымып эле калды!
– Ишенди бекен?
– Эркектер андай нерсени териштиргиси да, ойлонгусу да келбейт, дароо ишенет!
– А кокус экөө ажырашып кетишсечи?
– Мага ошонусу кызык! – Акшооланы эстей, мисирейе түштү Лилия.
– Анда, анын эри Айнураны алабы?
– «Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт!» Андан аркысы ал кыздын өз колунда! А мен алаарымды алсам болду. Ары жагы менен ишим жок!
Чай ичип отуруп, бир убакта эсине бир нерсе түшүп кеткендей каткырып күлүп ийди Лилия:
– Баарынан да жанагы кемпирдики кызык болду! – деди анан. – Тим эле артист экен, ээ?
Жардамчы аял да ысык чайга тердеп, майланышып жылтылдаган бетин жүзарчысы менен дембе-дем аарчып, бүт денесин былкылдата ыкшып күлүп калды:
– Укмуш экен,ой! Укмуш кемпир экен!
– Сен ошенте алат белең?
– Каяктан?! Ага да талант керек да!
– Сен деле акча кымтымай жагынан машсың го?! – Алда ненин шегин билгендей какшыктай айтты Лилия. Жардамчы аял аны укпай же түшүнбөй калгандай унчуккан жок.
А бирок, кечирим кылгандай:
– Бүгүн жанагы кемпирге көбү¬рөөгүн бер! – деди Лилия кептин нугун буруп. – Тигил экөөнүн энчисинен бөлүштү¬рөсүң!
– Жарайт!
* * *
Акшоола үчүн бүгүн оор күн болду. Жолдо келатып, атүгүл ыйлагысы да келди. Каректеринде каканактаган ысык жашты элге көрсөтпөй аарчып, өзүн-өзү кармап, алаксыткан болот: «Эч нерсе эмес! Андайлар боло берет! Көрөсүң го, мунун баары азыр эле Ынагын көр¬гөндө, желге учкандай жок болот!
Ушуларды ойлоп, анда-санда ууртунан күлүм¬сүрөп, саа¬тын карайт. Анан калса, эскилиги жеткен бу көк автобустун кашаңдыгы! .. Кеч улам коюуланган сайын тынчы кетип, автобустан секирип түшүп, буту-бутуна тийбей үй¬гө чуркагысы келет!
«Ынагым келип калгандыр?.. – дейт ал. – Кап, каяктан да келе калдым эле?! Тосуп албаганыма капа болуп калды го?!. Жок, менин Ынагым түшүнөт. Менин бекерге тоспогонумду ал эчак эле түшүнүп, билип, атүгүл өзү шымаланып киришип, биздин бүгүнкү өзгөчө дасторконубузду жая баштагандыр? ».. Көздөрүн жумган Акшоола жарыкты өчүрүп, дас¬торконго коюлган шамдарды бүт үлпүл¬дөтө күйгүзүп, музыканы акырын чыгарып, өзү болсо чыдамсызданып улам терезени, саатты карап аткан Ынагын элес¬тетти. ..
А бирок, романтикага, сүйүүгө мас, бактылуу андай ирмемдердин баары кечээки-кечээ¬ки күндөр менен кеткенин, анын эң акыркы ирмемдери, эң акыркы сезимдери аз эле убакыт мурун чагылган түшкөндөй сапырыла түш¬көнүн Акшоола ойлобой, билбей келатты.
Ал экинчи кабатка көтөрүлө берерде, эмнегедир көзү караңгылап, кулагы тунуп, жер айланкөчөк болуп кетти. Жыгылып кала жаздап, дубалга сүйөнүп бир топко туруп калды. «Мен эмне болуп атам?» – деди оюнда. Эсине Лилия түшүп кетти. «Ал эмне, ушунчалык эле кыйынбы?..» А бирок, ушу саам Акшоола бир нерсени билген жок – анын боюн¬да бар болчу! Тун кызынан кийин, эмнегедир төрөй албай жүргөн. Өгүнү, чет өлкөгө кетээр түнү Ынагы аны адатынча кучагына кысып, саамайларынан искеп жатып:
– Бүгүнкү күндү эстеп калчы, – деген.
– Эмнеге?
– Ушундан туптуура тогуз ай, тогуз күндөн кийин на¬ристелүү болобуз! – деп Ынак тамаша иретинде айтканы менен, дилинде чындап эле ошондой болушун каалаган. А бирок, ал деле эсине келбей, Акшоола азыр эптеп эле үйүнө, Ынагына жеткиси келди. Ошент¬ти! Төртүнчү кабатка араң жеткен келин коңгу-роону дембе-дем басты эле, Ынак да даярданып тургандай эшикти ыкчам ачып ийип, экөө саамга тиктешип, туруп калышты.
Эмнегедир, адашып башка үйгө келип алгандай, Акшоола селейе түштү. Анткени, анын бетмаңдайында абалкы өзүнүн Ынагы эмес, башка адам турган! Анын сурданган жүзү да, теңсинбеген эмедей текебер тиктеген көздөрү да, бу турушу да ага таптакыр башка, чоочун эле!
Эмне болуп атканына түшүнбөй, ого бетер эси эңгиреп, мас адамча теңселе түшкөн келиндин кулагына жанараак эле Лилиянын айткандары үзүл-кесил угулуп кетти: «А бирок аның башка!.. Бүгүн урушасыңар! .. Ортоңордо башка аял турат!..»
«Чын эле ал билгенби? Кантип эле?! Кантип эле Ынак ошондойго барсын?! Жок, жок! Ынак андай адам эмес! Болгону эле... тосуп албаганына капа болуп калган окшобойбу... » – ушинтип ойлоп, майда калтырак басып, алсыздана түшкөн колун сунуп, ыйлагысы келе, эриндери араң-араң эпке келип:
– Ынак?.. – деди. – Кечирчи, мени?..
А бирок, кечирмек турсун Ынактын ыраңы абалкыдан да бузулуп, сурдана түштү. Акшооланын кечирим сураганы, өң-алеттен кетип, мына-мына жыгылып түшүүчүдөй босого таянып турганы ага кудум мас адамга окшоп көрүндү да:
– Уятсыз! – деди ызалуу. Ушул тапта анын да ыйлагысы келип, эмнегедир тамагы жашка муунуп кетти. Анысын бирок Акшоолага сездиргиси келбей намыстанып, чыйрала түштү да:
– Тур, мындай! – деп жубайын жолдон түртүп таштап, сыртка чыга берди.
Эки жүрөк!.. Айыпсыз, бирок бири-бирине түшүнбөй, би¬ри-бирине күнөөсү жок таарынып, таң калып да, таштай катып, муздай түшкөн жүрөк¬төр! .. Алар ыйлап атты!.. Ынак Акшооланын жанынан өтүп баратканда эмнегедир, бир сезими аны арт¬ка тартып, кылчактатты. Кучагы коңултуктап, кусалыгы жүрөгүн кытыгылап, бирок Ынак аларды билгиси, сезгиси да келбей, жанараак эле өзү шашып чыккан тепкичтер менен чуркап түшүп, дабышы алыстап барып угулбай калды.
Ошондо гана капшыты эңшериле түшкөн Акшоола солуктап ыйлап, бүктүшүп жерге кулады.
Баятан бери аларды бет маңдайдагы эшиктин көзө¬нөгүнөн шыкаалап турган коңшу кемпир эми да демин ичине катып, бир топко че¬йин карап турду да, качан гана Ак¬шооланын турбасына көзү жеткенде «тез жардамга» чалып, дагы бир-эки кошунаны чакырды.
«Тез жардам» келген кезде эсине жаңы эле келген келинди эки-үч аял жөлөп-таяп, үйүнө киргизип атышкан. Ак халатчан жигит абдан ыкчам, шайдоот кыймылдап, Ак¬шооланын канбасымын текшерип болуп:
– Атыңыз ким? – деди илбериңки. Акшоола аны уккан да жок. Ал дагы эле өзүнө келе албай, эмне болуп кеткенине түшүнбөй, эс-акылын жыя албай жатты.
– Аты – Акшоола, – деп коңшу кемпир анын ордуна жооп бере койду.
– Акшоола, сиз кош бойлуу эмессизби? – деди дарыгер. Ошондо гана келин башын буруп, жигитке карады. А бирок, кош карегин каптап, каканактаган ысык жаштан эч нерсе көрө албай койду.
– Сиз эмне, ыйлап атасызбы? – деди жигит. Бейтааныш адамдын кандайдыр бир мээримдүү, жакынсый, жумшак сураганы Акшооланы ого бетер эреркетип жиберди.
– Жолдошу экөө... саал тил табыша албай кетти окшойт, – деди кошунасы. Мында да Акшоола: «Кызык, бул апа биздин урушканыбызды кайдан билет? – деп таң калып койду. – Деги, эмне эле болуп атат?..»
– Кан басымыңыз көтөрүлүп кетиптир, – деди дарыгер. – Сизге анчалык капаланууга болбойт. Бул – биринчиңизби?
Өзөгүн өрттөгөн өксүктүн илебин бу сөз азыраак кайтарган өңдөнүп, кандайдыр бир үмүт учкуну менен кубаныч жандүйнөсүн жылытып, аралап өткөнсүдү.
– Мен сизге азыр дары берем, ошону ичиңиз да, эч нерсени ойлобой эс алыңыз. Баары жакшы болот, – деди дарыгер жигит. – А эгер сурооңуз болсо, же табыңыз жакшырбаса мына бул телефонго чалсаңыз, мен өзүм алам. – Жарайбы, Акшоола?
Акшоола «жарайт» дегендей башын ийкеди. Ушул убакта телефон чырылдап, трубканы көтөргөн коңшу кемпир:
– Акшоола, бир келин экен. Сени сурап атат, – деди. Акшоола унчуккан жок. Көздөрүн жумуп алып, унчукпай ыйлап аткан.
– Алло, эртең чалгылачы, – деди аны көргөн апа. – Ооба. ... Жок, ал азыр сүйлөшө албайт. ... Ким? ... Алия дейсиңби? Макул, айланайын, айтам. ... Ооба, сөзсүз айтам.
Телефон чалган Алия экен. Эртең менен Акшоола аны узатып атып: «Жетип, жайгашаарың менен телефон чал! Дайныңды сөзсүз билдирип койгунуң! » – деп аябай какшаган болчу. Ошону айтса кайын энеси:
– Ботом, бая эле айтпайт белең! Жүрү, почточуга эле бара коёлу! – деп экөө ээрчишип келип, телефон чалып атышкан. Алиянын атын укканда Акшоола: «Кап! – деп сүй¬лөшө албай калганына кейип калды. – Кантти экен, бечара? Кандай жетти экен?»
* * *
Алиянын болсо чечекейи чеч. Эне жытын сагынган жаны, кайын эненин жылуу кеби, мээримине эркелеп, көңүлү көкөлөп, куунак болчу.
Жаңыл апанын да жүзүнө кан жүгүрүп, көктөн тилегени жерден табылгандай неберелерин кайра-кайра жыттагылап, башты жерден көтөрүп, деги эле болбой койколоктоп басып калды. Кошуна-колоңдорун чакырып чай берип, тим эле бапыраңдаганын айт. Анткен менен эненин жүрөгүнүн тереңинде кандайдыр бир түпөйүл ой, санаа бар, ал – уулу. Оюнда: «Каякта, кантип жүрөт болду экен, какмар?! Катын-балдары менен келбегенине караганда соо эмес го?!» – дегени менен, келини да азырынча ал жөнүндө чечилип эч нерсе айта элек.
Чоң энесинин антип, эч кимге билгизбей ичинен сызып атканын билгендей, небереси аны улам жалжылдай карап коёт да, Алиянын кулагына шыбырайт:
– Апа, атам да келсе жакшы болмок, ээ? Анда чоң энем аябай сүйүнөт болчу. Атам эмне кылып атты экен, ия?
Анын атасы бая түнү кулаган боюнча, эртеси чак түштө араң ойгонгон. Башы зыңылдап ооруп, оозу кургаган эме эриндерин ######-жуктап алып, кыйгыл даам-дан кайра өзү жийиркенип, бети-башын бырыштырды да, жарылып ке¬түүчүдөй болуп чатыраган башын жерден араң көтөрүп, эки жагын карады. Жылан сыйпап кеткендей, жан киши жок. Бир гана кара чымындын ары-бери учуп, дыңылдап ырдаганы болбосо, үйдүн ичи кулак-мурун кескендей тым-тырс.
– Алия!!! – деди адатынча одураңдап. – Алия дейм! Эн-нең!! ! Чолпонай?!
Демейде кесеге мелт-калт суу көтөрүп, дикилдеп чуркап келчү кызы да унчукпайт.
– Силерди элеби, шашпагыла! !! – деп ызырынып, канча курдай турууга аракет кылганы менен, салдай болгон денесин ордунан жылдыра албай койду. Эмнегедир, көзүнө баягы ылайдан жууруп соккон сары дубалдар көрүнүп кетти!.. Акыркы күндөрү түндөсү түшү¬нөн, күндүзү көз алдынан кетпес болгон ошол элестен кутулуш үчүн бу саам да жаналакетке түшүп, көздөрүн акшыңдатып бат-бат ирмегилеп ийди да, ошол дубалдардын арасынан ким бирөөнү көрүп аткандай:
– Жуб-барымбек! !! – деди ызырынып. Колу-буту тушалып, алка-шалка тер басып кеткен тулку-боюн ошол элестен эптеп, күч менен сууруп алды да, жаткан жеринен тура качты!..
Ал эшикке чыкканда короодо ойноп атышкан балдар заматта тарап, көздөн кайым болуп кетишти. Бул ага башынан көнүмүш болуп калгандыктан, адегенде ага анчалык деле маани бербей, бирок чоң эле адамдардын да жийиркенгендей жүз буруп, тетири карап-карап кетип атканынан улам: «Мен эмне, буларга мокочо көрүнүп атамбы?!» – деп ойлоп, эки көчөнүн кесилишинде майда-баратка кошуп самагон сатып отурчу аялды көздөй бет алды. Самаганды көргөндө, адатта атасын көргөндөй кубанып кетүүчү бул аял да аны көрө коюп эле эмнегедир чочуп кетти:
– Ий, өл-лүгүңдү көрөйүн! Желмогуздай болбой, кетчи тигиндей! Бар, ары!!!
Ага деле болбой, аласасы бардай маңдайында сол¬доюп турган тигинден жийиркенип, оозу-мурдун жакасына катып, тетири караганы менен, «дарысын» бермейинче баары бир андан кутулбастыгын билдиби же мындан түшчү беш сому эсине түшүп кеттиби, айтор:
– Түрү-башыңды карабайсыңбы, какмар! Башы-көзүңөн бери кусунду шыбап албай! – деди.
Анткени менен самогон саткан аялдын аялуу жерин абалтан билген Самаган саал ыңгайсыздана түшсө да, майда сомдорду уучтап чыгып, тигинин көз алдынан өткөрүп койду. Ал сунган көк акчаны «шып» этирип илип ала койгон аял ордуна боз чаңгыл сууну шарылдатып куюп бере салды да, тигил бир далай узап кеткичекти артынан күңкүл¬дөп:
– Түрү суук өлүгүңдү көрөйүн, түшкө кирчүдөй болгон!.. – дегени менен ал ичкен стаканды ошол эле боюнча кайра бөтөл¬көгө көмкөрүп, кийинки клиентин күтүп отуруп калды.
Кайда барарын ойлоп ыргылжың боло түшкөн Самаган жана катын-балдарын таппай калганын эстеп, итатайы тутула түш¬тү да, азыр барып баарынын ташын талкан кылчудай ошолорду көздөй бет алды. А бирок, бир топко чейин ошол жерде айланчыктап жүргөнү менен аларды тапкан жок. «Баягы келиптир», – деп эшик-терезелерин бекитип, далдаланган коңшу-колоңдор болсо: «Алия байкуштун дымы чыкпай эле калды да, же кыздарынын үнү угулбайт. Эртеден бери жок дегенде бир жолу эшикке чыгып, ботом дааратканага деле барат эле го? Ти¬ги түрү суук каапыр кирип-чыгып эле күйпөлөктөп жүрөт. Деги өлтүрүп койгондон соо¬бу, ушул?!» – деп күбүр-шыбыр болуп, шекшине башташты.

#8 23 Июнь 2016 - 13:14
Көз байланып, күүгүм кирген маалда Самаган тамталаңдап,
«токолунун» эшигин какты. Анын ушинтип атаганы тигинисине да майдай жагат. Анткени менен мунусу Алиядан эле эмес, өзү¬нөн дагы бир топ жаш улуу, өңү-түсү деле адамдын көңүлүн жылытпаган,
ширидей болгон кара катын. Мурунку эринен ээрчитип чыккан үч кызы бар. Анткени менен оокатка тың. Тыңы ошол – мындан акча сурабайт. Тескерисинче кай бирде эле какылдап-какшап,
мээсине чай кайнатканы болбосо, ак кө¬ңүл. Чөнтөгүнө арак-пиволук тыйынын салып берип турат. Базарда соода кылып, биринин шапкесин бирине кийгизип иймей эпчилдиги бар. Таанып-билгендер аны «албуут Ырыскан» деп коюшат. Ага кокус катылдың дегиче сазайыңды гана жейсиң. Анысы бул «жаңы эрине» майдай жагат. Ансайын мактап: «Молодец катынсың!
Антпесең азыр адамдар башыңа чыгып албайбы! Жемиңди жедирбей ошент!» – деп далыга таптап коёт. Чындыгында ага өзү деле катыла албайт. Алияга көрсөткөн көп ыдык¬тын бирин да буга жасабайт. Анткенинин бир чоң себеби бар: Эгерде эле жаза тайып, ажыдаардын куйругун басып алса, өгүнкү окуяны эми эле эшикке чыгып жар салып, албуут эме элди чогултуп, милийсага да барып, былыктын баа¬рын чукуп чыгат... Буга ишенип болбойт да!
Мас болсо да ушуларды ойлоп келаткан Самаган эшикти ачканда эле тигиниси беттен алды:
– Каякта жүрөсүң?!
– Тигиякта эле, достор жолугуп... – тили булдуруктаган Самаган күңк этти.
– Бет-ти жок десе! Кайсыл бетиң менен калпты айтып атасың, ыя?! – чаңырды аял.
Ачуусу келгенде «токолунун» көздөрү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чакчайып, таноолору кыпчылып, ансыз дагы серт өңү ого бетер түрү суук болуп кетээрин билчү эркек аны тике кароодон заарканып, көздөрүн ала качып кетти да, кеп-сөзү жок үңкүйүп барып, төркү үйдө¬гү эски диванга көчүк басты.
– Айтпайсыңбы? ! – деди аял артынан калбай албууттана, улам бир ийнинен аткый.
– Айтпадымбы!
– Ка-алп!! ! – ый аралаш чаңырды аял. – Кара башыңды жебе деп атам! Мен азыр эле ошояктан келбедимби! Сени келди дешти го?!
– Ким?!
– Ким көрдү эле?! Дагы жакшы, жанагы жаман катының үйүндө жок экен! Болбособу, бетин тытып, селпейген түй¬дөк чачын бирден жулуп!.. – Аялдын колдору калчылдап, тырыша түштү. – Энесине кошуп туруп эки кызынын кошо эсебин табат болчумун! !!
Атурсун: «Кыздарым сага эмне кылыптыр?! » – дегенге да жарай албай, буркуюп жер тиктеди тигил.
– Угуп кой! – деди аял силкилдеген сөөмөйүн тигинин көзүнө такап, басып жыгылчудай чачы-башын саксаңдатып. – Мени менен байланыштыңбы, демек көзүңдү чоң ач, балакай! Болбосо бар го, бая¬гы былыгыңды! ..
Андан аркысын айтпай, токтоп калды. Ачууга алдырып, өзү да байкабай эринин талылуу жерине тийип алганы үчүнбү, Самаган аны көзүнүн төбөсү¬нөн бир башкача, жаак эттери түйү¬лө, тиштерин кычырата тик¬теди.
– Болуптур, – деди сестене түшкөн аял артына кетенчиктей, жоош унчугуп. – А бирок сеники да туура эмес да, ыраспы? Таң атканча күтө берип, жинди болуп кете жаздадым! Мени ойлобосоң да, жок дегенде мынабу курсактагы эмеңди аябайсыңбы? !.
Ага деле болбой, бирдин ичинен чыга тургансып ордунан обдулган эркек, аялы аркы үйгө «култ» этип чыга качканда гана өзүн отурган ордуна кайра таштап ий¬ди.
Ашканага өтө качкан аял: «Канткен менен эркек тана эмеспи! Анын үстүнө кан көрүп калган эме да...» – дегендей, кызгана коём деп ашепке кетип калганына өкүнүп, үшкү¬рү¬нүп отуруп калды.
– Ага эмне анча жабышып атасың?! – деди түн¬дө өгөй атасы келбегенге сиңдилери менен кудуңдап атышып, эми кайра ындыны өчө түшкөн он төрт, он бештеги тун кызы апасын да, тигини да жактырбагандай сурап.
Аял анда ого бетер эреркеп кетти окшойт, бырбыңдап ыйлап ийди:
– Өл-лүгүңдү көрөйүн десе! Эмнеге эле ушуга ушунчалык чарпылып, азабын тартам дейм да! Кубалап эле ийе¬йин дейм, же түт¬пөйм! .. Же бир кишидей эме болсочу! Ушул кетсе эле жашоом токтоп калчудай болуп!.. Деги, эмне балакет ооруга туш болдум эле?!.
Энесинин анткенине бир чети таң калгандай, бир чети жини келгендей, жи-йиркенген эмече чүйрүйүп, какшыктай карады кызы:
– Сүйүп калгансың го?!
Кызынын анткенин укпагандай, же жөн эле баласынткандай энеси унчуккан жок. «Каяктагыны айтып, эсине сала койдум эле? – деди оюнда өзүн-өзү тилдеп. – Акмак эле катынмын! » Деген менен баягы, Самаган айткан сокмо дубалдар, чочосун чормойтуп чуркаган наристе көз алдына элес¬теп, дене-бою бир «дүр-р» этип алды. Ошентсе да ай-күнүнө жетип, чандайган курсагын кучактап, далайга чейин тунжурап, ойго батып ун¬чукпай отурду да, бир убакта өзүн-өзү соорото көз жашын аарчып, чачы-башын оңдоп-түз¬дөгөн болуп, эринин үстүнө жыла басып кирип кетип, эшикти ичинен илип алды. Экөө тең үйдө экенинде, көп учурда ошентип, «бекинип» алыш¬май адаттары бар. Алардын эмнеге антишээрин Мээ-рим деле жапжакшынакай тү¬шүнчү. Башка учурда деле, өгөй атасы үй¬дө экенинде үч кыз үйгө ээн-эркин кирип-чыга албай, жө¬жүрөп ашканада күн көрүп, болбосо убакыттын көбүн сыртта өткөрүшөт. Керелди кечке салдай болуп жатып алып, чалкалап телевизор кө¬рүүчү өгөй атадан эмнегедир кичинкей бө¬бөктөрү тү¬гүл, эс-акылы кирип калган Мээ¬рим өзү да коркот. Анткени, апасы ар да¬йым: «Ата деп айткыла!» – деп кыйнай бе¬рүүчү эмеси көптөн бери эле эмнегедир Мээримди жагымсыз мылжыйып, бир башкача карай берчү адат тапты.
Төркү үйдөгүлөрдүн кобур-собуру угулуп, чыны-аяк жууп аткан Мээрим апасына чындап эле таң калып атты: «Кызык, апам чын эле аны бизден да жакшы көрө¬бү? Кантип эле?!.»
Энеси тигини адатынча өпкү¬лөп-жыттагылап, кечирим сурап, жалынып-жалбарып аткансыды. Ага аралаш тигинин да колдурап-солдурап сүйлөгөнү үзүл-кезил угулуп, көп өтпөй эле кыйчылдай берчү эски диван экөөнүн баягысын «айта» башта¬ганда Мээрим үйдүн эшигин «тарс!» жаап, сырт¬ка чыгып кетти.
Асфальтка бор менен «үй» чийип алып, сексеңдеп секирип ойноп атышкан сиңдилерин аяп, көзүнө жаш кылгырды. Өзү¬нүн атасын, чоң эне-чоң атасын эстеп, ошолорго азыр эле басып кеткиси келди. А бирок бөбөк¬тө¬рүн таштап кете албайт да! Аларды апасы менен алиги зөөкүргө таштоого жү¬рөгү кантип чыдасын?! «Кичине-¬кичине чыдасаңар, – дейт оюнда экөөнү карап. – Жолубузга жеткидей эле бир аз акча топтосом, бир күнү экөөңөрдү эрчитип алып, атабызга алып барам! Чоң энем, чоң атам бизди көрсө сүйүнөт го... Көрөсү¬ңөр го, алар аябай жакшы кишилер...»
Капысынан эле оюна өгөй атасынын өзү¬нүн кыздары, үй-бү¬лөсү түшүп кетти: «Бул жок жашаган кандай жакшы?.. Алар сүйүнүп атышса керек... Кандай бактылуу алар?..»
«Түштүктө жашоо башкачараак, – деди ой-санаасы кайра тээ качантан бери көрбөй, кусадар кылган өз мекенине чабыттап. – Ал жактын жери да берекелүү келет. Жер-жемиш деген жайнап жатат...»
Көз алдына эртели-кеч чарбагын аралап, эзиле бышкан чоң-чоң, жыты аңкыган коондорду кучактап келип, бала-бакырасына союп, жайдаңдаган жайдары кыял чоң атасы, ак оромолун башына орой салып, Мээримди тойго ээрчиткен чоң апасы, анан да айыл¬дын эли ар убак ардактап, ашка-тойго чакырып аш бас¬тырган өзүнүн атакеси тартылып, кусага толгон жандүйнөсү жабыркап, ого бетер жанчыла түштү: «Мен силерди сагындым, – деди алардын ар биринин элесине ыйламсырай эркелеп. – Көрөсү¬ңөр го, бөбөктөрүмдү ээрчитип алып, мен силерге сөз¬сүз барам!..»
Ынак үйдөн чыгып, түз эле гаражга келди. Демейде учурашып, ал-жай сурашчу, баскан-турганы маданияттуу бул жигитти жакшы көрүп: «Эң эле адамкерчиликтүү, жакшы жигит. Атанын баласы да,» – дечү кароолчу абышка бу саам аны биринчи жолу көрүп аткандай аңкайып, артынан ээрчий, таңкала карап калды. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй, тамагы жашка муунуп, ызаланган Ынак кароолчу түгүл, азыр алдынан өзүнүн атасы чыкса да байкабайт болчу. Жашоо азыр ага жалаң жалганчылык, ыпыластыктан бүткөндөй бир башкача жагымсыз сезилип, жада калса койнунда жаткан жубайынын антип «чыккынчылык» кылганына жүрөгү чыркырап ыйлап, өзөгү өрттөнүп, өпкөсү көөп бараткан. Өчүн ошондон чыгарчудай машинасын гараждан атырылтып айдап чыгып, маңдайындагы гаражды тү¬бү-орду менен омкоруп кетүү¬чүдөй болуп, тумшугу менен сайылып чукул токтогон Ынакты карап: «Бу чын эле соо эмес!» – деген абышка дарбазаны чоң ачып жиберип, өзү да сактанып жолдон алыс турду. Айткандайле Ынак короодон «учуп» чыгып, чукул бурулганда машина байкуш чимирик атып, «ыйлап» ийди.
– Ой, бала! Сага эмне, жин тийгенби?! – деп калдаңдаганы менен, абышканы бала уккан да жок. Качан гана ал көз¬дөн кайым болуп, көрүнбөй кеткенде гана абышканын жү¬рө¬гү саал ылдыйлап, а бирок ичинде: «Бир балакетке кабылбаса экен!» – деп бушайман болуп калды.
Ынак ошол эле жүрүш менен шаардын борбордук чоң трассаларынын бирине түштү да, каякка барарын өзү да билбей, туш келди эле алып-учуп баратты. Тээ бир оокумда гана өзөгүн¬дөгү өрттү өчүрүүгө айла издегендей, «Дасмияга» токтоду.
Ресторандын ичинде эл көп экен. Эки-экиден отурган жаштар, улуу-кичүүлөр. .. Кенен залдын бир башын ээлеп, ким бирөөлөр туулган күнүн белгилеп, өздө¬рүн¬чө ба¬ка-ша¬ка түшүп, ырдап-чоор¬доп атышыптыр.
Ынак кирип, бурчтагы бош орундукка отурары менен эле жакшынакай официант кыз илбериңки басып келди да:
– Саламатсызбы? – деп менюсун сунду. Ынак аны карап да койбой:
– Бир шише арак бериңизчи?! – деди.
Жайдары, жа¬роокер кыз жаңы эле келген мейманына эмнегедир таң калгандай да, аны аягандай да бүшүр¬көй карады:
– Кечиресиз, тамак... ичесизби? – деди анан ууртундагы эмелеки күлкүсү жоголо, акырын унчугуп. Ушунчалык капалуу, кайгылуу кирген ушул бейтааныш адамга эмнегедир бир көрүп эле ичи жылып, имерчиктей түшкөнү үчүн Елиза өзүнчө: «Мурда бир жактан көрсөм керек да, ошон үчүн өңү жылуу учурап атат окйшойт», – деп ойлоп койду. Ынак болсо анын бу тымызын ымаласын тийишип аткандай түшүнүп: «Акмактар! Чоңуңардан кичинеңерге чейин, баа¬рыңар ушусуңар! » – деп ичинен тилдеп, көзүнүн төбөсүнөн тиктеди...
А бирок, клиентинин оройлугуна Элиза таң калган да, таарынган да жок. Узап баратып да артына бир кылчая, аялуу карап койду. Анан калса, ал ошол мү-нөт¬төн тартып отуз беш, кырк жаштын ортосундагы ошол орой да, кайра ошончолук сүйкүмдүү да адамды жүрөгүнө таптакыр жакынсынтып алды, кыз.
Ресторанда ырчылар биринен сала бири сыздап ырдап атышты. Алардын бирин укса, бирин укпай, качан гана тойдун күнөө¬көрүн ким бирөөлөр куттуктап, тост көтөртүп атканда гана Ынак аларды бурула карады:
– Урматтуу Клара айым! Ылайым эле өмүрүңүзгө өмүр, тою¬ңузга той улансын! Курбу-курдаштар, жакшы санаалаштар Сизге темирдей бекем ден--соолук, Алатоодой улуулук каалайбыз! Аяшыбыз Раман Оморович менен кыздардын кызматын, уулдардын урматын көрүп, небере эле эмес, чөбөрө жыттагыла! Жаштыгыңар арчадай көктөп, сүйүүңөр эскирбей, улам убакыт өткөн сайын жашарып, бакубат болуңуздар!
Андан ары тост сүйлөгөн адамды коштоп кол чабуулар, кубаныч, шаң, бокалдардын кагышы!.. Булардын баары канчалык жагымдуу болгону менен, Ынактын итатайы тутулуп кетти. Бир кездеги, өзүнүн да ушундай бактылуу болуп, жалаң жакшы тилектер, жакшы жоро-жолдоштор жандап, «жакшы» жары жанында жарашканын эстеди. Ал анда ошол сезим, ошол күндөр так ошол боюнча улана берет деп ойлоптур! А көрсө...
– Келжирек сөз! – деп кыйкыргысы келди эми. – Эскирбеген, ыпыласталып, ылайланбаган эч нерсе жок! Кана, кимде экен өчпөгөн сүйүү?! Мендеби?! Сендеби?! Же кимде?!?! Жаңыласыңар! ..
Сыртына чыгарбаганы менен көмөкөйүндө, көңүлүндө Ынак ушинтип бир кыйкырып алды.
Аңгычакты официант кыз Ынактын сураган бир бө¬төлкө арагын көтөрүп келди да:
– Кечирип коюңуз, дагы эмне ичесиз? – деди. Жигит дагы эле унчуккан жок. Кыз ары бурула берерде гана:
– Чоң кыз, мобул ырчылар ким эле, билесизби? – деди ырдап аткандарды жаңсай.
– Билем, – деди кыз Ынактын суроосуна дилгирлик менен жооп берип: – Алар Гүлнара Кахарова менен Бакыт Мамаев эмеспи.
Дагы бир нерсе су¬райбы дегендей кылчактай калып, бирок Ынактын андан ары көңүл бурбасын билген Елиза ары узап кетти.
Ынак экинчи бөтөлкө¬сүн да жартылатып койду. Өзөгүн өрттө¬гөн от бирок өчмөк турсун ого бетер кү¬чөп, бүт тулку-бою алоолоп, ысып-күйүп атты. Жүрөгү мыкчылып, жаш балача балбактап ыйлап отурду. Өзүн карап күбүң-шыбың болуп атышкандарды де¬ле этибарына алган жок. Качан гана аркы залдагы бака-шакалар азая түшүп, ресторандын ичин каалгыган муңдуу, кайгылуу музыка бийлеп, аны коштой ырчы кыздын сыздаган үнү жаңырганда гана салмактана түшкөн башын үстөлдөн араң жылдырып, өйдө көтөрдү:Жок жоготтум көз көрүнөө,
Орду толбос, бүтөлбөс.
Адашкансыйм, жолго түшүп,
Эми кайра түзөлбөс! Алды жакта айрылуу бар,
Жалгыздык бар сезгенсийм.
Мезгилимден эрте улгайып,
Басмырт тартып кеткенсийм. ..
Биздин тагдыр такыр башка,
Эки ачакей өңдөнөт.
Жан-дүйнөмдү жалгыз ушул,
Жанга баткан ой бөлөт.Кечир мени, күнөөлөбө,
Сүйүүгө алсыз болгонго.
Анткен менен калды изибиз,
Биз бөлүнөр жолдордо...– ушинтип ырдап атты ырчы.
Эмнегедир ырдагы белгисиз каармандын тагдырын Ынак өз тагдырына окшоштуруп, аны менен кошо өзүн да аяп, ким бирөөлөргө кусаланып, жек көрүп да атты.
Ресторандан кеч, элдин эң аягында чыкты. Темтеңдеп, мына-мына көмөлөнүп, көм¬көрөсүнөн кетүү¬чүдөй болуп, бир далай жерге че¬йин калдалактап барып кайра түзөлө түшкөн сайын Елизанын да жүрөгү «солк» этип, ыргып кете жаздап атты.
– Ал эмне, таанышың беле? – деген курбусу Елиза менен кошо тигини узата карап, эшиктин алдында турду.
– Билбейм! – деди кыз бей¬тааныш, бирок жакынындай туюм калтырып кеткен адамдан көз албай: – Эмнегедир ал менин жүрө¬гүмдү кошо алып кетип бараткансып, бир капшытым эңшерилип калды!..
– Кызык...
Курбусунун мындай мүнө¬зүн көрүп, мындай сөзүн укпаган Аэлита ага ишенип, ишенбей суроолуу тигилди.
Ынак тээ бир далайга че¬йин машинесин от алдырбай, рулга өбөктөй отуруп, эчкирип ыйлап атты.
Бүгүн ал эр жеткенден бери эң биринчи ыйлады, эң биринчи жолу жашоодон көңүлү калып, сүйүүдөн азап жеди... Өзүн талаада калган эң бактысыз адам катары сезип, каякка барарын да боолголой албай, көпкө чейин отурду да, көптө барып машинесин айдап кетти.

#9 23 Июнь 2016 - 13:16
Ошол түнү Айнурага таңдын атышы кыйын болду. Шефинин эртең ишке чы-гаарын ойлоп, тынч жата албай ооналактап,
уйкусу качты. Лилия көзү ачыктын: «Бүгүн аялы менен урушат, бул сен үчүн жакшы жө¬рөлгө...» – дегенин улам-улам эстей, ушул азыр эки башка жакты карап жаткан экөөнү элестете берди. Кээ бир түндөрү жатып алып, шефин аялынан кызгана берер эле. Андайда ызаланыппы,
ыйлагысы келчү. Айрыкча, канчалык айла-амал таап арбаса да Ынак Кабыловичтин ага көз кырын салбай, салкын мамиле кылганы намысына ти¬йип, ансайын бардык кудурет-күчүн,
ой-санаасын ага жагыш үчүн жумшачу. Эптеп эле Ынактын көңүлүн өзүнө буруп алгысы келчү. «Сүйүү, сүйүү!» деп зар какшап ыйлаган кээ бирөөлөргө таң калчу: «Сүйүү деген эле ошол эмеспи: Колунда байлыгы, бийлиги болсо... Көңүлүн таап, оюндагысын орундатып койсоң болбодубу!
Башкасынын эмне кереги бар? Анын үстүнө... бул жигиттин аялга мамилеси да укмуш болсо керек?». Ушинтип ойлоп, денеси от менен жалын болуп кетчү. Чыны менен эле бул «сүйүүсү» биринчи, же экинчиси да эмес эле. Бирок Айнуранын көңүлүнө түшүп, көзүнө илинген бир дагы эркек эч убакта ага минтип, сыртын салган эмес. Анын үстүнө Айнура ишке орношкондон кийин эки жума өтпөй эле жаңы шефи командировкага жөнөп кетпедиби. Ошондон баштап Айнура күн алыс көзү ачыкка барып жүрөт...
Экинчи жолку барышында Лилия андан Ынактын аялы ким, кай жерде иштерин сурап, атургай дареги, телефондорун кандай экенин билип келүүсүн талап кылган:
– Мен анын баарын ансыз деле билем дечи. А бирок, баары бир тактап коюшум керек, – деген көзү ачык.
– Аялы – журналист, – деген Айнура. – А бирок шефтин үй дареги менен телефонун... берүүгө болбойт...
– Эгерде сүйүүдөн бактылуу болгуң келсе, айтышың керек, акылы азым! Ар ким өз бактысы үчүн кандай гана болбосун күрө¬шүүсү керек эмеспи!
– Албетте, – деп ынана түшкөн Айнура шефинин үй телефонун берип, атүгүл эртеси эле редакцияга чалып Акшооланын чөнтөк телефону менен иш телефонун тактап, кабар кылган болчу. Ошондон тартып Лилия Ынактын командировкадан келер күнүн күтүп, укмуштуу ой-пландарды болжоп жүргөн болчу.
– Менин касиеттерим Акшооланы жакынкы арада бу жерге алып келишет! – деген бир күнү Лилия.
– Эмнеге?! – ыргып-секирип, чочуп кеткен Айнура. Лилия аны жылмая бир башкача сырдуу тиктеп:
– Анткени, анын жүрөгүндөгү Ынактын сүйүүсүн сага алып берем! – деген.
– Коюңузчу? Ошентсе да болобу?! – бир чети ишенбей, бир чети чындап эле таң калып сураган Айнура.
– Эгерде эбин тапса, анан да кадыр-көңүл жарашса, болбой турган эч нерсе жок, карагым!
Кубангандан бекен, Айнуранын денеси ымыр-чымыр боло түшкөн.
– Өзүң деле таразалап, билип атсаң керек, – деген бир убакта анын алда нени ойлоп, күлүңдөй түшкөнүн көргөн Лилия алда ненин башын кылтыйтып. – Бирөөнүн үй бүлөсүн бузуп, бирөөнүн бактысын бирөөнө «тартып» берүү – оңой иш эмес! Ал үчүн мен канча бир күнүмдү, канча бир энергия-күчүмдү сарптап атам!
Анын эмне айткысы келип атканын илгиртпей биле койгон келин:
– Билем, эже! – деп капчыгын аңтарып, бүкүлү беш жүз сомду тигинин колуна кармата салган. – Азырынча чай ичип туруңуз, эже. Калганы дагы болот.
«Жым» дей түшкөн Лилия акчаны китебинин арасына салып:
– Экөөбүз бир өрөөндөн экенбиз. Булардын баары сага эже катары берген жардамым, – деди. – Бүгүндөн тартып Акшооланы «чакыра» баштайм. Анын келип бергени – ишиңдин оңдой бергени. Бирок, бакыттын баасы канчалык экенин өзүң билесиң...
– Билем, билем! – деген Айнурага «көзү ачыктын» бакытты ага кандай жол менен, кандай баага алып берээри кызык да эмес болчу. Бир гана эңсегени: Эч качан муну теңине албай, бу канчалык арбалып, арбаса да көз кырын салбай, түп-түз кирип, түп-түз чыгып кетүүчү Ынак Кабыловичти торго түшүрүп, аны алдында чимирик аттырып, өч алуу эле! Жол бою ушундай ойлор менен алпурушуп, ишке демейдегиден эрте келди. Келсе, чындап эле фирманын эшигинин алдында Ынак Кабыловичтин кара «Мерси» туруптур! Айнуранын жүрөгү «болк!» этип кетти...
Аңгыча алдынан кароолчу капыл-тапыл чыга калды эле:
– Абайлабайсызбы! – деди чочуп кеткен Айнура зирпилдеп. – Түшкө кирчүдөй болуп чыга каласыз да, анан калса!
Кароолчу унчукпаганы менен: «А сен өзүң эмне кылып жүрөсүң, таң атпай?!» – дегендей одурая карады.
– Шеф качан келди?! – деди Айнура.
– Түндө!
«Түндө?!. – деди келин ичинен кымылдап. – Чын эле укмуш катын экенсиң, Лилия! Мен сага эми ишендим!.. »
Күлмүңдөп, эмнегедир жүзү нурдана түшкөн келинди кароолчу алда неден шектенгендей кылыя карап коюп, ары басып кетти. Ошондо гана оюндагысын окутуп койгондой, ойго тушала түшкөн Айнура ыңгайсызданып кетти.
Кабылдама бек экен. Шырп алдырбай ачып, акырын кирди. Тым-тырс. Ынак Кабыловичтин кабинетинин эшигин тыңшап, ичкери кулак түрдү.
Сырттагы дабыштан Ынак Кабылович ойгонуп кетип, саат¬ты карады: бештен эле азыраак өткөн экен. «Анда бу ким? Кара басып, эшиктерди бекитпей койдум беле? Же балким, Акшоола издеп келдиби?!. » – Ынак Кабыловичтин уйкусу умачтай ачыла түштү. Кечээкинин баардыгын азыр жокко чыгаргысы келип кетти! Анын баары калп, жалган экенин Акшооланын өзүнүн оозунан угуп, ошого ишенип, ынангысы, жубайынын пакизалыгынан күмөн кылып, тескери ойлогондугу үчүн андан кечирим сурагысы келди!
А бирок!.. Оозгу бөлмөгө ушунчалык эңсөө менен ашыгып чыга калган Ынактын шаабайы сууй түштү. Анын бет маңдайында Акшоола эмес – Айнура турган!
Көйнөгүнүн боору дакдайып ачылып, чачтары уйгу-туйгу уйпаланган, али соолуга элек шефин эки-үч апта мурун эле ишке алган катчы кызы аңкая, көргөн көзүнө ишенип-ишенбей карап турду да, эмнегедир акырын унчукту:
– Ынак Кабылович?.. Саламатсызбы? ..
Демейде өтө эле зыңкыйган шефинин ушул турушу ага ого бетер жакты. Кучак жая, азыр ага учуп жетип, мойнуна асылгысы, ага эркелеп, кылыктана жалынып-жалбаргысы келип, добушу да дир-дир эте, денесин майда калтырак басып кетти.
Ошону байкадыбы, же өзүнүн бу көрүнүшүнөн уялдыбы, Ынак Кабылович ыңгайсыздана түштү да, бүчүлүгүн бүчүлөп, чачы-башын ирээттеген болуп, ооз учунан:
– Аа... Кандай Айнура? Иштер жакшыбы? – деген болду.
– Жакшы, Ынак Кабылович! Келишиңиз менен! – Наздана, кылыктана калды келин. – Жакшы барып келдиңизби?
– Рахмат, жакшы, – деп адатынча суз унчугуп, анан мурункудай эле кайдыгер сурап койду. – Эмне эрте келдиң?
– Сизди келет деп эле...
– А эмне, шашылыш иштер барбы?
– Жок, бирок... – бир нерсе айтуучудай болуп, азга буйдала калды да Айнура шефине жакыныраак келип: – Сиздин келишиңизди чыдамсыздана күттүм, Ынак Кабылович! – деди кадала тиктеп туруп. Демейде анчалык деле этибарына албай, атүгүл «иш сапардан барарым менен муну иштен бошотуп, ордуна башка кыз албасам, тартиби жакшы эмес окшойт» деп анын өзүнө анчалык эле үзүлүп түшкөнүн жактыра бербей жүргөн Ынак, эмнегедир бу саам ага ичи жылый да түштү. Канча жылдан бери бирге жашап, жанындай жакшы көргөн, ишенген жуба¬йынын антип, ал аз эле убакытка жок болсо тигинтип тетири жолго түшүп кеткени, ал эми кечээ эле ишке келген бу келиндин минтип аны таң атпай күтүп, жолун тосуп жүргөнү ага таптакыр түшүнүксүз болуп ат¬ты. Ошентсе да Ынак аны билгизбей, баягысындай эле Айнурадан өзүн оолак, токтоо кармап, «анда ишиңди иштей бер» деген кыязда:
– Болуптур, – деп коюп кирип кетти.
Томсоро түшкөн келин анда деле бирок бир нерсеге каниет кылып, бел байлады: «Айткандайле, ал алыстан келгенине карабай, үйүндө түнөбөптүр. .. Бул – укмуш! Лилия чын эле укмуш аял экен! Демек, андан аркылары да мен каалагандай болот окшобойбу! Болгону эле, Лилиянын оюндагысын таап, ыраазы кылып турбасам болбойт!.. »
Лилия айткандай, Айнура бу жигиттин бара-бара аялынан көңүлү сууп, мунун этегине эрмешип, жакасына жармашып каларынан таптакыр күмөн санабай калды.
Ынак Кабылович ар күн са¬йын эртең менен, иштин алдында коюу демдетип кофе ичмей адаты бар. Ошондуктан Лилияга «окутуп» койгон кофесин даярдап алып, шефинин үстүнө кайра бат эле кирди.
Жуунуп-тазаланып, үстү-башын оңдоп, демейдегисиндей ордуна отуруп калган жигит Айнура чыгып кеткенден кийин: «Күйөөсү мунун ушинтип, ар кимге көзүн кылгыртып жүрөрүн билет болду бекен?» – деп ойлоду.
Креслосуна чалкалай, ысык кофеден дембе-дем ууртап отуруп, кечээкилерди кайра баштан көз алдынан чубатып өттү: «Балким, андай эместир? Мүмкүн бул – көрө албаган бирөөнүн кылганыдыр? А бирок ... ан¬да Акшоола эмнеге менин келээримди билип туруп ичип келди?! Ал иччү эмес эле го?! Аз эле күндүн ичинде анын ушунчалык өзгөр¬гөнүнө не себеп?! Жалгыздыктан жадай түштүбү? Же менин качан болбосун командировкага кете бергеним аны тажаттыбы? Анда эмнеге анын бирин мага айтчу эмес? Же мага билгизбей... башынан эле ушун¬дай ыпылас беле, ал?! Үйдө отуруш да болгон окшойт, төшөнчүлөрү жыйылбай калыптыр...»
Алиянын кыздары менен келгенин Ынак ушинтип жоруду. «Бирок, өз оозунан бир кеп уксам болмок экен. Бекер кылыпмын... – деген ойлоруна удаа эле, дагы бир сезим-тую¬му аны кытыгылады. – А балким, чын эле мен жаңылып аткандырмын?!.»

#10 23 Июнь 2016 - 13:17
Ушинтип ойлогон Ынак трубканы көтөрдү да, бирок бат эле кайра коюп койду: «Азыр ал уктап аткандыр? Бир аз кечирээк чалайын...»
Акшоола түнү бою кирпик какпай, таң куланөөк атканда гана көзү илинип кетиптир. Түшүндө Ынак шагылы куюл¬ган бийик асканын кылда учунда илинип турат. Акшоола тээ төмөндө чебеленип, колдорун каршы-терши булгагылап, үнүнүн бардыгынча кыйкырып атат: «Ына-ак! Абайлай көр, алтыным! Алдагы жерден араак турчу! Тайгылып кете көрбө?! Ой, Кудайым, ай!..»
Ынак болсо аны укпай же угуп туруп эле атайылап ошент¬кендей, аны тээ бийиктен текебер карап менсинет. Акшоо¬ланын үнү бүтүп, анысы аз келгенсип кыйкырыгын орто жолдон ырылдаган шамал жула качып, алда кайда алып учат. Акшоола ансайын жаш балача энтигип, өп¬кө-өпкөсүнө батпай ыйлап алыптыр.
Ынактын эки өңүрүн шамал делпилдеп учуруп, өзү дагы мына-мына азыр жардан алыс ыргып кетүүчүдөй оңго-сол¬го термелип, чайпалып турду. А бирок, ошону дагы байкабаган сыяктуу Ынак кебелбейт. Асканын алдындагы кө¬бүктөнүп, күрпүлдөп аккан суудан өтө албай, Акшоола жээк¬ти бойлой өйдө-төмөн жүгүрөт. Заманасы куурулуп: «Жараткан Кудай, Ынагымды сактай көр! Жардам бере көр?!» -деп Кудайга жалынып алган. Аңгычакты аскадан «күр-р!» этип таш кулап, Акшоола Ынагынын жанында айланчыктаган аялдарды көрөт. Алардын арасында Лилия да жүр¬гөнсүйт! Канчалык аны жек көрүп атканы менен оюнда: «Ынакты сактап калса экен?!» – деп бир ойлоп алып: «Жок, жок, мен сенден жардам сурабайм, Лилия! Мен өзүм... Ынагымды өзүм сактайм!.. » – дейт да сууну кечип, улам кайра жыгылып-туруп, ал анса¬йын оозу-мурдуна кирген суудан аптыга, какап-чакап отуруп жээкке чыгат. Ошол асканы тегерене чуркап, жандалбастап жар¬га чыгып келсе... Ынагы жок! «Ына-ак?!» – деп үнүнүн бардыгынча кыйкырган келин асканын боору ылдый жылмышып, кум-шагыл менен кошо тээ төмөндү көздөй куюлуп, агылып бараткан Ынагын көрөт! Тегерек-белиндеги кошо кетип бараткан жанагы аялдар саксайып-үксөйүшкөн жин-шайтандарга айланып алышкансыйт! .. Ошого удаа эле каяктандыр тынып-тынып, кандайдыр бир кулакка тааныш добуш «дир-р, дир-р!..» этет...
Чочуп ойгонуп кетсе, телефону «безилдеп» атыптыр.
– Алло?! – деди ага кантип учуп жеткенин өзү да билбей, – Алло, Ынак?!.
А бирок, Ынак эмес, тааныш дагы, тааныш эмес адам:
– Алло, Акшоола, кандай уктадыңыз? – деди.
– Жакшы... – ындыны сууй түшкөн келин алсыз унчукту, – Ким бул?
– Кечээки врачмын, Акшоола, – деген жигит дагы тактап койду. – «Тез жардамдан». Күзөтүмдү өткөрүп атып, абалыңызды сурап коёюн дедим. Айтмакчы, менин атым – Арнас. Кандай болуп калдыңыз?
Кандай болуп калганын, чындыгында Акшоола өзү да билбейт эле:
– Рахмат, – деген болду тек гана.
– Температураңыз кандай?
– Билбейм...
– Башыңыз ооруган жокпу?!
– Мм... Жок.
– Сиз эмне, ыйлап атасызбы? – деди дарыгер кабатырлангандай.
– ?..
– Алло, Акшоола айым, жаныңызда бирөө-жарым барбы, трубканы бериңизчи, – деди дарыгер. – Алло, алло? Акшоола, сизге эмне болду? Үн катпайсызбы? !.
– Ту-ут! Ту-ут!..
Эмнегедир, ушу азыр Ынагынан күткөн мээримди башка бирөөнүн добушунан укканга эреркеп кеттиби, айтор Акшооланын колдорун калчылдак басып, муун-жүүнү бошоп, көзү караңгылашып кетти. Трубканы эптеп ордуна койду да, чыпылдап муздак тер чыгып кеткен чекесин алаканы менен басып, көздөрүн жума бир топко чейин дубалга сүйөнүп туруп, качан гана акыбалы саал оңоло түш¬көндө трубканы кайра алды. «Мен Ынакка айтышым керек, – деди оюнда Акшоола. – Эгерде менин боюмда бар экенин укса, ал мени кечирет... Баягысындай жадырап күлүп келип, кучагын кенен жайып, баладай тап-так көтөрүп ала коюп тегеретип! .. Мен сени сагындым, Ынак!..» Оюна ушулар келе калган Ак¬шоола калчылдагы басыла элек манжалары менен Ынактын ишине телефон чалды.
Ынактын телефону «ыйлап», а бирок ээси аны көтөргөн жок. Экинчи жолкусунда кабылдамага чалды эле, трубканы катчы кыз алды. Кызматка жаңы катчы алганын, аты Айнура экенин Ынак айткан. Бирок, Акшоола аны көргөн эмес. Анан калса, аны менен кечээ эле Лилиянын короосунда бирге кезек күтүп отурганы да анын үч уктаса түшүнө кирмек эмес!
– Алло, Айнура?
– Да-да, мен угуп атам...
– Айнура, мен Ынак Кабыловичтин жубайы болом. Атым – Акшоола.
– Аа, саламатсызбы? ! – деди өңү бузулуп кеткен келин сыр алдырбай учурашып.
– Жакшы. Иштер кандай?
– Жайында эле.
– Айнура, Ынак Кабыловичтин телефону иштебей атса керек, ала албай койдум. Кошуп коёсуңбу?
Айткандайле Ынак жанараак эле эч ким менен сүй¬лөшкүсү келбей, «ат арытып алыстан келдиң!» – деп таанып-билгендер таң эрте тынчымды албасын деп, байланышты ажыратып койгон.
– Мен өзүнө бир ооз айтып коёюнчу, абдан маанилүү маселе менен отурушат эле... – деди Айнура аларды байланыштыргысы келбей, калп ай¬тып.
– Мейлиң.
Айнура трубканы алып коюп, күзгүгө каранды. Чачы-башын оңдоп, эринине боёк сүрттү да, бир аз убакыттан соң:
– Алло, кечиресиз, шеф азыр сүйлөшө албайт экен, – деди. – Эмне деп айтып коёюн?
– Мени чалды деп койсоң. Үй менен тезирээк байланышсынчы. ..
– Жарайт! Жакшы калыңыз!.. – деп трубканы койду да: «Дурочка! – деп сүйлөнүп койду катчы-кыз. – Тапкан экенсиң, айттыра турган кишини!..»
Акшоола күзгүнүн алдына келди: бир эле күндүн ичинде таанылгыс болуп өзгөрүлө түшүптүр! Ыйлай бергенден улам көз¬дөрүнүн алды көлкүл¬дөп шишип, эриндери кеберсип, бетин дагы сепкил басып кетиптир. Эмнегедир, эсине Венера менен Алия түшүп, аларды абалкыдан да аяп, канчалык бир деңгээлде өзүн дагы аларга окшотуп турду. Бир колу менен бетин, көзүн, чачын чоочуркагандай аяр, коомай кармалап, бир колу менен ичин сылады. Курсагына койгон алаканы анын бүт дене боюна, атурсун жүрөгү¬нө, жүзүнө кандайдыр бир жылуулук, жагым¬дуулук таратып, өңүнө кичине нур жүгүрүп, ууртунда азыраак күлүмсү¬рөө пайда болду. Ошол кубанычын Ынагына ылдам эле айткысы келип, телефонго карады. Анын коңгуроосун күттү, самады...
Аңгыча эшиктин дембе-дем басылган коңгуроосу Акшооланы «селт!» эттирди: «Ынак?!! Ой, Кудайым, ай! Ынагым келди!» Жүгүрүп баратып, орто жолдон кайра келип күз¬гүгө каранды. Уйгу-туйгу сапырылган чачын ирээтке келтирип тарай коюп, этек-жеңин түздөдү да, учуп жетип эшикти ачты: «Жок! Ынак эмес, башка экен!!! »
Эшиктин алдында эс-мас боло түштү келин.
– Акшоола, абалыңыз кандай? – деди кечээги дарыгер. – Акыры, кайрылып кетүүгө туура келди.
Эшикти ачкан тейден, дагы эле үн-сөзү жок мелтирей түшкөн пациентине:
– Кечиресиз, сизге эмне болду? – деди Арнас. Ошондо гана эсине келе: «Эч нерсе» дегендей баш чайкаган болду да:
– Келиңиз, өйдө өтүңүз, – деди.
Арнас көтөрө келген кичинекей сандыкчасын шамдагай ачып, Акшооланын кан басымын текшерди да:
– Бүгүн болсо, кан басымыңыз ылдыйлап кетиптир,-деди жакын адамындай муңайым карап. – Түндө кандай уктадыңыз?
– Жакшы эле...
Дарыгер аны ишенбегендей бир жалт карап алып, градусник сунду.
– Айтыңызчы, – ара чолодо сурады Арнас. – Сизге эмне болду? Канчалык жашырганыңыз менен, ден-соолугуңуз да, атурсун көздөрүңүз. .. баарын айтып турат. Сиздин жан¬дүйнөңүз абдан катуу жабыркап тургансыйт. Бирок, албетте, башка бирөөнүн турмушуна кийлигишүүгө болбойт деңизчи. Ошентсе да, дарыгер катары сурап-билүүгө акым бар?... Анын үстүнө кош бойлуу экенсиз. Дагы бир адамдын өмүрү экөөбүздүн колубузда эмеспи...
Акшооланын көздөрүнө каканактап, жаш толуп кетти. А бирок аны жашыргысы келгендей, ып-ысык ошол тамчыларды кайра кантип кургатып, кантип ары катып алганын ал өзү да билген жок. Анткен менен анын эриндери титиреп, колдорун кайра баштан майда-майда калчылдак басып, денесинен муздак тер чыгып, атурсун бу жолу оозуна кара суу келип кетти. Ушунун баарын байкай койгон кы¬раакы доктор:
– Акшоола! – деп анын колдорун кармап, креслого башын жөлөй, саал чалкалата отургузду да, тамырын кармап көрүп:
– Сиз... акыркы жолу качан тамактандыңыз эле? – деди. «Бил¬бейм! » – дегендей көздөрүн жумуп, башын чайкады Акшоола.
Ушул учурда телефон чырылдады. Ордунан обдулуп, турууга аракет кылганы менен Акшоола өзүн көтөрө албай койду. «Алып коюңузчу?» – дегендей ишарат кылды эле, Арнас трубканы көтөрдү:
– Алло? Алло-о?! Үн катпайсызбы? Алло?.. – деп атты Арнас.
А бирок ары жактан кимдир бирөөнүн дем алганы угулуп, унчукпай угуп турду да, трубканы коюп таштады. Ал – Ынак болчу!!!
Бая Акшоола Айнурага телефон чалгандан кийин ылдам эле, адегенде орун басарын, башкы бухгалтер, дагы эки-үчөөнү чакырып, андан соң фирманын жалпы жамаатына чогулуш жасаган. Эки жума ичиндеги иштеги ийгиликтер, кемчиликтерди сурап, кызматкерлеринин ар биринин ал-акыбалынан кабар алып, көңүлү саал тынчыганы менен, баары бир эле ой-са¬наасы ордунда болбой, андан ары иштегенге мойну да жар бербей, кыжаалаттана эле берди. Анын себеби да, дабасы да эмне экенин тана албай, акыры:
– Айнура, мага үйдөн чалган жокпу? – деди.
– Жок! – деди тигил калп айтып. «Эмнеси болсо да чалайынчы! » – деди Ынак оюнда. Жүрөгү да элеп-желеп болуп кетти.

#11 23 Июнь 2016 - 13:19
Кокус эле Акшооласы азыр абалкысындай сагыныч менен жапакеч үн катса, бардыгына көздү жума кайыл болуп, атурсун кү¬нөөлүү болсо да Акшооласын кечирип таштап, учуп жеткиси келип кетти. «Ошентем!
– деди. – Ооба, сөзсүз ошентем! Балким бул – тагдырдын мага берген сыноосудур?
! Жаңылып, жазып, а бирок анысын тү¬шүн¬гөн адамды Кудай деле кечирет турбайбы!
Акшооламдын бир жолку жаза тайганын кечирип коё албасам, жигиттигим кайсыл?! «Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат!» дечү атам. А балким... а балким мен жөн гана адашып, жөн эле акмак болуп аткан чыгаармын?!
Ыла¬йым эле ошондой болсо экен! Айткандай эле, менин Акшоолам андайга барчу аял эмес болчу!». Кайра ушинтип, аны ойлоп, муну ойлогон Ынак өз үйү¬нүн телефон номерин терди. А бирок, так ошол маал¬да сааттай болуп, трубканы Ак¬шоола эмес, доктор жигит көтөрүүгө туура келип калганын айт!!!
– Алло? Алло-о? – деп атты белгисиз, бейтааныш бир эркек Ынактын өз үйүнүн телефонунан жооп берип:
– Алло, үн катпайсызбы? Алло?!.
Ынактын көздөрү тумандап, башынан ылдый би¬рөө муздак суу куюп, же чаап ийгендей «селт» эте түштү да, эми элеки жубайы үчүн жылып, жибип турган жүрөгү кайра баштан жыйрылып, акырындап таштай катып, таптакыр муздап баратты: «Жүз-зү кара! – деди оюнда жаактары карыша, эки муштуму түйүлө түшкөн Ынак. – Менин келгенимди билип туруп!... Кетээрим менен дароо тигинисин чакырып алган тура!..» Чок кармап тургандай, трубканы ыргытып ийди да, дембе-дем тамеки тартып, аркы-терки баса баштады.
Аңгыча Айнура кирип келип, шефинин кебетесин көрүп сес¬тене түштү. Калп айтканымды Акшоола айтып койдубу деп ойлоду ал. Коркконунан колундагы кагазы да түшүп кетип:
– Ы... Ынак Кабылович?.. – деди шыбырап .
– Эмне?!! – ачуусун сыртка чыгарып, ушинтип кыйкырып алганын Ынак Кабылович адегенде өзү да байкабай калып, качан гана катчы кызынын кө¬зү¬¬нүн жашы мөлтүлдөп төгү¬лүп кеткенде гана эсине келип:
– Аа... кечирип кой? – деп анан: – Анан келчи, – деди жайгара, жоош унчугуп.
Айнуранын жүрөгү ы묬¬дыйлай түштү.
* * *
Сыртынан канчалык сыр билгизбей, өзүн токтоо кармаганы менен жандүйнөсүндө Арнас жаналакетке түшүп кетти. Креслодо көздөрүн жумуп алсыз, а бирок ошого да кайыл өңдүү, жашоодон кечип койгондой, жаны үчүн кенедей да жандалбас кылбаган Акшооланы жакын адамындай жан тарта аяп, атүгүл өзүнүн да чекесинен муздак тер чыгып, эмне кылаарын билбей кетти.
Шашкалактап ашканага кир¬гени менен, адегенде көзүнө эч нерсе көрүнбөй, колуна эч нерсе урунбай, кайсалактап барып анан: «Токточу, Арнас! Сен эмне эле болуп атасың?! Сен өзүңдүн ким экениңди унутпа да! Сен бу саам бир эмес, эки адам үчүн абийириңдин, Кудайдын алдында канчалык жоопкер экениңди унутуп калдыңбы?! Канчалаган өмүрлөрдү ажалдан арачалап, канча жанга аралжы болуп жү¬рүп, эми эмне алактап атасың?!.» – деп өзүн чыйралтып алды. Ушуга удаа эле Арнастын өзүнүн эркинен сырт: «А балким, анчалык мокоп, болуп көрбөгөндөй сүрдө¬гө¬нүңө караганда сен... Акшооланы сүйүп калгандан соосуңбу?! .» – деген да бир ой кайдан-жайдан көңү¬лү¬нө «тык!» эте калып, бирок кайра бат эле: «Азыр аны ойлоп, чечмелөөчү убакыт эмес!» – деп өзүн зекип койду. Муздаткычта сүт бар экен. Аны ыкчам кыймылдап газга коё койду да, кайра суутуп апкелип:
– Акшоола, мындан ууртаңызчы, – деп бир колу менен анын башынан жөлөп, бир колу менен пиаланы эрдине тийгизди. Канчалык аракет кылганы менен, эмнегедир жаактары карышып калгандай, ошону да ууртап-татууга Акшооланы дарманы жок эле.
Тээ бир топтон кийин бетине кызыл жүгүрүп, жандана түшкөн келин:
– Кечирип коюңуз, мен сизди ашыкча убара кылдым окшойм, – деди чындап эле ыңгайсыздана. Анткен менен эң эле элпек, мээримдүү, ак маңдай ушул жигитке чын дилинен ыраазы болуп, атүгүл эчактан бери билген эң жакын адамындай сезип кетти.
– Бул – биздин ишибиз, Ак¬шоола, – деди жигит өзүнө жарашкан жагымдуу жылмаюу менен.
– Бөлөк-бөтөн эле бирөөлөр¬дүн ден соолугу, өмүрү үчүн кам көрүп, убактыңыздарды, баардык мүмкүнчүлүктөрү¬ңүздөрдү, атүгүл бүт өмүрүңүздөрдү арнап... сиздердин иш да, жүрө¬гүңүздөр да кандай керемет?.. – муну да чын жүрөгүнөн айтып, – А балким, сиз болбосоңуз ким билет, өлүп да калат белем... – деди Акшоола тамаша-чындан. – Сиз мени көп нерседен, маселен ошол эле ажалдын өзүнөн, бул жашоо, адамдар тууралуу жаман ойлордон арачалап калдыңыз... Рахмат, сизге!
Эмнегедир Арнас: «Ылайым эле сиз үчүн бүт өмүрдү сарп¬тоого мүмкүн болсо канакей?» – деп ойлоп алды. «Сизди мынчалык азапка салууга деги ким дегендин дити, колу барды экен?!» – деп да сурап ийе жаздап, а бирок кайра унчукпай калды. Анткени ал Ак¬шооланын жү¬рөк жарасын кайра да козгоп, анын кайра баштан жабыркаганын көргүсү келбей, па¬циентинин анда-санда ууртуна коно кал¬ган жакшынакай, жарашыктуу жылмаюуну карап, жанында дагы бир азга отургусу келип: «Көңү¬лү көтөрүлгүдөй дагы кандай сөз айт¬сам экен, дагы эмне десем экен?» – деп атты.
– Чай ичсеңиз, Акшоола, – деди анан чын дилинен. – Келиңиз, ысык-ысык куюп берейин...
Күтүүсүз эле жерден, оюна бир нерсе түшүп кеткендей Акшоола каткырып күлүп жиберди:
– Кызык... Мени карасаңыз, «жаман төрүн бербейт» болуп, анан калса сизге чай куйдуруп отуруп алыпмын да!..
Арнас да кошо каткырып күлдү:
– А мени караңыз, тим эле бир... өзүнчө эле кожоюн!..
«Кожоюн?!. » – жүрөктү эзген ыза, айрылуу, санаа менен сагынычтан саамга алаксый түш¬көн Акшооланын жүрөгүнө бул сөз ачуу жебедей кадала түштү: «Кожоюн?!. Айткандай эле, эмне үчүн бул үйдө Ынак эмес, башка бирөө өзүн кожоюн сезиш керек?!.»
– Баса, мен ишке барышым керек эмес беле? – деп кайпактай түшкөн кожойкенин көңүлүнө бир нерсе илине түшкөнүн Арнас тү¬шүн¬дү да:
– Аа... Ооба, мен да эми кетейин, – деди. – А бирок, эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо, бүгүн эс алганыңыз деле дурус болмок. Балким, ошентээрсиз?
– Жок-жок, баары жайында, – деди Акшоола ыраазычылык билдиргендей күлө бага, – Эч кабатыр болбоңуз, доктор. Эгерде эле жардам керек болсо, сөзсүз телефон чалам. Айт¬макчы, Арнас?..
– Арнас Белекович. Бирок жөн эле атымдан айта берсеңиз болот.
– Мен сизге канча карызмын, Арнас?
– Эч канча!
– Коюңузчу, кантип эле? Мен азыр... – деген Акшоола эмне себептен аркы үйгө кирип кеткенин түшүнгөн жигит саамга ыңгайсыздана турду да, сыртында кызыл «кошуу» белгиси бар кичинекей чемоданын көтөрүп алып, үйдөн чыгып кетти. Узап баратып: «Кап, бейадеп адамча унчукпай кетип калганым чекилик болуп калды го?» – деп өкүнүп алды.
Анткен менен экөөнүн: «Алыңыз?.. Албайм!» – деп эсептешип атканын элестетип алып, ошол кырдаалдан ырас эле «качып» чыкканына сүйүнүп да кетти...
Акшоола чыгып эле докторду таппай калды. Ант¬кен менен анын эмнеге унчукпай чыгып кеткенин түшүнүп: «Кызык, ушундай да адамдар болот экен, ээ?» – деди оюнда докторго ичи жылый. А бирок, ал ушул саамда Арнастын акыл-оюнун баары «Акшоола» болуп баратканын ойлогон да жок.
Оюна өзүнүн Ынагы, ага удаа эле кечээки: «Күйөөң бая¬гыдай эмес! Ортоңордо башка аял турат! Силердин сүйүүңөр, үй-бүлөңөр бузулганы атат го?!» – деп сурдана тиктеген Лилия түшүп, эмнегедир, кимгедир ичи муздап, ичиркене түштү. «Көзү ачыктын» табалуу күлүмсүрө¬гөн элеси үчүн Акшоола Ынакка таарынып кетти... Канча күндөн бери дегдеп күткөн кечээки жолугушуу, Ынагы экөө¬нүн босогодо бойлошуп турганы, башкача бир жагымсыз тиктеген муздак көздөр элестеди. «Кантип эле?! – деди жагымсыз тиктеген ошо көздөр, ошо элеске ишенбей карап. – Кантип эле ушундай болсун?!. Ишенбейм, Ынак!.. А балким, башка аялга көңүлү бурулган эркектин көзүнө аялы ажы¬даар көрүнүп калат» деген кеп ырас¬тыр?! Андай болсо, ачык эле айтпайт белең?! Мен түшү¬нөт элем го, Ынак! Коюу тумандын койнуна, ара жолго минтип арабөк таштап кеткиче, ачык айтып кетсең мага жеңилирээк болбойт беле?!»
Эсине бир нерсе түшүп кетти. Ыргып туруп, Ынакка телефон чалды.
– Алло?! – деди Ынак орой. Жанбиргесинин көңүлүн анын кирпигинин иремелиши, добушунан айныбай билген Акшоола бу саам да анын көңүлү жа-йында эмес экенин түшүнүп, саал калтаарый, бирок... баары бир жакын адамынын үнүнө баладай эреркей түшүп акырын, жапакечтене аяр, ыйламсырай үн катты:
– Ынак?..
Ынактын кыжыры келип кетти: «Кылгылыкты кылып коюп, эми кыңылдап калганын көр! Уятсыз!..»
– Алло, Ынак?..
– Эмне?!
Шагы сына абдаарып, эмне айтаарын таппай калды келин.
– Сага эмне керек?! – деди күйөөсү ызалуу энтигип. – Кылгылыкты кылып коюп, түш¬төн кийин мага эми актангың же мактангың барбы?! Сени экинчи көрөйүн деген көзүм жок, уктуңбу?! Желкемдин чуңкуру көр¬сүн, сени!
– Ынак?!. Мен сени түшүнбөй атам, Ынак?!.
Ынак телефонду коюп таштады!
Анын: «Кылгылыкты кылып коюп, эми актангың же мактангың келеби?!» – дегени Акшооланы ого бетер эс-мас кылды: «Кызык! Ынак эмне жөнүндө айтып атат?..» А бирок ага шылтоо да, жооп да таба алган жок. «Же менин кечээ тосуп албаганыма ушунчалык таарынып калганбы?» А бирок, бу да анчалык жүйөөлүү жооп эмес эле. Андай кездерде, болор-болбоско Ынак кабагым-кашым дечү эмес. Ант¬кен менен Ынактын бул дегени аны чыйралтты: «Демек, бири-бирибизди туура эмес түшүнү¬шүп алсак керек...» – ушинтти да, эмнеси болсо да убакытты узартып кечти күтүп отурбай, азыр эле Ынагына жетип барууну эп көрдү да, Акшоола өзүн ирээтке келтире жасанып-түзөнүп, үстү¬нө күйөөсү жакшы көргөн ак көй¬нөгүн кийди: «Биз, уулуң экөөбүз сага баратабыз, атасы!..» – деди өзү¬нүн али билине элек ичине мээ¬рими төгүлө күлүмсү¬рөй. ..
* * *
Ынактын расмий сапардан кийинки иш күнү ушинтип башталды. Анын демейдегидей болбой кабагына кар жаап отурушу бир Айнурадан башка кызматкерлерине жаккан жок. Бир-бирин астыртан карай, каш кага ийиндерин куушурган болушат. Айткандайле, Ынак Кабыловичтин ичинде эмне алаамат болуп атканын алар каяктан билсин?
Саат он бир болуптур. Ачка экенин ошондо барып билгени менен барар жери, тосуп алар адамы, деги эле эч кимиси жоктой өзүн жалгыз сезип, ушу саам жанына караан, жалгыздыгына эш боло турган би¬рөө-жарымды издеди. Эмнегедир эсине Айнура түшүп, коңгуроону бас¬ты Ынак...
Эки көзү компьютерде болгону менен, Айнуранын эси-дартынын баары башкада болчу. Канчалык жагынып, жакындаганга жандалбас кылганы менен Ынак Кабыловичтин ага анчалык тоңдоосун тартканына ызалана, итатайы тутулуп, атүгүл шефин жүрөгүнүн тереңинде болуп көр¬бөгөндөй жек көрүп да отурган: «Ушуга ишенип атып, канча жакшы күндөрдөн куру калды, бул! Аркасынан чуркаган канча бир «чөнтөктүү» жигиттерди колдон чыгарып ийбеди беле!
Анан калса, мурдагы иштеген жери деле дурус эле... Айлыгы арбын, андан сырткары баскан-турганы да кең-кесири дегендей... Бул кайда барбасын буга аялдар бут тосот! Жанагы, жалаңкычтай болгон аял жаңжал чыгара салбадыбы! Эри менен Айнуранын «мамилесинен» шек санап, адегенде ар ким-ар кимден сурамжылап, аңдып жүрүп акыры муну иштен айдатып тынды! Кетпей коюуга айласы калган эмес. Жаркынайым акыркы убактарда эрин эч жакка карыш жылдырбай этектеп, чогуу келип, чогуу кетип калган. Анысы аз келгенсип, эртеден-кечке мунун жанына эрикпей отуруп алуучу да, какылдап-какшап, каргап-шилесе оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуучу:
– Шуркуя! Бети жок! Салбар! Салпаяк! – өңдүү сөздөр акыры Айнуранын чыдамын акырындап жеп-түгөтүп баратты. Абас Ашыкеевич да адегенде муну жакшы эле коргоп, жакшы эле кетирбей көгөрүп жүр¬дү. Аялына бир чети өзүнүн «ак» экенин ошентип далилдегиси келди, бечара:
– Койчу, бай болгур! Кызыбыз менен тең кыздан арам санап!.. Уят эмеспи! Аны иштен кетиргендей күнөөсү жок! Ал кетсе дагы бирөө келет! – дечү.
– Ай! Айнура экөөңөрдөн башканын баарын бир келесоо деп атасыңбы, ыя?!! – деп чок тиштеп алгандай чаңырды аял бир күнү. – Эй, бети жок! Атаңдай болгон адамдын үй-бүлөсүн бузуп, уялбай кантип отурасың?! ! Жок дегенде абийриң ачылгандан кийин кетип калбайсыңбы, ыя?!
Ага деле Айнура «чым» этпейт болчу, ыркты ырбаткан алиги... аңдабай отурганында оң жаагына «чуу!» дей түшкөн ачуу алакан болгон. Алиги аялды анчалыкка барат деп күтпөгөн келиндин көз¬дөрүнөн от чагылыша, ысып-күйүп чыккан бетин басып, отуруп эле калган. Ошо саам бөл¬мөнүн ичи жымжырт боло түшүп, кызганыч менен ызага алдырган Жаркынайымдын гана ызалуу ынтыкканы угулуп турган. Жада калса аны, аялынын канчалык кайтарганына карабай ыгын таап, «уурдап» кетип жүргөн Абас Ашыкеевичи да коргой алган эмес. Ошон үчүнбү, Айнура аны жек көрүп, ызасы башына тээп чыккан болчу. Оо, андан аркысын элестетүү кы¬йын... Айнураны антет деп ким-кимисинин оюна да келбесе керек. Атургай, Абас Ашыкеевичтин аялына кайра кантип «жооп» кылганын ал өзү да түшүнбөй калган. Айнура керилип туруп жаакка урганда, Жаркынайымдын болугураак, борпоң бети болкулдай түшүп, кудум муш жеген боксёрдой ордунда сендиректеп, чайпала түшкөн да, анан-анан ач айкырыкты салып Айнуранын чачына, бетине асылган. Бул да жөн калган эмес. Канткен менен жаш да, ыкчамдык кылып тигини көбү¬рөөк жулмалап, бир-эки курдай тээп да жиберген. Ошондо гана Абас Ашыкеевичи баш болуп, баятан буларга катыла албай тегеректегендер экөөнү эки жакка тартып, арачага түшүшкөн.

#12 23 Июнь 2016 - 13:21
Ошондон кийин гана Айнура андан ары ал жерде кала ал¬бастыгын тү¬шүнүп, ким-кимисин ашата сөгүп туруп баса берген.
– Шуркуя! Сени элеби, балдарыма айтып саныңды – сан, колуңду – кол кылдырбасам эле Жаркына¬йым атым өчсүн! – деп чаңырган боюнча кала бер¬ген шордуу аял. Ошондон кийин эки-үч айга жакын бош отуруп, бук болуп кеткен. Анын үстүнө, жеңе менен эртеден-кечке эле тиктешип отурган оңойбу?! Ал да өзүнчө бир чоёке. Кү¬йөөсүнүн тапкан-ташыганына жалгыз эле өзү ээ болгусу келет. Кокус эле эри карындашына кө¬бүрөөк көңүл буруп койдубу: «Карындашың канчага чейин биздин мойнубузга минет?» – деп өлүмүш болуп кыңылдай берип, күйөө¬сүнүн кулак-мээ¬син жеп бүтөт: «Мага Айнура минтип койду, тигинтип койду... телефондун жаагы тынбас болду...» – деген доо¬мат¬тардан акыры жадаган агасы бир күнү Айнурага:
– Айка, эмне деген пландарың болуп атат? Же... иш табылгычакты атам-апамдарга барып турасыңбы? – деди эле, «шамалдын» эпкини кай тараптан экенин билген Айнура булкулдап коё берген:
– Эмне, мени эле батыра албай атасыңарбы? ! Андан көрө тигил балдыздарыңызды кетирбейсизби!
«Ырас эле...» дегендей, ошон¬дон кийин агасы унчукпай калган. Анын үстүнө Айнура бир үйдүн көзгө басар жалгыз кызы, болгондо дагы абышка-кемпирдин көкү¬рөк күчүгү болуп, мунун ою менен болбосоң ата-энеси колуңа өлүп берет.
Чындап эле боштуктан тажаган Айнура акыры иш издей баштады. Агасынын тапкан канча бир кызматына барып, ары жак-бери жагын таразалап көрүп, эч бирин туура көрбөй койду. Биринин маянасы аз, биринин жетекчиси аял киши экен. А бирок ки¬йинки барган жеринин жетекчиси аялозураак немеби же чындап эле Айнураны жактырып калдыбы, бир көргөндө эле эт-бетинен кетип, эпилдеп-жепилдеп кеткен. «Кебетесинин ушунчалык сууктугуна карабай, мунун деле дымагын көр! Канткен менен колунда бийлиги, байлыгы бар неме да!» – Айнура ичинде ушинтип ойлогону менен анын кымбат баалуу батинкесин, үстүндөгү кийим-кечесин сыдыра карап койду. Жашы алтымышка жакындап калган тос¬ток көздүү, мурду муштумдай, өңү кара чаарынын келип, бою пас, салаңдаган курсагын араң көтө¬рүп кышылдап баскан бу кишинин минген «Джиби» эле канча турат дейсиң?! «Эркек кишинин чырайын чылап ичмек белең, эң негизгиси бардар, байманалуу болсо болду да!» – деп бир ойлогон Айнура. А бирок, ал фирманын насиби буга буюрбай, ошол эле күнү кечинде «Кыргыз Туусунан»: «Компью¬терде иштей билген мыкты референт-катчы керек, маянасы эң жакшы!» деген жарнаманы окуй калып, не болсо да бир бара кетейин деп келип, Ынак Кабыловичти көрүп эле мунун эси эки болуп калба¬дыбы!
Бой-келбеттүү, маданияттуу, ак жуумалынан келген чырайлуу ушул жигиттин өзү, мекемесинин ичи-сырты, айрыкча акыркы модадагы мебелдеричи? !. Кирген адамдын чыккысы келбей, көзү түгүл кө¬ңүлү да чайыттай ачыла түшөт экен. Сынактан өтүү¬гө абдан далалат кылып, акыры сакасы айкүр конгону менен: «Ынак Кабыловичти кантип «чабыш» керек?!» – деген гана бир максаты таш каап келаткан. Буга карап, аркасындагы канча бир «куйруктарды» да тазалап таштабады бе¬ле. Буга дубанын да күчү жетпейт белем?! Болбосо, Лилия деген эме канча күндөн бери эле аракеткенип аткансыйт». ..
Ынак чакырганда Айнура ушуларды ойлоп отурган. Демейде коң¬гуроо «чың-ң!» эткенде жүрөгү «болк!» этип кетчү катчы кызга бу саам ал анчалык деле маанисиз сыяктанды. Атүгүл азыр шефи демейдегидей кыя¬лын көрсөтсө: «Жакшы калыңыз! Мен сиз менен мындан ары иштеше албайт окшоймун! » – деп басып кетүүнү эп көрдү. Баштагыдай күзгүгө каранып, чачы-башын оңдоп, эрдине боёк сүрткөн жок.
Бирок, ал кирип келгенде ше¬фи эмнегедир демейдегиден башкача карап калды. Качан болбосун күл¬мүңдөп кирип, жароокерлене тиктеп калчу келиндин көздөрү күлмүңдөбөй, башкача болчу. Анын мындай учурун көр¬бөгөн Ынак чындап эле таң калганын жашыра алган жок:
– Эмне болду, Айнура?
«Каңырыш угулуп кеттиби?» – дегендей, күтүүсүз «жаңылыкка» Айнура адегенде абдаарый түштү. Ынак Кабылович бирок чындап эле аны демейдегидей эмес, башкачараак тиктеп турган. Ошогобу, Айнура саал эреркей түштү да, ансайын унчукпай жер тиктеди.
– Бери карачы? – деди ше¬фи. Айнура башын өйдө көтөрө бергенде кириктеринин алдынан эки мончок жаш тыпылдап кулап кетти эле:
– Ыйлап атасыңбы? – деди Ынак Кабылович эми «жанагы оройлугума ызыланып калса керек?» деп ойлоп, кабатыр болгондой:
– Мен жана катуураак сүйлөп алдым окшойм?
Айнура каректеринде каканактай түшкөн жашты мөл¬түлдөтө, Ынак Кабыловичке муңайым күлүм¬сү¬рөдү:
– Ага деле капа эмесмин, Ынак Кабылович...
– Анда эмне, үйдө бир нерсе болдубу?.. – эмнегедир Айнураны өзүнө окшотуп, аяп кетти.
– Жок-жок, Ынак Кабылович, үйдө тынч эле...
Ынак Кабылович катчы-кызына чындап эле таңыркай түштү:
– Анда эмнеге ыйлап атасың? Же ооруп турасыңбы?
«Анда үйүңө барып эс ал» деп ийеби деп корккон Айнура көзүнүн жашын аарчып, шашкалактап кетти:
– Мен... өзүмчө эле, Ынак Кабылович. Көңүл бурбай эле коюңуз. Анын үстүнө, сизге аны ай¬туунун азыр анчалык деле кажети жок...
Аңгыча шефи билегиндеги саатка үңүлө:
– Түштөнө элексиңби? – деди.
– Жок!..
– Анда, жүрү экөөбүз чогуу түштөнүп келели? – столунун үстүндөгү баш-аламан чачылган кагаздарын жыйыштырып аткан шефинин көздөрүндө: «Кандай дейсиң, каршы эмессиңби?» – деген жазуу бар эле. Эмнегедир, эми эле көздөрү жашылданып, кумсарып турган Айнуранын жүзүнө кызыл жүгү¬рө, көздөрү да абалкысындай коймолжуй, кабылдамага бир башкача болуп чыкты. Жүрөгү кабынан ыргып кетүүчүдөй болкулдап, а бирок анысын бирөө-жарым туюп койчудай, бул кубанычын ким бирөө¬лөр¬дөн кызганып да кетти. Ушу саам бу жерге эч кимдин кирбешин, анын ушул керемет кезин эч кимдин бузбашын каалап кетти: «О, Кудай! Кудай, ушул бакытымды өзүмө кут кыла көр?! Мындай мамилени мен канчадан бери күттүм эле?! Бүгүнкү күн деги эмне деген күн?! Рахмат сага, Лилия!..»
Шашкалактап күзгүгө каранды. Чачы-башын ирээттеп, кирпиктерин, эринин боёп аткан колдорун саал калчылдак басып, а бирок өзүн токтоо, сабырдуу кармоого жакшы эле аракеттенип атты.
Алар чыкканда күн дыбырттап жаап турган. Жып-жылуу, баладай жумшак тамчылар... Таза абага чыкканга Ынактын көңүлү саал ачыла түштү. Тамчыларга жүзүн тосуп, тээ түрмөктөлгөн булуттарга кусалуу карап, эки ийнин солкулдата узакка улутунуп алды да, плащынын жакасын көтөрүп, терезенин түбүндө токтогон машинесин утурлай басты. Бут алдындагы шуудураган сары, кызыл жалбырактардан улам эсине Акшооласы түшүп кетти.
– Ынак, билесиңби, мен азыр эмне деген ыр жаздым? – деген былтыркы күздүн биринчи жамгырында Ынагына ыктай, жанаша келатып.
– Мм... Менимче күз, жамгыр, жалбырактар туралуу? Таптымбы?
Секелек кызча өзүнө эркелей, жалжылдай тиктеген жубайы калп эле таарынган болчу:
– Ай-ий, кантип таап алдың?
– Көздөрүң айтып койду, жаным. Алар мени эч качан алдабайт эмеспи...
А бирок анда азыркыдай чак түш эмес, кечке маал эмес бе¬ле. Ынак ошол күнү Акшооланы атайын эле жөө тосуп келген. Экөө анан тээ түнкү он бир, он экиге чейин сейилдеп жүрүшкөн болчу. Анан калса, ошол түндүн сулуулугун сураба! Бишкектин кечки шамдарынын жарыгында жамгырдын майда тамчылары дыбырап, өзгөчө кооз, керемет себеленип аткан. Жуба¬йынын белинен кучактап, өзүнө имере тарткан Ынак анан бир убакта:
– Кана, менин таап алган ырымды окуп бересиңби, жокпу? – деген.
Саамайлары суу болуп, башкача бир бактылуу кыткылыктаган Акшоола Ынагынын төшүнө башын жөлөп, белинен бекем кучактап алып, көкүрөгүнөн кайра-кайра канбай жыттаган да, ыр окуган... «Ошол ыр кандай ыр эле?.. Эсиңе жара чыккырдыкы, унутуп калган тура!..» – Машиненин астыңкы эшигин ачкан боюнча ушуларды ойлоп, ошол ыр саптарын чогулта албай туруп калган Ынактын оюн эмнегедир чок басып алганга окшоп, капысынан эле өңү түктүйө түшкөн Айнура бузуп жиберди. Анткени, так ушул учурда буларды беттеп, жакын эле жерде Акшоола келаткан болчу!
– Ынак Кабылович! – деп ийди Айнура шашкалактап. – Мен суу болуп кеттим, Ынак Кабылович!
– Аа, ооба... Кечирип койчу, – деген Ынак машиненин арткы эшигин ачып, өзү да жаңы эле отуруп от алдырып атып!.. Көргөн көзүнө ишенбей, кыймылсыз ката түштү: «Акшоола?! .» Акшоола да аларды көрүп, турган ордунда катып, дел боло түштү: «Анын Ынагы кайсы бир бийкеч менен каяк¬кадыр кетип атат?.. Жок-жок, акылыңа келчи, Акшоола, а балким алар иш менен баратышкандыр? Ооба да!..» – Кайра ушуну ойлой койгон келиндин жүрөгү калыбына келе түштү да: «Деги мен кызыкмын, деги биз эмне эле болуп атабыз?» – деп ойлоп, эми эле жансыз немедей тушала калган буттарына жан кирип, Ынагын утурлай басты.

#13 23 Июнь 2016 - 13:23
Эмне кылаарын билбей, абдаарый түшкөн Ынак да Акшооланын эч айыпсыздай күлүп, абалкысындай эле сүйүү толгон каректерин жайната жадырай карап, сагынып да, таа¬рынып, эркелеп да, эркелетип да, шашып келатканына арбалып, ушу азыр Айнура болбогондо бакырып-өкүрүп ыйлап, Акшооласын астынан утурлап чуркагысы келип кетти. А бирок, ушунун баарын байкап, ал экөөнүн көздө¬рү¬нөн ушунун баарын кө¬рүп, окуп отурган Айнура карабаластап калды да, кантип булардын ортосуна бороон-чапкын кылып ийүүнүн амалын издеп:
– Ынак Кабылович, бул ким?! – деди. Айнуранын бар экени эми эле эсинен чыга түшкөн Ынак сыймыктангандай:
– Акшоола эмеспи, – деп мына-мына машинеден түшө турган болгондо:
– Коюңузчу, мен бул эжени өткөндө башка бир жигит менен ресторандан көргөм! – деп ийди. Ынак: «Чын элеби?» – дегендей Айнураны жалт карады.
– Ооба, көргөм! – деди тигил да.
Ошондо гана эсине келе түшкөн Ынак машинени от алдырды да, өзүнө жетерине беш-алты эле кадам калган Акшооланын жанынан айдап өтүп кетти!
– Ынак?!. – деген Акшооланын карааны алардын артынан колун сунуп, умсунган боюнча улам-улам алыстап, көрүнбөй калды...
Ошол тапта күн күркүрөп, тоо тараптан чагылган чартылдады. Жамгыр дагы катуулап жаап, бара-бара жерди сабап, төгүп ийди. Анда деле Акшоола баягы турган ордунан жылбай, Ынагынын машинеси узап, кө¬рүнбөй кеткен тарапты телмире тиктеп тура берди.
– Чоң кыз, суу болуп кетпедиңизби? ! – деди бир убакта аны баятан байкап, карап турган кароолчу терезеден баш багып. Акшоола анда деле козголгон жок. Жамгыр менен кошул-ташыл, көнөктөп аккан көз жашы алка-шалка жүзүн жууп, баягы эле боюнча кыймылсыз катып турду.
– Кызык неме го?! Жинди болгон эме го, бу?! – деп өзүнчө кабатыр боло, угузаар-угузмаксан күңкүлдөгөн алиги адам акыры чыдабады көрүнөт, бир убакта күзөтчүлүк кичинекей «үйүнөн» чыгып келип, өзүнүн атайын жаанда кийчү таар күрмөсүн чечип Акшооланын жонуна жапты да:
– Чоң кыз, өпкөңүзгө суук өтүп кетпесин! Деги, эмне тура¬сыз?! – деп өзү да анан жообун ошояктан табуучудай бая Ынак Кабылович менен Айнура Эрмековна кеткен тарапка үңүлө карап алып, оюна кайдан-жайдан: «Коё турчу! Айткандайле. .. бул айым анын аялы эмеспи?!.» – деген бүшүркөө келе калды да:
– Кечиресиз, сиз... Акшоола Ашыракмановна эмессизби? – деди. Ошондо гана эсине келе түшкөн Акшоола аны бир «жалт» карап алып, саал чыйрала түшүп:
– А... жок! Кечириңиз, – деп үстүндөгү күрмөнү чечип берип: – Кечириңиз... Рахмат... Жакшы калыңыз, – деди да узап баратты. Кароолчу аны артынан бир топко чейин узата карап туруп, кирип кетти.
Жолду катар өзүн араң-араң кармап үйүнө ыйлап келген Акшоола үйгө кирип келип эле кулады. Өпкө¬сү-өпкөсүнө батпай, көп¬кө чейин солкулдап ыйлап жатып, жедеп чарчап суй жыгылганда гана тынчыды. Анткен менен ага андан аркы жашоонун кызыгы, кунары жоктой, атүгүл Кудайдын күнү дагы эми эч качан жарыгын чачпай, так ушул бойдон түнөрүп чыкпай калуучудай сезди. «Мага эми баары бир! – деди башаламан, ирээтсиз ойлорунун биринде. – Мага эми эч нерсенин кереги жок! Атүгүл сенсиз мага жашоонун өзү дагы кызык эмес! Өзүңсүз өткөргөн өмүр дагы өмүрбү?! А бирок, мен сага ишенчүмүн, Ынак! Мен сенин туруктуулугуңа, мен сенин сүйүүңө ишенчү¬мүн! Мен сени эч кимге, эч убакта теңебейт элем! Эми деле сен мен үчүн жалгызсың! Сени менен өт¬көргөн эң бактылуу күндө¬рүмдү кантип унутам?! Жүрө¬гүмдү бүтүндөй ээлеп алган, сага деген ак сү¬йүүмдү кантип өчүрөм?! ...Жок, жок! Мен мындай азапты көтөрө албайм! Андан көрө... бул жа¬шоодон таптакыр жок болуп кеткеним дурус! Ооба! – бир жакшы нерсе таап алгандай чыйрала түштү. – Ырас эле! Ошенткеним сага дагы, мага дагы оң болоор, Ынак! Жаңы махабатың менен эч тоскоолу жок, ошондо гана бактылуу болосуң! Кааласаң үйлөнүп да аласың...
Албетте, аз өмүрдү ар бир адам өзү каалагандай сүргөнү жакшы! Бактылуу болууга ар бир адам акылуу! А бирок мени кечир?! Сенин мага болгон ак сүйүүңдү аздектеп, өмүр бою өчүрбөй, сактап кала албаганым үчүн кечир?! Демек, баарына өзүм гана күнөө¬лүүмүн! Эгерде мен жакшы болсом, сен менден кетпейт элең, ыраспы?! А мен сага... ыраазымын! Буга чейинки сени менен өткөргөн ар бир күнүм эле эмес, мүнөттөрүм үчүн сага рахмат! Сени менен мен бактылуу элем! Ошон үчүн да каниет дейин! Айт¬кандайле, бул жа¬шоодо мен жалгыз эмесмин да!.. Бул жалганда сендей жакшы адамдын, сенин бар экениңди мейли, кимдир бирөөлөр да билсин! Башкалар да бактылуу болушсун! .. А мен сага болгон аруу сезимимди кирдетип албаш үчүн... ооба, мен жашоодон кетишим керек!»
Акшооланын эң акыркы чечими ушул болду. Ынагын акыркы жолу бир көргүсү, үнүн эшиткиси, атургай түгөйүнүн жытына мас боло, кайра-кайра бир канбай жыттап алууну самады. Ага сагынганын, аны баары бир сүйөөрүн, ага ыраа¬зы экендигин айткысы келди. Көздөрүнөн мончок-мончок жаштар тыпылдап кулап, унчукпай ыйлап отурду да: «Жок дегенде жазганымды окуур¬суң» дегендей ак кагазга Ынагына арнап ушуларды чиймелеп койду:
«Өкүнүч көп,
Өзөгүм не өрттөнөт?!
Өксүк мени -
Өмүр бою өрттөмөк!
Кадырыңа
Жетпей калып өзүңдүн,
Экөөбүздүн
Жолдор эми бөп-бөлөк! !!Мейли бирок,
Көрөөр күнү түгөнсө,
Сүйүү эмес,
Адам деле бөксөрөт! !!»Ырас эле, жер үстүндө түгөнбөй, өлбөй калчу ким бар экен? Бул жалгандан сүйүү эмес, убакыт-сааты келсе адамдын өзү да өчөт, өмүр түгөнөт, жашоо бүтөт! А бирок:«Анда да сени...
Сагынып, самап тураармын!
Укмаксан болуп,
Добушуңду уурдап угаармын!
Жүрөгүм «болк!» деп,
Ысыктан-сууктан кызганып,
Чыркырап жаным,
Чыйрыксаң аяп тураармын!
Өмүрдүн жазы,
Өткөнү үчүн сен менен,
Каниет кылып,
Кыйылбай кирпик жумаармын! ..»
Телефондун чырылдагы аны оюнан ойготту. Бары-жогун унутуп таштап салып, учуп жетти:
– Алло, Ынак?! Алло?! Алло???
– Ту-ут! Ту-ут!.. – телефон чалган бирөө унчукпай угуп туруп, трубканы кайра таштап салды. «Ынак?! Кайра чалчы, Ынак! Сүйлөчү, жаным? Унчукпай азапка салбачы, мени?! Көп күнөө, аз айыбым болсо айтчы, жаным?!.»
А бирок, телефон чалган Ынак эмес, Айнура болчу. Ынак мындай болоору менен Ак¬шооланын ал-абалын текшермекке телефон чала койгон. Бу кезде алар ресторанда отурушат эле, Акшооланын ый аралаш үнүн угуп, мыйыгынан жылмайып күлдү да, Айнура телефонун өчүрүп койду.
Акшоола күзгүнүн алдында көпкө турду. Өзүнө-өзү бейтааныш сыяктанды. Кечээки эле бактылуу келин чын эле аябай өзгөрүптүр! Көздөрү көнөктөй болуп шишип, эриндери кеберсиген. Бир эле күн¬дүн ичинде жүзүн да сепкил басып... Сепкилден улам эсине бир нерсе «кылт!» эте түштү да, алаканын курсагына койду: «Кечир, менин кенедейим?! Сенин ак сүйүүдөн адашкан ата-энеңдин күнөөлөрүн кечир?! – Эринин кырча тиштеп, унчукпай ыйлап атып ушуну ойлоду. – Биз сени кандай жакшы тилектер, үмүттөр менен күттүк эле?.. А бирок, сени бу жарык дүйнөгө алып келе албай, өзүм менен кошо ала кетип атканым үчүн кечир?!.»
* * *
Ресторанда демейдегидей эле эл көп. Кыйма-чийме тызылдап чуркаган официанткалардын арасында Елиза эң эле элпектиги менен көзгө жугумдуу. Ошол ийкемдүүлүгүнө жараша анын жароокер, жапакеч мүнөзү бул жерге келгендерге жакшынакай жылуу маанай жаратып, айлана-чөй¬рө¬сүнө кандайдыр бир жагымдуулук жаратып турат. Сурмалуу, сулуу көздөрү, анан да ал жылмайганда дароо көзгө урун¬ган эки ууртундагы уячалары, колго жасап койгондой койкойгон бой-мүчөсү кимди эле болбосун бир кылчайтпай койбойт. Башка столдо отурган меймандар деле кээде анын артынан узата карашып, же атайылап эле өздөрүнө көңү¬лүн буруп, бу жакшынакай кыздын көкүрөгүнө тагынган төш белгисине назар төшөп, анын ысы¬мын окуп калууга ынтызарланышат.

#14 23 Июнь 2016 - 13:25
Кечээтен бери Елизанын жандүйнөсү уйгу-туйгу. Эмнегедир эсинен ресторанга кайгырып, кабагына кар жаап келип, тээ түндүн бир оокумунда мас болуп кеткен бейтааныш адам кетпей, атүгүл дал ошол кишини ойлоп, чабалактап уйкусу качып атып, бир далайда барып көзү илинген. Ошондон бери көңүлү алагды. Азыр да көпчүлүктүн арасынан ошол адамды издеп, ресторандын меймандарына көз кырын салып келатып, Елиза сыртта келаткан экөөнү көрө койду да, терезенин тушунда саамга аярлай калды.
– Елиза! – деди аңгыча аркы бурчта отурган чарчы бойлуу, өңү серт курсактуу киши. – Елиза, бери кайрыла кетесизби?!
Аларды тейлеген официант башка болсо да, атасындай кишиге «аный» дей албай, ыйбаа кылып жанына келген кыз:
– Саламатсызбы? – де¬ди илбериңки. «А бирок ошол атасындай» болгон киши ырсайып күлүп, аны бутунан жогору сыдыра карады:
– Елиза, канчадасыз?
Күтүүсүз суроого ыңгайсыздана түшкөн кыз:
– Кечиресиз! – деп басып кете турган болду эле, тигил аны шап билектен алып:
– Елиза! – деди олуттуу бир нерсе айтуучудай, – Айтыңызчы, бу жерден күнүнө канча акча табасыз?
Бу ресторандын кожейкеси, Динара эжеси үйрөткөн¬дөй өзүн токтоо, сабырдуу кармап, сыпайы, сылык күлүм¬сүрөгөн болуп:
– Кечириңиз, колумду коё бересизби? – деди кыз. Киши жанагыдан да катуураак кыса кармады. Анын бет маңдайындагы шериги да «Эми эмне болоор экен?» дегендей, оюн көрүп аткандай экөөнү алмак-салмак карап, тишин чукуп чалкалап отурат.
– Елиза! – Курсактуу киши төш чөнтө¬гүнөн визиткасын алып чыгып, Елизанын чөнтөгүнө салып койду да, өзүнө жакындата тартып: – «Эгерде көбүрөөк акча тапкың келсе кабарлаш! » – деди. Акчага дөөгүр¬сүп, көздө¬рүн май баскан бу адамдын оозунан «бур» дей түшкөн арактын жагымсыз жытынан иренжий түшкөн кыз жийиркенгендей жүзүн буруп кетти да:
– Коё бериңиз! Болбосо, бу жерде тартип сакчысы иштейт! – деди акырын, назик опуза менен.
Тигил киши Елизанын колун коё бергени менен, шериги экөөлөп анын «баёо-опузасына» курсактарын былкылдата ыкшып, күлүп калышты. Елиза баары бир өзүн тигилерден алда канча салабаттуу кармап:
– Кечириңиз, абдан жоомарт окшобойсузбу. .. – деп келатты эле, тигилер күлкүлөрүн токтото коюшуп, жакшы кеп уга тургансып тыңшай калышты. А бирок Елиза:
– Анда, анчалык эле берешен болсоңуз, бул «жакшылыгыңызды. ..» мендей кызыңыз бардыр, ошого көрсөтүңүз! – деп алиги визитканы кайра өзүнүн алдына таштап, басып кетти. Тигил кишинин эми элеки жайылып, жайдаңдап аткан жалпак бети кумсарып, баятан берки жыйылбай аткан жамажайы жыйрыла түш¬тү. Кызарып, ооруган билегин кармалап, алардан алыстай берген Елиза эки жагына элеңдей, ким би¬рөөнү издегенсип келатып, тээ бошогон столдон орун алып аткан Ынак менен Айнураны утурлай бас¬ты.
– Саламатсызбы? – деди Ынак аны таанып. Эмнегедир кечээки мамилеси, кечээки кылык-жоругу үчүн ыңгайсыздана да түштү.
– Саламатсыздарбы? – деп меню сунган кыз ичинде: «Демек, мен эсинде калыптырмын! » – деп кудуңдап алды. «Жасалма, куурчактай болгон кыз экен!» – деп Айнура аны ичинде жаман көрүп, эмнегедир көңүлүн кызганыч, жек көрүү бийлеп кетти. Ушу саам Елиза да: «Сыягы, аялы эмес окшойт..» – деп экөөнүн коомайыраак мамилесинен улам ойлоп, ал да ичинде Айнураны жаман көрүп атты.Ушул мүнөт, ушул убакыттын такыр бүтпөшүн каалады, Айнура. Кулакка жагымдуу, сы¬бызгыган музыка менен терезени жууп дабырттаган нө¬шөр ыры бири менен бирине куюлушуп, өзүнчө эле бир гармония туюлду. Ал ансайын көңүлү көкөлөп, жүрөгү туйлап, Ынактын ар бир кыймылын ач көздөнө карап, арбалып да, арбап да отурду. Аны байкап, туюп аткан Ынак бир убакта:
– Айнура, тамакка кара, – деди күлүп. – Сыягы, бүгүн офис¬те бир далайга калат окшойбуз, иш көп.
Ынак Кабыловичтин бу сөзү Айнуранын чырагына май тамызып койду:
– Сиз менен таң атканча деле калат элем, Ынак Кабылович! – деди жыландын башын кылтыйтып.
– Койчу? Эмнеге? – деди анын эмне айткысы келип турганын түшү¬нүп, билип атса да Ынак Кабылович.
– Анткени, сиз ошого татыктуу адамсыз!
– Күйөөңчү?
– Күйөөм жок! – кесе айтты келин. – Ажырашып кеткенбиз!
– Кечир? – деди Ынак Кабылович. – Билген жокмун… Өгүнү, ишке орношуп атканыңда уулум бар дегениңден… Жаратыңа тийип алдым окшойм. Айтмакчы, жана ошон үчүн ыйласаң керек?
Башын чайкады Айнура:
– Көз жашка арзыган да, арзыбаган да адамдар болот. Эгерде мен ал үчүн ыйлай турган болсом, ажырашпайт болчумун! . А сиз, менин ким үчүн ыйлап же ким үчүн кубанаарымды уккуңуз келеби?
Ортону саамга жымжырттык уялай калды. Айнуранын эмне айтаарын алдын ала туйганы үчүнбү, а балким буга чейин анчалык таңазар албаган кыздын жылуу мамилесине бүгүн муктаж болуп келгенинеби, айтор өзүн ыңгайсыз сезип кетти. Келиндин суроолуу кадалган каректери анса¬йын шаштысын кетирип, атүгүл ушул убакта денесинен чыпылдап муздак тер да чыга түш¬көнсүдү. Демейде өзүнөн сүр-дөп, кайпактап кетчү катчы-кыздын алдында ийиле түшкө¬нүн ойлоп, бирок бат эле кайра чыйрала, намыстана калды. Экөө¬нүн каректери урунуша түш¬көндө, Айнуранын көздө¬рүн¬дөгү: «Менин эмне үчүн ыйлаганымды билгиңиз келеби?!» – деген, анын билүүгө тийиш экенин баса белгилеген, өктөм суроо бадырая түштү. Эми баштагыдай унчукпай көрмөк¬сөнгө, билмексенге салып кутулууга болбойт эле:
– А балким, иштен чарчаган чыгаарсың? – деди саамдан кийин Ынак. Анын үнүндө кепти башка нукка бургусу келгендей кайдыгерирээк, токтоо мүнөз бар эле. Аны түшү¬нө койгон Айнура анса¬йын:
– Ынак Кабылович! – деди кепти кабыргасынан коё, колундагы суусундук куюлган кооз бокалды манжалары менен акырын черткилеп, шефинен көзүн албай тиктеп туруп. – Менин... деги эле бүгүн эмес, сиздин фирмага адеп келген күндөн берки ар бир агарып аткан таңым, кызарып баткан күнүм, кубанычым менен кайгым, ыйым менен күлкүм – анын баары сиз үчүн, Ынак Кабылович! Сыягы, мен сизди акылымдан адашканча, аппак сезим, чын дилим менен сүйүп калган көрүнөм!
Айнуранын качантан бери өзүнө имерилип жүргөнүн айт¬тырбай эле сезгени менен, аны мынчалык ачыкка чыгат деп күтпөгөн Ынак кызыктай боло түштү.
Айнура аңгыча анын колунун үстүнө колун коюп, алаканынын жылуулугун өткөрө кармалап:
– Ынак Кабылович?! – деди үзүл-кесил, жалооруңку шыбырай, жалбара тиктеп. – Суранам сизден, Ынак Кабылович?.. Ма¬га ишениңиз?.. Мен сизди сү-йөм, Ынак Кабылович?! .
Чыны менен эле Ынак ага ишенди. Ишенмек тургай, так бүгүн: асманы кулап, ишенген адамынан, сүйүүдөн, жашоодон көңүлү калып, жалгызсырап турган кезде жүрөгүнүн жалынын, жанын арнап, өзүн ушунчалык берилип, күйүп-жанып сүйүп аткан аялга ичи ысып, аны аяп да, аны жакшы көрүп, ыраазы болуп да кетти.
Айнуранын колун алып, акырын эрдине тийгизип өөп:
– Рахмат, – деди чын дилинен. Анын эмне үчүн рахмат айт¬канын Айнура да түшүндү. Бирок, азыр аны таразалап отурганга убактысы жок эле. Тек гана Лилия бакшынын сценарийи ойдогудай болуп, өзүнүн ролго куп жарашып калганына кубанып атты:
– Мага эмес, сизге рахмат, Ынак Кабылович!
– Эмнеге? – Ынактын чындап эле билгиси келди.
– Сиздин бул жа¬шоодо, жер үстүндө бар экениңизге рахмат! Ким билет, эгерде сизге жолукпаганымда, мен сүйүү¬нүн бар экенин билбей, калган өмүрүмдү да бактысыз болуп сүрөт белем...
– Күйөөңдү сүйгөн жок белең?
Башын чайкады келин:
– Жок. Сыягы, мен жашоого жалгыз гана сиз деп, жарык дүйнөгө сизди издеп жаралган окшойм!
Ынактын көңүлү көтөрүлүп, жакшы сөздөргө жаны жыргап, жанагы эле өзөгүн өрттөгөн өксүктү, а тургай жанатан улам-улам карап аткан саатты да унута түштү. Аны байкаган Айнура ансайын кылгырып көз менен да, сыр кылып сөз менен да арбап, Ынактын болсо таптакыр эле эле бакыттан башы айланып, эс-акылы эңги-деңги, мас болуп баратты.
– Ынак Кабылович, – деди аңгыча Айнура, – келиңиз, бүгүн ишке барбай коёбуз?..
– А каякка баралы дейсиң? – Айнуранын сунушу жаккандай сурады Ынак.
– Мм... Билбей атам, – кылыктана, эркелей калды келин. – Сыягы, сиз каякка кааласаңыз – ошоякка...
– Андай болсо, барчу жакты тапса болот, – күлө карады Ынак.
Ушул учур, ушул сөздү качантан зарыгып күтүп, эңсеп, самап жүргөн Айнура ансайын агынан жарыла жайдары болуп, ак саргыл жүзү албырып, нурданып кетти:
– Мен сизди ушунчалык, ушунчалык! .. Жандилим менен жакшы көрөм, Ынак! Сиз башкача бир керемет жансыз!
– Сага жолукканым үчүн мен дагы абдан кубанычтамын, Айнура. Чынымды айтсам, бүгүн сен менин сүйүүдөн, турмуштан жабыркаган жандүйнөмдү, жүрөгүмдү дарыладың... Балким, бул мага Теңиримдин сүйүп берген белегидир?.. Эмнеси болсо да, бул күндөр мен үчүн таптакыр күтүүсүз нерселерди тартуулады. .. Келчи, ушул тостту бүгүнкү күн үчүн көтөрөлү! – деген Ынак бокалдар жерге коюлгандан кийин аларга жандай өтүп бараткан официант-каны чакырды. – Елиза, бизге чек берип койсоңуз?
Эсеп кагазын илбериңки сунган кызга да эмнегедир ыраазы болгон өңдүү:
– Айтмакчы, таанышып алалычы, – деди. – Менин атым – Ынак. А бул сулуу айым – Айнура.
– Абдан жакшы... Келип туруңуздар, – Елиза саал башын ийкеген болуп, жылмайып койду.
Кечээ эле көрүп, жүрөгүнө жакынсып алган ушул адамды, эмнегедир өзү¬нүн эң аялуу, эң жакын, эчактан билген эски таа¬нышындай Айнурадан кызганып атты.
Жанараак эле бири-бирине чоочун адамга окшоп кирип, эми жапжакын адамдардай жетелешип чыгып бараткан экөөнү узата, негедир эле Айнураны жек көрүп да, ага суктанып да карап турду Елиза...
Акшоолага, башкача айтканда чыныгы сүйүүгө бул анын биринчи жолу чыккынчылык кылышы эле. Бирок Ынак ал үчүн өзүн ийненин учундай дагы күнөө-лөбөдү. Албетте, аялы аял башы менен анын ак сүйүүсүн ыпыластап аткандан кийин, бул эмнеге жалтактайт? Эми ал кимди «сүйөт», ким менен жүрөт, баары бир болчу!
Жолдо баратып ушинтип ойлогон Ынак заңгырата салынган эки кабаттуу менчик үйдүн алдына токтоп, дарбазанын коңгуроосун басты. Ичкериден ылдам эле шыпылдаган эркек киши чыгып, Ынак экөө саамга сүй¬лөшүп, алда нелер тууралуу макулдашып атышкандай болду. Өздүк мейманкаларга көп эле келип жүр¬гөндүктөн, Айнура алардын эсептешип атканын айттырбай эле түшүндү. Анткен менен, мынчалык заңгыраган кооз «конок үйүнө» анын биринчи келиши.
Ынак машинени көздөй басканда, алиги адам дарбазаны ачты. Короонун ичинде дагы эки-үч иномарка токтоп туруптур. Машинени короонун бир бурчуна коюп, эшикти ачып Айнураны жерге түшүрдү. Андан ары шыпылдаган алиги киши ал экөөнү көп эшиктүү коридор менен ээрчитип жүрүп отурду.

#15 23 Июнь 2016 - 13:27
Айнура заңгыраган кенен, укмуштуудай кооз үйдүн ары жак, бери жагын таң калып карап келатканда,
алиги адам эң акыркы эшикке токтоп, шагыраган ачкычтардын арасынан бирди буларга чыгарып берди да:
– Жакшы эс алыңыздар. Бир нерсе керек болсо, ичте коңгуроо бар, – деди.
Андан ары Ынак мойнуна оролгон Айнураны колуна тап-так көтөрүп, бет алдынан эле кезиккен биринчи эшикти ачты эле, таң калганынан Айнуранын көздөрү алайып кетти:
– Бассейн?!
– О, жо-ок! Адашып калыптырбыз! – деп Ынак бассейн¬дин эшигин кайра жаап салып, Айнураны көтөргөн боюнча экин¬¬чи кабатка көтөрүлдү. Экинчи кабаттагы эшик-терезелери ачык, чоң бөлмөнү көргөндө Айнура таң калганын жашыра албай:
– Укмуш го, ыя?! – деп Ынакты унутуп калгандай анын колунан суу¬рулуп түшүп, бөлмөнү айлана-тегерене аңкая карады. Ушул учурда ал: «Мунун үйү да ушундай болду бекен?» – деди оюнда бөлмөнүн ичиндеги чет элдик кымбат баа-луу, акыркы модадагы эмеректерди ач көздөнө кармалап атып. Көз алдына заматта көп бөлмөлүү квартира, кымбат баа¬луу мебелдер, анан өзү¬нүн Ынак Кабыловичтин аялы болуп отурганын элестетип ийди. Анан дагы ары-бери тызылдап чуркап, тамак-аш, оокат жасаган үй-кызматчылары болсо...
– Жактыбы? – деди Ынак анын оюн бөлө кучактап, өзүнө имере тартып.
– Жакты, аябай татынакай, кымбат мебелдер экен...
Деген менен ылдам эле кайра сөзүн оңдоп, кептин удулун башка нукка буруп кетти:
– Бирок мен үчүн дүнүйө эмес, сиз өзүңүз кымбатсыз, Ынак Кабылович!
* * *
Түн бир далай болуп калган. Жамгыр дале басылбай жаап жатат. Жамгырга жуулуп, мизилдеген асфальтты кош жарыгы ого бетер жалтыратып, ары-бери зуулдап өткөн унаа¬лардын аягы да тынчыды. Ошону менен Акшооланын үмүтү үзүлдү. Ынак бүгүн үйгө биринчи жолу келбей калды!.. Буга чейин Акшоола аны бир да жолу айрылуу деген азаптуу коркунучка муунуп, ый менен, ыза менен жолун карап күткөн эмес! Качан ал алыска кеткен кездерде көкүрөгүнө батпай оргуштаган сагыныч, куса, ашып-ташыган сүйүү менен күтөөр эле!.. Ар бир жолу Ынагынын алыскы сапарлардан келер күндү ал майрам кылып алчу. Эртеден-кечке бу¬ту-бутуна тийбей чуркап, дасторконун даярдачу. Үй-бү¬лөлүк ушул шаан-шөкөткө Ынагы да алдыртан даярданып, чоктой кызыл розалардан солкулдаган гүлдесте, белек-бечкек көтөрүп келчү.
Жана да: «Балким, Ынагым кечте баягысындай жарк этип кирип келбесин?» – деп, үзүлбө¬гөн үмүттөрү Акшооланы «өлүш керек» деген жаман ойдон азга арачалап, алдыңкы кабаттагы сулуулук салонуна алып барган. Андан кийин ашыгына жаккан ак жибек көйнөгүн көйкөлтө кийип, ары-бери дасторконун даяр-дап, абалкысындай столдун үстүнө кызгылтым-көк жалыны үлбү¬рөп, үлпүлдөп жанган ак шамдарын жаккан болчу. «Албетте, – деген бир сезими аны ар кыл ой-санаа¬лардан алыстатып. – Ал сөзсүз келет. Акыры бул өзүнүн үйү, өлөң төшөгү эмеспи... Жок эле дегенде бир кайрылат...»
Өткөн-кеткен күндөр көз алдына тартылып, балкондо турду Акшоола. Ушундай учурда эшиктин коңгуроосу кагылса, жаш балача энтелеп, эшикти ачууга шашаар эле. Бир колуна чемоданын, бир колуна гүл, торт жана башкаларды көтөрүп кирип келген күйөөсүнүн мойнуна асылып, оңой менен коё бербей эркелеп, атүгүл көбүрөөк кө¬рүшпөй калган күндөрү көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп ыйлап дагы жиберчү.
– Жаным! – дечү Ынак да жубайын эркелете туш келди өпкүлөп. – Сагындыңбы? .. Мен дагы ушунчалык сагындым, жаным! ...Кантет, кантет?!... Кичинекей кыздай болуп!.. Болду эми, ыйлаба!...
Анткен менен экөөнүн сагынычы көпкө чейин тарачу эмес. Кандай гана бактылуу күндөр эле!..
Көздөрүн жумуп жатып, Ынак дагы ушул азыр так ошол күндөр, ошол бактылуу мүнөт¬төрдү элестетти. «Эмнеге анан ушундай болуп кетти? Эмнеге биздин сүйүү, биздин мамиле, биздин турмуш ушунчалык көзгө илээшпеген ылдамдыкта өз нугунан адашып, өзгөрүп кетти? Эмнеге?! А балким, кандайдыр бир деңгээлде менден күнөө кеткендир? А бирок кантип? Качан?!»
– Ынак, эмнени ойлоп атасың? – анын эмнени ойлоп атканын билип-туюп туруп эле, ошол ойлордон аны оолактаткысы келе өзүнө имере тартты Айнура.
...Улам-улам убакыт өтүп, түн коюуланган сайын дагы эле жол карап балкондо турган Акшооланын үмүтү аздап үзүлүп баратты. А бирок, Ынагын акыркы ирээт болсо дагы бир көрүп, өзүнөн кеткен аз айып, көп күнөөсүн угуп-билип туруп анан...
Акшооланы оюнан селт эттирип, үйдөгү телефонго жан киргенде убакыт түнкү үч экен. Ашыгып, телефонго учуп жетти:
– Алло? – эмнегедир өңү бозоруп, өзгөрүлүп кетти.
– Алло?! – деди ары жактагы шыбырап сүйлөгөн аялдын үнү.
– Алло, сүйлөңүз, мен угуп атам?.. – деди алда нени сезген Акшоола саал калтырак баскан добуш менен.
Тигиге жан кире түшкөн¬сүдү:
– Оо, Акшоола айым! Биз эле уктабай жатабыз го десек, сиз дагы ойгоо белеңиз? Же эмне, күйөөңүздү күтүп атасызбы? Жок-жок, убара болбой, жылуу-жумшак жатып уктай бериңиз. Эч камтама болбоңуз, эриңиз эч кандай эшикте, жаанда калган жок. Баары жайында. Ал азыр мени менен! Төшөгү жылуу, көңүлү да жа¬йында!
Телефондогу жагымсыз кергиштеген аялдын үнү Ак¬шоолага тааныш угулду. А бирок алда кимден жашырынгандай абдан акырын сүйлөп аткандыктан, Акшоола анын ким экенин ажыратып би¬ле албай койду:
– Ким бул?!
– Менби?! – аял кыткылыктап, чын дилинен жыргап күлдү. – Келесоо десе! Сага эми анын канчалык кереги бар эле? Кимди эмне кыласың?! Бетимди жуласыңбы?!
– ?..
– Тилиңди жутуп алдыңбы? Анда угуп ал! Ынак эми меники! Билесиңби, мен бүгүн ага уул төрөп берем дедим!..
Акшооланын эси эңгирей, бирок өзүн кармап, кайра бат эле чыйрала түштү. Кайдан-жайдан пайда болгон бул белгисиз аялга оңой эле уттуруп, анын чырагына май тамызып, ага ырахат ыроологусу келген жок.
– Алло, аның чын болсо Ынакты чакырып койчу?! Өзү менен сүйлөшөйүн! – деди сабырдуу, өктөм сүйлөп.
– Эгерде ал сени менен сүйлөшкүсү келсе, сага өзү чалат болчу! – деди тигил да.
– Демек, мен сага ишенбейм!
– Ишенбейм?.. Ой, боорум, ай! – каткырып күлдү Айнура. – Ишендирип берейинби? Болуптур, өзүңдөн калсын анда! Айтмакчы, эриңдин кай жеринде, кандай белгиси бар эле?! Айып этпесең, айта бере¬йинби? Сол тизесинен жогору бармак басымдай калы бар беле! Же дагы калп айтып атамбы?
– Акмак! – деди Акшоола акырын. – Бузуку десе! Уяты жок!
Айнура ансайын анын кыжырына тийгиси келип:
– Антчү эмес, эжекеси! Сабырдуу болуу керек! «Жаман эркек – жер коруйт, жаман аял – эр коруйт» дейт, – деп дагы бир нерсе айтайын деп келатып, трубканы шашкалактап коё салды. Баятан муздак сууга чайынып, балкондо тамеки тартып туруп эми кирип келаткан Ынак керебетте көмкө¬рөсүнөн жатып алып, ким бирөө менен шыбырашып сүйлөшүп аткан Айнурадан тек гана сурап койду:
– Үйгө чалдыңбы?
– Ооба, – Айнура калп айт¬ты. – Жеңемдер издеп атышкан экен...
– Анда... кайталыбы? – де¬ди өзү аны каалабаса да Ынак.
– Жок. Айтып койдум. Анын үстүнө, жанымда өзүң турганда мен эч кимден, эч нерседен корк¬пойм... Сенден башкасынын баары мага эч ким эмес, берекем. Менин Куда¬йым бирөө гана, ал – сен!
– Айтмакчы, жана сен Ак¬шоо¬ланы бирөө менен көрдүм деп аттың беле? – баятан бери жүрө¬гүн өйүп турган суроосун берди Ынак. – Каякта, ким менен жүрдү эле?
– Мм... – Айнура эмне айтаарын билбей, мукактана түштү.
– Айт, айта бер, – деди Ынак аны «айткысы келбей, мени аяп атат го...» деп түшүнүп.
– Өгүнү байкемдер менен рес¬торанга барганбыз, ошондо көргөм. Байкемдин тааныштары да таанышат көрүнөт... «Бир отурушта чогуу болгонбуз, күйөөсү силерде иштейт турбайбы?» – деп менден сурашканынан. .. «билбейм» дегемин.
Ынак чалкасынан жатып алып, тамеки күйгүздү да, кере-кере тартты...
* * *
Акшооланын акыркы үмүтү быркырап кетти! Эмне ойлоп атканын, эмне болуп атканын түшүнбөй, телефонду мелтиреп тиктеген калыбында жандүйнөсү жанчылып, жү¬рөгү бырча-бырча тилинип, теңселип турду.
Ушул убакта аны баягы бир ой «селт!» эттирди. Чындап эле ага ушул тапта баардыгынан өлүм гана эң жакын өңдүү, ошону гана каалап, ошону гана жакшы көрүп кетти. Ушундай күндү көрүп, ушинтип азап жегиче, жалган жа¬шоонун ыкыр-чыкырына, адамдардын эки жүздүү, ыпыластыгына, ал тургай сүйгөн, жандай көргөн жакын адамыңдын чыккынчылыгына чыркырап, ууга чыланып өмүр сүргү¬чөк, эч нерсени сезбей, эч нерсени көрбөй чын жашоого, өксүктү билбей өлүм¬гө кете бергенди эп көрдү! Таш байлап койгонсуган денесин ордунан араң козгоп, боюн таштамакка балкон тарапка сендиректей басты. Төртүнчү кабаттан ылдый карады. Демейде жүрөгүн «шуу!» эттирип ийчү бул бийиктик ага азыр жакшы туюлду!.. Жогортон төмөндү карай шукшурулган ушул аралык аны азыр өзүнө арбап, азгырып турду: «Ошент! – деди аны бир туюму шыкактап. – Эмне турасың, ошент! Мейли, ал сени өмүр бою жоктосун! Жаңылганын түшү¬нүп, а бирок кечигип калып, башын ташка урсун!..»
Ошол ойго шыктана түшкөн Акшоола жаңыдан эле обдулуп, балкондун кырына боор¬токтоп, ары аттамакчы болгондо... кайдан-жайдан:
– Апаке?!. – деп чыңырып ийди кызы.
– Ыя-а?! – эне жүрөгү «солк!» этти. – Кызым?!. Кайдасың?!
Үйгө чуркап кирип, ары жак-бери жактан издеди. Атүгүл эшикти да тарткылап көрдү. Бек экен! Кулагына угулуптур! ..
Алакандары менен бетин басып, үйдүн чок ортосунда ары же бери кетпей теңселип, көпкө турду: «Деги, мен эмне болуп атам?! Эмне эле болуп атат, өзү?!.»
Эки ийини солк-солк эте солуктап ыйлап, апакесин аягандай да, айыптагандай да кирсиз, баёо, бирок саналуу кош каректерин бадырайта, бет алдында өзүн карап турган кызынын элесинен жалтактап, эмнегедир Акшоола жанын коёрго жер таппай будалана түшүп, а бирок ошол көз алдында турган кызынын элесин жооткотуу үчүн: «Баары жакшы, кызым... Мени кечир?..» – дегендей, өзүн-өзү зордоп жылмайган болду: «Сербейген секетим, менин! Кагылайыным! .. Апакеңдин азапка малынып атканын кенедей эт жүрөгүң сезип, санааркап атасыңбы? А мен сени ойлобой!.. Өзүмдүн жанымдын тынчын көздөп!.. Акмакмын мен! Кечир мени, кызым?! Кечирчи, берекем?..»
Сезим – алардын туну. Ынак менен Акшооланы иштеп, ирденип алышсын деп, ал жаңы төрөлгөндө эле айылга алып кетишкен болчу. Кол арага жарап, эми чоң ата, чоң энесин жыргатып аткан чагы. Окуу¬га да зирек. Анткен менен буларга да тыным албай телефон чалып, тикилдеп сүйлө¬шүп турат.
Ага удаа эле Акшоола өзүнүн ата-энесин эстеди. Ошондон ки¬йин жанагы жаман оюнан кайтты. Ынактан башка да аны ойлой турган, ал керек боло турган башка бирөөлөрдүн бар экенин түшүнүп, ошого бел байлады. Анын оюн кубаттагандай, кайдан-жайдан ыр саптары тизмектелип, аларга да жан киргендей көкүрөк-көңүлүндө эдиреңдешип, эртеңдерге – жашоого шыкак болуп жандап алышты:«Сен өлбөгүн! Анда ырыңды ким жазат?
Опол тоодой орунуңду ким басат?!
Сен өлбөгүн, сени жоктоп канчалар,
Кайгы басып, капаланып ыйлашат!.. -Көңүлүн уялаган ыр саптары ушинтип атты ага:Сен өлбөгүн! Ордуң анда бош калат!
Жазыла элек канча ырларың жок калат!
Сезимдерге ыр жеткирип баратып,
Ара жолдо шылк дейт түшүп кош канат!..
Артта кызың, ага -тууган, дос калат!..»Ушуну ак баракка чиймелеп болуп, Акшоола ууртунан күлүмсүрөдү. Эмнегедир ал азыр өзүн жалгыз эместей, жанында дагы ким бирөөлөрдүн бар экенин сезгенсип кетти!
– Силер мени качандыр бир... качандыр таштабайсыңарбы? .. – деди ал өзүндөгү ошол белгисиз бирөөлөр менен сүй¬лөшүп.
– Эч качан! – дегендей, кайрадан жадымына ырлар келди...
Ушул түн Акшоола үчүн ушунчалык узак дагы, оор дагы, көп түйүндүн сырын издеп, чечме¬лөөгө түрткү болгон түпөйүлдүү түн болду. Санаадан күлүк не бар дейсиң? Ой-чабыты алда кайда алып учуп, заматтын ортосунда ааламды чарк айланып келип атты...
Ошондо да кечээ эле боор этинен жаралган ботосун жоготуп, боо¬рун тытып боздоп атып акыл-эстен ажырап, ооруканага кеткен байкуш Венераны, анан да бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеп, күйөөсүнүн кордугунан качып, кайненеден мээрим издеп кеткен байкуш курбусун эстеди: «Кантишти экен?.. Бечара Алия бала кезден ата мээримине зар болуп, атасыз өстү. Ал аз келгенсип апасы да аны бу жалганга эртелеп таштап кетти. Айткандай эле, анын атасы ким болду экен?..» Эс киргенден тартып эле курбусу менен кошо ыйлап, кошо ке¬йип чоңойгон Акшоола кээде апасынан сурачу: «Апа, эмне үчүн Алия¬нын атасы жок?» «Ок! Не дейт, бу чунак кыз! Антчү эмес! Анткениңди кокус атаң укчу болбосун, экинчи антип сурабай жүр! Макулбу?!» – дечү апасы.
«Кызык, эмнеге атам укпаш керек?» – деп ойлогону менен Акшоола ага жооп таба алган эмес. Эми да ошол тууралуу ойлонду: «Кызык, чын эле апам эмнеге анчалык чычалачу эле? А балким?.. – Оюна бир нерсе «кылт!» эте, көздөрү умачтай ачыла түштү. – А балким?.. Балким?! О, Кудай, башта эмнеге аңдабадым экен?! Чын эле анын атасы – менин атам болуп жүрбөсүн?! Деги,бул не деген башаламандык? ! Сыягы, бул жашоо жалаң сыр, табышмактан бүткөнбү дейм!..»
* * *
Алия эки кызы менен дайынсыз жоголуп кеткенден ки¬йин Са¬маган жаңы аялынан жашырынып, баягы кепе үйүнө айланчыктап көп келчү болгон. Кошуна-колоңдорунан иликтеп, сурамжылаган болот. Анткен менен аял-балдарынын каякка кеткенин билмек турсун, элестете да албай, башы маң.
Үйдүн ээси, баягы босогодон демитип кетчү чоң кара аял болсо ошондо эле барып: «Ижаранын акчасын төлөбөй качып жүрөт...» – деп милицияга арыз берип койгон. Ошондон бери бул аймакка милиция да көп келчү болду. Органдын кишилери: «Эгерде Самаган Өмүровду көргөндөр болсо кабарлап койгула», – деп ошол тегеректегилерге бүт кулак кагыш кылып кеткен. Ансыз да эки күндүн биринде ичип келип, элдин ыркын кетирип, чуу салып жүргөн эмеден тажагандарга бул майдай эле жагып калды. Эми келип, баягысын дагы кайталай турган болсо эле милиция чакырып, тигини салып берүүгө ким-кимиси макул эле.
Анан калса, мас кезинде Самаган тызылдап чуркап ойногон чыт курсак балдарды көрсө итатайы тутулуп кетүүчү. Аныз да жагымсыз көздөрү канталап, бети-башы чыңала көөп, өңү кара көк тартып кете турган. Анткени, балдар, ошол балдар ага да¬йыма тынчтык бербей, күндүзү – акыл-эсинде, түндөсү – түшүндө, абийиринде жашап, Ырыскан экөөнөн башканын баарына али белгисиз, баягы кенедей эркек баланы эстете берет...
Таң заардан базарга кетип аткан Ырыскан:
– Бүгүн үйдө эле болосуңбу? – деди эрине.
– Ооба! – бир нерсе айтуучудай кыңырылган аялга күңк этти Самаган.
– Же мени менен базарга барып келесиңби? Ичим чоңойгону, оор көтөргөн сайын бөйрөгүм тим эле түшүп кетчү болду?..
Унчукпай, бир топко чейин жооп күтүп турду да, ары карап чүмкөнүп алган күйөөсүнүн бетиндеги шейшепти эми сыйрып алып, жанагыдай кыңылдабай бек-бек сүйлөдү:
– Эй! Угуп атасыңбы? Эркектей болуп кичине бирдеме кылсаң боло?! Арак ичип алып эле салдай болуп жата бербей! Самаган дейм! – ийнинен тарткылады эле, кечээ да ичип, башы ооруп аткан эме:
– Турчу, ары! – деп аялды көкүрөккө түрт¬көндө кетенчиктеп барып отуруп калган аял ызаланып кетти бейм, эки күн мурун эле өзүнө, эрине дагы: «Экинчи антпейм, эми!» – деп берген убадасын унута калып, адатынча ажылдап ийди:
– Талаада кал, талаада! Тузум урган, кусурум урган ит! Колу-бутуңа шал тийсин! Ыла¬йым эле ордуңан турбай, ошен¬тип онтоп кал! Мени аябасаң дагы, мобул, ичтеги өз балаңды аясаң боло?! Адамсыңбы, деги? Же эмнесиң? Мээси иштебеген, эчтекени түшүн¬бөгөн, адамдын кадырын билбеген айбан! Зөөкүр! Канкор!
Эркек ордунан атып турду! Башкасы бир тең: «Зөөкүр! Канкор!» – дегени бир тең болуп кетти:
– Канкорду сага азыр көр¬сөтөм! !!
Босого тарапта бая эле ойгонуп алып, а бирок бу саам дагы бир балакеттин башталып кетээрин билип, демдерин ичине катып, чүм¬көнүп жаткан кыздар чыңырып-чыңырып тура калышты. Ырыскан эшикке атып эле чыкты. Анын тепкич ылдый тапылдап чуркап баратканы үйдөгү¬лөргө угулуп турду. Самаган эшиктин алдына че¬йин барып, токтоп калды. Ашканага өтүп барып муздаткычтан ак суу алып ичти. Ал ичкен күндөрү аялы дайыма минералдык суу алып келип, беш-алтыны муздакка ушинтип салып коё турган. Анысына бир аз жибий түштү:
«Катын эмеспи, жаны ачыганынан айтып, оозунан чыгып кетти го...» – деп ойлоп, кайра анан: «Баары бир бу катындын тили опурталдуу болуп турат. Бирде болбосо да бирде бирөөгө оозунан чыгарып ийип... Абайлаш керек, муну! Болбосо...» – деп ар кандай арам ойлорду ойлоп ийди.
Үйгө үрүл-бүрүл жарык кирип калган.
Жатканы кайра ордуна өтүп баратып, көзү кыздарга урунду. «Чоңоюп калыптыр», – деди арам оюнда шейшептин артында жаткан Мээримдин денесин сыдыра тиктеп. Жатып алып да анан эси-дарты ошондо боло берди. «Ырыскандан жанагы коркок-билиши бар үчүн гана тартынат да, болбосо жыгачтай болгон кара катындын жанында!.. » Ушинтип ойлоп жатып көзү илинип кетиптир. Түшүнө баягы там-тум баскан, колдорун сербелеңдете сунуп, өзүн беттеп, кытылдап күлүп келаткан наристе кирди. Самаган ошол күнкүдөй эле тарбайган колдорун сунуп, баланы өзүнө чакырып атыптыр. А бирок наристе жакындап келгенде мунун жүрөгү «шуу» дей түштү. Бет алдында көкүлүн сербеңдеткен, чочоноюн чорбойткон баягы наристе эмес, жалаңкыч турган болчу! Тиштерин арсайткан түктүү жандыктын төп¬төгөрөк көздөрү чоктой кызарып, муну эки чайнап, бир жутчудай болуп атырылып келатты. Артка кетенчиктеп, бурула качты эле, тиги аркасынан басып жыгылып, туш келди тытмалап-тытып, тумчуктура баштады. Жонундагы жабышкан жалаңкычты үстүнөн алып ыргытып, тура качмак болду эле, эми алдынан баланын энеси:
– Аа-а! – деп ачуу чыңырып келип басып жыгылды: – Кана балам?! Тап?! Баламды тап?! Болбособу?! Оо, кала¬йык! !! Бу канкор менин баламды тирүүлөй жеп салган, ко¬ку-уй! – деп мунун чачын жулуп, өзүнүн бетин кошо кызыл жаян кылып атыптыр!
Ойгонуп кетсе үйдө өзү жалгыз экен. Убакыт чак түш болуп калса керек, бетине күн тийип, боргулданып тердеп, жүрөгү да лакылдап кетиптир.Ырыскан болсо бу кезде базарда отурган. Курсагы улам чоңоюп, ансыз да эртеден кечке базарда отура берип, ысыкка-суук¬ка күйгөн карасур жү¬зүн ого бетер кара сепкил басып, тили эле сайраганы болбосо көздөрү чүңүрөйүп, эриндери кеберсип, көртирликтин азабын аябай эле тартканы билинип турат. Ошентип жүрүп жанагы үйдү сатып алган. Күйөөсү менен ажырашканы деги жыргай элек. Ал эри ырас эле эме болчу. Тилинин азабы да! Кайненесин адегенде көз менен арбап, анан тили менен жайлап, ажылдашып жүрүп таптакыр бетин ачып алган.
Келининин тилине чыдабаган кайнене жа¬ны күйгөндөн акыры колуна тийген эле нерсе менен чаап ийгенге өткөн болчу. Кийинчерээк бул да анысын кайра ала коюп, өзүн уруп, ал тургай экөө жулмалашып, чачтарын жулушкан да күндөрү болгон. Акыры ошонун аягы ушу менен бүттү. Ал дагы аябай эрегишип, кастарын тигип, кайненелик каарынан кайт¬пай туруп албадыбы! Болбосо, мунун кетейин деген деле ою жок болчу. «Ушинтип-ушинтип эле акыры мен жеңем. Кыялыма, ыгыма көнүп, баш ийбеске чарасы жок. Үч бала турганда! ..» – деп ойлочу. Бир күнү анан бул экөөнүн ыр-чырынан тажадыбы, же энесинин эбинен чыга албадыбы, күйөөсү унчукпай машине айдатып барып мунун ата-энесин салып келип, колдоруна салып бербедиби. Кетпеске айласы калбай калды. Атүгүл айыл-апа бүт чогулуп келип, аксакалдарды калыс кылып, келинди баарылап айып-ташып, акыркы сөздү эне-баладан сурашты:
– Балам катынсыз өтсө да ушундан кечтим! – деди кайненеси. – Мен баланы Кудайдан тилегенде, катынынан токмок жеп, кордук көрөйүн, тил угуп, жулмалашайын деген эмесмин. Ак чачым урсун, каа¬пырды! Эгерде уулум кыя албай атса, ага да макулмун. Кошо кетип, өздөрүнчө оокаттарын кылышсын! .. Бирок анда энебиз бар эле деп мага кайрылбай эле коюшсун! Топурагымды түйүп берем!
– Мен эч кайда кетпейм! – деген эри да. – Энемди ушунчалык карарткан катын менен жашай да албайм. Кетирем! Кетсин!
– Ооба! Туура айтат, айланайын!
– Ошент! Энени сыйлабаган эзели оңчу эмес!
Буларды эчактан билген катын-калачтар ушинтип атышты:
– Каапырдын тили эле суук десек, байбичеге колу да тиет тура!..
Жалгыз гана кайнатасы кыйылып:
– Балдарга кыйын болот го... – деген. Чоң кызы да абышка-кемпирге, атасына ыктап, кала турган болуп кыңырылды эле, Ырыскан аны:
– Бас! – деп дегдеңдетип жетелеп кеткен. Ошенткени ырас болгон экен. Болбосо, бул эртели-кеч базарда жүр¬гөндө балдарды ким карайт эле?
Ырыскан ушуларды ойлоп, энтеңдеп түш ооп эле кайра үйүнө шашты. Кыздары үчүн да антип келбейт эле. Өздөрүнчө оокат кылып, бири-бирин багып, Мээримге көнүп калган алар. Күйөөсү менен эртең менен урушуп алып, ошого санаасы тынчыбай, «оптом» алган жашылча-жемишинин теңинен көбүн сатып ийип, артканынын үстү¬нө кайра азыраак тыйын кошуп бирөөгө кармата коюп, үйүнө чуркады. Жолдон дүкөнгө кайрылып, бир бөтөл¬кө таза арак да алды.
Кыздарын алыстан эле кө¬рүп, жүрөгү кичине ылдыйлап: «Өх-х!» – деди. Көңүлү тына, эс ала түштү. Кү¬йөө¬сүнүн али үйдө экенин билди. Анткени, ал барда кыздары үйгө көп пааналабай, ушинтип эшикке чыгып алышат. Мээрим подъезддин алдындагы отургучка сиңдилерин отургузуп, өзү аркасына туруп алып чачтарын тарап, өрүп атыптыр. Кыздарына ичи жылып, айрыкча азыр чоң кызына боору ооруду: «Атасын, чоң эне-чоң атасын сагынып жүрөт окшойт. Анын үстүнө үйдө¬гү түйшүк бүт ушунун мойнунда. Анысы аз келгенсип өгөй атасынын да килейген кир-когун жууп, үтүк¬төйт. Чүнчүп кетти. Баладай болуп оңой менен да күл¬бөйт, чечилип сүй¬лөбөйт. Өзүнүн атасы ошондой жоош неме болчу, анан калса аны менен аңгемелешип, аркы-беркини айтып отурганга апасынын чолоосу тийбейт. Байкуш кызым, төшү төрсөйүп, бою да суналып, чоңоюп келатат окшойт...»
Кыздарына жакын келгиче ушуларды ойлоп келди да, жетип-жетпей эле:
– Самаган кайда? Үй¬дө¬бү? – деди. Чоң кызына адатынча анысы жаккан жок. Унчукпай, укмаксан өңдөн¬дү.
– Үйдө, – деди кичинекейи, – уктап атат.
– Ийи, – деп көңүлү тына, үйгө кирип кеткен апасын жаман көзү менен карап койду, Мээрим.
– Өзүбүздүн эле атабыз жакшы ээ, Мээрим эже? – деди ортончу кыз.
– Кел, атама кетебиз? – деди Нургүл.
– Анда апам жалгыз калат да?! Тиги мас болуп келип уруп койсочу?!

#16 23 Июнь 2016 - 13:29
Аялынын арак ала келгенин көрүп, чечекейи чеч боло түшкөн Самаган жанагынын баарын унутуп салды. Түшүнө кирген наристе да, анын энеси, атүгүл аялынын таң атпай ажылдаганы,
башынын ооруганы, баары унутулуп, демейде жезкемпирге окшошуп кетчү катыны көзүнө керемет көрүнүп кетти. Арсалаңдап кү-лүп, Ырыскандын ширидей мойнунан шимип, өпкүлөп койду. Аялы бат эле арыдан бери кар¬төшкө кууруп, чай демдеп ийди. Экөө стакан кагышып, адегенде жүз граммдан басып алышты.
– Баягыны эч кимге айткан жоксуңбу! – деди курсагына бирдеме барып, денеси нымшый түшкөн Самаган аялынан шек санай карап.
– Койчу, Самаке! Мен кантип сени жамандыкка кыя¬йын? Айтсам эчак эле айтып салбайт белем! Ушинтип көзүңдү карап, кетпесе экен деп жалдырап! .. – бышактап ыйлап ийди. – Сага арам оюм болсо минтип боозуйт белем?! Билсең мен сүйөм, сени! Болбосо эмне, эркек жок дейсиңби, мага?! Жаным менин! – Жалынып-жалбарып, өпкүлөдү. Арактын күүсү менен көкүрөгүндөгү болгон нерсенин баарын төгүп, а тургай буга чейин эч кимди ушунчалык сүйбө¬гөндүгүн айтты.
Самаган ага түшүнгөн жок. Сүйүү дегенди ал – төшөк, арак-шарап деп гана түшүнөт. Башкасын башына урабы?! Башы да оорубайт! Айрыкча бу катынга жолукканы жыргады. Үйү – үстүндө, жайы – астында. Ичип-жегени бекер. Колун жоорутуп, мойнун оорутуп иштебейт дагы! Жашоо деп ушуну айтыш керек. Катының болсо минтип көзүң¬дүн кареги менен чарк айланып, өп¬кө-жүрөгүн чаап атса, бакыт деген ушул эмей кайсы?!
Айрыкча азыр жүрө¬гүн түпөйүл кылган наристе менен аял жө¬нүндөгү түшү тө¬гүн¬гө чыкканына сү¬йүн¬дү: «Ырас эле Ырыскан оозунан чыгаргыдай келесоо болуппу? Же Самакесинен айрыла албай атыппы? Ошону айт¬саң!.. »
Самагандын оюна ушулар келип, көңүлү тына түштү. Дүйнөсү түгөл, телегейи тегиз сезилип, арак да ага кошул-ташыл боло жаны жыргай түш¬көнгө эми дорулдап ырдай баштады:– Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнага-ан,
Өмүр де-еген булбул бакта сайрага-ан! ..Аны аялы кубаттап кыйкырды:
– Маладе-ес! Ай-и-ий, менин Самакем тим эле, Асылбек Өзүбековду биякка эле таштайт го, ыя?!
Өзү да анан лөкүйгөн эркектин колтугуна жабышып, ка¬руусунан бек кучактап алып, көздөрүн жума бактылуу созолонду:– Өмүр барда-а тартын¬бастан ойноп күл, ойноп күл,
Жаным,
Өмүр ө-өтсө жаралбайбыз, жаралбайбыз кайрадан! ..
Кыздар болсо дагы эле, баягы отурган бойдон эшиктин алдында отура беришти...
Тээ бир далай алагүү болуп калган убакта Самагандын оюна «жоголгон» катын-баласы түшүп, жаак эттерин карыштыра тишин качыратып, өңү түктүйүп кетти. Адегенде анын эмнеге анткенин түшүнбөй калган Ырыскан:
– Самаке?! Самаш?!. – деп кирбеңдеп, кетенчиктей берди эле, Самашы:
– Мен аны!.. Жердин жети кабат түбүнө кирип кетсе табамын!! ! – деп барскандай муштуму менен үстөлдүн үстүн титирете муштады. – Шашпасын! Аныбы!..
Кептин төркүнүн түшүнө койгон аялдын санаасы тынып, жүрөгү ылдыйлай түштү да, Самакесине кайрадан жакындап отуруп, ого бетер шыкактап жиберди:
– Өл-лүгүңдү көрөйүн бетпак! Мен анын ошондой жүзү кара экенин башта эле билгемин! А бирок... – эринин жаагынан жараматтана сылап, өзүнө каратты! – А бирок ага эмнеге капа болосуң, кара жаным?! Ал кетсе мен бар эмесминби! Ыраспы, ыя Самаке? Ии деп койсоң эми, берекем?.. Кана, мага күлүп койсоң?..
Ушинтти да, өзүнө буркуя, түктөйө тиктеген эрине ыр¬са¬йып күлгөн болду эле, тигинисине ал анчалык деле жакпадыбы, колунун сырты менен ары түртүп салды. Кайрадан эс-акылына баягы, өзү соккон сары дубалдар менен кичинекей наристе келе калып:
– Мен Алияны да... тирүүлөй көмүп таштаймын! !! – деди. Ырыскан бир чети мындан ыдык көрүп, шагы сына түшкө¬нүнө ызаланып, бир чети канчалык көзүн карап атса деле улам мунун эсине түшө берген Алияны күнүлөп:
– Ошент! – деди эми эрин чындап эле шыкактап. – Ошент! Сенин башыңды аттап, кай жакта, эмне иш кылып жүргөнүн ит билиппи?! Мага десең ал канчыкка, алиги бөлтүрүк¬төрүн кошуп туруп жайла!!!
Самаган алда неге түшүнбөй калгансып, аңкая караганда аялы колуна мелт-калт куюлган ста¬канды кармата салды:
– Алып ийчи, Самаке?! Сенин ден соолугуң үчүн...
* * *
Бу күндөрү кайын энеси менен келини бири-бирине караан-бутак болуп, жыргап эле калышты. Энеси эртели кеч эрмек кылып, эки небереси менен алек. Бирин этегине салып, экинчисин эпейтип жанына отургузуп алып деги эле эригет эмне экенин унуткан. Баскан-турганы да тыңып, көңүлү өсүп, оңоло түштү. Алия да баягыдай болбой ачылып, шыңкылдап күлкүсү чыгып калган. Керелдин кечке кыбырап, деги эле тынымы жок. Аз эле убакыттын ичинде үйүн жа¬йып, актап-сырдап, атургай киши бою өсүп кеткен отоо чөп¬төн короонун ичи-сыртын да арылтып, мизилдетип салды. Эне ансайын келинин аяп, шыпшынат:
– Капырай, ботом, кичине эс алсаң боло?! Деги сенде жан деген барбы?! Чарчабадыңбы? !
– Чарчабайм, энеке! – дейт келини ансайын энесине ичи ысый мойнунан кучактап, күнгө тотуккан эки бетинен алмак-салмак жыттагылап. – Ушул да кеппи, энеке?..
Бир күнү Алия эшиктин алдында кир жууп отуруп, кыңылдап ырдап атса кайненеси:
– Э, Алыйа, ырдасаң маңка немедей мыңкылдабай даа¬на ырдабайсыңбы, ботом! Биз деле угалы, – деди тамаша-чындан. Араң турган Алия:
– Ырдасам боло береби? – деди «какшыгыбы, чыныбы?» дегендей кайненесине күмөнсүй карап.
– Болбой да коюучу беле?! Жап-жакшы болбойбу, ботом! -деген эне эми эркелете, мээрим төгө айтты, – Ырда, ырдай гой?
Кубангандан бекен, балким эреркеппи, айтор көздөрү башкача бир бажырайып, күлмүңдөй түшкөн Алия алжапкычына колунун суусун аарчып, чекесине байлаган бир байлам жоолугун түздөп салынып, бактын көлөкө¬сүндө концерт көрүүчүдөй оңдонуп, өзүн күтүп калышкан береги үчөөнү карай, кудум чоң сахнада ырдап аткандай адегенде саал сүрдөп барып анан күлүм¬сүрөй баш чулгуп, кашты серпе, ырдын ыргагы менен теңселе, созолонду:Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеге келип тигилсем ай,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды?
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт, эй,
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс,
Тегерете курчап буюмдар ай,
Термелишет тиктеп өзүңсүз...Бүткүл дити, жандили менен берилип ырдап аткан келинин эне таң калып укту. Ырдын сөзү, обону Алиянын жүрө¬гүнүн тээ тереңинен сызылып чыгып, анан анын кантамырларын дирилдете, бүткүл денеси аркылуу бүткөн боюн айланып өтүп, көкүрөгүндөгү кайнап аткан жанар булакты жарып, ошондон кийин гана көмө¬көйүнөн сыбызгып, сыздап чыгып абага тарап аткандай, бир укмуш үн болчу, бул! «Капырай! – деп эне шыпшынып алды, – Бул эмне деген аваз, эмне деген ыр, эмне деген кайгы эле, ботом?!.»
А турсун Чолпонай да апасын суктана тиктеп, оюнчугун колунан түшүрүп салып, арбалып отурду. Ал эмес кичинекейи да апакесин муюп укту.
Качан гана Алия ырдын соңуна чыгып, артынан узак-узак улутунуп алганда гана эсин жыйып, өзүнө келгенсиди.
– Баракелде, балам! – деди эне жетине албай балбалактап, – Бар бол, айланайын! Кудай багыңды ачсын! Өркөнүң өсүп, зоболоң артсын!
Алия көптөн бери минтип, ким бирөөгө ырдай элек болчу. Бугу да чыгып, энесинин мактоосуна да кубанып, көкө¬лөй түштү:
– Сизге жактыбы, эне?!
– Жакпай, анан! Абанын, сөзүн өзүң таап ырдап атасыңбы?
– Өзүмдүкү эмес, эне! – Алия күлдү. – Менде кайдан... Сыймык Бейшекеев дегенди уктуңуз беле?
– Каяктан угам, балам? Уксам деле эстеп калат дейсиңби?
– Сөзүн башка бирөө жазса керек. Обону ошол жигиттики.
– Аман болгула!.. – деди эне.
Унчугушпай калып, бир топтон ки¬йин эне эмнегедир ушинтти:
– Жанагы телевизор, радиоңордо ырчымын деп эле көп жаштар тырактап калат. Эч бирине ыраазы болчу эмес элем, балам. Сөөгүмдү агартпадыңбы. Айткандай эле сен эмнеге ошол жакка барып ырдабадың дейм да?
Алия энесине «жалт» карап алды. Көптү көргөн баамчыл, кыраакы кайнене анын көз¬дөрүнөн алда-нелерди окуй койду. Анын үстүнө «кыздын сыры төркүнгө маалым» дегендей, уулунун кулк-мүнөзүн кыйын билген байбиче жамактап, өзүн¬чө күңгүрөндү: – Жакшынын билбей кадырын,
Жаңылдың балам, кантейин,
Акылың сенин анчейин...– Чоң эне! Сиз эмне, ырдап атасызбы? – Чолпонай эңке¬йип, чоң энесине үңүлө карады.
– Ырдан айланат бекем?! – деп өзүн жактырбай тетирилеп кеткен чоң эне келини менен кызы канчалык жаап-жашырып атса да Самакесинин кантип, кандай күндө жүргөнүн, булардын жөн келбегенин эчак эле баам¬дап, билип алган болчу.
– «Сүйүнгөндөн маңдай жарылбайт, кайгыргандан жүрөк айрылбайт» дейт балам, – деди Жаңыл апа ошондон кийин узакка унчукпай тунжурап отурган соң, – Мени эмне Кудай алып, курт жейт дейсиңби?!
Келиндин жүрөгү «болк» этти. Кайненесинин эмнени айт¬кысы келип, эмненин башын кылтыйтып атканын түшү¬нө, дымый түштү.
– Ага эмне, эненин, катын-баланын кереги жок бекен? Деги эмне деген ою, эмне билгени бар экен? Эмне кылып жүрөт, ал акмагым?!.
Алия кепти эмнеден баштарын билбей, калп айтып кайпалактай да албай, кыстала түштү:
– Анын... башка аялынын боюнда бар дешет, – деди анан айыптуудай акырын, ылдый карап. Эне «селт» этип кетти. Бир далайдан кийин гана:
– Анысы сенден башкачарак бекен? – деди.
– ? – Алия унчуга албай калды. Ичинен: «Мүмкүн башкачадыр? Самаганды кандай болсо, так ошондой турпаты менен сү¬йүп... балким, ошонусу менен менден артыктыр?» – деп ойлоп, эненин алдында чындап эле өзүн күнөөлүү сезип кетти.
Алияга кайненеси азыр анын эмне ойлогонун окуп аткандай, мына-мына эми элеки энелик мээриминен кайтып, силкинип тетири карап ке¬түүчүдөй сезилип, дене боюн калтырак басып, эки бети чымырап ысып кетти да:
– Эне?.. Мени кечириңиз?.. – деп башын өйдө кыла албай, ылдый караганда каректеринен ысык жаш мөлтүлдөп төгүлүп кетти.
– Кайсы айыбыңа кечирим сурайсың, балам? Сенде эмне күнөө?!... – деди эне үшкүрүк аралаш каргылдана, жумшак унчугуп. Бирок, баары бир эле Алияга эненин ошол сөзүнүн ары жагында: «Же кандай?..» – деген күмөндүү собол тургандай: «Кандай болгон күндө да, ичтен чыккан ийри жылан эмеспи, – деди оюнда, – Уулу канчалык жаман болсо да – баласы да. Эненин жүрөгү баласын баары бир кечирет, жакшы көрөт... Балким, уулун сүйө албаганым үчүн эне мени кечирбестир? »
Ушуну ойлогон Алия эми жерден башын алып, кайненесине актангандай унчукту:
– Ал акыркы күндөрү... аябай өзгөрүлгөн, эне! Андан ары чыдоого менин дарманым жетпей калбадыбы! .. Тигил аялдын үстүнө кирип алганы, балдарды да ойлобой калган. Эмчектеги бала менен же элге окшоп иштей албайм. Жада калса жарты сындырым нанга жетпей, кошуна-колоңдордун колун карап, ошолордун балдарынын эски-ускусун кийгизип, кайырчынын кейпин кийе баштагамын! Уулуңуз болсо анда-санда ичип келет да, ким бирөөлөргө болгон кегин, бугун, болгон күчүн менден чыгарып, бети-башымды жанчып кетет! Ал аз келгенсип, биз турган ижаранын кожойкеси алкынып-булкунуп келип, акча доолайт! Кийин ким бирөөлөрдөн уксам, ошол аял шаардын кайсы бир жеринде кыз-келиндерди сатып акча табат имиш!..
Эне Алиянын айткандарын баарын түшүнмөк тургай, жүрөгү менен туюп, кудум өзү көрүп аткандай көз алдынан өт¬көрүп, башын аста ийкегилеп, көпкө чейин ойлонуп, тунжурап отурду да:
– Силердин мында экениңерди ал акмагым билеби? – деди.
– Бияктан барган би¬рөө-жарым эле жолугуп айтпаса, билбейт.
– Көп ичип калган го?
– Ийи. Тигил аялы да жакшы ичет дешет.
– Эмне иш кылат? Өгүнү алып кеткен жылкынын жылтыры бардыр?
– Жок! – келини кесе айт¬ты. – Аны ошондо эле алып барып берген!..
«Кимге?..» – дегендей эне суроолу үңүлдү.
– Бир Венера деген келиндин доосуна калып, кесиле турган болгондо ошол жылкыны берип кутулган...
Кептин төркүнүн бү¬дөмүк баамдаган эненин башы дагы бир жолу «шылк!» дей түштү.
– Ал эмне болгон аял, сен билчү белең?-деди тээ бир топтон кийин эне. – Э쬬не болуп доого калып жү¬рөт, менин итим?
– Базарда соода кылган жесир аял дешет, – эмнегедир кайненесин карабай туруп үн катты Алия. – Самаган аны сыртынан билчү экен. Үйгө келген участкалык милиционердин айтымында, Самаган а келинге бир нече жолу тийиштик кылган имиш. Бирок, тигил келин таптакыр жанына жуут¬пай, жолотпой койгон го, уулуңуз бир күнү базардан ки¬йин артынан акмалап, үйүнө кирип барыптыр да... чиедей жаш балдарынын көзүнчө зордоп коюптур!..
– !!! – эненин жүрөгү мыкчыла, денеси муздай түшүп, бирок андан ары дагы бирдеме айтайын деп келатып, кайра айныгандай кепке мүдүрүлө түшкөн келинине: «Айт, айта бер?!» – дегендей карады.
– Ошондон көп өтпөй эле ошол келиндин экиге эми эле чыккан уулу дайынсыз жоголуп кетиптир... – Ким бирөөлөр угуп койбосун дегендей Алия эки жагын элеңдеп карап алып, акырын сүйлөдү. – Самаган болсо мас болгон сайын ошол аялдын атын айтып: «Венера, сен менин жылкымды жедиң беле, мен сенин балаңды жедим!..» – деп жөөлүчү адат тапкан...
– Ок! Ал эмне дегени, кокуй?! – эне чочуп, чок баскандай ыргып-секирип кети.
– Билбейм, эне. Соо кезинде сурасам: «Анда сенин ишиң канча?! Жоголчу баласы жоголду да!..» – деп койчу.
Эси оогон кишидей дендароо боло түшкөн эненин эриндери диртилдеп, колдорун майда калчылдак басып кетти. Тээ бир далайда барып гана өзү менен өзү сүйлөшүп аткандай күңгүрөнгөн эне ордунан теңселе турду да, тээ кырдагы кыркаар тизилген мүрзөлөр тарапты телмире карап:
– Кечир мени, абышка?!. – деди ким бирөөнө эреркегендей эриндерин эмшеңдете, ый аралаш унчугуп. – Ке¬рээзиңди аткара албадым окшойм!.. «Уулум өзүмдөй болсо, өзүмдү тартса..» – дечү элең... Тартпай калды!
Энени жоолугунун астынан көрүнгөн ак чачтары айдарым желге дирилдеп учуп, кайдан-жайдан соккон муздак шамалга этек-жеңи делбектей түштү.
– Энекебай! !! – ушул учурда баятан батына албай, абай салып карап турган келини келип кучактап калды. – Энекебай, ыйлабачы энекебай?! Кечирчи, бизди?! Сизди ыйлата¬йын, кейитейин деген жок элем! Уулуңуз адеп ала качып келген күнү да жалгыз гана сиз үчүн ушул үйдө калып, сизди кыя албаганым үчүн ак жоолугуңузду салынгам, энекебай! !! Менин сизге жакшы келин, уулуңузга бактылуу жубай, мээрман эне болгум келген!.. Ушуга чейин оңолот деп күттүм эле, а бирок!..
Кучакташып алып, өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлаган энелерин карап отурган эки кичинекей да бир убакта бакырып ыйлап ийишти эле, Жаңыл апа адегенде өзүн-өзү тыйып:
– Ыйлабай мен кара жерге кирейинчи! Көзүмө ак түш¬сүн! – деди да, – Кой, балам, токтот ыйды! – деди Алияны.
– Чоң эле катындар кенедей балдардын жүрөгүн түшүрүп, озондоп ыйлап, ботом!.. Кудай урбадыбы! .. – деп жоолук-башын оңдоп, жеңинин учу менен көзү-нүн жашын арчыган эне:
– Келе, балам, кызыл-кызыл демдеп, ысык чай апкелчи?! – деди да өзүн тегеректеп бөжү¬рөгөн неберелерин алмак-салмак шорулдатып жыттаган болду. Анткен менен эненин ою онго, санаасы санга бөлүнүп, отурган ордунда тегеренип-тегеренип кетип атты.
Ошол эле күнү кечинде:
– Мен барайын, балам! – деди Алияга. – Ал акмагым эмне кылып, эмне күндө жүргөнүн өз көзүм менен көрүп, билейин! Эс-акылы жайында болуп, мени «энем» десе ээрчитип келейин. «Жок, эненин да, үй-бүлөнүн да кереги жок!» – десе аны да көрөйүн!
Ынангандай Алия да унчуккан жок. Акшооланын дарегин ак кагазга бадырайта чиймелеп, курбусуна өзүнчө кат да жазып, энесинин чөнтөгүнө бекемдеп салып атып:
– Энеке, ушул дарек менен түп-түз Акшооланыкына барасыз. Анан да ал жакта айылдагыдай эмес, машине деген кыйма-чийме, жолдон абайлап жүр-сөңүз! .. – деп санаасы тынчыбай кыңырылды эле:
– Э, балам, мени эмне Кудай алып, курт жейт дейсиңби, – деди адатынча өзүн тилдеп. – Мен куруюнчу! Андан көрө Жаратканым пендем десе, ушу силердин жамандыгыңарды көр¬бөй, санаа-көңүлүм тынчып туруп анан өлүп кетсем кана?!
– И-ий, энеке, ушинте эле бересиз! – деди келини анда кайненесине таарынгандай. – Антпеңизчи? !
Ушул: «Антпеңизчи? !.» – деген кептин ары жагында: «Эчак жоготкон эне жытын, эне мээримин эми-эми гана тапканымда, капкайдагы жаман сөздү кулагыма угузбаңызчы! » – деген маани бар эле.
– Балакетиңди алайын! – деген эне Алиянын маңдайынан жыттап, эркелетти. – Энең кара жерге кирсин! Өлбөйт, энең! Ошо, оңой менен өлбөсүн билип алып, жөн эле аңыраңдап атпайбы...
* * *
Бу кезде жоголгон баласынын күйүтүнөн жинди болгон Венера туш тарабы боп-боз дубалдар менен курчалган кууш, тар палатада шыпты тиктеп, кыймылсыз жаткан. Баятан бери кайда жатканын, бу жерге кантип, кандайча болуп түш¬көнүн боолголой албай атып, араң-араң, бүдөмүк эсине келди: Ооба, ал Акшоола иштеген гезиттин редакциясына үзүлбөгөн үмүтүн жүрөгүнө үлпүлдө¬түп жагып алып: «Уулумдан бир жакшы кабар угаар бекемин...» – деп барган! Анан?! Анан эмне болду эле?..
«Секетиң кетип кала¬йын уулум!!! – деп эми эсине келе түшкөн келин кө¬мө-көйүндө бир катуу чаңырып алды. – Кайдасың?! Мен кайдамын?! Сени издебей, сени таппай, бу жерде мен эмнеге жатам, кокуй?!»

#17 23 Июнь 2016 - 13:31
Жакшы эле тура чуркамакчы болуп ордунан обдулуп, а бирок такыр козголо албай койду. Башын көтөрүп тулку боюна көз жиберди – темир керебетке аны каршы-терши байлап коюшуптур. Эки колу, буттары да сунулган боюнча керебетке таңылуу экен. Бошонууга аракет кылып, болгон күчү менен тырышып тартынганда эки бети чыңалып ысып, мойнундагы күрөө тамырлары көгөрүп көөп, сыртка чыга түштү. Жулунуп-жулкуна берип, акыры чарчап суй жыгылганда гана тынчып, өзүн кайра таштап ийип, суналып жатып калды. Анткени менен, кандайдыр бир ызалангандай ылдам-ылдам,
энтиге дем алып, кара терге түшүп кетти да, бир убакта бүтүндөй оорукананы жаңырта:
– Аа-а-а! – деп кыйкырып алды. Эшиктен топурап, жалаң ак кийинген адамдар чуркап кирип келишти.
– Айткылачы, мен кайдамын?! – көздөрүн алайткан келиндин адепки эле су-роосу ушул болду.
– Венера, коркпоңуз! Сиз азыр ооруканадасыз, – деди ак халатчандардын арасындагы орто жашап калган адам. – Баа¬ры жакшы... Кудай буюрса, жакында жакшы болуп кетесиз.
Венера дагы эле эч нерсе түшүнбөй атты:
– Оорукана?! .
Дарыгер жоошута ун¬чукту:
– Эгерде өзүңүздү жакшы кармап, дарыгерлердин айтканын аткарып турсаңыз, баары жайында болот.
Венера бир нерсе айт¬кысы келгендей аны жалдырай тиктеди. Атү¬гүл анын колунан кармап, бутуна жыгылып: «Айланайын абаке, мен оору эмесмин. Дени-кардым соп-соо, болгону эле мени коё берип койгулачы?! Каяктадыр мени уулум күтүп атпайбы! Мен аны табышым керек!» – дегиси келип, бирок колу-бутун жылдыра албай:
– Суранам сизден, мени чечип коюңузчу? – деди. – Мен уулумду издеп келгем. Мен аны табышым керек. Менден башка баламдын издей турган эч кимиси жок, абаке?! Суранам, сизден?! Меникиндей бала сизде да бардыр?!.
Дарыгерлер бири-бирин карашты. Эмнегедир, башкы дарыгердин да каректерине кылгырып, ысык жаш тегерене түшкөнсүдү. А бирок анысын бат эле башкаларга көргөзбөй ары катып алып:
– Түшүнөм, кызым! – деди. – А бирок, ошентсе да бир аз күн дарылайбыз. Сизге да жашоо, ден соолук керек, ыраспы? Айтмакчы, жанараак эле кошуналарыңыз, кызыңыз келип кетти.
– Кызым?!
– Ооба. – Венеранын өңүнө кичине кызыл жүгү¬рө түш¬көнүн баамдаган дарыгер өзү да анса¬йын жайдаңдап, баса айтты. – Кызыңыз тим эле ширин экен, ананайын! «Апакемди айыктырсаңыз, мен чоңойгондо сизге кө-өп акча берем» деп коёт, тегеренейин.
Венера ууртунан күлүмсү¬рөдү.
– Мына, караңызчы, күлгөн сизге кандай жарашат?! – деди дарыгер. – Ажарыңызга чыга түшпө¬дүңүзбү. Азыр кыздар ийнесин сайсын, анан тамак алып келишет. Сүй¬лөштүкпү?
«Сүйлөштүк», – дегендей күлүмсүрөп баш ийкегени менен, Венера ары жагында эптеп эле байлоодон бошоп, бу жерден качып чыгуунун амалын ойлоп атты.
А бирок, укол алган соң өзүнө-өзү ээ боло албай, көөлгүп уктап кетти. Түшүнө ыраматылык күйөөсү, уулу анан кызы кирип атыптыр. Адатынча Гүлзааданы бир ийнине, Эркинбекти бир ийнине кондуруп алган күйөөсүнө:
– Алтынбек, абайлачы берекем! Балдарды жыгасың! – деп чебеленип атат. Айткандай эле, Венера оозун жыйгыча Алтынбек мүдүрүлүп жыгылып, жанталашкан келин кызын араң кармаганга үлгүрөт. Кайдан-жайдан алар турган жерде ор пайда болуп, ата-бала кум-шагыл менен кошо агылып, ошол орго кирип кетет!
– Аа-аа!!! – деп чаңырган келин чочуп ойгонду. Алка-шалка тер кетип, акактап суусап, эриндери кургап кетиптир.
Аңгыча эшиктен желим табакка тамак көтөргөн аял кирди.
– Эжеке, колумду чечип коюңузчу? – Венеранын кош кареги жалдырап, жардам күтүп жайнап кетти. – Эж-же?!.
Балпайган аял колундагысын тумбочканын үстүнө шашпай коюп атып, сынагандай:
– Ии, анан? – деди жайбаракат. – Ме-ен колуңду бошотоюн, анан сен эмне кыласың?
Аялдын эч камырабай, былкылдап шашпай мамиле кылганына келиндин ичи бышып кетти. Антсе да өзүнө сабыр тутуп, токтоо унчукту:
– Колум талыды, эже. Суранам, бошотуп коюңузчу?
Кечээ эле эс-учун билбей өзүнүн чачын жулуп, ар кимге атырылып аткан «байлатма жиндинин» эми минтип, акыл-эси соо адамдай сүйлөгөнүнө ишенип-ишене албай, «жалт» бир карап алып, тиги бурчта турган отургучту керебетке жакын жылдырып келген аялга:
– Эже, түшүнсөм Кудай урсун. Бул деги эмне болгон оорукана? – деди келин.
Аял аны аягандай башын аста чайкагылап, жооп бе¬рүүнүн ордуна: «Аны айткан менен сен түшүнмөк белең, шоркелдей?» – деген кыязда, тек гана билинер-билинбес улутунуп:
– Тамак жейсиңби? Кардың ачты го, – деди да, андан ары ага эмес, башка эле бирөөгө сүйлөп аткандай жөн салды күңкүлдөп койду. – Дагы кызыңдын бактысы бар экен... Сени киши болбойт го дедим эле...
Венера дагы эле аң-таң: «Мага эмне болгон? Жыгылдым беле? Же машина уруп кеткенби? Анда колу-бутум сынат эле го?!.»
– Эже, адамды эзбей ачык айтыңызчы, деги менин дартым эмне?!
Ошондо гана санитарка аял келинге көз токтото, соо адамды карагандай тигиле карады да, анын уйпаланып, туш келди чачылган чачын оңдогон болду:
– Киши өтө катуу кайгыргандан да ооруйт, кызым. Акыры, адамдын мээ¬си темир эмес да... Кү¬йүт¬кө алдырып коё жаздапсың! Бизге келгенде аябай эле катуу келдиң эле, мына бүгүн дурус. Анан калса, ап-арык болуп алып тим эле тарамыш экенсиң, – аял эми тамаша-чындан айтты. – Эки-үч эркектин да күчү келбей, эч кимге ээ-жаа бербей! Ошон үчүн ушинтип байлап коюшпадыбы. Карачы, муну! – Аял оң жеңин өйдө түрө коюп, билегиндеги тытылган тырмактын изин көр¬сөттү.
Уялгандан Венеранын эки бети тамылжып кетти:
– Мен?..
– Ийи! – деди аял. – Сен!..
– Кечирип коюңузчу? Мен... билген жокмун.
А бирок аялдан Венерага карата таарыныч да, жек көрүү да байкалган жок. Тескерисинче мээримдүү көздөрүн күлүңдөтө:
– Эч нерсе эмес, – деди. – Эң негизгиси жакшы болуп кетсең болду. Кел эми, өзөк жалгап ал. Акыры адам эмессиңби, ботом, өзөгүң карарды го?
Ошол таңылуу боюнча керебеттин башын өйдө көтө¬рүп, Венераны отургузду да, жыгач кашык менен оозуна тамак салды...
Ушул учурда экөөнүн тең эси-дартында бир гана нерсе – эч дайынсыз жоголгон кичинекей Эркинбек турган. А бирок, экөө тең ошону бири-биринен жашырып, ичтерине катышты. «Кокус, жаза тайып жарасын жаңыртып алсам, оорусу кармап кетпесин», – деди аял. «Уулумду жоготтум десем ишенбей, булар мени «жинди» деп атышат окшойт, учукпай турайынчы», – деди келин.
– Бул жерден эрте¬рээк чыккың келсе, адегенде жакшылап сакайышың керек, – деди аял бир убакта жакынындай боор тарта. – Ал үчүн доктурлардын айтканы менен болуп, анан өзүң да өзүңө жардам беришиң керек. Ооба, ооба! Акыл-эсиңди токтотуп, ардеме-бирдемелерди көп эле ойлой бербе! Башка түшкөндү көтөрбөскө чарабыз барбы? Баарыбыз бир Кудайдын колундабыз. Кимибиздин маңдайыбызга Теңирдин эмне жазганын биз каяктан билебиз? Ии! Өзүңдү ойлобосоң дагы, алиги алмончоктой болгон кызыңды ойлобойсуңбу? Сен таптакыр оорулуу болуп калсаң, ошонун эле шору!
Ушинтип божурап отурган аял бир убакта: «Мени бул түшүнүп атабы, же жөн эле талаага айтып атамбы?» – дегендей келинди сынай сурады:
– Айтмакчы, кызыңдын аты ким?
– Гүлзаада.
– Канчада, кызың?
– Апрелде бешке толгон.
Ошондо гана аял кубангандай:
– Ии, түзүк! – деди да: – Эми кичине эс ала гой, айланайын. Ушул бойдон жакшы болуп кеткиң бардыр. Колу-бутуңду болсо, ананыраак чечишээр, – деди. Ошол арсарсуунун артында: «Эгер кайра эле жин ооруң кармап кетпесе!» – деген кү¬мөн¬сүү бар эле.
Аял чыгып кеткенден кийин палатанын ичин кулак-мурун кескендей дүлөй жымжырттык уялай түштү. Бая¬тан бери өзүн ансыз да араң кармап жаткан Венеранын өзөгү өрттөнүп, тамагы жашка мууна түштү. Каректерине тегерене түшкөн ысык жашты ирмеп-ирмеп агызып салды да, эрдин тиштей көшүлө көз-дөрүн жумуп, азаптуу ушул күн¬дөр кантип, кайдан келгенин эстеп, өткөн-кеткенге ой жү¬гүрттү...
* * *
Кийинки күндөрү күйөөсү көп иччү болгон. Күйүтү бар кишиче түнөрүп, чүнчүп кеткен. Эмнегедир эле эч ким менен сүй¬лөшкүсү да келбей ээн калып, ойлонуп жалгыз жата бергиси келчү.
– Ии, сага эмне болду? – дечү Венера ага оюн-чындан асылып, – Ушу сен бирөөнү сүйүп калгандан соосуңбу,я? Кимдин эле анчалык азабын тартып, саргайып санаага батып атасың?!
Күйөөсү унчукпайт. Ансайын Венера ажыкыстанып анын ары жак, бери жагына чыгат:
– Акыркы күндөрү, оюңдун баары эле ошо болуп калды го?!
– Кайсы ошо? – дечү анда Алтынбек чын эле жубайы оюндагысын окуп алгандай, саал оңтойсуздана калып.
– Оюңдагы ошочу? Ойношуңбу, кимиң?!
– Ой-й! – деп анда Алтынбек тетири карап кетүүчү. – Мен дагы бир маанилүү нерсе айтат го десе!..
Шыпты тиктеп, адатынча ойго чөмүлүп тунжураган күйөө¬сүнүн жанына сыңар тизелеп отура калып, Венера бир күнү ыйламсыраган:
– Ушунчалык өзгөрүп кеттиң, алтыным. Акыры мен деле адаммын го, кантип эле сени түшүнө албайын?! Ачылсаң боло?! Карачы, өңүңдөн азып, арыктап да баратасың! Балким, бирөөгө бересең бардыр? Же башка бирөөнү таптыңбы? Чарчадыңбы? Өзүңдү да, мени да кыйнай бербей айтчы, Алтынбек?!
Күйөөсү анда жубайын жубата өзүнө тартып, кучагына кыскан. Эркелетип, жакшы сөздөрдү айтып жалбарган. Анан эле бир убакта ойго келбеген нерсени айткан:
– Кокустан мен жаза тайып, ары карап кетсем куурайсың го! Үй да чала бүткөн боюнча калып... Балдар да кичинекей. Мага ошондо: «Оңураак шарт түзүп берип өлбөй!..» – деп таарынаар бекенсиң... Баарын тең эле билип, көзүм жетип турат. А бирок...
– Алтынбек, капкайдагы сөздөрдү сүйлөп, эмне деп эле атасың?! – Мындай жооп угам деп ойлобогон келиндин жүрөгү сыгыла түшүп, а бирок сыр бербей зирпилдеп, таарынган:
– «Жаман эркек өлөм деп коркутат! » Капкайдагы сөздөрдү сүйлөбөй, оңолчу!
Ошенткенине кийин аябай өкүнбөдүбү. Жок дегенде: «Эмнеге антесиң, Алтынбек?» – деп себебин сурабаганына жини келет. Өлөөрүн алдын ала кантип билди экен, шордуу? Балким түшүнөн чочугандыр? Балким, өзү¬нөн башка жан билбеген өнөкөт оорусу өтүшүп кеткенин туйган бекен? Аны эмнеге мындан жашырды десең?!
Ошентип, каргашалуу бир түнү эле, демейдегидей болбой көңүлү өсүп, ачылып-чачылып калыптыр болчу. Балдарына да башкача мээрим төгүп, кайра-кайра канбай өөп-жыттагылап, Венерасынын тамагын мактап ичип, тээ түндүн бир оокумуна дейре кобурап жатып эле, жубайын кучактап жаткан колу бир катуу серпиле, денеси «дирт!» дей түшүп, магдырап «уктап» кеткен!.. Адегенде эмне болуп кеткенин түшүнбөй калып, кайра-кайра ойгото жулкулдатып, качан гана күйөөсүнүн ойгонбосуна көзү жеткенде гана артынан:
– Алтынбе-ек! !! – деген жубайынын ачуу кыйкырыгын укпай... кете берген!
Венера күйөөсүнүн кыркылыгынан кийин бат эле базарга чыкты. Антпеске айласы да жок эле. Өзү айтмакчы, «Жетим өз киндигин өзү кеспесе», алаканына бирөө-жарым талкан салып береби?
Анткен менен, базарда эле акчаны боолап табат дейсиңби? Бир жерден арзаныраак алып, кайра үстүнө анча-мынча үстөк кошуп, керээлди-кечке какыйып базардын оозунда:
– Баштык керекпи? Баштык алыңыз?! – деп ар кимге көзүн сатат. Эки кенедейин болсо коңшу келинге табыштап кетет. Жээнгүл өзү ырас келин. Эмчектеги баласын таштай коюп, күн батып, каш карайгыча бир буту булардыкында. Тамагын ысытып, чайын кайнатып берип, эки жетимчеге эртеден кечке баш-көз болгон ошол. Кыз бала эмеспи, Гүл¬заада да Эркинбегин караганга жарап калган. Бөбөгү да бөжүрөп жоош, эжекесинин ою менен болуп, эпе¬йип ээрчип алат. Ал экөөнү эстеген сайын энесинин эмчеги зыркырап, заманасы куурулат. Кээде сатып аткан баштыгын деле эсинен чыгарып ийип, балдарын бир ойлосо, эрте өлүп кеткен шордуу эрин бир ойлоп, көзүнүн жашын агызып, унчукпай ыйлап тура бер¬чү адат тапкан. Ары-бери өт¬көн¬дөр таң калып карап өтүш-сө, жанындагылар: «Ыйлай берип эриңди кайра тирилткениң канакей?! Болду эми, ыйлаба! Андан көрө белиңди бек бууп, балдарыңды ойло!» – дешет. Кээ бирөөлөр кээде аны ты¬йып, кайратына келтириш үчүнбү: «Ай, ыйдын арты – ый болот дейт! Жаман жорукту баштап эмне эле сыздайсың?! Андан көрө калган өмүр-жашын балдарына, өзүмө берсин деп тилебейсиңби? !» – дешсе: «Башы оорубагандын Кудай менен иши канча?! Менин жүрөктөгү айыкпас арман, азабымды алар түшүнмөк бе¬ле?!» – деп ого бетер тү¬төп кетчү.
Булардан азыраак ары¬тада азык-түлүк саткандар тизилип, кыркаар тартат. Алардан да арыраак темир бочкелер шагырап, жалаң суу май саткандар отурат.
Айткандай эле, жамандык да жалгыз келбей, жанына дагы бирөөнү коштоп, ээрчитип ала келет экен. Айтор, чындап эле анын ыйы дагы бир ый ээрчитип келди...
Бир күнү да ошентип, ыйлап турат эле. Эртең менен бул чыгып баратканда эшиктин алдында сербейип, энесин узата, умсуна карап калган Эркинбегин, эпейип отура калып, бөбөгүнүн шымын кийгизип аткан кызынын элеси да кайра-кайра эле жадымынан кетпей, элестеп туруп алды. Ал анса¬йын каңырыгы түтөп, көз жашын тыя алсачы!
– Тээ-тигил келиндин дени-карды сообу? – деди ошону көптөн бери байкап жүргөн Самаган жанындагы аялдан сурап. – Эмнеге эле дайыма ошентип ыйлай берет?
– Ал бечара эмне, «жыргагынан жылкычы болуп атат» дейсиңби?! Күйөөсү өлгөн! – деди май саткан аял. – Шордуу, эң эле адамкерчиликтүү, жакшы жигит болчу.
– Көп болдубу?
– Жакында эле кыркылыгын берип келди.
Ошондон кийин майчы-Самаган келинге ансайын назар салып, көрүнбөй калса издеп калчу болгон. Жашы жыйырма бешке жетип-жетпеген жаш, жесир келинге кээде: «Күйөөсү өлсө эмне экен, башка эркек таап албайбы?! Обу жок катын го?! Же эрсиреп атабы?!» – деп таң калчу. А чынында, өңү-түсү ак саргылынан келип, ак кайыңдай солкулдаган адеми, кош кареги ботонукундай бир башкача муңайым жайнаган келинге андан башка деле тымызын назарын салгандар жок эмес эле.

#18 23 Июнь 2016 - 13:33
Кийинки күнү да Венера сатылбай калган баштык-үштүгүн жыйнап, балдарына анча-мынча тамак-аш алып, аялдамага шашып келатты. Аңгыча аркасынан дүпүл¬дөп чуркап, жете келген бирөө:
– Чоң кыз! – деп капыл-тапыл билектен алганда, жүрөгү оозуна кептеле түшкөн келин тигинин чеңгелинен билегин күч менен араң тартып алып:
– Эмне?! – деди орой. Анткени, буга чейин да күпүйгөн ушул эркек бир-эки жолу шынаарлап жанына келип, ыржактап ар кайсыны айт¬канынан катуу сүйлөп, кагып койгон.
– Эчтеке! – деди тигил да кержейе. – Узатып коеюн?!
– Кереги жок! – деп жактырбай тетири баскан келиндин артынан тигил: «Ики, шашпа се¬ни!» – дегендей узата карап, мыскылдуу күлүм¬сү¬рөдү.
Венера күүгүм талаш үйүнө жетти. Эмнегедир, жанагы боюн¬ча эле жүрө-гүнүн опкоолжуганы басылбай койду. А бирок, бая автобуска өзү менен эле кошо түшүп, артында акмалап келаткан Самаганды ал байкаган да эмес. Качан гана үйдө өзүн күтүп, терезе карап турган кенедейлерине учуп жетип, экөөнү бирдей бооруна кы¬сканда эшик ачылып, сомодой болгон жанагы эме үйгө жылып кирип, корк¬конунан келиндин келмеси оозунан ыргып кетти! Эки баласын кучактаган боюнча жалдырап, тил-ооздон калган эмече тигини тиктеп, эс-мас боло түштү. Анысы жанагы эле ырсайган калыбынан жазбай, жайбаракат илгичти ичинен илди дагы, оңой туткан олжосун кумардан кана, шашпай эрмектегиси келген жырткычча эшиктин оозундагы отургучка жайбаракат көчүк бас¬ты. Эсине келе калган келин анын кыбыңдаган көздөрү менен жагымсыз жылмаюусунан жакшылык күтүүгө болбосун түшү¬нө жанталашып, балдарын артына корголото койду да:
– Кетиңиз! Чыгып кетиңиз! – деди кара күчкө опузулаган болуп. – Чыгып кетиңиз деп атам! Болбособу, оңбой каласыз! Мен азыр милийса чакырам!! !
Баятан бери энесинин келгенине кубанып, мойну-башынан кучактап бойтоңдоп атышкан кичинекейлер эми анын үрпөңдөп коркконун көрүп, кайдан-жайдан пайда болгон тигил түрү суук, шумдуктуу кишинин ким экенин сезгендей, жарышып ыйлап ийишти.
Ошондо гана эшиктин оозунда дүңкүйүп отурган Самаган кудум олжосунан ажырап калуучу жырткыч окшоп, ордунан ыкчам туруп буларга эки эле аттап жетти да, чырылдап энесине жабышкан эки наристени эки жакка алып ыргытып, келиндин оозу-мурдун кабыштыра кармап басып жыгылды!..
Эки баланы чыркыратып каратып коюп, адам жасагыс айбанчылык иш жасап, тээ бир убакта эрдик кылгандай маңкайып туруп, жерге түшүп кеткен шымын шашпай шым¬данып кийип алып, үй¬дөн «култ!» деп жылып чыгып кетти.
Күйөөсүнүн күйүтү бир тең, бу кордугу бир тең болуп боздоп, таң атканча ызага муунуп, кирпик көзүн ирмебей ыйлап чыккан Венера таң заардан эле Жээн¬гүл менен участ¬калык милицияга барып арыз жазып келди. А бирок Самаган:
– Жаңылдым, жаздым, акебай! Күн мурун сүйүп, күйүп жүрдүм эле! Жакшылык кыла¬йын деген эле ниетим бар эле, ишениңиз? Венерага менин жаман ниетим болсо буюрбасын! .. – деп эртең менен базарга келээри менен колуна кишен салган укук коргоо кызматкерине жалынып-жалбарып, бө¬лүм¬гө жетер-жеткиче боздоп барды. Атүгүл канча миң акча убада кылып, бат эле ичи-койнуна кире койду.
– Чоң кыз, муну кестирип ийгенде эле эмне?! Анын үстүнө ал байкуш көптөн бери сизди сыртыңыздан сүйүп, жактырып жүргөн экен. «Макул болсо аялдыкка алып, балдарына ата болуп багайын. Болбосо айыбымды тартып, алдына жылкы тартайын» дейт. Өзүңүз деле ак-караны таразалаган эстүү жан экенсиз, кепке келиңиз. Анын үстүнө... эчтеке көрө элек жаш кыз эмессиз! Ойлонуп көрүңүзчү? – деди кечинде үйгө келген милиционер бал тилге салып. – Же «итке өчөшүп, көй-нөгүңүздү отко сала¬йын» дейсизби? Айтмакчы, ал акмактын да сиздикиндей, чиедей жаш балдары бар экен, аларды жетим калтырасызбы? «Кеңешип кескендин бармагы оорубайт» эмеспи, кабыргаңыз менен кеңешип көрүңүзчү?
Балдарды укканда Венеранын жүрөгү саал жумшарып, ойлонуп калды: «Айт-кандай эле, болоору болуп, боёосу канган соң аны кестирип, балдарын тирүүлөй жетим кылсам башыма мүйүз чыгабы? Андан көрө, алдыма тарткан жылкысын сатып ийип, элчилеп базардан орун алып, чоңураак соода кылсамбы?..» Ары ойлоп, бери ойлоп, жакынсыган коңшу-колоңдору менен акылдашып, кеңешип-таңашып атып, акыры ошентти. Самаган да сөзүнө турду. Буга чейин тийип-качып жолугуп жүрчү баягы Ырыскандан бирдеме чыгаарын билип, эми аныкынан таптакыр чыкпай калды. Ырыскан да «колго түшкөн коенду оңой менен коё бергиси» келген жок. Андан-мындан карыздап атып, аз эле күндүн ичинде сураган акчасын таап бере койду эле, а бирок Самаган ойлогондой милиционер ошого эле ыраазы болуп калбай артынан сая түшүп, ыкылдатып атып Венеранын бээсин да өндүрдү. Ошондон кийин гана экөөнү эпке келтирип, келиндин арызын айырды.
Бирок, бир чоң балакеттен кутулганы менен Самаган капчыгынын оозу аңырайып, ачылган боюнча куру жалак калганына, айрыкча жылкысына ичи ачышып, кекенип калды. Көптү көргөн кыраакы милиционер ошону байкадыбы, анын үстүнө Венеранын да өтүнүчү менен: «Эгерде эле ушул аялга экинчи жакындасам, анда бардык айы¬бымды кайра мойнума алып, мыйзам алдында жооп берем...» – деген түшүнүк кат жаздырып алды.
Чыны менен эле эки-үч айдын ичинде Венера базардын бир бурчунан орун алып, баягыдан аябай эле тыңыгансып калды. Бирок, анткен менен алдыда аны баягыдан да кыйын жоготуу, жоболоңдуу бу күндөрдүн күтүп атканын ал каяктан билди?!.
Күнүгө эртең менен энеси базарга кетээри менен экөө ээрчишип алып Жээнгүл эжесине киришчү. Кирип эле бешиктеги ымыркайды тегеректешет. Андайда: «Өздөрү бала туруп, деги эле булардын баласаактарын карасаң», – деп ансайын кичинекей жетимчелерге эненин ичи элжирейт, эркелетет.
Ошол, Эркинбек жоголгон күнү да жөжүрөшүп, эрчишип келатышкан экөөнү терезеден көрүп утурлап чыккан келин экөөнү тең беттеринен өөп, Эркинбекти көтөрүп кирген. Каадалуу кишиче босогодо бутун чечип, анан баягысындай эле балага барып:
– Э-эй, э-эй!.. – деп эркелеткен болуп, бирдемелерди эле чулдурап айтып аткансыган.
– Ляля аяй, ээ? – дейт эжекесине кеңешип.
– Ийи, аяй, – деп эжеси кайра анын өзүн эркелетет. Ошол күнү Эркинбекке Жээнгүл өзгөчө имерилип, ичи ысыган. Эмнегедир, баладан башкача жагымдуу көрүнгөн ошол күнү. Тамагын ичип болуп:
– Мен кетем, ээ? – деп чоң кишидей коштошуп кетип аткан балага:
– Эркинтай, бөбө¬гүңдү багып, кетпей эле койчу? – деген Жээнгүл. Анда Эркинбек ку¬дум арсарсыган адамча унчукпай, саамга ойлоно калып, анан эжекеси экөө жетелешип алып чыгып кетишкен. Алар үйү¬нө кирип кеткиче Жээн-гүл терезеден карап турган болчу. Ошондон көп деле өтпөй, түшкө чукул үйгө Гүл-заада өзү жалгыз кирди.
– Эркинбек кана?
– Экуля жок экен! – деди бөбөгү биякта да жок экенин көрүп, коркуп кеткен кыз алаңдап. – Экөөбүз уктайлы дегенбиз... Анан мен уктаганда ал сиздикине кетип калган го?..
– Жок, биздикине келген жок! Көрбөй калдың го, үйдө эле болсо керек, – деген Жээн¬гүл алардыкына чуркап барып келе койду.
– Эшикте, бир жерде уктап калбасын, я? – деп экөөлөп эшиктен издешти. Эч жерде жок!
– Ай, деги качантан бери жок? Дагы каякка ойночу элеңер? Айтчы?! -Жээнгүлдүн жүрөгү дүкүлдөп, эми ый аралаш унчукту. Ансыз да бакырып ыйлап ийгени араң турган Гүлзаада эриндерин эмшеңдете ийнин куушурду.
– Качан чыкты эле? – Жээнгүлдүн кооптонгондой калтырак баскан добушунан улам Гүлзаада коркуп, үңүлдөп ыйлап ийди.
– Ыйлаба! Бар, үйгө кирип баланын жанында отуруп тур. Ыйласа оозуна упчусун салып термет, макулбу? Мен Эркинбекти издеп келейин... – деген келин, – Эркинбе-ек?! Экута-ай! – деп жанатан бери канча бир жолу караган жерлерин кайра да карап жүгүрүп кетти. Ары-бери өткөндөрдөн: «Кичинекей бала көрдүңөрбү? !» – деп сурап, анан айылдын аяк-башына чыгып чуркап жүрүп, акыры чарчап суй жыгылды. А бирок: «Көрдүм» деген бир да бирөө чыккан жок. Аркы кошунанын үйүн тегерете дубал салып, ылайдан күпүлдөтүп сокмо согуп аткан устага көзү урунган келин жоготкон жогун ошондон табуучудай, эмнегедир жүрөгү бир башкача «болк»! дей түштү. А бирок жакын келип:
– Аке, бир кичинекей бала жоголуп атат. Көргөн жоксузбу?! – деди эле кара терге түшүп, баш көтөрбөй иштеп аткан сокмочу аны карап да койгон жок. Тек гана: «Көргөн жокмун!» – дегендей эки бетин булкулдата баш чайкап, колунан бирөө жарым жумушун жулуп алчудай ансайын терин агыза арбалаңдап, жаналекетке түшүп сокмосун ургулай берди...
Чак түштө эле бар туруп, эч дайынсыз көздөн кайым болгон баласынын күйүтү ансыз да кабыргасы кайышып турган Венераны кайра да катуу кан жуткуруп, таптакыр алы-күчү¬нөн тайытып, алсыратып салды. Барбаган жери, сурабаган кишиси калган жок. Баланын сүрөтү тартылган баракчалар ар кай-ар кай жерге илинип, басма сөз каражаттары да канча бир жолу калайык-калкка кайрылып, ички иштер органдары жумалап-айлап жакшы эле издегени менен, бала эч кайдан табылган жок. Венера байкуш «мен төл¬гөчү, көзү ачыкмын» дегендердин да эшигин жыртты. Анткен менен бири бирди айтса, экинчиси караманча башканы айтып, ансыз да араң турган келинди таптакыр карайлатып ташташты: «Аа, кокуй күн, эриң баласын жанындай көрчү беле? Өзү менен кошо ала кеткен турбайбы! Издеп убара болбой эле кой, таппайсың! » – деди бири. «Балаң атасын сагынып, ошого окшогон бирөөнү ээрчип кетиптир! Аман-эсен эле бирөө¬нүн колунда жүрөт. А бирок, каа¬пырлардын бербеске ниети бузулуп калыптыр! » – деди экинчиси. «Антпей эле Эркинбекти азыткы алып кеткен тура!» – деди дагы бири. «Билген эле бирөөлөр акмалап, аңдып жүрүп, чет өлкөгө бир канча долларга сатып ийиптир!» – дегенди да эшитти. Венера шордуу андан да кыйын: «Киши жегич деген чыгыптыр эле!..» – деген шумдукту угуп, анда да бир эстен танды! «Ошончонун баарын көтөрүп жүргөн дагы бул кыйын экен. Кудайым пендем десе, мындай азапты башка салбасын! ..» – дешти аны көрүп-билгендер.
Ошол күндөн ушул күн Венера башканын баарын унутуп эле, дайынсыз жоголгон баласын издеп, сандалып басып калды. Энекесин аягандай бото-көздөрүн жайнатып, жалдырап караган кызынын саамайынан сылайт дагы, эрте заардан: «Сен эч жакка чыкпагын! Сени да азыткы алып кетет! Жээнгүл эжеңдин үйүндө тынч отургун, макулбу?! Мен Эркинбекти издеп келейин!» – дейт да кетет. Бала болсо да түйтөйүп өңдөн азып, чийдей болуп арыктап, эс кирип калган кызы апасына ишенет. Керээлдин кечке терезеде телмирип, апасы менен бөбөгү мына-мына азыр жетелешип кирип келүүчүдөй жол карайт.

#19 23 Июнь 2016 - 13:34
Венеранын болсо бирден-бир ишенгени – Акшоола. Ушул кабарчы аялдын ага аяр, ак дилинен жасаган алпейим мамилеси аны көп азаптан арачалайт. Ишенимин арттырып, үмүтүн улайт:
– Кудайым бар эмеспи, Венера. Бардык нерсени жакшылыкка жоруган оң. Балким бир күнү кимдир бирөө: «Кечиресиз, сиздин балаңыз ушул эмеспи? Баланча жакта адашып жүргөн экен. Сиздерди тапканча ушунча убакыт өтүп кетпедиби! Мынакей, эми алыңыз балаңызды! Бирок мындан ары балага сак болуңуз!» – деп уулуңду көтөрүп келип калгысы бардыр, – дейт Акшоола.
– Айтканың келсин! Ылайым эле ошондой болсо экен! Оозуңда бардыр!.. – деген Венера чындап эле ошол күндү элес¬тетип, каниет байлайт. Анан?.. Андан ары эмне болду эле?..
Ушул тапта оорукананын башкы дарыгери – жанагы орто жашап калган адам палатанын эшигин акырын ачып, кудум уктап аткан адамча көздөрүн жумуп, кыймылсыз жаткан келиндин жанына келди. Эмнегедир пациентин таа¬ный албай аткандай көп¬кө чейин жанында бүшүр¬көй карап, ойго бата тунжурай түштү да, эми-эми анын ким экенин эстегендей бүт тулкусун солкулдата улутунуп алып, кандайдыр бир санаа үстүнөн ныгыра басып алгандай акырын, чайпала басып чыгып кетти...
Венера жанына келген дабышты туйганы менен, көзүн ачып караган жок. Азыр ага кимиси келсе да баары бир эле. Бу тапта ал өткөн күндөр¬дүн элесине жипсиз байланып, кокус азыр ошол жактан, ошол күндөрдүн кайсы бир кычыгынан уулун таап алуучудай арбалып, үзүлгөн ой учугун андан ары чубады...
Бир күнү да Акшоолага баласын издеп келатса, жол боюн¬да отурган цыган аял:
– Чоң кыз! А чоң кыз, кел алаканыңды ачып берейин?! – деп калды. Андан кыйгай өтүп кетүүгө Венеранын эрки жеткен эмес: «Балким, Эркинбегимдин кабарын ушул аял айт¬пасын?! » – деген үмүтү көңү¬лүндө «жылт!» эте түшкөн да, алаканын тоскон. Цыган аял:
– Адегенде акысын төлөп кой! – деген. – Өкүнбөйсүң! ..
Венера кулагындагы акыркы алтын сыргасын чыгарып бергенде тигил шыр эле:
– Бирдеме жоготтуң беле? – деген.
– Балам?!. – шашкалактап ийген келин. – Айтчы, бай болгур, балам табылабы?!
– Табылат. Бирок, ошого чейинки жолуң өтө оор! – деген аял келинди аягандай, сырдуу тиктеп.
– Балаңды алыстан издебе, ал үйүңө жакын эле жерде!..
Цыган аял башка эч нерсе айтпай, андан ары узап баратып муну кандайдыр бир кызыктай, аягандай бир чолуй карап алган. Ошол караш жүрөгүнө бычактай сайылып, каршы-терши кадала түшкөн! Каапыр десең!
Эми да куду ошондогудай болуп, көз алдына тартыла калган ошол элестен качып, көздөрүн ачты келин. Дагы эмне болду эле? Андан аркысы эч эсинде жок. Ии, ооба, анан ал Акшоола иштеген гезиттин редакциясына келген. Анан? Ыйлап атканын бир эстеди. Калганын билбейт.
* * *
Эртең менен эрте Алия энесин таксиге салып атып:
– Байке, апамды мы¬на бул дарек боюнча алып барасыз. А кокус үйдө киши жок болуп калса... – деп буйдала калды эле:
– Анда эмне? Энеңди кайра апкелип берейинби?! – деди таксист же тамашалаганы, чындаганы белгисиз.
Ыңгайсыздана түшкөн келин:
– Жок! Бирок карыган адам, анын үстүнө шаарды да билбейт, санаам тынчыбай атпайбы... Байке, суранам сизден, кокус чын эле үйдө киши жок болуп калса, мына бул телефонго чалып коёсузбу? – деп бир бүктөм ак кагаз сунду.
Жолдо келатып:
– Кызыңыз го? – деди ай¬доочу жанындагы байбичеге.
– Келиним! – эне мактангандай компойду.
– Оо! Келиниңиз жакшы го? Же уулуңуз жакшыбы? Кээ бир келиндерге кайненин адашып кеткени кайра жакшы да!
– Ийе, ал өзүнүн дээринен да! – эне жактырбагандай унчукту.
Анткенинин да жөнү бар: Акыркы күндөрү айыл-ападагы катын-калачтын эле эмес, эки эркектин башы бириккен жерде деле сөз: «Жаңыл апанын келини...» болуп калган.
– Ой, оңбогурлар о-ой! – дечү болду кээде эне кулагы алда-нени эшитип калганда келин-кесектерге таягын сербеңдете. – Эбиреп атасыңарбы дале? Башка кептин баары түгөнүп, эми эрмегиңер менин келиним болдубу, ыя?
– Келиниңизди мактап атпайбызбы, апа, – дешет анда алар.
– Жаман эменин эмнесин мактайсыңар? !
Көз тийбесе экен деп ошентет эне. Анткени менен ошол: «Жаман эме» дегенинин өзүндө эле канчалык жагымдуулук, ичи элжиреп эркелеткендик жатат. Үйгө келип эле келинин ырымдап, арча-сарча түтөтөт. Кокус эле Алия эшикке чыгып келсе башынан суу тегеретип чачып, күбүрөнөт.
– И-ий, энеке! – Андайда Алия кытылдап күлөт. – Мени тим эле бир...
– Э, балам! Бирөөнүн көзүндө бар, бирөөнүн сөзүндө бар! – дейт эне да өзүнүкүн бербей.
Азыр да жанындагы жайдаңдаган тамашакөй шоопурду жактырбай, тескерилей түшкөнү ошол.
Кечке маал Жаңыл апаны такси түз эле Акшооланыкына алып келди. Алар эшиктин коңгуроосун басканда, жаңы эле иштен келип, ээн үйдө эч нерсеге көңүлү чаппай сулк жыгылган Акшоола «селт» этти: «О, Кудай?! Ынак болуп жүрбө¬сүн?! »
А бирок ал эшикти ачканда:
– Амансыңбы, айланайын? – деди бейтааныш байбиче. – Акшооланын үйү ушулбу?
– Ушул...
– Саламатсызбы, Акшоола айым? – эзелтен тааныштардай күлө бакты айдоочу.
«Булар кимдер эле?» – деп кайра босогодо буйдала калган келин ыңгайсыздана түштү:
– Келиңиздер? .. Төргө өтү¬ңүздөр, эне.
– Менин атым – Байтур, – таксист кирип-кирбей эле адатынча барбалактап кол узатты. – Мен силердин басылманы да¬йыма окуйм. Атүгүл чогултуп да жүрөм. Ишенбесеңиз көрсө¬төм...
– Ишенем, байке.
Жаңыл апа адатынча айдоо¬чуну жактырбагандай аңкая карады:
– Ай, бала! Бу сен деги кандай баласың?! Алдагы баланын колун коё бербейсиңби? !
– Аа, ооба! Кечирип коюңуз, эне?! Мен... байкабай эле, – деп тигил саал ыңгайсыздана түштү эле, эне ансайын шаштысын кетирип койду:
– Ийе, деги эле байкабай калаачагын, мунун!
– Коку-уй, энемден таяк жеп кала электе кетейин! – деген шоопур кожойкенин:
– Жок, жок, чай ичип кетиңиз, – дегенине көнгөн жок.
– Рахмат, Акшоола. Иши кылып апаңызды аман-эсен колуңузга тапшырдым. Антпесем, тигиякта сизге окшогон дагы бир кызы бар экен: «Кокус эле апамды адаштырсаңыз таарынбаңыз! » -деп катуу табыштады эле, – деди тамаша-чындан. – Анын үстүнө машинемде: «Үйү¬мө жеткир»– деп догурунган дагы эки кемпир отурат. Андан көрө мобуга кол тамгаңызды коюп койсоңуз? – чөнтөк дептерин сунду.
Кайдан келгени да, ким экени да али табышмак, капилет келген бу коноктор Акшооланын көптөн бери тым-тырс болуп тунжураган үйүн бапыратып жиберди. Анткен менен дас¬торконун жайып, ары-бери чуркаган кожойке береги чекесинин терин аарчып, үйдүн ичин айландыра карап аңкайган апанын ким экенине куштар: «Кызык, биздин айылдык болсо билет элем. Ынак тараптан болсо, Ынакты сурайт эле. Анда ким? Токточу! Коё тур, а балким бул?.. Ынактын алиги... жаңы махабатынын энеси эмеспи? Мүмкүн. Анда эмнеге келди?»
Кудайы коногу азыр: «Эми, эстүү эле келин экенсиң, балам. Эки бала жаңылыптыр, жазыптыр! Экөөнүн көп күнөө, аз айыбын кечир? Ошолор үчүн ушинтип, улуу башымды кичик кылып, алдыңа келип отурам. Кудай кааласа, кызым да кош бойлуу экен. Эми, экөөнө мыйзамдуу түрдө кечирим кылып, ыраазычылыгыңды бер, айланайын?» – дегени оозун таптап отургандай, Акшооланын кулагы туна түштү.
– Ата-энең күүлү-күчтүү¬бү, айланайын? – чай ууртап отуруп сурады эне.
– Жакшы, апа... – дегени менен Акшоола: «Сиз кимсиз? Кайдан, кандай максат менен келдиңиз?» – деп сурай албай, ичинен: «Эмнеси болсо да адамды эзбей, айтаарын батыраак эле айтса экен...» -деп атты.
– Ишиң жакшыбы, айлана¬йын? Бу шаарыңардын ысыгы укмуш тура! – деген эне аңгыча алда нени эстегендей ыргып-секирип кетти. – Апе-ей, каранкүн! Жанагы сомкем канакей?!
– Тигинде турат, эне.
– Ии-йи! – эненин жүрөгү ылдыйлады. – Мен да машинеде калып калганбы деп!.. Алып келчи, бери!
Дастарконго заматта сары май, сүрсүгөн эт, сүзмө, курут, чучук додолонуп, үйдүн ичи ого бетер бапырап, айылдын жыты «бур-р» дей түштү. А бирок, мейманын өзүнчө божомолдоп: «Ынактын кайын энеси» кылып алган Акшоола чыны менен эле ыңгайсыз абалда калды:
– Буларды жөн эле койбойт белеңиз, апа?
– Ошондон ушуга келатып, жөн да койчу беле, балам!
Бар дүйнөсү сыртында төгүлүп-чачылып, барпалаңдаган ак чач байбиченин алдында Акшоола өзүн канчалык өгөй, коомай сезгени менен, жандүйнөсүнүн тээ түпкүрүндө кандайдыр бир жагымдуулук, жылуулук уялап, эне баары бир ага жагып турду: «Кызынын кыял-жоругун эне кошо төрөдү дейсиңби? Бу кишиде эмне күнөө?» – деди оюнда. Тескерисинче: «Ии, сени күйөөң ошон үчүн чанган турбайбы», – деп бир жеримден кынтык таппаса экен деп атты. Бирок, көп өтпөй ушунун баары өзүнөн-өзү жуулуп, эмнегедир бат эле экөө ымалашып кетишти. Эне-баладай эрмектешип отуруп чай ичишти. Жаңыл апа алда нени айтып койсо эле Акшоола кытылдап күлүп калат. Анда:
– Ботом, эмне эле кытылдайсың? – дейт эне анса¬йын куудулданып. – Билгениң болсо айтсаңчы, мен деле күлө¬йүн?..
– Сиз күлдүрүп атпайсызбы, – деген келин бейтааныш эненин алпейимдигине ичи жылыйт.
– Апа, кемселиңизди эмнеге чечпейсиз? – дейт бир убакта боргулданып тердеген байбичеге катылып.
– Сени кийип алат деп коркуп аткам го, ботом! – деген эне кемселин чечип атып, адатынча өзүн-өзү урушат. – Капырай десең! Бирөө-жарым көтөрө каччудай болуп!.. Карыганда жаман киши ушинтип апенди болот! Какмар десе, анан калса, деги эле Кудай алчудай болуп тумчуланып алганымды көрбөйсүңбү! Ушу мени урушаар киши жок!
– Өзүңүзчү? – күлөт Акшоола.
– Өзүм кара жерге кирейин! – тескерилеп кетет апа. – Карылык деген ушинтип адамды карайлатат бейм. Ошону ойлобогонумду кара! Баса, күйөө бала кайда?
«Күйөө бала» дейби?! Ак¬шоола ансайын алдастап, эмне айтаарын билбей туюктала түштү.
– Мени көрсө: «Бул кайдан келген карала кемпир?»– деп ошол бала чоочуйбу деп жаным жок!..
– Апа?! – Кубангандан Ак¬шооланын көздөрү бажырайып кетти, – А сиз... Ынакты тааныбайсызбы? !
– Каяктан тааныйм, ботом? Сени эми таанып атсам!
– А мен сизди... Ынактын «туу¬гандары» го дегенимчи!
Жаңыл апа ошондо гана эстей койду:
– Апе-ей, балакетиңди ала¬йын! Айткан жокмунбу, сага?
– Жок!
– Ии-ий, өл-лүгүңдү көрөйүн! Ушундан көрө өлүп эле калсамчы!
Эне адатынча өзүн-өзү тилдеп, чөнтөктөрүнөн бирдеме издегендей кайсалактап атты:
– Баятан бери баланын башын чагып, ушу мен куруп эле калайынчы! «Каяктан келген кара кемпирсиң?» деп сен деле сурабайсыңбы, ботом! Анан да урушпа дейсиңер, урушмак турсун мени ура турган киши жок! – Кат берип атпады беле, ботом... Каягында калды?.. Ии, эсиңе жара чыккырдыкы, жанагы кемселде эмес беле! Алып келчи, айланайын?
Акшоола шашкалактап, энеден алган каттын башына бир, аягына бир көз жү-гүртө койду – Алиядан экен!!!
«Кандай Шоола?
Дениң сак, иштеген ишиң жакшыбы? Ынак кандай жүрөт? Биз болсок жакшы. «Өз үй, өлөң төшө¬гү¬бүз» болуп, жыргап эле калдык. Айылдын элин билесиң да, келин-кесек, кошуна-колоңдор менен да бат эле ымалашып, таа¬нышып алдым. Апамды болсо көрбөдүңбү, алтын киши! Биз келбесек, жалгыздыктан куурап калмак окшойт.
Чолпонай болсо сени оозунан түшүрбөйт. Чоң энеси экөө жума сайын эрчишип барып, почтодон гезит алып келишет.
Эми, биз жөнүндөгү калган кепти энемден угаарсың.
Акшоола, эгерде убактың болсо, энеме Самаганды издешип койчу? Бала деген энеге кандай болгон күндө да бала экен. Ичинен сызып, жаман болуп жүрөт. Аялынын аты – Ырыскан болуш керек эле. «Тажаал Ырыскан» деп сураса, аны базарда иштегендердин баары билет деп уккам. Убактыңар болсо, биз жакка да келип кеткиле. Болуптур, анда.
Бетиңден өөп – Алияң.»
Катты окуп, көзүнө жаш кылгырган келин Жаңыл апаны эми көргөндөй моюнунан бек кучактап, эне жытына эреркей көздөрүн жумду. Бирок, ушул тапта анын каректеринен тыпылдап кулаган ысык жашты эне туйган жок...
– Жаман кемпирдин эмнесин жыттайсың, бе¬рекем? – деги эле дээринен улуу-кичүү¬гө тең, мээрман эне Акшооланы эркелете, чачынан сылады.
– Алиялар кандай, эне? – кирпиктеринин суулана түшкө¬нүн жашырып, көздөрүн ала качты келин.
– Кудайдын дагы куру койбогонуна шүгүр. Жакшы!
Эне андан ары жүрөгүн өйүп, тээ тереңде уялаган ачуу өксүгүн жашыра албагандай созолоно үшкүрдү:
– Эл эли менен Алыйамды мактап, оозунан түшүрбөй отурат. Ошо келиндин баркын билбей, менин уулум ит болуп атпайбы! Бала-бакырасы да турат, башка катынды башына урабы дейм да?! Жанагы алган келин Алыйадан да артык болсо, ал бир укмуш эме го?!
Ылдый карап унчукпай отурган Акшооланын жүрөгү тилинип-тилинип кетти: « Эне, бу эркектерге эмне болгон?! Менин Ынагым да менден жакшы бирөөнү таап алган!» – дегиси келип, а бирок уялды. Бул үчүн ал өзүн көбүрөөк күнөөлөөчү: «Эгерде мен жакшы болсом, ал мынчалык карармак эмес! Жок дегенде бир ооз кепке келет болчу. Менин Ынагым башкалардай эмес!..» – дечү да, жүрөгүндөгү таарыныч, ыза, сагыныч менен катар эле кандайдыр бир ишеним менен кечирим жандилине ак жарык чачып, сабыр туттуруп, үмүтүн тутантчу... Бүгүнкү күн – Жаңыл апанын келиши да кандайдыр бир жакшылыктын жышаанындай сезилип, көңүлүн көкөлөтүп жиберди.
– Тамак даяр болгуча ваннага түшүп албайсызбы эне, сергий түшөсүз, – бир убакта ушинтип келген келин:
– Паннаң эмне эле, кагыла¬йын? – деген энени ой-боюна койбой жетелеп барып, өз колу менен көбүртүп-жабыртып сууга салды.
– Э, ботом, ушундай да бала болобу? – дейт эне чачын тарап, өрүп берип аткан Акшоолага чын дилинен ыраа¬зы боло, – Кап-каяктагы, атасы тааныбаган эле кара кемпирди жулмалап киринтип атса!..
– Жулмалабай эле ки¬ринтпедимби? – дейт Акшоо¬ланын да ансайын күлкүсү чыгып.
– Ошондой жаман кемпирмин десем анан ишенбей атпайсыңбы! – деген эне кепти кайра өз нугуна бурду. – Менин келиним да өзүңө окшоп жароокер, айланайын. Жаркылдап кимге болбосун кабагы жарык. Жакшы атанын балдары ушундай болот. Көргөн-өскөнүңөр жакшы да. Ылайым эле кар болбой, телегейиңер тегиз, дүйнөңөр түгөл болуп, алганыңар менен тең арып, тең карыгыла!
– Айтканыңыз келсин, эне.
Ортону саамга жымжырттык уялап, оюна бир нерсе түшкөндөй тунжурай калган эне алда кайдан тегеретип, кеп учугун улады:
– Кайненем ыраматылык, каарына алса катын алган баласын деле колундагы таягы менен тарсылдата тартып-тартып алуучу. А кезде ыйман деген ошончо беле, ошондо да абышкам бир «кыңк!» этип үн чыгарып, каяша айткан жан эмес. «Энекелеп» кайра мойну-башына асылып, өөп-жыттап ачуусун жазчу. Байбичеси силкинип калганда атүгүл кайнатам да акырын жыла басып үйдөн чыга берчү. Жоош, момун киши эле, жарыктык. Анткен менен апабыздын бүтүндөй айылдын эли сыйлап, астынан кыя өтпөй турган эмчи-домчулук касиети боло турган...

#20 23 Июнь 2016 - 13:35
Менин күйөөмдү кеч – кырктын кырында төрөптүр. Ошондо да же кайната, кайненеси, же урук-туугандарынан бирөө-жарым:
«Согончогу канабайт!
..» – деп акараат кылбаган экен. «Кайнененин камырынан» болуп, мен да уулумду кечигип таптым. Калп айтканда не, кайненем небересин киндигин кесип алып эле өзү бакты. Эмизип бергеним эле болбосо, күнбү-түнбү бала менен ишим болгон эмес. Канчалык баламды өөп-жыттагым,
эбедейим эзиле эркелетким келип атса да кайнене-кайнатадан айбыгып, аларга көрсөт¬пөй ары карап көз жашы да кылып алчумун. Анымды кыраакы киши байкабайт дейсиңби? Байкачу.
Ошентип, төртөөбүздүн көзгө басар жалгызыбыз эч нерседен кем-карчы жок, эрке талтаң болуп өсүп келатты. Атасы экөөбүзгө бой салбай, чоң атасы менен апасынын койнуна жатып, ошолорду бучкактап жүргөндө кайненем капыс эле кан түкүрүп жатып калып, ошондон бат эле ары карап кете берди, бейиши болгур. Апамдын ашынан кийин эле абышкасы кошо кетти. Кабыргабыз кайышып, капшытыбыз эңшерилип кала бердик. Кайната менен кайнененин калдайып караан болуп, кашыңда турганынын өзү эле канча бел эле?! Айрыкча Самаганга кыйын болду. Өгөй баладай болуп бизге анчалык боор бербей, өңгөчүн тартып өксүп ыйласа тим эле сай сөөгүң сыздайт. Атасы экөөлөп аябай эле азабын тарттык. А бирок, ал да эч нерсе эмес экен! Ойдо жок жерден мен бейбакты кайра да катуу кайгы басып, баламдын атасын да капыс келген ажал колдон жула качты!
Аз эле убактыттардын аралыгында бакандай болгон үч кишиден айрылып, бүгүлө түштүм.Кудайым пендем десе, андай азапты кишиге бербесин! Дагы мени бел байлаткан – уулум болду. Ошол үчүн белди бекем бууп, ошол үчүн баш көтөрүп жашадым. Оору менен өлүмдөн жүрөгүм калган жаным Самагандын үстүнө үйрүлүп түшүп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойттум. Кара жанымды карч уруп, канатымды калдайтып жая коюп ысык-сууктан калкаладым. «Кабыргасы ката элек» деп эрезеге жеткичекти кара жумуш жасатпадым. Ошондон улам го, балам эч нерсеге эби-сыны жок, кыял-жоругу да башкача корсогой өстү. Балам атанын тарбиясын көрсө да балким, башкача болот беле?.. А бирок, «кантсе да атанын баласы эмеспи, эс-акыл кирээр?!» – деп үмүт кылчу элем...
Эненин добушун калтырак басып, каргылдана түштү.
– Ыйлап атасызбы, эне? – Акшоола жубата унчукту. – Балким чын эле эсине келээр?..
– Ай, ким билет, балам! – эне көөдөнүнө батпай кеткен арманын азыраак болсо да үшкүрүк менен сыртка чыгарып, ошондон саам жеңилдик ала түшкөндөй, кобурады:
– Ыраматылык кайненемдин чоң атасы олуя чалыш киши болгон экен. Айтканы – айткандай, дегени – дегендей келчү тура. Бир жолу биздин айылдагы бир мага окшогон бечара кемпирдин жалгыз баласынын жакшылыгына деп байлап аткан коюн ууру алып кетип,төлгө салдырганы биздин тая¬табызга келиптир. Шордуу кемпир ботодой гана боздосо жанына киши туралбайт дейт.
Ошондо таятабыз кемпирине кесеге мелт-калт суу алдырып, кеминде ошону эт бышымдан ашыгыраак окуган дешет. Дубанын күчүнөн кара суу боркулдап кайнап, ал «сүф-ф!» деп улам дем бүрккөн сайын үйдүн туурдугу кошо делпилдеп учуп туруптур. Касиетиңден айланайын, жарыктык!
Бир айыл бүт чогулуп, үйдүн ичи-сырты жык-жыйма эл. Бир убакта анан дубасын окуп болуп, баягы чыныдагы сууну карап, теспесин тегеретип отуруп эле: «Алоо¬байды чакыргыла! » – деген экен. Эл бир «дуу!» дей түшүп басылган тура. Ошондо Алообай өң-алеттен кетип, үрпөңдөп тура калып: « Оо, эл-журт! Кара жанын жейт! Калп айтат! Карачечекей жеңемдин, агамдан калган жалгыз бир тууганымдын малын уурдап жинди болупмунбу? ! Мунун айтканы – жалган! Жалаа!!! » – деп чамгарактап, күйүп-бышкыдай болсо бооруң ооруйт дейт. Таятабыз унчукпай угуп отуруп анан: «Бери келип муну карачы?!» – дептир. Алообайды ээрчип, он чакты киши үйгө кириптир. Укмушуң кургур! Баягы чай чынынын ичинде кой жетелеп, Алообай кетип баратат дейт! «Байбиче, сиз жоготкон мал ушу эмес беле?» – дептир тая¬табыз. Алиги байбиче бүкчүңдөп келип караса эле – өзү! Ошондо гана Алообай таятабыз менен жеңесинин бутуна жыгылып: «Ит болдум эле, ит болдум...» – дептир.
Жаңыл апанын чачын өрүп отурган Акшоола:
– Чын эле укмуш экен! – деди ойго туна. Эмнегедир, Жаңыл апа айткан Олуя ата ага Лилияны эстетти. Ошол аял экөөнүн баягы кайым айтышканы кайталанып, көз алдына тартылды: «...Күйөөң экөөңөр урушасыңар! Демек, ал – силердин эртеңки ажырашууңарга себеп! Эгерде мени менен жакшылап мамиле кылбасаң – эрсиз каласың!» – деди сурдана тиктеген келин. «Ушуну айтайын деп чакырдыңыз беле?» – дейт Акшоола. «Ооба! Бул сага эмне, азбы?!» «Болуптур! Анда эмне кылышым керек?!» «Аракет кылышың керек! – Лилия саал жибип, жумшара түшкөнсүйт. – Кааласаң мен сага жардам берем!» Акшоола мыйыгынан жылмаят: «Дубалаппы? !» «Ал менин ишим!» – тигил кайра тикирейет. «Рахмат, жакшы калыңыз!»– Акшоола чыга берерде: «Балким, күйөөң керек болсо, кайрылып кайра да бир келээрсиң?! – дейт «көзү ачык». – А бирок анда мен чакырбайм сени, өзүң келесиң! Жакшы бар!..»
Акшоола чыгып кеткен. Айткандай эле, ошол күнү иш сапарга кеткен Ынагы таптакыр башкача болуп келиптир болчу! Анын көздөрү да, сөздөрү да, кебетеси да таптакыр бөлөк, ал баягы Ынак эмес – башка болчу!..
«Балким, Лилия мага ошондо ак санагандыр? А балким ал да азыр эле апа айткандай касиеттүү аялдыр? Анда... мен ага кайрылышым керекпи?! О, жок, жок! «Ак ийилет, бирок сынбайт!» дейт. Кудайым өзү гана таразалайт. ..»
А чынында Лилия көзү ачыктык менен эмес, алдамчылык менен канча бир адамды «карактап», канча бир тагдырды калчап, оюнчук кылып Кудайдын каарына калып жүргөнүн Акшоола менен Ынак түгүл, Айнура да билчү эмес. Атүгүл, акыркы күндөрү Лилия Айнуранын күндө бир маал келип этегине сыйына турган «Кудайына» айланган.
Качан гана эне:
– Балам, жаман кемпирдин сербейген беш тал чачын анчалык сылап-сыйпабай эле койчу? Колуңдан айлансын! – дегенде Акшоола оюнан селт этти. Ошондо да: «Эне мага бул жомокту эмнеге айтты экен?» – деген суроо көңүлүнө «тык» эте түштү. Ошону байкагандай эне да:
– Жана машинеде бирге келген кемпирлерден улам ыраматылык Олуя атам эсиме түштү, – деди. – Ушу калаада өткөн-кеткен менен алдыда болчу ишти таамай айткан көзү ачык келин бар деп айтышты. Алар да билет да, кокуй, менин каякка, кандай жумуш менен баратканымды. Балким, жардамы тийип калабы дешкени го, дарегин да жазып беришкен...
Акшооланын жүрөгү опкоолжуй түштү. Апанын берген кичинекей ак кагазын алып, дарекке көз жүгүртсө, Кудай жалгап башка экен! Жүрөгүнүн түпөйүлү басаңдап, ал гана эмес ушу саам анда кандайдыр бир: «Балким, Ынак экөөбүз тууралуу бул да айтаар? Эмнеси болсо да угуп көрө¬йүн¬чү? » – деген ынтызарлык пайда болду да: «Кандай дейсиң, балам? Мени ошо келинге алып барасыңбы?» – дегендей өзүнөн жооп күтүп, үңүлө караган энеге шыр:
– Макул, эне. Барса баралы! – деди.
А бирок, ал ошол аялдан – өзү тууралуу, Жаңыл апанын уулу тууралуу гана эмес, дубал менен кошо дубал болуп, топурак менен жуурулган бала тууралуу бир укмуш, адамдын төбө чачын тик тургузган суук кабар угаарын күткөн эмес. Бирок, чын-чынына келгенде кеп так ошол Венеранын жоголгон уулу тууралуу экенине адегенде бүдөмүктөнгөнү менен, кийин баары ошол аял кандай айтса, так ошондой болуп чыгарын ойлогон эмес.
* * *
Түнү бою дыбырап, майдалап жааган жамгыр таңга маал гана басылып, түнкү калаа бир аз эле убакытка дымырап тынчый калды да, кайра бат эле кыймыл кирип, машинелер каршы-терши зуулдай баштады. «Капырай, бу калаанын уйкусу кайда кеткен?» – деген эне өзү дагы түнү менен бир «чырм» этип көзү илинген жок. Ошентсе да, бу түбүң түшкүр ой-санаанын акырына чыккан ким бар? Ал өчөшкөнсүп улам ансайын тереңдеп, улам ансайын карматпай алда кайда зыпылдап учат. Баарынан да өзүңдүн он ай көтөрүп омурткаң сыздап, өз денеңден жараткан каны-жини бир балаңдын моминтип кыял-жоругу, кулк-мүнөзү чоочун болуп атаны да, энени да тартпай, жан дилинин коош¬пой турганын айт! Болбосо, ыраматылык атасы кандай гана ак маңдай жигит эле, чиркиндики?!.