Жапайы карагаттар Жапайы карагаттар
#61 19 Январь 2019 - 01:15
#63 19 Январь 2019 - 12:10
-Сен мен учун тагдырдын кутулбогон белеги болдун, турмуштун ар турдуу кырдаалы бар экенин,эркек киши жоопкерчиликтуу болуш керек экендигин , сен аркылуу тушундум кызым.
Сенин бактылуу болушунду каалагам, бирок билем азыр андай эмес, сен болгону ишен, жакшы кундорун алдыда.
Студенттик кундорумдо апан менен таанышкам, ал аябай бойлуу кыз болчу, бутуна бийик така кийсе менден узун болуп калаар эле. Ал бизге тоскоол деле эмес, биз бири'бирибизди жакшы корчубуз.
Кирген суудай болуп, эч нерсени ойлобогон жаш экенбиз ал убакта. Жаштыгыбызга алдырдыкпы , же суйууну кумар деп тушундукпу, айтор сезимдерибизди башкара албай калдык. Экообуз тен даяр эмес болчук, ал да студент, мен да.
Бир куну окуу жайдан шашып чыгып келе жатсам апан маанайы которунку алдымдан чыкты:
-Журу сага жанылыгым бар.
Колтукташып басып бараттык:
-Билесинби, менин боюмда бар экен.
Тык токтодум, кандайча, кантип, эмнеге?
Мен учун оон учурады бул жанылык. " Анда неге озунду башкара албадын?" деген адам жок мага.
Чон атаны билесин го кызым аябай каардуу, баласынын мындай кылыгын укса кочого кууп чыкмак, "эл'журт эмне дейт?" деген ой мээмди аралап отту:
-Эмне?
-Сен кубанган жоксунбу?
-Мен куткон эмесмин, азыр окуп жаткан болсок, анан дагы..
Апандын кулундогон коздору заматта озгоруло мени жек коро карады:
-Акмак, мен сени эркек экен десе?
-Токто сен тушунбой калдын?
Ошол мезгилде деле мындай учурлар коп эле кездешчу, бирок азыркыдан коро уят кучтуурок болчу жаштарда, эн уятсызы мен болдум.
Артынан жете келип, абалды тушундурдум, азыр баланы алдырып туруусун отундум, мен апандын келечегин ойлогон жокмун, болгону азыркы абалдан чыгуунун гана жолун коздодум.
Ал конгон жок, ошол бойдон мага караанын да корсотподу.
Мен акмак кутулганыма суйундум,бир кыздын келечегине балта чаап койгонумду билген жокмун ал кезде.
Билесинби , сендеги озумчулдук, кежирлик ошол апандан откон, ал да аябагандай кок эле.
Эгер ошол ожорлугу болбогондо сен жарыкка келбейт элен кызым, бул учун мен апана
ыраазымын!
Сен жаман кыялым бар деп озунду озун жемелебе, бул турмушунда коп жардамын тийгизди, чыдамдуу болдун, сенин ордунда башка бироо болгондо, озун алда качан жоготуп коймок.
Бирок мен Барчынга (азыркы апам) уйлондум. Ал менен бир айылда чонойгонбуз, бир окуу жайда окудук. Мени коргондо бой салып, мени жактыраарын башында эле билчумун.
Эмне учун дейсинби?
Андан кийин апанды таап, кечирим сурадым, кежир апан кечирбеди. Ичи чоноюп, ай'куну жакындап калган эле.
Мени жанына да жолотпой койду. Артынан тушуп журуп , тороор куну торот уйуно бардым.
Жан'алакетке тушуп кыйналып жаткан апанды коруп, мен да кадимкидей кыйналдым, чекемен тер кетип, айламды таппайм, корсо ошондо эле сен экообуздун бир жан экенибизди сезиптирмин.
Оорудан эрдин тиштеген апан ошондо да коктугуно салды:
-Сенин бул балада акын жок тушундунбу, тируу турсам эле мунун колун да карматпайм сага!
Сен торолдун!
Сен биздин ортодогу бардык кайгыны жууп кетирдин. Сага карап, мен аталык бакыттын даамы кандай болоорун сездим.
Менин мээримим тушуп калды сага, куну туну жанындан чыкпай карадым, апан сени эмизгенге аран жарачу, калган туйшук менин мойнумда эле.
Мени коруп, апан кандай ойдо болду билбейм, ошол куну ооруканага келсем, апан жок экен. Журогум шуу дей тушту, жугуруп кирип эле сени издедим.
Керебетинде уктап жатыпсын. "Ухх" дедим.
Сени аяр колума ала бергенимде, сени орогон шейшебинден кат урунду колума:
-Сен дуйнодогу эн мыкты атасын, кызын менен бактылуу бол!
Мени издебе!
Ошондогу менин абалымды суроттоп беруу мумкун эмес, дуйнодо, сен экообуз гана калгандай элек.
Кыска ойлуу апан, аны чындап эле жакшы короорумду билбептир.
Мендеги бардык жакшы сапаттардын себепчиси сенсин кызым!
Мен Барчынды акылдуулугу учун тандагамын, адашпаган экенмин, ал эн мыкты жубай болуп берди мага, сени болсо озу кызындай карады.
"Шерменде, боозуп алып, анысы аз келгенсип, тороп анан келиптир" деп, элдин баары бетин чойду. Чон энендин кагып'силккенине, тууган'уруктун ызаланткан создоруно, озунун ата'энесинин каргышына да чыдады.
Мен андан бул дуйнодо да, тиги дуйнодо да карыздармын.
Атамдын создорун угуп нес болуп калдым.
Деги ушу кантип болсун?
Мен деген бир арам наристе экенмин да, эч ким суйбогон, калп эле менин козумчо баары, жок жок, мындай болушу мумкун эмес.
Кинолордо коруп калчумун ушундай кырдаалдарды, ыйлап жаткан каарманды коруп озумчо жиним келчу, "э ошону да ойлонуп, ошого да ыйлайбы, оюндагыны айтып сал нары?" деп.
Корсо кино деле адамдын турмушунан алынат тура?
-Мунун баарын эмнеге айтып жатасыз ата?
-Корумо да жук кылып которуп кеткенден корктум.
-Демек мен, корсо.. коп балапандардын ичинен, инкубатордон чыккан жожого окшоп, айрмаланып турганымдын себеби да ушул экен да?
-Жаннат?
-Ал тируубу азыр?
-Жакында каза болду.
Мээримдуу, чыдамкай энемдин кызы эмес экенимди билбей эле койсом эмне?
Жок. Деги эле торолбой эле калсам эмне?
Атамдын ордуна мен жатсам кана азыр ушул керебетте?
Бар кучумду жыйнап, жылмаюуга аракет кылдым:
-Ата, сен чындап эле эн мыкты атасын, мен сени жакшы кором!
Атамдын козунон жаш молт дей тушту.
Кечирди деп ойлоду окшойт.
Ааламды жанырта бакырып алгым келди.
Бутун дуйного айгай салып," Мен эч биринерге зыян жеткиргим келген эмес,мен жон гана жашагым келген!" дегим келди.
Ар кимге кошумча жук, туйшук кылып тиги эссиз ,эмнеге тороду экен мени, же озу энелик кыла албагандан кийин?
Алдырып салса, азыр периште болуп учуп журмокмун, ушунча адамдын убалына калбайт элем го?
Менин суранычым менен бул сыр, атам экообуздун ортобузда калды,дагы бир балекет чыгып кетуусунон корктум.
Кубанганым, бул атамдын акыркы керээзи эмес болчу.
Бирок журок тупкурундо кандайдыр бир сокур сезим пайда болду, апама да мурдагыдай эркелеп, оюма келгенин айта беруудон айбыгып калдым.
Атам оорулуу болуп калды, жумушка чыга албай, коп убактысы уйдо ото турган.
Эдил жумушу жок болуп, экообуз Оруссияны коздой жол тарттык.
Мен таптакыр озгордум, канча учур келди суйлой турган, бирок "тилимди тишиме катып", суйлобой кутулуп кетууну адатка айландырдым.
Башына кайра'кайра ура берсе, бир куну келип акылындан адашып каласын го, ошол сыяктуу мен да тагдырдын кутулбогон соккуларына туруштук берем деп журуп, Уланга болгон сагынычым, коодонумду жарып чыкчудай абалга жетип калганын байкабай калыптырмын.
***
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Январь 2019 - 12:16
#65 19 Январь 2019 - 13:11
Кундор ото берди.
Бир куну Эдилдин кесиптештери менен отурушка бардык, ошол жерде коздору ойноктогон, келишимдуу бир жигит бар экен.
Ар нерсени айтып, жанымдан чыкпайт.
Мындайга чыдабаган жаным , озу да коптон бери буулугуп журот элем, жаактан нары салып калдым:
-Эмне мен козуно шуркуя корунуп жатамбы?
Тиги бетин сыйпалап туруп калды, баарынын козу менде.
Эдил ордунан тура калып, колумдан жетелеп , сыртка алып чыгып кетти:
-Эмне болуп кетти сага?
-Корбой жатасынбы, же эмне сага баарыбир болуп калдыбы?
-Сабырын ушунча эле бар беле, акыры бир кун жарылмаксын, билип эле жургом.
Ызаланып ыйлап жибердим:
-Тигинин мага жармашып жатканын байкабадынбы сен?
Эдил унчукпай мени кучактады:
-Кечирип койчу мени, акыркы кундору сага жетишерлуу конул бура албай жатам.
Ошол окуядан кийин, жанагы шуулдак мени колокодой ээрчиди.
Кочого чыксам да пайда болот,автобуста отурсам, аркамда отурган болот.
Мага бул корунуш жакпады.
. Бир куну уйго келди, жалгыз элем:
-Сен, сен эмнеге келдин?
-Жаннат кандайсын?
Эшикти жапмак болдум эле жоолоп эле кирип келди:
-Эдил жокпу уйдо?
-Жок экенин жакшы билесин?
-А кайда?
-Жумушта.
-Чындап жумуштабы?
-Ал эмне дегенин?
Тиги мени аягандай карады:
-Сендей анкоо аялды мен мурда коргон эмесмин, билесинби ал азыр кайда журот?
-Жок билбейм, билгим да келбейт, чыгып кет эшикке!
-Жур мени менен!
-Мен эч кайда барбайм.
-Сага жолдошундун кайда жургону кызыктырбайбы?
Куру намыска алдырганым менен бир кооптонуу бар эле, бул кайдан билип журот, Эдилдин коп учурда уйго келбей жатканын?
Тобокелге салып анын артынан ээрчип жонодум.
Коргон козумо ишенген жокмун, Эдил бир аял менен , тизесинде бала отурат, ортолорунда коляска.
Эдилдин баланы коргондо коздорунун жайнап кеткендигичи? .
Экоо бейкапар ордуларынан туруп, Эдил баланы мойнуна отургузуп, басып баратышты.
Менин козум кор десем ишенбейсинер ээ?
Баласы чоноюп калганга чейин эч нерсени билбеген экенмин, же мен ал мезгилде башка нерсе менен алек белем?
Дагы эмне кылдым, кайсы куноомдун жазасы бул?
Эч кимге зыян жеткирбейин деп, сыртыман кулуп журом го, же менин жаным темирденби, оз алдымча сезимдерге алдырсам да куноо иш жасаган боломбу?
Оо кудай!
Ыйлаган жокмун, мурдумдун астында эмнелер болуп жатканын билбегеним учун , козумду май басып калганы учун озумду табаладым.
"Ырас болот, суйуу бере албадын, жакшы жар болуп бере албадын, жок эле дегенде бала торой алган жоксун, анан ал кетпегенде ким кетет?"
Тиштенип, ызамды ооздуктап турдум:
-Рахмат сага!
-Эмнеге?
-Жок дегенде бир адамдын бактысына себепчи болгонун учун!
-Жинди десем ага деле окшобойсун, бирок..
-Айтчы, эмнеге муну корсоттун мага?
-Сен мага жагасын, балким андан кетсен, мага келээр деген умут менен ушул кадамга бардым.
Ызалуу кулдум:
-Менден откон акмак экенсин анда, мен андан кетип сага барат деп ойлогонун учун.
Кош!
Адатымча козумду жаштабадым, тескерисинче чыйралдым. Уйго келип, бети'башымды жууп, кечкиге жакшы тамак жасап, Эдилди куттум.
Эч нерсени билбегендей келип, мандайыман ооп , ашканага отту ал:
-Оо, бугун майрамбы?
-Жок, жон эле.
-Акылы кирип калыптыр го аялымдын.?
Бул жолу ага ачылгым келдиби, копко чейин суйлоп отурдум.
Эдил коздорумо карагандан башкасына жарабады
Откон кундорубузду эстедик:
-Ошондо эмнеге тамырынды кестин эле?
-Сага озумду корсоткум келген. Ошол куну тиземе тепкенин эсиндеби?
Кулуп жибердим:
-Ооба.Ооруткан беле?
-Когоруп кеткен кадимкидей. Жинди болчусун э?
-Сен деле калышпайт элен.
-Жок, мен болгону сени суйот элем.
-Азырчы?
-Азыр деле суйом! Мени кечир Жаннат?
-
-
-Кайсы айыбын учун?
-Мен учун жабылуу болгон, анан да мен учун ал эшик эч качан ачылбастыгын билип туруп, жылдар бою каккылаганым учун!
Козумду буруп кеттим:
-Ушунча убакыт мени деп короткон омурун учун, кыйнаганым учун, сен да мени кечир!
-Омурум текке кетпеди, мен окунбойм откон кундор учун!
-Бактылуусунбу?
-Балким, сенчи?
-Эгер сен турмуштан оз ордунду тапсан, анда мен сен учун бактылуумун, жок дегенде бирибиз бактылуу бололу!
Биз дилибиздеги создорду айттырбай тушундук.
Эдил учун ошол "кереметтуу кун" кечигип келди, мен ага журогумдун капкагын ачканда кеч болуп калган эле.
Копко чейин бооруна кысып,мойнумдан жыттап тура берди.
Ийне'жибине чейин бири'бирибизге тушундуруп отурбадык, жеген'ичкениме, жол акыма акча таштады, жашаганыма 2 айлык акыны алдын ала толоп койду.
Унсуз коштоштук.
Жон гана уйдон чыгып кетти.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Январь 2019 - 13:21
#67 19 Январь 2019 - 13:47
Эдилден ажырап,айылга барууга , ачыгы бетим чыдабады.
Атам менен апама мурдагыдай жакын боло албай калдым, аракет деле жасап кордум, эмнегедир ортобузда бир жарака пайда болуп, ал уламдан'улам чоноюп баратты.
Жумушка кирууну ойлодум,бирок мурда эч жерде иштебегеним учун бир жерде копко иштей албайм.
Абдан кыйналдым, баарынан да ушул жакта мени таштап баса берген Эдилге нааразы болдум, жок дегенде атамдын эшигине алып барып койсо эмне?
Озум кантип барам?
Мен ошол жерден кордум, баласын таштап иштеп жургон эжелерди, ата'энесин сагынган кыздарды. Кунумдук тапкан акчага кооп кетип, ойнош куткон чоон кишилерди да кордум.
Мен баарын кордум.
"Ажырашкан" деген атым болгону учун, козун кыскан эркектерди кордум, бирин'бири коро албай бут тоскон кадимки озумдун мекендештеримди кордум.
Кудайга шугур , иштеп бутуна туруп, озунчо ошол жакта жайгашып калгандарды да кордум.
Корсо мен мурда жашоону, бир жагынан гана коруп жургон экенмин.
Бул онуттогу турмушту, мурда эч качан байкабаган экенмин.
Мээнеттен колум чор болуп, аткарбаган жумушум калбады, пол жуугандан баштап, баарын тегиз жасадым, мен барына шугур кылып, сабырдуулукту уйрондум, бар шартка конуп, ынгайлашып жашоону уйрондум.
Атам далай ирет чакырды, бирок ар шылтоону айтып барбай журдум, бул да болсо "канымдагы коктугумдун" айынан.
Жумуштан илкий басып уйго кирдим, келсем, болмомдо мени бироо кутуп жатканын айтышты.
Кирсем эле курбум Айганыш:
-Айка?
-Эмне жалгыздап журуп, олуп кеткин барбы,басчы бери!
Кучакташып алып, кубанганыбыздан ыйладык.
Менин мындай курбум бар экенине сыймыктандым, тутпогон тура байкушум, издеп келиптир.
Ал куну же бир созубуз бутсочу, туну менен уктабай сырдашып чыктык.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Январь 2019 - 13:50
#68 19 Январь 2019 - 13:55
#70 19 Январь 2019 - 15:45
Мен курбум учун чын дилимден кубандым.
Дарегимди Эдил бериптир, атайын мени коргону келгенинин себеби, ошондон улам экен.
-Уланды ошол бойдон корбодунбу?
-Жок курбум.
-Балким сен..
-Кереги жок , мага эч нерсени айтпа, мен ансыз да ал учун ...
-Жанка, сен эмне ушул бойдон эле отуп кетем деп ойлоп жатасынбы, ал камактан алда качан чыккан, жумуштарын кайра ордуна койгон, бирок анын тишин корсотуп кулгонун бир да жолу корбодум, ар дайым сени эстейт, куса болуп журот.
-Айганыш сен эмне?
-Мен Тилекке турмушка чыккам.
-Ии, олуп эле калбайсынбы?
Кайгырып жаткан курбум кулуп жиберди:
-Сага ошондон башка адам куруп кетиптирби дейсинби?
-Жоок, андай демекчи эмесмин, бактылуу болсон болду мен учун. Мындан чыкты жондон'жон мени издеп келбедин?
-Жолуксан болмок?
-Эхх! Ушул кунго чейин аны ойлобогон бир да кунум болбоду, ар туну жатканда " бугун мен сени акыркы жолу сагынам" деп жатам. Эртен менен турганда сагынычым кечээгиден да ашып калган болот, амандыгын тилейм.
Бирок мен эми аны менен жолуга албайм, козуно карагандан уялам курбум, ошондуктан мени жайыма кой!
Курбум мени жайыма койбоду, мага каттаганы мурдагыдан да кобойду.
****
Окуянын ушул жерине келгенде "сулуу эжем" жоголуп калды.
Эртен менен жумуш коп болгондуктан анын кайра'кайра чалганын корбой калыптырмын. 18 жолу чакыруу келиптир.
Короорум менен кайра чалууга мумкундук болбоду, жумуштан текшеруу келип, андан чыгып кечки жумушума барып, уйго барганда болсо байланыша албай, чарчаганымдан уйкуга кеттим.
Номуру очурулуу дейт, улам'улам чалып, каттарды узундан'узун кылып жаздым, жооп жок.
Колумдан баалуу буюмумду бироо тартып алгандай томсордум, ушунча мээнетим талаага кетеби?
Абага синип кеткендей, дайынсыз кетти, кеткенде да.
Соц тармактардан да тымызын издеп коруп таппадым.
Аябай озумо капа болдум, жумушун менен кара жерге кир, ошондо кара басып корбой калганымды корбойсунбу
Бир топко чейин капа болуп журдум, ошол жылы жайында айылга келдим.
Балдарымы коруп кубанып калдым.
Кайра кетээрибизди ойлосом ыйлагым келет.
Базарлык кылайын деп, шаарга тушком ошол куну. Ошко кетуучу автовокзалдын жанынан, капыстан баягы эжемди коруп калсам болобу?
Жолдон алтын таап алгандай суйундум, шашыла кыйкырдым:
-Жаннат эже?
Мени коргон анын кубанганын сураба.
Мурдагыдай суз тартпай, бакыттан коздору жайнайт. Беттерине сепкил тушуп, 8 айлык боюнда да бар экен.
Жетине албай, кучактап бетинен ооп алдым:
-Кайда жоголдунуз деги, мен эмне ойлоорумду да билбей калдым го?
-Ай шашпачы, озун да албай койбодунбу?
-Иий, мейли эми отуп кетти азыр кандайсыз, сизде баары жакшыбы?
-Кудайга шугур, азыр менде баары оз жайында.
Сурашып отуруп, убакыттын отконун байкабай калыптырбыз.
-Кел мындай кылалы, сен менин уйумо конокко кел, ошондо кенен суйлошобуз, токтогон жеримден айтып берем?
-Мен кантип, сиздин уйунузгобу?
-Ооба , эгер кааласан, жолдошун, балдарынды алып кел, мейман болуп кетесинер.
Эжем номурун, уйунун дарегин берди:
-Бараарда созсуз байланыш!
Ошончо алыс жака кантип барам, жолдошум "ал ким" десе эмне деп жооп берем?
Бирок , негизгиси баштаган ишимди аягына чыгарышым керек да?
"Аялдан амал качып кутулбайт" деп коюшат го, жолдошумду кунуно 15 жарым жолу айланып жатып,аны эжемдикине конокко барууга кондурдум.
Бараар кунубуз озумчо эле кудундайм, буйруса баарын оз козум менен корот экенмин.
Жол мен ойлогондон да алыс экен. Туш оой жетип келдик. Бизди алып барган айдоочу:
-Эми мындан ары ат менен барасынар! десе болобу?
-Ыя?
Менден мурун жолдошумдун жаны чыкты:
-Каяктагы "эжендин" уйуно алып келгенсин мени билбейм, жердин тубундо жашайт тура анын?
Эжеме чалсам кулот, анан коп отпой бир жол тандабас унаа келип бизди алып кетти.
Тоолордун арасында келиштире салынган эки кабат уй экен.
Эшиктин алды толо гул, бакчасында жер жемиш, суу деген кенен, озунчо эле бейиштин тору!
"Шаарда шарт жакшы" деген мен,анан мага окшогон дагы бироолордун оозун жаба турган ишти жасаптыр. Тоонун тубуно, шаардагыдан да жакшы шартты тузуп коюптур, бир бурагычын бурасан ысык суу, бирин бурасан муздак суу!
Таза аба, айлананын тынчтыгын айт!
Эжем бизди аябай сыйлады, жолдошу да сылык, ийкемдуу, созго чебер абдан жакшы адам экен. Дулдуйган менин куйоомду да бат эле созго тартты.
-Силер эжен экоон суйлошуп отургула, деп " жездем" тиги менин жолдошумду ээрчитип бир жака кетишти.
Суйлошууго сонун убакыт табылды деп мен отурам.
Эшиктин алдындагы гулдордун арасында баарынан озгочолонуп турган, ошол мен жазып жатканда элестеткен жапайы карагаттарды оз козум менен кордум.
-Бул ошол сиз айткан карагаттарбы?
-Ооба, кооз бекен?
-Демек сиз....
Эжем жылмайып койду.
Ангыча торку уйунон тестиер кыз чыкты:
-Апа, менин чачыма байлаган кооз бантигим кайда?
-Азыр кызым?
Эжем мага козун кысып коюп туруп кетти.
Эжем учун мен да чын журогумон кубанганымдан коздорумо жаш айланды.
Эми калганын да улантып айтып берсе болду.
-Ошол убакта бирге иштеген кыз турмушка чыгып, тоюна мени да чакырды, барбайм деп айта албадым.
Ар кимдин "коз кысып, тошокко чакырганынан" тажап, жанагы Эдилдин кесиптешин , мени менен бирге баруусун сурандым, анан ошол жерде сени менен жолугуп калбадыкпы?
-Мм даа?
-Азыр бактылуусузбу деп сурабай эле коеюн?
"-Ооба, суроолорунду анан бересин, болбосо айтып жетишпей калбайын ,"деген эжем созун баштады .
****
#71 19 Январь 2019 - 17:09
"Каяка алып баратасын" деп да сурабадым.
Шаардагы белгилуу ооруканалардын бирине алып келди, бул жерди мурда алыстан эле айланып эле отпосом, омуру ичине кирип коргон эмесмин.
-Уланга бирдеме болдубу, айтчы, анын абалы оорбу?
Курбум башын чайкады :
-Сени деги тушунуп болбойт, журо берчи артымдан.
Оорукананын, биздин ооруканалардан айырмасы асман менен жердей экен, тазалыгына соз жок.
Палатага алып кирип ,курбум озу чыгып кетти.
Толгон суроолорду бере албай мен калдым.
Терезени тиктеген бир аял турат, андан башка эч ким корунбойт.
Ортодо саамга жымжырттык боло тушту.
-Келдинби?
Аял тетири караган бойдон суйлоду.
-Сиз кимсиз?
Ал акырын бурулуп, коздорумо карады.
Чачтары дээрлик жок, баары тушуп калыптыр, ону купкуу,эрди узак оорудан жабыр тартканын айгинелеп, кеберсип турат.
Арыктыгынан, моюн сооктору да оркоюп чыгып , тири укмуштуудай корунот.
Коздорум алдабайт ээ, мен чындап эле аны коруп турамбы?
Коз алдымда баягы мен жакшы коргон жароокер кошунам турган эле;
-Ззаарри,Зарина сенби?
Ал мени мурда коргондой эле, кайдыгер каректерин ирмеп койду:
-Ооба мен!
-Кантип сен, мени кайдан таап..
Создорум башаламан, эмне дээримди билбей энгиредим:
Ал колун жансап койду:
-Отур, оорум жугуштуу эмес коркпо!
Менин жашоом толгон эле кутулбогон окуяларга бай болуп кетти.
Арадан ушунча убакыт отуп, болгондо да ушундай жагдайда, мени аны менен корушуп калам деп тук ойлогон эмесмин.
-Кутпосон керек ээ?
-Оо.. ооба.
-Мен да кутпогом.
-Эмнени?
-Менин эсимде жакшы эскеруу катары сакталып калган сырдашым экообуз, албарстыдай болуп бир эркекти суйуп калабыз деп?
-Эмнееее?
-Бул тагдыр деп аталат, мен алдакачан баарына кол шилтеп койгомун, танкалуудан журок жарылбайт досум.
-Сен эмне деп жатасын?
-Ошол бактысыз, ошол Уланды уйдо зарыга куткон аял менмин Жаннат?
Оо Жараткан!
Ушундан эр талашканча жер жарылбады, мен кирип кетпедим, бул эмне деген шумшук эле.
Коз астымда жер кулап баратты.
Озу айткандай ал бааына конуп бутуптур:
-Сен Уланды жаман корбо,ал дуйнодо бироо гана, жана да анын кундон кунго жок болуп баратканына мен карап тура албадым, ошого сени чакырдым:
-Эринди мени менен болушуу учунбу?
-Тескерисинче биротоло беруу учун, сенден аны жакшы эле талаштым, бирок колумдан келбеди, анын устуно убактым да ченелуу калды бул жарык дуйнодо.
-Баягы мен билген жароокерлигин жоголуптур.
-Сен да периште эмессин!
-Билем.
-Уландан ыраазымын! Суйбосо да сыйлады, эч нерседен кем кылбады, менин куулугумдун эле курмандыгы болуп калды ал.
-Эгер болбогур тантырак создорун менен, менин башымды айландууруну кааласан адашасын, озун сезгендей мен да мурунку Жаннат эмесмин!
-Даа, бетке чабар адатын дагыле калбаптыр, менимче аны коруно да кошо ала кетесин го дейм.
Унундо кандайдыр бир кекээрлик, ыза бар болчу досумдун.
-Ошондой..
-Акырына чейин угуп койчу, мен коп суйлосом чарчап калам.
Башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей, ичиркенип туруп калдым:
-Силерден алыска кочуп кеткенден кийин эле шаарга окууга кирдим.
Уйбулолук чыр'чатактардын таасири мага да тийдиби, мен акылсыз болуп кеттим.Жигиттен жигит тандап отуруп, бир куну бироосуно алданып калдым. Дуйно мага кызыксыз болуп жургондо Уланга жолуктум, ал аркылуу жашоонун таттуулугун билдим.
Мени суйбостугун билсем да тизесин кучактап, жалдырап ыйладым, абийиримди жаап беруусун отундум.
Анын апасы да жаалап туруп алды,анан мага уйлонууго аргасыз болду, мен кыскача эле айтып берейин, кененирээк, мен олгондон кийин билип аласын Жаннат.
Мен аны бала менен байлайм дедим, ал жаш баланы жакшы корот да, аны билсен керек?
Сага жолукканча жашообуз жакшы эле болчу, капыстан сен пайда болдун, баарын булундурдун, сен анкоо мени жакшы коруп сырларынды айтчусун мурда, а мен сени коро алчу эмесмин. Сен канчалык кок бет, озумчул болсон, ошончолук ишенчээк элен, аны озун билчу эмессин.
Озу бироону суйсом, ал адамды да тартып алсан, мен кантип сени жакшы короюн айтчы, кантип?
Зейнеп заматта ону озгоруло,тенселип керебетине отура калды.
Кантип учуп жеткеними билбейм, колдорун кармап, чекесине алаканымды койдум:
-Дарыгерди чакырайын, кыйналсан айтпай эле койчу эч нерсени?
Ал муздак колдору менен колдорумду кысты:
-Сенден бир гана суранычым, кыздарымды огойлобо, суранам, мен коргон кунду алар корбосун?
-Эмне деп эле жатасын, токточу болду?
-Жаннат, мага соз бер, сага берген аманатыма кыянат кылбайм деп соз бер!
Уну кыйылдап чыкпай калды, ошол абалында бир баскычты басууга улгурду.
Заматта палатага дарыгерлер толуп кетти, озумду жоготкон мени , эшиктен кире калган Айганыш жетелей калып, копчулуктун арасынан сууруп кетти.
****
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Январь 2019 - 17:37
#72 19 Январь 2019 - 17:35
Унумдун барынча кыйкырып ыйлап жаттым.
Айганыш унчукпай тиктеп турат.
-Эмнеге ал, эмне учун аааа?
-Эми ал олуп калсачы, менин колумдан олуп,олумуно мен себепчи болуп каламынбы?
-Жаннат, ал деген бул оору менен коптон бери алышып журот, сенин куноон жок.
-Мен келе элегимде алар бактылуу жашашкан имиш. Ууу!
-Озунду куноолой бергенден пайда чыкмак беле?
Женилдеген турум жок, жумушка барышым керек болуп калгандыктан Айганыштын чырылдаганына карабай, кетип калдым.
Чон, картон иштеп чыгуусу заводдо ошол картондорду упаковка (кыргызча аталышын таппай койдум) кылып иштечумун.
Колум жумушта болгону менен оюм башка жакта, жанымдагылардын суйлогонуно да конул бурбаптырмын.
Кутулбогон сокууларга акыркы убактарда туруштук бере албай калдым корунот.
Бригадир бир нерсеге жумшады эле "ии" деген бойдон жоной бердим, анын созун акырына чейин укпапмын.
Картондорду сактоочу жайдын ичинде, атайын инженерлер учун иш жайы боло турган, ар дайым ток менен иштешчу, темир'тезек, мен билбеген нерсе толтура эле.
Эшикти ачып эле кирип бардым, карасам эч ким жок, эки'жакты карабай эле тор жагына оттум, мени ошол жерден бир буюм алып келууго жумшаган болчу .
Артыма бурула берсем бироосу кыйкырды:
-Девушка осторожно, там кран работа..
Андан аркысын айта албайм, кучтуу бирдеме далыма тийип, козум чымырап баратканын бир билем, калганы эсимде жок.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Январь 2019 - 18:17
#73 19 Январь 2019 - 17:40
#74 19 Январь 2019 - 17:52
#76 19 Январь 2019 - 18:13
Алгач озумду тиги дуйного тозокко тушкондой сездим, анткени бут денем жанчылып ооруйт.
Тилим оозума батпайт.
Козумду акырын ачтым.
Мени тиктеп,коздору сагынычка толгон Улан турду. Журогум кабынан чыкчудай дукулдоп согуп жатты, мына мен энсеген жуз, мен куткон жылуу сезим:
-Озунду кандай сезип жатасын периштем?
Анын жылуу алаканы колума тийгенин сезгенде аргасыз козумдон жаштар чуурду:
-Менден дагы деле конулун калбадыбы?
-Кок бетим, озумдун кокмок карагатым, карачы жаздын келип калганын?
-Жазда эмне болот?
-Жапайы карагаттардын гулдогонун корсотом деп убада бербедим беле?
-Ии?
-Алар гулдобой сени кутуп турушат, батыраак бутуна турчу жаным, мен сени карагаттарды коргону алып барам!
-Улан,. сени сагындым!
Жакын келип мандайымдан ооп койду, тааныш жыпар жыт мурдума "бурр" дей тушту:
-Мен сени ар дайым сагынгам !
Ошол куну, кран куч менен келип мени кыйгачыман сыдырып отуптур, эгерде мандайыман сузгондо мээм чачырап эле кетмек экен.Кудай бир чон сактаптыр.
Он далым акыректен сынып кетиптир, заматта ызы'чуу тушуп, "Тез жардам" чакырышып, мени ооруканага жеткиришиптир.
Желке тарабым да жарылып, ошол жерден чачымды кесип ташташыптыр дарыгерлер.
Он кун дегенде озумо келиптирмин, ата'энеме кабар беришип, айылдан Замир (эн улуу иним) жетип келиптир.
Мени коруп ыйлап да, урушуп да журот:
-Чоон эле аял болуп калсан да акылына кирбептирсин, ылайым башын жарылып, "коктугун" ошол жерден сыртка чыгып кеткен болсун!
Инимдин кебине аргасыздан жылмайдым.
***
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Январь 2019 - 18:15
#77 19 Январь 2019 - 19:15
#78 19 Январь 2019 - 19:20
Ийгилик жакшы жазып атасыз элдин суранычын аткарып көп-көптөн))
#79 19 Январь 2019 - 19:49
#80 19 Январь 2019 - 21:39
Жалган айтпайын, ичим ачышып, ыйлагым келди, мен анын олумун каалаган эмесмин!
Уну кырылдап, жашоо учун жандалбас кылып,мени умуттуу , жалдырай тиктегенин эстесем, ичимден кан отот, озумду куноолоп, бармагымды тиштейм, чын эле мен булардын жашооосуна кедергими тийгизип алдым бекен?
Убакыт отуп, озумду жакшы сезип калдым, эртен ооруканадан чыгасын дегенинен, уктабай даярданып отургам.
Айганыш кунуго келет, атамдын келем дегенин да когоруп отуруп четке кактым, аман'эсен жакшы болуп калсам, озум барам айылга, баарынарды сагындым!
Тошокко мыкталып жатканда, мен жашоонун шириндигин, жандын таттуулугун, кундо эртен менен оз колун менен жузунду жууп, оз козун менен кундун чыкканын коруу да адамзаты учун, кол жеткис бакыт экенин, жон терим менен туйдум.
Ананчы?
Тируулукто "акча, байлык топтойм" деп жугуруп журо берип, омурдун эн бир сонун мунотторун сезбей калат экенбиз.
Корсо кийинки кун менен эмес, бугунку кун, азыркы убакыт менен жашаш керек тура?
Себеби бир сааттан кийин эле, эмне болуп кетээрин бир гана Жараткандан башка эч ким билбейт экен.
Убакытты туура пайдаланып, колундагы бар нерсеге канаат кылууну уйронсок.
Ооруканадан Улан озу алып чыкты.
Сыртка чыксак жаз жамгыры себелеп жатыптыр, "бахх жаздын жыты" абадан кере'кере жутуп алдым.
-Жазды куттун беле?
-Жок, мен жакшылыктарды кутком!
Ал мени эркелетип, бооруна басып:
-Мен эми эч качан сенден ажырабайм, соз берем, эми сен пияз аарчыганда, анан кубанганда гана ыйлайсын! деди.
Айганыш менен коштошуп, айылга жонодум.
Коодонум алып'учуп, эртерээк эле айылымды корууну энсеп келе жаттым.
Короодон кире бергенде эле атамды кордум, байкуш атам мен коргондон кыйла каарый тушуптур:
-Атакее?
Жаш баладай чуркадым.
Эч кимге алмашкыс, эч нерсе менен тенелгис ата'энемдин мээрими, апам байкуш да баштагыдай эмес, ачуусу чукул болуп калыптыр.
Мени коруп ыйлады ал да.
Замир уйлонуп балалуу болуптур,калгандары катарынан окууларын аяктап, оз алдынча ийгиликтерге жетишишиптир. Замирдин келинчеги менден бетер тайрактаган эрке неме экен, улам эле мага келип жармашып :
-Эже кандай келдиниз, ал жакта кыйналдынызбы? деп сурай берди.
Замир артынан кирди:
-Ой сен бир айтканды укпаган кандай немесин, идишинди дагы апам жууп журот, чык жардам бер!
Келинчеги эрин ормое карап чыгып кетти.
-Келиним мени тарткан го?
-Сенин экинчин.
-Ырас болот, жазанды ошол берсин, мени уруша берчу элен?
Иним далыма колун койду:
-Урушсам дагы, мен аялымдан да сени кобуроок жакшы кором Жаннат!
-Мен да сени жакшы кором Замир!
Анан акырын шыбырады:
-Келинине айтпа ээ?
Экообуз тен кулдук.
"Акылдуу иним, менин конулумду которуп жатат да". Ичим жылып калды.
Элдин баары уктаганда, болмомо апам кирди:
-Жаннат, уктадынбы?
-Жоок апа кире бериниз!
Апам да мага окшоп, ортобуздагы дубалды байкап жургон окшойт, "кызым" деп кайрыла албай жатканына караганда.?
Менин эмне каалап турганымды коздорумдон билген алтын апам!
Оор ушкуро суйлоп жатты:
-Атандын сага эмне дегенинен кабарым бар,сени бирдеме дейт десем унчукпадын.
Биз атан экообуз бул сырды сага айтпай эле коелу дегенбиз, бирок мен коркуп кеттим, эгер ошол куну чындап эле атана бир нерсе болуп калса, мен сага озум айтууга кучум жетмек эмес.
Ошондуктан айтылып кетти.
Сен мени жаман корбо , бирок мен апанды омур боюу жек кордум, азыр да жек кором. Себеби атандын ага деген суйуусун очуро албадым.
Атандын сени жанынан артык коргонун да ошого жорудум, сага окшогон бир кыз тороп берем деп, жылда ичими чандайтып журдум.
Бирок атан канчалык сени жакшы корсо, мен андан артык жакшы кордум, козундун агы менен тегеретип бактым сени.
Бар денсоолугумду тобокелге салып Кенжегулду жарыкка алып келдим, бирок ошону да апан менден тартып алды. Атан менен синдин кырсыкка учураган куну апан каза болгон экен, угушумча ооруп отуп кетиптир. Ошого сыгылганбы, айтор атан кызуурак рульга отуруп алган экен.
Эркек бир суйсо аны кайтаруу мумкун эмес экендигин, мен кеч тушунуп жеттим, ортодо балдарымды , сени таштап кете албайт элем.
Эгер откон кундордо сени капа кылып алган болсом мени кечир Жаннат?
Мен апамдын кокурогуно башымды койдум:
-Менин бир эле апам бар, алда болсо азыр менин жанымда олтурат.
Аппоув, эмнеге мени кызым дебей жатасыз?
-Кызым?
-Билем мен Кенжегулдун ордун баса албайм, бирок мен сага жакшы кыз болуп берем, мурдагыдай сени кыйнабайм апа, болгону мени "кызым" деп чакырчы?
Апам булкулдоп ыйлап, чачтарымдан ооп жатты:
-Сен 10 Кенжегулдун ордун басасын, озумдун ожор кызым!
Апамы кучактап босого тарапты карасам, атам улагада бизди ыраазы боло тиктеп туруптур!
"Кордунбу ата, мен эми онолом, мен силерге жакшы кыз болуп берем!" деп шыбырап жаттым ичимден.
Улан мени, менин суранычым менен чакан гана тойчук жасап, атамдын батасы менен алып кетти.
Мен ызы'чууну коп которо албай, баш оорулуу болуп калдым, ошол себептуу тоолуу райондордун биринен жер сатып алып, ошол жака уй салып кочуп кеттик.
Биринчи кундордо анын чон кызы менен тил табыша албай айлам кетти. Кантсе да эсине кирип калган кыз эмеспи, "Атам менен мен жатам, апам келгиче, сен башка уйго жат" деп чырылдап ыйлайт.
Мындайда атасы кимибизге тартаарын билбей ортодо чайналчу.
Бирок мен сабыр кылдым, баары оз жолуна тушмоюнчо болок жатууга туура келди. Эртен менен ойгонсом, Улан мени кучактап, бир орундуу керебетке тыгылып жаткан болобуз,мен биринчи ойгонуп, шашып аны да ойготом:
-Тур кокуй, азыр кыз ойгонсо экообузду тен жазалайт.
Бетимен бир ооп алган ал, бутунун учу менен басып, кызынын болмосуно жонойт.
Кичуу кызы момурайып, менин этегиме жармашып журо берет, чыргоолук кылбайт. Аны жакшы коруп мен алып жатам.
Уландын апасы (кайненем) биз менен турат, анткени 4 кыздын ичинде Улан жалгыз уул!
Улан менен жашаганыбызга бир жылдан ашуун убакыт отту, бирок боюма бутподу, бирок биз учун ал маанилуу эмес, биздин эки кызыбыз бар эмеспи!
Кыштын узун тундорундо улуу кызым уктап калганда Улан экообуз кучакташып жатып, копко чейин суйлошобуз:
-Айтчы, Зарина кандай адам болчу?
-Жакшы болчу.
-Айтып берсен?
Уланга ал кундорду эскеруу оной болбосо да, менин конулумду кыя албай айтып берет:
-Жер жамандап барбасын, мен ал тууралуу жаман нерсе айта албайм.
Келиндик кызматты жакшы аткарды, уйдогулордун конулун бирдей алып, баарына тегиз жакчу.
Биз 5 бир тууганбыз, 2 эжем, 2 карындашым бар. Атам биз кичинебизде эле ичкиликтин айынан жарым'эс болуп калган.
Аны арабага байлап коюп, тирилигин кылчу апам, антпесе кочого чыгып кетип баарыбызды издетип, шайыбызды оодарчу.
Ишенесинби, атамдын айынан мен тентуштарыма да кошула алчу эмесмин, мени баары "жиндинин баласы" дешчу.
Кээде соо адамдай акылын айтып, мага кайрат берчу, анан эле ошол абалына кайтуучу.
Ошондуктан азыр менин Тилектен башка досум жок, мен эч кимге ишенчу эмесмин.
Сени менен жолугууга барганымда ошонун чон жардамы тийчу, "досум, ар дайым бактылуу болуу учун, ар дайым жинди болуу керек!" дээр эле.
Эсимде, бир жолу айылда мал союп, балдар эт болуштурушкон, ошондо мени таба кылгансып жалан ичек'чабагын мага беришкен, мен болсо суйунуп ошону уйго которуп келгем. Балдар уйго мейман болуп келишмек.
Муну коруп мен ыза болгом, бирок Зарина ошол нерседен эле тамакты укмуш даамдуу кылып жасаган, мен ошондо биринчи ирет ырахматымды айткам.
Апам байкушка боорум ооруп эле уйлонуп алгам Заринага, кылчактай турган эч нерсе жок болчу, кыздар баары четинен турмушка узаган, апамды жалгыз калтырбайын дегем.
Андан кийин акчанын артынан сая туштум, "байлык" деп журуп, "жинди" атама да топурак сала албай калдым.
Оюмда мен бай адам болсом, баары менин сыйлаша тургандай сезилчу. Ал ортодо эки кыздуу болдум, сага жолукканымда экинчи кызым энесинин курсагында эле.
Жашоомдо коптогон жолугушуулар, аялдар деле коп эле болчу, мен сени ошолордун бири катары кабыл алгым келген, бирок сен башкача элен.
-Билесинби мени ашата сокконунду?
-Ооба, ал да чала болчу сага!
Улан жооп ордуна мойнумдан жыттап алды:
-Ошентип сенин келишин менен менин жашоом туп'тамырынан озгоруп кетти. Заринаны канчалык конулуно карабайын, ал конгон адатын таштай албай, дагы "ойноп" кетти.
Ага мен себепчи болсом керек деп озумду куноолоп журдум.
Анан эле ал ооруп калды, дарыгерлер "жатын рагы" деп табышты. Мен озум учун да, кыздарым учун да, анын омурун сактап калууга, акыркы мунотторго чейин, бар кучумду аяган жокмун, корсотпогон дарыгерим, алып барбаган жерим калбады.
Бирок тагдыр экен, сактап кала албадым.
-Тируу болсо жакшы болмок...
-Ооба, кыздар менен бирге ага да омур бою камкордук кылмакмын.
-Мени эмне кылмаксын?
-Баарыбир сага уйлонмокмун, мен бир гана сени, озум учун суйдум. Сага конул бура албаганым да, Зарина менен копко чейин алпурушуп калдым.
-Мени кечирип кой Улан, ошол унаада баратканда эле сенин создоруну угуп койсом болмок?
-Андай дебе, мен сени ушул турушунда , кокмок боюнча жакшы кором!
Мен дагы ушул создору учун Уланга чексиз ыраазымын!
Кош бойлуу болгонумду да кеч билдим, коонум айланып, башым тегеренип, ордумдан тура албай калдым, мага кошулуп кичуу кызым да ооруп алган. Муну коруп Уландын чый'пыйы чыгат:
-Кечээ кочодон тамак алып келбей эле койбой?
Анда улуу кызым бултундайт:
-Аны биз деле жедик го, эч нерсе болгон жокпуз?
Атасы коркуп кетип, бизди ооруканага алып барды:
-Куттуктайбыз 5 жумалык боюнузда бар экен!
Бул созду укканда менден да отуп Улан так секирди;
-Мер сага айтпадым беле, жакшы кундор алдыда дебедим беле?
Периштем менин!
Бугун оз уйумо конокко келдик, жолдошум, кыздарым менен, буйруса учунчубузду да кутуп жатабыз.
Баарыбыз бапырап, кубанычтан чекебиз жарылчудай.
Мен адатымча Заринанын уйу жака бардым.
Ордуна башка бироолор келип, мурдагы уйду суруп таштап, чон уй курушуптур.
Бул корунушту мен,Заринанын ордуна келген, озумдой эле кордум.
"Жайын жаннаттан болсун жароокерим, мен сен берген аманатына тируу болсом, эч качан кыянат кылбайм!"
*****
Эжем созун аяктаганда тан суруло баштаптыр:
-Эже , улуу кызыныз азыр кандай?
-Азыр экообуз чыныгы эне кыздайбыз, мен Заринага ыраазымын, мага эне болуу бактысын тартуулаганы учун, мен кызымдан озумдун эле жаштыгымды кором, Кудайым деле билип туруп кошот тура пенделерин?
-Ылайым бактыныз туболуктуу болсун!
Эжем биздин дагы конок болуп кетуубузду кайра'кайра айтып , коштошуп калды.
Мен "созсуз келем" дедим.
Жолдошум жолдо келе жатып сурады:
-Эмнени суйлоштунор анча?
-Ээ, коп нерсени.
Ага айткан менен баарыбир тушунбойт.
Мен омур жолумда ушундай инсандар менен жолукканыман кубанып, мелтиреген узун жолдон козумду албайм.
Аягы!
***
(жыйынтыктоочу соз ордуна)
Мына окурман!
Алдыныздарга дагы бир жомок сыяктуу, ары татаал тагдырды сунуштадым.
Ушундай адамдардын арабызда бар экени кубандырбай койбойт.
Бул эжемдин тагдыры, кимдир бироого сабак болоор деген умуттомун.
Турмушта баары адашат, баары жанылат, эн негизгиси , ошол оз катасын, кеч болсо да тушунуп жетуу.
Ар бир адам бактылуу болууга укуктуу, ошондуктан баарыныздарга тугонгус бакыт каалайм, бар болунуздар!
Эгер журокко жеткире албай, орто жолдон мааниси , грамматикасы жактан ката кетирсем, баарыныздардан кечирим сурайм!
Урматым менен Данек!


****
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Январь 2019 - 21:52