Салам урматтуулар!
Мен бул жерге бойдоктор үчүн (балким үй-бүлөлүүлөр үчүн да жардамы тиер) Фетхуллах Гүлендин "Чырпыктан чынар" китебинен үзүндү жаза кетейин. Өзүм да окудум, турмуш куруу тууралуу оюм мурдагыдан кыйла өзгөрдү. "Окуган нерсеңди бирөөлөргө айтсаң, эсинде жакшы сакталат"
дейт го андыктан силер менен бөлүшүүнү чечтим.
Баракча 1 - 1
Чырпыктан чынар Үй-бүлө
#2 04 Февраль 2019 - 20:26
Кандай үй-бүлө?
Кандай иш болбосун, пландоо учурунда олуттуу каралып, туура ой жүгүртүүгө негизделбесе, иштин жүрүшүндө жана натыйжасында өтө чоң көйгөйлөр чыгат. Эгер бир имарат тургузула турган болсо, анын бекемдиги жана кооздугу тууралуу жакшы план түзүлбөсө, кийин бузуп, кайра тургузуу керек болот.
Үй-бүлө-коомчулуктун эң маанилүү түркүгү. Үй-бүлөнүн бекемдиги-элдин жана мамлекеттин бекемдиги. Демек, элдин жана мамлекеттин бул негизги түркүгү долбоордуу жана пландуу курулушу шарт. Себеби бул маселедеги кичинекей эле кайдыгерлик жалпы коомдун курулушундагы кайдыгерлик болуп саналат. Ошондой эле шариятка туура келбеген баш кошууга коомчулук зыян тарта тургандыгына болгон ишенимибизди дагы дагы бир жолу баса белгилеп билдиргибиз келет.
Ооба,напсинин каалоолорунп негизделген максатсыз үй-бүлө келечексиз болбогондой эле, коомдо дагы жараксыз элемент болуп кала берет. Мындай үй-бүлө көчө таптаган селсаяктарды өстүрүп чыгышы ыктымал. Себеби ал үй-бүлө курулуп жатканда берекеттен үмүт кылынбаган жана ошол план менен курулган эмес. Биз ал планды нике дейбиз жана никеде напсинин каалоолору эмес, ой жүгүртүү жана акыл калчоо окумдардык кыла тургандыгына жана мындай үй-бүлө куруу диний көз карашка негизделиши өтө пайдалуу боло тургандыгына ишенебиз.

Билдирүүнү түзөткөн: biznes: 04 Февраль 2019 - 20:37
Баракча 1 - 1