Суперстан: "Форумдан берген отчётум" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Форумдан берген отчётум" Көңүлдөн чыккан ырлар, көөдөндөн чыккан сырлар

#1 Пользователь офлайн   Altyshok   21 Апрель 2019 - 23:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Тээ илгеринчи жылдары, жашоонун ачыла электе сырлары, жүзүмдө жокто сакалым, сөзүмдө жокто макалым (азыр деле жок дечи) Байдылда Сарногоев аттуу куудул чалыш (сатирик деп коёт экен) акындын “Ашуудан берген отчётум” деген китебин кезиктирип калдым. Бир ырын окудум, экинчисин окудум, ошентип терең сүңгүп отуруп далай бетин барактап койгонго жетиштим. Айрымдары күлдүрсө, кээ бирлери күйдүрдү. Тең жарымына таң берсем, калганына баа бердим. Кыскасы чоң таасир калтырды. Калтырбагандачы, Алиппеден кийинки эле окуп көргөн биринчи китебим болуп жатса. Андан соң форумга катталдым, далайын окудум каттардын. Форумдаш акындардын өздүк тема ачып, ырларын чачып, талантын ташкындатып жаткандарына күбө болдум. Spartak0001 (Historic дагы болсо керек, балким башкадыр), USSR, Sweet-like, Барсагай, Kaitpas, Likvidator ж.б. ырларын аздыр-көптүр окуп жүрдүм, эмнем кем деп мен деле токуп жүрдүм. Бирок, окшошподу, ыр деп айтканга эч коошподу.

Азыр деле кыйын болуп кеткеним жок, акын тургай сөзмөрлүккө жеткеним жок, антсе дагы мааниси тайыз болгон, уйкашка карыз болгон, ыр десем окшошобу ким билет, кыскасы, жазып турсам ыр сымал бир нерсени, азилди, сүйүүнү, ар нерсени, балким, үйрөнүп да кетээрмин ыр жазганды, сөз казганды.

Анан да, каада күтүп тойго барып калганда, калжаңдап бийлеп, жалжалым деп ырдап уят болгончо бул жерди карап, сакалым тарап ыр окуп кутулуп кетүү жеңилирээк. Өзүмдүкү болбосо да жогорудагы өзгөнүкүн окуп койсом ким туят, плагиат экен деп кулагыма ким куят?

Жакчу болсо бата берип койгула, какчу болсо ката берип койгула.

Анда эмесе "быссмылда" , аракети менден берекети Алладан.

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Altyshok   22 Апрель 2019 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Бисмилля деп баштай турсам мен эгер
Жаратканым жакшы сөздөн бере көр.
Жакшы ниет жарым ырыс чынында
Жарашыктуу, салмактуу сөз келе көр.
Мейли кээде кычкыл сөздөр кошулса
Айтаарсыңар "Акын имиш деле көр".

Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 22 Апрель 2019 - 00:15

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Altyshok   22 Апрель 2019 - 00:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Алыс жолго чыкканда кошуналарды көп эле жаздык кылабыз

Сүйлөйсүң го орусчалап назданып
Сүлөөсүндөй башка чыккан аз калып.
Уктайм десең уялбастан шап эле
Түптүз эле ийинимди жазданып.


Уялсаңчы үчөө да болсо жүрөгүң
Уяң болсоң чырайланат гүл өңүң.
Жарыма деп сен уктаган жаздыкка
Жамгыр тургай жатпай өзүм жүрөмүн.

Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 22 Апрель 2019 - 00:16

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Sushi_wok   22 Апрель 2019 - 11:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Баракелде! Уланта тушунуз!:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Altyshok   22 Апрель 2019 - 11:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Суши жасап жүргөндүрсүз Маскөөдө
Азаматсыз
Ар нерсени үйрөнүш керек жаш кезде.
Аял үчүн тамак жасоо сонун иш
Эт терип жеп кампаңар толот ач кезде.

Анан, көзүңөрдөн агып жаш, айтасыңар "керек эле арыкташ"
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   LunaSun   22 Апрель 2019 - 12:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 18 Окт 2021 16:05

Уландысын кутом

Билдирүүнү түзөткөн: LunaSun: 22 Апрель 2019 - 13:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Sushi_wok   22 Апрель 2019 - 13:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Сизге окшоп жамай албайм жамакты,

Бирок,сиз айткандай жакшы жасайм тамакты.

Сушиден да аял киши семирчубу,

Акыркы создорунуз дарегинен адашты.
%).

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 22 Апрель 2019 - 13:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Altyshok   22 Апрель 2019 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Эй арык кыз арык кыз
Жүзү сулуу жарык кыз
Сушиден башка тамакты
Билбегендей жазыпсыз
Киломун деп кырк тогуз
Бийлегендей жазыпсыз
Курсактагы камырды
Ийлегендей жазыпсыз.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Altyshok   22 Апрель 2019 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Эркектер ачка жатсак да
Сабырды ичке катсак да
Сарысанаа болбой аялдар
Сапсайып алып күлмүңдөп
Отурасыңар ватсапта

Ашкана, ашүй боорунда
Аялдар жүргөн орунда
Жүрсөк да ойлоп карынды
Жыртык шым кийип аялдар
Жылмыңдайсыңар форумда.

СүрөтСүрөтСүрөт
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sushi_wok   22 Апрель 2019 - 14:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Болуп кетем кээде жуз тогуз,
Ошого да адам кейийби?
Кээде болот кырк тогуз,
Анда деле калбайм суйунуп,
Кубаныч бийлеп денемди.

Жамакчы десе жамакчы,
Курсактууларга жармашты.
Маган окшогон "камырлар"
Унчугушпай калышты.
"Суши эми нетээр"деп,
Ичтеринен тынышты.
"Форумдан берген отчету",
Кандай болоор экен дегендер,
Кол шилтеп нары басышты.
Андан коро нарктуу кеп,
Баштасаныз болбойбу?
"Оо озуно келди" деп,
Сизди сыйлаган инсандар,
Ошондо,
Болушунча колдойбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sushi_wok   22 Апрель 2019 - 14:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Капырай женем кайда журот,
Байкемди ачка калтырып?
Аргасыздан ал байкуш,
Намек кылып журу женеме,
Форумдун баарын уркутуп.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 22 Апрель 2019 - 14:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Surotchu-kyz   22 Апрель 2019 - 16:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 02:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Искусство

Оо :D Азаматсыңар, алкыш. Уланта бергилечи?))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Altyshok   23 Апрель 2019 - 00:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Кыргыздан абал сурасаң жакшыдан башка сөз айтпайт. Бул дагы Аллага жаккан сапаттарыбыздын бири болсо керек.

Оорусам деле жакшымын,
Дөөрүсөм деле жакшымын,
Ден-соолук мени өгөйлөп
Жээрисе деле жакшымын.

Кайгырсам деле жакшымын,
Кайрылсам деле жакшымын,
Ай-жылым өтүп "жер" жакка
Жай жылсам деле жакшымын.

Антсем деле жакшымын,
Минтсем деле жакшымын,
Жараткан мага жар болуп
Жакасы кылсын жакшынын.

Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 23 Апрель 2019 - 00:47

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Апрель 2019 - 11:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жакшы деп айтуу да жакшы кеп,
Бугунку коргон кунго каниет.
Бирок кээде болот жаман жак,
Анда да "жакшы" дей берсе,
Анда бул алдамчылык касиет.


Денсоолук сизди жээрисе,
Аны, олум кылат ашкере.
Жараткан андан сактасын,
Жашагын келе берет адамзат,
Канчалык коп жаш берсе.





Бирокчу,



"Жакшы" эле болунуз ар дайым,
Бактысына балдардын.
Аман болунуз ар дайым,
Мандайына,сизди суйгон жандардын.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 23 Апрель 2019 - 11:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   23 Апрель 2019 - 12:24

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

"Эң жаман акындын поэзияга кошкон салымы анын ыр жазбай коюусу"-деген экен бирө авторун билбейм.

Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz-jigit.com: 23 Апрель 2019 - 12:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Altyshok   23 Апрель 2019 - 13:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Азаматсың, ачык сөздү тик айткан
Ар нерсени кайталабай бир айткан
Аңдай албай жүрөм десең, а бирок
"Акын элем" деп жигитке ким айткан?

Өнөм десең кам көргүнүң бешиктен
Өнөрүңдү туура болбос бекиткен
Оңой акын көрүнбөйсүн сен деле
Оюң кандай Кыргызжигит чекит ком?
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Апрель 2019 - 14:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 23 Апрель 2019 - 14:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Altyshok   23 Апрель 2019 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Э-ээй Сушигүл

Алдамчылык касиет
Аялдарда көп келет
"Эркекти алдаш керекпи"
Далилге тема төп келет.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Апрель 2019 - 15:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Сага болгон кыйрылуу


Жакшы сөз айтчы, эгер келсе колундан,
Жылуу пикир чыгабы деги сенин оозундан?
Соз кыйытып, жетип келээрсин көп болсо,
Канааттанбай калсан эгер жообумдан.
Ошончолук кыйын сезсен өзүндү,
Кете берчи, эч калбачы жолундан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Апрель 2019 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Просмотр сообщения Altyshok (23 Апрель 2019 - 15:41) жазган:

Э-ээй Сушигүл

Алдамчылык касиет
Аялдарда көп келет
"Эркекти алдаш керекпи"
Далилге тема төп келет.


Ал теманын максаты такыр башка,
Алдабасак, бизде барбы бөлөк айла?
Моюндайбыз кээде кетет ашынып,
Айтайын дегеним,
"Эртен кунго, точно Жума!"

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 23 Апрель 2019 - 16:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 00:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: