Суперстан: Окуучуга чөнтөк телефон канчалык зарыл? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Окуучуга чөнтөк телефон канчалык зарыл?

Сурамжылоо: Окуучуга чөнтөк телефон канчалык зарыл? (22 пользователей проголосовало)

Мектепте окуучулар телефон которушу керекби?

  1. Проголосовал ооба (11 голосов [57.89%] - Просмотр)

    Процент голосов: 57.89%

  2. жок (8 голосов [42.11%] - Просмотр)

    Процент голосов: 42.11%

Голосовать Гости не могут голосовать

#1 Пользователь офлайн   ELTYN   21 Декабрь 2011 - 15:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Ош шаарындагы №31 орто мектепте окуучуларга акыркы үлгүдөгү чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салынды. Мектеп жетекчилиги муну акыркы убактарда окуучулар интернетке алаксып, сабакка көңүл буруулары солгундап кеткени менен түшүндүрүүдө.

“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга билим берүү жана илим министринин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешбек Сайназаров жана Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиев катышты.
“Азаттык”: Кеңешбек мырза, мектеп директорунун акыркы үлгүдөгү –интернетке туташууга мүмкүнчүлүгү бар, видеокамерасы менен чөнтөк телефондорун колдонууга тыюу салуусуна кандай карайсыз?

Сайназаров: Бул демилгени колдоого алса болот. Анткени мектеп окуучуларына чөнтөк телефондорду колдонуусуна көп эле өлкө тыюу салган. Мисалы, АКШда 10-12 жыл мурун, Канадада да он жыл мурда тыюу салынган. Мына Тажикстанда да 2009-жылдан бери окуучуларга чөнтөк телефондорун колдонууга тыюу салынган.
Мунун үч жүйөсү бар: балдардын сабакка көңүл буруусу солгундайт, алардын ден соолугуна залалын келтирет жана мектептеги балдардын арасында тоноочулук, рэкетчилик сыяктуу терс көрүнүштөрдүн күчөшүнө шарт түзөт.

Осмоналиев: Биринчиден, тыюу салуу жолу менен биз эч качан ийгиликке жетишпейбиз. Анын үстүнө бул бүгүнкү күндүн, илимдин, маалыматтык технологиянын чакырыктары болуп жатпайбы. Башка маселе – ошол мектептин, мектептеги мугалимдин аброю, сабакты кызыктуу өтүүсү, өзүнүн жүрүм-туруму. Сабак кызыктуу, үлгүлүү өтсө, балдар анын сабагына кирүүгө кызыгып, аракет кылса, буга эч нерсе тоскоол боло албайт.

Бирок балдар ошол чөнтөк телефон менен мугалимдин сабагын тасмага түшүрүп, же сабак окубай, алаксып отурганы элементардык этикалык түшүнүк. Ошондуктан муну мамлекеттик деңгээлде жалпылап, мыйзам аркылуу тыюу салуу туура эмес. Ар бир мектеп өз деңгээлинде сабакты уюштуруу, өтүүнү кызыктырууга аракет кылганы шарт.

“Азаттык”: Балдар мектепте видеокамерасы бар чөнтөк телефондорду ар кандай чагым жасоо үчүн да пайдаланып жатышат, алсак, мугалимдердин сабагын, сабактан тышкары учурда сыртта бири-бири менен мушташкан учурларын тартып алып, аны интернетке жайгаштырып, муну менен өзүн баатыр сезишет деген да пикирлер бар.
Сайназаров: Бүгүнкү күндө балдар чөнтөк телефондон дээрлик көз каранды болуп калышты. Анткени телефон аларга байланыш гана эмес, ар кандай максаттарын ишке ашырууга да жарап берип жатат. Мисалы, текшерүү иш учурунда ага маалыматтарды жазып, шпаргалка катары колдонушкан учурлар да аз эмес.

Осмоналиев: Мен чөнтөк телефон пайдаланууга толугу менен эркиндик берүү керек деген жокмун. Бирок ага тыюу салуунун жолдорун да карап чыгышыбыз керек. Аны мектеп мугалимдери, ата-энелер менен макулдашуу жолу менен чечүүгө депутат катары макулмун. Бул маселени биздин парламенттеги комитетте да кароого даярбыз, менимче бул маселе бышып жетилиптир.

Тойчубек, угарман: Бул маселе абдан актуалдуу. Мен өзүм мектепти жетектейм. Бир жолу сабак учурунда телефонго алаксып отурган баланын телефонун алып карасам, бир сабак учурунда ага 18-20 чалышыптыр. Ошол бала сабак окуйбу?Ошондуктан бул маселе боюнча өкмөттүн деңгээлинде, парламенттин деңгээлинде мыйзам кабыл алып, мектеп окуучуларына чөнтөк телефондорун мектепке келген учурда колдонууга тыюу салуу керек.
Форумчулар силердин ойунар кандай мектепте окуучулар телефон которуш керекби?

Билдирүүнү түзөткөн: ELTYN: 21 Декабрь 2011 - 17:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   gul-amina   21 Декабрь 2011 - 16:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 10 Август 11
  • Соңку аракети: 23 Ноя 2012 17:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

окуучулар телефон которушу керек эмес бирок, тыю да сала албайт эч качан салганда да ишке ашпайт баарыбир колдоно берет ,мугалимдин сабагынан да кызыктуу (интернет,агент, оюн ж.б) болуп жатпайбы. Мумкун ата-энелер менен собрания кылып кенешип чоон суммада штраф салса же ушуга окшогон чаралар менен тыю салса болушу мумкун
берегите себя и своих близких
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Likvidator   21 Декабрь 2011 - 17:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Чонток телефон которууго толугу менен тыю салууга болбойт. Жонокой маркадагылар которууго уруксат беруу керек .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aikala   21 Декабрь 2011 - 17:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 585
  • Катталган: 01 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Сен 2018 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Тыйуу салып койсо абдан жакшы болмок.Школанын директору эле тыйып койсо,чара колдонсо болот ко.Мен 100% кошулат элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   operaledi   21 Декабрь 2011 - 17:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Толугу менен мектеп окуучусу телефон которууго тыюу салынсын дегенге кошулам Уйдо, пожалуйста.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   ELTYN   21 Декабрь 2011 - 17:42

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Азыркы учурда окуучулардын билим денгээли томон копчулук учурда ушул телефон чалгытып жатат окуучуларды сабактан.Сабака конул буруу деген жок.СССР учурунда 15олконун алдынкы орунунда турат экен эле билим денгээли бойунча Кыргызстан азырчы ото эле начар.Андыктан тыюу салыш керек.Агент болуп калган азыр окуучулардын ойу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   adalsvards   22 Декабрь 2011 - 16:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Ал ар кимдин шартына жараша.

Бирок өткөндө кайсы бир видеодон көрүп калдым, мугалимдин окуучуну уруп жатканы. Мен ушундайда телефон аркылуу атамды, апамды чакырмакмын. Демек керек!

Анан тыюу салышса, мугалимдер да көтөрбөсүн. Алар эмне сабактан чагыбайт бекен?


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   USSR   22 Декабрь 2011 - 17:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күнөө телефондо имиш бекен э? :) Аны коюп билим берүү системасын кантип реформалаш керек экенине баштарын оорутушса болоор эле. "Желегибиздин түсү кызыл болгонунан оңбой жатабыз" дегендей эле бир шылтоо го. Маселени тамырынан чечпей эле , бутактарын кыркып, жалбырактарын үзө бермей адаттан качан кутулаар экен биздин мыкчегерлер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   КОЛЮЧКА   22 Декабрь 2011 - 17:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 348
  • Катталган: 10 Июнь 10
  • Соңку аракети: 05 Июн 2017 09:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город зеленого цвета...

Сабак учурунда ойноп отурушса, албетте зыян. Мектептен тышкары жерде керектуу эле болуп калды окшойт, ата-эне да баласынын дайын-отун билип турат.
Думай своей головой, а не общественным мнением!

Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.

Имею мнение - х@@ оспоришь!

Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Tangsuu   22 Декабрь 2011 - 17:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 259
  • Катталган: 26 Июль 11
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Керек эле деп ойлойм. Себеби: ата-эне баласы уйго кечигип жатса чалып алып, эмне кылып жургонун билип турат.
P.S. 1 28√e 980

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Demon   26 Декабрь 2011 - 19:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Телефон керек кандай маркасын которсо которгонго (алы-кучуно жараша албетте) акылуу окуучулар... Болгону сабак башталганда же класска киргенде баарынын телефондорун топтоп алып коюш керек да анан сабакты катыра откоро бериш керек, бир жагынан катышуу да ирээтине келип калат, анан окуучу менен мугалимдин ортосунда да ишеним пайда болот... бирок ушуну да жасагандан зеригишет да же болбосо ууручулук кылышат да кайра эле быт чыты чыгат, бирок окуучулардын колдонушуна позитив менен мамиле жасап, сабак учурунда колдонбой койдурууга аракет жасаш керек, эгер билим беруу системасында толугу менен чонток тилпондор колдонуласын дешсе анда универдегилерге да тыюуу салыш керек болуп калат... менимче колдонушу керекпи же керек эмеспи эмес, кайсыл шартта колдонсун деген суроого жооп издеген орундуудай. ..
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Evelet   27 Декабрь 2011 - 07:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Демон мырза айтканына кошулуп коеюнчу уруксвт берсе
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Likvidator   31 Декабрь 2011 - 17:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Оюну жана интернети бар телефондорду которууго тыюу салыш керек . Оюн менен интернетке алаксыбай жакшы окуш керек .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   aminali   01 Январь 2012 - 04:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Мурда телефону жок эле окуганбыз,сабактан тышкары жерден колдонсо телефонду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   23 Август 2014 - 13:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Чөнтөк телефон жаш балдарга керекпи же керек эмеспи?


Уюлдук телефондор адамдын чоң жардамчысы жана алмаштыргыс досуна айланганына баарыбыз күбөбүз. Кийинчерээк болсо мындай "досту" жаш балдар да ата-энесинен талап кыла башташты. Алар чөнтөк телефондун чыныгы милдети эмне экенине көңүл деле бурбастан, "башкалар көтөрүп жүрөт, меники да болуш керек" деген жаңылыш өжөр ой менен ата-энесин кыйнайт…



Балаңызга телефон алып берсеңиз:

Ага ыңгайлуу болгон учуларда өзүңүз чалып туруңуз.
Телефондун чыныгы колдонулуучу максатын түшүндүрүп бериңиз. Балаңыз телефонунун баркын билүүсү, ошол эле убакта аны таптакыр аздектеп калбашы зарыл.
Телефонду кайсы жерде колдонуу туура же туура эмес экендигин (сабак учурунда, музейде ж.б. коомдук жайларда) айтып бериңиз.
Тез жардам, өрт өчүргүч, милицияга чалууну үйрөтүп коюңуз.
Чоочун кишилерге телефон номерин айтпоосун жана белгисиз номерлерден келген смс билдирүүлөргө жооп бербеши керек экенин түшүндүрүңүз.
Чалууларга музыка койбостон, вибрациясын колдонгону оң. Бул нерсе чоочун адамдардын ашыкча көңүл буруусунан сактайт.


…Бирок баланын каалоосунун тереңинде бир маани жаткандай. Кээде сабактан кечигип жаткан балаңыздын аман-эсен экенин, кайда экенин билүүгө абдан муктаж болот эмессизби. Ошол эле убакта жаш балдардын уюлдук телефон колдонуусуна каршы көптөгөн терс ойлор айтылып келүүдө. Кандай чечим кабыл алуу керек?


Пайдасы:
Жакында Орусиянын окумуштуулары уюлдук телефон бала бир күндө 1,5 сааттан ашык убакыт телефон менен баарлашканда гана зыян деген ойду далилдешти. Ошону менен бирге эгер бала өзү телефон чалбаса нурландыруунун зыяны таптакыр эле жокко эсе болот экен (эң зыяндуу нурландыруу телефон чалып жатканда болот). Ошондуктан ата-эне балага өздөрү чалуусу зарыл.
Албетте, чөнтөк телефондун эң пайдалуу жагы - балаңыз менен ар убак байланыша аласыз. "Эмне кылып, кайда жүрөт" деп сарсанаа болбой, кечигип жаткан болсо тосуп аласыз же башка керектүү чара көрөсүз.
Уюлдук телефондун дагы бир жакшы жактарынан болуп ата-эне алыс жүргөндө баласынын маанайын көтөрүп, сагынычын жазып алат.
Уюлдук телефонго балдар күндө аткара турган иштерин жазып алса болот. Мисалы, сабактардын тизмесин, кружоктордун убактысын. Эске салуучу функциясын колдонуу да балдарга абдан жардам берет. Мындайда апасы улам бир нерсени эскертип турбастан, бала өз алдынча болууга көнөт.
Ошондой эле телефон колдонуп жатып балаңыз техника менен тааныша баштайт. Балким анын ачыла элек жөндөмдөрүн да аныктоого жардам берет.

Зыяны:
Жакында эле англиялык уюлдук телефон чыгаруучу компания 4 жаштан жогорку жаш балдар үчүн чөнтөк телефон жасоого аракет кылып көрүштү. Teddyfone деп аталган бул моделдеги телефон өзүнүн шайыр мамалак түрүндөгү сырткы көрүнүшү менен кызыктырат. Кадимки уюлдук телефондон айырмаланып, бул телефондо нурландыруу зыяны аз, ошондой эле баланын кайсы жерде жүргөнүн көрсөтүп туруучу жана ата-эне менен тез байланыштыруучу SOS функциялары бар. Жыйынтыгында долбоор ийгиликсиз деп табылган. Себеби ата-энелердин ою боюнча 4-7 жаштагы балдар таптакыр эч кандай нурландырууга кабылбашы керек.
Ал эми Голландиялык окумуштуулар эң кичине нурландыруу да жаш балага онкологиялык ооруларды алып келет деген ойлорун айтып келишет. Дарыгерлердин кеңеши боюнча уюлдук телефон жана 8 жашка чейинки наристе бири-бирине каршы келген түшүнүктөр. Ошого карабастан жылдан жылга чөнтөк телефон көтөргөн жаш балдардын саны өсүүдө.
Телефон бир гана акча коротпостон, балаңыздын психологиясына да зыян алып келиши ыктымал. Андан сырткары телефон баланы окууда, жолдо өтүп бара жатканда жана уктаарда да азгырат. Ошентип бир жагынан баламды көзөмөлгө алам деп ойлосоңуз, экинчи жагынан ага зыян алып келүүчү эркиндик тартуулайсыз. Андан сырткары интернет жана смстер менен эле баарлашкан балдардын өнүгүүсү кечеңдей баштайт.
Балдар уюлдук телефон материалдык абалды көрсөтүүчү жагдай катары кабыл алышат. Кимдин телефону арзаныраак болсо же такыр эле жок болсо, аны кемсинтишет. Бул нерсе баланын психологиясына терс таасирин тийгизип, ата-энеси менен карама-каршылыкка алып келээри айкын.
Иммундук система толук калыптана электе уюлдук телефон колдонгон жаш балдардын ден-соолугу гана эмес, уйкусу, эс тутуму да начарлайт. Дал ушул себептерден улам Бангладеш республикасында 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн уюлдук телефон колдонуусуна тыюу салынган. Ал эми Европарламентте болсо жаш балдардын чөнтөк телефон көтөрүүсү чоң талкуу жаратып келет.

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   KAHAT   23 Август 2014 - 16:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Туура, телофондун жаш балдарга да чондорго да пайдасынан зыяны кобуроок.
Бирок автор айткандай, сотка жакын досубузга айланып, ага байланып бараткандайбыз.
Эмнеси болсо да, жашыбы, карысыбы белгилуу убакытка чейин гана колдоно билсе, зыяны да азыраак тийчудой.

Бангладеште тыюу салып туура кылышыптыр, КРда да тыюу салынса жакшы болмок. Себеби ушул сотканы деп копчулук жаштар ден-соолугуна зыян тийгизуу менен катар, окууну да таштап коюп жатышат.

Айжамал пайдалуу маалымат учун рахмат!
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Bad-boy   30 Август 2014 - 01:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Сотканын зыяны жок деген, маалымат окуп калдым эле да, унутуп жатам. Бир адам изилдеп чыккан экен... Сотканын мен билген зыяндары: кулактын оорлошуп калышы, мээдеги кандын коюлуп кетишине, алып келет экен.. Зыянын билип туруп пайдаланабыз, тамекини да тартышып жатпайбы, зыян экенин билип туруп... Тамекиге салыштырмалуу, сотканын зыяны азыраак болсо керек...Айжамал маалымат үчүн рахмат!
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   admin_superstan   09 Декабрь 2014 - 09:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Чөнтөк телефон." темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   09 Декабрь 2014 - 18:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Окуучуларга жонокой суйлошуу учун телефон алып берууго болот, ал эми смартфондордун пайдасынан зыяны коп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   alibekova94   09 Декабрь 2014 - 18:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Жок керек эмес алар эми билим алып келе жатканда телефон зыян келтирет. Окуучу болгондон кийин окушу керек. Чон адам телефонго кандай берилесин ал эми окуучулар чон адамдан да катуу берилиши мумкун. Кечигет тиги бул деген койгойлорду ойлоп телефон алып берип жатышса жонокой эле алып бериш керек.

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 03:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: