Саламатсыздарбы окурмандар!
Мен уялдым ооба уялдым,сиз менен райондун эли сыймыктанат.
Сиздин атыңызды укканда эле тааныйт баары район эле эмес республика тааныйт. Мамлекеттик жумуштарда эмгектенип көпчүлүк элге жардам көрсөтүңүз.
Мен сиз менен сыймыктанчумун.
Бирок акыркы күндөрү неге өзүңүздү мынчалык таштап жибердиңиз.
Аты жаман аракты неге көп иччү болдуңуз.Чогуу тойдо болдук,сиз ичтиңиз,мас болуп калдыңыз.Сизди күзөтүп чыктым, жыгылып кетейин дедиңиз, араң машинага отургузуп жөнөттүм.Жанынызда апаңыз, кызыңыз бар эле,алар сыгылып ыйлапда алышты. Мен сизди карап ушунчалык капаландым,
өзүңүздү неге кор кылып жатасыз, түшүнө албай жатам.
Сиз кеттиңиз,тойдун эртеси да болду. Өздөрү да ичип, жыгылып жатып калгандар сөз кылышып жатат.Суранам ичпеңизчи.Элдердики билинбейт ичкени, көчөдө ар жерлерде жатып калганы.
Өзүңүздүн аброюнузду түшүрбөңүзчү.
Ошол сизди сөз кылгандар өздөрү ар ким менен,ар жерлерде ичип жатып калгандар.Сиздин ошол акыбалынызды көрүп кайын журтуман уялдым.Баягы мурдагы акыбалынызга кайтынызчы суранам.
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1