Таене... Сонун соз ээ. Алтын апакемдин апасы таенеме кичинемден жакын чонойдум, ушунчалык жакшы корчумун. Кичинемде таенемдикине коп барчу элем, баргым эле келе берчу. Таенем экообуз ээрчишип алып айыл кыдырчубуз,
кооз жерлерге барчубуз. Мага таттууларды алып берчу. Биздикине да коп келчу, келген сайын оюнчуктарды сатып келчу. Такыр тынч отура алчу эмес, биздикине келсе эле тегерек башты тазалап, казан аяктарды жууп, ирээттей берчу, азыр деле ошондой. Азыр таенем 70ке чыкты. 70теги кемпирлердей эмес, шуулдап баскан турганы тын, таенем менен базар кыдырганда аркасынан кубалап жетпей калам ушунчалык бат басат, такылдап тили да укмуш. Оо таенемдин тили... Тилинин азабын аябай тартты. Кичинемде тайкемдер таенемди кыйкырып окуруп урушуп аткандарын коруп тайкемдерди жек коруп кетчумун, байкуш таенем аларга эч бир соз кайрыбай унчукпай тил угуп коюп мелтиреп отура берчу. Таенеме боорум ооруп ыйлап жиберчумун.
Эмнеге дечумун. Эмнеге??? Тороп, азабын тартып, ушул даражага жеткирип чонойтуп койгон балдары энесине ушундай мамиле кылышат, эмнеге соз менен жей беришет, карыганда жайына эле коюшпайбы. Бала кезде ушинтип ойлочумун. Корсо... Мектепти бутуп студент кезде 1-курсту таенемдикине жатып окудум. Корсо таенем балдарын аябай чабыштырат экен. Балдарын эле эмес 1 жыл аралыгында мени да тайкемдер менен чабыштырганга жетишти. Мен баргандан баштап эле тааженемди жамандаганын койбоду. Таенемдин айтуусу боюнча тааженем тайкемди дубалатып башын айландырып алган имиш, ырыстуу тамак аштарын таенеме бербей катып коюп, таенем экообуз жокто оздору жейт имиш, кийимден кийим алат, кочодо корунгон менен журот ж....п болуп бутту аны тайкен билбейт, башын айландырып алган ии койчу таенемден ушундай создорду кундо укчумун. Чай ичкени отурдум дегиче баштайт эле эбиреп жебиреп тамагымдан чай отпой калчу. Ал убакта тайкем менен тааженем экоо тен иштешчу, эрте кетип кеч келишчу. Кундо кечинде тааженем 2 баласына бирден таттуу которуп келип колдоруна карматып койчу, аны да тайнем коро калчу дароо менин жаныма жетип келип кулагыма шыбырачу "кара балдарына таттуу апкелиптир сага деле бирдеме которо келсе олот беле, ал сени бул жактан коргусу да келбей аран журсо керек, сен келгенден бери мындай болуп калды, тигиндей болуп калды".
- Уфф, таене анда мен кетейин башка жакка барып жашайын.
- Жоок сен эмнеге кетет элен, кептин баары тигиде болуп жатпайбы, тиги кетсин.
- Коюнузчу таене.
Ушинтип кундор отчу. Чынын айтсам аябай тажап кетчумун. Кундо сабактан келээрим менен таенем наалынып тосуп алчу. Женемдин дагы башка толтура кылыктарын айтчу, мени тайкене уруштуруп жатат дечу. Таенеме ишенип женемди жаман коро баштадым. Сыртымды салып жакшы суйлобой койчу болдум. Бир жолу уйдо аябай катуу уруш жанжал болду. 2 улуу тайкелерим келип женемди оозго алгыс создор менен согуп сагып кичуу тайкемди токмоктоп эле жатып калышты. Мен аябай жаман болдум, мейли тайкем менен тааженем мин жаман болгондо да аларды токмоктоп, согуп сакканга алардын акысы жок болчу, ызы чуудан кошуналар да келишип, алар кичуу тайкем менен тааженемдин жакшы адамдар экенин, таенем эле ортодо баарын былгыта берээрин айтышты. Корсо таенем тааженемди мага жамандап жургону менен мен жокто тайкемдерге мени жамандачу тура, ошондо тайкемдердин тили мага да тийди. Анткени таенем коргон укканын укмуш кооздоп, калпты чынды аралаштырып кээде оюнан чыгара коюп, эбиреп жебирегенге уста тура. Кичинемде тайкем эмнеге таенемди кыйкырып урушаары мага белгилуу болду. Таенем созду аябай ташыйт экен, бирине бирин аябай чабыштырат экен. Бир заматта таенемдин 7 баласы 2 жаат болуп, ыркырашып калышты. Алтоосу уч учтон болушуп экиге болунушту. Бир гана апам. Байкуш апам ай, бир туугандарынын арасынан эн эле назиги, эн эле боорукери, эн эле ак конулу апам тура. Бир жолу апама тамашалап "эки жаатта тен уч учтон болушту, сиз кайсы бирине кошуласыз"
дегенимде, "мен эч кимисине кошулбайм, эч кимге тартпайм, мен учун баары бирдей, эгер мушташып кетишсе мен четте эле карап турам" деген эле. 1-курсту ошентип аяктагам. 2-3-курста шаардагы башка туугандардыкына жатып окудум. Ошол убактарда апамдын оорусу отушуп кетип бирок эч кимге билгизбей журо бериптир. Мен да уйго 1 жумада 1, кээде 2 жумада 1 барып, 2 кун туруп эле кайра окууга келе бергендиктен эч нерсени байкабаптырмын.
Ооруп жургонун билчумун бирок айыгып кетет деп умуттончумун,
бул дуйно менен капысынан коштошуп кетээри оюма да келген эмес, ушинтип журуп эле айыгып кетет, узун омур сурот деп ойлопмун. Мен 3-курсту аяктап уйго барган куну апам бул дуйно менен коштошуп кете берди. Практикада журуп 1 ай бою уйго барган эмесмин, дал ошол мен барган куну кечинде апакемди ажалга тарттырып ийдик. Мен мындай бурулушка даяр эмес болчумун, нес болуп эле калдым. Ызы чуу тушуп эле калдык, эх ошол тун жашоомдогу эн жагымсыз тун болду, тан атпай калчудай сезилди, ошондо батыраак тан атып, кундун батыраак чыгышын куттум. Кун чыкса эле апам ордунан тура калчудай болуп жатты. Бирок апам ордунан турбады, козун да ачпады, жапжаш бойдон, супсулуу бойдон кете берди...
Келишти. Таенем, тайкелерим,
таэжелерим.
Баягы эртен эмне болуп кетээринен элес албай эки жаат болуп, ыркырашып атышкан тайларым бир боз уйдо бир тууганын жоктоп, боздоп отурушту. Ошол учурда да таенемдин тили кычышып балдарынын кулагына шыбырап койгонбу, улуу тайкем мени озунчо чакырып алып "атан апана эч нерсе деген жок беле, экоо урушту беле?" деген суроолорду берди. Ошондо тайларымды жек коруп кеттим, атамды куноолоп жатышкан тура, акмактар. Ошол учудан баштап менин козумо тайларым желмогуздай коруно баштады. Таенемдин "балам ай балам" деп ыйлаганына да кыжырым келип негедир мага калп эле ыйлап аткандай сезилди. Анан дагы женелеримдин иш кылып жаткан жерлерине барып алып "муну мындай кылгыла, тигини тигиндей жасагыла, оокат кылганды билбейт экенсинер, балит кыймылдайт экенсинер, туалетке барып келгенден кийин колунарды жуугула" дегендеричи.
Айтор баарына кийлигишип эшикте журот таенем, ал эми алтындай болгон кызы жансыз суналып боз уйдо жатат. Ошончолук кызы учун куйуп келиптир, боз уйдо отурбайт беле ыйлап...
Баардык ырым жырымдар жасалып, апамды жерге бердик. Баары кетишип озубуз эле калдык, таенем да кыркына чейин кала турган болду. Апамдын кыркына салганга жакшыраак жер тошокторду жасайлы деп женемдер биздикине чогулушуп жер тошокторду жасашты. Бир куну эле баарын жасап бутушуп, женемдер тамак да жасашып баары бутту эми тамак ичип алып кетели дешип жакшынакай эле тамактанып отурганбыз.
Бир убакта таенем тамак ичип отурган жеринен секирип туруп "тамагынар муздак экен, силер мага муздак тамак берип коюп озунор жыргап ысык тамак ичип отурасынар"
деп кыйкырынып баштаса болобу. Байкуш женемдер чарчап чаалыгып ачка болуп жаны эле курсагын тойгозгону отурушкан эле аларга боорум ооруп кетти. Таенеме тамак куюп келген женем баарынарга бирдей эле куйгам дейт, таенем ал ансайын албууттанып ал женемди каргаганга отту, баарынан да "омурун кыска болсун" деген созу журогумду тешип кетти. Таенем кобун ушинтип каргайт бирок ал каргыш ошол адамдарга тийбей оз кызына менин апама тийип калгандай сезилип кетти. Чынында алтын апакемдин омуру кыска болуп калбадыбы, байкуш апам ай кумурскага да зыяны жок жан эле. Ачуум келип атып туруп "баарын эле ушинтип каргай берип каргышыныз апама тийип калды, эми дагы кимибизди жутканы жатасыз!"
деп кыйкырып жибердим. Таенемдин ошол замат жаагы жабылды, мен ыйлап эшикке чыгып кеттим. Орттонуп жаттым. Женемдер да кетишти. Кунумдук тиричилик отуп жатты. Таенем телефону шынгыраса эле атып туруп, эшикке жоноп калчу болду. Дагы ошентип эшикке чыгып кеткенинен артынан бардым. Тыншасам улуу таэжем менен суйлошуп жатыптыр, баягы женемди каргагандагы менин айткан создорумду айтып берип жатты. "Кызымдын ушулар эле тубуно жетти, эми абысындары кызымдын уйун каалашынча тебелеп тепсеп оз билгендерин кылып жыргап атышат, мен кийлигишсем эле тиги кыз (мени айтып жатат) тынч отур ызы чуу кылбай деп мени тыйып коюп атат" деп суйлоп жатты. Баарынан да "куйоо баламды туну менен уктабай тыншап кайтарып чыгып атам, тун ичинде башка катындарга барбасын деп" дегени жаныма батып кетти. Жанына жетип бараарым менен телефонун очуро калды.
- Келе телефонунду!
- дедим.
- Не кыласын? Колунан телефонун жулуп алдым.
- Азыр чагып таштайынбы.
Эмне туну менен атамды кайтарып жатасызбы ээ?
- Кечирип койчу, мен ушинтип жинди болуп калдым, эмне суйлоп жатканымды озум билбейм. Кызымдын куйуту мени жинди кылып койду.
Ыйлай баштады. Боорум ооруп кетти. Таенеме деле оной эмес да, чырактай болгон кызын жерге берип отурат.
Андан бери 1 жыл отту. Таенем мурдагыдай эле, бирок мага эч кимди жамандабайт,
жамандап баштаса эле "мага эч нерсе айтпаныз укпайм, кереги жок" дейм. Биздин уйго барганда да менин козумчо эч нерсеге кийлигишпейт.
Мен да торго отургузуп ысык чайымды берип жакшылап узатып койчумун. Азыр мен жолдошум менен башка айылда жашайм, таенем биздикине бат баттан барып турат, бирок синдим менен батыша албай уруша кетет экен. Синдимдин да мунозу оор. Синдиме "унчукпай таенемди алдап кой" деп айтам. Осоору калган жок, бирок дагы деле тын. Уйуно барып калсам айланып кагылып, кызымдан калган белегим деп ысык чайын, таттуу тамагын берет. Силер аман болгула деп турат. Байкушум тилинин эле азабын тарта берет да. Мейли кандай болсо дагы омуру узун болсун. Таенемди баары бир жакшы кором.
Баракча 1 - 1
Таенемди баары бир жакшы көрөм
#3 01 Июнь 2019 - 17:50
Кыйын кемпир экен эээ ....Апандын жаткан жери жайлуу болсун!Калган омурун силерге берсин!Коп кыжалат болбо.Омур ото берет экен.Ар ким озу менен ...Таэнен коп жашасын !Бирок кыйын экенсин сен
#4 02 Июнь 2019 - 22:06
Ооба,жакшы көрүңүз.Ошол тайенеңизди да таппай каласыз.Колуңуздан келишинче сыйлап калыңыз.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#5 05 Июнь 2019 - 12:55
Тайэнелер асыл жандар болот...айрыкча кылган ишинден кемчилигин коруп калса "дааарт ботом ошону эмкиче билбейсинби?
!"-деп корсотуп бергеничи суйлонуууп садагасы десе...
Баарын бергиси эле келип турат,келининен айбыгат,болбосо уйун котортуп,конулу толоо артындан карааап калса керек...
Жакшынын баарын ыраа коруп турат...
батасын эч аябайт анан да кабар алып барчу болсон эки каптан бешти семирип,кудундап суйунуп,болгонун астына коюп берет...ии анан сага деп бекитип койгондоручу асылдар десе,ушунусу бир башкача кылык да))))
Анан да эн эн эн эле асыл насаатарга бай,тайнелер тек асыл жандар...мээрими бир озгочо садагалар десе анан кантип жакшы корбой коё аласын.Колунан ооп,сыйлап гана тургум келет...Тайэнем суйунсо элжиреп алам озумчо,алар тек асыл,асыл инсандар...жакшы кундорубузго кубо болуп,тордо гана сыйланып жургонго татыктуу жандар алар,бар болушсун))
Автор,кыйынкыз экенсиз,азаматсыз
Баарын бергиси эле келип турат,келининен айбыгат,болбосо уйун котортуп,конулу толоо артындан карааап калса керек...
Жакшынын баарын ыраа коруп турат...
батасын эч аябайт анан да кабар алып барчу болсон эки каптан бешти семирип,кудундап суйунуп,болгонун астына коюп берет...ии анан сага деп бекитип койгондоручу асылдар десе,ушунусу бир башкача кылык да))))
Анан да эн эн эн эле асыл насаатарга бай,тайнелер тек асыл жандар...мээрими бир озгочо садагалар десе анан кантип жакшы корбой коё аласын.Колунан ооп,сыйлап гана тургум келет...Тайэнем суйунсо элжиреп алам озумчо,алар тек асыл,асыл инсандар...жакшы кундорубузго кубо болуп,тордо гана сыйланып жургонго татыктуу жандар алар,бар болушсун))
Автор,кыйынкыз экенсиз,азаматсыз

Баракча 1 - 1