Суперстан: Жалгыздык - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жалгыздык Жанга баткан жалгыздык тууралу ойлор

#1 Пользователь офлайн   kadam   16 Март 2019 - 00:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Кечээ эле үйдү үч көтөрүп ызы-чууга кылган неберелерим эми алыста... Кечээ эле маңдай-тескей отуруп кобурашып чай иччү уул-келиним алыста...Үйдө тымтырс...бир гана өзүмдүн дем алганым,молдонун азан чакырганы угулат. Жымжырт баары...Бир заматта заманам куурулуп, жалгыз калам деп эч ойлогон эмесмин. Тагдыр жазмышпы билбейм? Баарынан да жашың өтүп калганда буга көнүш өтө, өтө эле кыйын экен. Жашоомдун барактарын түнү бою барактап чыгам...Биз сонун үй-бүлө болчубуз. Сүйүшүп жүрүп баш коштук. Биздин үйлөнүү тоюбузга жатаканадагы баардык студенттер келишкен. Окууну бүтүп, борбордо иштеп калдык. Аңгыча жаштарга борбордон там салууга жер тилкесин бөлдүрүү кыймылы күч алып, өкмөт жер бөлүп бере баштады. Элдин шары менен жер тийип, эки бөлмө там салдык. Жашообуз жакшы, эки уулду болдук. Социализм системасы кыйрап,баарыбыз базарга чыктык. Ал иш биздин колдон келбейт экен, кайра эле көнгөн мугалимдигибизге бардык.Айлыкты 4-5 айлап албай калчу болдук. Күйөөм иштен чыкты. Бир чоңдун кеңешчиси болуп иштей баштады. Акырындык м-н карыздан кутулуп, оңолууга өттүк. Санаа жок, иштеген иш, жашаганга үйүбүз бар. Балдар бала бакчада, биз жумушта. Күйөөм да элге аралашып, кадыр-,барктуу боло баштады. Жүргөн жери отуруш...Аны деле аңдап билбейм. Бирок элден уга баштадым. Күйөөң тиги м-н муну м-н базарлап жүрөт.Эки үч жолу жумушунан улуу аялды көп көрчү болдум. Маани деле берген эмесмин. Сиңдим айтып келди, жездемди көрдүм, бир аялга шуба алып берип жатты.Ичим тызз дей түштү...Жолдошумун үйгө конбой калчу адаты пайда болгон. Акыры билинди...Ызы- чуу чыр чатактын аягы ажырашуу м-н бүттү. Бүттү баары...Тогуз жашар, эки жашар уулдарым м-н калдым.Бир кезде балдарын жанындай көрчү атакебиз эми балдарына карамак турсун,уялбай 6 айга 90 сом алимент салыптыр. Мингени мерседес, кийингенин айтпай эле коёюн. Өзүнөн 10 жаш улуу аялдын 4 баласын багып кетти. Эки уулумду багып-чоңойтуш оңойго турган жок. Эки жыл катуу стрессте болдум. Үйгө келген туугандарымдын мемиреп уктап жатканын көрүп, суктанаар элем. Мен да ушулардай болуп, санаа тартпай тынч уктаар бекем?Белди бекем бууп,ишке катуу кириштим. Ишимден сырткары,чет элдиктерге сабак бере баштадым. Баягы 2 бөлмө үйдү чоңойттук, короону өзүбүз сокмо уруп тостук. Ар бир ишти балдарым м-н чогуу кылабыз. Балдар чоңоюшту. Улуусу жакшы окуу жайга өттү.Кичүүм техникумду бүтүрдү. Улуу балам кайнатамды тартып жоош, окууга, музыкага шыктуу. Кичүүсү окууну жаман көрчү, бирок адамдар м-н мамиле түзгөндү, сүйлөшкөндү жакшы билет. Кичүүм биринчи үйлөндү. Келиним жакшы чыкты. Колумда бир топ жыл чогуу жашадык. Эч бир кынтыксыз оокат кылган, оюмдагыдай сырдашым, жан биргем болду. Татынакай эки неберелүү кылды. Туруктуу иши болбой, уулум бир топ кыйналды. Ошондо да, сен таппайсың, аны кием, муну кием дебеген сабырдуулугуна баа бердим. Улуу балам бойдок...Өзү момундугунанбы, башкаларга окшоп кыздын артынан чуркачу эмес. Соцсеттен бир кыз м-н таанышыптыр. Өзүнчө эле мулжуңдап калыптыр.Бизге жага бербей, сөз м-н чымчылап жүрдүк. 8-мартта шаабайы сууп келди. Кичүүм айтты, тиги кыз берген белегин жактырбай кубалап ийиптир. Ал эмнеси?-деп койдум ичимен.Санаага батып, азып кетти уулум. Апрель айы болуп калган, үйгө токтобой калды. Экөө жарашыптыр дешти. Аа жакшы болуптур.Орозого жакындаганда уулум кафеге чакырды. Бардым, аябай сырдашып сүйлөштүк.-Апа үйлөнбөсөм болбойт, кыздын боюнда бар.-Мейли, өзүңдүн да жашың келип калды, үйлөнсөң үйлөн.Качан тааныштырасың? -Азыр келет. Жакшынакай кийинген өңдүү-түстүү кыз келди.-Здрасьте. -Ии келегой. Уулумду чындап жакшы көрөсүңбү?- Жылмайып койду.- Жашоодо өйдө-төмөн болот. Бирде бар, бирде жок чыдайсыңбы? -Ага. -Эми кандай бүтүмгө келели?- Я скажу своим родителям, но боюсь.-Ии эмнеге? -Думаю, они будут против.-Эч нерсе болбойт, көндүрөбүз. Бир жумадан кийин дагы жолуктук.Ыйлап алыптыр. -Эмне болду?-Родители против.-Эмне үчүн? -Он оказ-ся не богат.Биз сени богатый женихке беребиз. Кулагыма угузба дешти.-Чакыр ата-энеңди, бизди көрбөй туруп, кайдан билет? Бетме-бет жолугалы? -Вы только не говорите что я беременна. -Айтпайм. Сен чакыр,аларды көндүргөн жагын өзүм алайын. Мындайды күтпөгөн жаным, аябай жаман болдум,бизди кемсинткенине. Кийинки жумада жолуктук.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kadam   16 Март 2019 - 00:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Ары кетип, бери кетип жатышып жолугалы дешиптир. Учурашкан соң, кеп баштадым.-Силерде кыз, бизде уул бар экен. Эки жаш бири-бирин жактырып калыптыр. Көпкө создуктурбай үйлөнтүп койсок кантет? Кыздын атасы аябай суракка алды.-Үйүңөр кандай?-5 комнат.-От жагасыңарбы? -Ооба, быйыл газ келет, үч фазалуу свет м-н деле жылытабыз.Өзүмчө эле актанып жаттым. Уулумду карасам, титиреп, өң-алеттен жок отурат.-Сиз каякта иштейсиз?-Мугалим. -Аялы мурдун чүйрүгөнүн байкадым.- Эмдиги жылы үйлөнбөйбү? -Кой, антпегиле, биз азыр үйлөнткөнгө ниет кылдык.-Анда күзүндө үйлөнсүн.-Жайбы, күзбү айырма жок ко? Буюрса деп үйлөнтөлү. Ары тартышып, бери тартышып жатып кепке келтирдим окшойт.Биз эми туугандар м-н кеңешип, жообун айталы. Ушундай чечимге келип, тарадык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   altyshak   16 Март 2019 - 04:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 201
  • Катталган: 12 Май 11
  • Соңку аракети: 10 Авг 2020 17:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Соонун жазып баштапсыз эже аягын кутобуз.
Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Surotchu-kyz   16 Март 2019 - 15:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 02:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Искусство

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   007bond   16 Март 2019 - 18:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 18 Февраль 18
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 02:26

Ии анан? Улантыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   XONIA1995   16 Март 2019 - 21:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 205
  • Катталган: 29 Июнь 15
  • Соңку аракети: 31 Дек 2020 10:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

иий уланта коюнуз эже, Бул эже да Рая ападай улуу эже ар дайым бизге жакшыы кенештерин жазып келет, бизди куттурбонуз эжее
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   shirin11   16 Март 2019 - 21:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 10 Февраль 19
  • Соңку аракети: 24 Май 2019 17:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ноокат

Сизди кутоом эжекее!!
Кооп коптон жазынчыыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   kadam   17 Март 2019 - 21:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Рахмат алтын кыздар!Арсар ойдо жүрдүм эле жазсамбы же жазбасамбы деп.Силердин кубаттооңор дем берди улантканга.

Билдирүүнү түзөткөн: kadam: 17 Март 2019 - 21:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   kadam   17 Март 2019 - 21:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

-Макул болушуптур. Уулум кубанып, сүйүнчүлөп келди. Тойго даярдык башталды... Биздей карапайымдардын колдоочусу эле банк да. Бирөө үчүн тиш чукуур акча болсо, биз үчүн бир топ болгон суммада насыя алдык. Куда тарапка жөнөп калдык...Кыз узатуу тою абдан жакшы өттү. Жүз миң калың бердик,таттуу- паттуу, себети өзүнчө.Кийит жок болду. Өзүмдү бактылуу сезип, Жаратканга ыраазы болуп, кайтып келдик. Мурдагыга караганда тажрыйбалуу болуп калганбызбы, өзүбүздү кыйнабай,элди бөлүп чакырып отуруп,тоюбузду өткөрүп алдык. Бул жолу да башкалардай ачылып, кафеге өткөрө албадык. Үйдөн эле элден бата алдык.Биринчиден ого бетер карызга батууну каалабадык. Экинчиден, эки келиним бири-биринен өйдөсүнбөсүн дедим. Той бүттү, отпускам да бүттү. Ишке чыктым,көлгө кеттим командировкага. Келип-кетип жүрүп эки жумадай үйдө болгон жокмун. Көлдөн кеч келдим. Кечки чайга отурдук. Жаңы келин бир аз тумоолоп калыптыр.Кыртышы сүйбөй, кабагы бүркөө. Улам эле сүттү микроволновкага жылытып ичет. -Бышырып ичсеңчи, май кошуп.Укмаксан болуп койду.- Жат, жатагой. Бир аздан кийин кайра келди.Кичүү келиним бөйпөктөп, ага чай берди. Уулумду жумшады, сүттү жылытып бер деп.-Келе мен сүттү бышырып берейин, чыдабай тура калдым.-Чыныны тарс бир коюп эле чыгып кетти. Аш үйгө артынан бардым, сүттү бышырып ичсең, убара болмок эмессиң.Эмне болуп жатасың?
Жатып алдым, тарса-турс эле болуп жатты тигилер жаткан бөлмө. Чарчаган жаным уктап калыпмын. Эртең м-н чайымды ичип ишке кеттим. Иштен келгенде неберелерим тосуп алышып,сагынычыбызды жазабыз.Экөө мени талашышып, чай ичирбейт. Кичүү келиним тап берип урушуп калат. Болдугула, апам чай ичсин. Ал ан сайын экөө үстөлдүн астынан кирип келип отуруп алышат. Мага мындан өткөн жыргал жок. Тун неберем мени м-н жатат. Жомок айтып берем. Быйтыган колу м-н кучактаган боюнча уйкуга кетет. Күүгүм кирейин деп калды, жаңы келинден кабар жок.Аңгыча уулум келип, кийим-кечелерин салыштырып калды.-Тынччылыкпы, эмне болду? -Доктурга жатып калды.-Ии эмне болуп?-Отслоение плацента экен.-Таза балээ болбодубу? -Доктур эмне дейт?-2-3 күн карайбыз, жакшы болбосо, алып салабыз деди.Же жыгылбаса, же бирөө урбаса эмнеден антти экен? Сабагына барам деп кетти деди эле.Шалдая түштүм.

Билдирүүнү түзөткөн: kadam: 17 Март 2019 - 21:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Surotchu-kyz   17 Март 2019 - 22:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 02:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Искусство

Жакшы эле аяктасынчы. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Jan-tumarym2017   17 Март 2019 - 22:46

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:10

Ии. Анаан эже улантыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   17 Март 2019 - 23:05

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Эже окуяңызды аягына чейин шашпай, көп-көптөн жазууңузду өтүнөм.
Сонун баштадыңыз, орто жолдон негатив жазып жиберсек сиздагы "Кыз бозуса энесин коркутат" болуп жазбайм деп коркутпайттырсыз. Шашпай ар бир окуяны жеткиликтүү жазуу менен бирге ичиңиздеги айткыңыз келген бардык нерсени төгүңүз, сырдашыңыз, эмнени айткыңыз келсе айтыңыз. Себеби бул тема жашооңуздагы эң сонун күндөлүк болуп кала берет.


Просмотр сообщенияJan- tumarym2017 (17 Март 2019 - 22:46) жазган:

Ии. Анаан эже улантыныз.

Сизден дагы жаңылык күтүп жүрөм. Азыркы жашооңуздан бир шиңгил жазып коюңузчу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kadam   18 Март 2019 - 08:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Кутман таң баарыбызга. Мурда компьютерден жазчу элем."Келин келди"-эскерүүмдү. Азыр телефондон жазсам башкача болот тура. Рахмат колдооңорго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   kadam   18 Март 2019 - 12:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Алган кредиттин төлөө мөөнөтү келип, болгон алтындарыбызды ломбардка өткөрүп, жаңы эле уфф деп отурганда, биз үчүн бул иш күтүүсүз болд. Кичүү уулум тойду өткөрүп коюп эле Россияга аттанган... Ой-санаа м-н таң атырдым. Сырдашым да муңдашым да кичүү келиним. Экөөбүз сүйлөшүп отурдук. - Апа бир нерсе айтайынбы? - Ии айта бер.- Сиз жокто экөө аябай урушуп жатышты. Жеңем колунда эмне болсо, ошону м-н чаап иет экен.- Ал эмнеси? -Акеңчи?- Ал кой деп эле жатты, ага болбойт экен. Байкадыңызбы, идиш-аяктардын сынганын. Баягүнү сиз келген да тынчтык бербей урушканынан, чыдай албай барып айтсам, тынчып калышты. Булардын урушунан балдар да улам ойгонуп, уйкусу бузулду. Эми таза балээ болгон тура? Деги чыр-чатагы жок тынч эле жашачу элек, экөөнүн талашы эмне? Кабагы бүркөлүп, уулум туруп келди. Отуруп алып маектештик. Биздин үйдө кандай маселе кимде-кандай көйгөй таарыныч болбосун,маңдай- тескей отуруп чечишебиз. -Чыр чатагыңар эмне?- Билбейм,болоор- болбоско эле уруш чыгарып жатат. - Кызганыппы? - Жок.-Курсагы ачпы жатабы, жол кире берип жатасыңбы? - Ооба, болгон акчаны берип жатам, бирдеме десе эле телефонун көтөрүп, я маме расскажу, я папе расскажу деп кыйкырып чыгат.- Боюнда бар кезде, мүнөзү өзгөрүп калат, ага тенелбей, көтөрүмдүү бол. - Билбейм апа, мындай болот деп ойлогон жок элем. -Кой антпе, чыда. Алымдын жетишинче соороттум. Аш үйгө кирип, байкоо салдым. Чын эле, канча жыл боорсок бышырган депкирим жалпайып тамтыгы чыгыптыр. Суу ичкен стакандарыбыз түгөл сыныптыр...Иштен чыгып,келинди көргөнү бардым. Палатасында жок экен. Сурасам тиякка-биякка кеткен дешти. Бир топко күтүп, келбеген соң кетип калдым. Аябай кыжалат болдум. Не себептен мындай диагноз болушу мүмкүн, гуглдун баарын окуп чыктым. Бирдеме болсо бизди күнөөлөбөсүн, акыры ачыгын айтып кабарлап коюуну чечтим. Кудагыйга чалып, болгонун айттым. "Кошмар, кошмар"-деген боюнча калды. Түн ортосунда келиним чалды. -Вы почему маме звонили, ненадо было говорить! Я вас не просила! - Айланайын, жакшынакай болуп эле, сен экзаменге кетипсиң, кандайча жатып калдың? Бүгүн барып, сени таппай келдим. Күтүүсүз ооруп калганыңдан аларга чалдым. Улуу-кичүү дегенди билбей, атырылганына жакамды кармандым. Кантсе да ата-эне да, эртеси жолдун алыстыгына карабай кудаларым келип калышты. Отуруп сүйлөштүк, кечирим сурадым кызынын колун сураарда калп айтканыма. Көңүлү табышкан эки жаштын келечеги үчүн ушу кадамга барганымды айттым. -Түшүнөм, бизге көнө албай жаткандыр,бирок үйдө кыйналып иштей турган деле жумуш жок. баары даяр, суу да ташыбайт. Ысыгы да, муздак суусу да даяр. Эмне себептен доктурга жатып калганына бушайманмын. Мен жокто дайыма урушат экен, үйдөгү идиш-аякты сындырганына таңмын. Балама деле кол көтөрүптүр. Иш билбесе, үйрөтүп алам, мүнөзүн оңдосун. Күйөөнүн өз орду болот, эмитеден урушса, адат болуп калат. Кудагыйым -Ал кайнежелеримди тарткан, алардын характери ушундай-деди. Өз кызынын мүнөзүнө кайнежелеринин кандай тиешеси бар? Ойлонуп калдым. Кудам да кудагыйым да жакшы кызматта иштешет. Мурда шаарда турушчу экен. Кийин иштеген иши боюнча көчүп кетишиптир. Тарап кеттик. Эки күндөн кийин кудагыйым чалды, биз Алияны алып кеттик. Болгону бир сөз... Унчукпадым. ..Ичим уйгу-туйгу.. .Таза балээ болгон тура, тигинтип отслоение болуп жатса, анысын толук дарылап-дарылабай жатып алып кеткени эмнеси? Алыс жолдо кантээр экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   kadam   18 Март 2019 - 13:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Бир ай өттү...Уулум эки жолу барып келди. Кичүү келинимди Россияга барып күйөөсү м-н чогуу иштегиле дедим. Жанымдан чыкпай көнүшүп калган жаныбыз кантээр экенбиз? Ал жагын бир ойлойм, кредитти бир ойлойм. Мейли, бирге иштеп, тапкандары да көбөйөт, кете берсин. Августта кичүү неберемди алып, келиним кетти иштегени. Улуу неберем экөөбүз калдык. Бала бакчага барабыз, иштен келатканда ала келем. Маңдайында Ата-энеси жок, сумсайып калды. Ватсаптан сүйлөшсө жооп бербейт...Ал ансайын ичим тызылдайт. Ал-жай сурашайын деп 2-3 жолу кудагыйыма чалдым, телефонду албады. Сентябрга аз калды..Уулум келинчегин ээрчитип келип калды. Аябай сүйүндүм, экөөнүн жетелешип келгенине. Эч нерсе деген жокмун. Аны-мунуну чукушканда не пайда? Окуу башталды. Ар кимибиз өз ишибиз м-н алекпиз. Эртерээк келсем, мен тамак бышырып коём, колу бош болсо, өзү жасайт, сен кыл мен кыл деп бөлүнүү жок. Камырды бир паста жууруп, ачытып нан жасаганды үйрөнүп келиптир. кубанып калдым нан бышырганына. Уулумдун Америкадагы достору келди, баары чогулуп эс алганы көлгө кетишти. Бир жума жүрүп келишти. Бир күнү түн ортосунда дагы урушушту. Чыдабай басып бардым. Ажылдап жатыптыр. Уулум мени көрүп эшикке чыгып кетти. Кучактап, болду эми урушпагыла. От алып ылыптыр, деги басыла турган түрү жок. -Он никто, он не зарабатывает, мага болгону 200 сом берет, разве это деньги? Лучше бы я не вышла замуж. Карызга көлгө барып келдик. Он мне телефон купил карызга. Зачем надо было? - Алия, мунун баарын мурдараак айтыш керек эле. Болду, барып келдиңер, жакшы ой м-н элден калтырбай алып берейин десе керек? Арандан зорго басылып, жатты. Менде каяктагы уйку? Уулум иштери боюнча көлгө кетти, кеч кирди, келиним жок. Сарсанаа болдум. Чалсам албайт. Ууулума чалдым, Алия биякка келиптир, мен да баратам. Таң калдым, сабагы эмне болот? Медде окугандарга талап катуу деп укчу элем. Каалаган убагында төркүнгө кетип калмайы төрөөр-төрөгүчөктү кайталана берди.Чогуу жашап, көп нерселерин байкадым. Шаардык болуп, орусча өсүп калгангабы, үйгө келгенде, учурашуу жок, түз эле бөлмөсүнө кирип кетет. -Позови свою маму, твоя мама-деп тергегени жаныма батты. Айтайын дейм, көңүлүнө катуу кетип калабы деп корком. Бирге отуруп чай ичүү калды.Акырындык менен айла жок ага да көндүм. Бир күнү катуу тумоолоп ооруп төшөккө жатып калдым. Сабактан келип, вы будете чай или не будете чай? Болду, ошо боюнча кирген жок...Неберем катуу куса болгонунан кичүү уулумду чакырттым. Документтерин толтуруп алганча бир ай журдү. Баарын көрүп, башын чайкап эле тим болду. Агасына айтайын дейт, айтканда не пайда? Биздин балалуу болом деп көзүнүн агы менен айланып жүргөн неме бизге кулак салабы? Неберемди узаттым. Суук түштү, анча-мынча көмүр м-н от жага баштадык. Биринчи кар жаады... Уулум кеп баштады. Алия түн ичинде эшикке чыккандан кыйналып жатат. Биз шаардагы үйгө кеткени жатабыз. Экөөнү отургузуп алып сүйлөштүм. Алия, төрөгөндөн кийин да келбейсиңби? Мелтиреп унчуккан жок. Жумуштан келсем үй жымжырт... Болгон жууркан-төшөгүн алып, кетиптир. жаман оюмда, өзүм да камдап койгон идиш-аяк, жууркан-төшөк берейин дегем. Үмүтүм суу сепкендей өчтү...Маалы келип төрөдү, анысын да айтпайт. Россиядан келиним таң атпай чалбаса билмек эмес экенмин. Шаша-буша бардым. Жаңы эле төрөп, палатага которулуптур. Керели кечке эки күн жанында болдум. Кудаларга сүйүнчүлөдүм. Алар келишти,мага чалды келбей эле коюңуз, родители приехали. Мен сыртта калдым... Төрөтканадан чыгардык. Күн жылыганча биякта болуп турсун деп, кудам актанды. Не демек элем,унчупадым. .. Баланы көргүм келип, Алияга бир нече жолу чалдым. Жооп жок. Блоктоп салмайы бар эле, кайран өзүм эми блокко түшкөн экенмин.Ууулума айттырып жатып бардым. Сиңдиси экөө тосуп алды. Мени бир жугуштуу паразиттей көргөнүн билип эле турдум. Баланы колума алсам, ой-ой так нельзя. Жакшынакай кылып жалаякка ороп алып көтөрдүм. Эмизгени бердим. Кетүүгө камданып калдым. Алия, телефонуң бузулдубу, чалсам албайсың?-Нет, я вас заблокировала. -Мээме бирөө чапкандай болдум.- Кой антпе, сага күйөө керек, мага уулум керек. Дайыны жок, түшүнбөстүктөн бул кыйналып жүрөт. Жаңы жылда таарынычты унуталы? -Нет, я больше к вам не пойду. Я говорила вашему сыну! Ортого сиңдиси да кыпчылды. И вы тоже больше не приходите! Ага эмне жок? Тилимди кесе тиштеген боюнча чыгып кеттим. Уулум артымдан үйгө келди. Бир топко сүйлөштүк. Небереме үч ай болду, көрө элекмин. Эки оттун ортосунда күйүп уулум жүрөт. Жаңы төрөлгөн баласын кантип кыйып таштап кетет? Жаштардан көп угам, кайнене жаман, кайнене шүмшүк! Биздин жан дүйнөбүздү силер түшүнбөсөңөр ким түшүнөт? Каякка баратабыз? Кыргыздын баалулуктарын модалуу кийимге, орустун дилине алмаштырдыкпы? Азыркы түшүнүк боюнча эки жашты өздөрүнчө бөлүп салыш керек. Аларга кийлигишпеш керек. Алар өздөрү баарын жакшы билишет, өз турмуштарын өздөрү курушат. Аларды багып өстүргөн ата-эне каякта калабыз? Карылар үйүнөбү?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Jan-tumarym2017   18 Март 2019 - 14:25

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:10

Окунучтууу.. ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kadam   18 Март 2019 - 14:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Ачкама ыйлабайм, арыма ыйлайм деген экен илгери бирөө. Анын сыңарындай эмнеге күйөм? - Келгенине 7 ай болгону менен бизге бүлө болгусу келбей төркүнүнө жөнөгөнүнө күйөм. Апасы туура жолго салбаганына күйөм. Калыңга берген акчага татырлык бизге сиңишпегенине күйөм. Насыя төлөйм деп, ит көтөргүс сууккка чыдап, алыста жүргөн балдарыма күйөм. Биздин эмгекти баалабаганына күйөм. Ырысын тепкенине күйөм. Уулумдун намысы жоктугуна күйөм. Кайра ойлонуп, Намыс деп баласын садага чабабы? Убакыт өтөт. Жүрөктөгү жара из калса да айыгаар. Аман бололучу. Буюрса, алыстагы уул-келиним келип, биздин үй баягыдай шаңга бөлөнөөр. Неберелерим мени талашып чарчатаар. Келиним экөөбүз бир самоор чайды түгөнгүчө сырдашып, чай ичебиз. Чогуу дүкөн кыдырабыз, айылчылайбыз. Былтыр тойго даярданып, колуна акча бердим, кымбатына карабай кийим ал. Уулум экөө барса эле чукчуңдашып келишет, бир пикирге келише албай. Эки анжы болуп турду. Сен барып танда, мага чал, экөөлөп алабыз. Каралдым ай, так секирип кубанды. Түштөн кийин чалды, апа келип калыңыз. Барсам, тандай албай кыйналып турган экен.Экөөлөп, бутиктердин баарын кыдырдык. 3-4 көйнөктү тандаттым. Улам кийген сайын ажары ачылып, сулуу болуп чыга келет. Ал ан сайын кубанам, каалаганын алып берип жатканыма.Дүкөнчүлөр кызыгып, "У вашей дочки хорошая фигура, ей все идет" -Она моя сноха, не дочь. Ого бетер таң калганын жашырышпай, баары бизге суктанып жатышты. Бир көйнөктү кийди эле, чыпыйып жарашты. Ары айланат, бери айланат. Тим эле өзүнө арнап тиккендей. Болбой жатып, дагы бир кийимди алдырттым. Бутуна алдык. Чөйчөктөй болгон бутуна баары жарашты. Кечинде чарчап суй жыгылалы деп үйгө келдик. Тойдо балдардан колу бошобой, отургандай деле болгон жок. Анысына да ыраазы. Ушулардын баарын көз алдыман сыдырып эстейм. Салыштырам. Өзүмдү сооротом. Кудайдын мунусуна да шүгүр. Жалгыз болбой, дагы бир уул-келиним бар. Бир аз чыдасак, карыздардан кутулабыз, аз калды. Биздин жашоо эми көркүнө чыгып уланат. Эң башкысы, жамандыкты амандык жеңет. Аман бололу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Surotchu-kyz   18 Март 2019 - 15:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 02:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Искусство

Буйруса жакшы болот баары.
Пенденин баарында эле сыноо...
Сизге бактылуу каарылык тилейм. Отко күйүп, музга тонуп жүрүп чонойткон уулдарыныздын жакшылыгын көрүң. Кичине келиниңизден үмүт чоң экен, ылайым үмүтүнүз актасын, жакшылыгынан жазбасын. Улуу уулуңуз да турмушун түптөп кетээр, көп эле сар санаага алдыра бербеңиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   18 Март 2019 - 15:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Эх!Бири кем дүйнө!кичүү келиниңиз жакшы экен дагы.

Билдирүүнү түзөткөн: Baktyluu_bolgum_kelet: 18 Март 2019 - 15:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   18 Март 2019 - 15:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Жашоо татаал...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 06:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: