Атактуулардын тарс эткен тамашаларынан Жол башчыны тамашаны жакшы көрчү экен.
#1 30 May 2013 - 19:59
Сталиндин жан сакчыларынын бири А.Рыбиндин эскерүүлөрүнөн.
1) Сталинди экижакка чыкканда көбүнчө Туков деген жан сакчысы коштоп жүрчү. Бир ирет ВорошиловСталиндин автоунаасында аны менен чогуу жолго чыгып калат. Арткы орундугунда чогуубаратып, айдоочу менен катарлаш алдыңкы орундугунда отуруп уктагандай абалдабараткан жан сакчыны бир карап, Сталинди бир караган Ворошилов үнүн бийикчыгарып (жан сакчы уксун деген ойдо):
-Жолдош Сталин, ментүшүнбөй турам. Сиздердин кимиңиздер кимиңиздерди кайтарат?
Анда Сталин:
- Ал дайыма мениншинелимдин чөнтөгүнө өзүнүн тапанчасын да салып жиберет да, Меңиз керек болупкалат дейт!
Бул учурда Туковмурдагысындай эле уйкулуу көзүн ачканга да жарабай, кыймылдап да койбой уйкулуукөзү менен кете берди.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#2 30 May 2013 - 20:01
Бир ирет Сталинге Рокоссовский деген маршалдын чырайы келишкен актриса Валентина Серова деген айым анын ойношу экенин айтышат да, “эми аларды эмне кылабыз?” деп суроо салышат. Оозунан мүштөгүн алып бир саамга ойлонуп калган Сталин:
-Эмне кылмак элек, суктанабызда! деген экен.
-Эмне кылмак элек, суктанабызда! деген экен.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#3 30 May 2013 - 20:04
Сталин Грузиянын Борбордук комитетинин Биринчи секретары А.И.Мгеладзе менен кунцев бакчасынын аллеясында сейилдеп жүрүшүп, өзү өстүргөн лимондордун жанына келет.
- Даамдап көрүңүз,Москванын алдында бышты. Ошентип маектешүүнүн аралагында, башка темада сүйлөшүп жатышса деле бул сөздү бир нече ирет кайталаган Сталин:
-даамдап көрүңүз,жакшы лимондор! Акырында сөздүн төркүн түшүнгөн Мгеладзе:
- Жолдош Сталин, мен сизге убада кылам. Жети жылдан соң, Грузия бүт өлкөнү лимон менен камсыз кылат жана биз чет өлкөдөн ташыбай калабыз.
Анда Сталин:
-Оо кудай, акыры жетти! – дептир.

#4 30 May 2013 - 20:06
Согуш убагы. Генерал Баграмяндын командачылыгы астында аскерлер Балтикага биринчилерден болуп кирип барышат. Бул окуяны сыймыктануу,
мактануу иретинде Сталинге жеткирүү үчүн армян генералы, Балтика деңизинен бөтөлкөгө суу толтуруп, аны жардамчысына н учак менен Москвага жөнөнтөт. Бирок, жардамчы Москвага жөнөгөндөн кийин немистер контрчабуул коюп баягы генерал Бармянды балтиканын жээгинен сүрүп чыгырып коюшат.Бул тууралуу жардамчы Москвага жеткенче эле кабардар болот. Ал эми учакта радио жок болгондуктан маалыматтан кабары жок жардамчы бөтөлкөдөгү сууну көтөрүп алып Сталиндин кабинетине шаңдана кирип барып:
- Жолдош Сталин, генерал Баграмян сизге Балтиканын суусун жөнөттү!
Анда Сталин бөтөлкөнү алып, бир нече секунд аны ары бери чайкап туруп кайра жардамчыга сунуп:
- Ме, Баграмяндын өзүнө кайтарып бер, кайдан алды эле ошол жакка кайра куйсун –деп жөнөткөн экен.

#6 31 May 2013 - 09:38
1939-жыл. “Поезд чыгышка баратат” аттуу кинотасма көрсөтүлүп жатат. Кинодо поезд жолдо баратып улам бир станцияга токтоп анын ичиндеги жүргүнчүлөр шаңдуу ырдап чардай беришет...Кыскасы тажатма кинолордун бири. Бир убакта Сталин: - Бул кайсы станция? деп сурайт.
Кинонун көрсөтүлүшүнө жоопкер Большаков: -Демьяновка- деп жооп узатат.
Анда Сталин: -мына ушул жерден мен да түшүп калайын –деп залдан чыгып кетиптир.
Кинонун көрсөтүлүшүнө жоопкер Большаков: -Демьяновка- деп жооп узатат.
Анда Сталин: -мына ушул жерден мен да түшүп калайын –деп залдан чыгып кетиптир.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#7 31 May 2013 - 09:39
“Жеңиш”(Победа)автоунаасын куралып жатканда алгач ага “Мекен” (Родина) деген аталыш берүү пландалыптыр.
Бул жөнүндө уккан Сталин шылдыңдаган мааниде: “Кана эми биздин Мекенибиздин баасы канчадан турат” –деген суроо узатканда, автоунаанын аталышын дароо өзгөртүшкөн экен.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#8 31 May 2013 - 09:40
Көмүр өндүрүшү боюнча министриликтин кандидатурасы жөнүндө талкуу жүрөт. Бул орунга кайсы бир шахтанын директору Засядко сунушталат.
Бирок талкуудагы бир адам:
-Баары жакшы, бирок ал сприт ичимдиктерин көп колдонот! –деп каршы болот.
Сталин: -Аны мага чакыргылачы. Засядько келет. Сталин аны менен маектешип отуруп, арак ичүүнү сунуштайт.
“Оо, албетте, макулмун” деген Засядько арак куюп: -Жолдош Сталин, сиздин ден соолугуңуз үчүн!– деп алып жиберип сөздү улайт.
Сталин биринчисин бир аз ууртап, экинчисин сунуштайт.
Засядько, экинчисин да калтырбай алып жиберет. Бир аздан соң, Сталин үчүнчүсүн сунуштайт, бирок маектеши стаканды четке коюп:
- Засядько чегин билет- дейт.
Сүйлүшүп бүтүшөт.Политбюронун жыйыны кайрадан министрликке сунушталып жаткан кандидатты талкууга алышат. Дагы анын спирт ичимдигин көп ичээри айтыла баштаганда, Сталин мүштөгү менен жок дегендей жаңсап: -
Засядько чегин билет!-дептир. Ошентип, Засядько аталган министрликти бир топ жыл башкарып калган экен.

#10 31 May 2013 - 10:40
Мындай саясий тамашалардын мааниси азыркы тамашоу, квн деген немелерге салыштырмалуу жогору. Андыктан аны ар бир адам түшүнүшү кыйын. Мындай тамашаны түшүнгөн адам, жеңил желпи тамашоу, квн дегендеги тамашаларга күлө бербейт.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#11 31 May 2013 - 14:41
1938-жылы Аскердик Деңиз флотунун наркомунун орун басарлыгына адмирал Исаков дайындалат.
1946-жылы бир ирет ага Сталин чалып, аны аты өзгөртүлүп,
кайрадан түзүлгөн Башкы Деңиз штабынын жетекчиси кылып дайындоо ою бар экенин билдирет.
Исаков: -ЖолдошСталин, менин бир чоң кемчилигим бар, муну сизге айтшым керек. Менин бир бутум жасалма бут- дейт.
Сталин: -Бул сиздин мага айта турган жалгыз кемчилигиңизби? –деген суроо узатат.
Исаков: -Ооба.
Сталин: - Мурда биздеги штабдын жетекчилигинин башы жок болчу. Эч нерсе эмес, иштеди. Ал эми сиздин бутуңуз гана жок болсо, анда коркунучтуу деле эмес- деген экен.

#12 31 May 2013 - 15:01
1936-жылдын күз айында, Батыш өлкөлөрүндө Сталин көз жумуптур деген ушак тарайт. Европадагы кабарчылардын бири бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн Москвага келип дароо Сталиндин дарегине кат жөнөтөт. Бул катты алган Сталин кабарчыга: “ Боорукер таксыр! Мага маалым болгондой чет элдик маалыматтар боюнча мен эбак эле бул күнөөгө баткан жалган дүйнөнү таштап, оо дүйнөдөн орун алгам. Андыктан чет элдик малымат булактарына ишеним артууга болбойт. Эгер сиз өзүңүздү цивилизациялуу адамдардын катарынан чийип салууну кааласаңыз,
анда ал маалыматтарга ишене берсеңиз болот жана оо дүйнөдөгү тынчтыгымды бузбашыңызды суранам”
Урматым менен Сталин деп кат аркылуу жооп узаткан экен.
Урматым менен Сталин деп кат аркылуу жооп узаткан экен.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#13 31 May 2013 - 15:07
Чет элдик журналист маек учурунда Сталинге суроо узатат:
-Эмнеге СССРдин курамындагы Армениянын гербинде Арарат тоосунун сүрөтү турат. Арарат Арменияда эмес го?
Анда Сталин Турциянын гербинде деле жарым ай турат го, ал деле Турциянын аймагында эмес го...-дептир.

#14 03 June 2013 - 09:00
Күмөндөр Абылов бир күнү ооруканага жатып калат. Анан палатада бирге жаткан бир жашыраак баланы 3 жолу операция кылышат. Биринчисинде оорусунан улам операция жасалат. Экинчисинде хирургдар баланын ичине бинт унутуп калыпшып аны алып чыгуу үчүн дагы кайра союшат. Мындай көрүнүш үчүнчү ирет кайталанат.
Буга күбө болгон Күмөндөр байкебиз, хурургдарга кайрылып:
-" Улам эле союп, кайра жамап убара боло бербей "сыдырма" (замочка) эле салып койбойсуңарбы, керек учурда ачып жапканга оңой болот"-деген экен.
-" Улам эле союп, кайра жамап убара боло бербей "сыдырма" (замочка) эле салып койбойсуңарбы, керек учурда ачып жапканга оңой болот"-деген экен.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#16 08 June 2013 - 17:11
Сонун тема. Которуп коеюнчу. Ии, мени бирдеме жазды деп кирдинер беле? Анда тамашаларды дагы бир сыдыра окуп койгула
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 09 June 2013 - 10:29
Ооба,сонун тема экен.Маркум жердеш агабыз Рыспай Абдыкадыровдун жоруктарынан.
Бир куну кошунасы Рыспек Тасмаев:
-Кыздарга барганда ини,устуканга келгенде ага боло каласын, - десе,Рыспай:
-Анда,кыздардын баш жагын сен ал,жамбашын мен алайын, - дейт имиш.
Бир куну кошунасы Рыспек Тасмаев:
-Кыздарга барганда ини,устуканга келгенде ага боло каласын, - десе,Рыспай:
-Анда,кыздардын баш жагын сен ал,жамбашын мен алайын, - дейт имиш.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#18 09 June 2013 - 10:40
Арагынды койбойт экенсин го,мен торкунумо кеттим, - деп, Давлет жене туйунчогун туйуп атса,Рыспай:
-Далиш, мени да туйуп,улагага коюп кой,болбосо кетээринде унутуп каласын!, - деп жалооруй караса,тиги шалдайып отуруп калыптыр.
-Далиш, мени да туйуп,улагага коюп кой,болбосо кетээринде унутуп каласын!, - деп жалооруй караса,тиги шалдайып отуруп калыптыр.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#19 10 June 2013 - 09:02
Бир ирет кечинде маркум Манас Бердикбеков деген куудул байкебиздин үйүнө ууру кириптир. Ууруларды көрүп калган Манас байкебиз акырын сыртты көздөй качып чыгып, апасыныкына чуркап барат. Түн жарымда атасынын делбектеп чуркап келгенин көргөн уулу Санжар: -Ой, сизге эмне болду түн жарымда- деп сурайт.
Манас байкебиз: -ой үйгө ууру кирди, ууру кирди.
Санжар:- кызыксыз эй, ууру кирсе кармабайсызбы?
Анда Манас байкебиз: -уялдым да балам, уялдым, үйдө уурулар көтөрүп кете тургандай эч нерсе жок эле деп коёт дейт.

#20 10 June 2013 - 09:06
Асанкул Шаршенов деген куудул байкебиз армияга чакырылып военкоматка барат. Ал жерде отурган орус кыз Асанкул байкеге аты-жөнүңүздү,
дарегиңизди толтуруңуз деп анкета берет. Асанкул байке орусчаны жакшы билбегендиктен эптеп толтуруп келатып “Пол” деген жерге жетет. Аны окуп калган Асанкул байке: “оо кокуй, мен армияга кетип жатсам, анан булар биздин үйдүн полун эмне кылышат ыя? Кызык эле адамдар” деп сүйлөнүп,баягы жерге “Наш пол деревьянный” деп жазып койгон экен. Аны окуган орус кызбоору эзилгенче күлүп кайра башынан өзү толтуруп бериптир.
Гуд бай, форумчулар!
!!

Супер-Инфо
super.kg
видео