Зарыга куткон байкеси да келди. Эч нерсе болбогондой, жайбаракат журот. Темирланга козун кыса жанына чакырды:
-Суйуудон башын айланып турабы ыя?
-Жоок, менин..
-Ээ айтпай эле кой, кебетенден коруп турам сенин абалынды. Андан коро мындай, бая куну айтпадым беле, эми ошол ишти аткарчу убак келди?
-Кайсы ишти?
Ал чайынан шорулдата ууртап, терезеден сыртты карады:
-Тему, мен сендеги бир эркектик, анан намыскойлук сапатынды гана жактырам. Ал болбосо озу сенин адам кызыга турчу эч нерсен деле жок!
Темирлан териге тушту:
-Байкее!
Байкеси кулуп жиберди. Ал озу ар дайым тарс'турс журчу. Адамдын пейилине жараша деп коюшат эмеспи, ошол сынары ал жолдуу болчу турмушта.
-Создун кыскасы, эркиндикке чыккын келеби?
-Ооба!
-Анда менин айткандарымы жакшылап ук! Сени мен баскан кууш жолго салып, омур бою азабын тартып журсун дебейм. Бирок каалаган максатка жетуу учун, созсуз бир нерсени курмандык кылуу керек. Эгер макул десең, мен сени азыр чыгарып жиберем.
-Жаза моонотумчу?
-Аны кое тур, жазанды мен отоп турам сенин ордуна.Чыгаарын менен сени жомоктогудай жашоо кутуп турбайт, албетте аракет озундон. Мен айткан жумушту аткара алсан, анан эркиндик сеники болот.
-Мен эмне кылышым керек байке?
-Мен сага ишенем, колундан келет. Сырттан сени оздору кутуп алышат. Ошолор менен бирге журосун,алгач Тажикстанга, андан ары дуйнонун кайсы бурчуна десем да баш тартканга укугуң жок! Жон гана артына карабай кет, бул сен учун эн зор мумкунчулук. Озунду табасын,адамдарга аралашын, башын бышат. Качан кайрылып келгенинде, бул жерденби, же кааласан ошол жактан деле жашоонду жаны барактан баштайсын, келиштикпи?
Темирлан байкесинин козуно тик карады:
-Мен аны коруп алып , анан кетсем болобу?
-Эжемди дебе, аны издегенге сенде убакыт жок? Уйуно да барба, башкасы болсо мейли,бирок бир жолу гана?
-Мен ыраазымын!
-Баракелде, келе колунду!
Кагазга жазылган даректи улам карап коюп, Темирлан кабаттуу уйлордун тушуна келип токтоду. Унаа айдап келген жанындагысы ормое карады Темирланга:
-Алыс кетпе, сени кузотуп турабыз, бир саат убактын бар?
-Тушундум!
Сени чакырып жатышат дегенинен, кыз шашыла ылдый тушту. Окууну жаны аяктап, эми жумушка орношуп иштеп жаткандыктан, уйундогулордун каршылыгына карабай мында, жатаканага кочуп келген кыз.
Кун корбой жашоо онойбу? Ону бозоруп, бирок чыкыя кийинип алдында турган Темирланды коруп, эч кимден тартынбай келип эле кучактап алды:
-Сизди кое бериштиби?
Темирлан уяла тушту, бирок кызды ынгайсыз абалга салбайын деп, белинен кучактады:
-Кантет эми?
-Мен билип жургом, сизди кое беришээрин?
-Менин убактым азыраак, кел суйлошуп алалы?
Темирландын создорун угуп, кыздын карегин жаш чайыды:
-Демек белгисиз жайга баратам денизчи?
-Ооба, ушундай болуп калды.
Анан чонтогунон Айэлестин суротун сууруп чыкты, суроттун аркасында озунун, Нурландын айылдагы уйунун дареги жазылган эле:
-Сен ушул кызды табууга жардам бере аласынбы?
Кыз суроттогу Айэлеске тигилди:
-Бул ким?
-Менин бир тууган эжем, мен камакка тушкондо, ал оор абалда болчу, балким каза болуп калган да болушу мумкун?
-Макул мен аракет кылып короюн Темирлан!
-Рахмат сага. Мен кетип жатам, бирок кайрылып келгенимде биринчи коргум келген инсан озун болосун!
-Мен сизди кутом!
Темирлан эми белгисиздикти карай жол тартты. Ал жакта аны эмнелер кутуп турганы чындыгында тунгуюк болчу. Балким кайтып келээр, балким ажал издеген окко кабылып, ошол бойдон жок болоор?....
...
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 15 Сентябрь 2019 - 10:57