Ох! Азат үчүн аалам антарылып эле кеткендей болду окшойт. Эч нерсе көзүнө көрүнбөй, тирүүлуктүн баркы калбай калгандай. Бирин бүтүрө албай жатса экинчи тарабы урай береби? Шалдая басып, түндө өздөрү олтурган орундукка карай жөнөдү. Айжана олтурган жайга олтуруп алып, өзүн ал деп элестетип, анын ойлоруна сунгуп кирип бараткан. .
Жигитке тигиле карап турган тейлөөчу кыз ага боору ачып, айла жоктун ишин кылып жатат байкуш, жок дегенде сүйгөнүнүн жайына олтуруп сагынычын суутуп алайын деп жатса керек, ушундай жакшына жигитти да таштап басып кетеби, деп башын чайкап басып кетти. Ал кайдан билмек Азат билгенди.
Бул учурда Азат толук Айжананын ордуна түшүп болгон эле, анын акылын, өмүр жолун аралап бараткан. Ал жашап өткөн күндөрдү бүтүндөй элестете албаса да, алы жетишинче сүрөттөп жатты. Аны кордогон адамдын жакын адамы өзүнүн да жакын адамына айланса эмне кылмак? Көңүлүн кайда оодурмак? Кек алуу таттуубу же бакыт үчүн кечируубу? Азыр өзү Айжана үчүн эмне кылмак? Ал албетте кызды алып узактарга кете бермек, анын жакындарынын кылгандарын унутмак. Кайрадан алар менен жолу кесилишпегенге аракет жасап, эч артка кайрылмак эмес. Ушул тапта кай тарапта болуусу мүмкүн эле? Албетте кыздын жанында. Анын маселесин чечүү менен алек болмок. Бирок аттин канча ойлонсо да өзү ал боло албайт экен. Анткени өзү эркек ал аял, экөөнүн жүрөктөрү бириккен менен акылдары тең эмес. Көздөрүн умачтай ачып, азыркы эле өзүн тосуп чыккан тейлөөчу кыздын артынан жүгүрдү. Ага эч нерсе тушундурбой эле колдорунан жетелеп, өзү олтурган үстөлгө алып келип отургузуп койду да сөзүн эмнеден баштаарын билбей шашкалактай берди. Көздөрү эле кулмундойт,
чоң олжо таап алгансып.
-Сен суйгонун үчүн эмнелерге даяр болмоксун? Эгер сен сүйгөн адамдын бир тууганы сенин эң жаман көргөн адамын экени маалым болсо кандай жол тутаар элен. Агасы үчүн сүйгөнүнүндон баш тарта белең же ал үчүн агасын кечирип жибере белең?
Азаттын сүйлөп жаткандарын кунт коюп угуп жаткан болгону менен кыз эч нерсе түшүнбөду.
-Эмнеге мен тандашым керек? Менин оюмча бул жерде мендик маселе жок. Тандоо суйгонумдо болуусу керек го.
Азат шалдая түштү, "демек Айжана да ушундай ойлоосу мүмкүн. Экөөнүн ортосунда чайналып жатканымды көрүп өзү басып кеткен экен. Бул биз эркектер эле өзүмчүл боло алат окшойбуз, эч нерсеге карабай өзүбүз эңсеген жанды жаныбызда кармап. Ал үчүн баарына даяр болуп. Аялдар чечимди бизге коюп берип гана карап турат тура".
-Макул, рахмат, деп кызга уруксат берип өзү ал жайда кала берди.
Кыз ордунан туруп баратып,
-Бирок, мен албетте кутмокмун. Суйгонум мага келет деп кутмокмун, деп басып кетти.
" Ооба, алар дайым күтүшөт, алар кутуудон эч тажашпайт. Аялдар сабырдуу жан болот эмеспи. Бирок ал кайда күтөт? Мен аны кайдан табам?" ушундай ойлор менен өзүнө өзү үмүт жандырып кайра өчүрүп көпкө олтурду. Акырында барып өзүнөн өзү жийиркене баштады. Кантип ушундай чечкинсиз, колунан бир да иш келбеген адамга айланып калды. Анан Айжана аны эмнеси үчүн сүйүүсү керек. Балким ал такыр эле суйбогогдур,
анын боор ачырлык түрүн көрүп, жөн ган аяп койгондур.
Акыркы ою өзүнө жаккан көрүнөт, кайра-кайра кайталап мээсине синирип алды да ордунан тура жөнөдү. Жок дегенде бир иштин үстүнөн чыгуусу керек. Ал тергөөчүго карай бет алган, байкесинин абалы менен таанышуу үчүн.
Тергөөчү аны жанагындай эле жылуу тосуп, ал сурагандардын баарына жооп берип жатты. Качан сөз Айжанага жеткенде, ал чекесин кашып отуруп калды.
-Билесинби? Ал кыздын көргөзмөсу көп маселени өзгөртөт албетте, бирок агаңдын абалы өзгөрүүсүз калат, абакта.
-Эмнеге?
-Ал кыз өзүнүн көргөзмөсу менен жөн гана байкендин бир кылмышын экинчи кылмыш менен орун алмаштырып коёт. Албетте зордуктоо бул адам өлтүрүү эмес дечи, бирок ал да чоң кылмыштар катарына кирет. Ошондуктан мен айтып жатам, жактоочунун ак ниет болгондугунан күмөнум бар деп. Мен анын ордунда болгондо кыздан арыз жазуусун отунмок эмесмин, ырас ошончо суранаар экен жөн гана бирге болгонун тастыктап берүүсүн гана сураса болмок.
-токтой турунузчу , деди Азат. А Айжана бир ооз эле ошондой деп койсо сиз ишенип калаар белениз, анда эмнеге агама ишенип коё бербейсиз?
-Азат сен жакшы түшүнүшүн керек да, качан эле биз шектуунун сөзүнө ишенип койчуу элек. А Айжана болсо күбө, андан кийин айдоочу да бар кыздын сөзүн тастыктай турган. Жалгыз гана ал эмес, эгер ал кааласа мейманканадагы ишчилер да ал кеч келгенин айтып беришмек.
-А сиз азыр да текшере берсеңиз болмок да. Ал жайга барбадынызбы?
Сураштырып корсонуз эле баары ачыкка чыкмак.
-Азат сен ал кызды билбейт чыгаарсын, анда айтайын. Айжана экөөбүзгө караганда көптү көргөн, биз көргөн, күбө болгон окуяларды ал өз башынан өткөргөн. Ырас ал ушунча жылдан кийин мында келип, артка кылчайган экен, демек баарына даяр. Алдынан чыкканын сапырып, каршы турганды антарып кетет. Мейманканага барып текшерүү анын ченгелине түшүү, анын планы менен ойноо болот.
-Менимче сиз ашырып жибердиниз.
Ооба ал көп кыйынчылык көргөн чыгаар, бирок али да адамдык сапаты бизден жогору. Ал эми каршы тургандарга келсек, албетте ал аял заты, алар алсыз ошон үчүн дайым коргонуп жүрүүгө мажбур. Мен Айжананы билем, ал сиз ойлогондой адам эмес, деди ордунан туруп жатып.
Тергөөчү мырза андан биринчи тура калды.
-Сен анын периштедей жүзүнө ишенбе. Мен да биринчи ирет көргөндө ага боорум ачыган. Кийин өз көздөрүм менен көрдүм, ал эмнелерге даяр экенин. Жакшысы бул ишке кийлигишпе,
эгер аганды куткарууну кааласан. Мен албетте бул маселенин акырына чыгам, бул ирет ал азыткы кыз менен Илимбековдун ченгээлине түшпөй туруп. Алардын жасаган кылмыштарын ашкерелейм.
Ал үчүн агаң бул жайда болгону жакшы, бул жай ал үчүн эң коопсуз. Ким билет үйүнүн төруно бир ирет киргендер экинчи ирет кирип барбашы кимге маалым. Алар сөзсүз орун алмашышат, сабыр кыл.
Азат тергөөчүго алая карап туруп калды.
-Сиз?.. Айжана?... Болушу мүмкүн эмес. Сиз жанылышасыз,
Айжана андайга барбайт.
-Ха, эч күнөөсүз наристени уурдап, өз атасын зордукчу кылып коргозуп койгонго барган адам э? Андай адам баарына барат. Керек болсо ал астынан чыкса өз атасын да аябайт.
-Кайдагы бала?
Тергөөчү Эркин менен болгон окуяны баштан аяк баяндап берди.
-Көрдүңузбу,
ал күнөөсүздорго тийбейт. Ал эми Эркин болсо андан да чоң жазага татыктуу. Эгер Айжана жасабаса мен аткармакмын ошону, деди Азат болгон окуяны угуп болгондон кийин.
-Ооба, күнөөсүздорго тийбейт. А ким айта алат сенин женен күнөөсүз эле деп, өлгөн адамды сүйлөтү мүмкүн эмес.
Тергөөчүго караган көздөрүн тартпай туруп каалгага карай жөнөй берди Азат, башын чайкап.
Тергөөчү болсо тескерисинче башын өйдө төмөн ийкеп, ынан дегенсийт.
Ал жайдан чыгып байкеси Арман олтурган убактылуу кармоочу жайга жөнөдү. Тергөөчүнүн айткандарына ынанган жок албетте, бирок агасына деген ачуусу басандап, айоо сезими пайда болду. Ырас тергөөчү аны күнөөсүз деп эсептеп жаткан болсо дал ошондой, ал адам кылмышкерди алыстан сезет. Айжананын болбосо да башка бирөөнүн курмандыгы болуп олтургандыр байкуш. Тиги кайын атасынан корккон үчүн гана эптеп колуна тийген биринчи адам Арманды алып келип камап коё беришти да. Кызматкерлерди да түшүнсө болот эрктери өзүндө эмес, тез арада күнөөкөрду таппаса жандарын сууруп алышмак.
Кадимки адамдарды жолуктурчуу жайга чакыртып олтурбай эле темир торлор жайгашкан жер төлөөгө түшүп келди. Армандын абалы анчалык да жаман эмес, башка кылмышкерлердей жылаңач тактай керебеттин үстүндө жатпаптыр, таза шейшептери менен тошончусу бар. Бет жуучу жайы да тыкан, ажатканасы толук жабылган, башка темир торлордон бөлүнүп турчуу бурчта өзүнчө жайгашкан жайда экен.
Ага ини темир тордун эки тарабында үнсүз гана бир бирин тиктеп турушту. Ар ким өз күнөөсүн сезип тургандай. Азат да агасынын алдыда өзүн күнөөлү сезет, "Карачы сен жемелеп айткан сөздөрдүн чындыгын, чындап эле колумдан эч нерсе келбеген адам көрүнөм. Сага жардам бере албай бир чаарасыз абалдамын. Кана эле бул ирет да үйдүн короосунан чыгып мени тилдеп тосуп алсаң. Агам сен күчтүүсүн, азыр экөөбүздүн ордубуз алмашып калганда сен эч кандай сүйүүнү ойлоп отурмак эмессин, жүрөгүңдү сыйрып таштап болсо да мен тарапка оомаксын, мени куткарып чыкмаксын. А мен…" деп шылкыят.
Бул учурда Арман да ошондой эле ойлоп турган. " Азатым, бир боорум менин. Кандай жакшы сен эч качан менин тилимди укпаганын, өз жашооң менен жашаганын. Сен күчтүүсүн, сенин күчүн тазалыгында.
Кана эле мен да сендей таза болуп дүнүйөго азгырылбай,
эл көзүнө эмес өзүм үчүн жашай алганымда. Мен анда сени азыр темир тордон эмес, короомдон тосуп чыкмакмын. Азыр экөөбүздүн ордубуз алмашып калганда мен сени жер менен жексен кылып тилдеп келмекмин, а сен мени аяп турасың. Жүзүңдү жерге караткан аганды кечир, башыңды көтөр! " деген сөздөрдү ичине жутуп.
-Байке, кечир мени. Бат жетип келе албадым, деди Азат бир убакта күчүн топтоп үн катып.
-Баары жакшы. Азат сен апамды кара, мен үчүн кыжаалат болуп жаткандыр. Маалым ал байкем экөөбүзгө караганда сени көбүрөөк жакшы көрөт, жанында бол.
Экөөнүн учурашуусу ушундай башталды.
Азат агасынын салабатту болуп өзгөрө түшкөнүн байкады. Карачы жашоо кимди гана тарбиялап койбойт. Антпесе ушул Арман өзүнөн башка адам үчүн кыжаалат болчуу беле. Апасы ал үчүн санаа тартып жатканы аны ойлондуруп да койчу эмес, айлап жылдап чакыртып жатып араң үйүнө келип кетчүү.
-Апам жакшы, мени мында өзү жиберди. Сен кыжаалат болбо, баары жакшы болот. Сени бул жайда калтырбайм байке.
Азат ишенимдүү сүйлөп жатты.
-Азатик, иним десе. Рахмат, карачы жигит деген ушундай болот. Келе бери, деп темир торго жакын келип колдорун чыгарып кучактап кулагына шыбырап,
-Бул иштен алыс тур. Сен аралашчуу жагдай эмес. Кече Илимбековко да барган экенсиң, Айжананын дарегин сурап. Ал кызга жакындачуу болбо, алдынан чыгып ачуусуна тийбе, ал кечирбейт. Анын ченгээлине түшүп бербе иним. Кийин мен адам өлтүргөн жокмун, албетте актыкка жетебиз. Бирок мен башка иште күнөөлүүмүн,
ал үчүн жаза алгым келет, ал маселени кийинкиге калтыргым жок, кылганым үчүн дагы жоготууга учурагым жок. Ошон үчүн мени бул жайдан куткарып кетем деп аракет кылба. Мен баары бир мында калам. Башкасы менен байкем алек болоор, сен алыс тур, деди да далыдан таптап үнүн бийик чыгарып,
-Апамдын жанында бол, деп жылмайып койду.
Азат сөз сүйлөй алган жок. Бир гана ал агасынын бир нерседен чочуп жатканын байкай алды. Арман чындап эле андан коркуп жатабы, чын эле Айжана жасады дегени турабы? Тергөөчү го мейли кесибине жараша мүнөзү, ар кимден шек санай берүү анын адаты. Арманчы? Ал бир аял кишиден чоочулап калчуу адам эмес эле го. Же аны да ишендирип коюшканбы, ар тараптан айта беришип. Айжана чын эле алар айткандай коркунучтуу адамбы?
Жоок, деди ал өзүнө жер төлөөдөн чыгып терезеден түшүп турган күндүн нурун көргөндө. Алар адашып жатышат. Айжана да кудум ушулардай коркуп, корунуп жашап жаткан учуру.
Өз ойлору менен алек болуп баратып алдынан чыккан адамды көрбөй сүзүп токтоду.
-Кечиресиз, деп башын өйдө көтөрүп караса Илимбеков экен. Ал да шашылып келе жаткандай, өзүнө салыштырмалуу көңүлү куунак.
-Азат, деп кубанып кетти ал, көптөн берки таанышын көргөндөй. Эч ким жасай албаган, эч кимдин акылына да келбеген нерсени жасадын. Сен ага эмне убада кылгансын билбейм, Айжана ошол кечте Арман менен бирге болгонун тастыктап берди.
-эмне? Ал сизге бардыбы? Азыр кайда?
-Болгондо да кандай, чакыртуусуз өзү барды. Жана баары өз каалоосу менен болгонун айтып, Арман жубайынан кете албастыгын айтып андан баш тартканы үчүн ачуусу келип...
Азат кантип жетип келип Илимбековдун оозун алаканы менен бекитип калганын байкабай калды.
-Айтпан, ал өлтүрбөйт.
Азаттын колун силкип жиберди Илимбеков.
-Эмне жасап жатканыңды эсебин берип турасыңбы сен өзүңө. Менин оозумду баскан адам али дүнүйөго келе элек, деп ачуулана басып кетти.
-Кечиресиз, деген Азат колун силкип алып анын артынан жөнөдү.
-Ал кайда?
-Кайдан билейин, менин жумушум адамдарды коруктоо эмес. Эркиндикке чыккандан кийин менден сурабайт кайда бараарын.
-Туура айтасыз, деген боюнча кала берди Азат. Азыр ал атайын бөлмөгө кирип өз жакталуучусу менен баарлашат. Күтө турууну чечти, балким байкеси менен жолугушкан соң жоошуп чыгаар. Ошондо сурайт.
Илимбеков да басып баратып ушуларды ойлоп баратты. "Эмнеликтен мындай болуп баратам, акыркы күндөрү терим жукарып, сөз көтөрө албас болуп калдым. Балким бул каарылыкпы?
Ааламда согуш жүрсө аңдып койбогон кенебестигим кайда калды?" Ооба, ал канчалык муну ойлонбоюн десе да, канча качса да кутула албайт эле. Убакыт деген убакыт, токтоп турбайт, жашоо мыйзамы ушундай бири кетет экинчиси келет, муну эч ким өзгөртө албайт. Илимбеков да ошон үчүн тынчсызданып жүрөт. Ар дайым эле ал каалагандай болуп баары андан тайсалдап, кол жеткис күчтөй элестетип, акылына суктана бербейт экен. Азаттай анын оозун жапкан, Айжанадай акылын таң калтырган жаштар чыгып, өзүнүн карылыгын эскертип жатышса, анан Илимбековдун ачуусу чыкпай кимдики чыксын. Ким эле өзүнүн карып алдан тайып баратканын тан алып, эрден тушкусу келсин.
Атайын бөлмөгө кирип да Арманды алып келишкенче ушул ойлору менен күрөшө берди. Ал чече албаган маселе, ортого түшүп кондуро албаган адам болбой турган. Келип-келип кызындай болгон жаш кыздан эки ирет сынды. Андан такыр тунулуп баратканда уулунан да жаш бала чыгып сынбас кызды сындырып, каалаганынан да ашыкча жооп алып берди. Айжана акчага же жылуу сөзгө эле жылып калчуу аял эмес, Азат кантип аны мындай кылууга мажбур кыла алды, деп таң калып жатты. Болгону кээ бир адамга сөз эмес ишеним менен караган көз жетишээрлик экенин эстен чыгарып бараткан экен ал. Кесибин жаңыдан баштап жатканда бул ыкманы көп колдоно турган, барган сайын тили курчуп, акылы орчугондо көзү мокой баштаганын байкабай калыптыр. Ананчы, тил сайрап акылы адамдарды алдап турса көздө курчтук калмак беле.
Өзү менен өзү алышып отурганда каалга кыйчылдап Арманды алып кирип келишти.
-Ай ушу милициялар алган айлыгынан топтоп деле жакшына эшик орнотуп алышса болмок, деп сүйлөнүп алды Илимбеков.
-Кейибениз, бул жерден чыккан биринчи күнү ушул эшиктер менен алек болобуз, деп жылмайып койду Арман.
Сержант аларды жалгыз калтырып чыгып кеткен соң, экөө жылуу учурашып орундуктардан орун алышты.
-Отургучтары да шымды тилет. Бул жайга атайылап эң эскисин коюшса керек, бизди көп олтурбасын деп.
Илимбеков дагы да кейигенин улантты.
-Кандай жанылыгыныз бар? деди Арман анын акыркы сөзүн кулак сыртынан кетире.
Жактоочунун көздөрү кулмундоп жыргай түштү.
-Кудайдын сүйгөн кулу коруносун. Каалаганыбыздан да артыкка жетиштик. Эми сени бул жайда кармап турууларына себеп жок.
-Батыраак айтсаныз да.
Армандын чыдамы кете түштү, жактоочунун айландырган сөздөрүнөн.
-Айжана сенин сөздөрүндү толук тастыктап берди.
-Демек психиатр баарлашты.
-Жоок, ал эмес. Айжана бүгүн өзү келиптир мага. Суракка чакырта бериңиз күбөнүз катары, болгонун ачык айтып берүүгө даярмын. Арман адам өлтүрүүгө катышуусу мүмкүн эместигин тастыктап берем. Өткөн учур үчүн кечириниз, болгону ал жубайынан кетпейм дегени үчүн ачууланган элем, ошондуктан чындыкты айтуудан баш тарттым, аны да кыйналсын дедим. Менимче жетиштүү эле кыйналды окшойт, деди.
-Эми Айжанага кылганым үчүн кандай жаза беришет? Деди Арман ойлуу тиктеп.
-Жаза жок. Ал эч кандай арыз жазбаарын билдирди. Андай кылуума себеп жок, дейт.
Арман ордунан тура калды.
-Токтой турунузчу. Сиз ага эмне убада кылдыңыз?
-Эч нерсе. Эмне да убада кылмак элем.
-Тузак бул. Анын оюну. Кайдан билесиз эртең суракта да ушуларды кайталап берээрин.
-Мен да күмөн санадым албетте. Бирок ал көргөзмөсун үн уктуруучу аспапка жаздырууга уруксат берип, өз колу менен ак баракка да жазып берди.
-Болушу мүмкүн эмес.
Арман оң колун жүзүнө алып тар бөлмөнү кадамдап өлчөп жаткансып аркы терки баса берди.
-Арман бул жакшы кабар да, сени сүйүнөт го дегем.
-Ал азыр кайда? деп сурады аста гана.
-Силерге эмне болгон. Жаңы эле инин да ушул суроону берди мага.
-Кайсы иним?
-Азат. Кирип баратып учураганмын.
Айжананын пикирин да ошол инин өзгөрттү.
-Азатпы? Ал Айжанага таптыбы?
-Менимче ошондой. Антпесе башка эмне себеп болмок эле. Анын көздөрүн көрдүм, башкача, чарчанкы, кайгылуу, бирок кечиримдүү эле, жанагындай кекчил кайраттуу көз карашы жок. Менимче Азат инин каалаганын алмайын тынбай турган жайы барга окшойт. Менден ала алган ал кыздан жөн эле алып тынды.
-Жок. Мен аны каалабайм. Мен боштондукту каалабайм. Мен өз жазамды чегүүго даярмын. Макул адам өлтүрүүгө айыпташсын,
баарына даярмын. Болгону мага Айжананы алып келиңиз. Аны көргүм келет. Азатты алыс тутунуз, анын бул ишке аралашуусуна жол бербениз.
Илимбеков эч нерсе дебеди. Абалды мындан да курчутуп алууну каалабады.
-Макул, жакшы тур, деди да чыгып кетти.
Азат жактоочуну сыртта күтүп турган эле, чыгып келе жатканын көрүп шашылыш алдын торой басты.
-Азат агаң сенин алыс туруунду буйруду, деди Илимбеков ал тарапты карабай туруп.
-Эмнеге? Эмнеге андай деп ойлойсуз?
-Кандай?
-Арман Айжанадан коркуп жатат? Чын эле ал ошончолук коркунучтуубу?
Сиз да андан күмөн кылып турасызбы. Ырас байкем бир убакта эки жерде болуусу мүмкүн эмес экен, Айжана кандай кылып улгурмок. Деги эмне себеп болуусу мүмкүн, ал адам өлтүрүүсу үчүн.
Жактоочу токтоп калды.
-Ким? Ким айтып жүрөт бул жоромолду. Арманбы? Менимче ал сени Айжананын жанына жолоткусу келбей жаткандай туюлган. Себеби кызганыч деп ойлогом, ал эмне сенин жанындан коркуп жатабы?...
Уландысы бар.
Бүтүрө салайын десем чыдабадыныздар.
Эми дагы күтө турунуздар бир аз аягын.
Чындык издебе. Детектив, триллер, мелодрама.
#129 22 Январь 2020 - 14:41
Димедра чыгарманы акырына чейин жазып койсон жакшы болмок. Окуп алып тынчыраак уктайт элек. Он кундон да отуп кеттиго.
#133 26 Январь 2020 - 04:35
Ток этээр жерин айтып койсон автор. Мына куну жазам деп. Же китепти жоготуп ийдим де же болбосо чыгарма жазганга ордоктор учпай жатат деп!!!
#134 26 Январь 2020 - 17:47
-Кызганыч?
Азаттын жүрөгү болк деп алды. Анын Айжанасын өзүнөн кызганып жатышабы? Бул тууралуу эч ойлонуп көрбөгөн экен.
-Айтынызчы ал сизге эмне деди?
-Сени узак турсун дейт. Демек агаң Айжана сага зыян өткөрөт деп коркуп жаткан экен. Ошол себеп 97-беренеге да кайыл болуп жаткан тура.
Жактоочу акыркы сөздөрүн шыбырап айтты, көбүн эсе өзүнө түшүндүрмө берип жаткандай.
Азат Айжананы назар тутуп суроо берген эле бирок жактоочунун сөзүнөн кийин агасынан кыжаалаттана түштү.
-Эмне? Ал адам өлтүрүү боюнча айыпталууга макулбу?
-Ошондой деди. Айжананын көргөзмөсунон баш тартып жатат. Ал мынча бат озгорулуп кетти. Мунун себеби эмнеде билесинби?
Азат шилекейин жутуп көздөрүн алайтып туруп калды Илимбековдун оозун аңдый.
-Айтсанчы, эмне себептен ал мындай деп жатат?
Көрсө жактоочу андан сурап жаткан экен.
Азат жанагы абалын өзгөрткөн жок, үнсүз. Айжана тууралуу суроого да даабай турду.
Жигиттин өзүнөн бетер жүдөп турганын көрүп боору ачый түштү Илимбековдун. "Бул кайдан билсин, мага айтпай жаткан себебин ушуга айтып коймок беле Арман" деп ойлоно кашын серпип алды.
-Бирок сенин тынчсыздануундун себеби башка. Айжана! ошол ээ? Ал сенден качып жатат, Ошондойбу?
Азат али да үнсүз. Мен айтпасам да билесиң дегенсип.
-Ооба, азыр баарыбызда ошондой. Ал кыз көп жылдар көмүскөдө жашап, андан жадаган. Дагы канча адам анын жүрөгүнө так салды болду экен деп ойлонуп жатам. Дагы канча адам тиги сыз жайга баруусу керек жана кимдер? Сен андан эмне каалап жатасың? Сүйүүбу? А билесинби сен туура кыласың. Эгер сен ага кыянат кылбасан, чыныгы сүйүүндү тартуулай алсаң андан эки эсе көптү ала аласың. Эгер эле тая бассан анда өзүн көрүп тургандай жүз эсе көп жаза аласың. Муну байкен жакшы түшүнүп жеткен өңдүү, ошон үчүн сенден коркуп жатат. Эгер Айжанага жакпай калчуу сырын бар болсо ушундайында баш тарт, жайына кой.
-Жок. Азат өтө тез жооп берди. Мен эми кеч калдым. Эми өзүм кааласам да андан баш тарта албайм. Андай кылсам өзүмдөн баш тарткан болом. Эми өзүмдү тапканда кайра белгисиз, күмөндөр жашоого кайткым келбейт. Баарына кайылмын, ачуу болсо да өзүмдүн жашоом болсун.
-Жакшы. Анда сен көп нерсеге даяр бол.
-Эмнеге?
-Билбейм. Мисалы ал өзү сага келмейинче күтүүгө.
-Дагы бир нерсе сурасам болобу?
-Эгер жок десем сурабай коесунбу?
Азат эки колун өйдө көтөрүп, арга жок дегендей басып кетти. Илимбеков кыймылдап жигитти токтотууга аракет жасаган жок. Эмнеге токтотмок эле, азыр анын эмес өзүнүн башындагы суроолор да жетиштүү болуп турат, эч бирине жооп жок.
"Күтүү. Бул канчаларды чарчатып келген адат. Бирок күтпөскө да арга жок, ал сага эмес сен ага муктаж болуп турган учурда". Азат ушуларды ойлоп келе жатты илкий басып. Ал жактоочудан кандай жол тутаарын сурагысы келген эле, бирок Илимбеков ага мүмкүнчүлүк бербеди. Балким ал билгендир кандай суроо берилээрин.
Ал жолду кезип жүрүп түн бир оокум болгондо гана үйгө кайтты. Атайын энесин уктасын деп жүргөн, бирок апасы аны күтүп уктабай олтурган экен. Босогону аттаары менен суроолуу тиктеп күтүп алды.
-Апа, алар менин жардамга келүүмду каалабай эле турушкандай. Менден качып жатышат баары. Мындай учурда бир нерсе кылуу мүмкүнбу? деди башын жерге сала.
Эненин көздөрү тумандай түштү, алдында турган уулунун жудонку жүзүн көрүп. Ал эч качан Азаттын өзүн мынчалык үмүтсуз, бактысыз сезгенин көргөн эмес, баарынан кол жууп турганда, эң ачуулуу учурунда да. Уулуна жетип барып кучагына кысты.
-Кел уулум, баарын унут. Жардамга муктажсыз жан болбойт, болгону ага ишенбегендер бар.
Азат канчалык буулугуп апасын кучактап ыйлагысы келип турса да анте албады, ансыз да эненин жараланып турган назик жүрөгүн биротоло жок кылып жибергиси келбеди. Эне да сезип турду муну,
-Мен сага муктажмын, деди шыбырап.
Эне бала бири бирин сооротуп көпкө отурушуп гана эки бөлмөгө бөлүнүп, уктоого кетишкен. Эненики го маалым азыр көздөрү оңойлук менен уйкуга кете койбойт, бирок бүгүн ал жалгыз мындай абалда эмес. Башка бөлмөдө жаткан Азат да ошондой эле абалда, караңгы бөлмөдө көзүн жумуп жатканы менен уктап калууга аракет да кылбады. Жата берип эмес, чачыранды ойлордон жадаганда ордунан туруп сыртка чыккан. Улуу байкеси да короодо жүргөн экен чылымын түтөтүп.
-Сенде да уйку жокпу, деди ал күүлонмой отургучка отуруп жатып. - Кайдагы уйку болмок эле, болбогон суроону берип жатканымды кара, деп кайра өзүнө өзү жооп берип койду.
-Армандын абалы ойлондуруп жатат. Ал адам өлтүрүү боюнча айыпталууга макул болуп жатыптыр, болгону ал жайдан чыкпаса болду экен. Себебин түшүнө албай жатам, деп сүйлөнө келип байкесинин жанынан орун алды.
-Уктум. Жактоочусу чалган экен. Мен да түшүнгөн жокмун, деген агасы тамекинин калдыгын урнага салып эле экинчисин түтөтүп баштады.
-Байке алдагын жардам берип жатабы бирдемеге? Эгер чын ошондой болсо мага да берчи.
Агасы ага карап калды да жаңы эле тутоткон чылымын өчүрүп ыргытып койду.
-Билбейм, балким чын эле жардам берип жаткандыр, а балким жөн эле өзүмдү алдап жатам, бирок мага ошол жагып жатат.
-Ошондойбу. Жалган да жагабы?
-Жагат Азат. Эч кимге жакпаган, кереги жок чындыктан көрө жагымдуу жалган да керек кээде. Ойлойсуңбу анын жалган экенин билишпейт деп. Жоок, кимге керек болсо ал билет эмне жалган, эмне чындыгын, болгону учурда жан дүйнөсү эмнени кабыл алгысы келсе ошону тандайт. Каалабай турганда чындык чыркырап турса да көрбөйт эч ким. Ар нерсенин өз убагы болгондой эле чындыктын да өз учуру келгенде айтылышы керек, антпесе ал жалгандан да көп зыян келтириши мүмкүн. Мен да сезип эле турам Армандын күнөөсүз экенин, бирок өзү чечилип эч нерсе айтпай жатса эмне кылып, кандай ойлоого буюрасын. Ырас ал ушундай болуусун каалап жатса, демек себеби бар. Мен анын каалоосуна каршы чыга албайм, каршы чыкканда да эмне кыла алам. Демек так ушул учурда ушундай болуусу керек, чындыктын да жүзү ачылат, сен ал үчүн кабатырланба, болгону баары өз учурунда болот. А баса, тиги кызды кайда калтырдын?
-Билбейм, деди Азат түшүнөн чочуган адамдай. Жанатан бери байкесинин айткандарын угуп отуруп бир азга болсо да Айжана тууралуу унута түшкөн экен.
Ал Азатты далыдан түртүп өзүнө каратып, бир деме дейин деп барып токтоп калды.
-Жанара тууралуу айттын беле? деди бир аз жоошуй түшүп.
-Жок. Ал тууралуу сүйлөшүүгө убакыт келе элек эле.
-Хы, деп күлө бир демени андай алгандай инисинин далысын коё берди. - Көрдүңбу жаштардын шашмалыгын, ал да балким учурунан мурда чындыкка умтулуп жетип алып зыян тартып олтургандыр.
-Эмне болгон чындык?
Азат чын эле таң кала сурады.
-Жанара тууралуу билип калып качып кеткен болсочу.
-Кантип?
Мындай болуусун Азат дегеле оюна алып корбоптур.
-Мына ушинтип эле. Же эмне чындык издеген жалгыз эле сенсинби? Баары аны билгиси келет, издейт, сураштырат.
-Бирок мен андан жашырайын деген оюм жок болчу, учуру келгенде айтып бермекмин, деди Азат актана.
-Ошондойбу? Эмне деп?
-Байке ал узак маселе. Бул жерде Айжана же башка бирөө алдана турган нерсе жок.
-Ишенем. Сен чымынды да капа кылгын келбестигин билем. Арман башкача албетте, бирок анын да өзүнө жаккан чындыгы бардыр. Биз аны биле албайбыз, качан өзү ачыктамайынча. Маалым ал катаал жолдорду басып өттү, бирок ар дайым каалаганына жете алды. Азыр да бир көздөгөнү болсо керек.
-Байке сен анын эмнелер кылганын билесинби? Жок дегенде бир эле окуядан кабарын барбы ал жасаган? Ооба ал менин бир тууганым, ал үчүн күйүп жанам, бирок ал жасагандарын актай албайм. Азыр өзүн күнөөлү кылып коргозуп эмне табат, жакындарын кыйнагандан башка, аны да түшүнө албайм.
-Сенчи? Сенин жасагандарын бизди кыжаалатка койбоду дейсинби? Балким туура жашагандырсын өзүн үчүн, бирок бизге түшүнүксүз боюнча кала берген учурларын да жок эмес. Бизди ойлодунбу. Кыжаалат болбосун дединби? Балким, бирок биз сенин эмне болуп жатканыңды билгибиз келгенин сен ойлоп көрдүң бекен. Жок. Эми билгин, Арман да сенин бир тууганын, ойлору башкача болушу мүмкүн бирок тамырында айланган кан сеникиндей эле. Анын эмнелер жашаганын элестете аласыңбы? Ал үчүн сен өзүң сүйбөгөн аялга анын атасынын кадыры үчүн үйлөнүп, өмүр бою өзүңдү андан көз каранды сезип жашап көр. Жөнөкөй баладан өзүңдү ал олтурган жайга жетелеп, алптардын акырына башыңды салып көр. Элдин кеп сөзүн кулак сырттан кетирип, бут тосуу мында турсун союл менен башка чапканына карабай маарага жетип кел. Колундан келеби? А Армандын колунан келди. Эми ушундай жашоодо жашап жаткан адамдан эмне каалайсын.
Байкеси үнүн катуу чыгарып, бүт ачуусун ушул сөздөр менен төгүп алгандай болду. Азат болсо үн сөзү жок укту.
Бир аз тыныгуудан сон, акырында
-Балким ал да азыр бизди ойлоп жаткандыр, деп ордунан туруп үйгө кирип кетти байкеси.
Азат ошол олтурган жайында таң атырды, анын аяктары азыр ага баш ийип жерди тээп баса алмак эмес. Ушул кечте ал бир нерсени түшүнүп жетти. Адамдар жолдуу жана жолсуз болуп болунбосун, баары өз аракети менен гана болоорун жана ар ким турган ордуна татыктуу экенин. Көрсө ал ичтен күнөөлөп, арсыз ойлоп жүргөн агалары жөн эле ушул деңгээлге жетишпеген экен. Азатты да ойгонсун, жашоонун түйшүгүн түшүнүп жетсин деп жетелешкен тура, колун созуп даярга тартпай. Ал азыр өзүн качандыр алардан акылдуу элестетип алганына уялып турду. Көрсө акылы эмес кыялы башкача экен алардын.
Таң эрте намазга турган апасы Азатты эшик алдынан жолуктурду.
-Уктабадынбы уулум?
-Апа, мен айылга барып келсем кандай дейсиз. Азырынча бул жерде баары бир мендик маселе жоктой.
-Өх, деп ушкурунуп алды эне. - Билем балам, мендик да иш жок. Бирок мен уулумду мындай абалда таштап кете албайм. А сен бар, жашоонду улант, өмүр күтпөйт балам, тескерисинче сен даяр болуп күт өмүр суртумдорун. Бир эшик жабылмайынча экинчи эшик ачылбайт.
Эненин эмне дегиси келгенин түшүндү Азат, ордунан туруп барып апасынын чекесинен жыттап, өзү күндүз минип жүргөн агасынын унаасын айдап жолго аттанды.
Короого кирген унаанын үнүн уккан Жанара сыртка жүгүрүп чыкты. Азаты экен, кайын энеси да түшөт деп күттү, бирок андай болгон жок. Жанаранын жүрөгү опкоолжуп бир жамандыкты сезгенсип ичиркенип алды. Энеси келбегенине караганда байкесинин маселеси бүтө элек, андай болсо бул эмне үчүн мында келди. Сагынып келди дегендей Азаттын өзүн сүйбөөрун жакшы билет. Ал ар дайым күйөөсү менен жалгыз калуудан корко берет, себеби Азат энесинин көзүнчө гана өзүн эркин тутуп Жанарага жылмая карайт, өздөрүнчө калганда эле өзүнчө кысыла бергендей туюлат ага. Азыр да Азаттын жүзү чарчанкы, жылмайган да жарашпай өзүн күч менен зордоп жылмайып жаткандай уурту жайылбай турду.
-Абалын жакшыбы? деди ал Жанаранын мостоюп туруп калганын көрүп.
-Жакшы. Энем кана? Сиз жалгыз келдиңизби?
Жанара сөздү эмнеден баштаарын билбей, кайсалактай ушундай деди.
-Жалгыз эле келдим. Апам байкемди карайлап калды.
Ошону менен экөөнүн сөзү уланбады. Жанара буту бутуна тийбей дасторкон жайып, тапканын коюп эле жүгүрүп жүрөт. Азат аны карап отуруп боору ачып кетти, сөздү эмнеден баштаарын билбейт.
-Чарчадынызбы? Эс алып алыңыз жатып, мен жай даярдайын сизге, деп бөлмөдөн чыгып бараткан келинди колунан тарта токтотту.
-Керек эмес, анчалык да чарчаган жокмун. Кел отур, экөөбүз сүйлөшчүү сөз бар.
Жанаранын денеси титиреп кадимкидей коркуп кетти, ушул учурдан качып жаткан, Азаттын ушинтип айтаарынан корккон эле.
-Сен эң жакшы эне болосуң, деп баштады Азат сөзүн. - Сендей акылдуу, ажарлуу, эрктуу, мээримдүү аялдын перзенти да башкача болсо керек. Мен да сенден үйрөндүм эрктуу болушту, деп токтоп калды.
-Азат эмне дегени турасың?
Күйөөсүнүн ундобой турган беш мүнөту Жанарага бүтүн өмүрүндөй туюлуп кетти. Эмне болсо да эртерээк болушун каалады.
-Сен менден кутулгун келип турат, менден жана баладан. Ошондойбу?
Азаттын көздөрүнө карап туруп андан ырасталган жоопту көргөндө, бук түшүп отуруп Азатка жалынып кирди.
-Ким? Сени ким айнытты? Бизде баары жакшы эле го, мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм.
Азаттын өзгөрүүсүз отурганын көрүп, башкача ыкмага өттү.
-Сен мындай кыла албайсың, ичимдеги бала менен таштап кете албайсың. Колдонуп туруп таштап кетчүү буюм эмесмин мен сага.
Ал ыйлап да сүйлөп да жатты.
Бул учурда Азат жөн гана анын колдорунан бекем уучтап гана тим отурган. Качан гана ал чарчап отуруп калганда, ылдый боло кулагына шыбырап,
-жүрөгүңдүн түпкүрүндө билесиң эмне тууралыгын, деди да туруп кетти.
Ошол бойдон ал үйгө кайтып кирген жок, кайрадан шаарды көздөй сапар тартып кете берди.
Айылга барам деп кеткен уулунун кечке калбай кайра короодо пайда болушу энени таң калтырбай койгон жок.
-Азат сен кайдан?
-айылдан апа, бир аз чарчап турам, эс алайын, деди да үйгө кирип кетти.
Уулунун жүзүнөн түшүндү энеси, ал Жанарадан айрылганын. Жүрөгү ачышып кетти, келинин кызындай көрүп калган эле. Мээримдүү, акылдуу, ийкемдуу келинин сүйүп, алкап эле турчу басса турса. Баласы аны жакшы көрбөшүн билсе да көнүп кетээр, мындай акылдуу жанга арбалбаган адам болбос деп өзүн жоошутуп жүрө турган. Андай болбой калганы окундургону менен колунан башка эч нерсе келбейт.
Азат бөлмөгө кирип жатканы менен эс ала алган жок. Кайра эле Айжананы ойлой берди. Эмнеге мындай кылды? Эми кайдан табат? Эгер жолукпай калса мындан ары кантип жашайт, анын элеси мененби. Ал канча ойлонгон менен байкесинин айткандарын эстеп баарын өз жайына коюну туура көрдү. Балким чындап эле аларга ушул жагып жаткандыр. Жанара мени зордоп суйдуро албагандай эле мен да Айжананы суйдуро албагандырмын, деп ойлонду. Арман да өзүнө жакканды жасайт баары бир, аны эч ким айтканынан кайтара албас, ар дайым ушундай болуп келген. Анда эмне кылат? Жөн гана сырттан карап күтөбу? Эң оор нерсе адам үчүн ушул, чаарасыз күтүү!
Бирок турмуш окуялары ал ойлогондой көпкө күттүргөн жок. Түн катып кирип келген улуу байкеси Азат жаткан бөлмөсүнө баш бакты.
-Кандай баатыр? Таң эрте кайда жоголдун.
-Айылга барып келгем.
-Жанара жакшыбы?
Азат туура жооп таппай, ундобой кутуулуну туура көрдү.
-Түшүнүктүү. Мен сени мага капа болуп кетип калган экен десе, көрсө өзүңдүн маселенди чечкени кеткен экенсиң да. Эмесе мындай баатыр, мен сенин жеке жашооно киришпейм дегем, бирок азыр жөн карап да отура албайм. Бул жасап жаткан кадамдарына өзүн жооп бере аласың деп умуттоном. Кийин мында жетелеп келген кызын ким? Анын Арман менен кандай байланышы бар? Балким бирөө үчүн өзүңдүн жашоонду талкалап жаткан болбо, маалым Жанара кош бойлуу. Туура бир тууган таттуу, бирок билип кой баладан баш тарттыруучу күч болбойт. Эгер Арманды сакташ үчүн жасап жатсан…
-Жок байке. Мен да жасагандарымдын эсебин берип турам өзүмө. Армандын тиешеси жок.
-Ошондой эле болсун. Жана Илимбековко учурагам, ал эртең Арман суракка алынаарын айтты. Айтымына караганда толук мүмкүнчүлүк бар дейт, күнөөсүздукту далилдегенге, эгер Арман өзү эле тоскоол болбосо. А баса ал мунун баары сенин жардамын менен дейт, деп суроолуу тиктеп койду инисине.
-Ошондойбу?
Азат анчалык деле ишене бербеди эртеңки ийгиликке, болгону ал суракта Айжананы көрөр бекем деп кубанып кетти.
Алар агасы экөө Биринчи май райондук ИИБнын алдына күтүп турушканда Илимбеков да келип калды,
-бүгүн сурак болбой турган өңдүү. Угушумча тергөөчү жаңы жагдайларды ачканга окшойт, деди шаша.
-Эмне болгон жагдай? Азат агасынан оозунуп суроо узатып жиберди.
-азырынча билбейм. Ал жагын да көрө жатаарбыз, азыр бара берсеңер болот, деп улуу байкесинин колун кысып коштошуп койду.
Карачы байкеси сүйлөбөй туруп сурдотуп жиберет экен адамды, Илимбеков жөндөн жөн анын убактысын алганына өзүн күнөөлүү сезип көздөрүн ирмеп жибербедиби. Ал билет да мындай адамдардын ар мүнөту акча тураарын.
Азат Айжананы көрбөй калганына өкүнүп, жолго түштү. Байкеси болгону үчүн жактоочудан ал тууралуу сурай албай кала берген.
Кечке чейин үйдө болгону менен ою алыстарда болуп эч эле тынч олтура албай койду Азат. Баарлашайын десе агасы да жок жумуштап кеткен. Апасына болсо ашыкча кайгы арткысы келбейт. Акыры чыдабай кеч кирип түн түшүп калганына карабай кийинип алып чыгып кетти. Ал түз эле тергөөчүнүн алдына келген, себеби билет алар түн күн дебей иштей беришээрин. Ойлогонундай эле тергөөчүнү иш ордунан таба алды, столдун үстүн кагазга жайнатып алып отурган экен.
-Кел Азат, эмне түн катып уктабай жүрөсүң? Же эмне жумушту сагынып кайтканы жатасыңбы? деди ал тамашалай каалганы жаңы эле ачып кирген Азатка.
-Сизге жардам керек экенин сездим болуш керек.
Азат да тамаша жооп айтып кирип келди.
-Өзү бизди өзүбүздөн башка эч ким түшүнбөйт да. Иштеп эле жаткан болосуң, анан эле жыйынтык жок деп урушуп аткан эле жан. Бир эле жолу чекемден сылап, байкуш иштейм деп жүрүп жашоодон сыртта калдын деп аяп койгон жан болбоду.
-Ошону айтпайспы. Дагы мени жумушка кайт деп коесуз. Мени да жашоодон сырт калтырайын дейсизби.
-Ооба десең. Кой антпе, мен эле калайын бул каргышка. Үйгө кетсен неге кетесин деп башчы урушса, барбасан неге келбейсин деп жеңен урушат.
Экөө бир толкунда сүйлөп тамашага батып кетишти.
-Бирок Азат мындан кызыктуу жумуш барбы. Мейли башкалар акчадан, аялдан ырахат алсын, биз жумуштан алып жатпайбызбы ал ырахатты.
-Туура айтасыз, эч ким кийлигишпей өзүн чечим чыгара билсен го, бул жумуштан өткөн ырахат жок. Бирок чону деле кичинеси деле чечимине кирише бергени жаман да, аз келгенсип өлтүрөм деп коркуткандарычы.
Тергөөчү күлүп,
-Аларды кой, мени өлтүргөн күчүн башкага сарптап өздөрүн оңдоп алышсын. Сени эмне жетелеп келди мага айтчы. Же эмне дагы деле тиги кызды издеп жүрөсүңбу?
-Сиз кайдан мындай көрөгөч болуп калгансыз. Айтып отуруштун кажети жок сизге, адамдын турпатынан тушуносуз, деп күлүп олтура кетти.
-Демек жагдайын мен ойлогондон да курчураак. Кечир, бирок сен бул менен жанагы окуядан жабыркаган көңүлүңдү толтурам деп жүрбө, деди сырдуу тигилип.
-Жок байке, ал күнгө эч тиешеси жок. Бирок азыр да ошондой кайталанса, балким андан да жаман абалга түшөм.
Тергөөчү ордунан туруп ары бери баса баштады.
-Айжана менен агаң орун алмашып калса, дегени турасыңбы? Коркпо, андай болбойт. Алардын батирдеги ызы чуусуна күбө болуп калган адам бар экен. Кыз ыйлап чыгып баратканда саат он жарымдар чамасы эле дейт, үйдөн эркектин кыйкырган доошу угулган экен каалга жабылганча. Ал үйгө Армандан башка эч кимдин кирүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон, демек ал чын сүйлөп жатат, окуя учурунда ал башка жайда болгон, ошондуктан өлтүрүүгө эч тиешеси жок. Агаң күнөөлү эмес албетте, эртең бошойт. Бирок ал такыр жабыркабайт деп айта албайм. Көңүлүнө катуу тийчуу маселе бар, эгер эртеңки сурагыбыз оңунан чыгып каалаганыбызды ала алсак.
Азат да ордунан козголо тергөөчүнүн так маңдайына тура калды, анын аркы терки басып жатканы жакпай кетти окшойт.
-Жеңенди байкендин айдоочусу өлтүргөн. Албетте бул азырынча жоромол. Аны Жогорку Кеңештин имаратынын алдында токтоп турган унаадан эч ким корбоптур, тескерисинче агаңдын үйүндө көптөгөн кол тактарды калтырган. Өлүктүн өзүндө жок болгону менен уктоочу бөлмөгө чейин кирип барганы анык болду. Менимче алар көңүлдөш болушкан. Күбө жок албетте, азырынча өзүмдүн гана ойлоп тапкычтыгыма таянууга туура келип жатат. Эртең ал кишини суракка алам.
Экөөнүн көздөрү тигилише карап калышты. Канчалык ишенимдүү сүйлөбөсүн баары бир күмөндөнү бар экенин жана эртеңки күнгө ишенич жоктугун экөө тең сезип турушту. Бул жаатта иштегендер гана түшүнө алышат, абал кандай бат алмашып кетээрин, бир түн эмес бир мүнөт көп нерсени чечип коёт кээде. Ошон үчүн тергөө купуясы деген түшүнүк бар, четтеги кийлигишууну алдын алуу үчүн.
-Сизге ишенем. Дайым айтып келем, сиздин суракка кабылгандан көрө согуш талаасында жүгүрүп жүргөн жеңил деп.
Азат бир аз да болсо абалды жумшартып, тергөөчүго ишеним бере сүйлөдү.
-койсончу ашырып жибердин. Жакында эле тиги перин мени оңой эле алдап койбодубу.
-Жаман эмес, атаандашуу ар жерде болуш керек, ал сизди ушул учурга даярдап осуунузго көмөк көрсөтсө керек.
Кептин учугу тамашага бурулуп, көпкө отурушкан сон Азат үйүнө жөнөдү. Айжана тууралуу ал билбейт экен, аз келгенсип эми анын көрсөтмөсү да керек эмес. Мындан ары кызды булар издебешин түшүндү, демек ал Айжананы өзү издеп таппаса кайра жоготуп алгандыгы анык. Бир гана сүйүнгөну, Айжана Илимбековко учурап туура күбө берип улгургону болду, антпесе жалган көрсөтмө үчүн деп да жоопко тартуулары мүмкүн эле. Кантсе да жакшылыкка болсунчу деп коюп басып баратты.
Эртеси кечке карай үйгө кирип келген Арманга таң калбай коюшкан жок, Азаттан башкасы.
-Кош келдин байке, деп колун кысып далыдан таптап көрүшүп чыкты ал алдын торой.
Дарбазадан аны тосуп бирге келген улуу байкеси да али жакшылап көрүшө элек эле, эмне болуп кеткенин түшүнбөй. Азыр Азаттын таң калбаган кадимкидей жүзүн көрүп анын баарынан кабардар экенин түшүнүп,
-Эмнеге бизге кабарлабадын, деп сурап калды.
-Байке мен да толук ишенимге келе элек болчумун, деди Азат башын кашый.
-Сен? Эмнеден ишенимин жок эле.
Арман да ал экөөнүн арасына кирише кетти.
-Кече тергөөчүго учурагам, бирок ал өзү да толук ишенимде эмес болчу. Ошондуктан мен башкага айтууга укугум жок эле, тергөө купуялыгы, деп эки мурусун көтөрүп койду.
Бир гана энесине кызыгы жок эле алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатышканы, ал үчүн уулунун жанында турганы жетиштүү. Кийин кызыкса деле баары бир тушунбосун билип аралашкан жок арага, жаңы бошонуп келген уулун жыттап, көзүнүн жашын көл төгүп жатты.
-Апа койчу эми, мен жанындамын. Кайраттуу эле жан эмес белең, деп Арман энесин соороткон болот.
Эне ага көнөбу, жүрөгүндө толуп турган ызааны да сагынычты да боштукту да көз жаш менен чыгарып, ордуна кубаныч толтуруп жатпайбы. Аны уул балдар тушунмок беле.
Ал үйдө көпкө кармалбай тулоо өткөрүү үчүн айылга сапар тартышты бир үй бүлө чогулуп. Айылдыктардын да кулагы чалып калбадыбы акыркы окуяларды, эми аларга Арманды көргөзуп көңүлдөрүн суутуп, сөздөргө чекит койбосо болобу. Азаттын болсо ичи дарты ичинде, Айжанансын шаарда калтырып таба албай кете берди.
Алар жетип келгенде короодо кулпу илинуу экен, демек Жанара кетип болуптур деп койду Азат короону ачып жатып улутунуп.
Тулоо өткөрүп баары тынчыган соң улуу байкеси дароо эле жөнөдү шаарга, Арманды бас дегенине көнбөй айылда апасынын жанында кала берген. Энесин карап кээде Азатка кол кабыш да кыла коюп өзүнчө эле элпек болуп жүрөт. Азыркы Арман менен мурунку Арманды салыштырып болбойт эле, кээде туруп терең ойлорго чомулуп кетет. Азат канчалык сурагысы келсе да батынып барып сөз баштай албай жүрдү, ансыз да азыр кыйын абалда. Анын үстүнө улуу байкесинин ашыгып чындык издебе, ал баары бир өз учурунда гана чыгат дегени кулагына жаңыра бере турган болду.
-Азат, деп өзүнө чакырды Арман ининсин бир күн.
Куттурбой дароо жетип бара калды Азат, азыр байкесинин көңүлүн ачып мурунку жашоосуна кайтаруу үчүн баарын аткарууга даяр.
-Бул тууралуу сага айтпайм дегем, бирок башка аргам калбады. Айжананын абалы кызыктырабы?
Азаттын бүт денеси чымырап кетти. Арман ага бир карап коюп сөзүн улай берди.
-Мен эми түшүндүм, ушунча жыл эмнени издеп келгенимди. Ар нерсеге урунуп, баарынын даамын татып көрдүм, бирок эч бири бөксөмду толтура алган жок. Көрсө жөн эле сүйүүнү издеп келиптирмин. Айжананы көрдүм бөксөм бүтөлдү. Мен ал учурда бар жогумду ага алмаштырып коюуга даяр эмесмин деп ойлогон элем, ошол себеп аны катуу капа кылдым. Көрсө бар жогумду эмес өмүрүмдү да арнап коюуга даяр экенмин, муну абакта өзүм менен өзүм калганда түшүндүм. Эгер ал кечирсе мен түбөлүк ошол абакта калууга да кайыл элем. Эми ал эч качан кечирбейт, мени өз каалоосу менен бошонуп чыкты деп түшүнөт, анын көз жашын жөн эле аяк асты кылганымдай аңдап калат. Менин шаарга баргым келбей жатканынын бирден бир себеби да ушул, ал жерде аны издебей жолукпай коё алмак эмесмин. Бирок ал эми мени кабыл ала албайт. Мен ошону тан алуудан коркуп качып жүргөм. Түшүнүп турам чындыктан өмүр бою качып жашай албайм, ошондуктан сен ага бар.
-Байке!
Азат ток ургандай секирип кетти. Себеби өзү да бул чындыктан качып жүргөн, жүрөгүнүн түпкүрүндө Армандын сезимин сезип турса да кабыл алгысы келбей. Ошентсе да мындай сунушка даяр эмес эле.
-Ашыкпа, ук! Айжана күнөөлү эмес жашап өткөн күндөрү үчүн, анын баарына мен күнөөлүүмүн, ал эмне жашап өтсө баары менин айымдан. Мына ушуну кабыл ала билгенин дурус жана эч качан менин катамды кайталабайм десең бар ага. Жок анте албасан жыйыштыр, анын ушунча азап чеккени жетишет. Сен аны издеп жүргөнүндү билем, ал да сени күтүп жатат, деп көзүндө айланган жашты жашыра албай туруп кетти.
-Балким андай болбосочу, ал сени күтүп жаткан болбосун.
Азат байкесинин артынан ушуну айтып калууга улгурду.
-Жок, деди Арман артын салган калыбында. - ал сен издеп тапкан жайда али да, демек сени күтүп жүрөт. Илимбеков айтса калп айтпайт.
Азаттын кулактары тунуп кетти, ал ошол мейманаканадабы? Кантип бул нерсе акылына келип, бир басып барып койгон жок. Ал башка күтүүгө чамасы жок эле, ошол эле мүнөт даярданып шаарга аттанды.
"Хаят" мейманканасын алыстан көргөндө эле жүрөктөрү дукулдоп, колдору титирей баштады Айзаттын. Азыр Айжананын суроолоруна эмне деп жооп берет, андан эмнени сурайт. "Ээ Мейличи" деди акыры, "Эмне болсо болсун, бир көрүп баарын тушундурсом болгону, кийин болгонун көрөм да", деп күч топтоп алып кирип барды. Кабылдамада турган жигит бул ирет аны жылуу тосуп алып өзү Айжана жайгашкан бөлмөгө чейин узатып барды.
-Ал сизди күтүп жатат. Кабылдамадан чалуу болсо эле ким келгендигин сурап калып жатат. Суранам, ага биринчи ирет алып чыгып кетип жаткандагыдай бактылуу жүз тартууланызчы, деп каалганы какты жигит.
Ичкериден көпкө жооп болбой, Азаттын шаштысы кете түштү.
-Балким чыгып кеткендир.
-жок, деди жигит. Ал чыгып бараткан болсо мен байкабай калмак эмесмин.
Көпкө барып гана каалга ичкери сүрүлуп, жүзү чарчанкы болгон Айжана көрүндү.
-Эмне мынча кечиктин? деди ал Азатка карап, көз жаш арасынан жылмайып. Канча жашырайын десе да көздөрү анын жаңы эле ыйдан айрылганын айгинелеп турушту.
Азатка ушул эле сөз керек болчу, ал жигитке рахмат айтмак турсун анын жанында бар экенин да унутуп ичкери кирип каалганы жаап койду.
-Эки жүрөк бир бирине дал келип бириккенде аалам андыгыдай жылчык калбай бутолот, деп сүйлөгөн жигит нечен ирет жабык эшиктин артында кала бергенинин эсебин чыгара албай басып кетти.
-Айжана сен биле турган бир нерсе бар, аны менден укканын жакшы, деп сөз баштады азыр эле жылмайып бактысы койнуна батпай бара жаткан Азат олуттуу боло калып.
Кыз терезеге карап, айлананы биринчи ирет көрүп тургандай суктанып бараткан, жигитке бурула калып,
-Айтпа, деди жылмая. Мага эч кандай сөздүн кереги жок. Мен эми сендей жашайм, өзүм ишенгим келген нерсе гана мен үчүн чындык.
Ушул сөз менен ал баарына чекит койду.
Экөө колдорун бириктирип, алдыга карай улутунуп алышты, ар бири өздөрүнчө, "ушул биздин түбөлүк чындыгыбыз болсун" деп тилек кыла.
Алар бараткан унаа да бакыт нурун чачкандай, бүт ааламды суктандырып баратты…
Аягы.

#138 27 Январь 2020 - 17:45
Жакшы бутуптур, Эми башынан баштап бир дем менен окуп чыгайын, сын-пикирди анан айтам.
#139 28 Январь 2020 - 01:56
Аягы башкача бүтөт деп күтүп аткам. Негедир эми Азат менен Айжананын бирге болууга акылары жоктой сезилди мага. Абдан банально болуп калган жокпу. Айжана уурдап кеткен кыз жөнүндө дагы башка кылган аракеттери табышмак боюнча калды. Будто ал кандайдыр бир күчкө ээ абдан кыйын аял эле анан минтип хеппи энд менен өтө жөнөкөй бүтүп калды. Аягы дегенге жарабай калды. Димедра айым шашып койдуңар бүтүрүүгө.
#140 28 Январь 2020 - 03:40
[quote name='Albinoc.piratium'
date='26 Январь 2020 - 04:35' timestamp='1579991716'
post='3846128'
]
Ток этээр жерин айтып койсон автор. Мына куну жазам деп. Же китепти жоготуп ийдим де же болбосо чыгарма жазганга ордоктор учпай жатат деп!!!
Адамдар бироонун айыбын тапканы кыйынбыз э,озубуздуку корунбойт.Димедра айым кечиктирсе дагы аягына чыгарат бардык темаларын.Сага окшоп жарым жолдо калтырып койбой!