Суперстан: Чындык издебе. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чындык издебе. Детектив, триллер, мелодрама.

#61 Пользователь офлайн   Gospozhatsetok   22 Ноябрь 2019 - 01:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 30 Октябрь 19
  • Соңку аракети: 20 Янв 2024 02:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туулган айылым

Буттубу ошондо
Ал мени итсин деди,ооба дедим,
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Dimedra   22 Ноябрь 2019 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Айжана чочугандан эки кадам артка жылып дубалды сүйөнүп туруп калды.
Кыздын жүзү жумшарып, көздөрүн эки үч ирет ирмеп жибергенин көрүп Илимбеков анын мындан кабары жок экенин түшүнүп, сөзүн улай берди.
-Эми анын жубайын ким өлтүргөнүн изилдөө үчүн убакыт талап кылынат. Биздин милицияны билесиң, ачыгын изилдегенден көрө биринчи колго илешкенин алып барып күнөөлү кылып коё берет, а чыныгы кылмышкерлер ачыкта ээн эркин сайрандап жүрүшөт.
-суу! деди Айжана тамагын кармап ал сүйлөп жатканда.
Илимбеков ордунан ыкчам туруп муздаткычтан ботолкодуогу суудан алып идишке куюп ага сунду.
-Баары жайындабы?
Ал жанына жакын келип калганда кыз ток ургандай чочуп колуна алган идишти түшүрүп жиберди. Жактоочу эки кадам артка жылып, эмне кылаарын билбей айланага карап калдастай түшүп, бир аздан соң гана өзүн колго алып оозун кыбыратып, аны жоошутуп өзүнө тарткан болду.
-Айжана акыркы күндөрү сенин айлананда көп нерселер болуп кетти, бул оор. Сен күчтүүсүн билем, ошентсе да баарын ичине жута берсең бир күн алар сени ичтен жеп түгөтөт.
-Арман! деп ыйлап жиберди Айжана.
Илимбеков муну кандай түшүноорун билбей, четте анын көз жашы тыйылышын күтүп туруп калды. Акылы канткен менен Армандын түрмөгө түшүп калганына ачынып жатат го деген гана ойдун тегерегинде болчу.
Айжана керебетке барып отуруп көз жашын сүртүп жатып кечирим сурап өттү андан.
-Кечиресиз сизге да көп эркелеп жибердим окшойт. Болгону Армандын ушул ишке барганына ишене албай турам. Акыры барып адам өлтүрүүгө колу барыптыр да. Ким билет балким жубайы ошого жеткирип койгондур.
Илимбековдун эми чындап сөзү оозунан түшүп, нанын жулдурган баладай томсоро түштү, эмне болсо болсун кыздан мындайды күтпөсө керек.
-Сизди түшүнбөдум, деди Айжана чочуган адамдай, кайрадан. Бул жерде сиздин кандай тиешениз бар? Же эмне мени күнөөлөп жатышабы?
-Жок, жок, сени күнөөлөгон жок. Ал убакта сен башка жайда элен, Арман сыяктуу эле. Силер бирге элеңер да туурабы?
-Качан? деди кыз бул сөздү биринчи ирет угуп тургандай.
Илимбеков Айжананын эми чындап жөн эле оюн куруп турганын түшүнүп жетти. Эмне кылуу керек? Оюнду улоодон башка арга жок, анткени бул оюнду ал өзү баштабадыбы, Айжана эмес.
-Ошол күнү ашканада мени жалгыз калтырып Арман менен бирге чыгып кетпединерби, чынында мен тан калбай койгон жокмун. Силердин тааныш экенинерден күмөн кылбаптырмын. Карачы мен башкалар ойлогондой өтө эле акылдуу адам эмеске окшойм. Сен ал тууралуу сүйлөп баштаганда эле түшүнсөм болмок, андан сурап алчуу эсебин бардыгын. Бир азга болсо да акылымды жумуштан алыс кармап койгон экенмин, сенин бул шаарга кандай максатта келгенин тууралуу унутуп. Сен бир гана максат менен келгенсин да бул жайга, качандыр таарынткан инсандардан эсеп алуу үчүн, туурабы? Анткен менен силер бирге чыгып кеткенде түшүнгөндөй болгом, бирок кеч болгон экен, сенин мынчалыкка баршынды сезбептирмин.
Сөзүнүн ушул жерине келгенде токтоп калды жактоочу, Айжана кандай түшүнүп , эмне жооп айтаар экен дегенсип.
-Эгер мени азыркы создорунуздун бирине түшүндү деп ойлоп жатсаныз анда чындап эле элдер сиз тууралуу ката ойлошот. Себеби акылдуу инсан жөнөкөй адамдар менен мындай тилде сүйлөшпөш керек. Мени бир жаман ишке барды деп жатсаныз адашасыз, буга Арман өзү күбө. Туура биз ал менен таанышпыз, жөн гана эмес. Бир убакта өтө жакын инсандар болгонубуз чын. Ошон үчүн мен адан чочуган жокмун, ал менен батирине да кирдим. Бирок аз гана баарлашып отурган соң ал жайдан кетүүмө туура келди, башым бир аз ооруп турган болчу. Өзүңүз билесиз, менин акыркы күндөрү жашап өткөн жашоомду, катуу чарчап калган элем, ал жайдан чыгып туура мейманканага келгенмин. Бөлмөгө кирээрим менен саат көзүмө урунган, анын жебеси сегиз жарымды коргозуп турган болчу. Андан аркысын билбейм, катуу уйкуга кетипмин, канча жатканымды да эстей албайм, жада калса кийимдеримди жыйнап коюуга алым калбай калган экен, мына бүгүн гана чогултуп алдым. Ошондон бери биринчи жолу мына азыр сыртка чыкканым эле, тамактануу үчүн. Сиз айткандай бул жайга келген максатым бирөө эле болчу, аны да ишке ашырдым сиздин жардамыныз менен, эми артка кайтып кете берсем да болот. Сизге дагы бир ирет рахмат. Арманга болсо ийгилик гана каалайм, сабыр берсин, эгер чындап эле күнөөсүз болсо албетте акталат. Анан да жанында сиз турганда ал эч нерседен кам санабай койсо да болот да ээ? деп жактоочуга карай мыскыл жылмайып койду ал.
Жактоочунун томсоргон жүзүн көрүп дагы кошумчалай кетти.
-Эмне? Сиз өзүңүздүн онорунуздон күмөн санап жатасызбы? Бул биринчи жолкусу эмес да, мындай абалдан канчоосуна туш келгенсиз. Анын үстүнө Арман жасаган эмес деп ишеничтүү айтып жатпайсызбы, баары жайында да ээ?
Бул ирет анын үнү кыжырдуу угулду жактоочуга. Бирок эмнеге кыжырданып жатканын түшүнө албады, "балким башынан баарын ачык айтып бербегеним үчүндур" деп ойлоно бул катачылыгын жоюуга аракет кыла баштады.
-Айжана менин жумушум ушул эмеспи, адамдарды татыксыз жазадан куткарып калуу. Арман да башкалардай эле өз укугун коргоого укугу бар. Ал ким болбосун биринчи орунда жаран, а мен жарандарга кызмат көрсөтүүчү адаммын. Ооба кээде мыйзамсыз жолдорду да басып өтүүгө туура келет, бирок мен да сен сыңары эле адилетсиздикке чыдап тура албайм, ошон үчүн кандай жол менен болсо да адилеттүүлүк орнотууга аракет кылам. Билбейм неге, бирок сен мага капа болуп жаткандайсын. Бирок билип кой биринчи орунда мен сенин коргоочунмун. Арманды мыйзамсыз жазадан куткарууга аракет көрүп жатканым чын, ошол эле учурда ал такыр жазасыз калбашы керек. Ошол кечтеги окуя сага жакпаганын билем, бул нерсе сенин бөлмөно кирген адамга айтпаса да маалым боло турган. Ал өз жазасын тартат, сен да муну каалап жатасың, бир гана сен муну мойнуна ал.
Айжана жооп ордуна эриндирин чуйруп койду, мага кызыгы жок дегендей.
-Айжана биз башка жол менен да болсо актыкка жетебиз, болгону сенин да кызыкчылыгын корголо кетсин деп жатам, деп жактоочу эми кызды аргасыз абалга алып барганга өттү.
-Түшүнсөм өлөйүн. Сиз эмнелер деп жатканынызды аңдап жете алаар эмесмин. Эгер Арманга менин жардамым керек болуп жатса түз эле ошондой десеңиз болмок. Бирок мен канча кааласам да азыр сиз айтып жаткан ишти жасай албайм, сиз айткан убакта Арман мени менен бирге эле деп айта албайм, себеби билесиз мен өз батиримде эмес мейманканада жашайм. Бул жердегилердин көздөрү мени узатып кайра тосуп алаарына өзүңүз күбө болдунуз. Менин жалганым бат эле чыгып калат. Кабылдамадагылардын бири болбосо бири менин саат канчада кирип келгенимди көрүп койгон чыгаар, алар кубого отушсо Арман отурган жайга мен барып калуум мүмкүн. А мен ал жайды кайра көргүм келбейт! деди мизирейе.
Азыр башка бирөө болгондо биротоло анын сөздөрүнө ишенип коймок, бирок Илимбеков эмес. Ал киши корбодубу бул күнөөсүз периникиндей теринин алдында ким жүргөнүн. Тынч жашоодо жүргөн адамдын бүт жашоосун астын үстүн кылып койгон адам өзү капканга түшүп отурган жанды куру коймок беле, анан да ага зор тарынычы турган учурда. Бир гана анын зээнин кейиткен нерсе өзү толук ишеничин арттырган кыз азыр ага ишенич арттырбай жатканы болду.
Бирок азыр ал алсыз, бул кыздан эч нерсе талап кыла албайт, анткени мамлекеттин адамы эмес.
Айжана жактоочунун көз карашынан мунун баарын түшүнүп турган. Жакын келип уруксатсыз эле Илимбековдун көкүрөк чонтогундогу ручканы сууруп алды да бурап ичин ачып столго жая берди.
-Кайда болбо, эмне иш жасаба каршындагы адам ким экенин унутпа. Бул сөз биз үчүн айтылгандай, деди столдо чачылып жаткан аспапка карап туруп. Ал кадимки уктуруучу аспап эле.
-Айжана бул керек болсо жандырылбаган да эле, кааласан текшерип кор. Болгону бул менин адатым, бул аспап дайыма жанымда жүрөт, деп чын далаалат кылып актануууга өттү Илимбеков.
-Бул сиздин адат эмес. Толук ишендирип айта алам Арманга жолугууга киргенде муну алып коюну унутпайсыз, алдын мени менен да мунсуз эле жолукчуу элениз. Демек биз экөөбүз бирдей эле озгордук. Бири бирибизге ишенип жүргөн күндөр артта калды, деп барып каалганы чоң ачып күтүп туруп калды кыз.
Илимбековдо чыгып кетүүдөн башка арга калбады көрүнөт, азыр эч кандай аракети өтпөй тургандай, Айжана өтө эле ызалуу. Бирок ал чыгып баратып ундобой кете албады, каалгага жете токтоп кызга карап башын чайкай,
-Сен ката кылып жатасың. Жүрөгүңдү биротоло ушутуп алба, билесиң ансыз да бул жашоо муздак, деди.
-Андай болсо жылууланып алыңыз.
Айжана да бул сөзгө даяр тургандай, ошол калыбынан жазбай туруп жооп узатып каалганы катуу үн менен жаап кала берди.
Анткен менен экөөнүн тең ичтеринде айтылбай калган көп сөздөр кала бергенге окшойт, экөө каалганын эки тарабында муштумдарын түйүп нечен ирет арттарына бурулгандары менен эч бири даап эшикке жакындай алышкан жок.
Жактоочу ошол калыбында мейманканадан чыгып баратып кабылдамада турган жигиттин "Жакшы барыныз" деген үнүнөн селт эте ал тарапка бурулуп басып келди. Чын эле акыркы мүмкүнчүлүкту пайдаланып калбаса болбойт.
-Жигит кандайсың. Сен өткөнкү отурумда айыптоочу тараптын күбөсү болуп катышкан болчусун да ээ?
Жигит жөн гана кашын серпип койду.
-кызык, силер өз кардарларынарды коргобой тескерисинче каршы көрсөтмө бере берсеңер анда силерде кардар калбай калат го.
-коргоо менин милдетиме кирбейт, деген жигит сөзүңүз бүткөн болсо кете бериңиз дегендей өз жумуштары менен алек болуп артка бурула берди эле,
Илимбеков аны коё берген жок.
-Бирок Айжананын андан бери да ушул жайда калып жашап жатканы кызык туудурат экен. Ошентсе да силер баарын туура жасасанар керек. Кайдагы бүгүн келип эртең кетчүү адам үчүн сотто жалган сүйлөп өзүңө жүк ашырып отурбай туура кыласың. Эгер жанылбасам ошол отурум күнү да жумушка баруум керек деп шашып кеткенсин, айтчы Айжана ал күнү кандай абалда келди. Сага да анын нааразы көз карашы урунгандыр. Байкуш кыздын абалы оор болчу, түн болгондо гана араң чыкты сыртка. Аны да түшүнсө болот, биринчи ирет мындай ишке кабылып турган соң, айланадагылардын баары эле аны карап соомойу менен коргозуп жаткандай туюлуп жатты да.
Жигит бир деме сүйлөө керек экенин же жөн эле коёрун билбей ордунда туруп калды. Жактоочунун суроо берип жатканын же жөн эле сүйлөп турганын, эгер суроо берип жатса кандай максатта экенин аңдай албай. Илимбеков да кыйтыр адам да, ким менен кантип сүйлөшүүнү билет, кантип эле бейтааныш адамга келе калып түз олдоксон суроо бергенге өтсүн, жөн гана Айжанага жан тарткан адам болуп жатпайбы.
Бирок аял дегенин башкача жан болот тура, бул жерде эрегишип жаткан эки эркектин жасала турган кадамдарын алдындан эсептеп койгонсуп Айжана жигиттен көөнү ток эле. Ал ойлогондой эле жигит Айжананын өзүнөн бул тууралуу укпаган соң ооз ачпай эле коюну туура көрүп ундобостон басып кете берди.
Илимбеков муштумун бир түйүп кайра жазып алып жолун андан ары улап мейманкананын таштап чыгып кетти.
-Миң наалат! Деп кыйкырып алды ал, сыртка чыгып бир эки кадам таштаган соң, мойнундагы туймосун бошотуп жатып. Бул сөзү кимге арналганы белгисиз эле, туурасы көбүрөөк өзүнө айтты болуш керек. Ананчы, ушунча жолду басып, алдынан чыккан канчалаган кыйындарды жыгытып келип бир кенедей болгон кыздын алдына келгенде алсыз болуп арга таппай калып жатканы эмнеси. А балким ал Айжананы али да баалап билбей жаткандыр, азыр анын ордуна балким өзүнө окшогон бир күчтүү жактоочу же айыптоочу ушундай каалга ачып жол көрсөтсө мынчалык ачууланбас эле. Ал азыр пардага жашынып терезеден шыкаалап өзүн күзөтүп турган элести эсине да албады.
Айжана жактоочунун кечигип чыкканынан болгоолоп түшүнгөндөй болуп турду, эгер ушундай бат ташташлаган кадамдары менен түз чыгып кеткенде он беш мүнөт алдын эле узап кетмек, кечигип чыкканынын даана бир себеби бар. Ал кандай себеп экенин да болгоолоп билет. Айтканындай эле каалга такылдап жигиттин уруксат сураган үнү угулду.
-Кире бер.
Айжана дароо кеебетке келип, жаңы гана ордунан туруп жаткандай буттарын саландатып отура калды.
-Кечиресиз тынчынызды алганым үчүн. Эч нерсе керек эмеспи, деп гана сурап коёюн дегем, кетээр алдында.
-Сен кетип жатасыңбы? Жакшы, барып эс ал. Өзүбүзгө өзүбүз кам көрбөсөк башка эч ким жардам бербейт бизге. Денени да эс алдырыш керек. Сен өтө көп иштейт экенсиң. Антпе дейин десем бул жайдагыларга боорум ачыйт, сенсиз кантишмек. Дүйнө ушундай тегерек тура, биз алардан, алар бизден, бири бирибизден көз каранды, бири бирибизге муктаж экенбиз, деп басып келип анын эки мурусунон кармап, жоокер уулун мактап жаткансып - рахмат сага деди, өзүнө гана таандык болгон жагымдуу жылмаюсун тартуулап.
Жигит анын кудум ушул жылмаюсуна арбалбады беле. Ал сурдоп кетти, ошол эле учурда эбегейсиз күчкө да ээ болгонсуйт, керек болсо азыр ушул алдында турган кыз үчүн тоону томкорууга даяр болуп.
-Эмне үчүн? Ал араң гана ушул эки ооз сөздү сүйлөй алды.
-Өзүңө керек эмес нерселерге аралаша бербегенин үчүн, сени ушул сапатын башкалардан айырмалап турат. Башкалар сендей боло алышпайт. Ал менин жакын адамымбы, досумбу, коргоочумбу, ар кимдин өз орду бар, алар ошол ордун билишкендеби. Мен качан кайда барам өзүм билем да ээ? Кааласам сегиз жарымда кирип келем, кааласам эки күн сыртка чыкпай жата берем, анын эмнеси бар экен. Алар ойлогондой убакытты айтпай койсом эле мага таарына бериштери керекпи?
Айжана чындап эле ачууланып алган.
-Кечир! деди кайра жүзүн жумшартып. -Мээм чарчаган болуш керек. Араң өзүмө келип жатканда дагы мээмди айландыра башташты. Эми ар кимден сурап чыгат, деп ким экенин ачыктабай эле сүйлөй берди. Албетте ал билип турбайбы жигитке баары түшүнүктүү болуп жатканын.
-Ал менден да сурады, деди жигит Айжана сөзүн бүтүргөндө. Сизден кабатыр алып жатса керек, абалыңыз тууралуу сурап кетти.
Кыздын жүзүндө суроо гана турган, "Сен эмне дедин?" деген сымал.
-Мен албетте эч нерсе деген жокмун. Ал сиз менен корушподубу, эгер маанилүү болсо өзүңүз айтмаксыз да. Сиз айткыныз келбеген нерсени мен эмне кылам кабарлап.
Айжананын көңүлү жайлана түштү.
-Менин кандай абалда кирип келгенимди сураса керек. Бирок мен кирип келген убакта түн болчу да, сен уктап жаткан болсоң кайдан көрмөк элең. Ал түнү ким турганын да карабай калыптырмын кабылдамада, тигилер анын да жанын коюшпайт баары бир, деди кабатырлана. Эми гана бул жигиттен башка да адамдар бардыгын эстегендей.
-Мен көрдүм сизди, бирок даап жанынызда баралбадым. Иренжип турган конулунузду андан бетер иренжитип албайын деп. Чынында мен үчүн аял затынын көз жашын көрүүдөн өткөн азап жок. Ал кечте шеригимдин жумуштары чыгып ордуна калып туруумду өтүнгөн эле.
Жигит Айжананын кабатыр боло түшкөнүн көрүп анын көңүлүн жайгарууга аракет кылды.
Кыз ага табышмактуу карап койду, "чын элеби" дегенсип.
-Анда билесиң да, бул менен эле тынчып калышпайт, башкалары да келип сураштыра баштаарын.
-Аларга эмне, баары бир эле жоопту алышат менден. Мен кардарлардын жеке жашоосуна киришпейм.
-Жок. Андай болбойт, деди кыз кесе. - Сен биринчи ирет байкоочу экенинди коргозуп койбодунбу, алар сенден узакташпайт эми. Эмне болуп жатканын билбейм ачыгында, бирок бир нерсе ойлоп жатышкандары анык. Тиги кишини да туура түшүнсө болот, ал менин атам эмес дайым мен тарап болгудай, деп токтоп калып, - азыр менин оозума биринчи эле келген сөз сегиз жарым болду. Билбейм эмнеге анткенимди, чынында бөлмөгө киргенде саатка караган эмесмин. Бул адамдардын чөйрөсүндө бир сөздү гана сүйлөө керек, кокус эле жаңылып калсаң анда дүйнөдө болуп жаткан күнөөнүн баарын мойнуна артышат, деп кошумчалап койду.
-түшүндүм, деди жигит көздөрүн ирмеп, кам санаба дегендей.
-Эсинде болсун, сен эч кимден эч нерсе карыздар эмессин, менден да!
-Билем.
Бул ишенимдүү жоопту алган соң Айжананын жүзүн дароо жанакы жылмаюсу ээлеп калды.
-Рахмат, мага эч нерсе керек эмес, баары жайында. Өзүңдү этият кыл.
Жигит ага жооп кылып башын ийкеп бейпил түн каалап бөлмөдөн чыгып кетти.
Ал чыгып кеткенден кийин Айжана өзүнчө кыжаалат болуп калды. Жигиттин жаштыгын аяп. Анын көздөрүндө сүйүү учкундары жанып турганын байкаган. Азыр өзү ага, дегеле эч кимге андай жооп берүүгө даяр эмес эле…

Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Stervashka   22 Ноябрь 2019 - 18:09

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 26 Апр 2025 02:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Рахмат, дагы тез тез жазып турсан сонун болмок куттурбой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   NurAyim2013   23 Ноябрь 2019 - 00:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 10 Август 18
  • Соңку аракети: 13 Май 2020 12:39

жазыныз эми куттурбой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Aimani   26 Ноябрь 2019 - 02:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 02 Июль 19
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:52

Качан жазасыз?Кутуп жатабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Stervashka   26 Ноябрь 2019 - 15:58

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 26 Апр 2025 02:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кутуу, кутуу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   fak   26 Ноябрь 2019 - 21:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 02 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:56
  • Телефон:89263336026
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Ушундай да кызык чыгарма болобу,авторго соз жок ото кучтуу жазылган! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   fak   26 Ноябрь 2019 - 21:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 02 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:56
  • Телефон:89263336026
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Бугун да жазып койсонуз жакшы болмок туну мн уктабай окуп чыктымго чиркин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Dimedra   28 Ноябрь 2019 - 00:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Эрте менен ойгонушу ойгонуп алып,күндү эмнеден баштаарын билбей, төшөкту оронуп жата берди. Албетте бул жайга келгендеги максаттарынын баары ишке ашып бүтө элек, бирок алар бүткөндөн кийин эмне кылат. Ошол күндү ойлонуштурбаган экен. Эркин ал каалаган жайга барды, Армандын тагдыры азыр андан көз каранды. Анда эмнеге жүрөгү тынч эмес, дагы кимде кеги калып кетти. Бул күндөрдү элестеткенде башкача бактылуу болчуу эмес беле.
Башка учур таппай калгансып так ушул учурда бөлмө телефонунун үнү чырылдап калды оюн акырына чыгарбай. Башын бир аз төшөккө катып жаткан соң, чырылдаган үн басылбаганда "эртелеп кимге керек болдум" деп сүйлөнө телефонго жооп берүүгө аргасыз болду.
-Угуп жатам.
-Эгер мүмкүн болсо кабылдамага түшө аласызбы, сизди күтүп жатышат.
-Макул күтө турушсун, деп телефонду койду, ким экенин сурабастан. "Сурап эмне" деди ал өзүнчө, "баары бир мен каалабаган адамдар да, ошентсе да түшпөй коюуга аргасызмын" . Ордунан туруп шашпай бети колун жуунуп, жакшы кийимдерин кийип алып чыга жөнөдү. Бул арада жыйырма мүнөткө чукул убакыт өтүп калган. "Ким болсо да күтүүгө аргасыз, куткусу келбесе кете берсин, мага ошонусу жакшы" деп оозун чурчуйтуп ары бери кыймылдатып жүзүн машыктырып да алды жолдо. Азыр ар кандай кырдаалга даяр болушу керек, жүзүнөн эмоция көргөндө жасалма корунбогудой болуш үчүн алдындан аракетин көрүп жатканы эле бул.
Кабылдамада аны, бир убакта өзүн тергөөчүго алып кирип жүргөн жигит күтүп турган экен, Айжананы көрө сала жетип келди.
-Айжана саламатсызбы, муну сиздин колунузга тапшыруум керек, суракка күбө катары чакырылып жатасыз. Айтылган убакытта барасыз деген умуттомун, деди шаша конверт сунуп жатып.
-Саламатчылык. Дагы кандай сурак?
-Бул чакырууда баары жазылган, деди да көп кармалбастан артка бурулуп жөнөп калды келген жигит.
"Байкуш, дагы көп жумуштары бар чыгаар" деген Айжана колундагы конвертти сыйпалай кабылдама тарапка көз жүгүртсө башка кыз олтурган экен, өзүн бош таштап кенен дем алып алды. Тиги жигиттин алдынан чыгышын каалабай жаткандай, эмнегедир анын алдында өзүн күнөөлү сезип баштады. Ананчы байкуш жаш жигитти бул ирет жалган айтууга кондуруп жатпайбы. Эгер эле башка жолу болгондобу, жигитти эч өзүнүн кызыкчылыгына колдонмок эмес. Өзү канча ирет болуп көрдү анын ордунда, андайда көңүлдө өтө жаман сезимдер калаарын билет. "Адамдын сезими менен ойноп андан пайдалануудан өткөн жийиркеничтүү нерсе болбос" деп ойлоно өзүнөн өзү жийиркенгендей артка бурулуп кетти.
Бөлмөсүнө кирип алып конвертти тегеретип тиктеп тура берди. Ачуу керекпи? Ачпаса да билет эмеспи, кандай сурак экенин. " А баса айтылган убакытка дебеди беле, кайсы убакыт экенин билүү үчүн да ачууга туура келет экен" .
Эртеңки күнгө чакырылыптыр, бирок эмне себептен? Мындайда күбөлөрдү так убакыт белгилебей эле чакыра берчүү эмес беле. Демек тергөөчү жалгыз болбойт, атайын даярдалган ыкмада сурак жүрсө керек. А балким Арман катардагы карапайым адам болбогон үчүн ушундай так жүрүп жатышкандыр, эртеңки күнү не бар не жок, дилгир иштеп жаткандарын коргозуп калайын деп жатышкан чыгаар.
Мына азыр эле бекер калдым деп наалып жаткан, көп куттурбой жумуш да чыгып калды, эртеңки күнгө даярдануу керек. Кимгедир балким чын эле жөнөкөй күбөдүр, а өзүнө ал эртең чечүүчү ролду аткаруучу болот. Ар кандай кырдаал болуп калуусу мүмкүн, балким көпчүлүктүн алдында, балким соттук псиахтрдын алдында суралат. А балким Арман экөөнү беттештирээр тергөөчү. Иши кылса баарына даяр болуусу кажет, жада калса калпты кармоочу аспаптан да таза чыкчуудай болуп даярданат.
Күзгүнун алдына келип, жылмайып, кыжаалат болуп, ыйлап да көрдү, баары жарашат. Бирок жалгыз болгон башка, көп адамдын алдында аткарган башка да. Ал үчүн биринчи толкундоону жоготуу керек. "Кантип?" деди ал. Ал сезим каалаган учурда келет эмеспи, андайда канча даярданба аң сезим туруштук бере албай калат. Ары бери басып, ар нерсени ойлоно баштады. "А баса бул деле кадимки вирус да, ан сезимдин вирусу. Дарыгерлер вирусту алдын алганда, биринчи анын кичине бөлүгүн организмге киргизип көрүшөт да. Ошондо гана иммунитет пайда болот. Демек мен да өзүмдү көзөмөлгө ала бербей, азыртан толкундоого уруксат берейин өзүмө" деп чечти. Андан ары бул чечимдин, жалгандын кесепети эмнелерге алып бараарын элестетип, бирден санап акылынан өткөрө баштады. Кызык, эмнегедир акылына келген бир да ой аны кыжаалатка сала албай койду. " Кана эми эртең да дал ушундай болсо" деп керебетке барып отуруп калды. Дароо оюна жанагы кабылдамадагы жаш жигит келет, бир азга бош боло калса эле ошол. Акыркы убактарда жанында бир гана ошол калган сыңары, жардамга келе турчуу башка жан жоктой. "Чын эле мен жалгызмынбы? А качан таянаарым болгон өзү" деп ушкурунуп баратып Москвада батирде акыркы болуп өткөн окуяны эсине түшүрүп алды. Анда да бейтааныш эле жигит жардамга келген, ал үчүн эч нерсе сурабастан. Демек жашоо Айжана ойлогондой бир гана өзүмчүл адамдардан турбайт өңдүү. Эмне, эгер арасында жөн гана кайтарымсыз жакшылык кылууга даяр инсандар да бар болуп, алардын бири ушул кабылдамадагы жигит болсо. Оо андай болсо жакшы болмок, Айжананы абийир азабына салбай. Күнү кечке ушундай ойлор менен алп урушуп жүрүп кечти да киргизди.
Эрте менен шайдоот ойгонуп, кечинде даярдап койгон эмес азыркы көңүлүнө дал келе турган кийимдерди таап кийине баштады. Басынкы күрөң түстөгү койногун кийип чачын жайып таштап койду эле эң жөнөкөй, жалган эмнелигин билбеген баё кызга айланды да калды. "Ооба" деди ал алакандарын чаап, "азыр мага дал ушундай болуу жарашат". Кынылдап ырдап да алган, эмнегелигин билбейт бирок бүгүн өзгөчө көңүлдүү. Балким дагы бир өзүмчүл адамдын тагдыр таразасына түшүп, капкандагы чырылдаган чычкандай түрүн көрүүнү элестетип алып жыргап жаткандыр.
"Кана Арман, эми коргозчу ким экенинди. Сага бир эмес эки ирет бердим мүмкүнчүлүк, үчүнчү жолкуга жол жок!" деп күзгүгө карап кыткылыктап алып бөлмөдөн чыгып кетти. Мейманканадан чыгып ижарага алынган автосуна жете бергенде унаанын аркы тарабынан Илимбеков чыга келди.
-Эртелеп жөнөгөн экенсиң.
-Ай ушул сиз, эми менин ал жайга жетүүмө тоскоол болгону жатасызбы. Эгер корккондон жүрөгүм жарылып кетсе эмне болмок. Сиздин кардарыныздын жалгыз күбөсү мен болгондон кийин абайласаныз боло, деп жылмайып койду.
Кандайдыр бир кичине убакка Илимбеков кыздын жардамга келүүсүно ишенип да кетти, ал жылмаюсун токтотуп, көздөрүн жумуп ачып "мен салгылашууга даярмын" дегенсип улутунуп алганга чейин.
-Эгер чындыкка келсек, кайда жөнөдүн эле?
-Бул жашыруун эмес, менин кардым ачканы үчүн эч ким соттоп жибербес деп умуттоном, эрте менен тамактануу кылмыш болуп эсептелбесе керек.
-Билесинби бүгүн суракты ким жүргүзөт?
-Мага айырмасы жок, баары бир эч кимди тааныбайм.
-Баары бир сени кыйынчылыкка кыйбайм, ошондуктан айтып коёюн деп чечтим алдын ала. Балким ойлонуп калаарсын, анткени сурак өзгөчө болмокчу. Мындай учур үч же төртүнчү эле ирет колдонулуп жатат. Адамдын жалган чынын бат эле айырмалап койчу Кыпгызстандагы ишенген эки психиатрдын бири сен менен болмокчу. Жакшылап ойлон, эгер жалганын чыгып калса ал үчүн статья бар.
Ушул жерден Айжана өзүнө ээ боло албай кетти.
-Сиз ал психиатр тууралуу билгениниз жакшы экен, бирок мени билбегениниз андан да жакшы.
-Айжана сен туура эмес жолдо баратасын, каршындагы адамдар сен күч сынаша тургандардан эмес. Алар бир кыйла күчтүү, эртеби кечпи, баары бир Армандын күнөөсүз экени аныкталат, а сен баары жоктон куру каласын. Так азыр ал өз күнөөсүн мойнуна алып турганда пайдаланып кал!
Илимбековдун да сабыры түгөнүп баратканга окшойт, үнүн катуу чыгарып сүйлөп жатты бул ирет.
Айжана унааны айланып өтүп жактоочунун жанына жакын басып келди да аста үн менен шыбырап өттү.
-Ал кучтуулор ким? Абактан өзүн куткара албай жаткан Арманбы? Же өзүнө ишенбей психиатр жалдаган тергөөчүбу? А балким кайра-кайра менден жардам сурап келип жаткан сиз чыгаарсыз ошол күчтүү. Жардамды кандай сурашты да билбейсиз, анткени өз жолунда жардам суроого сиздин менменсинген көкүрөк көтөрүүнуз жол бербейт. Ошондой экен сиз көрүнүз, мени сынап көрүнүз! деди да артка бурулуп баттан басып унаага отуруп жөнөп кетти.
Ашканада отуруп сүт азыктары менен тамактанып жатып өзүнүн кечегиден да бейкапар болуп, күчкө толо түшкөнүн байкады Айжана. "Демек менде бардык мүмкүнчүлүк бар, Арман менден коркуп жаткан өңдүү. Илимбеков менин абалымды айтып отуруп өзү байкабастан аны коркутуп алган болсо керек. Туура кылат, корксун, анткени ал күнөөсүз адамды өлтүрүп албадыбы. Бул ирет жазасыз калбайт, ал күнөөсүз адамдын артындагы адам мен эмес көмүскө көз жаш токкудой, атасы кызынын өчүн гилтейтип алып алат. Болсо болгондур алар күчтүү, бирок баары бир Кудай болуп кеткен жок, мени сыноодон өткөрө турган" деп ойлоно алдында турган стакандагы ыссык сүттүн каймагын кичине кашык менен сүзүп алып оозуна салып койду.
Кандай керемет, ал кичине кезинде дал ушундай жаңы бышкан сүттүн үстүндөгү каймакты жакшы көрөр эле. Апасы короодогу уйду саап, сүттү бышыруу үчүн печкенин үстүнө коюп ашып кетпесин карап тур деп койсо, печкенин жанынан жылбай отуруп утуру бетине калкып калган каймагын сүзүп жеп отура бере турган. Ал кездер укмуш керемет болчу, дүйнө кооз көрүнчү. Апасы чачын өруп берип жаткан учурда дайыма, "бетине көө сыйпап койсом окшойт, адамдардын суук көзү түшпөсүн" , дей бере турган. Андайда Айжана өзүнчө тултундап калчуу, азыр эле сыйпап жаткансып. "Аппак кызым менин, ишенчээгим, тагдырын да өзүндөй таза, жүзүндөй жылма тагы жок болсо экен. Кандай болгон күндө да ишеничинди жоготпо, жакшылыктан үмүт кылып жакшы бойдон кал. Жашоодо баары бир чындык женет кызым, чынчыл бол", дей бере турган. Айжана ушкурунуп алды, " жок апа сен айткан чындык жок, мен эми аны издеп убара болбойм. Сен каалагандай жакшы бойдон кала албадым, анткени сен айткан жакшылыкты жашоодо жолуктура албай койдум. Билбейм мунун баарын сен уксан кантээр экенсиң. Ошондо да баары бир мени жакшы көрүүнү уланта бересиң сен, менин созумдон башка чындык кереги жок сага. Билем апа, сенин кучагындан башка жылуу жай жок мага. Барам, аз күндөрдө сага барам апа". Ал оюна терең сунгуп кирип кеткен экен, акыркы сөздөрүн сыртына чыгарып айтып алганын да байкаган жок. Жанындагы үстөлдө отурган эки жигиттин аны теше тиктеп калгандарына түшүнбөй көзүн чоң ачып карап калды. "Булар эмне мени теше тиктешет, Илимбеков койдубу артымдан, күч органынын балдарына окшобойт, жаш балдар, чамасы студент болсо керек" деп ойлогонго да жетишти. Ал Аңгыча тиги эки жаш жигит күлүп жиберишти.
-Апанды сагындынбы чоң кыз?
Бул суроо бир алдын Айжананын кыжырына да тийип өттү, мындай адепсиз кайрылууну жактырбай турган. Кайрадан өзүнүн кайда экенин эстеп, жоошуй түшкөнсуду. Бул жер Европа мында турсун, Москва же Турция дагы эмес, бул жай Кыргызстан эмеспи. Кыргызстанда дээрлик баары эле тааныбаган адамга сен деп кайрыла беришет да. Жети сегиз жыл бул чөйрөдөн алыс болгонго мындай кайрылуу өөн учурай түшүптур. Жигиттердин сөзүнөн улам акыркы оюн сыртынан айтып алганын түшүнүп жылмайып алды. Жигиттер андан ары да бир демелерди сүйлөп тийишип жатышкан, бирок Айжана башка алар тарапты караган жок.

Ал айтылган убакытта айтылган жайга келген учурда тергөөчүнүн бөлмөсүндө үч адам олтурган экен. Алардын бири Илимбеков, экинчиси тергөөчү, ал эми үчүнчү чачы ак аралап калган орто жаштагы адам каалгага артын салып олтуруптур, айтылуу чындык изилдөөчү психиатр так ушул адам экенин болгооп билди Айжана.
-Кечиресиздер, мен ушул убакытка суракка чакыртылган элем. Эгер мүмкүн болсо айтып коё аласыздарбы, кайда кайрылаарымды.
-Сиз даректен жанылбадыныз, деди ак чач артына бурулбай туруп. Кире бериңиз, деп столду жылдырып ордунан тура калды эле, бою узун, дене түзүлүшү жаш жигиттерди артта калтыра тургандай кең далылуу, мыкты машыгуудан өткөн аскер адамындай, жүзүнөн нуру төгүлгөн адам болуп чыга келди.
Айжана бир азга апкаарый да түштү. Психиатр дегенде ал бардык эле адамдардай элестеткен аны. Ак чач, чоң көз айнекчен, сүрдүү, анан да эмнегедир мурду чоң болсо керек деп ойлогон эле. Алдында турган сүйкүүмдүу киши ал ойлорунун барын четке каккандай болду.
Ал киши да анын оюн окуп жаткансып,
-Мен сиздин кутконунуздой чыкпай калдым, деп жылмайып кыздын колунан ала сылык катардагы отургучтардын бирине отургузуп койду.
-Кана айтынызчы тергөөчү мырза, биздин мыйзамда кандай каралган. Бул бийкечке жактоочу каралабы?
Ал эми тергөөчүго кайрылды.
-Жок, деди Айжана андан мурун. Мен өзүм эле.
Тергөөчү ийинин куушуруп койду.
-Бул күбөнүн өзүнүн каалоосу.
-Андай болсо сиз адамдарынызды чакырта бериңиз. Билесиз да, ушул тапта бекер адам жок, убакыт - кыймыл, кыймыл бул жашоо, деген психиатр, тергөөчү олтурган үстөлгө жакын барды. Тиги түшүнгөндөй ордунан ыкчам тура докторго орун бошотуп берди да бөлмөдөн чыгып кетип, аз өтпөй бир сержант менен бирге Арманды алып жетип келди.
-Келиңиз депутат мырза. Сизди бул жайда көрүү биз үчүн да ыңгайсыз болуп турат. Бирок кантебиз, бул жашоо, жашоодо ар ким өз ролун аткарууга аргасызбыз. Бул бизден суралбай курулган оюн да, ал оюндун өзүнүн эрежелери бар, биздин аларга баш ийбей коюуга аргабыз да жок. Жок ойнобойм болду чарчадым деп жатып эле көрчү, жайына коёр бекен. Оюндун шарттары желкенден жилкип тургузат, кардын ачат, денең ооруйт, балаң ыйлайт, кошунан чакырат деги койчу аргасыз турууга алып келген себептер көп, эң эле жок дегенде ажатканага баргыбыз келет. Аргасыз туруп алып жүгүрүп жөнөйсүн, токтоп калдын дегиче уттурганын ошол, башкалар сенден озуп кетет. Бирок кызыктын баары эмнеде билесинерби? деп бөлмөгө топтолгон өзүнөн башка беш адамды бир сыйра сыдыра тиктеп өттү.
Эч кимден жооп болбогондо гана, өзү күлүп өз суроосуна жооп бере баштады.
-Эн кызыгы мына ушунда, эч кимибиз билбейбиз маара эмне экенин. Акыры барып баары бир оюндан чыгаарыбызды билсек да алдыда болууга жуткунуп жүгүрө берет экенбиз.
Дагы бир ирет баарын сыдыра карап алып сөзүн улады.
-Кана эмесе оюндун ичиндеги дагы бир оюнубузду баштайлы. Ишенсенер мен да сурдоп турам, бул жерде бир эмес эки адам олтурат мыйзамдын ичегисин антара таштай турган. Бир ката кетирсем ушул азыр оюндан ыргытышат. Ал адамдар антара турган ичегини жасаган адам да ушул жайда, аны кой, мыйзамын менен ишим жок кааласам жүрөгүңдү сууруп алам дей турган чуроктун чурогу да арабызда. Шер болсоң сурдобой көр.

Ал чоң окуу жайдын залында лекция окуп жаткансып бир калыптагы үн менен жай сүйлөп жатканда, калгандары студент сымал кунт коюп аны тыншап гана отурушту. Сөз жебеген Илимбеков да, бөлмөнүн ээси тергөөчү да, тагдырды таарынтып журчуу Арман да ундобойт. Айжана болсо бул жайга кантип жана эмне себептен келгенин да унутуп калгандай мемиреп тынчтыкка сунгуп кирип бара жатты…

Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   rafo80   28 Ноябрь 2019 - 03:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 01 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2025 22:14
  • Жынысы:Эркек

Азаматсың, чыгармачылыгыңа ийгилик. Уландысын күтөбүз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Stervashka   28 Ноябрь 2019 - 03:29

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 26 Апр 2025 02:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Рахмат,ушинтип эле жазып турсан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   ASA79   28 Ноябрь 2019 - 14:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Улантыныз эми эртерээк.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Toktoshova   29 Ноябрь 2019 - 20:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 21 Август 16
  • Соңку аракети: 17 Янв 2022 19:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коптогон жерлер

уландысын чыдамсыздык менен кутобуз автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   alisha00   30 Ноябрь 2019 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Автор?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Ayimka   01 Декабрь 2019 - 11:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Батыраак эле жазса экен, уландысы тушумо да кирдиго ойлой берип.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Dimedra   02 Декабрь 2019 - 13:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Арман айтынызчы, эгер дагы бир мүмкүнчүлүк берилсе жашоонузду кандай кылмаксыз. Азыркы жашап жаткан жашоонузга ыраазысызбы? Деди күтүүсүз эле доктор.
Айжана бул суроону нечен ирет өзүнө берип көрсө керек, а Арманчы?
-Мен... Андай болбойт да, деп мукактанып жатып жооп берди ал.
-Демек кыялкеч эмессиз. Эгер кыялдана билгенинизде кичине болсо да бактыныз жогоруламак. Жок дегенде кыялынызда бактылуу болмоксуз.
-А мен жашоомдо бактылуу элем, кыялданууга убакыт жок болчу.
-Демек кайра мүмкүнчүлүк берилсе, дал ушундай эле жашамаксыз.
А сиз мындай болбойт болчу эгерде, деп ойлоносузбу? Бул ирет ал кызга бурулду, суроо ага арналганын билдирип.
Айжана кичине болсо да өзүн жыйып алганга улгургон, бирок тиги Арманды карап алып сүйлөп жатканга анын суроосуна маани берип укпай калыптыр.
-Түшүнбөдум, деди ал.
-Макул башкача айтайын, сиз эмнеге мынча сулуусуз? деп жылмайып карганча чалкалай берди ак чач, тегеректе экөөнөн башка адам жоктой. Бул анын кызды өзүнө жакындатуу үчүн жасаган аракети болсо керек, же аны уялттыруубу максаты, муну түшүнө албады Айжана.
-Сиз мунун жообун билесиз да, деп түз жооп бербей буйтап кетти.
-Ооба билем, анткени мен жаш кезимде кыздардан түшкөн эң көп суроо ушул болчу. Анда жооп бере албай калчуумун. Азыр шар жооп берүүгө даяр болуп калган кезде эч ким ал суроону бербей калды, бул эмнеси?
-А мен азыр да сурамакмын, бирок жообун билет эмесминби.
Кыздын оозунан чыгып жаткан биринчи сөздөрдөн кийин эле доктор анын акылдуу жан экенин түшүнүп жетти. Анткени ал азыр эле өзү "Ооба билем" деп жооп берип албадыбы, а кыз болсо экинчи сөзү менен "билсен эмне сурайсын" деп сайып өттү. Башкалар балким байкабай калгандыр бирок доктор кантип түшүнбөй калсын муну.
-Сулуулар суйбойт дешет, буга кандай карайсыз. Менден сурап жибере элегинизде жооп берип коёюн, мен кошулбайм бул сөзгө. Сулуулар да сүйөт, жок дегенде өзүн. Өзүн сүйүү да бул искусство да, деди ал өзүнүн ыңгайсыз абалын жашыруун а аракет кылып дароо.
Айжана илептерин бекем жумуп, бир аз создуктура ойлонгон болуп жооп берди.
-Мен да сизге кошулам. Биз сырткы келбет, адаттарыбыз менен гана бири бирибизден айрымаланбасак сезимдерибиз бирдей эле. Сулуулар да сүйөт, анткени сезим келбетке же акылга баш ийбейт.
-Баракелде. Мен ушул күнгө чейин мындай так жоопту уга албагам. Демек сиз да сүйөсүз.
-Ооба.
-Сыр болбосо эмнени? Адам, акча, байлык, өмүр, а балким бир шаарды?
-аталгандардын ар биринен бар менин жүрөгүмдө, деп жылмайып койду кыз.
Психиатр алардын ар бир кыймылын, жүзүндөгу өзгөрүүнү байкаштырып жаткан. Бул анын профессианалдуу өзгөчөлүгү эле. Так суроого өтүп ишке киришкенче адамдардын жалганды кантип айтаарын, чын сүйлөгөндөгу эмоциясын айырмалап алуу максаты. "Демек жүрөгүндө катылган кээ бир сырды ачуудан тартынасын же коркосун" деген тыянак чыгарып алды ал, кыздын уялынкы жылмаюсун көрүп. Мына азыр гана жүрөгүнүнон жооп берди, башкалары акылынан чыккан сөздөр болчу деп эсептеп.
-Сизчи Арман, сулуулар сүйөбү? Сиз да келишимдүү жигитсиз, сүйүүнүз кайда багытталган? Айжананын сүйүүсүнө ишенесизби?
-Сүйөт, мен да суйчуумун. Айжана да балким суйгондур, башка үчүн жооп бере албайм.
Доктор күлүп жиберди.
-Депутат мырза, бош отурунуз, өзүңүздү көзөмөлдөп ар сөздү суйлоордо кысылбасаныз. Бул жерде эч кандай маалымат каражаты жок. Эсинизде болсо мен сизге жардам берүү үчүн бул жердемин тескерисинче эмес.
-Мен болгон нерсени сүйлөп жатам. Айжананы кайдан билдим суйоорун, сөздөрүнө караганда алдын мени суйчу, бирок азыр айта албайм. Анткени чыныгы сүйүү өчпөйт дейт, а анын акыркы кадамдары бул сөздү тастыктабай жатат.
-Эмне болгон кадам?
-Ал менин камалып кетуумду каалап жаткандай. Бар болгон нерсени гана айтып кою керек болчу. Мен өз жубайымды олтурмок эмесмин, андай кылууга физикалык түрдө да жетишпейт элем. Себеби айтылган саатта биз Айжана экөөбүз бирге элек.
-Чын эле бул эң жөнөкөй маселе экен ээ? А эмнеге Айжана сизден ошол эки ооз сөзүн аяп жатат деп ойлойсуз.
-Аны өзүнөн сурасаныз болмок, ал да ушул жайда олтурбайбы. Башка адамдын акылында эмне ой жатканын билгендей мен сиз эмесмин да.
Ак чач эми көздөрүн жулжуйтуп кичине кылып гана ачып, манжаларын үстөлдүн үстүнө ура баштады. Жүзү дароо сүрдүү боло түшөт экен.
-Сиз сурактасыз, депутаттык ролунуздан чыгып алыңыз. Эгер бири бирибизге ишенич арттырбай ар бирибиз ушунтип үстөмдүк кылууга аракет кыла берсек, башка жайда өтчү чогулуштардай ким кыйындыгын гана аныктап маселе чечпей кете беребиз. Макул бул жолу сиз мага кулак салгыныз келбесе мен сизге кулак салайын. Айжана сиз бул айтылгандарга эмне дей аласыз? деп кызга бурулду.
-Мен азыр сөз эмне тууралуу болуп жатканын түшүнбөдум деп койсом да болмок, бирок антпейм. Себеби билесиздер менин баарынан кабарым бар экенин. Жактоочу мырза мага бул тууралуу айткан күндөн тарта менде тынчтык жок. Бир гана Илимбеков анын жанында болгону мени тынчтандырып турат. Билесизби, Арман чын айтат, бир гана учурдан башкасынын баары чын. Мен аны дагы да сүйөт экенмин, муну бул жакка келе жатып түшүндүм. Ал үчүн баарына даярмын. Айтынызчы азыр мен эмне деп айтуум керек? деп Илимбековко карап калды Айжана.
Жактоочу баарына дилгир, кыздан терс жооп укканга, жада калса анын психиатрды да ишендирип коюсуна даяр болуп отурган, бирок мындай бурулушту дегеле күтпөгөндөй, тынч кулак төшөп отурган жайынан козголуп, көздөрү тегеренип ыңгайсыз абалга кептелгенин сездирип алды.
-Чындыкты, бир гана чындыкты. Айжана жүрөгүңдү ук, деп гана тим болду.
Ал экөөнүн абалын астыртан көзөмөлдөп отурган доктор, алардын ортосунда кандайдыр тирешүү бар экенин туя алды. "Эмне себептен мындай болуусу мүмкүн, экөө эки чөйрөнүн адамдары. Кайдан буларда атаандаштык бар. А балким…" деп келе жатып токтоп калды.
-Айжана сиз Арман айтып жатканын тастыктай аласызбы?
Бул ирет доктор суз гана көрүндү кызга, "каалагандай жооп бер, мага баары бир" дегендей. Адамдардан мындай муздакты көргөндө ал дайым ушуп кетет, андан көрө жалы чыгып ачууланса да мейли, болгону тонгон көздөрү менен карабаса дейт. Бирок ал үчүн азыр кудум ушул муздактык жетишпей тургандай ичтеги туюмдар толуп ташып көз жаштар өзүнө ээ жаа бербей келе жатты. Ошондон уламбы тамагы буулуп сөз сүйлөй албай башын бирде өйдө төмөн, бирде оң солго калчап, башкага эмес өзүнө да түшүнүксүз жооп узатып отуруп ыйлап жиберди. Көзүнүн жашын сүртсө, үнүн жутса да болбой ыйы сыртка чыгып энесине арызданган баладай солуктап ыйлай берди. Эч ким ага каршылык коргозгон жок, шал болгон немедей үнсүз гана тиктеп отурушат. Канчалык эркек күчтүү болсо, аялдын көз жашы ошончолук катуу тиет экен. Антпесе бул жайда азыр өздөрүн дөө шаа сезгендер олтурушпайбы, бири да даап ага бир ооз сөз айта албай тайсалдап жатышканы эмнеси.
Айжананын болсо көз жашы төгүлгөну менен акылы тунук эле, канча ыйлаганын билбейт бир убакта тамактар ачылып женилдей түшкөнсуду. Учурдан пайдаланып, жооп берүүгө аракет кылап, жүзүн суртойун десе эки колун карыштыра кармап отурганга аларды бошото албай убараланып жатты. Болгудай эмес, бул жайдан эртерээк чыгып кетпесе азыр бүт денеси тырышып өзүнө баш ийбей калуусу мүмкүн.
-Кечир, деди акыры өзүн жыйып Арманга бурулуп. Мен сага жардам бергим келген, бирок өзүмдү мажбурлай албай койдум. Сен каалаган жоопту айта албай койдум, себеби… Себеби кашайып ошол күнү бөлмөгө кирип эле сатты карагам, анда сегиз жарымды коргозуп турган эле. Жалгандан башка нерсе сура менден, деди да уруксатысыз эле ордунан туруп сыртты көздөй бет алды. Тергөөчү аны токтотууга аракет кылды эле доктор башын чайкап койду, жайына кой дегендей.
Ал чыгып кеткенден кийин да бөлмөдө жымжырттык өкүм сүрүп турду. Ар ким өз ойлору менен алек, бири анын аткаруу жөндөмдүүлүгүно тан берсе, экинчиси өзүнүн кемчилигин унутуп анын жалганына ачууланат. Бир гана доктор болсо кыздын ичинен кыйналып турганын, бул көз жаштар алдамчы эмес экенин билип отурду, болгону ал кыздын сөзү менен көз жашы бирдей сүйлөдү деп түшүнүп алган эле. Тергөөчүго карап,
-мен жумушумду аяктадым, деди.
Ал түшүнгөндөй сержантка баш ийкеп, Армангы уруксат берди,
-Сиз бара бериңиз.
-силер анын сөзүнө ишендинерби?
-тыянакты жактоочунуздан уга аласыз.
-Мен дагы бир ирет айтам, ал жалган айтып жатат. Биз жок эле дегенде түнкү саат он бирлерге чейин бирге болгонбуз.
-Ал жалган айтканга себеп барбы?
Доктор сөзгө аралаша кетти.
-Ооба. Анткени мен анын каалоосунан тыш күч колдонуп койгом. Ал мага очошуп жатат.
Илимбеков нечен ирет айтты бул кеңешти, "алдындан эле тергөөчүго маалымда бул тууралуу" деп, ал конбой келген. Кантсе да Айжанадан үмүтү бар беле, мунсуз эле сактап калат деген.
Доктор тергөөчүго карап калды, " сенин мындан маалыматын бар беле" дегенсип. Тергөөчү ийинин куушуруп, азыр гана угуп турганын билдирди.
-Кантип тиги кызга эмес, сизге ишенебиз? Далилиниз барбы? доктор кайдыгер гана суроо узаттты, ордунан туруп жатып.
-Билбейм, айдоочумду эрте кетирип жибергенге өзүм кеткем үйгө, жолдон такси токтотуп. Унаанын номурун да крабапмын, мындай болуп кетээрин кайдан билдим, деп аргасыз эки колун кушууруп отуруп калды Арман.
Психиатр кол саатына карап, тергөөчүго бурулду эле, ал сурак бүткөнүн түшүндү. Сержант Арманды алып чыгып кеткенде гана доктор аркы терки баса баштады.
-Эки тараптын тең сөздөрү чынга жакын. Сөздүн башынан Армандан көп жалган кармасам да акыркы сөздөрү ишеним чакыргандай туюлуп жатат. Айжана болсо башынан ачык сүйлөдү, ошондуктан анын акыркы сөздөрү да жалган деп айта албайм. Дагы бир ирет аны менен баарлашып көрүүм керек. Бирок жеке! деп кошумчалап койду да жооп кутпостон эле чыгып кетти.

Айжана сыртка чыгып көз жашын сүртүп баттан басып бараткан, артынан бирөө келип далысынан кармап атын атап токтотуп калды. Ким болсо да ачуусун чыгарууга даяр болуп кескин бурула берип, көздөрүнө ишенбей жалдырай карап туруп калды.

Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   fak   03 Декабрь 2019 - 03:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 02 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:56
  • Телефон:89263336026
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Автор сиздин чыгарманызбы? Аябай бийик денгээлде жазылып жатат.Ийгилик! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   fak   03 Декабрь 2019 - 03:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 02 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:56
  • Телефон:89263336026
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Автор сиздин чыгарманызбы? Аябай бийик денгээлде жазылып жатат.Ийгилик! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   alisha00   03 Декабрь 2019 - 09:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Дагыы ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Koenek93   04 Декабрь 2019 - 01:07

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 06 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2024 04:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад шаары

Уландысын качан жазасыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 41 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 41, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: