Кундо кутуп,жумуш да кылбай калдым.Келинчектен тил угуп.Телефондон колун бошобойт дейт.
Чындык издебе. Детектив, триллер, мелодрама.
#83 07 Декабрь 2019 - 04:18
Ооба дал өзү, алдын көргөндө неге байкабаган экен. Бул жигит Армандын көчүрмөсү тура, азыркы эмес жаш кезиндегидей.
Көздөрү сүйүүгө, мээримге толгон, жүзүндө менменсинуу текеберчилик жок жөнөкөй бойдон жүргөн кезине окшойт. Айжана анын атын таппай убараланып турган кезде, жигит анын колдорун кармай берди.
-Айжана эмне болду? Колундун баары кан го.
Кыз колдоруна эми гана карап, чындап эле канап жатканын көрдү. Эки колу тең кан, кайсы бири жаракат алганы да белгисиз.
-Жүрү дарыканага барып тазалаталы, деп анын кан колдорунан уучтай кармап жетелеп жөнөдү.
Алар анча алыс эмес жайда жайгашкан дарыканага кирип сатуучунун кеңеши менен керектүү дары дармектерди алып колун жууп танып коюшту.
Айжана психиатрдын каршылыгына туруштук берип колун карыштыра кармап отурган кезде бир колунун тырнактары экинчи колунун манжаларына батып кеткен экен. Көңүлдөгү оору денедеги ооруну басып коёт дегени ушул болсо керек, жаракаты кичине эмес кыйла эле барга окшойт, ошону да сезбептир.
Жигит болсо анын колдорун танып болуп жүзүнө уйруло берип көз жаштарын сүртүп тазалап жатты.
Ах! Анын колдору мынча жагымдуу эле, жытычы? А баса бул жыт илгери Армандан чыгып турчу эмес беле, өткөнкү жолугушууда андан бул жытты искей албай койду. Демек анда өзүнө таандык эч нерсе калбаганга окшойт, жада калса жыты да өзгөргөн, кудум Армандын денесине башка бирөө жайгашып алгандай. А Арман өзү мына ушул жаш денеге өтүп кеткен сыңары. Антпесе ушунча да окшоштук болобу.
-Сен бул жайда эмне кылып жүрөсүң?
Кыз жигитке карап кескин суроо узатты, акылына келген ойдон чоочулап.
-Айжана эми менден качпачы ээ, сени көп издедим.
Жигит кыздын сөзүн укпай калгансып өзүнүн оюндагысын айтып жатты.
-Сен бул жайга эмне себептен келдин? Айжана да өз айтканынан кайткан жок. - Кайсы чындыкты издеп келдин?
-Айжана мен жөн жай эле, байкеме жолугуу үчүн келгем. Мен чындык издебей калгам, мен эмнеге ишенгим келсе ошол чындык мен үчүн. Билесинби сени баары бир табаарыма ишенгем, азыр сени көрүп турам, ушул мага чындык. Мындан артык чындыктын кереги эмне.
-Байкен ким?
Жигит токтоп калды. Кыз азыр анын сөздөрүн укпай турганын түшүндү.
-Айжана аны кой. Сен керек болсо менин ысымымды да билбейсин, туурабы? Мен айткам, бирок сенин эстеп калганында кумонум бар. Сен мага атыңды да айткан эмессин. Мен өзүм сага ыйгарып алган ысым менен атап жүрөм.
-Сен кимсин? Арманбы сенин байкен?
-Келе дагы бир жолу таанышып коелу, деп анын танылуу турган колдорун эки колу менен аяр кармап ооп койду. - Мен Азат а сенчи? Менин байкемди кайдан тааныйсын?
Айжана селт эте колдорун тартып алып кетенчиктей эки кадам артка таштап ага карап турду да бурулуп арышын чоң таштап артын көздөй кетип баратты.
Бир азга нес боло түшкөн Азат эсине келгендей кыздын артынан жете келип алдын торой туруп калды.
-Кач! Айжананын көздөрү жаалдуу карап үнү дирилдеп турган.
Азат аны өзүнө тарта кучагына кысып, тыбырчылаганына карабай көпкө коё бербей тура берди. Айжана да барып чарчадыбы айтоор жигит менен алышпай түйүлгон муштумдарын анын мурусуно коюп ыйлай баштады. Алар ошол абалда канча турушаар эле ким билсин, жанынан өтүп бараткан орус аял,
-Уруш артында ар дайым таттуу жарашуу күтөт, ундобой жашагандан көрө урушуп жашаган жакшыраак, бул деген араңарда али да байланыш бар. Мындай учурларды көп жашагыла, деп айтып өтпөгөндо.
Азат ага карап жылмайып рахмат сөзүн айтып, кызды колунан жетелеп жолдун четин көздөй жөнөдү. Айжана ага каршылык коргозуудон пайда жок экенин түшүнгөндөй, баттан басып катарлаш баратты.
Качан гана адамдардан оолак болгондо токтоп, кыздын колдорунан алды Азат.
-Макул атыңды айтпасан айтпа, мен үчүн Айжана боюнча кала бересиң. Ушул ысым гана сага жарашат. Мен сени эч кайда коё бербей азыр өзүм менен бирге алып кетмекмин, бирок азыр байкемдин жанында болушум керек, анын башына оор күндөр келип турат. Сен аны кайдан тааныйсын билбейм, кантсе да кабарын бар чыгаар эмнелер жашап жатканынан. Эми мени ук. Айжана суранам дарегинди калтыр, менден качпа. Эмне болгон ченде да кабарлашам, сага айтчуу көп сөздөрүм бар. Биз экөөбүз жолугушуп ажырашкан күндөн бери алтымыш күн өттү. Бул убакыт сен үчүн эки ай гана болушу мүмкүн, а мен үчүн бүт өмүрүмо татыды. Сенден эч нерсе суранбайм, болгону менден качпа. Мен да өмүрдөн пайдаланууга, андан мүмкүнчүлүк алууга акым бар. Сен мени ал мүмкүнчүлүктөн куру калтырба. Бир адамдын өмүр бою арманда жашашы кандай экенин билбессин балким. Бирок бил! Ал адамдын өмүрү сенден көз каранды болуп ага жардам кылып сактап кала албаганынды билип жашоо андан да оор.
Азат бул сөздөрдү шашылып өтө бат сүйлөп өттү, кыз аны аягына чейин укпай кетип кала тургандай.
-Азат, мен… Жок, сен мени кайдан тааныйсын? Эмнеге менин алдымдан чыга бересиң? Менден эмне каалайсын? Байкене жардам беруумдубу? Ал сурандыбы сенден? Токто, сен буга чейин да өз ысымымдан атагансын. Силер менден эмне каалайсынар? деди Айжана, шайы кетип катуу чарчаган адамдай алсыз оозун кыбыратып.
Алар экөө бир эле сөздү эки түрлүү түшүнүп турушкан. Азат өз башынан өткөн күндөрдү эстесе Айжана анын сөздөрүн өзүнүн азыркы жашап жаткан күндөрүно жооруп, Азат байкеси үчүн сүйлөп жатат деп түшүндү.
-Сенин дарегинди.
Азат да чарчанкы үн катты, оюн кызга жеткиликтүү айта албаганына өкүнгөндөй.
-Байкен билет, болбосо анын жактоочусу. Мен качпайм, эми эч кимден качпайм.
Айжана акыркы сөздөрүн шыбырап айтып, аргасы түгөнгөн адамдай буттарын араң сүйрөп ал жайдан узап баратты. Оюна эмнелер гана келбеди дейсиң, дагы бир жолу өзүнүн оюна ынанып кайтарымсыз жакшылык болбойт деген сөздүн түпкүрүнө жеткендей шалдаят. Чын эле жамандыктын да жакшылыктын да жообу болот тура, эч ким эч нерсе кокустан алдыбыздан чыкпаса керек. Кокустук бул алдыдагы окуяга даярдык дегени эле.
"Азат, Азат" деп кайталап алды ал унаага отуруп ордунан козголуп жатып. "Ошол кунку жасаган жакшылыгындын жообун сураар күн келдиби. Кана Айжана буга эмне дейсиң, жамандыктарга жооп берүүгө ушунча жыл даярдандын, жакшылыктарга жооп берүүгө даяр белең? Арман бул жигиттин агасы, эгер Азат агасы үчүн суранса суранычын аткара аласыңбы?" Жалгыз калганда өзү менен өзү сүйлөшүп, бирде күлүп бирде ызырынып өзүнчө туйшолуп бара жатты.
Азат каккан казыктай Айжана таштап кеткен ордунан жылбай бир кыйлага чейин тура берди. Ал кетип бара жатканда улутунуп барып токтоп калган, тагыраагы кыздын абалы аны токтотуп калган болчу. Анын жүзү муздак, тируулуктон тунулуп калгандай эле. Биринчи жолу көргөндө да аны ачуулу көргөн, бирок анда жүзү жандуу, максаттуу туюлган, боштуктан көрө ачуулануу болсо да сезими бар адам жакшы тура. "Арман! Дагы эмне кылып койдун? Экөөңөрдүн бири биринерге кандай тиешенер бар. Суранам байке бул ирет эмес, мен экөөндүн биринди дей албайм. Сен акылым ал жүрөгүм." деп ойлонуп турган, жанына келип калган жанагы орус аялды байкабай калыптыр.
-Бул жерде тура бербей аракетинди кыл. Аялдар башкача болот, калтырган жайына кайтып келбейт силерчилеп. Артын акмалап күткөн менен алдыга гана жүрөт. Бол батыраак кыймылда, ал алдыдан башкага учурап кала электе, деди ал Азаттын бет маңдайына туруп алып.
Азат аргасыз жылмайып алды.
-Макул апа, кенешинизге кулак салайын, деп солдаттарча колун чекесине такап урмат көрсөтүп басып кетти.
Азат Москвага жаңы жетип жайгаша баштаганда үйүнөн күтүлбөгөн кабар келген. Апасынын жанында калган келинчеги кош бойлуу экен. Бул кабарга кубанаарын же кайгыраарын билбей турган кезде эле кайрадан апасы байкесинин башына оор күн түшүп, жубайын жоготуп алганын, аз келгенсип анын өлүмүнө шектелип өзү камакка алынганын айтып өпкө опкосуно батпай катуу ыйлады.
Кандай болбосун эне үчүн эң алсыз да эң күчтүү тарабы баласы болот тура. Бир тарабы алсыздандырып турганда күчтү кайдан алмак эле, кайра эле өз баласынан болбогондо.
Азат мындай кабардан кийин ал жерде кала алмак эмес, кайра эле жыйынып жолго аттанган. Кашайып дал ошол учурда учакка чыптамалар аябай кымбаттап кетиптир. Асман чапчыган баадан улам эң эртеси эки күн арыга араң чыптама ала алды. Өзү алыскы жайда болсо энесинин жанагынтип ыйлаганын угуп бир ордунда тура албай тыбырчылап эки күндүн отмойу тозок болуп турган. Дагы жакшы апасынын жанында дагы бир уулу бар, өзүн болсо досу Заман алаксытып жүрөт колунан келишинче.
Эртең кетээр күнү алар досу экөө көчөгө чыгышкан. Төрт дубалдын ичинде камалбай таза абада басуу үчүн.
-Досум, деди бир убакта Азат Заманга кайрылып. Сен ата болоорунду укканда кандай сезимде болгонсун?
-Менби? Асманда болгом. Өзүмө өзүм батпай, келинчегимди андый берчүүмүн, бир демени туура эмес кылып балама зыян берип койбосун деп. Ошентип тогуз ай өтмөмогу тозок болбодубу мага, деп берилип айтып жатып токтоп калды. А эмнеге?
-Жөн жай. Жанара да кош бойлуу экен, бирок менде боштуктан башка сезим жок. Ишенесинби, мен ошол түндөн бери Жанараны кучагыма кысып бир төшөктө жата албай койдум. Көнүп кетем деген аракетим текке кетти, мындан ары да жакшы болуп кетет деп айта албайм. Ага жакындасам эле өзүмдү сатып жиберген сойкудай сезе берем. Бир адамдын ишеничин актай албай канчалар кыйналганымды билесиң, азыр да кыйналып жүрөм. Болгону кичине үмүт кирип алган экен көңүлгө аны өчүрө албай койдум, Айжана деген. Эми баланы кандай кабыл алат болдум экен.
Заман ундобой калды.
-Билем досум, эмне айткын келип турганын, деди Азат катуу ушкуруп. - Мен жаман адаммын, билем. Кетирген катамды мойнума албай жатам, бул эркекчилик эмес. Жанара кыз болуп да менден өйдө турду, мага намысымдан ажыраттын деп доомат коюп кыйнаган жок, өзүм баарын баштап алып эми мынтип качып жүрөм. Бирок башкача боло албай жатам, эмне кыл дейсиң?
-Токтой турчу? Заман бурулуп досунун бет маңдайына каршы тура калды. Андай ишке кимдер барбаган, масчылык болду. Бирок кайдагы намысты айтып жатасың досум? Ал эмне кыз бала беле?
-Ооба досум, сен бул тууралуу билген эмес белең?
Заман жерди карап дагы ундобой калды ойлонуп, кантип айтсам дегендей.
-Досум мен ишенбейм, деди бир убакта башы жерди караган калыбында.
-Эмнеге ишенбейсин?
-Ошол түнү сенин жаман ишке барганына ишенбейм. Ушул күнгө чейин күмөн кылып келгем, а балким чындап эле тийишип койдубу деп. Азыркы айткан сөзүнөн кийин даана эле билем деп айта алам. Муну Жанара өзү уюштурган. Анда кыздык намыс болушу мүмкүн эмес эле.
-Сен эмне деп жатасың? деп Азат досун жакадан алганын өзү билбей калды.
-Эсиндеби ал сырттан шампан алып келгени, маселенин баары мына ошол шампанда. Сен кеткенден кийин түрдүү ушак кеп уктум. Аларга ишенмек эмесмин, эгер өзүм ал шампандын калдыгын татып корбогонумдо. Кызыгы өтө сергек уктаган мен аны таткан түнү өзүмдү билбей, жада калса сааттын конгуроосун да укпай уктаптырмын. Өзүн айтып жатпайсынбы ошол түнү эмне болгону эсимде жок деп, билсен мен да ал түндү эстей албайм. Бул сага таң калычтуу көрүнбөй жатабы. Эгер кааласан мен сени бир адам менен жолуктурайын, анын өзүнүн оозунан ук, ал сөздөрдү мен сага айтууга оозум барбайт.
Заман акыры жарылып ичинде болгон уйгу туйгу сөздөрүн ушинтип сүйлөп алды.
Азат анын жакасын коё берип, башын мыкчып туруп калды.
-Эмнеге муну азыр айтып жатасың мага?
-Сенин жашоондун бузулушун каалабадым. Сенин мынчалык кыйналып жашап жатканыңды билбедим, ансыз да силерди тааныштырган өзүмдү күнөөлү сезип жүргөм. Жүрү мен сени ал адам менен жолуктурам.
-Жок! Кесе сүйлөдү Азат.
-Ал сени алдап жүрөт, Жанара сен экөөбүз ойлогондой адам эмес. Муну батирдеги киши тастыктап берет, ал Жанараны издеп жүрөт.
-Билем досум. Азат ушкуруп жиберди. - Мен баарын билем. Жанара менин баламды которбогонун да билем.
Заман таң калган жок.
-Демек ал тапкан экен силерди.
-Жок досум, мени эч ким тапкан жок. Мен мунун баарын башта эле билет болчумун.
-Анда неге?...
Бул ирет Замандын жүзүн толук тушунбостук ээлеп калды.
-Досум, эгерде бир кыз мен жасай албаган эрдикти жасап, өз намысын аттап өтүп сүйүүсү үчүн күрөшүп жатса, кантип баш ийе албай коем. Ал жасаган кадамдардын баары жалган болсо да бир эле жүрөгүндөгү чындык анын баарын жаап кетет болчу. Жанара мени жүрөгүнөн сүйүп турганы көр адамга да маалым эле. Ошон үчүн мен баарын ал каалагандай жасап, көрүп туруп көр, угуп туруп дулойго айландым. Эгер андай кылбасам арты жамандык менен бүтүп калуусу мүмкүн эле, мен андайды бир жолу башымдан өткөргөм өзүн билесиң, экинчи жолу кайталануусун каалабадым. Жанара өтө акылдуу кыз, болгону ал да мен сыңары жашоонун кайсы бир сынагынан өтө албай сынып калган. Ал жасап жаткандары менен жөн гана ошол жашоодон өч алып жатам деп ойлоочуу. Бир гана сүйүү сактап калмак аны, ал сүйүүсү да мага арналып жатпайбы. А мен ага жооп берип, Жанараны сактап калгым келген. Бирок… Бирок мен биринчи өзүмдү сактоону унутуп койгон экенмин.
Бул сөздөрдү угуп турган кулактарына ишенбей Заман башын чулгап алды.
-Кантип?
-ээ досум, менин кесибим ким эле. Кантип эле өзүм жасаган кадамымды билбей калмакмын. Бир ирет адамдын жалган менен чынын айырмалай албай калып кандай күнгө калганымды Жараткан өзү билет. Ошондон бери мен чындык издебей жашап калгам. Болгону мен ишенгим келген нерсе гана мага чындык болуп эсептелет.
-Ооба досум, сени кесип туура тапкан эле өзү, деп далыдан таптап кучакташа сырдашышкан.
Замандын
-Эми кандай кыласың? Деген суроосуна,
-өзүмдү издейм. Антпесем өзүмдү жоготуп турганда өзгөнү кантип сактамак элем, деп жооп берип коштошушкан досу менен, сапар алдында...
Уландысы бар.

#90 12 Декабрь 2019 - 15:35
Башында куттурбой шатыратып жазып аткан Димедра айымдын убактысы болбой калган окшойт. Кутуу, кутуу жана кутуу!
#91 12 Декабрь 2019 - 20:11
Башында баары куттурбой жазышат, окурмандар кобойгондо качышат.
#93 16 Декабрь 2019 - 19:47
Аэропорттон түшүп эмнегедир аяктары энеси күтүп олтурган байкесинин үйүнө эмес, мында жетелеген Азатты. Өз каалоосуна каршы чыкпай, тергөөчүго учурап иштин чоо жайын биле кетээрмин деп келе жаткан учуру эле. Ал азыр тергөөчүго карай багыт алып ушуларды ойлоп баратты, негизи ага жолугууга ашыкпай эле тургандай, бул тарапка ашыгып келгенинин себеби башкада экен көрсө. Жүрөк сезгич деп бекеринен айтылбаса керек, азыр да жүрөгү кыздан биротоло ажырай электигин айтып дукулдоп согуп турат.
-Уруксатпы? деп тергөөчүнүн бөлмөсүнө баш бакканда, ал бир чекитти тиктеп ойлуу олтурган экен.
-Кире бер, деди кайдыгер гана. Башын көтөрүп каалга тарапты карай берип көздөрү жайнай түштү.
-Азатик, сенби?
Тергөөчү шаша ордунан тура калды. -Кудай деген куру калбайт деген ушул да, карачы күнүм курук өтпөй жок дегенде бир жагымдуу кабар таптым.
-Андай деп мени уялтпаныз. Сиз үчүн жагымдуу кабар болгонумдан кубанычтамын, деп жете келип экөө кучакташа далыдан таптап жылуу көрүшүштү.
-А эмне болду анчалык, сизди анча мынча маселе кыжаалатка коё алчуу эмес эле.
-Аны кой өзүңдөн сүйлө. Биздики жанагы эле жумуш да, бирин бүтүрсөн экинчиси чыга берген. Сен эмне, кайсы шамал айдап биз тарапка?
-Жашоону жеңип табышмагын тапкан жан болбосо керек. Бул жайга кайра кайтып келбейм дегем. Каранызчы бир баспайм деген жериңди миң бастырат тура бул турмуш. Менин байкем ушул жерде, иши сизде дешкенинен кирип калгам, биле кетейин деп.
-Байкен ким эле? Токтой турчу, тиги депутат… Чын эле ал менен окшойт экенсиңер.
Азат күлүп,
-Ооба ошол менин байкем, Арман, деди.
-а сенин депутат байкен бар экенин билген эмесмин. Кандайча туугансынар?
-Бир тууганбыз, болгону ал чоң атамдын, мен өз атамдын атына жазылып, аты жонубуз башка болуп калган.
-Аа, деп койду тергөөчү, андан аркысын кантип айтаарын билбей.
-Ырас кол тийбесиик укугуна карабай бул жакка алынып келинген болсо абалдын канчалык оор экенин айтпасаныз да түшүнүп турам. Сиздин жеке оюунузду билейин дегем, фактыларга таянбай туруп жөн эле пикиринизди айтынызчы, деди Азат тергөөчүнүн ыңгайсыз абалга кептелгенин байкап.
-Айтуу кыйын. Азыр сенин алдында эле эксперт чыккан бөлмөдөн, бир аз кечигип калдын. Эсиндеби жанагы иш, эки күбөнүн сөздөрү эки башка айтылып башыбызды адаштырганда кайрылган психиатр. Мына ошол адам суракка катышты.
-Анын кандай тиешеси бар. Же эмне байкемдин маселесинде башка тараптар барбы?
-Маселенин баары ушунда болуп жатпайбы. Өзүн билесиң, кылмышка шектүү болуп келсе өзүбүз эле бүтүрүп алабыз, чын тогунун билип дегендей. А бул жерде күбөдө болуп жатат сөз. Экспертти көбүнчө жактоочу суранган. Анын ою боюнча байкендин күнөөсүн четке какчуу жагдайды тастыктап берчүү адам жалган сүйлөп жатат. Муну аныктоочу эксперт чакырткыла дегенинен алып келгенбиз. Кызыгы ал жактоочу күткөн жыйынтык бере албады. Ойлонуп отурганым Илимбеков кай тарапта экенин түшүнө албай жатам.
-Демек айтылуу Илимбеков байкемдин коргоочусу. А эмнеге андан күмөндөнүп жатасыз?
-Кандай десем, бул узак маселе. Байкен жубайын олтурбогонун, ал учурда башка жайда болгонун сайрап жатат. Ал айтып жаткан кыз, байкендин сөзүн тастыктаган жок.
-Ал кыздын ысымы ким? Азат тергөөчүнүн сөзүн бөлүп жиберди.
Анын доошу дирилдеп адаттан тыш катуу чыкканын угуп тергөөчү таң калып койду. Эгер кызга жалган айтып жатат деп ачууланган болсо башкача сүйлөмөк, азыр ал коркуп жаткандай. Эмнеден? деп өзүнчө ойлонуп алып Азаттын суроосуна жооп бербей андан аркы сөзүн улай берди.
-Кызыгы ал кыз өзү адам уурдоо боюнча айыпталып кече жакында соттон акталып чыккан. Ал иште кыздын күнөөсү бардыгын мен жүз пайыз кепилдик менен айта алам, ал өзү менин маңдайымда отуруп мойнуна алган болчу. Болгону Илимбеков анын коргоочусу болуп калды, катуу даярдап соттон утуп кетти. Эми түшүнүп жатасыңбы? Азыр Илимбеков ал кыздын каршысында. Ойлонгонум, эмне эгер алар азыр да тил бириктирип жаткан болушса. Балким ал сенин байкенди коргобой эле Айжананын тапшырмасын аткарып жаткан болсочу.
Азат Айжананын ысымын укканда кулактары тунуп кетти.
-Эмнеге деп ойлойсуз? Эмнеге ал кыз байкеме каршы чыгып жатат, балким ал чын сүйлөп жаткандыр, деди шашыла. Жүрөгүнүн түпкүрүндө, '' чындап эле Агамдыкы жалган болуп Айжана чын сүйлөгөн болсо экен, алар бирге болбогон болсунчу" , деп тилеп жиберген.
-Балким. Бирок психиатрдын айтымында байкен акыркы сөздөрүн чын сүйлөгөн.
-эмне сөз?
-Ал кызга карай күч колдонгонун айтып, Айжана өч алып жатат, дейт.
Азаттын деми кысылып аба жетпей кетти. Максаты эптеп ал жайдан чыгуу болуп, тергөөчү менен араң коштошуп чыгып кетти.
Ушундай да таар дүйнө болобу? Кантип? Бул экинчи ирет. "Арман сен менин шорум белең. Балким мен сенин жазандырмын. Оо Жараткан! " деген сөздөрдү сыртка чыгарбай, ичинде жаңырта кыйкырып жатты. Эми эмне кылат? Кимисине ишенет?
Кудай каалабаса жан чыкпайт тура, антпесе ушул тапта Азат жок болуп кеткиси келип турду. Эч бир ой акылына келбейт, аны кой жада калса өзү ким, эмне кылып жүргөнүн да унуткандай. Кайда басаарын билбей төрт тарабын карап айлана берди. Аны көрүп тургандар эмес өзү да азыркы абалынан коркуп кетти, себеби көп уккан, адам катуу стресске кабылганда эс акылын жоготуп коеру толук ыктымал.
-Жок! Жок! Деп кыйкырып алып бет маңдай турган, азыр эле өзү качып чыккан имаратка кайра кирип кетти. Кудай жалгап тергөөчү али да ордунда экен.
-Мага Илимбековдун номурун бериңизчи, деди демиккен абалында.
Сураганын алып кайрадан сыртка жүгүрдү, тезинен кыймылга келип мээсин иштөөгө чакырбаса мындай абалда акылдан биротоло ажырап калуу эч кеп эмес.
-Ало. Саламатсыз, мен Армандын иниси Азат. Эгер мүмкүн болсо азыр сизге жолугуум керек.
Ары жактан терс жооп уктубу айтоор жалбарып жиберди.
-Суранам, он эле мүнөт убактынызды алам, андан бир да мүнөт ашыкча кармалбайм жанынызда.
Ыраазычылык алган соң буту жерге тийбей чуркап жолго чыкты. Алдынан чыга калган биринчи эле унааны токтотуп андан Илимбеков айткан дарекке жеткирип коюсун өтүнүп жалдырап жиберди. Айдоочу да жакшы адам көрүнөт, саатына бир карап алып макул болуп алып жөнөдү. Ал да мындай абалга түшкөн болсо керек алдын, түшүнгөнүно караганда, себеби ал өзү шашып жатканы белгилүү эле, кол телефону шынгырап тынбай конгуроо келип жаткан. Эч нерсеге карабай жолдогу унаалардан ашып өтүп он мүнөт дегенде айткан дарегине жеткирди Азатты. Ал рахмат айтып чуркап түшүп кеткенде көз ирмемче артынан узата карап, "ооматынды берсин балам" деп шыбырап алып жүрүп кете берди айдоочу.
Жер тар дегенчелик эле бар, кээде туруп тагдырга тан берүүдөн башка арга көрбөйсүң. Азыр Азатты жеткирген адам кызын жоготуп сыздап турганда, кайгысын тең бөлүшүп, андан өтүп кайгырган жалгыз инсан мына ушул Азат болгон. Азат өзүн тааныбай турганынан эле байкады оор маселеге кабылганын, ал болсо жигит көчөгө чуркап чыкканда эле тааныган. Ошон үчүн жубайын шашылыш аэропортко жеткирүү керек экенине карабай Азатты алып жөнөгөн эле.
Азат Илимбековду имараттын алдынан тапты, бир жайга жөнөп жаткандай.
-Саламатсызбы, Мен Армандын иниси, Азат, деди колун суна шашылыш.
Анын саламына алик алган жактоочу, саатына карап чекесин тырыштырып койду.
-Сен айткан он мүнөт бүтүптүр.
-Кайдан, мен азыр келбедимби жанынызга.
-Айрымасы эмне, сен он мүнөттон ашык кармабайм дебединби.
-Адашасыз, мен он мүнөттон ашык кармалбайм жанынызда дедим, а жанынызга эми гана келбедимби.
Кээде сөздү туура таап сүйлө да көп нерсени чечет, албетте түшүнгөн адамга. А Илимбеков мындайды жакшы түшүнөт, өзүнүн куралы тил болуп жаткан соң
-Азамат! деп мактап койду ал жигитти. - Кана анда башта он мүнөт убакыт.
-Рахмат. Армандын актыгына ишенесизби?
-Албетте. Өзүм ишенбей туруп башканы кантип ишендире алмак элем.
-Ал айтып жаткан окуянын канчалык чындыгы бар?
-кайсы?
-Айжана менен бирге болгону.
-жүз пайыз кепилдик берип айта алам, бул чын. Алар ошол күнү бирге кеткенин өз көзүм менен көргөнмүн. Болгону алар кечке чейин бирге болгонуна далил жок болуп жатат.
-Айжананын дарегин.
Илимбеков токтоп калды.
-он мүнөтум аяктап баратат, айта салсаныз.
-эмне кыласың? Эгер сөзгө тартам десең адашасын. Ал сени бат эле жолго салат. Агаңда катуу ачуусу бар.
-Ал кайда жашап жатат?
-Тушуносунбу, анын ачуусуна тийбей коё тур, психиатр дагы бир жолу баарлашам деген, ар ким өз ишин кылсын.
-Батирдеби, тууганынын үйүндөбу, кай жерде?
Илимбеков дагы бир деме дейин деп оозун таптап барып, бул жаш жигит баары бир оюнан кайтпасын түшүнгөндөй,
-"Hyatt" мейманканысында, деди да саатына карап, - он мүнөтүн бүттү, деп басып кетти.
Азат жүзүн шыпырып тизе бугуп отуруп калды турган жайында. Мындан ары кандай кылуу керек экенин ойлонуп алуусу керек. Байкесине азыр жолугууну туура көрбөдү, ага кандай көз карашта кароону да билбейт. Айжаначы? Ага жолугууга даярбы? Кандай себеп менен? Азыр барса дагы агасы үчүн келди деп түшүнүп алат. Жок- жок, кыздын андай ойлоосун каалабайт. Азыр ал чындыкты суруштуройун деген ойдон такыр алыс. "Арман" кайра эле ою ага барып такалат, кантсин бир тууганы, бир боору. Анан да ал бул учурда атайылап Азатты ирээнжиткиси келбеген чыгаар, ал кайдан билмек иниси Айжананын элеси менен жашап калганын. Ичинде ал агасын актап жатты, бирок баары бир анын көздөрүн кароого даяр эмес. Бул жайда куру кол отура берүүдөн, учугу жок ойлордон майнап чыкпасын түшүнүп ордунан тура илен салан басып жөнөдү. Алган багытына караганда жактоочу айткан дарекке баратканга окшойт. Жөө жүрүп отуруп күүгүм тушоорго жакын бет маңдайынан "Hyatt" деген жазуусу бар чоң имаратты жоолуктурду. Азыр өзүн өзү эмес башка бир күч башкарып жаткандай, ойлонуп акыл калчап отурбай туура эле кабылдамага кирип келди.
-Саламатсынар, Айжана атту кыздын бөлмөсү керек мага, деди анда отурган кызга карап.
Акыркы убакта ал кызды өтө эле көп адамдар сурап баштаганга чарчашканбы же бул кыз аны кызганып кеттиби айтоор азыр эле күлүп турган ууртундагы жылмайуусун жашыра жооп узатты.
-Саламатчылык, бирок мен сизге жардам бере албайм. Бизде кардарлардын дайыны айтылбайт.
-Анда ага кабар айтып койгула, мен ушунда күтөм. Азат деген сурап жатат дегиле, деди. Азыр кызга жолукмайын кетпейт, ал ичинде ушул оюн бекемдеп өзүнчө кубуронуп алды, - мен ага жолукмайын кетпейм.
Арыдан келе жаткан жигит алардын акыркы маегине күбө болуп калды. Ал сылык сүйлөп Азатты чоң залдагы кайыш эмесректер тарапка чакырды.
-Сиз бул жерде олтуруп күтө турсаныз болот. Сураганыныздын жообун алганча.
Азат ал жигиттен жардам күткөндөй көздөрүнө жалбара тиктеп ал коргозгон тарапка басты.
-Сиз ким экенинизди билбедим, бирок байкуш кызды жайына койсоңор жакшы болмок. Сиздин Айжана тууралуу сурап жатканынызды кулагым чалды. Айжана силер ойлоп жаткан адам эмес, деди жигит күтүүсүздөн Азат орундукка олтураар замат.
Анын өзгөргөн жүзүн көрүп, Азат дендароо боло түштү. Адамдар мынчалык куу болбосо, азыр эле дүйнөдөгү эң түшүнүктүү жигит болуп көрүнуп жатпады беле, заматта каардуу жоого айлана калганын. Жөн эле адам мынчалыкка барбайт, бул ар бир эле жанга маалым. Болгону бул жигиттин ушундай жооп берип жатканын Айжана колдойт беле жокпу ошол кызыктырып жатты.
-А сен Айжанага кабар берип көр. Кийин азыркы сөздөрдү айтылбады деп эсептеп койсок да болот, деп бутун учкаштырып чалкалай кетти Азат.
Муну менен ал өзүн Айжананын жакыны экенин коргозуу менен бирге жигиттин кызга канчалык жакындыгы бар экенин текшерүүдө эле.
Жигит тайсалдай түштү, чын эле ал Айжананын бардык тааныштарын билбейт эмеспи. Эмнеге анда баары эле душман болуп досу жок болушу керек, а балким бул адамды өзү чакыргандыр. Буларды ойлогондо ал өзүн жоготуп коё жаздады, кызганыч жүрөгүн өрттөп. Ананчы, жигиттин оюнда Айжананы сурап келгендердин арасында жалгыз ушул адам ага татыктуудай көрүндү. Бири кары бири жаш, бири өтө эле өткүр, экинчиси жалтак. А бул жигит Айжана каалаганчалык бар, катуу да сүйлөбөйт, меники гана дебей башканын ою менен да эсептеше билет көрүнөт, жаш курагы да топ келгидей, көрктүү да, эң негизгиси көз карашы тик ишенимдүү карайт экен. Айжананы көргөн күндөн тартып өзүнчө анын кыялындагы мырзаны сүрөттөп алып өзү ошол оюндагыдай адам болууга аракет кылып жүргөн, көрсө ал адам тирүүлукто бар тура, жасалмаланбай аракет кылбай эле турган турпаты боюнча төп келет экен. Ушуларды ойлоп алып жигит өз оюнан өзү буулуга кысылып кетти. Айлап жасаган аракети ушинтип эле заматта көккө сапырылып жок болуп кетеби, кайдагы бир сырттан кирип келген адам үчүн. "Жоок" деди ал, кандай кылып болсо да алардын жолугушуусуна каршы туруусу керек. Ушинтип ойлонуп амал издеп жатканы менен ал Азаттын эмнелерге даяр экенин эске албаган экен.
-Албетте Айжана билет сенин келгенинди, бирок көрүп турганындай ал чыгып келбеди, демек бул жолугушуу анын ниетинде жок, деди жигит чечкиндүү.
Азаттын күлкүсү келип кетти. Эгер ушул жигит каалагандай болуп калса кандай жакшы болмок, деп ойлоп жиберди ичинде. Чындап эле Айжана тергөөчү жана башкалар ойлоп жаткан адам болбой жана ал Арман кордогон эмес ушул жигит коргогон кыз болуп калса кандай жакшы болмок. Азыр ал чыгып бул жигиттин сөзүн тастыктап берсе Азаттан бактылуу адам болмок эмес.
-Макул, андай болсо мен абдан кубанычта болмокмун. Эгер Айжана ушул сен ойлогон себеп аркылуу гана мага жолугуудан баш тарткан болсо мен ыраазымын. Болгону анын өзүнүн оозунан укпасам канааттанбайм, деди Азат ошол олтурган калыбынан жазбай.
-Кайсы ой? Жигит чочуп кетти, маңдайындагы адам анын оюн окуп койгондой туюлуп.
Азаттын көңүлү түшө түштү. Демек, бул жигит эч нерсе билбейт. Бирок эмне болсо да Айжана менен байланышы бар, анын сөздөрүн сүйлөп жатышы да мүмкүн. Чындап эле Айжана ушул кадамга бардыбы, жаш жигиттин сезимин алсыз тутуп өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жатабы? деген ойлор аралап өттү акылын. Жигиттин сүйүүсүн көр адам гана байкабай калмак, маңдайына так даана эле "мен аны сүйөм, ал үчүн баарына даярмын" деп жазып алган тура.
-Иним, эгер Айжана менин бул жайга келип ага жолукпай кеткенимди билсе кечирбейт мени. Эми элестет анын себебин укканда ал таарыныч кимге оойт. Менин билишимче ал таарынган адамын кайра кечирбейт, өзүң бил. Мен ансыз да чарчап турам, кет десең кетип да калам, өзүн ага түшүндүр, деди ордунан туруп чарчаган адамдай сыртка карап.
Сүйгөн адам үчүн бул ыкма иштээрин ал жакшы билет. Сүйүктүүсүн капа кылып албаш үчүн ал баарын жасайт, жада калса өзү каалабай турган нерсени да. Ойлогонундай эле жигит шашып калды, азыр Азат кетип калса Айжана аны тилдей тургандай сезилип.
-Отура турунуз, мен азыр, деп артка бурулуп кеткенде, Азат женилдей түштү. Эгер азыркы ыкмасы иштебей жигит кетип калса эмне кылмак, анда ичкери кирип баргыдай ыйгарым укук да жок, аргасыз бул жайды таштап кетүүгө туура келмек. Бирок ал жигит айткандай ордуна отуруп калган жок, анын артынан басып кайда баратканын көзөмөлдөп турду. Анткени маселенин жарымына гана келди, бул дегени Айжана дароо макул болуп түшүп келе калат дегени эмес.
Жигит кабылдамага жетип телефондун туткасын көтөрүп, сүйлөшүп болуп артына бурулуп Азатты калтырган жайынан таппай калды.
Бул учурда ал Айжананын каалгасын кагып турган. Жигит номур терип жатканда кайсы сандарды терип жатканын байкап эле дароо мында жүгүргөн.
-Мынча бат, деп эшик ачкан кыз чочуп кетти. Ал азыр эле телефонду койгон жигит жетип келген экен деп ойлогон эле, Азатты күтпөй эле турганын, ага жолуккусу келбегенин айткан. Андан уккан жоопту айтканы келген го деген. Эми мынтип Азат турат маңдайында. Алар бири бирин тиктеп ооз ачкыча арыдан кабылдамадагы жигит жетип келди.
-Сизге мында кирүүгө уруксат жок.
-Билем, ошондуктан уруксат сураганым жок, деди да Айжананы түртүп ичкери кирип каалганы жаап койду. Мурудунун алдынан жабылган каалганын сыртында калган жигит колун көтөрүп эшикти урганы баратып токтоп калды. Ал адам ууруга кирген жок да, бөлмөнүн кожейкеси баарын коруп турбадыбы, ал үн катпаса эле кирише берүү туура эмес. Ооба ал кызганып жатат, бирок бул жайдын да өзүнчө эрежелери бар, аны сактоого мажбур.
-Айжана мен сени сүйөм, катуу сүйөм. Бул менен жанында байланып калайын же сени байлап алайын деген оюм жок. Болгону мен муну айтууга укуктуумун. Сен да кандай кааласан ошондой жашоого, эмне кааласан ошону жасоого укуктуусун. Эгер тиги каалга артындагы жигит сага болгон сезимдеринин кулу болуп, сенин жашооң менен жашоого татыктуу деп эсептесен ал да туура. Анткени бул сенин оюн, сенин оюнду эч ким уурдай албайт. Ал ошону аткарып жаткан болсо, аныкы да туура, демек ал ушуну каалап жатат. Сен менден качып, жаныңдан кубалап жиберүүгө акылуусун, бирок кайра келбе, алдымдан чыкпа деп айтууга акын жок. Анткени менин кыймылым менин гана каалоом болот. Азыр сенин жанында болууну каалап турам, сенчи? деди бир дем менен сүйлөп.
Айжана азыр ойлонуп эмес, анын сөздөрүн угуп жетишпей жаткан. Бирок ал да күтүүсүздөн азыр ушул жигиттин жанында болууну каалап кетти. Бул анын жан дүйнөсүнүн көптөн берки биринчи үн катышы эле. Жөн гана кыймылдап эмес жашап жатканын туйду ал. Денесинин жылуулугу өзүнө сезилип, кан тамырларындагы айланып жаткан кандын кыймылын да туя алды. Муну менен көкүрөгүндө көтөрүп жүргөн оор жүктөн арылгандай жеңилдеп, көздөрү нымдаша берип башын ийкегиледи.
Карачы акылдан эмес жүрөктөн чыккан сөз гана жүрөккө жетет тура. Азат аста колдорун көтөрүп кыздын танылуу колдорун алаканына алды.
-Оорутуп жатабы?
Айжана жок дегендей башын чайкап койду.
-Сен бул жайда калгың келеби?
-Жок.
Бул жооптун артында көп нерсе жатканын түшүндү Азат. Байкуш кыз, жападан жалгыз бул турмуш менен салгылашып жаткан тура. Өзү каалабаган жайда жашап, каалабаган ишти жасап, жанынын ооруганын сезбей. Алдында турган бул назик кызды ушундай абалга жеткирген анын тагдырын элестете да албай турду.
-Мен сенин батирдеги сунушуна азыр да макулмун. Болгону өлчөнбөгон убакыт болсо. Кийин, бул жерде менин бөлмөм жок сени күтө турган, ушунда болуп сенин кийимдеринди жыйнап берүүмо уруксат бер. Карачы сенин колдорун танылуу, өзүн жасай албайсын, деди ал тамаша аралаш, кичине болсо да кыздын көңүлүн көтөрүүгө аракет жасап.
Айжана бырс күлүп жиберди, Москвада батирде өзүнүн "бир саатка жигитим болууну каалайсынбы" деген сөзүн эстеп.
Күлкүсү -Макул, деген жообу менен уланып.
Алар бир саатка жетпей жетелешип ал жайдан чыгып баратышты.
-Токто! деди Айжана оозго жете бергенде. Мен азыр, деп артка жүгүрүп кетти.
Азат таттуу түшүнөн ойгонуп жаткандай тыбырчылап барып ордунда катты, ал кандай кылса да аны колдоого мажбур. Сүйүү бул байлап алуу эмес барктап билүү эмеспи.
Кыз кабылдамада андан көзүн албай жалдырап карап турган жигитке жетти.
-Рахмат сага, баары үчүн. Сен мен билген эң акылдуу да эрктуу да адамсын, ушунундан жазба. Баса, сенден акыркы өтүнүчүм, мен сенден талап кылган сөздөрдү унут. Жалган айтпа эч кимге, жада калса мен үчүн да. Ушунун баарын башына салган мени кечир, күчтүү бол! деди да артына жүгүрүп кетип, кайрадан Азаттын жанына келип али муздай элек колдорунан жетелеп кулумсурой алдыга кадам коюшту.
Азыр алардын ойлорунда Кайда? Кантип? деген суроолор жок эле. Ансыз да турмуш татаал, эч ким чече алгыс. Ырас ошондой экен, мындан аркысы биротоло чечилгис болуп тескерисинче тагдырга тапшырма болсун дештиби….

#96 18 Декабрь 2019 - 02:39
#98 20 Декабрь 2019 - 02:24
#99 21 Декабрь 2019 - 12:08
Башында баттан эле жазып атты эле, эми 2-3жумада бир тамчыдан жазып калды. Күтө берип эки көз төрт болдууу.