Түн бир оокум. Эшиктеги аба'ырайынын суугу сооктон отот. Таман алдындагы кар кычырап, түкүрүгүн, жерге жеткенче тонот. Капырай, быйылкы кыш мынчалык оор болбосо?
Адамдар кызуу уйкуда.
Узун көчөнүн этегинен бир арбандаган караан көрүндү. Элендеп эки жагын каранып,алда бирдемеден корккондой түрү бар. Басып келе жатканына караганда, абдан шашып бараткан ондонот. Колунда оролгон бирдеме. Бетин чымчылаган аязды тоотпогондой, чекесинен тери тамчылайт. Оронгон жоолугунан саамай чачы булайып түшүп калган, анысын улам артка тартып коюп, аны менен кошо, козунон тогулгон жашын да суртуп коюп келе жатат. Ал тургай жол бетиндеги муздан тайгаланып, бир'эки курдай мудуруло тушуп да онолду. Асман ачык, бул караанды тиктеп турган ай гана ага боору ооругандай кошо ээрчиди.
Шаар четиндеги чон имараттын алдына келип,улутуна туруп калды. Энкейип колундагы нерсени, аяр дарбаза алдына койду . Анысы да ушуну кутуп тургандай кыбырап, унун чыгарып ыйлап жиберди.
Наристе тура! Жон эле туйунчок десе, ымыркай турбайбы?!
Шордуу! Ал да эне кучагынан биротоло ажырап, ташбоор тагдырдын колуна тушуп калганын сезди корунот. Чукуранып, баштагыдан катуурак ыйлап кирди. Тиги караан чыдабай кетти, кайра колуна ала коюп,бооруна басты:
-Бейбак эненди кечир балапаным, кечирегор!
Бала эмшендеп эмчек издеп, оозун ачып, тамшанып койду. Бейбак сут куюлган ботолкону оозуна тосуп, кареги ылдый тоголонгон ысык тамчы, баланын али тугу тушо элек жузуно таамп жатты. Сутту оозуна албай, тили менен турткулоп, бир топ убара кылды энесин. Бирок кокурогун тиреп, дилин ачыштырып, ийигенинен агып жаткан эмчек сутун, баланын оозуна сала албады.
Тороткон эжесинин:" Эмизе горбо, озун эле кыйналасын" деген созун эстеп, кабыргасы кайышты. Бала эмбегенде нетет эле, жасалма сүттү чопулдатып соруп жатты.
Эне оор ушкуруп алды. Чымыркана ордунан тура, баланы кымтылап жаап койду. Аргасыз кетенчиктеп, артына бурулду:
-Кош кичинекейим!
Аттин ай!
Кичинекейи, сенде кымындай да куноо жок го, эмне учун алардын кетирген каталарына сен жооп берип жатасын?
Бирок тагдырга огой болуп жаралып калдым деп кейибе, сен, ара жолдо таштап кеткен атанды,жаштыгына салып алданып калган апанды кунооло,бирок оксубо, кейибе, анткени сени Жараткан жаратты,демек адамдар арасында ордун,оз ырыскын бар!
Тан агара баштагандыктан, ансыз да аппак болуп турган айланага, аз'аздап жарык кире баштады. Шашыла баскан аял бат эле караанын узду. Бул кейиштуу корунушту асмандагы жарым толгон айдан башка, ошол эле имараттын экинчи кабатында, терезеге жабыша тиктеп турган 4 жашар секелектин да коргонун эч ким байкабады.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 08 Сентябрь 2019 - 13:59