Суперстан: Жеңе, мен сизди жакшы көрөм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жеңе, мен сизди жакшы көрөм Кайниңиз сиз бар үчүн бактылуу

#1 Пользователь офлайн   Dasadidas1111   08 Февраль 2018 - 14:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 08 Февраль 18
  • Соңку аракети: 11 Июн 2018 20:56

Атым Адилет. Кадимки кыргыздын айылдарында чоноюп остук. Уч бир тууганбыз. Агам Максат менден беш жашка уулу. Экообуздун ортобуздагы Азирет аттуу бир уул уч жашында оорудан чарчап калыптыр. Ата энем карапайым адамдар. Дыйканчылык, мал-чарбачылык менен алектенишет. Атам ото токтоо, оной менен суйлобогон, мунозу курч адам. Апам боорукер, ыйлаак, назик аял. Колдорунан келишинче бизди эч нерседен кем кылбай чонойтушканга аракет кылышты. Агам Максат атамды тарткан, токтоолугу, бой келбети келишкен, ак жумал келип, чекесиндеги кошулган коюу кашы,ойлуу тигилген кара коздоруно суктанган кыздар коп болчу. Мектептеги алдынкы окуучулардын сап башында. Иш десе иштин майын чыгара, окуу десе окуунун жанын алат.Кийинчерээк спорт менен машыгып уйго коп эле медалдарды алып келип журду. Аларды апам суйунуп дубалга илип койчу. Мен агам менен абдан сыймыктанчумун. Жанында баратканда баскан кадамына жетишпей, кээде чуркап алаар элем. Узун боюна жарашыктуу да кийинет. А мен тескеринче ото арык болуп, коп ооручумун. Опкомдо хранический бронхит болгондуктан суук тушоор замат ооруканага жоночумун. Кочуштап ичкен дарылардын таасириби билбейм, кыздардай болуп дене мучом да ичке. Атам менен апам мени аяп, эркелетип оор жумуш кылбай, каалаганымды кылып остум. Мектепти деле кыйратып окубадым. Таянаар агам бар экени кандай бакыт. Максат байкем экообузду тааныбаган бироо корсо бир тууган деп айтпаса керек. Мен сап-сары, кыздардай арык жана алсызмын. Карындашыбыз Зарина жалгыз кыз болуп менден бетер эрке. Максат байкемдин моюнуна чыгып кетет. Озу да абдан суйкумдуу, жарокер кыз болуп чоноюп келатты. Байкемдин жаны тынып уйдо отургагын корбодум, мектептен сон короо жайды ирээтке келтирип, отун жарып,мал жайгарып, машыгууга жоноп, кечинде сабагын окуп жаны тынчу эмес. Ал жумуш кылып жатканда арабанын бир бурчун кармамыш болуп жанында журо бермей адатым бар. Тамашалап, ойноп мени куроп жаткан карга комуп, кээде бийик дубалга чыгарып коюп коркутуп ойночу. Каным аз болгонгобу бийиктиктен башым айланаарын билчу да. Ар дайым мени аяп, жакшы коруп турган агамдан артык эч ким жок. Мектептен агамдын арты менен эч ким тийишчу да эмес. Коп отпой байкем окууга жоноду. Кийимдерин бир сумкага салып, атам экоо шаарга кетишти. Жакшы окуу жайлардын бирине отконун угуп суйундук. Ошентип агам убактысынын коп болугу шаарда отчу болду. Башында сагынып куса болгон кундор отту. Баарынан да атама кыйын экен. Агам берген кадимкидей куч кетип ээнсирей туштук. Мен кыйратып иш кыла албайм, кичине оор жумуш кылсам эле кышылдап жатып калам.

Арадан бир жыл отуп агам жайында айылга келди. Кадимкисиндей чарк айланып тирлигин кылып журду. Бир куну ишенимдуу турдо биз жашап жаткан чон атамдын тамын бузуп, ордуна заманбап чон там салышыбыз керектигин айтып атамды кондурду. Мандайдагы эки болмолуу времянкага кочуп кирдик.Жай бою досторун ашарга чакырып, бир далай мал сатып чон тамдын фундаментин куюшуп, дубалын которуп, устун жаап коюшту. Кузундо кайра окуусуна жоноду. Мал менен калган атама жардам берип жанынан чыкпадым.
Кышкы каникулга келген агам бир топ озгоруп калыптыр. Мурда биз менен ойноп, суйлошуп сагынычыбызды таркатып алчу жлек, эми андай эмес ойлуу. Озгочо кечке маал телефону колунан тушпой эшикте ары бери басып журмой адат таап алыптыр. Кайран Маке бироону суйуп калса керек деп койдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Dasadidas1111   08 Февраль 2018 - 14:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 08 Февраль 18
  • Соңку аракети: 11 Июн 2018 20:56

Ойноок жаным анын ким экенин билгим келе айланчыктап сураганым менен майнап чыкпады. Чындап суйуп калса керек, ал кыз телефонун албай койсо кадимкидей чыдамы кете кызандап калганы байкалат. Зарина тамашалап:
-Ооо... менин красавчик Макс братанымдын журогун багындырган кыз кандай болду экен?
Телефонун кулагына такап ар бир гудокту тыншап Максат унчукпайт. Зарина ансайын жымындап:
-Братаан, хотя бы суротун корсотчууу?
Жылмайып алган Макс Заринанын чачын уйпалай тамашалап:
-Азырынча суроту жок, эмки келгенде ала келем.
Ушуну эле кутуп тургансып, агама жакындай:
-Аа.. аты ким? дедим.
Мени карап кабагын туйо:
- Ой, сага эмне жок?
-Кызык го, келечектеги женемди коргум келбейт дейсизби?
Созумду боло Зарина шашыла:
-Канчада, каяктык, кимге окшош?
Суроолорду жаадырып баштады. Бирок алгылыктуу жооп ала албады.

Кыш бутуп жаз келди. Жайында кайрадан курулуш иштери башталып, кудай буюруп куздун акыркы айларында жаны уйубузго кирип бардык. Бирок агам баягыдай эле колунан телефону тушпойт. Баса, суротун телефонунан Заринага корсотту. Аны Зарина Макс жокто акырыын апама корсотту. Апам атама. Кыскасы баарыбыз кордук. Биринчи коргондо апам:
-Ааай-иий, чуроктой кыз экен, коз тийбесин. Шаардык неме го, актрисаларга окшош экен.
Ушинтип суктанып койгон. Мен конул деле буруп караган жокмун.

Кийинки жылы куз айларында агам уйлоном деп чыкты. Атам "Окуунду бут балам." дегенине конбоду. Апам "Ал шаардык кызын айылга чыдайбы?" ж.б. баары тен каршы болушту. Болгону Зарина экообуз эле кымындап журобуз.
Кой дегенге карабай агам уйлоном деп туруп алды. Угушумча суйлошкон кызын башкага кудалаганы жатыптыр. Айла жок макул болушту. Тойго даярдана баштадык. Биринчи келин, биринчи жакшылык болгонго аябай толкунданып алган атам менен апам. Тууган урук чогулуп, дасторкон жайылып, келин босогобузга кирип келди. Апамдын суйунгонун айтпагыла. Бою узун, аппак болгон, коздору ботонукундай жайнаган,мунозу жумшак, билимдуу, жонокой, ото тушунуктуу шаардык женелуу болдум.Аты Азиза.

Билдирүүнү түзөткөн: Dasadidas1111: 08 Февраль 2018 - 15:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aishe   08 Февраль 2018 - 16:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 19 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 10 Окт 2019 13:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Махабат аралында))

А мен агаңызды жакшы көрүп калдым деп койсо э???(тамаша)

Билдирүүнү түзөткөн: aishe: 08 Февраль 2018 - 16:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Dasadidas1111   08 Февраль 2018 - 16:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 08 Февраль 18
  • Соңку аракети: 11 Июн 2018 20:56

Женем келгени апамдын колу бир топ эле узарып калгандай. Тамакты да даамдуу жасайт. Женемди байкем ала качты кылып эле алып келген. Тойдун аягы сууганда атам менен апам убакытты создурбай эл катары дуркурото той берип, свадьба кылууну пландап башташты. Анын устуно жогорку кызматта иштеген, колунда бар адамдардын кызы экен. Аны муну эсептешип, кобурашып отурган атам менен апама карап женем:
- Апа, ата сиздерге рахмат бизге кам коруп, биздин баш кошконубуздун урматына свадебный той уюштуруп берууну каалап жатканыныздарга. Бирок менин оюмча бул жон эле ысырапкорчулук го дейм. Мен учун той деле мааниге ээ эмес. Башкысы Макс экообуз бактылуу жашап кетсек ошол жетет.
Кыялданып отурган апам оозун ача:
-Апеей, кызым. Кой андай дебе. Эл укса эмне дейт? Ак койнок кийуу ар бир кыздын кыялы эмеспи.
-Рахмат апа. Балким, кыялдангандар бар чыгаар. Мен учун улпулдогон ак койнокту кийип, убактылуу лимузинге тушуп бир кун шаарды айланган ото эле кулкулуу.Элдин алдында корунгондон коро, ошол тойго кеткен акчаны башка жака жумшасак пайдалуурак.
Бул учурда атам да созго кошулду.
-Кызым, бизде алыш катыш дегендей, эл журт, тууган урук деп коет. Биринчи жакшылыгым болуп жатса кантип той бербейм.Куда- кудагыйлар эмне дейт?
-Ата, албетте куданызга калынды бересиз. Бирок менин тойду каалабаганымды алар башынан эле билишет. Капа болушпайт. Ал эми тууган урукту Адилет уйлонгондо свадьба кылсак болобу дейм.
Кыскасы ары тартып, бери тартып, аны айтып, муну айтып жатышып акыры женем тойду токтотту. Тойдун акчасына Бишкектен жер тилкесин алмай болушту.Шаарда оскон мунозу, оюн таамай айтып, тайманбаганыга тангалып отура бердик. Кызык кандай кыз ак койнок кийбейм деп терс бурулат азыркы заманда.
Ошол учурда мен тогузунчу класстын окуучусу элем. Сабактагы жетишпеген бааларымды коруп козун бакырвйта:
-Аай-иий Адик бул эмне? Сен жакшы окушун керек. Карачы кандай жакшынакай баласын. Мындай кылган сага жарашпайт.
Ээхх... "Кандай жакшынакай баласын!" деген соз мени жибитип жиберди. Энирендеп суйунуп да алдым. Женемдин кунуго кечинде уй тапшырмаларымды текшерип, тушунбогон темаларымды кайра башынан тушундуруп, ээринбей каталарымды ондоп, мени мактап, кийимдеримди тазалап, районго алып барып жаны чач жасалга жасатып келгени мага кадимкидей шык берди. "Баягы оорукчан Максаттын иниси, колунан эч нерсе келбеген.." деген статуска синип калгангабы же мени аяп журуп кондуруп коюшкангабы айтор ушул убака чейин озумо-озум ишенип корбоптурмун. Мен учун Макс же ата-энем жашачудай болуп. Женем байкем экоо уч айдай айылда журушту. Андан сон окууларына карап шаарга жоношту. Кадимкидей коно тушуптурбуз, ангырап эле калдык.
Байкем ото бактылуу болуп журду. Женем кундуз окуп тундо соода туйундорунун биринде администратор болуп иштейт экен. Байкемден бетер жаны тынбайт.Квартирада тургандарыга карабай, шаардан бизге керектуу нерселерди, белектерди ага кошуп акча салып жиберишет.Атам акчаларын чогултуп журду. Жашайм, иштейм деген адамдар ушинтип оздору эле тырмалашат тура. Экоонун урушканын эч кимибиз корбодук. Уч жылдай отуп, окууларын аяктап алган жер тилкелерине анча чон эмес уй салып берди атам. Эн окунучтуусу балалуу боло албай журушту.А мен мектепти буткон сон окуган жокмун, окугум келбеди. Айылда эле атама жардам берип, аларды карап журо берсем дегем. Анын устуно колдо кала турган бала болгондон кийин.
Байкем менен женем ээрчишип алып корунбогон дарыгери калган жок. Заринаны колуна алышып, шаардан окутуп жатышты. Баягы эрке Зарина жок, анын да эбин таап женем туура жолго салып тарбиялап жатты. Буга апам кубана ыраазы болгонун айтып калчу. Айылга бат-баттан келип турат. Келгенде уй жайды жыйнап, келиндик кызматын кылат. Апам менен тамашалашып, кээде эркелеп, оз апасындай мамиле кылат. Кээде бир жери ооруп, кабагы бурколуп калганда эч кимге суйлобой, унчукпай журо берген адаты бар. Анысын байкем тамашалап, кулдуруп атып жазып алчу. Байкемдин ачуусу келгенде женем балыктай болуп суйлобой калганычы. Чын айтам, ушул убака чейин талашып-тартышканын корбодум. Башкалардай болуп колунда акчасы турса да турлоп кийим кийбейт, ынгайлуу жарашыктуу ото кымбат эмес эки сыйра кийими бар, шагыратып сойко шакек да тагынбайт, ашыкча боенбойт, (каш чийип, кирпик да чаптатпайт) бирок дайыма таза, тыкан. Байкашымча мени да башкалардай аяп турат. Эмне жейсин? Акча керекпи? Чарчаган жоксунбу? Эч жерин ооруган жокпу? Кыскасы менин созумду эки кылбайт, мен дагы женемдин айтканын унчукпай аткарам. Ортобузда ото чон сый бар. Ото коп убактысын китеп окуп откорот.
Оору айттырбай келет деген чын экен. Апам белинен грыжа деп операция болду. Ордунан козгобой бир жылга жакын женем бакты. Ошол жерден жуунтат, тамагын жаш баладай кылып берет, уюп калган жерине массаж жасайт, маанайын которо суйлоп, китеп окуп журду. Апам ыраазы боло байкем экооно бала тилейт. Айтканга оной бирок оорулуу адамды баккан ото оор нерсе. Женем чыдады. Кантип ыраазы болбойсун, кабагым кашым дебей, апакемди айланчыктап журсо.
Атам да оз кызындай корот. Заринанын эркелигин карап кээде урушуп кайра эркелетет. Байкап корсом женем ото жонокой, ашыкча кыйынсынып бироого сын такпаган ошол эле учурда бар нерсеге шугур кылган айым. Башкаларга корунуп мактангысы да келчу эмес.Бара бара апам жакшы болуп баратты. Эн окунучтуусу экоо беш жыл чогуу жашашса да балалуу болушкан жок. Байкем милиция кызматкери болгондуктан биздин райондо эки жыл иштеп борбого которулмай болду. Женем келин болуп келген алты жыл ичинде эч ким менен кайым айтышпады. Баары жакшы корушот. Мен да чын журогумдон ичим жылып сыйлайм.Убакыт келип мен уйлонушум керек болду. Коншу айылдагы аяш атабыздын кызын алмай болдум. Жакшы кыз болчу. Бирок кызыктын баары мен уйлонгондон кийин башталды. Корсо, айымдын баары женемдей боло бербейт экен да.

Билдирүүнү түзөткөн: Dasadidas1111: 08 Февраль 2018 - 17:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   talaa11   09 Февраль 2018 - 19:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 24 Июнь 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:06

Автор кутуп жатабыз сизди
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Dasadidas1111   09 Февраль 2018 - 21:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 08 Февраль 18
  • Соңку аракети: 11 Июн 2018 20:56

Бала кезден бери Сайкал менен чогуу остум. Атамдын жакын досу дайыма биздин уйго келип турушчу. Илмийген сары кыщды жетелеп алып кочого жоноп, которуп, кубалашып, бактан момо жулуп берип ойночубуз. Кийин чонойгону уйго коп келбей калды. Бара бара тап такыр жогооуп кеткен. Корсо, тайэнесинин жанында мектепти аяктаптыр. Окууга тапшырбай эле жакын туугандары менен шаарда тигуу цехитердин биринде иштеп жургонун угуп атам менен апам коз сала аяш атамдар менен оз ара макулдашып биздин тагдырыбызды чечип коюшту. Мен каршылык деле корсоткон жокмун. Башка суйлошкон деле кызым жок болчу, анын устуно озубуз таанып билген, ата энем жактырган сон макулдугумду бердим. Негедир колдо кала турган бала болгондон кийин келинчегим апама жакса деп тилечумун. Апам аяш апам менен телефон чалышып, тойго камынып башташты. Ал ортодо Сайкалга мен да чалып ал абалын сурап койдум. Байкем менен женем уй жайды ирээтке келтирип, тойго камына башташты. Бул жолу мага ресторанда чон той откормой болушту. Бирок Сайкалды ала качып эле алып келмей болдук. Себеби ал шаарда анын устуно макул болбой жатканын апасы айтты. Мен кадимкидей чочулай туштум. Уйдогулордун, ата энеси кондуруп беребиз дегенине карабадым.Балким убакыт керектелээр, барып озум суйлошуп, конулун алып, тааныш болсок да жакындан таанышууну чечип шаарга жонодум.Кыздын оюу менен эсептешпей будалап алып келип, конулуно карабай турмуш баштоо мен учун жапайычылыктай корунот. Ошентип тойду убактылуу токтотуп, байкем менен женемди ээрчитип шаарга келдим. Баягы адатынча женем айланчыктап, менин кебетемди ондоо менен убара. Дукон кыдырып бир сыйра кийинтти. Кыздар менен суйлошпогунумду билип, кыздарга мындай комплименттер жагат, андай белектерди бер, тигиндей кыл жана башка пикаперлердин лекциясын окуп журду. Сайкал менен телефон аркылуу суйлошкондо кулагын туро женем жанымда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Dasadidas1111   09 Февраль 2018 - 23:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 08 Февраль 18
  • Соңку аракети: 11 Июн 2018 20:56

Чонтогумо жакшы шоколадтан салып жатып женем:
-Адик сурдобо, чогуу чонойгон эле кыз экен, сылык бол, тамашалап суйлоп конулун алганга аракет кыл. Дароо эле уйлоноорунду айтып уркутуп алба, ансыз озу деле билип жатат да. Анан эмки жолугушууга кафеге же киного макулдугун алып кел.
Чачымды улам туздоп, бетимден ооп сыртка узатып баратып дарбазанын жанына жеткенде "Токтоп турчу, мен азыр..." деп кайра уйго чуркап кирип, колуна байкем себинип жургон парфюмду которуп чыгып бышылдатып мойну башыма чачып койду. Жылмая мага карап:
-Жолун болсун брешке (братишка дегени). Эми любой кыздын жанынан отуп кетсен, сенин жытындан аркандан кулап калат.
Колун булгап узатып калды. Сайкалды жумуштан кийин тосуп алдым. Баягы мен элестеткен сары кыз кыйла чоноюптур. Бутуна бийик така кийген, чачын сары туско боегон кыз мандайымда турду. Абал сурашып учурашып, бак аралап басып дурдук. Башында ортодо жымжырттык пайда болуп жатып коп отпой конушуп кеттик. Байкашымча Сайкалга шаарда жашаган жагат ондуу. Бир топ озгоруптур. Кийинки жолугушууга киного чакырдым. Макул болду. Ала келген шоколадымды колуна карматып, кымындап уйго келдим. Уйдо женем жалгыз экен. Байкемди жумуштары менен журот деп тушундурду. Жасап койгон тамагын дасторконго коюп, жолугушуу туралуу отчет алды.
-Анан Адик, кыз жактыбы?
-Билбейм, жакшы эле го.
-Койчу ай, негизи бир коргондо эле бир башкача сезим болгон жокпу?
-Билбейм жене. дедим мукактана
-Эч нерсе эмес, кыздар кулагы менен суйот. Байкашымча сен жаксан керек, экинчи жолугушууга макул болгонуна караганда. Эхх.. Ади мен жаны келин болуп келгенде тогузунчу класс бала элен, карачы убакыт коз ачып жумгуча жигит болуп уйлонгону турасын, буюрса балалуу болуп,ата болосун. Бактылуу болсонор эле болду.
Женемдин коздорунон балага болгон каалоо, кусалыкты коруп ичим ачышып кетти. Тагдыр карачы, байкем экоондо опол тоодой суйуу бар, баары бар бир гана наристе жетишпей турат. Экоону ойлогон апам да кадимкидей картайып баратат. Басса, турса да, жатса да тилегени байкеме бала. Женемди аябай жакшы корот. Уйго келгенде апам экоо чай ичип тээ тун бир оокумуна чейин созу бутпойт. Болмомо кирип уктап кетиптирмин. Бир убакта эшиктин катуу тарсылдаган унунон чочуп ойгонуп кеттим. Кире бериштин жарыгы куйуп, женем эшикти ачты. Милициянын формасын кийген байкем бутунан тура албай мас абалында экен. Байкашымча женем мындай корунушко конуп калган ондуу байкемди колтуктап болмосуно кирип кетти. Булдуруктап ар нерсени суйлоп жаткан байкемдин уну мен жаткан болмого бирин серин угулуп жатты. Мен учун идеал болгон агамдын мындайын биринчи жолу корушум. Эртеси мен тургуча жумушка кетип калышыптыр. Ашканада столдун устуно дасторкон жайып, тарелкага кооздолуп жасалган бутерброд жана ак коробкадагы рафаэлло шоколадынын устундогу катка "Кутман тан, родной чайынды ичип курсагынды тойгуз, бул шоколадты Сайкалга бер. Ал эми акчага шаарды айланып эс ал. Курсагын ачса баары муздаткычта. Тамагын таттуу болсун." деп жазып коюптур.Шоколадтын астындагы мин сомду колума кармап, жон эле койсо болмок экен, акчам деле бар болчу деп ойлуу отурдум. Шаар мага жакпайт чынында. Ызы чуудан башым айланып кетет. Озгочо маршруткага тушкондо. Уйдон чыкпай жата бердим. Анын устуно уйдун ичи да абдан жагымдуу, таза, ирээттуу. Кечке маал болжошкон жерден Сайкалды кутуп турдум. Биздин уйдон анча алыс эмес. Озубуздун эле район болгондуктан уйдон жоо эле бир сатта жетип бардым. Он муноттой кечигип анан келди. План боюнча киного кирмекпиз бирок Сайкалдын курсагым ачты дегенинен кафелердин бирине кирип тамактанмай болдук. Борбордо ашканалардан коп неме жок. Бир кафенин атын айтып, ошол жактын тамактары мыкты, шаардын кобу кардарлары дегенинен копко жоо басып жонодук. Куугум кирип келе жаткан. Ангыча жолдун жээгиндеги чайкананын жанында токтоп турган байкемдин машинасын кордум. Дал озу номеринен айныбай тааныдым. Негедир ошол чайканага тартылып туруп алдым. Балким Сайкалды учурдан пайдаланып Макс менен тааныштыргым келди. Сайкал деле макул болду. Ичине кирип жайгашып тамака заказ кылганым менен байкем корунбоду. Жон гана парковка кылган го деп ойлоп, Сайкал экообуз конулдуу тамактанып жаттык. Бугунку жолугуушубуз кечээкиден жандуураак отту. Биртике болсо да коно тушкондойбуз. Сайкал мурун такылдаган кыз эле, негедир назик кыздай корунду. Тамак жеп, ал ортодо кызуу талкууга кирип кетиптирбиз. Арт жагымдан байкемдин тааныш кулкусунон дароо тааныдым. Бурулуп карасам эшиги жабык кабинканын оозунда бою узун, сулуу кызды белинен кучатай Макс байкем кафенин администраторуна ыраазычылыгын айтып, каткырып куло суйлоп жатыптыр. Алгач чочуп кеттим. Жиним келе бери бурулуп, муштумумду туйо козумду жумдум. Озумду аран кармап, тиги жап жаш кыз менен кучакташып чыгып кеткен байкемди жонум менен сезе Сайкалды чочутуп албоого аракет кыла аран отурдум. Эмнени суйлошуп жатканыбызды деле билбей калдым окшойт. Тамактанып буткон сон, Сайкалды таксиге салып жиберип озум уйго жонодум. Эх, кайдан ошол кафеге кире калдым экен. Байкемдин машинасын коро койгонумду кара, кызык айылдан келе калып эле Шерлок Холмстай болуп, озумо да жиним келди. Бул жонундо билбесем жакшы болмок. Чужая семья темный лес дейт эмеспи. Коз алдыма жаш баладай ишенчээк, боорукер женем тартыла уйго келдим.
Короодо токтоп турган машинаны коруп, байкемдин уйдо экенин билдим. Адаттагыдай женем ашканада тамагынын жытын буркуратып куйполоктоп журот. Байкем конок уйдо диванда чалкалай телевизор коруп жатыптыр. Менин келишимди эле кутуп жатышкан окшойт. Алдымдан чыккан женем дароо тамака чакырды бизди. Дасторкондо учообуз тамактанып жаттык. Бир жаман иш кылгансып башымды жерге сала отурган мага карап женем:
-Адик, не болду сага? Маанайын жок го? Жолугушуу ийгиликсиз болуп калдыбы?
-Жок, баары жакшы, Сайкал экообуз бугун кафеден кечинде тамактандык.
Кафенин атын айтсам, байкем мени жалт карап алганын байкадым. Женем кабатырлана:
-Анан эмне маанайын жок? Ооруп калган жоксунбу? Температура жокпу?
Алаканын чекеме коюп, дене табымды текшерип жаткан женеме карап:
-Коюнузчу, жакшы элемин. Сиз мени ушинтип эркелетип атып жаман кондурдунуз. Эми Сайкал сиздей эле болсо аны эч кимге алмаштырбайт элем.
Бул создор оозумдан кандай чыкса, байкемдин козу чанагынан ошондой чыгып кете жаздады. Озум да билбей калдым кантип туура эмес суйлоп алганымды.
Менин создорумду тамаша катары кабыл алган женем жылмая:
-Ой, сен десе. Аял дегендин конулун оорутпай, камкор болуп жакшы карасан эле мыкты жубай чыгат.
Женемдин мээнеттенип жасаган мантысын мен ла Макс да жеген жокпуз. Экообуздун тен кекиртегибизден отпой калды.
Тамак ичким келбей болмомо кирип жатып алдым.

Билдирүүнү түзөткөн: Dasadidas1111: 10 Февраль 2018 - 00:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Dasadidas1111   10 Февраль 2018 - 00:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 08 Февраль 18
  • Соңку аракети: 11 Июн 2018 20:56

Эртеси Сайкалга жолугуп турмушка чыгуусуна сунушумду киргизип, эртерээк айылга кетуумду пландадым. Антпесе ото ынгайсыз абалда калдым. Мен тургуча дагы жумушка кетип калышыптыр. Ала жипти аттабаган эркек болбойт дечу беле? Бирок эркек болсом да ото боорукер жана ишенчээкмин. Эч кимдин конулун ооруткум келбейт. Кечке маал Сайкалга жолугуп, айылга кетээримди айттым. Телефондон суйлошуп тураарыбызды убадалаштык. Эртен айылга кетем дегенимди уккан женем байкеме мени шаарды айлантып, эс алдырып кел деп аран кондурду. Ошентип эртеси кечинде байкем менен шаар аралап жонодум. Женем уйдо калды. Себеби ишине отчет жазмак экен. Машинада баратып Макс мага карап:
-Иии... уйлоном дечи. Не кылмай болдун?
-Коробуз го.
-Сайкал не дейт?
-Конулу бардай го.
-А озундочу?
-Болот го..
Менин жообума канааттанбагандай кабагын буркогон Макс:
-Ээ.. бала мындай точно суйлосон, коробуз гооо, болот гооо. Че за разговор? Эркек болгондон кийин уверенно жур да.
Жооп бергим келген жок. Унчукпай кете бердим. Бир топтон кийин мени карап:
-Кайда баралы? деди.
-Билбейм.
Мени бир саамга тиктеп алып, машинанын тормозун тээп токтотуп, озунон озу жини келе:
-Эмне эле болуп атасын? Мындай нормальный суйлочу!
Макс мени мурда туура эмес иш кылса ушинтип карачу. Бирок бул жолу мен эч нерсе кылган жокмун. Озунон озу жинденип, тамеки тутотуп кирди. Тутунго дем ала албай кетем. Тамекини колунан алып:
-Макс мен сага эч нерсе кылган жокмун. Анча нервтенбесен. Болгону абайла. Женем билсе...
-Токтот болду.
Макс мага актанып же отчет бермек беле. Ошол бойдон соз бутту.Бильярд ойноп уйго келдик. Женем адатынча жаркылдап тосуп алды.
Айылга келдим. Тойго чындап камынып, Сайкалдын ата энеси менен кенешип ала качуу жолу менен уйлондум. Ата энем суйунуп, келген кеткен меймандарды узатып журушот. Женем синдилуу болгондой кубанып алган. Аппак жолук салынган Сайкалды карап, уй булонун кожоюну деген статусту алганыма шугур кылып жаттым. Бирок Сайкалдын женемдикиндей мунозун коро албадым. Чарт-чурт этип кетмей кыялы бар. Жасаган тирлиги да апама жага бербей коп жолу кайталап эскертип жатканын корсом да кормоксонго салам. Кээде тыкылдап апам менен айтышып калганын коруп мен да экертип коюп журдум. Апан менен аялындын келишпегени жаман экен.
Коп отпой Сайкалдын кош бойлуу экенин билгенде апамдын суйунгонунон ыйлаганын коруп, менин да ичимде белгисиз жылуулук пайда болду. Баарыбызга кошулуп женем да суйунуп алган. Айылга келген сайын буту бутуна тийбей жугуруп кылган тирлигин карап апам мактап бутпойт. Ансайын Сайкал кабагын буркоп, жактырбай жатканын байкап журдум. Ал эле эмес дайыма жайдары жургон женемдин кабагы салынкы тартып, жудоп калганын да байкадым.
Байкем иш уй деп журо берди. Женем да айылга келсе кеткиси келбей копко журо турган адат тапты. Ансайын Сайкалдын кабагы ачылбай болбогон проблемаларды жаратып, бырылдап ыйлаганын, кээде тилин тыйбай айтышканын койбойт. Зарина менен да ото оч болуп калды.Чандайган курсагын коруп, аяп да кетем. Ошол жылы уулду болдум. Аталык сезим кандай экенин соз менен жеткирип бере албайм. Чакан той бердик. Жетине албай Макс да келди женем менен.Уулумду колуна алып улам ооп жыттап жаткан женемдин колунан Сайкал жулуп алып:
-Кечке эле кармалай бербечи жене, козун тиет. Балалуу аял болсонуз бир жон.
Женемдин козунон дароо жаш тегеренип кетти. Эшике чыгып кеткен сон Сайкалга барып:
- Бул эмне дегенин? Акылын ордундабы? Ушинтип да суйлойсунбу? Тур, кечирим сура.
-Дагы эмне кылайын?
-Сенде ойлонуп суйлоо деген нерсе барбы?
-Андай болсо тууп албайбы.
Ары айтып, бери айтып тушундурсом да эпке келбегенден жаакка чаап жибердим. Кичине сезгенип калаар дегем. Жок, ого бетер бакырып, балам да ыйлап ызы чуу болгон болмобузго апам чуркап кирди. Токтобой суйлоп жаткан Сайкалды карап алып эшике бет алдым.
Огородту тиктеп ойлуу отурган женемдин жанына барып кечирим сурадым. Козунун жашын аарчып, жанында отурган менин чачымдан сылап:
-Эч нерсе эмес, али жаш эмеспи. Акырын айтып тарбиялап ал. Бара-бара тушунот. Идеалдуу эч ким болбойт.
Мен женемди женедей эмес, бир тууган эжемдей сыйлайм.


Кундор отуп уулум козго корунуп кадимкидей бактылуу болуп бараттым. Баары бир тен, уулум бир тен))). Жайкы каникулга келген Зарина менен Сайкал бир уйго батпай беймаза кылышты. Деги эле карындашымдын Азиза женеме башын которуп суйлогонун корбогом. Эми Сайкал менен мышык чычкандай. Кээде экоонун тирешине чыдабай Сайкалды опузалап калам. Балким жаш отконгобу де биздин ызы чуубузга чыдабадыбы айтор апам жатынан операция болуп калды. Ийгиликтуу болгону менен дагы постельный режим деп алты ай тошокто жатуусун сунуш кылышты доктурлар.

Тушку тамактануу маалында уйго баш бактым, терек бутап жатып чарчанкы келген абалыма кошуп Сайкалдын кийимдерин жыйнап кетип калганын коруп, уулумду таппай дендароо болуп отуруп калдым. Ушундай да болот экен. Аялын жамандаган эркектей болбоюн деп алгач куноону озумдон издеп баштадым. Татыксыз куйоо болуп жатамбы? Созсуз бир себеби болуш керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Dasadidas1111: 10 Февраль 2018 - 01:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Nevestkaa   10 Февраль 2018 - 19:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 436
  • Катталган: 26 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 19:01

Байкуш Азиза .....аялдын тили жаманынан башкадан мээрим издеп кетет деп актанчу эле эркектер мына Азиза төгөрөгү төп келишкен эле аял экен го эркек деген эркектигине барат экен да менин Азизадай авысыным болсо төрөп берип коет элем .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Medinaa   10 Февраль 2018 - 20:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Теманын аталышын өзгөртүш керек экен...
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Dasadidas1111   10 Февраль 2018 - 23:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 08 Февраль 18
  • Соңку аракети: 11 Июн 2018 20:56

Кыбырап козго корунуп калган уулум жок ото жаман болдум. Бир чети жиним келсе кайра куноону озумдон издейм. Неге кетип калганын билбейм. Телефон чалсам албай койду.Арадан бир жума отту. Чай устундо апам артынан барып, себебин билишим керек экенин айтты. Жылаан чакпай, жылкы теппей ушинтип кетип калуу болобу. Кечке маал аяш атамдын уйуно бардым. Сайкал уйундо экен. Менин келгенимди коргон кайын атам сылык учурашып уйго киргизди. Кайын энем дасторкон жайып, чайын сунду. Сайкал болмосунон чыкпай отура берди. Акыры анын устуно озум кирдим. Уулумду кучактап, мелтиреп жер тиктей отурган аялыма:
-Сайкал бул эмне кылганын?
-.....
-Эмне унчукпайсын? Бироо капа кылдыбы? Менби?
-.....
Колунан уулумду алып, бир топко эркелетип, кучактай сагынычымды тарката копко отурдум.
-Сайкал журу уйго кеттик. Калганын уйдон суйлошолу.
Ордумдан козголгон мага карап:
-Адилет мен барбайм ал уйго. Тушунсон тажап кеттим. Апан эч нерсе жактырбайт. Кылганымдан кыйкым издеп эле турат. Бала менен жургон мени аяп да койбойт. Кечке жатканы аз келгенсип, Мен эмне силерге кулмунбу? Тирликти кылган мен, мактоону Азиза угат. Ал шаардан аппак болуп келип , анда санда апана белек алып келип берип койсо ал дакшы, а мен жаман. Дагы канча чыдайм? Карындашын да тилди укпайт. Сени менен жашашанга макулмун бирок апан менен жашай албайм. Барбайм. Эгер озунчо жашайм десен ойлонуп кором. Демек ар нерсени айтып убара болбо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Sagyndykova1998   11 Февраль 2018 - 11:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 03 Февраль 18
  • Соңку аракети: 12 Авг 2019 12:51

Жененизге боорум ооруп кетти,а сиздин жубайынызга ыйман берсин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Leksys570   11 Февраль 2018 - 16:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 06 Январь 18
  • Соңку аракети: 29 Янв 2019 08:48

Medinaa (10 Февраль 2018 - 14:06) жазган:

Теманын аталышын өзгөртүш керек экен...

Туура эле коюлган темасы , женем мен сизди суйом дебептирго акыры.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   ebsedxilas   11 Февраль 2018 - 18:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 07 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 10:31

балким апанызда айып бардыр оа кээ бирки кайненелер ошондой болот бир келинин жакшы коруп колундагын жаман корот муну жашоодон коруп жатканым учун айтып атам аялынызды деле балам ботом деп мактап койсо ал деле суйунуп тиричилик кылатта
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   ebsedxilas   11 Февраль 2018 - 18:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 07 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 10:31

кооп нерсе жазгым келет бирок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   ebsedxilas   11 Февраль 2018 - 18:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 07 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 10:31

жашоодо ошондой кичик келинди кобу жакшы дебейт экен.баардык тиричиликти кылат бирок аягында жаман дешет себеби бир уйдо сыйы кетип колдо бар алтындын баркы жок экен.Кээ бирки ата энелер акчасы бар баласынын аялын жакшы деп уйдогу баланын аялын иттей кылаткен.Эми бул нерселер баардык кайненелерге эмес.Аялыныз балалуу болуп коп ишке жетишпей аткандыр аа жененизди жудото турган баласы жокта
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   toha   11 Февраль 2018 - 19:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 715
  • Катталган: 03 Февраль 07
  • Соңку аракети: 11 Май 2025 10:00
  • Телефон:0543224312
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Белгисиз

женеси менен агасы акырында ажырашып кетет окшойт темасына караганда
ЭХ ЧИРКИН ДYЙНӨ!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   11 Февраль 2018 - 19:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

ebsedxilas (11 Февраль 2018 - 18:16) жазган:

жашоодо ошондой кичик келинди кобу жакшы дебейт экен.баардык тиричиликти кылат бирок аягында жаман дешет себеби бир уйдо сыйы кетип колдо бар алтындын баркы жок экен.Кээ бирки ата энелер акчасы бар баласынын аялын жакшы деп уйдогу баланын аялын иттей кылаткен.Эми бул нерселер баардык кайненелерге эмес.Аялыныз балалуу болуп коп ишке жетишпей аткандыр аа жененизди жудото турган баласы жокта
балким сен айткандай,а балким бироонун акылы,колу узун тили кыска болгону учун жактырып,башкасы колу,тили узун болсо да акылы,парасаты кыска болгону учун да копчулуко жакпастыр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ebsedxilas   11 Февраль 2018 - 21:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 07 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 10:31

оа андай келиндерда толтура бирок авсындар кызганчак болуп кетишет кээде ошол учун канча келинин жакшы корсода аялына мактабаш кереко дейм мактаган сайын аялы женесине душман боло баштайт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   rozabeku   11 Февраль 2018 - 22:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 17 Март 17
  • Соңку аракети: 27 Сен 2020 23:30

оа кээ бирки кайненелер ошондой болот бир келинин жакшы коруп колундагын жаман корот муну жашоодон коруп жатканым учун айтып атам аялынызды деле балам ботом деп мактап койсо ал деле суйунуп тиричилик кылатта
[/quote]
Менин кайненем дал ушундай чон келиндерин укмуш суйот кызынанда отуп козун карап турат келеткен борсок кыл бозо суз деп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 10:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: