Мен өзүм жөнүндө айтсам жашым 18де мындан 18жыл мурун атам мени кыз болуп төрөлүп калганым үчүн апам экөөбүздү таштап уул төрөй турган кызга үйлөнүп кеткен экен. Апам байкуш мени кучактап кала берген экен. Апамдын азыр турмушу бар. жолдошу экөөнүн ортосунда 5 уулу бар. кудайга шүгүрлөр болсун бактылуу эле жашап жатышат. атам апамдан кийин 3жоолу үйлөнүптүр.
бирок уул эмес кыздуу дагы болбоптур.Атам азыр 4аялы менен жашап жатат экен. эми кече мага келиптир кечирим сурап жана сени окутам эмне десең кылам мени менен жаша. апаңдын семьясы бар экен.Сен менин жалгыз кызымсың.Убагында ката кылган экенмин. Эми өкүнүп жатам деп.Эмне дейсиздер бир убакта кызың мага керек эмес мага уул керек деп чанып кеткен атамды кечирейинби же кечирбейинби?
мага өз кеңешиңерди берип кетсеңиздер.
Алдын ала чооң рахмат.
- (2 )
-
- 1
- 2
Атамды кечирейинби? Кечирип катташайынбы
#2 11 Декабрь 2019 - 18:55
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт карындаш,оз атан болгондон кийин кечирип койгонун туура.Атага зар болуп жургондор толтура.Атакен дагы жакшы адам экен кызым деп кечирим сурап келип жатса алдына.
#3 11 Декабрь 2019 - 18:58
Атаныз убагында ката кетириптир,
кетирген катасын кеч болсо да тушунуп кечирим сурап жаткандан кийин менин оюмча кечиришиниз керек, кандай болсо дагы ал сиздир атаныз. Кээ бироолордун атасы жок сиздин атаныз бар экен, сизди кызым деп келип атат негизи эле кыз киши жакындарыбызга куйумдуу, кен пейил келебиз. Атаныздын кетирген катасын Кудайым озу таразалайт а сиз кечирип коё бериниз балким кечириш оор болуп жаткандыр бирок аракет кылып корунуз.
#4 11 Декабрь 2019 - 21:57
Таластын кайсы жеринен болосуң, кайсы мектепти бүткөнсүң?
P.S Атаңды биринчи жолу качан көрдүң эле?
P.S Атаңды биринчи жолу качан көрдүң эле?
Love is a game. The first to say love, he lost...
#5 11 Декабрь 2019 - 22:49
Бул жашоо келер дуйно кетер дуйно кечиргениниз жакшы эн жакшы муноз кечиримдуу болуу бул жашоодо.
#7 11 Декабрь 2019 - 23:45
Кудайдын жазасы.Кечириниз эмнеси болсо да Кыз бала үчүн атанын ролу абдан чоң.
#8 11 Декабрь 2019 - 23:58
Таластын кайсы жеринен болосуң, кайсы мектепти бүткөнсүң?
P.S Атаңды биринчи жолу качан көрдүң эле?
P.S Атаңды биринчи жолу качан көрдүң эле?
Таласта 5жашка чейин чонойдум. андан кийин бишкекке келгенбиз.апам экинчи атама турмушка чыккандан баштап бишкекте чоноюп окуудум. атамды биринчи жоолу көрдүм. өзү кечирим сурап келгенде.Таенем Ак-Буура районунда турушат.
#9 12 Декабрь 2019 - 20:07
#10 21 Декабрь 2019 - 09:26
Кызым 18 ге чыгып жакшы жаманды тушунуп калыпсын.Ар бир нерсе жазаасыз калбайт калбаганы ушу кыз эмес кызыл битке зар болуп астына келип турат.Астына келсе атанын кунун кеч деп илгертен калган.Адамдын жакшы сапаты кечиримдуулук дешет го.Бир кезде сени атан таштап кетсе.астына келсе сн кечирбей тескери карап турсан.бул ото каттуу соккуу.Ошон учун сен кечиримдуу бол.Анан да бакпаса да сенин атан кызым сен да улгаясын,сен да балалуу болосун ошондо кечирбегендин акыбетин балдарынан коруп калба.Андан коро жардамын ал сен да окуп атана жардам бер ак батасын ал.Бата менен эл когорот,жамгыр менен жер когорот деген накыл соз бар.Адам баласы ата эненин ак батасы менен агарып когорот ошону эсинен чыгарба
#11 22 Декабрь 2019 - 08:16
Ата баарыбир ата... Ата баланын алдында болгон милдеттерин аткарбаса да, бала аткарууга тийиш. Чубак ажы менен жолугушууда да ушундай суроо берилди эле. Эгер "жутупка"
чыккан болсо издеп көрүңүз жакшы жооп берди эле.
#13 31 Январь 2020 - 23:24
Мен өзүм жөнүндө айтсам жашым 18де мындан 18жыл мурун атам мени кыз болуп төрөлүп калганым үчүн апам экөөбүздү таштап уул төрөй турган кызга үйлөнүп кеткен экен. Апам байкуш мени кучактап кала берген экен. Апамдын азыр турмушу бар. жолдошу экөөнүн ортосунда 5 уулу бар. кудайга шүгүрлөр болсун бактылуу эле жашап жатышат. атам апамдан кийин 3жоолу үйлөнүптүр.
бирок уул эмес кыздуу дагы болбоптур.Атам азыр 4аялы менен жашап жатат экен. эми кече мага келиптир кечирим сурап жана сени окутам эмне десең кылам мени менен жаша.
Автордун соболуна баары кечир дешиптир, бирок кантип жашайт, кечиргени туура бирок чогуу жашоо мункун эмес, айрыкча кандай адам экенин билбей туруп ушул заманда.
#14 01 Февраль 2020 - 00:03
Атаңды кечир деп баары эле айтышыптыр.
Бирок мен Апаң менен кеңеш дейт элем. Сени жалгыз же кийинки күйөөсүнүн жардамы менен чонойтуп бакса, ал кишилердин оюн дагы сурап көрчү. Капа болбой турган болсо кечир. Бирок атаң менен чогуу жашаган жөнүндө жакшылап ойлонуп анан чечим кабыл ал.
#15 01 Февраль 2020 - 00:21
Карындашым мен дагы ойумду айтып кетейин сени атаң таштап кетсе сенин айынан апаң экөө ажырашып кетсе сени ыйлап сыздап багып ушул даражага жеткирсе апаң эми бул кылганын болбойт бирок кечир атаңды катташып тургула атаңа бир жолу кетип калсаң болбойт экинчи атаң дагы айтыш болуш керек сен кетип калсаң ушул кызынды ыйлап сыздап чонойтун эле кетип калдыбы деп айтыш болуш керек ошондо апана сөз тийет анан экинчи атаң менен апаң урушушат болуш керек ошол үчүн апаң менен эле кал сен кыз бала болсоң бойго жетип турган убагын болсо сен башка үй булоого келин болуп барасын экинчи атаң дагы жакшыкен өз кызындай көрөт экен сени ошол үчүн апанды капа кылбай апаң менен эле бол карындашым сага советим!
.
#16 01 Февраль 2020 - 23:24
Мен өзүм жөнүндө айтсам жашым 18де мындан 18жыл мурун атам мени кыз болуп төрөлүп калганым үчүн апам экөөбүздү таштап уул төрөй турган кызга үйлөнүп кеткен экен. Апам байкуш мени кучактап кала берген экен. Апамдын азыр турмушу бар. жолдошу экөөнүн ортосунда 5 уулу бар. кудайга шүгүрлөр болсун бактылуу эле жашап жатышат. атам апамдан кийин 3жоолу үйлөнүптүр.
бирок уул эмес кыздуу дагы болбоптур.Атам азыр 4аялы менен жашап жатат экен. эми кече мага келиптир кечирим сурап жана сени окутам эмне десең кылам мени менен жаша. апаңдын семьясы бар экен.Сен менин жалгыз кызымсың.Убагында ката кылган экенмин. Эми өкүнүп жатам деп.Эмне дейсиздер бир убакта кызың мага керек эмес мага уул керек деп чанып кеткен атамды кечирейинби же кечирбейинби?
мага өз кеңешиңерди берип кетсеңиздер.
Алдын ала чооң рахмат.
Жараткан бизди, мойнубузда толгон күнөөлөрүбүзгө карабай кечирип жатканда, сен кечирбей койгудай ким болуп кетипсин...
Кечиримдүү бол! Пенде адашуучу.
#17 02 Февраль 2021 - 11:43
Карындашым мен дагы ойумду айтып кетейин сени атаң таштап кетсе сенин айынан апаң экөө ажырашып кетсе сени ыйлап сыздап багып ушул даражага жеткирсе апаң эми бул кылганын болбойт бирок кечир атаңды катташып тургула атаңа бир жолу кетип калсаң болбойт экинчи атаң дагы айтыш болуш керек сен кетип калсаң ушул кызынды ыйлап сыздап чонойтун эле кетип калдыбы деп айтыш болуш керек ошондо апана сөз тийет анан экинчи атаң менен апаң урушушат болуш керек ошол үчүн апаң менен эле кал сен кыз бала болсоң бойго жетип турган убагын болсо сен башка үй булоого келин болуп барасын экинчи атаң дагы жакшыкен өз кызындай көрөт экен сени ошол үчүн апанды капа кылбай апаң менен эле бол карындашым сага советим!
Ооба. Туура айтасыз. Мен да кошулам. Атанызды кечириниз. Бирок апаныз менен чогуу болунуз. Атаныздын да аялы бар экен. Ал кандай кабыл алат сизди белгисиз.
#18 02 Февраль 2021 - 12:03
Ооба. Атанды кечир ал сени эмес апанды чанып кетиптирго.
Өз жазасын алыптыр. Эми атаңа барганда кандай жашоо болот. Апаң сени чанып жатабы,окутса окута берсин мындай деле.
#19 02 Февраль 2021 - 16:46
Бул жашоодо ата-энени тандай албайсыңар,
андыктан алардын күнөөсү үчүн жооп берип же таарыныч сактап жүрө берүүгө болбойт. Кантсе да Кудай үчүн кечирип кое бериңиз.
Журоктор ыйманга толсун.
#20 16 Декабрь 2021 - 15:28
АТА менен АПА ны кечиргенге милдеттүүсүң,
негизи эле алар сенден кечирим суроого милдеттүү эмес, тоесть кечирейинби дегидей сен аларга не ктосуң и алардын жанында мусордон айырмаң жок, анан кечирейинби деп кыйынсынганыңарчы ёлкилер))).
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия