Вирус 2019-nCoV Уханьдан чыккан коронавирустун жаны туру тууралуу
#1 28 Январь 2020 - 10:46
Саламатсыздарбы форумчулар.
Бул тема 1 айдан бери коомчулукта коркунуч жаратып келет. Баары эле билсе керек, аныктамасын интернеттен кочуруп алып келген жокмун. Кыскасы бул вирус Кытай элин гана каптайт деген менен, азыркы учурда глобалдуу проблемага айланып жатат. Кыскача жаза кетейин, эгер кимдир-бироо биле элек болсо, жардам болсун.
Оорунун белгилери:
1. Кургак жотол
2. Температура 38-39 градус
3. Кыйналып дем алуу
4. Ал куруу ж.б.
Оорунун жуктургандан кийин максимум 2 жумада белгилери билинип баштайт. Белгилери пневмонияны эскертет.
Оору аба аркылуу жугат. Ошол себептен тез ылдамдыкта тарайт.
Вирус чыккан жер(официалдуу маалыматка таянсак) - бул Кытайдын Хубей провинциясынын Ухань шаары, Хуанан аттуу дениз тамактарынын базары. Азыркы учурда копчулук илимий изилдоочулор жарганатка басым коюшуп жатат.
Бул эми кыскача маалымат. Кечирээк дагы кирип жазаармын.
Менин бул жерге кайрылганымдын себеби, интернеттен коп сайттарда кыргыз жарандарынын Кыргыз элчилиги оз жарандарына кыйынчылыкта кол сунбайт , жоопкерчилиги жок деп жазышыптыр. Чынында андай эмес.
Эгер кимдир-бироо азыркы учурда Кытайда болуп, жардамга муктаж болуп жатса, мага купуяга кайрылыныздар, элчилик менен байланышабыз. Жардам болот.
#2 28 Январь 2020 - 10:59
Мындан жарым саат мурунку статистика боюнча, учурда Кытай боюнча ооругандардын саны 4535, каза болгондордун саны 106, айыккандардын саны 62.
Башка олколордо ооругандардын саны 46, каза болгондор жок, айыккандар 5.
Кыргыз элимди кудайым сактасын. Баарынарга аманчылык тилейм. Сак болгула.
Башка олколордо ооругандардын саны 46, каза болгондор жок, айыккандар 5.
Кыргыз элимди кудайым сактасын. Баарынарга аманчылык тилейм. Сак болгула.
#4 28 Январь 2020 - 20:22
Кудай сактасын,озубуз эптеп 6млн болуп алганда.Жаман жуман вирустар оорулар алыс болсун!!
!
#5 31 Январь 2020 - 20:17
Бугун Орусияда 2 адамдан коронавирусту табышыптыр.
Экоосу тен Кытай олкосунун жарандары экен. Бул СНГ боюнча биринчи(адашпасам) случай.
Супер-инфодон акыркы жанылыктардан 42 кытай жараны Кыргыз олкосуно кириптир деген жанылыкты окуп ээээх дедим. Эртен бироосунон вирус табылса, ким жоопко тартылаар экен. Бул ото коркунучтуу. Эмнеге маани беришпей жатат, билбейм.

#6 31 Январь 2020 - 20:30
42 жаран кайсыл жакка кетти ушул жонундо маалымат берип койсо болмок экен. Эн жакшысы аларды 1 айча изолировать этиш керек болчу десем эле мени бироо уга тургансып...
Кыскасы, эми этият болгула. Мурун, оозунарды маска менен бекем жаап чыккыла эшикке.
Кыскасы, эми этият болгула. Мурун, оозунарды маска менен бекем жаап чыккыла эшикке.
#7 31 Январь 2020 - 21:05
Бугун Орусияда 2 адамдан коронавирусту табышыптыр.
Экоосу тен Кытай олкосунун жарандары экен. Бул СНГ боюнча биринчи(адашпасам) случай.
Супер-инфодон акыркы жанылыктардан 42 кытай жараны Кыргыз олкосуно кириптир деген жанылыкты окуп ээээх дедим. Эртен бироосунон вирус табылса, ким жоопко тартылаар экен. Бул ото коркунучтуу. Эмнеге маани беришпей жатат, билбейм.
Супер-инфодон акыркы жанылыктардан 42 кытай жараны Кыргыз олкосуно кириптир деген жанылыкты окуп ээээх дедим. Эртен бироосунон вирус табылса, ким жоопко тартылаар экен. Бул ото коркунучтуу. Эмнеге маани беришпей жатат, билбейм.
42 кытай эмес. Кыргызстанга кирген 42 адамдын 18и кытай деп турат. Темасын окуп эле коментарийлерин окуйт окшойсуң.
#8 31 Январь 2020 - 21:22
#12 12 Март 2020 - 17:00
Ушул вирустун аркасы менен 90х жылдардагыдай болуп калбасак болду.
Love is a game. The first to say love, he lost...
#14 15 Март 2020 - 07:56
Кара Кулжанын базарында ун алган эле адамдар деп жатышат. Озубуздун айылда бир кап ун 1800сом экен. Озу кыргыздар акыркы 5, 6 жыл ичинде нанды аябай эле ысырап кылып жибердик эле. Тойдон,жамандык - жакшылыктан келген нан,
боорсоктор желбей иттердин эле курсангын тойгозуп калдык эле копчулугубуз.
боорсоктор желбей иттердин эле курсангын тойгозуп калдык эле копчулугубуз.
#15 15 Март 2020 - 10:06
Бягы "акыр заман келет экен,свет очуп,карангылык каптайт имиш" деп Элдер ширенке,свечаларды оптом сатып алып ажиотаж болгон сыяктуу азыр азык тулукторду оптом сатып алып точно ажиотаж болушту го. Сатуучулар учурдан пайдаланып товардын баасын асманга учуруп атышат. Аллах ОЗУ сактасын бизди!
#17 15 Март 2020 - 19:59
Чеснок 1кг 900 сом болуптур.
Love is a game. The first to say love, he lost...
#18 15 Март 2020 - 20:25
Коронавирус бизге келсе, унунар барбы деп сурап, бар болсо кетип калчудай талап жыйнап атышыптыр го элдер.
#19 15 Март 2020 - 20:47
Аллах озу сактасын..
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#20 17 Март 2020 - 20:05
100го жакын адам вирус жуктурду, жакын арада метролор жабылып карантин болушу мумкун.
Жүрөгүмсүң

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия