Суперстан: Ой бөлүшүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ой бөлүшүү Мен да бир бош болгондо ичимдегинин баарын төгүп чачып жеңилдеп алсам

#1 Пользователь офлайн   Umnaya_devushka   15 Апрель 2020 - 21:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 22:21

Башымдан өткөн күндөрүмдү эскерип,көргөн окуяларымды айтсам"Сынган Кылычтан" дагы өткөн бир чыгарма болуп калса керек...Ошол күнгө да жетээрмин ээх бир бугумду чыгарып айтып албасам болбойт сиздерге урматту форумчулар. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Umnaya_devushka   16 Апрель 2020 - 14:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 22:21

Биздин үй-бүлө айылда андай деле ашып ташкан бай деле эмес,бирок айылдын арты да эмес эле.Кыскасы, мал жаны бар орто эле үй-бүлөдө төрөлгөм.Атам кесиби жок,окуу окуган эмес,апам дажогорку билим алган эмес.Ата-энем илгерки кишилер,апам коп бир тууган,атасы эрте эле каза болгондуктан окууга шарты болгон эмес экен бирок мектепти жакшы эле бааларга окуган экен.Билим албаса да адамдар менен жакшы сүйлөшө алганынбы же башкабы билбейм ооруканада тазалык жагында иштеген экен көп жылдар бою.Менин өзүмдөн улуу эки байкем бар,аларды төрөгөндө да тынбай эле иштеп жүргөн,качан мен төрөлгөндө гана жумуштан чыккан экен.Негизи апам аябай жакшы аял,атам экөө бир жашап келатышканына отуз жылдан ашса да мен апамдын бир дагы жолу атама сен минтпедиң,тигинтпедиң деп айтканын укпадым.Кичинемден эле апамдын жашын кудайдын кутту күнү көрчүмүн,же апамды анчалык көгала койдой сабаганга татыганчалык себеби болсо экен себеби деле жок,айылда тээ илгери өткөн кеткен бир нерсени айтып калганда жок ал мындай болбоду беле деп койсо эле анда бүттү,азап тозок башталат....Атабыз арак менен дос болчу ошол кичинемден эле арак ташып,арак ичкенин азабын тартып чоңойдук,апам байкуш качан айтса ошондо,күндүз айтса күндүз,түндө айтса түндө барып кайсыл дүкөндөн болсо да алып келип берет эле...кайра ичип алып жөндагы жатпайт,түгөнүп калат азыр деп баарыбызды уктатпай 4-5терде туруп алып ызы-чуу салчу...4-5жылдай үйдөн чыкпай ичип жатты...элден уялып бүттүм баратсаң кпрашат келатсаң карашат...анысына да эчнерсе дейт элем апамды жөнү жок сабаганы өтүп кетти...же бизди бир баласындай көрсөчү..бала уга тургандын бирин уккан жокмун...апама тийген кол ошентип мага тийди апама кошулуп менде токмок жеп,нервим бузулду...ата дегим келбейт жадакалса,ещё кыз деген назик болот,кыз деген атасына күйүмдүү болот дегенде күйөсүң да,кызга кыздай мамиле кылса кыз болот...сөгүп сагып ар кайсыны айтып уруп согуп анан менин кызым мага күйүмдүү болот деп менимче кем акыл адам ойлойт болсо керек...2008-жылы биринчи класска кирдик,ошол биринчи класстагы "Алиппе" майрамына да көйнөгү жок эле бардым.Классташтарымды көрүп алып ичим күйдү...Алардын үй-бүлөсү ынтымактуу, атасы мээримдүү,камкор болсо керек деп ойлодум.Мектепте негизи кичине класстарга майрам сайрандар көп уюштура беришет го жаңы жыл нооруз деп...ошондой майрамдардын бирине да катыша албадым себеби баягы эле "форма" ...Башы кандай башталса аягы ошондой бүтөбү же кандай биле албадым 11жыл окуп башка кыздардай болуп көйнөк кийип ырдап бийлебедим. ..Класстагыларды көрүп алып ичим күйөт.Менин ата энем мени көрө тургандай,менин эч кимге керегим жоктой сездим...Сулуу кызым менин,акылдуу кызым менин деген сыяктуу аталар кыздарын эркелетет го анын бири жок...Анысы аз келгенсип күндө баланчанын кызы сулуу,керилет тим эле учурашканын айтпа кандай жакшы учурашат,тигин кызын деле карасаң боло минтсең боло тигинтсең боло дейт.Алардын атасы аларга кандай жакшы сөздөрдү айтып,кандай мээримин төгүп өстүргөнүн бир билсе го...анда адам болуп калбайбы...Бир адам балачындай болуп апама же мага же башкасына оозунуан жакшы ооз сөз чыкпайт.Мени эмнеге жаман көрөт,эмнеге ачыла берет,эмнеге сөгөт деп ойлоно берип мен да жапайыдай болуп адам менен оңою менен сүйлөшө албайм жиним бат келет,сөзсүз уккан көргөнүң аң-сезимиңе таасирин тийгизбей койбойт экен.Өзүм жөнүндө пикирим жөнүндө сөз кылбай коёюн."Самооценканы" так ошол ата менен эне мээримин төгүп жакшы сөзүн айтып,мактап жактап анан кийин гана адамдын өзүнө болгон ишеними пайда болоорун байкадым...А менде ал түптөлгөн эмес.Класстагылар да мага башкача мамиле кылышат эле,классташтарымдын катттуу мыскылдагандары, муздак көз-караштары, мамилеси айтор өзүмдүн жаралганыма өкүнүп баштадым.Же ата-энең кызым деп бир жолу бетиңен өөп кучагына бекем кысып менин алтын кызым,менин бакытым деп бир эле жолу айтып койсочу анда мен бактылуу болот элем...
Ошентип,ыйлап- сыктап жүрүп 11-классты дагы аяктадым.Үйдөгү "прогноз погодага" карабай окууну жакшы окудум.4төн бир-экөө бар болчу...бирок мугалимдерим мага ишенишчү жана жакшы көрүшчү...класс жетекчим өзгөчө мээримин төкчү,мага түшүнүү менен мамиле кылат эле аябай ыраазымын...
25-майга да жеттик ошентип.Торжестводо мага стипендия беришти аябай сүйүнүп төбөм көккө жетип өзүмдү"акылдуу" сезип турдум.Мугалимдердин баары сөз сүйлөп куттукташып андан соң майрам дагы аяктап баратты.Баары өз апасы менен сүрөткө түшүп,жакындары алып келген белектерин кабыл алышып бактылуу болуп жатышты.А мен апам ооруп келалбаганына байланыштуу жалгыз калдым.Томсоруп эмне кылаарымды билбейм ыйлап жаттым эч кимге билгизбей... бир кезде жакын досум келип калды сүрөткө түшөлү деп ошентип классташтар да келип чогулушуп аралашып кеттик...25-май жөн эле 25-май эмес экенин ошондо түшүндүм кимдин ата-энесинин авторитети канчалык экенин ошол жерден көрүшөт экен элдин баары...колумда өзүм дүкөндөн алып койгон мягкая игрушка менен гүл,туугандарыбыз деле көп эле бирок негедир ал күнү бирөөнү гана,бүтүрүүчү кызы бар эжемди гана көрө алдым...Үйгө келип аябай ыйладым ата-энемдин эл менен аралашып эл боло албагвнына бир ыйласам мусордон тапкансыган гүлдү алып келген "жеңеме" бир жиним келип ызаланып ыйладым...ошентип шаарга кетмей болдум окууга.Атам каршы болуп кетирбей койду анткени шапрда жакын ишенимдүү деле кишибиз жок эле,бир гана бир адам бар болчу жалгыз жашаган ошол тууганымдыкына бармакмын көп убакыт жүрсө жаман көрөт дедиби билбейм урушуп кетирбей койду.Окуу жайга кабыл алуунун экинчи туру болгондо араң кеттим...окуу жайга бюджеттик орунда окуп жатам...биоок шаарга келип эле таптакыр бөлөк адам болуп кете албадым атамдан уккан көргөнүмдү эстеп ыйлап артка кетип астыга кетип атып стипендияга илинбей калдым.Баарынан нааразы болгонум кийинки жылдары 10-11ден окуп жаткан кезде апамды урбай калды эле бирок,мен окууга келген соң апам менен сүйлөшүп абал кандай экенин билдим...акмак акыры апамды жинди (психологиялык жактан жабыр тарткан аябай) кылып тынды.Апамды больницага алып барып эле атышат,бирок алып келип алып кайра сабашкан экен ,жылдын декабры болуш кнрек эле апам келди шаарга больницага кийинтип чечинтип атып денесинен бир ак жерин көрбөдүм көгала,ошол жеоден атамды каргап атам,ыйлаган абалымда апам болсо байкуш ыйлаба мунун эмнесине ыйлайсың деп коёт байкуш жаным менин...Азыр апам больницада үйдө мен атамдар менен...окуумду окуюн деп отурсам эле сөгүнүп сагынып ар кимге кыйкырып баштайт,ошол жерден "ооорум кармайт". Даже ага тамак жасап бермек түгүл нан салып беогим келбейт иним үчүн эле жасайм ал да келип жеп ичет.Басса турса апамды жамандайт ошол жерден апамды актайм бирок ал сөзгө түшүнбөйт деле сөгүнүп сагынып кутулат баарынан." Билген таап сүйлөйт,билбеген каап сүйлөйт"деген чын экен...Менин жашоодон көңүлүм калды,кыздын жолдошу атасына,баланын аялы апасына окшош болот дешет экен.Ошого ишенем мен көргөндүн баары жле бул сөздү далилдеп келатышат... андай адамдай болуп адамга жакшы сөзүн арнай албаган,сезимдин эмне экенин билбеген акмак менин жашаганча өлүп калган жакшы го...эээ силер кандай ойлойсуңар ...Көрсө анын нерв болуп бизден өзүнүн үй-бүлөсүнөн жинин яыгарганынын себеби мында экен көрсө ал 18жашында мас болуп алып бир аялды зордуктап түрмөгө 18жыл отуруп чыккан экен....түрмөдөн чыккан киши киши болбоыт го обычно.А апам болсо ошол кезде 21-22 жаштардагы жаш кыз экен,зөөкүргө эч ким тийбей койгондо апамды дагы кечке ар ким бизге бер деп сурап келе бергенинен бирине тие берейин деген экен...ошентип зөөкүргө тийип акыры ооорулуу болуп тынды байкуш гана бактысыз апам ай жаным апам....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   16 Апрель 2020 - 17:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Мындай акмактарга убал жок, өлүп да калбайт.Апанызды алып кетиңиз,неге ушунча чыдап жүрдүңүздор! ?Таята,тага деген жок беле?

Билдирүүнү түзөткөн: Baktyluu_bolgum_kelet: 16 Апрель 2020 - 17:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   rola   16 Апрель 2020 - 22:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 28 Март 20
  • Соңку аракети: 02 Мар 2021 20:54

21-22 жашында жаш кыз эмей эле,токтолуп калган экен.Эмне учун ар ким келе берет деп эле турмодон чыкканга тийип алат.Эми буну турмуш деп коет.Апана боорум ооруду.Аялдар байкуштар баарына балдарым деп чыдап жашап келишет.Сага болсо сабыр тилейм.Бак берсин кудайым.Азыр ичип алып кочодо журо турган эркектер азайып калган.Турмуш кураарда жети олчоп бир кесиш керек экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Merelisha   16 Апрель 2020 - 22:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Эххх менин да атам почти ушундай болчу, "ичпей мас"куйоого тийгенче нервтен ооруп калышыма чуть калган. Айтсан соз коп , эстегим келбейт такыр. Азыр миллион жолу шугур москвада .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kalla   16 Апрель 2020 - 22:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 23 Июль 18
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 15:48

Аллахым сиздин багынызды ачсын.(амиин). Апанызга Аллахым шыфа берип,калган омурун жакшылыктарда откорсун.Атанызга Аллахым инсап,ыйман берсин.Сиз Аллахымдан баардык нерсени сурап дуа кылын, ал зат берешен берет. Мен да сизге дуа кылам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kalla   16 Апрель 2020 - 22:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 23 Июль 18
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 15:48

Ээх!. Жаштарыз жакшылап ойлонуш керек даа. Жигиттерибиз "ата данкы менен кыз отот " деген макалды. Кыздарыбыз " энесин коруп кызын ал" деген макалды эсибизде сакташыбыз керек. Кооп нерсе жазгым келди гоо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Umnaya_devushka   17 Апрель 2020 - 07:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 22:21

Baktyluu_bolgum_kelet
Кечээ, 17:40
Мындай акмактарга убал жок, өлүп да калбайт.Апанызды алып кетиңиз,неге ушунча чыдап жүрдүңүздор! ?Таята,тага деген жок беле?
Билдирүүнү түзөткөн: Baktyluu_bolgum_kelet: Кечээ, 17:53
Бир туугандары бар толтурале бирок үй-бүлө курган соң юир тууганды карабай деле калышат экен.Атам бир тууганына мал берип эле оозун жаап коёт...Мен азырынча өзүм каражат тапканга жарай элекмин студентмин, ошого үйдөгүлөрдүн көзүн карашка туура келет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   janym_balam   17 Апрель 2020 - 09:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 02 Июнь 19
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2021 01:01

Жакшы күндөр алдыда, кыжаалат болбо.

Мен кичинемде ичкен, чеккен адамды көрсөм жек көрчүмүн. Алладан көп тилечү элем ичпеген, чекпеген адамга турмушка чыксам экен деп. Аллага шүгүр тилегим кабыл болду, чындап эле ичпейт, чекпейт. Тойдон кийин достору келип бир эки жолу көтөргөн, таң калып "ичпейм" дедиңиз эле түзүк эле ичет экенсиз-деп бир тийгем. Аллага шүгүр, азыр ичпейт, ичпей эле койсун. Айтып калат, ошондой дегенсиң а деп. Каттуу тийген окшоймун? Арак ичкендин кыпындай пайдасы жок. Ичпей эле коюш керек.

Билдирүүнү түзөткөн: janym_balam: 17 Апрель 2020 - 09:27

Тилектер-кабыл болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   17 Апрель 2020 - 10:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Просмотр сообщения Umnaya_devushka (17 Апрель 2020 - 07:21) жазган:

Baktyluu_bolgum_kelet
Кечээ, 17:40
Мындай акмактарга убал жок, өлүп да калбайт.Апанызды алып кетиңиз,неге ушунча чыдап жүрдүңүздор! ?Таята,тага деген жок беле?
Билдирүүнү түзөткөн: Baktyluu_bolgum_kelet: Кечээ, 17:53
Бир туугандары бар толтурале бирок үй-бүлө курган соң юир тууганды карабай деле калышат экен.Атам бир тууганына мал берип эле оозун жаап коёт...Мен азырынча өзүм каражат тапканга жарай элекмин студентмин, ошого үйдөгүлөрдүн көзүн карашка туура келет...

Малга алданып калган кандай тууган тооба!Бир туугандан да бир кой артык экен да (((Кыз киши күйөөсүнө, күйөөсү карабаса атасына,эркек бир туугандарына аманат го!? Ушундай тагдырларды окусам нерв болом,боорум оорубай эле жиним келет? Бирөөгө кор болуп,токмогун жеп,эл эмне дейт? Кокуй!балдарым, деген менен балага да бактылуу,ден соолугу чың апа керек.Жаркын, тынч жашоо керек!А эл дей берет,сенин жашооңдо бир күн болбогондон кийин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Umnaya_devushka   17 Апрель 2020 - 19:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 22:21

Кедей да эч нерсеси жок,анан доктурга көрсөткүлө минткиле демиш болуп калышат
Менин уже жашагым деле келбей калды сабак окугум да келбей алкаш зөөкүр оозунан жакшы сөз чыкпаган кишинин кызын ким алат эле???атанын баркы кыз өтөт деди го бирөө анда мен өмүрү өтпөйм...өлгүм келет өлө албайм чоң күнөөгө батам дааа деп...бирок алдыга кете албасыма көзүм жетет окуумду окуй албайм китеп кмраганга көңүл жок алкаштан кантип арылсам деген эле ой мээмди ээлеп алган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Umka..00   17 Апрель 2020 - 21:53

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ушундай чечкинсиз, ушундай адамдар жанын кейитет. Мындай жашоо кобунун эле башынан отот. Ага кайгырып коп башынды оорутпа сага нерв, ден соолук керек. Жакшы адамдар коп. Бир кун келип кааласан каалабасан бироо менен таанышасын, суйосун суйулосун анан эле бироо алдаса ошондо бул кайгындан качам деп адашып калба. Сен кандай тиленсен ошого жараша болот. Жакшы ичпеген, жашоодо ордун билген, мени сыйлаган мен сыйлаган, уй булоосу жакшы адамга турмушка чыгайын деп тилек кыл. Озунду кемсинтпей жакшы адамга турмушка чыкканга аракет кыл. Байкелерин бар экен апанды коргоп караса болмок экен. Азыр жакшы жашоодо жашайбыз аракет кылса болот кор болбой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Umnaya_devushka   18 Апрель 2020 - 12:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 22:21

Umka..00 фотографияUmka. .00
Кечээ, 21:53
Ушундай чечкинсиз, ушундай адамдар жанын кейитет. Мындай жашоо кобунун эле башынан отот. Ага кайгырып коп башынды оорутпа сага нерв, ден соолук керек. Жакшы адамдар коп. Бир кун келип кааласан каалабасан бироо менен таанышасын, суйосун суйулосун анан эле бироо алдаса ошондо бул кайгындан качам деп адашып калба. Сен кандай тиленсен ошого жараша болот. Жакшы ичпеген, жашоодо ордун билген, мени сыйлаган мен сыйлаган, уй булоосу жакшы адамга турмушка чыгайын деп тилек кыл. Озунду кемсинтпей жакшы адамга турмушка чыкканга аракет кыл. Байкелерин бар экен апанды коргоп караса болмок экен. Азыр жакшы жашоодо жашайбыз аракет кылса болот кор болбой

Алданып калгам эбак эле ошого да өзүмдү өлтүргүм келип жүрөт...Өмүрүңдө бир жолу сулуу кыз,жакшынакайсың деген сөздү угуп көрбөсөң...мен ушул кичинемден бери эле же агамдын оозунан же атамдын оозунан мындай акылдуу эстүү кызым,супсулуу кызым жакшынакайым деген сыяктуу кыздар угуш керек болгон сөздү укпай чоңойгом албетте мен да адаммын мен да көңүл менде да жүрөк бар,мен дагы элге окшоп жакшы сөздөрдү уккум келет...бирок уга албадым атам мени эмнеге жек көрөт билбейм...бирок баардык эле эркек өзү сүйбөгөн аялдан туулган балага ошондой мамиле кылмак деп ойлойм.Апамды жакшы көрбөгөндөн кийин мага эмне жок.И ещё түрү суук болсом мага жакшы сөздү кннтип ыраа көрсүн...зар болдум жакшы сөзгө жөн гана жакшы сөзгө зар болдум бир жолу болсо да уккум келди...Бирок ал сөздөрдү айта турчу кишиден укпай калганга байланыштуу кайдагы бир атын да билбеген киоиден угуп....сулуу экенсиң деген сөздү биринчи жолу уктум,аа мен деле сулуу турбаймбы мени деле киши карайт экен да дедим.Мага бир дагы бала номеримди сурап жазып же чалып көргөн эмес мага ал учур жомоктойле сезилди.Бирок ошол сулуу экенсиң бир сөзүнүн акысын 10000эсе кылып кайтарвп алды...алдандым оооба алдандым менин ордумда кайсыл кыз болбосун ошондой кылмак кыздарга жылуу маиле менен жакшы сөз суу менен абадай эле керек...атамды жек көрөм жек көрөм атамды...ал жана агаларым мага жылуу мамиле кылып,алтыным сулуу карындашым менин деп кучагына кысып менин дагы бул дүйнөдө кыпындай болсо да ордум бар экенин билдирип коюшканда мен ал,күндө эле угуп жүргөн бир сөз үчүн тряпка болбойт элем...атамды жек көрөм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Kalla   18 Апрель 2020 - 15:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 23 Июль 18
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 15:48

Бул теманы корбой же окубай эле калбай.мээмде кечке айланып жатат.Ушундай даа ата, ушундай да бир тууган болобу.Эхх! Колумдан бир нерсе эле келсечи,!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   rola   18 Апрель 2020 - 22:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 28 Март 20
  • Соңку аракети: 02 Мар 2021 20:54

Сулуусун деп койсо эле алданып калган кандай немесин?Эми апанын башына тушкон кун сага да тушпосо болду.Ойлон жаш экенсин.Жети олчоп бир кесип турмушка чык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Umnaya_devushka   20 Апрель 2020 - 17:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 22:21

Мени атам да апам өмүрүмдө сулуу кызым деп айткан эмес.Мен кичинемден эле түрү сууук,кем акыл деген сөгүштөрдү угуп чоңойгом.Бул сөзгө зар болуп бир да адамдан уккан эмесмин,чын эле укканда башкача болуп кеттим.Анткени мен ошого чейин мендей түрү суукту ким карамак эле деп жүрчүмүн,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Umnaya_devushka   20 Апрель 2020 - 17:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 22:21

rola фотографияrola
18 Апрель 2020 - 22:57
Сулуусун деп койсо эле алданып калган кандай немесин?Эми апанын башына тушкон кун сага да тушпосо болду.Ойлон жаш экенсин.Жети олчоп бир кесип турмушка чык.
А мени турмушка чыгат деп ким айтты?турмушка чыкпай эле койдум...мени өзүлөрү тапкан ата энемдин жасаган мамилеси ошол болсо,капкайдагы тааныбаган адамдардын маилеси кандай болот эле?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Апрель 2020 - 18:17

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Оз кызына ушундай мамиле кылган атаны биринчи жолу угуп жатамын. Кудай сактасын((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   rola   20 Апрель 2020 - 21:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 28 Март 20
  • Соңку аракети: 02 Мар 2021 20:54

Турмуш сен ойлогондой жаман адамдар менен курчалган эмес.Оку билим ал,айланага жакшы коз караш менен кара.Жакшы адамдар толтура.Озунду сыйлаганды, баалаганды уйрон.Келечегин алдыда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Umnaya_devushka   21 Апрель 2020 - 14:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 22:21

Билдирүүлөрдү кантип удалить кылат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 00:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: