Саламатсыздарбы,
форумчулар менда бир тагдырды, жазгым келди.
Эх тагдыр Тагдыр
#2 31 May 2017 - 17:07
Биз тогуз бир тууган чоон ,ынтымактуу уй булоодон элек.Мен уйдо жетинчиси менден кийим бир иним жана бир синдим бар.Ошондой кундордун биринди тайенемдин уйуну барып калдым, бир айылдан болчубуз.Анда мен 8-9жаштагы кыз болчумун,тайакемдин кызы болчу менден бир жашка улуу.Ойноп жатсак эле ал айтып калды силер эжелерин,акелерин менен башка экенсинер,алардын апалары башка, силердин апанар башка экен дейт.Мага ал соз ото каттуу тийди,себеби биз ото ынтымактуу уй було элек.Мен тайекемдин кызына капа болуп, сен калп айтасын деп уйго таарынып кетип калдым.Биздин уйдун аралыгы 3км дей болчу.Бирок уйго келип апамдан сурай албадым.Ошентип ал соз унутулуп кетти.Кундор,
айлар,жылдар отуп мен 12-13ко чыгып калганда дагы бир туугандардан ушул созду уктум.
#3 31 May 2017 - 17:23
Кийин билсем чын эле атам алты балалуу болгондо, кичине кызы бир жарым жашта,чон кызы 12ге толо элек кыз экен .Ортодогу балдары ар бири эки жаштан болушуп, жаш балдары менен аялы ооруп каза болуп калыптыр.Ошондо атам 37жашта экен. Ыйлап сыктап жаш балдары менен кыйналып, жумушка кетип кыйналып жургондо, туугандары топтолуп келип балдарын менен кыйналасын биз балдарынды багып алалы дешип,эжелери,
акелери дагы туугандар бирден ,экиден кылып болуп алып кетишиптир.
#4 31 May 2017 - 17:45
Эми менин апам жонундо соз болсун.Апам борбордо окуп, бир жигит менен суйлошуп журуп,алыскы бир районго турмушка чыгыптыр.Алар ото бактылуу жашашып, бир уул, бир кыздуу болгондо, кокустан кырсыктан куйоосу каза болуп калат экен.Ошондо апам 24 жашта экен. Ошондон кийин апам копко ооруп журуптур.Тайенемдер дарылатып кооп убакта озуно келиптир.Ошол мезгилде эжеси балалуу болбой журуп, кызын эжеси багып алат экен. Арадан 5-6жыл отуп, апам жакшы болуп иштеп жургондо, атамдын туугандары кууда тушуп барышат экен. Келген кудааларды кайтарып,эч бирине жакшы жооп бербей , кайра -кайра келе беришип ,анан атама турмушка чыгат экен.
#5 31 May 2017 - 17:58
Апам келин болуп келген кундон эле, балдарынын баарын топтоп, булар бир туугандар бирге чоноюш керек,жок дегенде ата мээрими менен осуш керек деп, балдарын баарын алып келип алат.Апам келгенде кичинекей эжем эки жашта экен.Апамдын белинен тушпой которуп журчу экен.Балдарга тегиз мээрим берип, баары апам деп кабыл алышыптыр.Туугандар отуруп эскергенде,
апама ушунчалык ыраазы болушат, эч бир огойлук кылганын же балдарга катуу тийгенин корбодук
#6 31 May 2017 - 18:18
Айланып тегеренип кана турчу эле дешип айтышат.Ошентип арадан 2-3жыл отуп, мен андан кийин иним, кийин синдим торолот.Апам ото мээнеткеч, ууз аял болчу. Биз жакшы турмушта чонойдук.Айылдагы корунуктуу уй биздики болчу.Корообуз толо мал болчу.Ошол мезгилде 9-10жаштагы кыз болсомда , апам бизди кошо уузчулукка уйротуп тиктиртет эле.Эжелеримди турмушка берди ,акелеримди уйлоп,уй салып болуп койду.Апама заказ коп келет эле, ошондо айылдан бир эки келинди жумушка алып, айлык берип иштет эле.Мен эс тартып билгенден апамдын сандыгында бир туйун акча тураар эле.Заказ мн материлдарды алдыртып ,ошолорду тигип кайра сатчу.Биздин уйдун жанында коп балалуу аталары жок уй було болчу.Атам менен апам 15кундо, же бир айда кой сойдуртуп, жарым этин ошол уй булого берет эле.Биз балалык кылып эмнеге берес, бербен дейт элек, ошондо ;кой балдарым биз эт жеп жатсак алар ачка отурса болбойт; деп, бизди тыйып койчу.Союз тарап эл кыйналып жаткан мезгил болчу.
#7 31 May 2017 - 18:27
Ошондой бактылуу кундордун биринде апам ооруп калды.Врачтарга корунуп журду.Бир куну баарыбыз кечки тамакта отурганда апам соз баштады:
-Мен узак убакытка дарыланып келем,силер жакшынакай болуп,атанарды жакшы карап отургула деди.Суйлоп жатып апамдын козу жашылданып кетти. Мен туруп сыртка чыгып, копко ыйладым, корсо апамдын анализдери начар чыккан экен.
-Мен узак убакытка дарыланып келем,силер жакшынакай болуп,атанарды жакшы карап отургула деди.Суйлоп жатып апамдын козу жашылданып кетти. Мен туруп сыртка чыгып, копко ыйладым, корсо апамдын анализдери начар чыккан экен.
#8 31 May 2017 - 18:30
Ал мезгилде 11-12жаштагы кыз болчумун.Ошентип эртеси кичинекей синдимди ээрчитип апам шаарга даарыланганы кетти.
#9 31 May 2017 - 19:45
Шаарда бир айдай даарыланып келди.Диета менен журуп калды.Тез-тез даарыланып турчу.Ошентип ооруп журуп кичинекей эжемди турмушка берди.Менда 9-классты бутуп калдым.Мектепте жакшы окучумун,мугалимдер кызыл куболук менен бутуробуз деп, ошол жылы мектепке жаны келген райондун акиминин кызыны берип коюшту.Мен ызама чыдабай мектепке окубайм,окуга тапшырам дедим.Атам каршы болду ,бирок апам атамды кондуруп мени колледжге киргизишти.
#10 31 May 2017 - 20:21
Ошентип студенттик кундорум башталды.Жакшы окуп жаттым, группанын старстасы болуп дайындашты.
Ал ортодо апамдын абалы начарлай баштады.Тез арада уйлонбогон бир акем калган ошону шашылыш уйлодук.Азыр апамдын айколдугуно баа берем.Эжелеримди турмушка бергенде , акелеримди уйлогондо алардын тайата тайенелерин чакырып конокточу.Келип тургула силердин жээнинер болот катташкыла деп коп ирет чакырды,бирок алар эмнегедир боор беришпеди келип катышпады.Менин тай жактарым менен катышып калышкан.
#11 31 May 2017 - 20:33
Акелерим аскерден келсе койун жетелеп,белек бекчегин которуп тай жагына созсуз алпарчу.Атам апама коп жолу ыразымын дечу.Ата-энемдин тарбиясынан эч кимдин акысын жебеген,уурулук кылбаган жакшы тарбияда чонойдук.Апам ооруп жатканда, эжемдер, акелерим айланчыктап,
уктабай буту колун укалап чыгышчу.
#12 31 May 2017 - 20:48
Ошентип окуп журдум 1-курсту бутуп каникулга тарадык.Апам жакшы болбой эле кундон кунго начарлап жатты.Больницага алып жатам даарыларын убагында берип карап жаттым.Сентябрь келип окуга кайттык.
#13 31 May 2017 - 21:35
Эжемдер келип апамды кезектешип карап жатышты.Апамдар оздору жети кыз болчу, эже-синдилери келип карап жатышты.Апамдын тайэжем багып алган кызыда, келип кетип журду, бирок апамды эже дечу.
Ошентип 2-курс болуп кыздарыбыз жигит жандай башташты,менинда артымда соз айткан жигиттер коп болчу,бирок эч бирине конул бурбай окуп журдум.Кудайдан тилегеним эле апамдын айыгып кетиши эле.Жаз келип калганда апам тошоктон турбай калды.Ага чейин бираз басчу.Апамды корсотпогон врачыбыз калбады,баары эле конулуно карап эмне жесе бере бергиле дешет.Мындай деген жерде табып бар экен дешсе уккан жерибизге алпарабыз эч эле жылыш болбоду.Ошентип кундорубуз отуп жатты.Мен 2-курсту бутуп 3-курс болдум
Ошентип 2-курс болуп кыздарыбыз жигит жандай башташты,менинда артымда соз айткан жигиттер коп болчу,бирок эч бирине конул бурбай окуп журдум.Кудайдан тилегеним эле апамдын айыгып кетиши эле.Жаз келип калганда апам тошоктон турбай калды.Ага чейин бираз басчу.Апамды корсотпогон врачыбыз калбады,баары эле конулуно карап эмне жесе бере бергиле дешет.Мындай деген жерде табып бар экен дешсе уккан жерибизге алпарабыз эч эле жылыш болбоду.Ошентип кундорубуз отуп жатты.Мен 2-курсту бутуп 3-курс болдум
#14 31 May 2017 - 21:48
Бир куну апам мени чакырып жанына отургузуп
-Кызым мен эми адам болбой калдым окшойт,сен чоноюп калдын инин менен синдин сага аманат деди.
-Антип айтпан,сиз созсуз айыгасыз деп калган созун укпай ыйлаган бойдон кетип калдым. Апам артымдан кыйкырып кала берди отур ук созумду деп.Азыр арман кылам эмнеге укпадым экен,
эмнелерди айтмак экен деп.Андан коп отпой эле апам комага тушуп калды. Мен айылдан барып окуп калдым,кантседа апамдын жанында кобуроок болгум келди.20-октябрь куну алтын апам 48жашында бизди таштап кете берди.
-Кызым мен эми адам болбой калдым окшойт,сен чоноюп калдын инин менен синдин сага аманат деди.
-Антип айтпан,сиз созсуз айыгасыз деп калган созун укпай ыйлаган бойдон кетип калдым. Апам артымдан кыйкырып кала берди отур ук созумду деп.Азыр арман кылам эмнеге укпадым экен,
эмнелерди айтмак экен деп.Андан коп отпой эле апам комага тушуп калды. Мен айылдан барып окуп калдым,кантседа апамдын жанында кобуроок болгум келди.20-октябрь куну алтын апам 48жашында бизди таштап кете берди.
#16 31 May 2017 - 21:58
Кичинекей синдим жетиде иним ондо окуйт эле.Атамдын балдарын баарын окутуп,уйлон жайгаштырып озунун балдарына келгенде, эч бирин жайгаштырбай кете берди.Апам козу узаганда мен жанында болчумун,иним мн синдим мектепте болчу.Тайенем боздоп боздоп колу менен узатып калды.Туугандарыбыз барып инилеримди мектептен алып келишти,уйдон чыккан окуруктон инимдин мурдунан кан атып кетип, аппак койногу кан болуп чуркап келе жатты.
#18 31 May 2017 - 22:02
Эч кимге карабай апамдын устуно келип жыгылды.Артынан синдим келип кучактап жыгылды,мен озумду жоготуп койдум.Ошентип ыйлап сыктап алтын апамдан айрылып кала бердик.
#19 31 May 2017 - 22:08
Эхх тагдыр,бешенеге эмнени жазса ошону корот экенбизго.Ыйлап-
ыйлап кунубуз отуп жатты.Баарынанда атама кыйын болду бизди кучактап эле ыйлайт,эч кимге суйлобой тунт болуп кетти,бирок намазын таштабай куранды узбой окуп жатты.

Супер-Инфо
super.kg
видео









