Суперстан: Өз каалооңдон корк. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өз каалооңдон корк. Фантастика, триллер, драма

#41 Пользователь офлайн   alisha00   23 Июнь 2020 - 00:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Демидра барсызбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   nurzash09   28 Июнь 2020 - 16:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Качан жазасыз Димедра, чыдамсыздык мн кутуудобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Dimedra   30 Июнь 2020 - 01:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Баары даяр болуп түшкө калбай жолго чыгып кетишти алар. Акырына чейин Аяна кайда барышаарын сураган жок. Качан Данияр унаанын башын шаар аралата бурганда гана,
-Биз Кыргызстандын эле аймагында калабызбы? деди.
-Жок, Алматыга барабыз.
Данияр көңүлсуз суз гана жооп узатты.
-А биз башка тарапка бараткан жокпузбу?
-Апамдар менен көрүшүп кетели дебединби.
-Жок! Аяна шашып кетип кайра жайлана, азыр эмес, апамды кыжаалатка койбой эле кете берели, анын да өзүбүздүн да жүрөгүбүзду оорутпай, деди. Бул сөздөрдү сүйлөп жатып көздөрү жашылданып кетти Аянанын. Кудум азыр ыйлап жибере тургандай.
Данияр ага да маани бербегенсип кыска гана,
-Макул, деген жообун берип жолду айланта айдап артка кайтып кетти.
Ошол боюнча эч бири ооз ачпастан мекенди таштап чек арадан өтүп кете беришти.
-Биз эми бул жайларга кайтып келбейбиз, деди Амир арткы орундуктан терезеге карап бара жатып.
Данияр алдыны тиктеген боюнча үн катты.
-Жок балам, биз келебиз, жакынкы күндөрдө кайтып келебиз. Мен силерге сөз берем.
Данияр жубайынан колдоо күткөн эле, бирок ал үн каткан жок. Башын ал жакка буруп Аянанын терезе тарапты карап отурганын көрдү, денесинин кыймылына караганда ыйлап бара жатканга окшойт. Эмне болду деп сураганы барып токтоп калды, баары бир суроосуна жооп болбосун билип.
Бул убакта Альмира Амирге карап ойлуу отурган, чоң адамдай кыжаалатка батып. Алардын кичинекей мээсинде эмнелер болуп жатканы кызык болду Даниярга.
-Альмира эмне болду садагасы, үйдөн алыс кеткин келбей жатабы? деди.
-Биз чын эле келбейбиз эми бул жайларга, деп Амирдин сөздөрүн кайталады ал.
-Эмнеге антип ойлоп жатасың?
-Амирдин туюмдары ушундай.
-Амир, Альмира сыртка чыгып келүүнү каалайсынарбы, бир аз денени жазып алалыбы, деп Аяна башка сөзгө буруп алардын жүрүп жаткан маегин бузуп жиберди.
Данияр бул сөз балдарга эмей эле өзүнө айтылганын түшүнө унааны жолдун четине алып токтотуп баары сыртка чыгышты.
Балдары жанаша туруп казактын кенен жайылган талааларын күзөтүп турушканда Данияр унаага жолонуп турган жубайынын жанына келди.
-Сага эмне болду асылым? Көзүнө жаш алганынды көрдүм.
-Болуп жаткан окуялар көзүмө жаш алууга себеп боло албайт деп ойлойсуңбу? Ал үчүн мындан да өткөн көйгөй болушу керекпи?
-Тиги балдардын бөлмөсүндө сүйлөшүп жаткан сөздөрүнөр эмне эле, мен да билбешим керек болгон кандай жашыруун сырынар бар?
-Амир, Альмира кеттик, деди Аяна Даниярдын суроосун жоопсуз калтырып.
Ошол боюнча алардын ортосунда сөз уланган жок.
Көздөгөн жерине да жетип келишти. Бул шаарда Даниярдын атасынан калган бир канча турак жайы боло турган, ошонун ичинен "Сайран" көлүнүн жээгинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине токтошту. Жайгашып болгон соң гана Аяна апасына телефон чалып кабарын айтып, анын таарынычын угуп отуруп калды. Башка убак болгондо абдан капаланмак, азыр анткен жок. "Апам баарын бир күн түшүнөт, мен азыр балдарымды коргошум керек", деди ички үнү ишенимдүү.
Данияр болсо ар күн Кыргызстандын жаңылыктарына кулак түрөт. Билгениндей эле көп өтпөй доктордун суракка кабылганын укту, аны да кайын атасы айтып турду.
Ал сүрөттөгү өзү экенин тан алып, бирок колундагы баланын кимдигин ачыктабаптыр эмнегедир. Анын оюнда эмне бар экенин билүү кыйын эле, себеби үйүндө болгон акыркы жолугушуудан кийин алар байланышкан эмес.
Жеңиштин жүрөгү катуу азапка чыдабай иштөөсүн токтоткон деген жыйынтыкка келишиптир эксперттер, денесинде эч кандай азаптын изи табылбаса да. Алардын берген жыйынтыгы боюнча бул психикалык жактан жасалган катуу басым да болушу мүмкүн экен. Бул жоромолду докторго тануулап кою жеңил болгону үчүн ошентиштиби же чындап эле алар муну аныктай алыштыбы бул мындан кабары жок адамдар үчүн табышмак боюнча кала берет. Баарынан табышмактуусу алар докторду камакка алганда ал балдар тууралуу айтып берген жок. Өзүнүн күнөөсүн мойнуна албаганы менен аны далилдеп бере албай камакка алынып кете берди. Данияр өлкөгө кайтып ага жардам бермекчи болгондо доктор токтотуп койду.
-Данияр мырза, менин жасап жаткан аракетимдин баарын текке кетирбениз. Мен бүтүн өмүрүмдү сарптасам да мынчалык акыбет көрө алмак эмесмин. Ал балдар жашоосу керек, эркиндикте өзүнчө жашасын. А биз көрөлү да туралы адам баласынын жеткен мүмкүнчүлүгүнүн чегин. Аларга бир нерсе болсо, бирөө жарым тоскоолдук жаратса биз эч качан ал кереметти көрө албайбыз.
-Эмне болгон керемет?
-Так ушул суроого жооп алуу үчүн мен өзүмдү курмандыкка чалып отурам, сиз да ошентиниз эгер андан башка жол жок болсо.
-Доктор сиз мени кыжаалатка коюп жатасыз. Сиз да менин балдарымды эксперимент катары көрүп турасызбы. Мен аларды күзөтүп туруу үчүн эмес, жардам берүү үчүн сизге кайрылгам. Бул кадамым үчүн өкүнүчко койбонуз мени, деди Данияр ишенимсиз. Өзүн курмандыкка чалып жаткан адамды урушуу ыңгайсыз болуп турган ага.
- Анда угунуз Данияр мырза. Менимче Жеңиштин өлүмүнө балдардын түздөн-түз катышы бар. Кандай кылып билбейм бирок ушундай. Аралыкта туруппу же жанына жакын келиппи жасаган муну. Адамдын мээси жада калса жүрөктүн иштешин да токтотууга күчү жетээрин көп жолу ойлондум, бирок жылдар бою далил жасай албадым ал ойлорума. Менимче Амир биринчилерден болуп жетишти бул ачылышка.
-Доктор сабырымды сынабаныз. Ооба менин балдарым кадимки балдардай эмес, бирок алар адам өлтүргүч да эмес.
-Жок, жок алар адам өлтүргүч эмес, болгону алар мээге буйрук бергич. Мээнин ар бир болукчосу тааныш Амирге, мен буга өзүм күбө болбогондо сүйлөмөк эмесмин. "Менимче мен адамдын мээсинин иштөөсү менен толук таанышып болдум" Ушундай деген ал. Мен билгенден мээге кирүүнүн жана ал жердеги ойлорду алмаштырып, башкача иштөөгө мажбур кыла ала турган адис жок менден башка биздин өлкөдө, Амирди эске албаганда.
-Жетишет доктор. Мен сизге жардам берейин деп келгем, өзүн курмандыкка чалып жатат го деп ойлогом. Адашыпмын, сиз жөн гана өзүңүздүн кыялынызда жашап жаткан экенсиз.
-Мен сиздин алдынызда актанууга милдеттүү эмесмин, каалагандай тушунунуз. Бирок Жеңиштин жүрөгү жарылып кеткендиги анык, бул катуу оорудан же катуу коркуудан гана болот, кайгыбы башкабы мындайга алып барбайт. Ырас анын денесинде азап тактары жок экен бир гана жолу калып жатат, ал да болсо коркуу. Коркууга мээ жооп берет. Мээге ким буйрук берет? Акыры ал учуучу тарелкадагы адамды көрбөгөндур, же эмне көзүнө корумчу көрүндү дейсизби. Башына мынтык такап өлтүрөм дегенде коркпогон адамды кандай кубулуш коркута алды деп ойлойсуз.
Данияр муштумун түйүп кыжынып алып ал жайдан чыга жөнөдү. "Шайтан алгыр, кайдагы мерез адамга жолукканмын, кичине балдарды ушуну кылды дешке кандай оозу барды." деп баратып Амирдин сөздөрүн эсине түшүрүп кетти. "Мээсин жарып жиберүү абзел эмес, уктатып кою жетиштүү дейт Альмира" деген эле ал. Кийин үйдөн кетип жаткан күнү Аяна алар менен жашыруун сүйлөшүп жатпады беле. Балким ошол өзү да билиш керек болбогон сыр ушул болуп жүрбөсүн.
Эки тарабын карап этияттанып алды Данияр, кудум бирөө анын оюн билип кала тургандай. Ал Бишкектеги бүтүрүүсү керек болгон жумуштарына да карабай кайрадан Алматыга карай сапар тартты. Бир эле ирет балдарынын көзүнө карап бул суроону берүү жетиштүү, Альмира чындыкты жашыра алса да Амир жашыра албайт, жашыруу эмне экенин да билбейт ал.

Кадимки төрт саатта жетип барчуу шаар да бүгүн алыстап кеткенге окшойт, жетип келүү абдан кыйын болду Алматыга. Шаар четине жетип гана унааны токтотуп таза абага түштү. Бирде колдорун учкаштырса бирде жаза калып, бирде балдарын актаса бирде күмөн кылып түрдүү ойлордун кучагына чомулуп басып жүрдү. Азыр үйүнө барып аларга кандай көз карашта карайт, Амир доктордун айтканын баарын тастыктап койсочу, а эгер апасынын айтканын аткарып жалгандан жок деп танып кетсе эмне болот. Ушундай суроолор менен өзүн өзү ар тараптан соккулап жатты. Жалган болсо да жакшы сөз уккусу келип турганын же ачуу болсо да чындыкты угууга даяр экенин билбейт.
Ошол шаар четинде эле ичинде болгон суроолоруна жоромол таап, кайнаган ойлорун муздатып болгонго окшойт, үйүнө киргенде эле жанагы бурганактаган санаа басандап чындыкты билүү каалоосу да жоголуп кетти. Билгенде эмне дегендир балким.

Эми чындап эле Бишкекке кайтуу дегенди унутту, акырындык менен компанияны Алматыга көчүрүп өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде калууга бел байлап жашап калды. Балдары болсо эч кимдин жардамына муктаж болбой калышкан. Жардамга адам издеп отурбай эле компьютер менен тааныштырып кою жетиштүү экенин алдын ойлонбогон экен.
-Ата моону карасан, деди бир күн Амир кагазга тартылган сүрөттү көтөрүп келип.
-Бул эмне?
Данияр таң кала бирок муздак сурады. Ал бая күндөн тартып жыл айланса да эмнегедир балдарын мурдагыдай кучагына кысып эркелетпей калган, жада калса балам кызым да дебейт аттарынан гана чакырат.
-Билбейм, менимче таш болсо керек, деп жооп берди уулу.
-А сен муну кайдан көчүрүп алдын?
-Билбейм, деди да өзүнүн тарткан сүрөтүн таң кала карап кетип калды.
Ал сүрөт тууралуу унутуп деле калса керек эле, же маани да бербегендир Данияр. Мындай таң калычтуу окуялар күн сайын болуп турган соң ар бирин эстеп калууга мүмкүн эмес эле.

-Уулубуздун тарткан сүрөтүн көрдүңбу? деди Аяна жаздыкка башын коюп жатып.
-Эмне экен? Данияр кадимкисиндей эле муздак сурады.
-Билбейм, атана коргозчу дегем. Балким баалуу таштыр.
-Ал билбеген нерсени мен кайдан билейин, деп тескери бурулуп жатып алды Данияр.
-Данияр сен бир нерсени унутуп жаткан жоксуңбу?
Аянанын сабыры түгөнгөнго окшойт, ачуулу үн катты.
-Эмнени? деп күнк этти жолдошу ошол калыбында.
-Өзүңдүн кимдигинди.
-Ким экенмин.
-Атасын сен! Уулуна жол коргозчу, билбегенин үйрөтүүчу адамсын.
Данияр жооп берген жок, ал эмнегедир жубайына да таарынып жүргөнгө окшойт.
-Унутпа, сен сөз бергенсин! Кандай болбосун балдарды коргоп, керек болсо мени менен алардын ортосунда тандоо түшсө аларды коргойм дегенсин. Мен унутпадым жана ал оюмдан кайткан жокмун, кайтпайм.
"Адам өлтүрүп койсо дагыбы" деп айтып ала жаздап өзүн аран басып калды Данияр. Ошол боюнча эч бир ооз ачып сүйлөбөй тескери карап жатып уктап калыптыр. Эрте менен ойгонсо үйдө эч ким жок, балдарды алып Аяна сыртка чыгып кеткен экен. Учурдан пайдаланып балдарынын компьютерин ачып текшере баштады. Кызыгы эч нерсе сакталбаптыр, алар ачып окуп гана коюшат өңдүү. "Ананчы" деди Данияр, "алар бир уккан маалыматын эстен чыгарышпайт эмеспи, кайталап окубаган соң сактап алып кереги эмне". Кызыктуу нерсе таба албай компьютерди жабайын деп жатканда белгисиз даректен кат келип түштү.
"Аз калды Амир, Альмира, биз жакында бирге болобуз. Атабыз туура деп эсептеген учурда баарыбызды алып кетет. Биологиялык ата энелерибиз бул жөнүндө билбеши керек." деп жазылыптыр. Электрондук машиненин мээсимин деп ойлоп жүргөн Данияр өзүн ушул убакка чейин, азыр болсо ал кат кайдан келгенин таба албай убараланып жатты, дарексиз кат экен. Аңгыча каалгага кулп салынып буралып жаткан доош угулуп Данияр компьютерди өчүрүп чыгып кетүүгө аргасыз болду. Үй булоосу босогону аттап киришкенде араң бөлмөнү таштап чыгууга жетишти.
Аяна жолдошунун жүзү өзгөрө түшкөнүн көрүп суроолуу тиктеп койду. Данияр бир балдарына бир жубайына карап нес болуп тура берди. Ал эми гана түшүнүп жетти жубайынын ар күн тарткан азабын. Ким, кантип балдарын алардан тартып алаарын, Аяна эмнеден корко берээрин түшүнбөй, аялдык кылып жатат деп ойлоочу. Көрсө ал көрөгөчтүк кылып жаткан экен. "Атабыз дегени Джозеф болсо керек, бирок каттын ээси ким болду экен? А эмнеге Джозефтин өзү болбосун. Балким ал ушундай кылып башканын атынан кат жазып балдарга жакындап жаткандыр. Кыйтыр жолду тапкан экен. Үчүнчү адамдын тили менен сүйлөшүү жүргүзүү ар дайым жеңил болот эмеспи." деп ойлопнуп турду.
-Альмира биз азыр эмне жейбиз, деди Аяна кызына карап. Бул сөз Даниярды оюнан алаксытып жиберди.
-Мен жасаймынбы? деген кичине кыз алакандарын чаба кубанып алып ашканага карай кирип кетти. Амир да анын артынан баскан.
Аларды күзөтө карап турган Даниярдын башы айланып кетти, кудум тасма көрүп жаткандай, бул окуялар дегеле өзү менен байланышы жоктой сезилип жатты ага.
-Альмира отургучтун үстүнө чыгып жетет казанга, ал омлет жасаганды жакшы көрөт, деди Аяна жолдошунун ою ошондо болуп жатса керек деп божомолдой.
Данияр селт эте жубайына карады. Анын бул көз карашы Аянага бейтааныш эле, ал жубайын биринчи ирет көрүп тургандай таң кала карап турган.
-Данияр! деп кыйкырып жиберди ал.
Бирок жолдошу абалын өзгөрткөн жок, Амир гана апасынын үнүнөн ашканадан чыга келди. Ал нес болуп турган атасынын жанына келип колунан тарта ылдый отургузуп көздөрүнө тигиле карап турду да бөлмөсүнө карай жүгүрүп кетти. Ал компьютерин ачып колдору менен өтө бат иштеп бир топ баракчаларды ачып коюп, өзүнүн артынан кирип келген апасына карады.
-Атам муну көрүш керек.
-Ал эмне болгон маалыматтар.
"Көр дегендей" Амир орундук бошотуп ордунан туруп кетти.
Аяна экрандагы жазууга үңүлүп карап олтуруп калды көргөн көздөрүнө ишенбей. Анда Израильдеги эгиз балдар тууралуу маалымат экен. Жергиликтүү жашоочулар аларды шайтандын балдары деп эсептеп өлтүрүүнү көздөп издеп жатышкандары жазылыптыр. Аяна шаша андан кийинки баракчаны ача салды. Анда ошол эле окуя Италияда катталганы бар экен. Кийин Франция, Америка, Россия жергелеринде да болуп жаткан экен бул окуялар. Бардык учурлар бирдей, эгиз балдар, жаштары да ошондой эле.

Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   nurzash09   30 Июнь 2020 - 10:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Эхх мынча сооонун,кызыгына келгенде..... .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   ASA79   05 Июль 2020 - 21:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Көптөн эле жазыңызчы автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   bond0202   05 Июль 2020 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

бошобой ататко менимче
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   bond0202   05 Июль 2020 - 22:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

жок дегенде качан жазаарын айтып койсон автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Emilia.kg   06 Июль 2020 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 357
  • Катталган: 17 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Мар 2021 18:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жер

Уф сорго окуп буттум. Эн кызыктуу жана коркунучтуу чыгарма экен.
Баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   nurzash09   09 Июль 2020 - 15:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Барсызбы автор?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Aituwas   10 Июль 2020 - 21:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Кутуп жатабыз автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   NSKA   12 Июль 2020 - 23:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 02 Июль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 14:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Керемет Ааламы

Автор барсызбы деги?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Ayimka   13 Июль 2020 - 07:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Автор эмнеге жазбай жатасыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   nur85   14 Июль 2020 - 16:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 24 Январь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз

Димедра как всегда в своем репертуаре. Ар дайым күттүрүп элдин жүрөгүн кысканды жактырат окшойт . Жок дегенде өзүнүн алдында жоопкерчиликтүү болуш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Naj29   14 Июль 2020 - 16:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 11 Июль 20
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2020 22:04

Уландысыыыыыы. ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Aituwas   15 Июль 2020 - 17:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Жазсанар жазгыла жазбасанар не ачтынар болбосо жаптырып салгыла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   jindirak   15 Июль 2020 - 19:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Aituwas (15 Июль 2020 - 17:23) жазган:

Жазсанар жазгыла жазбасанар не ачтынар болбосо жаптырып салгыла


Туура айтасын тукум баш
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Aituwas   16 Июль 2020 - 00:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Просмотр сообщения jindirak (15 Июль 2020 - 19:55) жазган:

Туура айтасын тукум баш

Ай сен жиндирээк эмей эле даана жинди экенсин:)катуу тийсе кап этпе казан баш
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   rola   16 Июль 2020 - 21:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 28 Март 20
  • Соңку аракети: 02 Мар 2021 20:54

Просмотр сообщения Aituwas (16 Июль 2020 - 00:29) жазган:

Ай сен жиндирээк эмей эле даана жинди экенсин:)катуу тийсе кап этпе казан баш


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   rola   16 Июль 2020 - 21:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 28 Март 20
  • Соңку аракети: 02 Мар 2021 20:54


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   rola   16 Июль 2020 - 21:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 28 Март 20
  • Соңку аракети: 02 Мар 2021 20:54

Просмотр сообщения Aituwas (16 Июль 2020 - 00:29) жазган:

Ай сен жиндирээк эмей эле даана жинди экенсин:)катуу тийсе кап этпе казан баш


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 18:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: