жазбай эле кой эми.унутуп деле калдык окуганыбызды
Өз каалооңдон корк. Фантастика, триллер, драма
#63 22 Июль 2020 - 00:03
#64 22 Июль 2020 - 18:25
#65 27 Июль 2020 - 18:51
-Сен буларды тааныйсынбы?
деди Аяна Амирге бурулуп карап.
-Тааныймын. Алар да Альмира экөөбүзгө окшош.
-Сен аларды кайдан таптын?
-Бизди табышты. Алар биздин акыркы жашап өткөн окуябызды угуп, ошондон таап келишти. Билесинби бул балдардын баары ушундай окуяга кабылышкан.
-Бирок сен аларды көргөн эмессин да, кантип аларга ишенип коё аласың? деди Аяна дирилдеген үнү менен.
Амир апасына карап гана койду сөз сүйлөбөстөн . Ал көз карашта, "алар сендей эмес, алар таза, жалган сүйлөбөйт, ал эмне экенин да билишпейт" деген жазуу бар эле.
-Амир, албетте сен өтө акылдуусун уулум. Бирок сен атайылап жасабаган нерсени, башкалар чын жүрөктөн каалап жасашы да мүмкүн. Башкалар сен ойлогондой таза болбой калышы да мүмкүн.
-Бизди куугунтукка алып жаткан адамдар да дал ушундай ойлонушат, деди Амир, апасын жек көрүп эмес, өзү үчүн жаңы ачылыш жасагандай таң кала карап.
-Бул эмне дегенин?
-Алар да мээден келген ойлордун жакшысына эмес жаманына багынып беришет. Өзүнөн башкаларды жаман деп кабыл алуу жеңилирээк болсо керек, аларга толук ишеним арттырып жакшы дегенден көрө, деп басып келип компьютерин карап туруп калды, ордумду бошотуп бер дегенсип.
Уулунун мындай сөздөрүнөн кийин Аянада айтууга сөз да калбай калган эле, аргасыз ордунан туруп Амирдин компьютерде иштеп жатканын бир аз күзөтүп турду да бөлмөдөн чыгып кетти.
"Кантип ал ушундай абалга түштү, уулунун алдында өзүмчүлдук жаман сапатын көрсөтүп албадыбы. Өзү ар дайым балдарын жакшы ойлоого үйрөтчүү эмес беле. Эми уулунун ишеничинен чыкты, мындан ары ага кандай сөз сүйлөйт. Апасын жаман ойдун кулу деп түшүнүп калбадыбы" . Ушуларды ойлоп келе жатып алдында турган жолдошун көрбөй сүзүп ала жаздады Аяна.
-Данияр! деп ыйлап жиберди, араң турган жаны.
-Эмне болду? Асылым ыйлаба, жүрү, деп таяп уктоочу бөлмөгө кирип кетишти.
Токтобой, үнсүз эле ыйлап жаткан жубайын карап туруп чыдабай кетти Данияр.
-Балким балдарды башка жайга жайгаштырабыз, экөөнү эки башка жайга. Доктор айтпадыбы экөө бир болбосо жеңилирээк болот деп. Аларга жардам берчүү адистерди табабыз. Кайсы гана илим болбосун аларга кызык экенин билип калдык, ар тармактуу илимпоздор менен иштешишсин. Мен жалгыз гана ушул жолду көрүп турам учурдан чыгуу үчүн. Антпесе, биз аларды Джозефтен коргой албайбыз. Компьютер ал менен түз байланышка алып чыгып жатат.
-Сен эмне деп жатасын? деди Аяна көздөрүн чоң ачса да жаш арасынан жакшы көрбөй.
-Тиги жазылган катты айтам. Аны Джозеф жазды деп ойлоп жатам, дарексиз кат экен. Ал өзү үчүнчү жактын атынан жазып жатса керек, балдарды ынандырыш үчүн.
-Данияр! Кайдагы кат, эмне болгон үчүнчү жак?
-А сен эмнеге ыйлап жатасың? деди Данияр таң кала.
-Биздин балдар жалгыз эмес. Башка мамлекеттерде да кудум алар сыңары акылдуу балдар жашашат. Израиль, Россия, Америка, Европа, деп жаңы тыйылып келе жаткан көз жашын дагы чурултуп ыйлап жиберди Аяна.
Данияр бир аз ундобой тургандан кийин үн катып,
-Мунун эмнесине ыйласын? Демек балдарга жакшы болот. Дүйнө жүзү аларды тан алышса бизге да жеңил болот, балдарды жашырууга кажет калбайт, деди.
-Данияр, эл аларды эч качан тан албайт! Сен ал балдар эмне болуп жатканынан кабарын жокпу? Аларды шайтандын балдары деп издеп жатышат. Кичинекей балдарды өлтүргүлору келип жүрүшөт. Ушундай канкор адамдардан сен бир нерсе үмүт эткени турасыңбы. Биздин балдарды али эч ким билбегени үчүн гана жашообуз тынч. Эгер өнүккөн аң сезимдуу өлкөлөрдө ушундай болуп жатса, биздин али өнүгүүгө даяр эмес өлкөнүн адамдарынан эмне күтүүну да билбейсин. Бардыкты чала түшүнгөн калк бизди жөн эле иблистин тукумдарына чыгарып коюшары анык. Алар көрүп турган көзүнө эмес уккан кулагына бат ишенишет эмеспи. Кеп төркүну батыштан келип жатканын билишсе бүттү, дүйнөлүк согуш баштап жаткандарга чыгарышат.
Данияр алсыз гана керебетке өзүн таштап отура кетти.
Ал дайым каалаганын алды жашоодон, ата энесинин сүйүүсүн, эң алдыңкы билим, сүйүктүү жар, байлык, өзү сүйгөн жумушу, бир эмес үч наристе. Алардын кайсынысы эң көп кубаныч тартуулады экен? Баары! Ар бири өзүнчө бакыт алып келди. Анда эмнеге азыр өзүн бактылуу сезбей эле. Кайсыл жерден адашты, эмнеден ката кетирди? "Оюмдан" деди ал өзүнө өзү жооп берип. "Мен баарын өзүмө керек үчүн кааладым жана аларды өзүмдүн гана ченемимде ченей бердим. Баары мен үчүн гана жаралгандай түшүндүм, өздөрүнүн да каалоосу бардыгын, алар менен эсептешиш керектигин унуттум."
Бул ойлор биринчи ирет келип турган жок акылына, бирок баары бир мамилесин өзгөртө албайт. Өзү кандай кааласа ошондой талап коё берет.
"Балким азыр ал көз карашты өзгөртүү учуру келгендир, балким аларды коё бериш керектир өздөрү каалаган жайына", деди ал. Аяначы? Ага кантип түшүндүрөт. Эч качан балдарынан ажырабастыгына сөз берген. Кайрадан эле ошол ойлор. Канча отурганын да билбейт, качан кызы кирип тамакка чакырганда гана оюн жыйып кызына карады.
-Альмирочкам, келчи бери.
Кызы дароо келе койгон жок, атасын изилдеп жаткансып теше тиктеп туруп калды бир аз убакытка.
-Кызым, деди Данияр анын жатыркап турганын көрүп.
-Ата, Амир экөөбүз да сизди жакшы көрөбүз. А апам күчтүү инсан, андан кабатыр албаныз, деди.
Данияр эмне болуп жатканын аңдап улгургончо кызы бөлмөдөн чыгып кеткен. Ал ашканага келгенде үстөлдүн үстү жайнап, жубайы балдары менен жыргап отурган экен. Аяна болсо боор эти узулгончо жалынып жатат балдарын эркелетип. Анын ушул абалын көрүп жана эле көз жашын көл кылып төгүп турган жубайы экенине да ишенбей кетти Данияр. Кантип? дейт ал. "Ушундай тездикте кантип озгоруло алат адам. Альмира чын айтат, Аяна өтө эле күчтүү адам." деген ойлор менен үстөлдүн четинен орун алды. Ар ким өз ойлору менен алек болгонго ортодо болгон сөздөр да бир бирине коошпой жатып тамактанууну аякташты.
-Кызым тамагын аябай даамдуу болуптур, деди Данияр акырында.
-Билем.
Альмира атасына таң кала бир карап ушундай деди.
-Бул биринчи жолкусу эмес, а сен эми байкадын муну атасы, деп Аяна ортодогу жаралган кызыктай абалды оңдоп кетти.
"Демек мен күндө жеп жүргөн омлет Альмиранын колунан даяр болот, муну да байкабаган экенмин. Мага чала, дагы балдар менден жашырат дегенимди карасан. Көз алдымда болуп жаткан нерсени байкабай жатсам алар эмне кылыштары керек эле" деп өзүн өзү тилдеп жатты ичтен.
Мындан ары ал сак болууну чечти, балдарынын ар бир кыймылына маани бөлүп алардын жашоосуна сарасеп салуусу керек. Мындан кыжаалат болгондун ордуна ырахат алуусу керек болчу. Өз атасы балдарына ушундай мамиле жасаса башкадан эмне күтөт.
-Балким бүгүн эс алууга чыгабыз, деди ал күтүүсүздөн эле.
Эгиздер көңүл кош гана отура беришти, алакан чаап кубанышкан жок. Аяна гана таң калган көздөрү менен карап кийин жылмайып койду. Бул шаарга көчүп келгенден бери биринчи ирет айтылуусу эле бул сөздүн.
-Көк Дөбөго барабыз, кандай дейсинер. Ал жай кооз, Кыргызстандын тоолорундай тоосу бар.
-Албетте барабыз, деди Аяна баарынын ордуна жооп берип. Даярдангыла балдар, тоого барабыз.
Эгиздер дароо бири бирин карашты, кыязы аларда башка ой пикир бар болчу.
-А биз качан кайтабыз? деди Альмира.
-Кеч кайтабыз.
Бул сөздү укканда гана жайлана ордуларынан туруп ашканадан чыгып кетишип апасы идиштерин жууганча эле даяр болуп жетип келишиптир.
Данияр дагы бир кубулушка кабылды, балдарынын өтө тездикте кыймылдашын да алдын байкабаган экен.
-Даярсынарбы? Мен азыр, деп Аяна да колун сулгуго сүртүп чыгып кетти. Балдарынын жоругуна таң калган да жок. Ага көнүмүш болуп калса керек. Даниярга эч кимиси көңүл да бөлбөду. Ал ошол ордунан жылбай бир чекитти тиктеп отура берди. Качан келинчеги даяр болуп чыгып,
-Сен али даяр эмессинби? дегенде гана өзүнө келе келинчегине карап танданып калды, ал да бат кыймылдап калган экен. Алдыңкы күндөрү жубайы даяр болгончо өзү үч кийинип чечингенге улгуроор эле, азыр болсо ал ордунан козголгончо чыга келген тура.
-Биз күтүп калдык, деди Аяна жолдошунун али да жайынан кыймылдабай отурганын көрүп. Ошондо гана Данияр танданганын токтотуп ордунан козголду. Өзүнө бат эле кыймлдагандай болгон, бирок бөлмөдөн чыга келгенде ага "мынча кеч" деген суроолуу үч адамдын көз карашы кадалып турганын көрдү. Жылмайып кечирим сурап алып үйдөн чыгып кетишти алар.
Аяна жолду ката балдарына тынбай бир демелерди айтып баратты. Узак басбаштары, адаттан жайыраак кыймылдап, адамдардын көздөрүнө тигиле карабоо керектигин кайталап жаткан өңдүү. Ал ар дайым үйдөн чыгып баратканда бул сөздөрдү айтуудан чарчабайт, балдарын сырттан ушинтип кооруйт.
Көздөгөн жерине да жетип келишти. Баарынын тандануусуна карай алар күндү эң жакшы өткөрүштү. Эч ким аларга кедерги бербей, эч кимден коорунбай, чыныгы эс алууда болушту. Балдарынын тоого ата энелеринен алда канча эрте чыгып келгендери эле болбосо. Ушул нерсе керек болуп турган эле бул үй бүлөөгө, акыркы күндөрү алар башкадан эмес өздөрүнөн да коорунуп жашап калышпадыбы. Мындай абалда узак жашоо мүмкүн эмес, эч кандай нерв торчолору туруштук бербейт мындайга.
Үйүнө кайткан учурда баары абдан чарчашкан эле, ар кимиси өз бөлмөлөрүно кирип үнсүз жатып калышты.
-Аябай жакшы болду бүгүнкү күн, деди Аяна бир убакта.
-Ооба, сага жактыбы?
-Албетте. Сен акыркы күндөрү мындай жагымдуу күндөрдү тартуулабай калгансын бизге.
-Ошондой болуп калды, кечир мындан ары милдетимди так аткарууга ант беремин, деп тамашалай жооп берип көңүлдөрү көтөрүлүп жатып калышты.
Чын эле Данияр мындан ары өзгөрүүнү чечти. Балдарына көп көңүл бөлүп, мурдагысындай алардын ар бир кылыгына таңданып жашайт эми. Алардын жашоосуна кызыгат. Эмне болсо болсун аларды колдойт. Ушинтип өзүнө өзү сөз берип жатып уктады.
Айтканындай жасай алды, болгондорду унутуп, жада калса кечеки кат тууралуу да сураган жок балдарынан, болгону алар каалаган нерсени гана көрүп жатты. Балдары да түшүндүбу муну алар да мурдагыдан жакындай тушушконсуду атасына, бир гана алар кеч кирээри менен бөлмөсүнө кирип камалып чыкпай турган болушту.
Анткен менен Даниярда уйку качты, күндүз жумуш менен алек болуп алаксып балдарына сыр бербегени менен кичине бошой калса эле кат тууралуу ойлой берчүү болду. Кичине эле добуш чыкса кулак түрөт, Эмнеликтен экени өзүнө да түшүнүксүз, ички туюму менен бул кыймылдарды жасап жатты. Бул сактыктын жообу көпкө күттүргөн жок, экинчи эле түнү анын сыры ачылды.
Даниярдын көздөрү жаңы гана илинип уйкуга кирише башташкан, бирок кулактары сергектикке буйрук алышкандай бардыкты угуп жатышат. Сак кулактары кире бериштен чыккан үндү угушаары менен көздөрү да ачыла түштү. Добуш аста чыкса да даана чон каалганын жабылганындай эле. Аны да өзү ушундай каалаган, үнсүз ачылып жабылчуу каалганы эмес атайын оор жабылчуусун тандаган. Аяна да жолдошунун ушул оюн колдогон эле, сактыкка кордук жок деген ойдо болушса керек. Бир аз дагы тыншай жата туруп, башка добуш чыкпанына карабай өз кулактарына ынаныш үчүн балдарын карап көңүлүн жайгарып келүүгө жөнөдү, антпесе баары бир уктай ала турган эмес.
Балдардын бөлмөсүнө жетип келип эле аларды таппай калды. Бир эле мүнөттүн ичинде миң жылга каарый түшкөндөй болду Данияр. Бир топ убакыттан кийин өзүнө келип ары жүгүрүп бери жүгүрүп издей баштады. Терезеден тиктеп, төмөндө бир чоң караан эки жагына эки жаш баланы жетелеп бара жатканын көрүп кыйкырып коё жаздап колдору менен оозун басып токтоп калды. Токтоткусу келбеди аларды. Караан жетелеп бараткан балдар улам секирип коюп баратышкан, алар бактылуудай эле.
Бир убакта жубайы жетип келип ал караган тарапты карап шаша терезени ача баштады. Данияр болсо Аянаны бекем кучактап, ойлогон нерсесин жасоого жол бербеди. Тыбырчылап күйөөсүнүн көкүрөгүнө ургулап караандар көрүнбөй калганча төмөнду карап туруп, алар көрүнбөй калганда ыйлап жиберди.
-Эмнеге мынттин? Балдарды кимге бердин?
-Ушундай болгону жакшы.
-Эмне үчүн?
-Алардын өз каалоосу экени көрүнүп турат, биз ал менен да эсептешишибиз керек.
-Кайдагы каалоо? Данияр сен мага сөз бергенсин, балдарымдан ажыратпайм деп сөз бергенсин.
-Ооба, ошон үчүн алардын жолун тоспошубуз керек. Жаныбызда жүрүп жат болгончо алыста болсо да биздики болсун.
-Биз аларды кооруганга күчүбүз жетмек эмес. Кайда болсо да негизгиси аман болушса болгону, дегени турасыңбы. Бирок ким? Ким биздин балдарыбызды кооруйт? Джозефби?
-Эгер азыр балдарыбыз каалаган жалгыз инсан ал болсо, мейли ошол менен болсун.
-Данияр! деп кыйкырып алып кайра басандай түштү Аяна. "Кандай болсо да ал балдардын өмүрүнө зыян келтире албайт, азыр эң негизгиси алардын өмүрү" деген ой келди акылына
Джозеф балдарга зыян бербестигин ал жакшы түшүнөт. Тескерисинче эгиздердин жашоосу эң көп ага керек. Бирок кантип эле өз балдарын ага карматып коё берет, эгер балдарын коргой албаса анда эмнеси апа! Ушуларды ойлонуп ичи өрт менен жалын болуп күйүп жатты.
-Биз албетте аларды алып келебиз, алдын ал күнгө даяр болушубуз керек. Даниярдын ушул сөзү Аянаны чыйралтты. Бул баары бүттү дегени эмес экен, жөн гана катуу салгылашуу алдындагы дем алуу, даярдануу тура. Али да балдары үчүн көп нерсе жасаса болот.
Аяна бөлмөнү кыдырып, буюмдарды кармалап сүйлөнүп жүрөт.
-Баары жайында, алар эч нерсе алышпаган. Жада калса жанындай көргөн компьютерин да таштап кетишкен экен.
Данияр эми гана байкады компьютерди. Дароо жетип жандырып текшере баштады. Кызык демейде сыр сөздөрү катар коюлчуу компьютер бүгүн эч кандай сыр сөзсүз эле ачылып берди. Демек билишсе керек,ата энеси баары бир андан маалымат издеше тургандыгын. Айткандай эле негизги экранга чоң тамгалар менен терип коштошуу сөзүн жазып кетишкен экен.
"Ата Апа биз сиздерди жакшы көрөбүз! Жана өз каалообуз менен кетип жатабыз, сиздерди коргоонун жалгыз жолу ушул. Биз жок сиздерге эч ким зыян бербейт. Биз албетте көрүшөбүз! " деп жазылыптыр.
Бул күнгө көптөн бери даярданып жүрүшкөндөй сыягы.
Катуу ойго чомулуп баратып далысы тартылганынан карай салса келинчеги гезит сунуп турган экен. Андагы маалыматты окуп тобо чачтарын тик боло жаздады Даниярдын. Өзүнүн балдарынын сүрөтү коюлуп, алдында "Дүйнө жүзүн каптап келе жаткан өзгөчө адамдар эми бизде!" деп жазылыптыр. Эмне деген гана маалымат жок ал жерде, жада калса балдарынын өзү билбеген жоруктары. Көк дөбөдө болгон окуялар, алардын сууда сузгондору, канча куракта басып качан сүйлөгөндөру, компьютерде эң жакшы иштей ала тургандары баары бар.
-Ким? Бизди изилдеп жүргөн ким бар?
-Демек бар. Биздин жер которуубуз бизге эч кандай пайда алып келбеген экен, деди Аяна чарчанкы.
Данияр болуп өткөн окуяларды бирден санап башынан өткөрө баштады, "ким болушу мүмкүн?". Дегеле акылына илешчуу адам жок. Макаланы кайрадан окуп чыкты. Жеңиш тууралуу айтылбаптыр.
-Кызык баарын жазып келип ошол эң негизги маалыматты жазууну унутуп койгон ким болду экен?
-Эмнени?
Данияр эми гана байкады өзүнүн үн чыгарып сүйлөнүп алганын.
-Жеңишти айтам, деди башын гезиттен көтөрүп.
-А эмнеге ал тууралуу жазышы керек эле? Аянанын жүзүндө толук тушунбостук турду.
- Баарын билген адам болсо демек Кыргызстандан бери келе жаткан болсо керек, ал материалды сөзсүз бир жерден алышы керек эле.
Күйөөсүнүн токтоп калганын жактырбай шаштыра кетти Аяна.
-Кийин?
-Ал сөзсүз Жеңишти таанышы керек эле, материалды да андан алган болушу керек. Анда эмнеге анын өлүмү тууралуу жазбады.
-А мунун эмне тиешеси бар?
-Кандайча? Анын Табышмактуу өлүмүнө ким күнөөлүү экенин да билиш керек эле да. Ырас ушунча алыс барган экен.
-Аны жазып эмне кылат, ансыз да тактап болбодубу күнөөлүну.
-Жок мен эл билген камактагы докторду эмес чыныгы күнөөкөрду айтам.
-А сенин оюнча ал ким? Эгер доктор болбосо?
Аянанын жүзү ары таарынычтуу ары шектүү эле.
-Муну сен айтасың мага Аяна, деди Данияр көптөн каткан сырын чыгаргандай жеңилдей түшүп...
Уландысы бар.

#67 27 Июль 2020 - 23:06
Бар экенсиз го автор. Ооруп калбады бекен деп тынчсыздандым эле жоголуп кетсениз. Кудай сактасын
#69 09 Август 2020 - 10:29
Мына бул автор дагы жоголду го, эмне мынча күттүргөндү жакшы көрөт экен
#70 11 Август 2020 - 23:54
Кирип окугун да келбей калат экен,башын баштап аягы жоктортун айынан
#72 21 Август 2020 - 18:59
Мынабу авторду кутуштун деле кереги жок болуп калды. Башында куттурбой жазат деп аябай жакшы корчу элем, конулум калды ушул чыгармадан кийин.
#73 25 Август 2020 - 15:20
Чыгарманы биринчи аягын караш керек экен.Толук жазылса анан окуп баштабасан,
баары эле аягына чыгарбай коюшат.
#74 25 Август 2020 - 23:33
#75 26 Август 2020 - 04:41
#77 29 Ноябрь 2020 - 12:51
-Болбосо сен… Кантип? Сен ошон үчүн жылдап кайгыда журдунбу? Өз балдарындан,
ымыркайлардан күмөн кылып. Бул ой акылына кандай сыйды? Аяна бөлмөнү таштап чыгып кетти.
"Андай эмеспи?" Данияр акылын чаташтырган ойлордон арыла албай отурган калыбында кала берди. "Андай болсо доктор эмнеге өзүн курмандыкка чалып олтурат. Же эмне ал мага жалган айттыбы. Деги эмне болуп жатат? Мен жашоого кай бурчтан карап жатам? Башкаларчы? Кимисиники жалган да кимдики туура. А балким үчүнчү жактан бирөө бизди ушундай ойлоого мажбур кылып жаткандыр. Джозеф! "
-Аяна! деп жубайынын артынан жүгүрдү Данияр. -Балдар менен биригип менден бир сыр жашырганынды билем, айтчы ал эмне болгон сыр эле?
Аяна жолдошуна түшүнбөй көпкө карап туруп басып кетмекчи болгондо Данияр колунан кармап токтотуп калды.
-Жооп бер Аяна. Бишкектен жолго аттанып жатканда сүйлөшкөн сөзүңөрду кулагым чалган, балдарга ал жөнүндө мага айтуусуна тыю салгансын. Айт мен билбешим керек болгон эмне бар.
-Сен сөз тыншап жүрөсүңбу? Данияр ушунчага бардынбы?
-Жок! Данияр эми өзүн басып уялып калды. -Мен антейин деген эмесмин, кокусунан угуп калдым. Бул сөздү уккан соң батынып силердин устунорго кирип бара албай артка кайткам.
-Эмне сөз болгонун да унуттум азыр, бирок бул даана сен ойлогон нерсе эмес. Жеңиштин өлүмүнө биздин балдардын тиешеси жок. Кийин Анын жүрөгүн жаргыдай эмне кылышмак эле. Балдардын кылыгына жарыла турган жүрөк болгондо биринчи ирет мейманканада көргөндө эле жарылып калмак. А баса балким сен ушуну айтып жаткан болбо. Амир мага ошол жолугушуу тууралуу айтып берген эле. Биринчи ирет ошол күнү Альмирадан да башка адамдын акылына кирип, буйрук берип көргөн. Альмираны капа кылган балага карап аны жазалап жатканын элестеткенде, ал бала бул ойду болуп жаткан көрүнүштөй кабыл алып алган. Эсиндеби, бала карап жаткан кыздар тиги баланы " жөн эле туруп ыйлап жиберди" дешкен, ал мына ошондон болсо. Бирок Амир мындай болушун өзү да күткөн эместигин айтат. Бирок экинчи ирет ал атайылап жасадым текшерип көрүү үчүн деген. Ошол кечеде Жеңиштин көптөн бери өздөрүн күзөтүп турган көз карашын байкап анын мээсине байланышка чыга алган. Кийин ага бизди кузотконду токтот деп буйрук бергем дейт. Ошондо Жеңиш айткандай, балдар бара жатып эле көздөн кайым болушкан эмес, болгону Жеңиштин мээси бир аз убакыт айланасындагы кыймылды кабыл алуусун токтоткон. Ушундай учурда жан бербеген Жеңиш баарын билип туруп балдарды көргөндө жүрөгү жарылып кетмек беле.
Данияр үнсүз гана туруп калды. Бир алдын өз ойлорунан уялса, экинчи тарабы балким башка да ыкма колдонуштары мүмкүн эле деген ойго кептелди.
-А сен кандай ойлойсуң Жеңиштин өлүмүнун себеби эмнеде болушу мүмкүн? деди, азыр бардык сырдын түйүнү чечилчуудой үмүттүү көздөрү менен жубайына карап.
-Данияр! Сага эмне болду өзү? Бул эч кимге сыр эмес, анын өлүмүнун себеби аныкталганына эки жылдын жүзү болоюн деп жатпайбы. Мен да эл билгенден көптү билбейм.
-Доктор күнөөлүү экенине ишенесинби?
-Жок албетте. Эмне себептен аны сөзсүз бирөө өлтүрүшү керек, ичээр суусу бүткөн болсо өлөт да ар бир адам. Токтой турчу, сен ошол себеп балдардан арылгын келип, жанагы адамга атайылап берип жиберген жоксунбу.
-Жок-жок. Ал мындай болушун каалаган эмес, деген Данияр андан ары өз ою менен алек болуп кетти. Келинчегинин акыркы айткан сөздөрүн көңүлүнө да албады, анын акылын азыр башка нерсе ээлеп турган. Оюнда Джозеф мунун баарын уюштурган деп жатат. Керек болсо алардын ушул ойлорун да ал алдын ала даярдап көзөмөлдөп тургандай. Жубайына бир карап алып, бир нерсени эстегендей өтө тездикте басып балдардын бөлмөсүнө кирип кетти.
Аяна кирип келгенде ал компьютерди жандырып берилүү менен тиктеп олтурган.
-Эмнени издеп жатасың? деди бир аз күтө турган соң чыдамы кетип.
-Сен дүйнөнүн башка бурчундагы балдар тууралуу айткан элең, алар тууралуу билгим келди.
-Сен чындап эле азыр ал балдар тууралуу маалымат табамын деп ойлойсуңбу?
-А эмне мүмкүн эмеспи?
-Эгер баары сен ойлогондой болуп жатса, анда бул компьютерде эч кандай маалымат калбашы керек.
-Эмне үчүн?
-Эгер Джозеф жасап жатат десең ал баарына алдын ала даярдык көргөн. Демек балдар эч кандай керектүү маалыматты калтырышпаган, бул үчүн буйрук алышкан.
-Туура. Эгер буга сенин акылын жетип жаткан болсо алардын оюн айтпай эле койсо да түшүнүктүү.
-Менимче сен дагы бир маселеден адашып жатасың, бул маалымат Кыргызстандан келе жаткан жок, деп гезитке көргөзду Аяна.
Даниярдын суроолуу көз карашын көрүп андан ары сөзүн улай берди.
-Бул жердеги маалыматтар ушул шаарда болуп өткөн окуялар. Алар тууралуу бизден башка жан билбейт, эгер балдар өздөрү гана башкага айтып берген болбосо. Ошондуктан Жеңиштин өлүмү бул жайга кыстарылышы зарыл эмес.
-Бул эмне демек? Баса мен сага Джозеф тууралуу кеп ачкан жокмун да, сен кайдан алдын мен аны күнөөлөп жатканымды?
-Данияр биздин балдар өтө акылдуу ооба, бирок алар баары бир бала. Бул дегеним алар көп нерсеге акылы жетет бирок кыйтырлыкка эмес. Чоң адам болгондо албетте Жеңиш тууралуу кошо баяндамак, ал эми балдар болсо бизди алар каалагандай ойлонот деп эске алышты. Алардын оюнда ал нерсе болбогону, чындап эле Жеңиштин өлүмүнө тиешеси жок экенин далилдейт. А сага келсек, сен балдарды али да болгонундай кабылдай элексин. Кудум башка бирөө акыл үйрөтүп жаткандай түшүнүп жүрөсүң. Муну сен аларга караган көз карашындан эле байкаса болот. Албетте оюна Джозефтен башка эч ким келбей эле, себеби сен аны эң акылдуу деп эсептеп алгансын.
Данияр эми көзүн экрандан алып артына бурулуп жубайына карап калды.
-Жок жаным, сенден өткөн акылдуу адам көрбөгөнмүн мен.
-Чын сөзүнө рахмат, бирок азыр мага суктануунун мезгили эмес, деди Аяна жүзүн акылдуу кылып.
Экөө бирдей жылмайып алышты. Көптөн бери бири-бирин тамашага салбай калышкан экен, бар болгон сөздөрү балдары тууралуу болуп. Керек болсо өздөрү али жашоодо бар экендерин да унутушкан болсо керек.
Жубайын колунан тартып алдына отургузду Данияр.
-Асылым менин, акылдуум! Сенин бардыгын мага кубат берет, жашоомдун маңызы сенсин.
-Ардагым мен да ошондой дегим келет, бирок анте албайм. Себеби сен жалгыз эмессин мага маңыз болгон дагы экөө бар. А азыр болсо сен көптөн бери сактап жүргөн акылынды иштетүү учуру келип жетти. Кана айтчы акылына кандай ойлор келип жатат? Балдарды кантип алып келебиз.
-Мм... деп токтоп калды Данияр.
-Айта бер.
-Аларды өз каалоосу менен келе тургандай кылышыбыз керек, антпесе күч менен кармап тура албайбыз.
-Ал үчүн эмне жасашыбыз шарт.
-Джозефтен кутулуубуз керек.
-Сен эмне деп жатасын? Данияр!
-Ооба ал бар экен балдарды жайына койбойт, а алар болсо анын айтканын аткарышат.
-Кантип аны жок кылмакчысын? Ал деген кай жерде тураары сага белгилүү да. Сенин колун жетчүү жайда эмес.
-Ооба, жакшы билем. Бирок жыгылбаган жанылбаган бир Алла. Джозеф да жанылды. Биз болгону бул тууралуу далилдерди топтоп керектүү адамдарга жеткирүүбуз керек. Биздин болбосо да колу жетчүү башка инсандар четтен чыгат. Ырас коомчулук бул көрүнүшту шайтандан деп кабылдап жаткан экен, ошол шайтан ким экенин билүүсу шарт. Ал үчүн жанакы сен айткан башка балдардын ата энелерин табуубуз керек. Ар бирибиз өз өлкөбуздо жарыя жасасак да жетиштүү болот. Мындай кабар бат тарайт эмеспи, демек тийиштүү өкүлдөр ага жооп кылууга аргасыз болушат.
-Жок! Азыр эле эч нерсе болбогондой өзүн токтоо кармап сүйлөп жаткан Аяна үнүн бийик чыгарып кесе сүйлөдү. - Сен эмне деп жатканыңды аңдап жатасыңбы? Джозефти жер бетине чыгаруу бул балдарды өз колубуз менен өлүмгө берүү деген болбойбу. Ага кызыккан адамдар балдарга кызыкпай коёт дейсинби. Кандай ойлойсуң башкалар ушул убакка чейин анын атын атабаганынын сыры эмнеде?
Данияр чын эле бул тарабын ойлоп көрбөгөн экен. Же азыр анын эң негизги максаты куткаруу эмес жазалоо болуп жаткандыр. Өздөрүн ушул абалга түшүргөндугу үчүн кимдидир жазалагысы келип жатса керек.
Азыр эле учурдагы кырдаалга көз каранды болбой акыл калчап иш тутуп жаткан жубайлардын абалы заматта өзгөрду. Кайрадан алаамат абалга түшүп, Аяна ыйлай баштады, Эмнеликтен экенин өзү да билбейт. Күйөөсүнүн акылына таянып жаткан үмүтү аткарылбай калганы үчүнбу же балдарынын жоктугун кайрадан эсине түшүрдубу. Данияр болсо ага көңүл кош гана карап коюп өз ою менен алек болуп отурат. Азыр эле жанып турган үмүттөр өчүп, өздөрүнүн чыныгы алсыздыгын тан алгандай ушкуруктор угулуп турду арада.
-Кандай болгон күндө да биз аларды кайдан издешти билебиз, деди бир убакта Данияр.
-Бул эмнени өзгөртөт? Аянаны бул сөздөр соорото алган жок.
- Негизгиси алар сак жана саламат. Кыйноодо эмес өз каалоолору менен жашоодо болушат. Биз алардан кабар алып турабыз. Абал да дайым ушундай болуп тура бербейт, баары жайына келгенде алып келебиз.
-Бирок алар эч качан бизге кайтууну каалабасачы, деди Аяна суулуу көздөрүн жалдыратып.
-Алар Джозефтен иренжий тургандай кылышыбыз керек.
-Кантип? Жаныбызда болгон учурда жасай албаганды узаткан кантип жасамак элек. Эми алар жыйырма төрт саат анын карамагында болот. Ким билет ал оорукчандын акылында эмнелер бар. Балдарымды машине катары колдонот ал, адамдык баардык сапатын өлтүрөт. Джозефке биздин балдардын мээси гана керек, деп башын ары бери чайкап ызаланып ыйлап жатты Аяна.
-Ооба асылым, ошон үчүн ал азыр бардык мүмкүнчүлүгүн сарптап болсо да балдарды асырап калат. Сен айткандай ал биздин кол жетпей турган жайда, демек башкалардын да колу жетпейт биздин балдарга.
Ушуну менен алардын сөзү бүттү.
Данияр изденууну токтоткон жок, тымызын Аянага билдирбей дүйнөнүн башка бурчтарында жаашаган акылдуу балдар тууралуу изилдей баштады. Издеген адам табат дегендей ар күн ар өлкөдөн маалымат таап турду. Туура, чет элдик гезиттерди алар тууралуу жазылыптыр, бирок азыр кайдалыгы аты жөнү жок. Аларды эл таанып калганы тууралуу ар биринин өзүнчө тарыхы бар экен. Бири кичине кезинде сууга сүзүү боюнча чоңдордон ашып кетсе, бири татаал математикалык маселени чечип койгон. Баарынан да Израилдик балдардыкы таң калычтуу болуптур. Алардын атасы эгиздер төрөлгөндөн баштап байлыгын бир канча кобойтуп алган. Бизнеси өрчүп бир жылдын ичинде мурда кийин колу жетпеген компаниялар менен келишим түзө алган. Акыры анын сыры ачылып маселе анын балдарында экенин таап чыгышыптыр. Бир күн дайым өзү менен бирге алып журчуу эгиздерин бир жыйынга киргизбей коюшкан соң баары ачыкка чыккан. Ал күнү атасы дайымкыдай өзүн көрсөтө албай, башкалар андан эмне каалап жатканын билбей сөзү өтүмдүү болбой калат. Аны угуп жаткандар кабылдай албай коюшкан. Мурда кийин кол коюп келишим түзүп иштеп жаткандар ага таң калып, кандайча бул киши менен иштешип калгандарын андай алышпай четинен келишимдерин бузууга өтүшкөн. Бирок кайра эле экинчи үчүнчү жолугушууларда ишкер өнөктөштору менен мамилесин жөнгө салып, кайрадан ишин уланткан. Арасынан бирөөсү бул көрүнүшкө таң калып, эмнегедир дайым жанында жүрчүү кичине балдардан күмөндөнүп анын өзүн жалгыз кабылдай турган болуп калат, анткени ал киши кездешуу буткон соң азыр эле болуп өткөн кээ бир окуяларды эстей албай калчуу. Кокусунан бир теле берүүдө кабарчы менен баарлашып отуруп бул оюн айтып алган. Кабарчы бул окуяга кызыкдар болуп ал ишкердин сырын таап чыккан. Көрсө балдар адамдардын акылына кирип алар ойлоп жаткан оюн билип гана тим болбостон, алардын мээсине эмне ойлоо керек экенине да буйрук бере алышат экен. Албетте жөөт калкы балдарды кабыл ала алышпай, шайтандан келген балдар деп жок кылууну самашкан. Ошондон тартып ал эгиздерди да алардын атасын да эч ким корбоптур.
Россиялык эгиздер болсо өзүнчө тарыхка ээ экен. Алардын акылдуулугун ата энеси жашырган эмес, тескерисинче көптөгөн сынактарга катыштырып элдин алдына өздөрү алып чыгышкан. Эки жашынан баштап эле математикалык амалдарды эсептеп, өздөрү тааныш болбогон тилдерди бир угуп эле түшүнө алышкан. Алгачкы убактарда ага таң калып кубаттагандар көп болсо кийинчерээк аларга окумуштуулар кызыкдар боло башташкан. Албетте алар дароо эле түшүнүп билишти балдардын ата энеси атайын генеалогдорго кайрылышы мүмкүн экенин. Бирок мынчалык жөндөмдү бере алган адам кимдигин таба албай жатышканда, кайдандыр күч органдарына да кабар жетип, маселеге алар аралаша баштаганда бардык эле учурлардай балдар көздөн кайым болушкан ата энеси менен бирге.
Ушуга окшогон жети сегиз учурду таап чыкты. Кийинки кадам алардын өздөрүн табуу эле. Бирок күч органдары түшө албай жаткан изге кантип түшөөрун билбей убара тартып жүргөн учурда Кыргызстанда камакта жаткан доктордон кабар келди. Ал Данияр менен көрүшүүнү каалаган экен. Анчалык көңүлдөнбой жатып баары бир жолго чыкты, азыр ага кеткен убакытка кызганып жатат бирок убагында жакшылык кылган адамга жооп бербей коё алмак эмес.
-Саламатсызбы доктор, абалыныз жакшыбы?
-Саламатчылык али эки көзүм көрүп турганы болсо анда саламатмын, деп күлүп саламдашышты алар.
Бир аз доктордун жудонку жүзүнө карап ундобой туруп, ошол көзүн албаган боюнча артындагы орундукка отура кетти Данияр.
-Менимче сиз бекер эле өзүңүздү курмандыкка чалып отурасыз. Окуя сиз ойлогондой болбогонго окшойт. Ишендирип айта алам менин балдарымдын буга тиешеси жок деп.
-Билем, деди доктор Даниярды теше тиктеп.
-Кандайча? Анда эмнеге сиз бул жердесиз?
-Акыры бирөө жооп бериш керек го адам өлүмү үчүн, деген доктор да темир торчонун ары жагында тар бөлмөдөгу орундуктан орун алды.
-Бирок ал өлтүрүлбогөн болсочу. Өз өлүмү менен өлгөн болсо дагыбы.
-Дагы бир ирет айтам, мындай өлүм өзү келбейт, бирөө жардам бербесе. Туура Жеңиштин убакты сааты жеткен болушу мүмкүн, бирок так ошол керексиз учурда керексиз жайга бирөө жетип баргандыгы анык. Бирок бул сиздин балдар эмес Данияр мырза. Мен көп ойлондум, азыр мага ал үчүн мүмкүнчүлүк кеңири эмеспи, деп өзүн айландыра карап күлүп койду.
-Ким? Деди Данияр шаштыра.
-Жеңиш балдар тууралуу жазаардан алдын маалымат жыйган болсо керек, кантсе да дасыккан адис эмес беле, жөн эле оюна келгенди жаза коё тургандардан эмес. Демек балдардан эмне күтсө болот экенин ал билиш керек эле, ошол себеп эгиздерден кандай кыймыл болсо да мынчалык жүрөгү жарылып кеткидей коркпойт болчу.
-Анан?
-Ошол изилдөө учурунда ал керектүү адамдын куйругун басып алган болуш керек.
-Джозеф!... Ошону эске алып турасызбы?
-Ооба Данияр мырза. Так ошон үчүн сизге кайрылып отурам. Аны токтотуу керек. Менин болсо абалым бул.
-Кантип? А сиз билесизби, мен азыр кандай абалдамын? Жеңиш баштаган иш Казакстанда да уланып жатат. Балдарым жанымда эмес.
-Кабарым бар. Доктор анын сөзүн бөлүп жиберди.
Данияр ары таң кала ары сынай карап калды докторго, айтыныз дегендей.
- Джозеф алыста эмес, ар дайым балдарды күзөтүп турат. Ал бир гана сиздин балдар менен чектелбеген, дүйнөнүн ар бурчуна тараткан эгиздерди тууралуу билсениз керек. Эмне себептен алар жалгыз эмес экиден, аны да түшүнгөндөй болдум, алардын бири маалымат алат экинчиси иштеп чыгат, мындай функцияны аткаруу бир мээге оордук келмек. Ал баардык балдардын абалынан кабардар болуп турат, кол алдында кызмат кылган адамдары көп болсо керек. Бирок маселенин маңызы мында эмес, анын түпкү ою кандайлыгын билүү кыйын. Карап көрүнүз, деп шымынын чонтогунон кичине блокнот алып чыгып, темир тордон колун чыгарып Даниярга сунду.
Данияр күмөндөнгонсуп, алар же албасын билбей ойлонуп туруп, блокнотту жаңы эле ачып окуй баштаганда доктор сөзүн улай берди.
-Көрүнүзбу, балдар дээрлик бирдей куракка келгенде изин жоготушат. Демек ушул куракка жеткенде алар жетилип бүтүшөт. Үч жыл, биздин убакыт менен эсептегенде отуз жаш курактагыдай деңгээлге жетишет алардын мээсинин өрчүсу. Менимче Джозеф атайын ушундай жасайт, адамдар менен аралашып тажрыйба топтоолору үчүн. Бул тажрыйба эң маанилүү. Бирок эмне үчүн?
-Эмне, Эмне үчүн? Данияр чочуп кетти.
-Джозефке канча бала керек болду экен? Дагы канча наристе өсүп жатат же дагы канчасы бизге билинбей калды. Бул жерде 24 эгиз тууралуу маалымат бар. Менимче бул аз гана сан. Джозеф ойлогон проект кандай экенин билүү кыйын, ошентсе да ал үчүн дагы болжол менен 172 эгиз керек.
-Доктор чынында мен сизди түшүнө албай турам. Оюунузду ачыктап айтсаныз. Билесиз мен сиз сыңары кесипке ээ эмесмин, адамдардын акылын аңтаруу талантым жок.
-Ар бир мамлекетте бирден гана окуя, жада калса кең Россия, өзү жашаган эли көп Америкада да. Ошон үчүн ойлоп жатам жер жүзүндөгү ар бир өлкөгө жаратат болсо керек эгиздерди.
-Себеп?
-Түшүнсом өлөйүн. Ошентсе да чечмелеп көрүүгө аракет жасадым. Муну менен ал ар өлкөнүн элин сынап көрүүдө. Бирок азыр бул башкы маселе эмес, биз аны токтотуубуз керек.
Данияр оозун ачып сүйлөгөнү жатканда доктор үнүн бийиктетип ага уруксат бербеди.
-Билем мага кереги не дейсиз, бирок даана сиздин балдар жасайт ал оорукчандын акылындагыны. Джозеф балдарды курал катары колдонот. Ишенем сиз балдарынызды катуу сүйөсуз жана алардын жаман ишке кириптер болушун каалабайсыз. Азырынча баары мен ойлогондой болуп жатат, ал балдардын зыян чегишин каалабайт. Бирок мунун баары азырынча гана.
-Сизди түшүндүм доктор, бирок кандай кылып токтотом аны мен. Джозеф экөөбүздүн күчүбүздү салыштырып болбойт. Аны токтото алчуу инсанды кайдан табам, тапканда да эмне дейм, кантип далилдейм. Жада калса азыр алардын кайдалыгын да билбейм, деп ордунан туруп аргасыз абалына ардана колдорун кучак кере көтөрүп башын чайкап ызырынып алды.
-Билесиз! Эң жакшы билесиз. Болгону чындыктан качып жатасыз. Алар Джозефти сизден артык жакшы көрүшөрүн угуудан коркосуз. Эсимде Амирдин мага дегени, "аны бир гана ирет сыналгыдан көрдүм, ошентсе да ал бизге эң жакын сезилет" деген. Эгер аны көрбөй туруп жакын сезип жатса, менимче бул сезимди алар башкалар сыяктуу эле ген аркылуу алышкан.
-Макул баарын жасайын, бирок балдарым мени менен келишти каалабасачы?
-Менимче азыр башка балдардын ата энелери да сиздей эле абалда. Ким эле өз баласынын мээрими башкага түшүүсүн кааласын. Эгер силер бириге алсаңар Джозеф каршы тура алгыс күч болосуңар.
-Доктор айтынызчы, эмне себептен мындай кылдыңыз?
Доктор жооп бербей көздөрүн жулжуйтуп Даниярга карап туруп калды. Ал эмне тууралуу сурап жатканын билүү аракетинде болсо керек.
-Эмне себептен балдарымды ага салып берип, кайра мени куткар деп жатасыз? Кабарчыга маалыматты сиз жеткирдиниз эмеспи туурасы...

#80 02 Декабрь 2020 - 12:16
-Бул суроого сөзсүз жооп беришим керекпи?
-Же сиз да өз акылынызга келген оорукчан ойлорду менин балдарымды аралаштырып жүзөгө ашырып жатасызбы?
-Ашырып жибердиниз Данияр мырза. Мен оорукчан ойго алдыргыдай анчалык чоң илимпоз эмесмин. Бирок кабарчыны тапканым бар, таланттуу дешкен жанылышпаптыр. Балдарды сөзгө тарта алды.
-Сиз! Деп кыжырынып муштумун катуу түйүп темир торго жакындап келгенде Доктор да анын бет маңдайына тура калды.
-Мен Кыргызстанды коргодум андан. Бизде да маалымат жашыруу мүмкүн эмес экенин көргөздум, ар ким келип ээн эркин басып жүрө турган жай эмес дедим. Бул балдар жөндөн жөн келип жатышкан жок бул дүйнөгө. Джозефтин артында кимдер турат жана алар эмнени каалап жатышат ким билет. А балким алар маалымат тарабай турган жай издеп жатышкандыр, ошон үчүн ар өлкөнү изилдеп, элдерин таанып билип жатышсачы. Баары бир балдарды жөн коймок эмес, артынан келишмек. Кантсе да Кыргызстандан алыс болушсун, тажрыйбасын бизде откорушпосун дедим. Биздин эл сезимтал, акыл калчап отурбайт, эгер алар келип ким экенин билип калса сезимге алдырып коюшат. Ал эми билесиз Джозеф акылсыз сезимталдарды жакшы көрбөйт, анын адамдары да ошондой деп ойлойм. Кичине балдар отряды менен бүтүн Кыргызстанды бир ирмемде жок кылып коюсу мүмкүн.
Мунун баарын доктор аябай берилүү менен сүйлөп жатты.
Данияр түйүлгон муштумдарын жазып колун бир силкип алды да артка бурулуп каалганы кагып калды. Эскилиги жеткен кыйчылдап араң ачылган эшикти адамы менен кошо катуу түртө салып чоң-чоң аттап чыгып кетти.
"Кечир, менде тандоо жок эле" деп ооз учунан шыбырап алып доктор да алсыз ордунан туруп кетти.
"Карасан муну, дегеле Кыргызстанды кооругусу келет. Кимден? Менин балдарымданбы? Хм" деп сүйлөнүп алып унаага отурган Данияр шаардагы жумуштарын бүтүрүүгө аракет кылып, бирок эч майнап чыгара албай койду. Ойлору чатышып эмне ойлоп жатканы да белгисиз өзүнөн өзү кыжырдана берди. Мындай абалда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес. Ата катары докторду жек көрүп жатканы менен жөнөкөй жараан катары аны менен келишпей коё албады ички дүйнөсү. "Чын эле Джозеф Кыргызстанга кирип алса эмне болмок, анын оюндагысын аткарууга каршы тура алчуу күчтөр жок бизде. Илимпоз деген жокко эсе мамлекеттин башын заматта айландырып коймок. Анан дагы ушунун баарына менин балдарымдын тиешеси болуп турса эмне кылмакмын." Селт эте түштү. " Жок! Ал Кыргызстанда гана эмес жер бетинде жашаганга акысы жок." Ушул ой ага күч берип, ылдамдыкты күчөтүп Алматыга карай сапар тартты. Жолду ката Аянага эмне деп айтаарын ойлоп, сөз даярдап баратты. " Ал эне да, мени туура түшүнөр бекен. Кече эле менин балдарым деп өзүн курмандыкка чалган доктор бүгүн элим деп ошол балдарды курман кылып отурганын кантип туура сөз таап жеткире алам. Эң оору мен да доктордун оюн колдоп жатканымды айтуу, маалым мен ага эмне болсо да балдарды коргойм, жада калса тандоо келип калса анын өзүн эмес балдарды тандайм деп сөз бергенмин. Ал мени дароо эле сөзүндөн кечип жибердин дебейби. Албетте дейт, анткенге толук акысы бар". Өзүн ушуларга даярдап ойго чомулгончо үйүнө да жетип келип калыптыр. Карачы демейде түгөнбөгөн жол да бат эле бүтүп калганын, али ойлончуу көп ойлор бар эле. " Эмне болсо да мындан ары эч бир кадамды ага айтпай жасабайм" , деген чечим менен ар кандай жыйынтыкка даяр болуп үйүн көздөй бет алды.
Аяна кадимкисиндей үй тиричилиги менен алек болуп жүргөн экен.
-Келдинби, кеч калып кеттиң го бүгүн, деп алдынан тосуп чыкты.
-Мен Бишкекке бардым.
-Бүтүрө алдынбы? деди жай гана.
-Эмнени? Данияр келинчегинин жайбаракаттыгынан чочулап, ал баарын билип койгондой күмөндөнүп кетти.
-Жумуштарынды, тиги кайсы жумуш менен барган болсоң ошону.
-Аа, деди Данияр тынчтана.
Ошону менен дагы ары бери басып ар бөлмөгө кирип жүрө берди, сөздү эмнеден баштоону билбей. Ал жубайын мындай тынч абалда көрө элегине көп болгон эле, ушул абалын бузуп алуудан коркуп жатты. Аянанын үстөлгө чакырганына да дароо келе койбостон, үч төрт жолу чакыртып жатып араң келди.
-Данияр айта бер, мен баарына даярмын, ичине катып кыйнала бербе, деди Аяна күйөөсүнүн солокоту жанында отурганы менен эс акылы башка жайларда учуп жүргөнүн көрүп, чыдап отура албай.
Жанатан бери даярданып жаткан Даниярдан заматта сөз качып жоголуп,
-Эмнени? Айта турган эч нерсе жок дей салды.
-Эмнебизди аяйсын. Карачы экөөбүзгө. Бизде аянаарлык эмнебиз калды, мындан жаман абал болбосо керек. Өз мекенибизде жашай албаганыбыз аз келгенсип, өз каныбыздан жаралган балдарыбызга ээ боло албай отурабыз. Бизди учурунда токто деп токтотуп калбаган адамдардын жоктугунан экөөбүз тагдырды каалагандай калчап чойгуладык, ойлодук тагдырыбыз өз колубузда деп. Хм, чын-чынында тагдыр бизди өз ченгээлинде каалагандай калчап жатканын түшүнбөдук. Баарына сени күнөөлөдүм, бирок ич ичимде билдим өз күнөөмдү, тан алгым келбеди.
Келинчеги сөздөрүн уланта берсе аягы жакшы бүтпөсүн билип, Данияр:
-Аяна, болду асылым. Демек тагдырыбызда ушундай күндөр бар экен. Эч ким күнөөлү эмес, деп жубайын сооротуп баштады. Чынында Даниярдын жүрөгү азыр жарылып эле кете жаздап турат келинчегинин аянычтуу, боор ачырлык кебетесин көрүп.
-Жок, жок! Балким учурунда сабыр кылып күтө турганымда Тагдыр бизди эң чоң белеги менен сыйлайт беле, сабырдуулар женет дейт го. А биз, тагыраагы мен сабырдуу боло албадым. Бирок тилегеним эле бала болду, өз баламдын жытын жытто эле. Айтчы мен көп нерсе кааладымбы?
Даниярдын шаштысы кете түштү, буркан шаркан болгон эсепсиз көз жаштарды элестетип жүрөгү сыгылып кетти. Акыркы жылдары чын эле мындайдан жүрөк заада болуп калган ал.
-Карасан, деди Аяна Данияр күткөндөй эмес тынч гана. Каалаганыма жеткен турбаймынбы, бир эмес үч наристемдин жытын жыттадым, бирок моокумум канбады.
-Аяна балдарды сагындынбы?
-Ананчы.
-Анда эмне үчүн мында отурабыз, алар биздин балдар да, калганда барып көрүүгө акыбыз бар.
-Чын элеби? А сен аларды ошол жайда деп ойлойсуңбу?
-Джозефти тапсак болду эмеспи, ал бизди алып барат балдарга кай жерде болушса да.
-Ооба ошондой, анда эртең эле жөнөйлу. Мен жолго даярданайын, сен чыпта кара учакка ээ. А баса визаларды текшерүү керек эмеспи, деген Аяна азыр эле жөнөчүүдой шашкалактап жатты.
Жубайынын көздөрүңдөнгу бакыт учкундарын көргөн Данияр бүгүнкү өткөн күнү тууралуу айта албасын түшүндү. Анын кубанычын уурдап алгысы келбеди.
-Визага дагы эки жыл бар эмеспи, биз беш жылга жасатканбыз да, келчи бери, деп колдорунан кармап өзүнө тарта берди.
Аяна жаш баладай болуп заматта өзгөрүп томсоро түштү.
-А Джозефтин ачуусу келбейби? Балким ага айтып барганыбыз оңдур.
-Сен эмне деп жатасын Аяна? Биз өз балдарыбызды көрүү үчүн андан уруксат сурашыбыз керекпи? Сени тааныбай турам.
-Дегеним, бизде далил жок да, балдар Джозеф менен кеткендиги тууралуу. Эмне эгер биз адашып жаткан болсок, бул жерде Джозефтин тиешеси жок болсо? Биз тиги балдарды түн катып жетелеп кетип бара жаткан адамдын жүзүн көргөн жокпуз да.
-Эмне? Аларды Джозеф алып кеткен, бул анык.
-Сен кайдан билесиң?
Данияр карбаластай түштү, сөзүн таба албай.
-Амир менен Альмира башка адамга бара коймок эмес, алар алданбайт болчу. А Джозефке деген сезимдери белгилүү, деген болуп эптеп кутулуп кетти.
Аяна жолдошунун жообуна канааттанбагандай күмөнсуп калганы менен балдарына деген сагыныч сезими жеңип кетти. Эмнеси болсо да жолдошунун айткандары чын болуп балдарын Джозефтин жанынан таап кучагына басса болду.
Аяна айткандай дароо эле камынып, эртеси Москва шаары аркылуу Далласка учуп кетишти.
Ким ойлоптур дейсиң, желкемдин чукуру көрсүн деген жайга экинчи ирет ушунчалык каалоо, батыраак жетүүнү эңсөө менен келээрин. Аяна азыр дал ушундай сезимдер менен келе жатат, аэропорттон чыгып шаар четиндеги Джозефтин лабароториясы жайгашкан жайга жеткенче жүрөгү элеп желеп болуп, балдарын жылдап көрбөгөнсуп сагынып, жолугушууну элестеп толкундап алган. "Балким аларды бул жайдан таппасакчы, балким Джозеф балдарымды көргөзбөсочу" деген коркуу да пайда боло калып жатты, бирок үмүтү жана колдорун бекем кыса кармаган жолдошуна ишеними баарын жууп кетүүгө күчү жетет эле.
Аларды тосуп чыккан кароолдогу чоң адамдар дарбазаны дароо эле ача салышкан жок, бирок Данияр жубайы экөө да алардан муну күтүшкөн эмес.
Жуздорун камерага толук түшүрүп экрандан чыккан сүрөтко салыштырып, документтерин текшерип болгон соң гана ичкериден узун арык чырай жаш кыз чыга келип, алар менен жакын адамындай жылуу көрүшүп дарбазаны ачты.
-Данияр мырза, Аяна айым мени менен журунуздор, сиздерди күтүп жатканыбыз, деп алдыга карай жол баштап басып кетти.
Аяна балдарын көрүүгө ашыгып канчалык тез басса да ага жете ала турган эмес, кыздын буттары узун болгондуктан кадамдарды чоң атталып өтө эле баттан жүрөт экен. Бирок кыз алар күткөндөй курулуштун ичине эмес ачык жайда турган вертолётко карай баштап кетти. Экөө да ундобой анын артынан баса беришти, аларда башка арга да жок эле, сүйлөгөн менен жүрүп турган Учактын үнүнөн улам сөздөрү баары бир ага жетпей абада калып кетмек. Качан учакка отурушканда Данияр ооз ачып
-Алар мында эмеспи? деди.
-Кимдер? Кыз анын суроосуна суроо менен жооп узатты.
-Доктор Джозеф, балдар.
-Кечиресиздер Доктор өзү тосуп чыга албаганы үчүн, ал киши аябай тыгыз тартипте иштеп жатат, тоонун башында эле түшүп келүүгө жетишпеди. Бизди ал ошол жерде күтүүдө, деп балдар тууралуу ооз да ачкан жок.
Жаңы эле ачуусу жакындай баштаган Данияр жоошуй түштү, демек балдар да ошол жайда. Кызга мындан артык суроо берүүнүн кереги жоктугун түшүндү, баары бир жооп ала албайт.
Алар жерден көтөрүлгөнчо он мүнөт өтсө абада да дал ошончо убакыт учуп тоонун башына келип конушту.
-Бул жайга унаа чыгып келе албайт, жөө жүрүүгө көп убакыт кетет, демек жалгыз транспорт ушул учак деп вертолётту сылап койду кыз, алар жерге түшүп верталеттун үнү өчкөн соң.
-А бул кайсы чоку? деди Данияр ылдыйды карап, тоонун бийиктигинен улам кай жерде тургандыгы тууралуу болжолдуу да шилтеме ала албай.
-Биз Чок хилл чокусунун үстүндө турабыз, деп берилген суроого даана жооп берип ашыкча сүйлөбөй басып жөнөдү кыз. Ал кудум ушул чокуда төрөлгөндөй буттарын даана коюп түз жолдо басып бараткандай баттан басып кетип баратты.
Даниярлар да анын артынан жүрүшүп, тоонун чокусунан ылдый карап жүз элүү чарчыдай жол жүргөн соң, кадимкидей жайык жерде тигилгендей бак дарактарга туш келишти. Бирок алардын бири да Данияр мурда кийин көрүп жүргөн дарактарга окшобойт, жалбырактары кудум жансыз жасалып коюлгандай бирок жыты укмуш буркурап алардын тирүү дарак экенинен кабар берип турушат. Аянага караса ал эч нерсе көрбөй тургандай дарактарга маани да бербестен кетип баратат. Анын оюн азыр жалгыз балдары гана ээлеп турган, жада калса кай жерде турганы да кызыксыз эле. Дарактар жыш эгилгендиги үчүн эки дарактан кийин эмне бар экенин көрүнбөйт. Ошол себеппи же каалга жашыл айнектен жасалып өсүмдүктөрдүн түсүно окшош болгондуктанбы Данияр айнек каалганын алдына келип калганча байкабай калыптыр. Алар жетип келгенде жашыл эшик ачылып ичкериден сыртка караганда да көбүрөөк жарык берген лампалар көрүнө түштү.
"Кызык бул жердин көзөмөлү абдан күчтүү болсо керек, биздин келгенибизди билип каалганы да ачып койгон болсо" деп ойлоп койду Данияр кирип бара жатып.
Бул тоонун ичинде ушундай жай бар экенин өз көздөрү менен көрбөсө ишенмек эмес. Эмнелер гана жок, кире бериштеги тегерек жайда жердин үстүндө эмне болсо баары так даана көрсөтүлүп тартылган карта, таштардын түрлөрү, аба мейкиндигинде биз түндө көрчүү жылдыздардын чонойтулуп тартылганы ар бири аталыштары менен. Төбөсүндө чоң кичине оюнчук сымал ар түрдүү аспаптар үнсүз учуп жүрүшөт. Алардын баарын таң калып карап жатып төрдө аларга артын салып турган докторду байкабай калыптыр.
Аянанын:
-Джозеф, деп кыйкырып жибергенинен улам карай салса караан турган экен. Ал сомойун оозуна басып акырын дегендей белги берип кайра артка бурулуп туруп алды. Анын жанына жетип келгенде гана,
-Сабак болуп жатат. Тигине, деди мугалим башынан сылап жаткан Амирге соомойу менен коргозуп. Сиздин балдарыныз эң акылдуу балдар, айтайын дегеним акылдуулардын арасындагы эң акылдуулар. Сабак өтүп жаткан ким билсизби? Астрономия илимдеринин доктору, белгилүү япон окумуштуусу Акайо Джун. Ал анча мынча адамды мактай бербеген өзүн эң акылдуу деп эсептеген инсан. Бул илимпоздун мактоосуна татууга жетишкен жалгыз Амир болду ушул балдардын арасынан. Бул сыймыктанаарлык, деп Даниярга карап жылмайып койду.
Аяна ал сөзүн бүтүргөнчо эле уруксатсыз балдар отурган бөлмөгө кирип кетти.
-Амир! Уулум! Альмира, деп экөө отурган жайга жетип келип кучактап отура калды. Бирок балдары ага эч кандай жооп кайтарышкан жок, экөө бири бирин карап гана тура беришти. Бөлмөдөгу калган кичине балдардын баары аларга карап калышкан. Артынан эле Данияр да кирип келип бирок алардын жуздорун көрүп муздай түштү. Уулу менен кызы кудум бейтааныш адамга каргандай бөтөн көздөр менен карап турушкан эле.
-Амир уулум, Альмирочкам биологиялык ата энеңер келди, силер алар менен көрүшкөнго башка бөлмөгө чыгып келсенер болот, деди каалганын жанында турган Джозеф.
-Азыр эмес, деп кыска жооп берген эгиздер апасынын кучагынан бошонуп бурулуп үстөлгө карап отуруп калышты. Ошондо гана Данияр устолдордун үстү кадимки монитор экенин байкады, анда ал түшүнбөгөн сызыктар гана чийилип турган. Башка балдар да алдыларына карап, эч бири аларга көңүл бурбай калышты эми. Аяна болсо жүзүн басып ыйлаган боюнча бөлмөдөн чыгып кетти.
-Альмира, Амир тургула! Биз кетебиз, деди Данияр. Жаңы гана өздөрүнчө болуп калган балдар дароо дагы алар тарапты карап калышты, бир гана өзүнүн кызы менен уулу эч нерсе укпагандай тур көрсөтүп отура беришти.
-Тургула деп жатам мен силерге, мен силердин атаңармын, менин сөзүмдү кулак сыртынан кетире албайсыңар, деп экөөнү колдон тартып тургузмакчы болгондо Джозеф алдын торой туруп калды.
-Балдардын эркине каршы кыймыл кылууга болбойт. Мен буга жол бербейм.
-Сен! Сен! деген Данияр ылайыктуу сөз таба албай ачуудан жүзү албырып докторду жакадан алып тартмакчы болгондо ал жеңил гана Даниярдын колун силкип койду. Аларга күбө болуп турган Амир менен Альмира бири бирине карап туруп алакандарын столдун үстүнө басып коюшту эле жанып турган монитор дароо капкара болуп өчүп калды. Алар жетелешкен боюнча сыртты көздөй жөнөп, кире бериште турган апасына да карабай туура эле эшикке чыгып бак аралап басып кетишти. Балдарынын артынан жүгүрүп чыккан Данияр заматта аларды таппай калды.
-Кыжалат болбонуз, алар болуп өткөнгө анализ жасап болгон соң кайтып киришет, деди Джозеф Даниярдын артында туруп.
-Доктор аларга эмне кылдыңыз? деди Аяна көз жашын сүртүп.
-Алар талап кылган нерсени гана жасадым. Алар эс алуусу үчүн бул жайда бардык шарттар бар, адамга энергия берүүчү өсүмдүктөрдон тарта кыймылдатпай уктатып коючу керебеттерден бери каралган. Бирок алар көбүн эсе билимди талап кылышат, башка нерсеге талаптары аз. Демек мен аларды билим менен камсыз кылышым керек. Дүйнөнүн ар тарабынан менмин деген илимпоздор келип сабак өтүшот мында. Караныз алар эркин, кааласа азыр сиздер менен кетет, кааласа кайтып келбей да коёт бул жайга. Көрүп турасыз биздин эшик ар дайым ачык, балдар каалаган убакта сыртка чыгып кайра киришет. А эгер алар каршы болсо мен эч нерсеге мажбурлабайм, башкага да уруксат бербейм андай кылуусуна. Себеби мен аларды бүт дүйнөдөн коорууга убада бергенмин!
-Бирок сиз бир нерсени унутуп жатасыз. Алар али үч гана жашта, а сиз мыйзамдуу түрдө балдарга эч ким эмессиз. Демек бул жайда кармап турууга акыныз жок, жада калса балдар муну өздөрү каалап жатышса да. Аяна эми докторго жакын келип сомойун кезеп сүйлөп жатты...