Суперстан: Өз каалооңдон корк. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өз каалооңдон корк. Фантастика, триллер, драма

#81 Пользователь офлайн   Dimedra   07 Декабрь 2020 - 01:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Ммдаа! Сиз мыктысыз Аяна айым. Мен муну алдын айтканмынбы? Кээ бир адамдардын колу менен жазылган мыйзам боюнча сиз туптуура айтып жатасыз. А бирок мен да ошолордой эле адаммын өз каалоосу бар, менин каалоом ал адамдар жазган мыйзам менен дал келбейт десем эмне дейсиз. Мен адамдарды чоң кичине деп бөлбөйм, керек болсо жаңы төрөлгөн наристенин каалоосу менен да эсептешүү керек деп ойлойм. Алардын каалоосуна каршы бир жайда кармап турууга уруксат берилбеши керек, жада калса өз ата энесине да. Ар ким каалаган жайында болууга каалаган нерсесине жетүүгө акылуу. Анан калса бул жалгыз менин оюм эмес, дүйнөнүн эң акылдуу адамдары да дал ушундай ойдо. 

Данияр менен Аяна бири бирин карап калышты, ал кайсы акылдуулар тууралуу айтып жатат дешкенсип. 

-Оо, жок! Ал акылдуулар ким деген суроону бербениздер. Жок дегенде өз балдарыныздарды эстен чыгарбаныздар.  

-Бул балдардын ою эмес, сен аларга таңуулап койгонсун бул ойду. Менин балдарым бул нерсени каалашпаган.  

-Хо-хо-хо, деп мыскыл күлгөн болду Джозеф. Айтылган сөздөрүнузго өзүнүз ишенип турасызбы. Мунун баары, деп эки колун кучак кере жайып ал жайда турган буюмдарга көрсөтүп, бир колунун учун өзүнүн көкүрөк тушуна такап, экинчисин Данияр тарапка каратып -жада калса мен менен сиз да бул жайда ошолордун каалоосу менен турабыз.

Данияр ага ылайык жооп таба албай ызырынып гана туруп калды. Доктордун айткандары канчалык ачуу болбосун учурдагы жалгыз чындык эле. 

-Ооба Данияр мырза. Мен балдарды уурдап кеткен эмесмин, сиз байкабай калган жоксуз. Эгер баары андай болгондо сиз азыр мында турмак эмессиз. Мени күнөөлөйм деп оюнузга да албаныз. Терезени ачууга жарабай үнсүз көз менен гана узатып калган соң акырына чейин үнсүз узатып турунуз, балдардын эмне жасаарына күбө болосуз, деп сөзүн бүтүрдү Доктор, өзүнүн үстөмдүк кармаганынан курсант боло. 

Данияр докторго жакындап келе жатканда эшиктен ээрчишип Амир менен Альмира кирип келишти, ошону менен бул ирет ал эмнени көздөп келе жатканы докторго табышмак бойдон кала берди. 

-Доктор Джозеф биз биологиялык ата энебиз менен сүйлөшүүгө даярбыз. 

Джозеф башын бир аз кыйшайтып көздөрүн чоң ачып эриндерин чуйруйтуп Даниярга карап койду, "Эмне дейсиң" дегенсип. 

Балдар сүйлөп коюп гана алдыга карай басып  капталда турган бөлмөнүн каалгасын ачып кирип кетишти. Данияр да шашылган боюнча алардын артынан жөнөп калды, бир гана Аяна шашылган жок. Алар кирип кетишкен соң Джозефке карап, 

-Алар эмнени айтышат азыр?  деди. 

-Муну билүүнүн бир гана жолу бар, ал тиги бөлмөдө, деп кашын серпип балдар кирип кеткен бөлмөгө карай ымдап койду ал. 

Ошонтсе да Аяна бөлмөгө кирүүгө шашылган жок. Кыязы алдыда болчу муздак сүйлөшүүгө өзүн даярдап жатты окшойт, дагы бир ирет көз жашын төгүп жүрөгүн оорутпоо үчүн. 

-Ата, апа биз сиздер менен бара албайбыз, деди Амир качан Аяна кирип чогуу болуп калышканда.  

-Бул сенин өзүңдүн оюң эмес, Джозефтин сөзү, ал өз оюн силерге тануулап койгон, деп Данияр Амирди токтотмокчу болгондо Альмира кошула кетти. 

-Бул биздин сөзүбүз. Биз бири бирин түшүнбөгөн, башканын каалоосу менен эсептешпей өз оюн мажбурлап тануулаган, күчтүүсу алсызына кыйкырып бири биринен коркуп жашаган чөйрөгө кайткыбыз келбейт. 

-Бирок, өмүр бою бул жайда калуу мүмкүнбу? Баары бир силер ал коомго аралашчуу учур келсечи, деди Аяна сөзгө аралаша, болушунча муздак кандуулукту сактап. 

-Жок албетте, бул жай утурумдук гана. Бирок ал үчүн бузулган коомго кайтуубуз милдеттүү эмес, таза коом түзүүбуз мүмкүн, деди Амир. 

-Сен үчүн бул мүмкүнбу? Ошондо силер дүйнө элин экиге бөлүп коесунарбы? Дүйнө жүзүндө калктын саны канча экенин билесинби, алардын баарын бир ойдун айланасында топтоо мүмкүн эмес, деди Аяна эми уулуна карап. 

-Бирок азыркы адамдар сиз айткандай бир ойдун айланасында жашап жатышпайбы, ким болсо да аларды ошол ойдун айланасында топтой алган. Ал эми биз тескерисинче көп кырдуу жашоону көргөзөбуз, ар ким каалаганын ойлоп каалаганындай жашоого акысы бар жана эч ким бироону сындоого анын кандай болуусу керектигине шарт коюуга акылуу эмес, ар ким өз каалоосуна жетуусу керек эч кандай тоскоолдуксуз. Биз билим каалайбыз, сиздер ага тоскоол боло албайсыздар. Айтынызчы жанагы бөлмөдө болуп өткөн окуяда ким жакшы жасады ким жаман жорук кылды. Бизди кимдин ордунда көргүнүз келет?

Данияр менен Аяна бири бирин карап тамактардын кырып акыркы суроого жооп берүүгө камынып сөз издеп калышканда кайрадан сөзүн улап кетти Амир. 

- Ошого карабай эгер сиздер мында калууну кааласаныздар  доктор Джозеф каршы болбойт. Ал адамдардын өсүп өнүгүшүнө эч качан тоскоолдук кылбайт. Ал эми сиздер жанагындай кыйкырыкка, ачууга, жамандыкка короткон энергияны жакшы ойлорго акылдын өсүүсүнө жумшай аласыздар. Эгер башка жашоону тандасаныздар ал да өз каалоонуздар, бирок биз сырттагы өзүн өзү коргоого муктаж болгон жашоого кайткыбыз келбейт. Бизде убакыт аз, аны коргонууга эмес курууга коротушубуз керек. 

-Токто, токто! Силер бир нерсени эске албай жатасыңар. Дүйнө эли так ошондой жашоону тандашкан болсочу, алар өзгөрүүнү каалабасачы. Анда силер өз оюнарды тануулайсынарбы? деди Данияр кичине болсо да илинчек издеп, Джозеф аларга тануулап койгон түшүнүккө жарака кетирүүнү көздөп. 

Альмира Амирге карап ийинин куушуруп койду. Муну көргөн Даниярдын үмүт оту жана түшкөн, өзүнүн акылына келген ойго ыраазы болуп, бирок анын бул божомолу адашуучулук болгон экен. 

-Альмира айткан бул сүйлөшүүдон майнап чыкпасын, ошентсе да аракет жасап көрүүнү чечкем. Бирок адаштым, сиздер албетте биз менен бирге кала албайсыздар. Мен эми буга ынандым. Бул өз каалоонуздар, а биздин каалоо ушул жайда калуу, деди да артка бурулуп чыгып кетти Амир. 

 Альмира дароо Амирдин артынан ээрчиген жок, апасынын жанына келип колунан тарта отургузуп мойнунан катуу кучактап алды. 

-Чынында бизге ушул жайда болуу жакшыраак. Ата эне болуу үчүн дайыма жанында болуу кажет эмес. Биз билебиз сиз ар дайым бизди күтөсуз, деди да колдорун коё берди. Андан кийин атасынын маңдайына келип ундобой бир аз турду да бөлмөдөн чыгып кетти. Ал чыгып кеткенден кийин Даниярдын акылында бир гана "Кайт!' ' деген сөз калыптыр. Ал эмне болуп кеткенин аңдай албай калды, бул өзүнүн оюбу же кызы берген сезимби. "Баса алар Аяна айткандай башканын акылына кире алышкан болсо эмнеге ушул учурга чейин биз менен андай жасаган жок? А балким андай эместир, эмне эгер аларды түн ичинде башка адам менен коё бергеним өзүмдүн каалоом болбосо", деген пикир аралап өттү Даниярдын акылын.

Бөлмөнүн ичинде калган экөө бири бири менен иши болбой көпкө өз ойлору менен алек болуп калышты. Деген менен азыр экөөнүн ою бир жерден чыгып жаткан, болгону алар ооз ачып бул жөнүндө ачык айтууга батына албай жатышты, а балким эч качан сөзгө айланбаттыр бул ойлор. Себеби алар өздөрү муну тан алгылары келбей турушат. Кантип эле өз балдарынан узак болгулары келишсин, аларды сагынып куса болуп келишпеди беле. Ушул кичине наристелерден коркуп жаткандардын кантип моюндарына алгысы келишет. "Жок бул Альмиранын ою, ал мага тануулап кетти муну" деп жатты экөө эки жерде туруп. 

-Сиз азыр эмне тууралуу ойлоп жатасыз Данияр мырза, деген үндөн селт эте чочуп кетти Данияр. 
Караса колунда көп кырдуу ташты тегеретип Джозеф турган экен анча алыс эместе. Анын качантан бери күзөтүп турганы белгисиз, кирип келгенин да байкабай калган экен. Аяна да ошондойго окшойт, чочулап карап калганына караганда. Даниярдын көзүнө  Джозеф колунда ойнотуп жаткан таш уруна түштү. Эсинде, бир ирет Амир кагазга тартылган сүрөттү алып келип, "бул эмне деп сураганы" . Анда анча маани берип караган эмес эле, караса да түшүнгөн эмес. Азыр так мына ошол формадагы түсү ак айнекке окшоп жалтылдаган ташты кармап турат. 

-Ал эмне? деди Данияр доктордун колунан көзүн үзбөй туруп. 

Джозеф Даниярга таңыркай карап, 

-сизге да кызыкпы? деп ташты жогору көтөрүп суктана карап калды. -Керемет ээ? 

-Кайдан алдыныз? 

-Белгисиз, бирок бул даана жерге тиешелүү зат эмес. 

-Амир кайдан билет бул ташты? Данияр ага жакындай берди. 

-Билбейм. 

-Мен бул таштын сүрөтүн көргөнмүн, деп ал ташка колун суна бергенде арыда көңүл кош гана карап турган Аяна: 

-Данияр! деп чакырып калды. 

Бири ташты алууга бири берүүгө даяр болуп колун созуп калган экөө ошол абалында катып өзүн карап калышканда бир аз ынгайсыздана түшүп сөзүн улады Аяна.

-Чынында азыр бул таштын бизге эч кандай кереги жок. Бизде андан маанилүүрок көйгөй бар, ошондой эмеспи ээ? 

-Мисалы, деди Джозеф. 

-Мисалы биздин балдар. Биз канчалык деңгээлде сизге ишене алабыз. Алардын коргоо чаарасын кандай болот жана келечеги?

Джозеф колундагы жалтырак ташты өйдөгө карата бир ыргытып тутуп алып Аянага карай басты. 

-Аяна айым, сиз ушул келечегинизди көрө алдыныз беле бала чагынызда? 

Аяна жоопсуз көздөрүн ирмеп койду. 

-Бирок сөз азыр мен тууралуу болуп жаткан жок да. 

-Дегеним келечек эч кимге белгисиз, бирок баарына кызык. Мен да сиз сыңары эле балдардын келечегинен кызыкдармын, балким сизден да көбүрөөк. Эмне болгон күндө да билиниз, алардын бир тал чачы менин жаным менен барабар. Амир менен Альмира сиз үчүн жөн гана бала болсо мен үчүн алар дем алып жаткан аба. Мен коопсуздугумду, бактымды гана эмес бүтүндөй өмүрүмдү садака чапканмын бул күндөр үчүн. 

-Биздин байланышыбыз кандай камсыз болот. Аянанын шашып турганы, доктордун сөзүн уккусу келбегени даана байкалып турду. 

-Мен мында калып балдар менен бирге болгула демекмин, бирок сиздин андай каалоонуз жок экени көрүнүп турат. Буга чейин айтканымдай эле балдар эркин, ал эми эшигибиз дайыма ачык, ким кааласа кайсы убакта болсо да  кирип келүүсү мүмкүн, эгер балдарга зыян берүү оюнда жок болсо. 

-Мен балдарым менен ар күн байланышта болгум келет, телефон аркылуу болсо да. 

-Бул мүмкүн эмес. Бул жайда байланыш жок. Бирок электрондук кат алып турушунуз мүмкүн. Эгер балдар жазып берсе мен шаарга барган учурда жөнөтүп тура алам. 

-Муну менен ар бир кыймылды көзөмөлдөп турасыз. Эми Аянанын үнү кекерлуу чыкты. 

-Мен бул сөздөрдү укпадым деп эсептеп коёюн. Кантсе да эне эмессизби, сезимдерге алдырып жатасыз. Бирок ансыз да ар бир кыймыл менин көзөмөлүмдө. Бул жайдын жашоочулары бир бирибизден жашырган сырыбыз болбойт. Балдар туулгандан беркисинин баарын эстей алышат, алар ошондой өзгөчөлүккө ээ. А мен алар туулганга чейинкисин баяндап берем. Керек болсо алар биринчи сиздин карында эмес, менин мобу жеримде жаралганын да билишет, деп соомойун өзүнүн чекесине такап койду. 

Аяна Джозефтин ачык эле менменсип, аларды кимсинбей жатканын байкап ачуусу бетине чыгып, ошол эле учурда колунан эч нерсе келбесин түшүнүп унчукпай калды.

 Данияр болсо бул ааламда жоктой тыптынч турат, эки көзү дагы да доктордун колундагы ташта. Аяна да ал караган тарапка бурулуп баратып токтоп калды. 

-Келиштик. Электрондук кат алып турууга макулмун, азыр болсо балдарыбыз менен коштошуп алсак, деп Джозефтин көздөрүнө тигилди. 

-Оо, албетте. Сиздерди көргөнүмдөн кубанычтамын, кийинки жолугушканга чейин, деп колундагы ташты дагы бир ирет шыпка карай ыргытып тутуп алып чыгып кетти. Анын акыркы көз карашы менен Аяна күмөнун тастыктап алгандай болду. Ага Джозефтин анча ыраазы боло бербеген карашы себепчи эле. "Бул менин ташты карабай койгонумдан" деп билди ал. Ананчы ал атайын ташка көңүл бурдурууга аракет кылып жатканы даана эле байкалып турбадбы. "Болду" деди ал өзүнө, калганын кийин ойлонот, бул жайда сүйлөө эмес ойлонуу кооптуу. "Кызык ойлонбой акылды токтотуп кою мүмкүнбу өзү? Негизи адам акылды башкарабы же акыл адамды баштайбы? Экөөнүн кайсынысы мага жакын? Деги акылга эмне менен буйрук берип жатам? Кайра эле ошол акыл менен да ээ? Демек ал сууга окшош болсо керек, кай тарапка бурсан ошондо агып кете берген. Адамдар сыртынан бирдей көрүнгөнү менен жан дүйнөсү ар башка дейбиз, бул дегени ар ким ар кайсы багытта бара жатканы болсо керек, ошол тандаган багытына карап адамдарды акылдуу же андай эмес деп бөлөбузбу. Демек менин балдарымдын акылы бара жаткан багыты али бизге тааныш эмес, ошон үчүн аларды кабыл ала албай жаткан өңдүүбуз. Биз өзүбүз менен катар бараткандарды гана тандайбыз, себеби түшүнүктүү болгону үчүн. Токточу! эгер бул жайдагы балдардын акылы бирдей багытта болуп аны башкарган Джозеф деп жаткан болсок, анда биздикичи. Көпчүлүк адамдардын акыл иштөөсү бирдей эле. Анда эмне менин балдарым туура айтып жатышабы, бизди да кимдир бирөөлор башкарып ушундай ой жүгүртүүгө үйрөтүп, жашообузга бирдей багыт берип жатабы. Жараткан бизге акыл берди дегенибиз менен аны кантип иштетүүну өзүбүзгө коюп берген эмеспи. А эмне үчүн үч жаштагы бала мындай болбошу керек, балким дал ушундай болушу керектир. Болгону биз бир гана тарапты карап  көнүп калгандырбыз, ал башкача болушу мүмкүн эмес деп бизге эч ким далилдей элек да, биз оңду тандасак алар  башка тарапты тандагандыр, мисалы солду же такыр башка жогору же төмөнду. Чын эле ушундай эмей анан эмне, бизди дүйнөнүн азчылык бөлүгүн түзгөн атактуу байлар баштап жатышпайбы, баарын алар ойлоп табат а биз жөн гана ошол нерселерди каалайбыз, а балким аны каалаганга мажбурбуз. Демек биздин бара жаткан багытыбыздын башында ошол азчылык турат." Ушундай ойлорго берилип кетти Аяна аз убакыттын ичинде. Ал абалда канча убакыт өткөнүн да эсептебей калыптыр, Данияр жанына келип, 

-Балдар мында биздин жаныбызга келбей турган өңдөнөт, алардын айтканын аткарып ушунда калсак кантет жок дегенде бир нече күн, дегенде гана акылын жыйып денеси менен бириктирип алды. 

Чын эле мээнин иштөөсүн тотктотуп кою мүмкүн эмес, болгону баштапкы ойду кийинки ойго алмаштырып гана коюуга болот. Эми Аяна оюн өзү турган жайга бурду. "Эмнеге?" Ал өзүнөн өзү сурап жатты азыр, жолдошунун мында калуу тууралуу сөзү кимдики экенин да ажырата албай. "Альмира акылына салып кеттиби бул ойду, бөлмөдөн чыгаардан алдын аны көпкө тиктеп калбады беле. Же Джозефтин колундагы таштын сыйкырыбы?" Бирок бул суроону жолдошуна бере алган жок, кандай болгондо да ал азыр абалды туура талдай албайт, эки жолдун кайсы бири болгондо да гипноздун күчүндө деп түшүндү. 

Жубайынын ойго чомулуп ундобой калганын көрүп Данияр анын чыканагынан түртө салды. 

-Аяна сага эмне болду? 

-Эч нерсе, эгер алар мында келишти каалабаса биз барабыз, деди да каалга тарапка карай басып кетти. 

Алар чыгып келишкенде балдар да сабак өтүп жаткан бөлмөдөн чыгып келе жатышкан экен. Көрсө эгиздер ата энесинен качпай эле сабакка кирип кеткен тура. А Джозеф аларга күтүп жатышкандарын жеткирбегенге окшойт. Аяна балдарынын алдынан тосуп аларга тең болуп отура калды. 

-Демек коштошуу убактысы келди, деди Амир. 

Балдарынын аз эле убакта мынтип чоң кишидей сүйлөп калышкандары эненин жүрөгүн оорутуп турду албетте, алар канча акылдуу болушпасын үйдө жүрүшкөндө мынтип сүйлөшчүү эмес, баары бир Данияр экөөнүн ата энедей орду бар эле. Азыр болсо чоң адамдай анан да бөтөндөй сүйлөп калышыптыр. Бирок канча оорубасын ал жүрөк балдары деп согоорун билет. 

-Ооба балам, силерди көрдүк көңүлүбуз ток. Чын эле мында силер үчүн жакшы болоорун түшүндүк. Амир уулум, Альмиркам кызым биз бирге болбосок жа мен жүрөгүм менен ар дайым силер мененмин. Силерден отуноорум бизди өзүңөрдон кабарсыз калтырбагыла, биз күн сайын силерден кат күтөбуз, деп экөөнү алмак-салмак жыттап алып ордунан турду, атасына кезек берип. Данияр да жакшы эле сүйлөп коштошкондой болгону менен апасындай бериле албады, эмнегедир алардан мурдагыдай жылуулук сезбей өзү да жеткире албай койду. 

Ошол бойдон учакка отуруп биринчи келген жайларына жеткенче эч бири ооз ачып сүйлөшкөн жок. Ал жайды таштап кетүүгө ашыгып дарбазага карай келе жатышып алдыда эки бактылуу жубайлардын кучакташып тургандардын көрүп калышты. Өздөрүн узатып келе жаткан сары чач узун бутту кыздын жылуу саламдашканына караганда алар биринчи ирет көрүшүп турбаганга окшойт. Бирок сары чач саламдашып бүтүп өтө тездик менен кыймылдап бат эле Даниярдарды жолго баштап кетти. Жок дегенде тигилер менен бир эки ооз сөз сүйлөп кайсы улут экенин билүүгө да мүмкүнчүлүк берген жок. Учакка алар үчүн чыпта айтылып коюлганын шылтоолоп дароо такси чакырып салып жиберди. 

Унаада аэрпортту көздөй бара жатышып гана, 

-орустарга окшойт, деди Данияр.

Аяна ага карап гана тим болду. Ал оюн сыртка чыгарып айтып алды окшойт деп ойлоп койгон, бирок Данияр сөзүн улап, 

-балким укариналыктар же беларустар. А балким Болгарлар же немистер. Ким болсо да алар бактылуу, кызык эмнесине бактылуу? Балким алардыкы туурадыр, мындай учурда бактылуу болуш керектир, деди терезени караган абалында. 

Аяна эмне дээрин билбей отурду, себеби ал азыр Даниярдын кай абалда экенин билбейт. Балким али да сыйкырдын күчүндө болсочу. Келинчегинин өзүн  аяп караган көз карашын тутуп алган Данияр жылмайып алды. 

-Менин алсыздыгыма боорун ооруп турат ээ? 

-Данияр биз балдарды көрдүк, баары жакшы. Жакшы ата эне болуу үчүн  дайым алардын жанында болуу шарт эмес, балким жанында туруп ойлор карама каршы болгондон көрө узакта туруп ойлор бириккени жакшыдыр. Биз ал жайда кала албайт болчубуз, ишенем сен да мендей эле ойлоп жатасың болгону Джозефтин гипнозуна кабылдын деп ойлойм, баары өтөт өз жайына келет, деди Аяна жолдошунун колдорун эки колдоп бекем кыса. 

-Хм. Сен ошол себеп мени аяп жатасыңбы. Кайдагы гипнозду айтып жатканыңды билбедим, бирок билгин мага сенин сөздөрүндөн башка бир да адамдын сыйкыры өтпөйт. Эсиндеби биринчи ирет бул шаарда жүргөн учурда да сен мени Джозефтин сыйкырындасын дечү элең. Жок жаным, мен эч качан анын сыйкырына кабылбаганмын, болгону балдардын өзгөчө экенин байкачуумун, сенин сөздөрүндү кабылдабаганым да ошондон, кошулуп сүйлөп сени коркутуп аламбы дечүмүн. Сага жардам берүү үчүн Джозеф керек болобу деп ойлоп ушунда боло туралы дегенмин. Азыр да мен тиги чокуда калалы дегенимдин себеби жалгыз сенсин, сени балдардын жанында болгусу келеби дедим, жок дегенде бир нече күн. Өзүмө койсо бир ирмемге да калгым жок болчу. Бул аталык сапатка жатпайт ээ? Билем, балдарым каалап турган жайда жүрөгүм кысылып турганы туура эмес экенин. Кантейин бирок чындык ушундай болуп турду. 

-Сен… Бирок… Тиги жалтырак ташты көргөндө өзгөрүп калбадынбы?

Данияр бир аз жубайына түшүнбөй карап туруп күлүп жиберди. 

-Өзгөрүп? Кантип өзгөрдум? 

-Андан көзүңдү албай, сөздөрүн да заматта башка нукка бурулуп калбадыбы. 

-Ха-ха-ха. Андай ташты алдын эч бир көрбөгөнмүн чын, бирок ал дагы эмес кызыкканымдын себеби. Болгону өткөн күндөр көз алдыма тартылып кетти. Амир ал таштын сүрөтүн компьютерден чыгарып келип көрсөткөн да мага, ал кайдан тапты экен деп ойлонуп кеттим. Менимче Джозеф ар дайым алар менен байланышта болгон, өз атынан болбосо да ар кандай ыкма менен байланыш түзүп жүргөн. Балдардын кызыктай суроолорунун ээси да ошол болсо керек. Биз качан ката кетирдик деп ойлоп жаткам ал учурда. Балдар ар дайым жаңы нерсе талап кылып турганы чын, бирок ошол учурда компьютерди берип койбой талап кылган нерсесин башка жайдан издесек болмок экен. Балким баары башкача болмок. 

Улам кузгудон артты карап жубайлардын бирде күлүп бирде кайгырып сүйлөшүп бараткандарын көргөн айдоочу чыдабай кетти көрүнөт. 

-Бактылуусуздар! Сиздердей адам азыр дээрлик калган жок. Баары эле үстүртөн сүйлөп көнүп калышты. Эки адам бирдей кайгырып, бир убакта кубанганы аз, деди башын ийкеп. 

Жубайлар эми гана анын бар экенин эстегендей ага карап калышты. "Ал чын дилинен сүйлөп жатканы билинип турат, кыязы келгинди болсо керек уй булоосу алыста калып жүрөк менен сүйлөшүүнү сагынып калгандай" , деп ойлогонго жетишти Аяна.
Өзүн карап көңүл буруп калгандарын көрүп, сөзүн улады.

-Эң башкысы жарын менен жакшы мамиледе болуш керек экен. Балдарды сүйүп гана тим болгон жакшы тура, аларга байланып жашоонду арнап алуу да болбойт экен көрсө. Бала дегенин чоңоюп алып кетип калат, жаныма кел деген сөзүн да жакпай калат экен. Ал макулуктар кайдан билет дейсиң өздөрүнүн сенин жашооңдогу ордун, өздөрү сымал ойлошот да, тирүү эсен жүрсө болду дешет деп. Менин эки уулум бар, алар үйлөнүп өздөрүнчө кетишкен, жубайым ар күн аларды күтөт, кечке телефон карайт, алар болсо кемде кем келет үйүбүзгө. Биз ушу шаардын четиндеги айылда турабыз, жубайымдын кыйналганын көрүп чыдап отура албай ушунда келе берем. Куру балдарды күтпөй мени да күтсүн деп, себеби мен кайтып барам да ар күн, жок дегенде бир үмүтү акталып турсун ар күн деймин. 
Айдоочунун баянын акырына чейин угуп болгон жубайлар жылмайып гана коюшту. Бир ооз сөз кошумчалаганга дарман таба алышпады өздөрүнөн. 

Аэропортко жеткирип келип тааныш адамындай  айдоочу, 

-Эч нерсеге карабай бактылуу болунуздар. Сиздер бири бириниздерде барсыздар, деп жылуу сөзү менен коштошту. 

-Сиз дагы, дешкен экөө кучакташа күзгү эшиктен ичкери карай кирип кетишти. 

Кызыгы алардын багыты Москвага чейин гана болуп андан аркысын уланбаптыр.  

-Балким ушул жакшыдыр, деди Аяна учакта бара жатып. Биз Москвдан Алматыга эмес Бишкекке учабыз. 

Даниярдын да каалаганы ушул эле, жубайынын чекесинен кумарлуу жыттап коюп кучагынан коё бербей бара жатты… 

Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   NSKA   11 Декабрь 2020 - 10:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 02 Июль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 14:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Керемет Ааламы

Дагы күтмөй
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   sumaya   12 Декабрь 2020 - 02:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Дагы 3 айдан кийин жазса керек ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Dimedra   14 Декабрь 2020 - 17:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Кош кел үйүңө! 
Учак Манас аэропортуна конуп, арттагы жүргүнчүлөр шатыра шатман кол чаап жатканда Аяна терезени тиктеп отуруп ушундай деди. Бул сөздөр өзүнө арналган эле. Ал  шашылыш балдарын алып чыгып кеткен барабар бул шаарга биринчи кирип келиши . 
Арттагы кара парда ачылып эконом класстын жүргүнчүлөрүн коё бергенче бизнес класстагыларды узатып улгуруштору керек болгон экипаждын адамдары өз ордуларын ээлеп туруп калышкан. Терезени тиктеп ордунан жылбай отурган Аянанын жанына стюардесса кыз жетип келди аңгыча. 

-Сиздерде баары жакшыбы? 

-Чоң кыз бизди күтпөй кете беришсе болмок тигилер. Биз акырында түшсөк, дей салды Данияр, жубайын шаштыргысы келбей. 

-Жок! Биз азыр эле, деген Аяна ордунан козголо баштады. 

Өзүнө суроолуу тиктеп калган жолдошуна, 

-баары жакшы, деп жылмайып койду. 

Ал азыр арттагы көп адамга аралашкысы келген жок. Москвадан кайткан учакта көбүн эсе мигранттар келишет, а алардын арасында бактылуулары аз, сагынычы көздөрүндө тартылган адамдар. Аянада болсо азыр кусага толгон көздөрдү кароого күч жок.
Данияр баары жайында экенине көзү жеткен соң келинчегин жетелеп учакты таштап түшүп кетишти. 

-Мени апама алып барчы, деди Аяна таксиге олтураар замат, күйөөсүнүн мурусуно жөөлөнө эркелей. 

-Албетте, деген Данияр айдоочуга даректи айтып келинчегинин чачтарынан жыттай эркелетип койду, оюнда аны менен толук макул болуп. Азыр анын ичинде жүрүп жаткан бурганакты өзү элестете да албасын билет. "Балдарым кайда болсо да аман болсун" деп койуу аталарга таандык сапат, ал эми энелер башкача болот эмеспи. Алар ар бир майда нерселерге маани берип жашашат, баланын курсагы ден соолугунан башка каалоосу, сезими жана толгон токой нерселер бар ойлорнуда. Дайым жанында болуусун каалашат. Андыктан балдарын он миңдеген километр узактыкта калтырып келе жаткан эненин түйшүгүн өзү түшүнө албасын сезип келе жатты. Мындай убакта жубайын алаксытып сооротууга өзүнүн күчү жетпесин да билип олтурат. Эгер азыр ага бир адам жардам бере ала турган болсо, ал да анын апасы. Жакшысы ушундай болгону оң, деп ойлоп койду, башкысы ал адам үйүндө болсо экен деп тиленип. 

Кудай жалгап апасы үйүндө экен, жүрөгү сезгенби же энелер ушундай болобу качан келсе дайым даяр тургансып алдынан күтүп чыгат. 
Апасын көргөндө Аяна өзүн кармана албай кучагына бой уруп көкүрөгүнө башын жөөлөгөн бойдон ыйлай берди, же бир көз жашы тыйылса кана. Чууруган туздуу көз жаштар менен ичинде жыйылган баардык оор жүктөрдү чыгарып жаткандай. 

Кызынын абалын көрүп эле маселе неберелери тууралуу экенин түшүндү апасы. Эне бала үчүн гана ушундай катуу сыздайт. 

-Баары жакшы болот. Мына көрөсүң, баары өзү ордуна түшөт. Али жакшы күндөр алдыда. Болгону каалаа кызым, жакшы жашоону каала, деди эне кызынын чачтарынан сылай.

-Мен каалагым келбейт. Өз каалоомдон корком мен апа. 

-Андай дебе кызым, али тагдырына ыраазы болуп жашайсың. Күлбөйм дейсиң күлөсүн, сүйбөйм дейсиң сүйөсүн, жаңылбайм деп миң ирет адашып чалынбайм деп жыгыласын, жашоо ушундай балам, деп жалбарып жиберди энеси. Кызынын акыркы сөздөрү анын жүрөгүн тилип эле кетпедиби. Ананчы, же бир кызына жардам бере алсачы. 

Аларга карап турган Данияр да тутпой кетти, мындайга эне гана тутоорун түшүнөт. Узакта туруп эле кайын энеси менен саламдашып, кетүүгө уруксат сурады. 

-Уруксат берсениздер мен барайын, жумуштарды бүтүрүп кайтам. 

Аяна ага каршы болбоду, апасынын көкүрөгүнө жөөлөнгөн бойдон үнсүз тура берди. Кой дегени камынган апасын да токтотуп койду башын чайкап. Жакшысы азыр ал кеткени оң, эки адам бир азапты көтөрүп бирге калуу мүмкүн эмес деди ал оюнда, кудум Данияр узак болсо азаптын жарымын көтөрө кетчүдөй. 

Данияр мойнунда илинген кичине кайыш сумкасы менен илен салан басып отуруп кантип өз үйүнүн дарбазасынын алдына келип калганын да байкабай калды. Кайдагы бутпогон жумуш анда, жада калса кайда бараарын да ойлобой эле чыккан кайын атасынын үйүнөн, эми мынтип өзүнүн бала чагы бактылуу күндөрү өткөн үйдүн алдында турат. Бул үйдүн ачкычын дайым жанында алып жүрө турган, азыр да сумкасына колун салып дарбазанын ачкычын таап алып жаш балача кубанып, маанилүү кечеден кеч кала тургандай шашылыш кулпуну бурап үйүнө кирип тегерене басып жүрдү. А үйдүн ичи ошол бойдон, көптөн бери адам жашабаганга окшобойт. Баары өз жайында, таза, буюмдар ирети менен, тааныш, жада калса мурдуна апасынын атыр жыты келип тургандай туюлат. Бул үйдү карап жыйнап жүргөн аялга ичинен ыраазы боло, чоң бөлмөнү бир сыйра тегерете басып келип четте турчуу жумшак эмеректин жанына жете токтоду, бул жай эң негизги маселелер чечилчуу жай боло турган. Үй бүлөө биригип же атасынын достору чогулуп тамактан соң ушул эмерекке отуруп алып талашып тартышып көп маселени талкуулашаар эле. Аны колдору менен сыйпалап ыңгайлуулугуна суктана башын аркага таштап отура кетти. Анан эле көздөрү өзүнөн өзү жумулуп өткөн күндөрү мончоктой тизилип көз алдынан өтө баштады. 

-Ай ушу сен, жалгыз уулундан он баланын аракетин талап кылганынды койбойсун. Мактап да койсоң боло. Байкушум сенин көзүндө татыктуу көрүнүш үчүн жанын үйрүп аракет кылат. Китептен башын көтөрбөй окуганы аз келгенсип спорттон жетишкендик тилегенинди орундатам деп жүрөт эми. 
-Жөн кой өзүнө жакшы, аракети менен адам болот. Мен эмне билбейт дейсинби уулумдун жетишкендиктерин, билгенде дагычы, жүрөгүм жарылып эле кетейин деп кубанам. 
-Ошону айта жүрсөн. Ал бала да, сенин оюудагыны билип коюптурбу, кулагы менен уккусу келет. 
-Ай болдучу, бир жолу айтпадымбы жетет ошол. Кечке эле бир нерсени айта берсем балаң ошол жерде токтоп калбайбы, тескерисинче татыктуу адам болуш үчүн көп аракет кылып өсүш керек экенин түшүнсүн. 

Ата энесинин ар кездеги ушундай тартышып калчуу сөздөрү да кулагына жаңырып өттү. Кандай керемет! Кана эле азыр ошол учурга бара алса. Ал кезде Данияр өзүн эрксиз сезип ата энеси анын каалоолоруна каршы чыгып жатат деп оюна да албаган экен. Ушундай болушу керек деген гана түшүнүк жашоочу. Анан да атасынын талабы менен апасынын мээрими бири бирине куп жарашып кала турган. Атасынын сөзү мыйзам болчу Данияр үчүн, бирок апасы калкалап канаатына салганда ал мыйзамдар таба алчуу эмес аны. Ушинтип бир сыйра балалыгына да барып келгенге жетишти. 

-Ата, апа сагындым сиздерди! Сагындым, Сагындым… деген сөздөр менен бирге көзүнүн жашы да сызыла берди. Бир убакта аябай оорлошуп бара жатканын сезип ордунан тура калды. Аялдарга көз жаш женилдеш үчүн болсо эркектер үчүн андай эмес, тескерисинче оорлоштурат өңдүү. Канча отурганын билбейт, сыртта күн батып үйдүн ичи караңгы тартып калган экен. Жарыктарды жандырып үйдүн ичин кыдыра басып жүрдү, баары тааныш, жүрөккө жакын буюмдар. ''Мына жашоо!" деп алды. Чындап эле бул үйдөн көчүп кеткенден кийинки акыркы жылдары кандай өткөнү белгисиз, кудум уктап калып түшүнөн ойгонгогдой болуп турду. Үстүнкү кабатка көтөрүлүп келе жатып дубал боорунда илинип турган сүрөтко көзү түшүп калды. Ал атасы менен апасы бирге түшкөн акыркы сүрөтү эле. Атасы ооруп жатса да кайраттуу тиктеп турат, апасы болсо сүйкүүмдү, жанагы эле өзү тааныган эң ажарлуу аял, көзүндө коркунуч жок, демек ал жолдошунун жакшы болуп кетишинен үмүт үзбөгон экен. Алар бири биринде бар болгону үчүн бактылуу болушкан тура. Атасы "менде жароокер жубайым бар ал ар дайым менин жанымда башканын ою мага кызыктырбайт" деп турса апасы "мага эч кимдин зыяны жетпейт коргоочум жолдошум бар'' деп турушкансыйт. Чынында эле алардын жашоосу ошондой болчу, кай жерде болбосун атасы ишенимдүү  сүйлөйт себеби билет жок дегенде бир колдоочусу даяр. Апасы болсо берилген суроого жооп бергиси келбесе күйөөсүн карап жылмайып коёт, ал дароо сөздү өзүнө же башкага буруп коргоп кетет. Бирок демейде унчукпай күлүп гана койчу апасы маселе баласына келгенде баарына тап бере ала турган, жада калса күйөөсүнө да. Атасы да муну сезет ошондуктан апасы бар жерде Даниярга көп катуу талаптарды коё бербейт. 

Сүрөттү колуна алып жүздөрунон сылап тепкичке отура кетти. Кадимкидей алардан жылуулук келип тургансыйт, айрыкча апасынан, анын күлкүсү эле канча турат. 

"Мына карасан энелерди. Алардын эң күчтүү да эң алсыз да жери баласы болот экен го. Аянам да байкушум балдардын канча кылыктарын жашырды  болду экен менден, алардын жасаган ар бир жоругун жакшыга жооруп жүрбөдүбү, анан калса азыр да аларды бар болгонундай кабылдоого аракет кылып жатат, ичиндеги уйгу туйгусун, сезимдерин, баарын, жада калса өзүн алардын каалоосу  үчүн садака чаап келе берди. Менчи? Мен эмне кылып жатам? Хм, мен ошол наристелерге таарынып отурам, бизди эмес башканы тандап кеткени үчүн, алардын каалоосу үчүн күнөөлөп жатпаганда эмне." деп сүрөттү карап калды.

-Көрсө мен сиз болгум келген экен ата! Сиздей сыйлуу, балдарыма сөзүм өтүмдүү ата болгум келиптир. Болгону сиздин баланыз менен менин балдарымдын айырмасы өтө чоң. Сиз мен туулгандан кийин акылды талап кылсаныз, мен балдарыма биринчи акыл берип кийин туулушун күттүм. Эми болсо ошондогу каалоом үчүн санаа чегип отурам. Мен кайдан билдим менин каалоом ушундай көлөмдүү экенин. 

Чындап эле азыркы анын жашоосу бир убактагы өзүнүн каалоосу эмес беле. Балам болсун Аяна үчүн, ал өзүн эне сезип эсепсиз сүйүүсүн кимгедир тартуулай алсын деди биринчи, Ариет туулду, ага Аяна керектен ашыкча сүйүү берди. Кийинчи? оорубаган дени сак, акылдуу өзгөчө балдары болуусун каалады, башкалардай эле балдары менен сыймктангысы келген. Ал каалоосу да орундалды, болгондо да миң эсеге көбөйтүп берди ага. Балким балдардан алыс болгонду да өзү каалагандыр, а балким алар коопсуздукта болсун деп тилегени ушундай болуп кайткандыр. А алар чын эле коопсуз жайдабы азыр? деген суроо келди акылына. Эгер андай болбосо, дагы алдыда эмнелер күтүп турат болду экен. Качанга чейин ал чокуда жашай алышат?  өмүр бою анда калышпайт да баары бир. Убакыт өтүп элдер аларды кабыл ала алышабы же баары бир зыян берүүнү каалашабы. А эгер.. деп келе жатып өз оюнан коркуп кетти. 

Сүрөттү ордуна илип, - Эмне болсо да менин балдарымдан башкаларга, жер жүзүнө зыян жетпесин, деп доош чыгара сүйлөп алып андан ары экинчи кабатка карай көтөрүлүп кетти. Үйү менен жаңы таанышып жаткандай баарын антарып карап жүрүп түшүндү мындан ары дал ушул жерде гана жашагысы келээрин, Аяна эмне дээр экен?

Аяна болсо апасынын тизесине башын коюп жатып алып ыйлай берип көз жашы кургап калганда атасы кирип келди. Кызынын шишип кызарган көздөрүнөн чочуп ага үйрүлө түшкөн атасынын да жүзү өзгөрүп кубарып барып турган ордунда жерге кулап жыгылды. Аяна атасы үчүн катуу коркуп кыйкырып жиберип апасына караса ал тескерисинче шашпай өзүн кайраттуу кармап так даана кыймылдарды жасай баштаган экен. 

-Балышты бер, деп күйөөсүнүн башын жогорулатып коюп кызына кайрылды, 
-колуңду жүрөк тушуна басчы, ал сени сезгендей болсун, тамырындын соккону анын жүрөгүнө жетсин. 

Аяна эч нерсеге эби келбей, жада калса колун да эптеп коё албай карбаластап жатты.

-Апа тез жардам чакыра салалы. 

-Жок кызым алардан жардам күтүп болбойт, азыр өзүнүн дарыгери жетип келип калат болуш керек. Кеч калбаса болгону, ага чейин карап отурбай бар мүмкүнчүлүкторду колдонуп туралы, деп ашканага жүгүрүп кетти. 

Көрсө атасы жүрөк дартына чалдыкканына көп болгонго окшойт. Жүрөк тушуна кол тамырын басып отуруп мойнунда илинген конгуронун сүрөтү тартылган кичине аспапты байкап калды Аяна. Мындай аспапты адатта өнөкөт оорулары бар адамдарга тагышат кээ бир клиникалар, телефон кылууга жетишпей калбаш үчүн ушул конгуроону басып коюшса болду адамдын кай жерделиги аныкталган конгуроо келип түшөт аларга. Апасы ошон үчүн айткан экен да дарыгери жетип келет деп. 

Аңгыча апасы бир колуна суу экинчи колуна "нейтроглицерин" чачкычын көтөрүп жетип келди. 

-Апа канча болду? Мен эмнеге билбейм? деди Аяна эми өзүн колго алып суудан атасынын жүзүнө чачып моюндарын суулап жатып. 

Апасы ага жооп бермек турсун карап да койгон жок, анткени өзү көздөрүнүн кычыгына жыйыла түшкөн көз жаштын тамчыларын аран жашырып отурган, оозун ачса эле алар да жамгырдай төгүлчүүдой болуп турат. 

-Мага эмне айтпайдыныз, мен ушунча узакка кетмек белем эгер муну билсем. 

Кудай жалгап дарбазадан конгуроо болуп апасы жооп берүүдөн кутулуп кетти. Кароол экен, 

-Дарыгер турат, ичкери коё берейинби? 

-Албетте, бол бат. Тескери бурулганча шылтоо кылып көз жашын сүртүп жетип келди. 

-Кудай жалгап бат келди,  баары жакшы болот, деп күйөөсүнүн колун кармап өзүнүн жүзүнө тийгизип эссиз жаткан болсо да эркелеп алды. 

Чындап эле апасы айткандай дарыгер бат эле атасынын көздөрүн ачып койду. 

-Эмне болуп кетти десе, кызы келип эркелеп жаткан тура. Болду эми коздорнузду ача бериңиз, ишенди кызыныз аны сагынып куса болуп жүргөнүнүңузго.
Даргердин сөзүнө жооп кыла  билинээр билинбес жылмайып койду атасы, баарына эсеп берип жатканын билдире. 
Аны ыңгайлуу жаткырып жанында бир топко отуруп жүрөгүн кайра-кайра текшерген соң кетүүгө камынып калды дарыгер. 

-Баары артта калды, бир аз эс алсын ордуна келип калат, мени узатып койсоңуз, барайын артык. 

Аяна апасынан мурун шашыла ордунан туруп дарыгерди узатууга камынып калганда ал токтоп үйдүн кожейкесине карап калды. Аны түшүнгөн апасы, 

-Сен атаңдын жанында болуп тур, жанагындай тамырынды жүрөк тушуна бас, жанында экенинди билсин, деп токтотуп өзү дарыгерди жандап сыртка жөнөдү. 

-Эмне деймин. Инфаркт алганга окшойт жолдошунуз дагы бир ирет. Албетте азырынча бул менин жоромолум гана, аякка турганда клиникадан текшеребиз дагы. Азыр унаага салып кетүүгө болбойт, ордунан кыймылдабай жатуусу керек. Түшүнөм кайгысы кубанычы жок жашоо болбойт, ошентсе да курч абалга жеткирбешке аракет жасаныздар. Албетте кожоюнунуз күчтүү адам жана анын бул жашоого кармала турган негизги себеби бардай, ырас ушундай жүктөн кийин дароо көзүн ачканга күч таба алса. Бирок дагы бир иретти аксакалдын жүрөгү көтөрө албай калуусу мүмкүн. 

-Түшүнөм доктор, сизге рахмат. Сизди бизге Кудай өзү жөнөттү. Кожоюнумдун алдуу да алсыз дагы жери карегиндей көргөн кызы. Анын көз жашын көргөндө чыдай албай кетти окшойт. Кызынын тамырынын согуусун сезип турса узап кете албайт деп жанагындай жасабадымбы, деп көз жашын сүртүп алды.

-Ооба балдар ошондой болот экен да, эмне дейбиз. Бирок кызы да жаш эмес экен атасын аясын колунан келишинче, деп оор дем алып дарбазадан чыгып кетти. 

Апасы асманга карап бир демелерди кобуранып эки колун жүзүнө сүртө дуба кылып артына бурула берип бет маңдайында турган кызын көрүп чочуп кетти. Аяна дарыгердин бир деме жашырып жатканын сезип алардын артынан чыккан эле. Азыр эле уккан сөздөрүнөн кулагы тунуп турган, өзүнүн өзүмчүлдугуно арданып. Ал өзүн эненин ордунда сезип балдары үчүн күрөшүп жүргөндө ал үчүн да күрөшүп жүрөгү ооруй турган адамдар бар экенин эстен чыгарган экен. Атасы да өзү сыңары эле балдары жанында болгонун кааласа керек, сагынган чыгаар. Башка өлкөгө көчүп узактап кеткенинин себебин акылы түшүнсө да жүрөгү тушунгусу келбегендир.  

-Кызым! деп калдастап калган апасын да аяп кетти. 

-Баары жайында апа. Мен эми сиздерден алыс кетпейм. Атамдын тилегин орундатып оорун колунан алып жанында болом, деди кайраттуу. 

-Албетте, албетте кызым. Эми сени жалгыздатып койбоймун мен дагы. Ар ким өз тагдырында барын жашап өтөт, жашоо ушундай. Ырас тагдыр менен күрөшүп болбос экен, башыбызга келген күндөрдө бирге болуубуз керек. 

Ошол күндөн тарта Аяна өзүнө катуу талаптарды коюп жашай баштады. Узакта болсо да балдары бар, алар менен сөз алышкандай эле ар күн электрондук кат алышып турат кыскача болсо да, алар үчүн кайгырганын токтотпосо да жүзүнө чыгарбайт. Атасын көп күн сыртка чыгарбай үйдө кармап отурду, сагынычы таркабай жатканын шылтоо кылып. Бир гана Даниярдан кабар жок, эки апта өтүп кетсе да бир дайынын билдирбей кетти. Мына бүгүн өзү аны менен байланышка чыгып, атасынын илгерки тилегин орундата турганын айтат...

Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   NSKA   21 Декабрь 2020 - 14:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 02 Июль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 14:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Керемет Ааламы

Батыраак бүтүрүп салсаңыз болмок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Aituwas   24 Декабрь 2020 - 20:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Ёлки палки дагы деле жокбу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Ayimka   29 Декабрь 2020 - 20:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Дагы кайда жоголуп кетти мына автор. Димедра айым жазып бутуруп салсаныз сонун болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Aikosh001   02 Январь 2021 - 09:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 14 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Июл 2021 23:48
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жашыл калаалуу мекен

Кечиресиңер автор жоопкерчиликти эске алып жазгыла же жазбай эле койгулачы. Же айтып койгула ушундай иштерим болуп атат деп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   akinaika   08 Январь 2021 - 02:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Ие айланайын автор?! Тынчсызбы? Убактынызды болуп ,бир баш багып койбосузбу? ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Dimedra   05 Февраль 2021 - 13:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Данияр!
Телефондон өзүнүн атын укканда жүрөктөрү титиреп кетти. "Эмнеге мынтем, ал жөн гана менин атымды айтып кайрылып жатпайбы" дейт, ага болбой эле денеси муздап жаман кабар уга тургандай жыйрыла берди.
-Мени угуп жатасыңбы?
"Мына, дагы кыска муздак сөздөр. Кана анын" ардагым" деген кулакка жагымдуу сөзү. Деги эмне дегени турат. Кандай суук кабарды угузат". Кыска убакыттын ичинде ою чар тарапты аралап кетти. А чынында эң суук кабар ал үчүн азыр эмне? "Мен чарчадым, ата энемдин жанында калгым келет" десечи. Анда эле эми сен жападан жалгыз калдың, мындан ары жанында мен да болбойм дегени эмеспи. Анда эмне кылат? Ордунан турат да бет келди кете берет, чарчап жыгылганча жүрөт. Анан эмне кылсын, ким үчүн, эмне үчүн жашасын.
-Данияр, жооп берсеңчи, мени угуп жатасыңбы?
"Жок, жакшысы мен укпай калайын. Ооба сенден айрылганча менин кулактарым укпай калсын. Балким ошондо мени таштап кете албайсың…" Ал оюнун акырына чыкканча байланыш үзүлүп калды. Телефонго караса жыйырма секунд гана узаптыр сүйлөшүү. Ой күлүк ээ, ошол кичине аралыкта канча деген нерсени ойлоп жиберди. Акыркы жолу жубайын апасы менен бирге калтырып кеткен күнүн да элестетип жиберген. Анда Аяна жакшы бар да деген эмес, апасын да токтотконун байкаган, ал даана эле Даниярдын кетишин каалап жатпадыбы. Оюн жыйгыча кайра эле конгуроо келип, телефонду кулагына такап шашыла сүйлөй баштады.
-Асылым мени жалгыз калтырба. Макул ата энендин үйүндө болгун келсе азырынча ошондо кал, шаштырбайм. Биз бирге болуубуз керек, угуп жатасыңбы. Көрөсүң биздин бактылуу болуубузга али да мүмкүнчүлүк бар. Мени кечир баары үчүн, башына келгендер үчүн. Мени мындай абалда жападан жалгыз калтырып кете албайсың. Аяна сен мага керексин.
Аяна аргасыз күлүп жиберди.
-Ардагым сен эмне уктап жаттын беле?
Мына өзү күткөн сөздү укту акыры, бирок ушунча узак убакыт күтүш керек беле, жана эле ушул сөздөн баштаса болмок. Баары ал ойлогондой эместир балким, келинчегинин андан кетем деген ою жоктур.
-Данияр?
-Жок, мен уктаганым жок.
-Анда эмнелер деп жатасың? Жаман түш көрүп жаткан экен десе.
-Аяна а сен мени таштабайсынбы?
-А эмнеге ташташым керек. Мен али да сенин жубайынмын да ээ? Болгону…
-Эмне болгону?
Данияр шашылып кетти.
-Сен көп нерсени билбейсин.
"Эмнени? Сен Штатка балдардын жанына барып жашайлы дейсинби. Суранам андай дей көрбө. Мен жаңы жашоого кайтканда дагы андан үзүп таштаба мени." дей салды ички туйгусу.
-Атам оорулуу.
-Эмне?
-Жок, азыр жакшы өз аяктарында. Бирок жүрөк дартына кабылганына көп болуптур, ошондуктан мен атамды таштап кете албайм. Азыр мен ага абдан керекмин.
-Албетте асылым, атам жакшы болгончо анда болушун керек. Кийин кетебиз.
-Данияр сен мени тушунбодун, мен эми эч кайда кетпейм. Атамдын жумуштарын өз колума алам.
-Токто-токто! Сен азыр эле мени таштабайм дебединби.
-Сага эмне болуп турат өзү Данияр, өзүнө келсенчи. Мен жумушка чыгышым үчүн сөзсүз эле сенден ажыралуум керекпи. Айтайын дегеним биз ушул шаарда өз мекенибизде калып жашасак, ар кимибиз өз жумуштарыбыз менен алек болсок кантет. Кийин… , азыр биздин башка алек болчуу нерсебиз да жок.
-Биз ушул шаарда өз үйүбүздө калабыз, бирге турабыз. Ушундай эмеспи асылым? Мен туура түшүндүм да ээ.
-Ооба. Биз качанга чейин өзүбүздөн өзүбүз качып жашайбыз.
"Өх" деди Данияр ичинде. "Баары ушунча жеңил беле" . Эки апта кыйналып жубайынын оюн өз алдынча талдаганча бир ооз сүйлөшүп көрсө болмок экен.
-Мен азыр өтүп барам, атамдан кабар алганы, а сен даяр болуп тур ээ, деди Данияр кубанганын жашыра албай.
-Данияр, биз балдарды өзүбүз алып барып окууга дайындап келдик. Атама ушундай дейсиң.
Данияр ундобой калды, бул нерсени кааласа да аткара албашын ойлоп. Кайын атасы оңой эле алдана калчуу адам эмес, андай болгондо да чоң эле адамды кантип алдайт. Ал киши өзү да Даниярды абдан күтүп жаткан болуш керек, кызынын андан алып качкан көздөрүнүн себебин билиш үчүн.
-Эмне уйндобойсун?
-Аяна сен каалап жатсан аткарайын, бирок кандай болоор экен? Атам ишенеби?
-Бул нерсени атам үчүн жасашыбыз керек. Мындан ары мени деп кыйналганын каалабайм. Жашап жаткан жашоом өзүмө жагып жаткан экен деп билсин.
Данияр дагы ундобой калды.
-Данияр?
-Албетте. Мен бир аздан соң барып калам, деп телефонду өчүрдү.
Мына эми таза эле кыйын болбодубу. Кайын энеси болсо да бир жөн, бирок кайын атасына жалган айта алаар бекен. Жашырып айтпай кою бир жөн, бирок сурап турса жалган айтуу өтө эле кыйын. Атасына да эч жалган айта алчуу эмес, ал карап турганда эле оюндагысын билип койгондой туюлчу. "Мейличи" деди, көрө жатаар. Балким ал кишиге бир нерсе дешке туура келбейттир.
Асылынын үнүн уккан соң бир ордунда тура алмак беле, дароо эле ал турган үйгө жетип келди. Дарбазадагы кароол ичкериден жооп болмоюнча Даниярды коё бербей турду үйгө. Тааныбай турат дейин десе өткөн күнү эле бул үйдөн чыгып баратканда көргөн жигит. Демек үйдүн ичинде ал билбеген татаал кырдаал жаралган. "Бул менин балдарым үчүнбу" деп ойлоп кетти. Бир аздан соң кечирим сурап дарбаза ачкан жигиттин артынан эле Аяна көрүнө калды, арыдан шашып келе жаткан экен. Жубайын ушундай даражада катуу сагынганын аны көргөндө гана билди Данияр. Эки апта аны көрбөй кантип жашады экен. Кучагына кысып, жытына тойбой көпкө турду. Аянанын:
-Атамды аяп карабагын ээ, деген сөзү болбогондо дагы да тура бермек.
Аны коё бергени менен эмне деп сүйлөөрун билбей турду. Чын эле кайын атасы боор ачырлык абалдабы. Өзү тааныган бакыйган киши андай абалга түшкөнүн элестетүү кыйын.
-Андай болсо жүрү атамдын жанына киреличи, деди майнап чыкпаса да аракет кыла азыраак жылмайып.
Аянанын көздөрүнүн кычыктары жашка толо түшкөнсуду заматта, жолдошунун колдоосуна эрээркий түштү окшойт.
-Макул, мен атама эч нерсе дебейм, деди Данияр жубайынын көздөрүн сүртө.
-Жана бардык сунушуна макул болосуң.
Данияр ойлоно түштү, "кандай сунуш болуусу мүмкүн? Дагы компаниясы? кандай болсо да ал кишинин өзүнүн уулу бар эмеспи анын үстүнөн аттап кетүү канчалык туура болоор экен".
-Данияр?
Ал жооп ордуна жөн гана жубайын кучактап чекесинен өөп, үйгө карай баса берди.
Аларды астанадан тосуп чыккан кайын атасын көргөндө Данияр токтоп калды. "Эмнеге эле көбүртуп жатышат" деген ой келди акылына. Ал киши дайымкысындай эле салабаттуу бет маңдайында турат. Бирок жанына жакын келип көрүшүп жатып байкады анын көздөрү ичке тартып калганын. Үй бүлөө чогулуп үстөлдө отурганда да кайра-кайра карай берди билдирбей. "Бул адамдар кыйын" деп алды ичинен өзүнүн атасын элестетип, ал да жаны кыйналганын жүзүнө чыгарбай жашыра турган.
-Келе бата кылалы, деп калышканда гана Данияр оюнан алаксып жанындагыларга карады.
-Үстөл үстүндө айтылган ой максаттар ишке ашып, Аяна өз ордун ээлеп ийгиликтүү ишкер болсун. Бир бириңерге колдоо жөлөк болуп жүрө бергиле, деп батасын берди атасы.
Данияр өз ойлору менен алп урушуп отуруп үстөл үстүндө айтылган сөздөргө кулак салбай калган экен, сөз эмне тууралуу болуп жатканын так билбесе да божомолдоп түшүнүп жатты. Атасы ордун кызына бошотуп бергени жатса керек, эмне үчүн? деп коркуп кетти. Абал ушунчалык оор беле? Аянага карап боору ачый түштү. Кайдан билсин ал, алдыда эмне күтүп турганын. Бул кишилер жумуштан алыстайм деп жатса демек өтө жүйөлүү себеп бар. Өзүнүн атасы да ордунан тура албай калганча жумуштап жүргөн. Кайын атасына жалт карай салды. Ал киши күйөө баласынын ар бир кыймылын байкап отургандай, башын чайкап койду.
-Жүрү мен өз колум менен отургузган жаңы багымды көрсөтөйүн сага, деп Даниярга ишаарат кылып сыртка жөнөп калды. Данияр да шашпай ордунан туруп алдыда боло турган сүйлөшүүнү божомолдоп өзүн даярдап баратты.
-Каарыганда билет экенсиң жашоонун маңызын. Көчөдө өткөн жашооң көчөдөгүлор үчүн эле болот экен көрсө, деп сөз баштады кайын атасы үйдүн артындагы чоң короого көз чаптырып, узун туурасын өлчөп жаткандай астейдил айланта карап. -Өзүмдүн эркиме койгондо багбан болмокмун. Карачы былтыр эккен дарактарым быйыл мөмө берип калды. Европадан алдырышат экен бул алманын көчөттөрун, бир жылда түшүм берет дешкенинен ишенбей эгип көргөм,алдашпаптыр. Бирок булар көп жашабайт дейт. Эми ойлонуп жатам, мага тез түшүм алыш керек беле же көп жылдар турган дарак жакшы беле деп. Макул бул көп болсо дарак экен, түшүмү түгөнгөн соң башкаларга алмаштырып коём деймин, бирок кантип аларды узомун, өз колум менен эккенмин да. Башка адамдарды айтып уздуром, менин колум барбайт андайга.
Данияр какап кетти. Кайын атасы бир аз токтоп калып ага бурулуп карабастан эле сөзүн улай берди.
-Атам мени ошон үчүн багбан кылбаган болсо керек. Жүрөгүм ар бир дарактын кураганын көтөрө алмак эмес. Уулум менин ошол жумшактыгымды тартты, эрки бош адам, андагы ошол сапатты кабыл ала албадым өңдөнөт, демек өзүмдөгу жакпаган сапатым да ошол. Ал эми Аянам күчтүү жагымды алды, апасына окшоп кайраттуу да, бир гана башкалар үчүн өзүн оңой эле курмандыкка чалып койгон жагы бар, бул да апасынан өткөн болсо керек, ошон үчүн санаа тарта берем, кудум убагында апасы үчүн кыжаалат болгондой. Билем уулум сен аны өзүңдөн артык жакшы көрүп алындын барынча коргойсун. Атаң сенин ушундай киши болчу, апанды көзүнүн кирпигинен да аярлап жүрө турган. Бирок кантейин мен ата экенмин да, балдарым тарткан санааны жүз эселеп тарта берем. Сен да атасын, балдардын өз тандоосу деп эле санаан тынч отура албай жатпайсынбы. Алар бакыттан балкып учса да кыжаалат боло бересиң, ушул сезимин жоготуп албаса экен деп. Кызым менин оң көзүм болсо уулум сол көзүм, экөөнү бири биринен кем эмес жакшы көрөм. Билем сен уулуңуз бар деп андан өтө албайсың, эгер ал каалап турса мен кантип эле ага ыраа көрбөйүн. Болгону уулумдун тандаган жолу башка, ал да өз тандоосу менен жашаганга акысы бар.
Жанатан бери ундобой угуп турган Данияр жаңы
-Ата сиз али да алдуу күчтүүсүз, өзүңүз эле… деп келе жатканда кайын атасы колун көтөрүп койду.
-Данияр, уулум, жан досумдан калган жалгыз туяк аманатым. Билем сен мени өз атандан кем көрбөйсүң. Ошентсе да мага тигиндей карабачы, азыр ушул аяп караган көз караштардан кайда жашынаарымды билбей турам. Кийин эмнеси болсо да менин абалым өз кызымдыкынан жакшыраак эмеспи. Балдарым мени, мен балдарымды түшүнө алабыз, утурумдук келишпестик болсо да билебиз баары бир тил табышабыз. А кызымчы? Балдары аны түшүнбөйт ал балдарын тушунбойт, жада калса качандыр бирдей түшүнүккө келишээри да күмөн. Келечектен үмүтү да жок, болгону коркунуч. Ушундай эмеспи?
Данияр кайын атасынын оюн жакшы түшүнө албай турду. Эмне дегиси келип турат? Аянаны айтканча ага сөз тийгизип жатабы. Сенин абалын боор ачырлык, өзүнө кара дегиси келдиби.
-Ата биз ушундай болгону туура деп чечтик, балдарыбыз ал жакта болгону жакшы. Билесиз… деп андан ары сөзүн улай албай такалып калды.
-Билем балам. Неберелерим талап кылган нерсе биздин жайларда жок. Андан да мен өз кызымды жакшы билем. Ал эч качан балдарын өз каалоосу менен өзүнөн узак кармабайт. Керек болсо жанын курман кылмак, сенин күчүн жетпесе менден сурамак жардам. Бир гана балдарынын каалоосуна каршы чыга албайт. А сени айтпаса да болот, раматылык досумдун мен баалаган өжөрлүк сапатын толугу менен өткөрүп алгансын. Сен балдардын каалоосу менен да эсептешип отурмак эмессин. Билбейм менден эмнени жашырып жатасыңар, бирок силер ушундай кылууга аргасыз болгонсунар. Бирөөдөн корктунар дебейм, ата эне коркконунан балдарын берип койбойт, тескерисинче аларды жоготуудан коркуп ушундай кылдынар.
-Ата!
-Макул балам, деди багын айлана басып. Ал өзүңөрдүн жумушунар. Кантейин мен да атамын, кызымдын абалы менден начар экенин көрүп туруу кыйын болуп жатат. Балким убагында баарын билсем ушул күнгө жеткирбей токтотуп калууга күчүм жетет беле дейм да. Сен да мага окшоп кечигип калдын окшойт. Балдарды токтотуу мүмкүн эмес болуп калды ээ? Ушундай эмеспи.
Мына, Данияр ушундай болоорун билген. Кайын атасы ага алдана коё турган адам эмес экенин кантип анын өз кызына түшүндүрө алмак.
-Данияр мен кызымды көрүп турам, ал эзилип жүрөт. Айтчы эч мүмкүнчүлүк жокпу аларды кайтарууга. Азыр алар кайда? Ошол догдурдун колундабы?
-Ооба. Ал адам тирүү экен эч кандай жол жок, деди Данияр мындан ары жашырып отурууга кажет калбаганын түшүнүп.
Кайын атасы башын ийкегилеп гана туруп калды. Анын эмнелерди ойлоп жатканын ким билсин.
Ошол күндүн эртеси эле кызын жумушка алып чыгып баарын үйрөтүп баштады. Аяна дээринен дилгир эмеспи, баарын оңой эле үйрөнүп ишти алып кетти. Ашып барса бир ай аралыкта атасы жумушун толук кызына өткөрүп берип бошоп кетти. Ошондо да тымызын Даниярга дайындап калганы анын мойнунда экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда сөзсүз катышуусу керектигин айтып өттү.
-Өзүңүз биротоло алыстабай турсаныз да болот, кантсе да бекерчиликке уйронбогонсуз, дегенине,
-Мен бекер эмесмин, жасай турган жумуштарым көп, али жер кезип улгурушум керек деп күлүп койду.

Аяна кандай гана иш баштабасын баш оту менен берилип жасай тургандардан экен, жумушка да катуу берилип иштеп жатты. Мындай аракети менен жакынкы арада эле атасынын компаниясын дүйнөлүк масштабга алып чыга турган түрү бар. Данияр жубайынын жашоого болгон каалоосу пайда болгонуна кубанып эле жүрөт. Ушундай тынч абалын бузуп албаш үчүн канча кааласа да балдарга барып келели деп айта албай койду. Анын ич күптүсүн сезип жүргөндөй кайын атасы сөз ачып, -балдарга барып келсенер боло, балким аз убакытка мында алып келээрсинер биз да сагындык, деп калды.
-Жок! деди Аяна кесе жооп берип. Атасынын мостоюп отуруп калганын көрүп бир аз жүзүн жумшартып, оозун кыбыраткан болгону менен доошу сыртка чыкпай, жарытылуу бир деме дей албай койду.
-Анда биз баралы аларга.
Атасы катуу ниеттенген өңдүү, кызынын ачуусу да анын сөзүн токтото ала турган эмес.
-Ата алар мында келбейт. Бирок биз аларга баруубузга эч ким тоскоол боло албайт, деди Данияр ортого кошула, жубайынын атасына каяша сүйлөгөнүн анча жактыра бербей.
Аяна жолдошуна бир карап алды да ордунан туруп кетти. Данияр анын артынан туруп баскан жок. Кайын атасы жубайына карап ымдап койду эле ал кызынын артынан жөнөп калды сооротмокко. Жубайы басып бараткан ар бир кадамын эсептеп күзөтүп отуруп дубал артына кирип көрүнбөй калганда күйөө баласына карады. Көз карашы ары сүрдүү ары күмөндуу эле. Данияр кунт коюп тыншап калды эмне айтаар экен дегенсип.
-Качан?
Данияр кайын атасын түшүндү, ал азыр эмне каалап жатканын так даана билет жана аны бул оюнан эч ким кайтара албайт.
-Ушул аптанын ичинде, деди Данияр да ишенимдүү.
Кайын атасы башка суроо узаткан жок, ал билет күйөө баласы кандай болбосун өз сөзүн аткараарын.
-Жакшы баргыла уулум, мен бир аз жата турайын, деп ордунан туруп кетти.
Данияр жалгыз үстөлдүн үстүндө ойлуу отуруп кала берди. "Ооба, мен баары бир муну бир тарапка чечишим керек. Качанга чейин эч нерсе болбогондой күн кечирип жүрө алам. Бул жолу Аяна кааласа да каалабаса да жолугабыз алар менен. Балким бул аралыкта чын эле өзгөрүү болгондур" деди акыркы ою ынанаарлык болбосо да ага ишенгиси келип.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   asefsa   05 Февраль 2021 - 15:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Башын унутуп калыпмын, кайрадан окудум, мумкунчулугунор болсо кооптон эле жазып койсонор сураныч!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   akinaika   05 Февраль 2021 - 23:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Ап бали! Димедра айым ,эми батыраак жазып тураарынызга ишенем)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Dimedra   07 Февраль 2021 - 15:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бир аздан соң жубайлар өз үйүндө болуп өткөн сүйлөшүүнү талкуулап отурушту. 

-Аяна атамдын андай кылууга толук акысы бар. Амир менен Альмира аларга жат эмес, неберелери. Биз кайдан билебиз, балким атам балдарды бизден да катуу жакшы көрөттүр, небере ширин деп айтып жүрүшпөйбу.

-Бирок балдарда андай сезим жок болуп калышы толук мүмкүн экенин жакшы билесиң да. Мен атамды гана ойлоп жатам, өз неберелеринен ирээнжип калбаса дейм. Билесиң атамды небереси эмес өз баласы да ирээнжите алат. 

-Асылым, Аянам! Ата өз баласынан эч качан ирээнжибейт, эгер агамды эске алып жаткан болсоң билип кой атам агамды эң жакшы көрөт. Тескерисинче ал өзүн күнөөлү сезет, деп келе жатып токтоп калды. 

"Ооба мен сөзсүз аткарам, антпесем өмүр бою мен да өзүмдү күнөөлү сезип жашап калам." деген ой келе калган эле акылына. 

-Аяна жакшысы даярдана бер. Атамдын визасы ачык болгон чыгаар, апамдан сурачы виза ачык бекен? Мен чыпта карай берейин, деп ордунан тура компьютерди көздөй жөнөдү. 

Аяна канча каалабай турса да, ичинде кайнап турган ачуусун күч менен басып ундобой турду. Ал кимге ачууланып жатканын деле билбейт. Атасынабы? "Чын эле анын толук акысы бар неберелерин көрүүгө. Анан калса атам алардын кандай экенин билет эмеспи, жашыра турган эмне бар мында. Кийин өзүм да сагынбадымбы балдарымды. " деп өзү менен өзү сүйлөшүп өзүн акылга чакыргансыйт, болбой эле ички туйгусу каршы чыгып жаткандай. Балким өткөн жолугушууда болгон жагымсыз сезимдер кайталануусун каалабай жаткандыр. Эмне болсо да артка жол жок экенин түшүнүп турат, жолдошу чечимин кабыл алып болгон соң. 

Көрсө атасы бул күнгө алдындан даярданып баарын камдап койгон экен. Төртөө учактан учакка которулуп отуруп Джозефтин жасалма багы жайгашкан Чок Хилл чокусуна чыгып келишти. Ушул көрүшпөгөн бир жыл аралыгында эле балдары кыйла чоңое түшүптур. Алардын жанагысындай эле муздак көз карашын эске албаганда Аяна элестеткендей коркунучтуу деле эч нерсе болгон жок. Тай ата, тай энеси өтө тажрыйбалуу инсандар болгон үчүн балдардын да доктордун да сөзүн таап сүйлөшүп жатышты. 

-Кана азаматым айтчы биздин, жерде жашаган адамдардын жашоосунда кетирген эң чоң кемчилиги кайсыл? Силер ал жайга барып жашоо үчүн эмнени өзгөртүү керек? деген тай атасынын суроосуна, Амир, 

-Жер жүзү өзгөрүүгө даяр эмес, анда өтө эле көп адам жашайт, баарын бир ойдун айланасында топтоо мүмкүн дагы эмес, деп жооп берди. 

-Туура! Сен аларды түшүнбөгөндөй эле алар да сени түшүнбөгөнго акысы бар. Ал үчүн бири бирине капа болуунун кереги жок. Өзүңө окшош ойлонгон адамдар менен бирге болуу үчүн башкалардан бөлүнүп кетүү да кажет эмес, сенден айрымаланса да сени кандай болсоң ошондой кабыл алып сүйө алган адамдардын жанында болуу да бакыт. 

-Андай адам менин жанымда болуусуна каршы эмесмин, ырас мени кабылдай алса мен тандаган жайды да кабылдай билүүсү керек. Ошондой эмеспи ээ тай ата. Эгер менин тандоомду кабылдай албаса демек мени толук түшүнө элек да. 

-Жарайсын азаматым. Бирок ушул жер өзүңдүн тандоон экенин кантип билесиң? Сен бул жайды алдын көрүп тандабай  эле келип калбадынбы?  

-Ким айтты ушул жай менин тандоом деп. Мен али тандай элекмин. Балким ал жайды өзүм курууга туура келеттир.

Мындай жоопту эч эле күтпөгөн тай атасы канча ирет камынганы менен оюн жыйнап суроо бере албай койду. Андан башка эч ким Амирдин бул сөзүнө көп деле маани беришкен жок. Бир гана тай атасы ойлонуп жатты анын эмне тууралуу айтып жатканын, маалым ал бир үй тууралуу айтып турбаса керек. "Демек…" деп келе жатып токтоп калды, неберисинин алдында ойлонууга болбой турганын эсине түшүрүп. Аяна балдарынын баштапкы оюнан кайтпагына анча деле капа болбостон жуздорунон сүйүп  коштошуп кайта берди, себеби ал мындан башкача болоорун күткөн дагы эмес. Башкалары да ошондой дешке болбойт эле, ошентсе да эч бири ооз ачып нааразычылыгын билдиришпеди.  


Ал күндөн бери көп өтсө да үй бүлөө биригип ал учурду ортого салып талкуулашкан жок. Ар бири өз пикирлеринде калууну туура көрүшкөндөй . Бир гана өзгөчөлүк атасы ушул күндөрдө алардан алыстагандан алыстап өзү менен өзү алек болуп бара жатты. Жер кыдырып чет жакка көп чыгат. Өмүр бою башын сайып иштеген киши андай кылууга толук акылуу деп тим коюшкан. Дагы ошондой сапардан келип үстөл үстү жайнап отурушкан соң, адаттагыдай багын аралап күйөө баласы менен бирге басып жүрдү. 

-Данияр мен компанияда үлүшүмду сатканы жатам. Эмне деп ойлойсуң? деди күтүлбөстон.  

Мына кызык! Баарын күтсө да мындайды күтпөгөн. Деги кайын атасы табышмакка бай адам. 

-Аянам капа болот го дейм, бирок менде андан башка арга жок. 

Канча өзүн кыйнаса да жарытылуу сөз келбей жатты Даниярдын оозуна. 

-Мага акча керек көп суммада. Компаниянын сексен пайыз үлүшү меники, канчага баалайт деп ойлойсуң. 

-Калган жыйырма пайызычы? 

Суроону бериши берип алып катуу өкүнүп калды Данияр. Азыр бул суроонун орду эмес болчу. 

-Калганын көптөн бери компанияга кызмат кылган жумушчуларга бөлүп бергем, алардын өнүгүүгө кошкон салымдары чоң эле, деди кайын атасы берилген суроого эч таң калбай. 

Ооба мындай кадамдар бул кишиге гана таандык боло алат. Бул киши көптүн бири эмес, ал акылдуу азчылыктын өкүлү болгон адам. 

-Андай болсо балким башка аргасы бардыр ата. Данияр акыл уйротойун деле деген эмес, болгону өзүнүн колунан эмне жардам келе турганын билгиси келди.

-Мага ири суммадагы акча керек? 

Данияр ага катарлаш туруп кайын атасы тигилген тарапты тиктеп туруп калды. Сүйлөсө эле ыңгайсыз сөздөр чыгып жаткансыйт, аракет кылып суроо-сопкутсуз эле анын оюн өз алдынча талдап көрүүнү чечкен өңдүү. 

-Бирок башыма бир акыл келип турат. Албетте азыр менин айта турган сөздөрүм сага өөн учурайт, бирок жакшылап мен караган бурчтан карап көр. Мен көп ойлондум, жакшысы компанияны сен сатып алганын оң. 

-Хм. 

Даниярдын бул мыскыл жылмаюсун кайын атасы өзүнүн акыркы сөзүнүн үстүнөн деп түшүнүп алган өңдүү. 

-Бул сен үчүн да эң жакшысы. Албетте менин жумушум эмес дечи, бирок баарын көрүп турам уулум. Сен өз компанияндын элүү пайыздан азын гана ээлеп калдын, албетте азырынча эң көп үлүш сеники дечи, бирок бул өзгөрүп кетүүсү толук мүмкүн. Сен кайдан билесиң,  бир акылдуу чыгып адамдарга майда үлүштөн бөлүп алдырып бириктирип жатпаганын. Өзүн жакшы билесиң уулум, аз үлүштү ээлеген соң эмне болоорун, сенин сөзүң өтүмдүү болбой калат, кимде көп үлүш болсо башкаруу анын колуна өтөт. Өзүң каалагандай иш алып бара албаган соң бирөөнүн колунда иштегенден эмне айырмасы бар, деди мында мыскылдай турган эч нерсе жок дегенсип күйөө баласына бурулуп теше тиктей. 

Бирок Данияр өзүнүн үстүнөн мыскылдаган эле, кылым ойлонуп кайын атасы караган тарапты көз ирмебей карап турса да баары бир анын оюндагысын таба албас экенине күлгөн. Акыркы сөздөрдү аягына чыгара уга албады. Ал бала чагынан бери тааныган, атасынын жан досу, сүйүктүү жарынын атасы ага мындай сунуш киргизип жатканын түшүнө албай жатты. 

-Ата сиз мага компанияны сат дегени турасызбы? Ал акчага сиздин компанияны сатып алышым үчүнбу? 

-Шашылба балам. Албетте сен атандан калган компанияны жоготуп койгун келбейт. Бирок уулум бул жөн гана ишкана, мурас болчу нерсе эмес, жансыз дүнүйөнү анчалык жүрөккө жакын алып болбойт. Кийин сен өзүңдүн үлүшүндүн элүүнчү пайызын саттыкка койгондо эле жоготконсун компанияны. Силер алдыга гана жылышынар керек, ал үчүн жок дегенде элүү бир пайыз керек болот сага. А мен толук сексен пайыз үлүштү сунуштап жатам. Анын да элүүдөн аз пайызын кучактап калбай толук кожоюн болуп кал. Көрүп турам Аяна жакшы деңгээлге чыгарды компанияны, эгер сен ага кошулсан Орто Азияда эч кимди алдыга чыгарбайсынар. Сенин калган үлүшүндун сатылган акчасына  компанияны толугу менен өткөрүп берүүгө даярмын.  

Данияр ундобой калды. Кайын атасынын сөзүндө жан бар, бирок жүрөк түпкүрүнун бир кычыгында тушунбостук жатты Даниярдын, "компаниясын сатканы жатат, кимге? өз кызынабы?" деген. 

-Айтканымдай мага азыр аябай акча керек уулум. Акыркы милдетимди аткаруу үчүн көп акча керек, деген кайын атасы ордунан туруп кетти. 

"Ал менин оюмду билип койдубу… Же мен үн чыгарып сүйлөп алдымбы?" Данияр ушундай ойлор менен бир алдын ыңгайсыз, бир алдын түшүнүксүз абалда кала берди. 

Деген менен Данияр кайын атасынын айтканынан чыга алган жок. Эгер ал компанияны башка адамга сата турган болсо Аяна жаңыдан жашоого кайтып келе жатканда дагы кайгыга түшөт, бары жокко өзүн күнөөлөйт же атасына көп суроо узатышы мүмкүн. Ал кишиге азыр андайдын такыр кереги жок. Кийин чындап эле Данияр үчүн бул эң жакшы сунуш болгудай. 


Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Puper-pup   07 Февраль 2021 - 18:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 27 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Окт 2021 22:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:UFC

Одна на миллион чыгарма болдуго)))). Автор сыяктуу эле,биздин сагынтпай баттан жазып турчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Ayimka   20 Февраль 2021 - 06:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Бул автор эми 2-3айдан кийин жазса керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Dimedra   23 Февраль 2021 - 19:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Алар баарын жашыруун жасашты, Аянанын мындан кабар табуусун экөө тең каалашкан жок. Данияр банкрот жарыялап компаниядагы үлүшүн арзанга гана баалап саткан болуп, ал эми кайын атасы колдоо көрсөтүп компаниясын толук анын наамына өткөрүп берди. 

Муну сырттан көргөн эл Даниярдын куулугун, кайын атасынын жөнөкөйлүгүн сөз кылып бүтпөй жатышты. 

-Акыры жетти эңсегенине.  

-Ошону айтпайсынбы. Баса анын эгиз балдары бар эмес беле, аларды эч көргөзбөйт.  

-Ким билет дейсиң. Аларын да эмитен узактарда окутуп акча тапканга үйрөтүп жатса керек. Даниярды да убагында атасы көп убакыт узакта кармап журбоду беле. Ошол Америкасынан үйрөнүп келген болсо керек адамдын ишенимине кирип байлыгын тартып алганды. 

-Ооба десең. Тиги кишинин өзүнүн уулу бар эле ээ болбосо. Кыйын Данияр, анын эң талдуу жеринен кармаса керек. Ал киши да кызык, кызын көбүрөөк жакшы көрөт өңдүү уулуна караганда. Байкуш баласы кандай абалда калды экен, алжыган атасы баарын күйөө баласына кармата салганда, дешип кубур шыбыр кеп кылып жатышты. 

Компанияны баштагыдай эле  Аянанын башкаруусунда калтырганда ал ансайын  ушактар көбүруп болбой эле калды. 

-Жок дегенде келинчегин жөн койсо боло. Байлыгын тартып алганы аз келгенсип  кызын кулдукка жалдап алгандай жатып алып жыргайын деген го Данияр, десе бири, экинчиси:

-Жөн тур, ошол жубайы берсин Даниярдын сазайын. Аял болсо да мээлуу көрүнөт, жөн эле атасынын байлыгын кармата салбас, дешет. 

Кулагы чала калган сөздөргө терикпеди Аяна, ким эмне дебесин ал жолдошун жакшы билет. Тескерисинче бул сөздөр ага жетип барбасын деп ар кандай аракеттерди көрүп жүрөт. Даниярдын өзү компанияны башкаргысы келбегенин  тартынып жатат деп жоромолдоп ар ыкманы колдонуп анын кожоюн экенин сездирип жатты. Ар күн келип кадимкидей жумуштун жыйынтыгын баяндап берет. Данияр болсо Аяна көтөрүп келген кагаздарга кол койгону гана  болбосо башка аралашпай эле турду жумушка. Эми экөө орун алмашып калгандай, келинчеги жумушка алаксып Данияр болсо сырттан жашынып алып балдарынын кайгысын тартып жаткандай. Аяна канча аракет кылбасын жыйынтык чыкпай, жолдошун жумушка тарта албай койду.

 Данияр  бул нерсенин баары бир гана Аяна үчүн жасалганын кантип айтат өзүнө. Компания ага керек болбогонун, эч качан өзүн ал жайда кожоюн сезе албастыгын түшүндүрүп да олтурбады, жөн гана четтеп, унчукпай кутулду. 

Аяна бар күчүн жумшап компанияны алдыга сүйрөп, бирок бир аз тажрыйбанын жоктугунан кээ жерлерде аксап жатканын көрүп турса да көрмөксонго салды Данияр. Келинчегине өзүнө караганда да катуураак ишенет, ал баарын өз жолуна салаарына көзү жетип, аралашууга акысы жоктой туйду өзүн. 

Чынында аял киши өжөр болот экен көздөгөн максатына жетүүдө.  Күтүлгөндой эле компания күндөн күнгө өсүп отуруп Орто Азияда алдынкылардан болууга жетишти. Аяна кадимкисиндей кулпуруп жүзү жайдары көрүнгөнү менен ою бир да мүнөт балдарынан алыстаган жок. Күйөөсү менен бирге баттан аларга каттап тура албаса да кат алышканын токтоткон жок. Абал өзгөрүп кетпесине көзү жеткен менен үмүт оту жанып кетет Данияр ар бир сапардан кайтып үйгө кирип келе жатканда, кудум балдарын жетелеп кирип келе тургандай. Анан өзү мурункудай балдары менен алек болуп жолдошу жумушка кайтчуудай болот.   Даниярдын учурдагы сапарга камынып жатканын көрүп өзү да бирге барып келүүнү чечти. Ойлоп көрсө жарым жылдан бери көрө элек экен балдарын. 

Балким бул жолу дайымкыдан да катуу көңүлү ооруп кайтаарын билсе бармак эмес беле, ким билет. Эңсеп самап, сагынып келсе балдары жанагындай эле муздак, ал тургай күмөндуу да туюлду. Атасына жакшы сүйлөгөндөру менен апасынын батыраак кетишин талап кылгандай түрлөрү бар эле, жүздөру да бир аз өзгөрө түшкөндөй, чоң адамдай чарчанкы көрүнүштү. Доктордон кайра-кайра кайталап сурап ден соолуктары жайында экенин укса да көңүлү тынчыбай кетти. Башка эмне кылмак, жок дегенде бир күн алардын жанында калууну каалады эле балдары жактыра беришпеди, Даниярга караса ал да үнсүз. Кыязы балдарына жакын болуу үчүн эч качан аларга каршы чыкпай турган жолду тандап алса керек. Чынында эле ошондой болчу. Данияр да балдарынын өзгөрүп баратканын байкабай койгон эмес, бирок бул тууралуу балдарына да жубайына да ооз ачпаган эле. Өзү түшүнө албаган нерсени башкага кантип түшүндүрмөк. Балдарыныкы маалым, бир нерсе айта турган болсо атасын билимсиздик менен айыпташат, мындай жол менен аларды алыстатып алууну каалабаган. Келинчегинин көңүлүн кайдагы божомолдор менен оорутуп, жашап жаткан жашоосунан алаксыткысы келбеген. Аяна бирге барам дегенде бир алдын чочулаганы менен кайра өзү күбө болуп кайтсын деп тынчтанып калган эле. Жакшы кылган экен, эми түшүндүрүү үчүн ыңгайлуу убак, көп сөз издеп отурбайт. Баары бир маалым боло турган нерсени жашырып болмок беле. Бир гана эч нерсени өзгөртө албастыгы зээнин кейитип турду. Эмне болсо да мезгилди күзөтүп тургандан башка арга жок. Азыр мекенге кайтат, кайра аз күндөн кийин мында келет кандай өзгөрүү болуп кетти экен деген коркунуч менен. Ушундай үч бурчтук жашоо качанга чейин уланаарын да билбейт, чыгып кетүүгө жол издеп далалаттанганы менен майнап жок. Ушундай санаалар менен Манас аэропортуна жаңы конгон учактан түшүп келе жатты. 

-Данияр сен үйгө бар, мен апамдыкында болоюнчу бүгүн, деди Аяна аңгыча анын оюн бузуп. 

Ундобостон кайдыгер гана баш ийкеп койду Данияр. Барсан бар, мен да жалгыз калгым келип турат дегенсип. Бул көрүнүшкө Аянанын каңырыгы тутоп кетти, алар качан мынчалык узакташып кетишти эле. "Экөө кандай гана жолдорду басып өтүшподу, келип-келип бир болбогон ийгиликсиздиктин айынан ушинтип калышмакпы. Же Данияр өзүн анын алдында ыңгайсыз сезип жүрөбү. Балким атасынын жардамы, аялынын ийгилиги аны кемсинтип жаткандыр, ушак кептерге чычалап жүрөбү." дегенче үйүнө да жетип келди. Босогодон тосуп чыккан апасын көрөөр замат кармана албай көз жашын төгө берди. Өпкө өпкөсуно батпай  ыйлап жаткан кызын көргөн атасы ага жакын келе албай бир ордунда катып тунжурап туруп калган. Аяна аны үйдө жок экен деп ойлогон, солокотун көрө сала чочуп кетти. Көздөрүн сүртүп өзүнө карай басып келип туруп калган кызын кучагына алып башынан сылай, 
-Баары жакшы болот кызым, баары жакшы болот, деп эркелетип жатты атасы. 

Эч ким, эч нерсе атанын кучагындай калкан боло албасын түшүнүп турду Аяна ушул тапта. Атасынын оозунан чыккан жөнөкөй эки ооз сөз аны кадимкидей жибитип жибергенсийт. Чын эле баары жакшы болооруна ишенип кетти. Ата энесинин үйүнөн көңүлүн жумшартып, апасынын кеңешин кулагына түйүп алып кечке калбай жолдошунун жанына кирип келди. 

Данияр жубайын бүгүн күтпөгөн болчу, эмне болуп кетти дегендей таң кала тосуп алды. 

-Сагындым, деди Аяна күйөөсүнүн суроолуу көздөрүнө карап кучагына башын жөлөй. 

Мындай учурда эмне кылуу керек экенин эстен чыгарган немедей бир аз дендароо болуп турган Данияр акырын колдорун көтөрүп  чачтарынан сылады. 

-Мен дагы. 

Сүйүү бар эле болсо жоголбойт экен, муздап калса да бат эле жылыйт тура. Бир эле көз ирмем жетиштүү болду экөөнө. Ал түн сүйүшкөн эки жубайдын түнү болду, көптөн бери унутта калган сүйүү сөздөрүн бир бирине арнап махабат ааламына сүңгуп баратышты. 

-Ардагым сен бактылуусунбу? деди Аяна жолдошун кумарлуу жыттап. 

-Албетте, сени менен мен ар дайым бактылуумун.  

-Мен да, дейт ал ансайын Даниярдын уктап жаткан бакыт сезимдерин кытыгылай.

Ушул учурду жоготкусу келбеген  Данияр бакыттан балкып жатып акылына бир ойду келтире калды. "Сен ар дайым ушундай болуп жүрүшүн үчүн эмне тоскоол болуп жатат? Ким?" кайра өз ойлорунан өзү чочулай кетти. "Чын эле ал өз балдарын күнөөлөп жатабы." Бирок эмнегедир бул оюнан уялбады, тескерисинче эркин ой жүгүртө алганына бир алдын кубанып да кетти. Антпесе акыркы учурда бардык эле адамдарды күмөндуу карай бере турган болгон, кудум анын оюн окуп жатышкандай сезилип. Азыр болсо жанында өзү тааныган сүйүктүүсү гана бар. "Кандай жакшы, жок дегенде ойлоруңда өзүң менен өзүң боло алганын" деп андан ары көптөн бери жашырынып жаткан ойлорун чекеден сууруп чыгып көз алдына элестете жыргап жатты. 

Ушул бир түн эле жетпей жаткан экен Данияр өзүн толук кандуу сезип жашашы үчүн. Жашоосу толуктангандай, жоготконун тапкандай эркин дем алып жашаганга аракет кылат. Бирок эмнегедир жүрөгү опкоолжуп жамандыктан кабар берип тургандай болуп туруп алды. Аянада да ушундай эле. Баштагыдай балдары ар күн кат жолдобой калган, аптасына бир же эки жолу гана жөнөтүшөт кыска гана баары жакшы экенин кабарлашып.   Бара-бара ал каттар да сейрек келе баштады. Ошентсе да Аяна ар күн кат жазат, атасы экөө аларды кандай сагынганын, ар дайым күтүшөөрүн алардын орду ар дайым жүрөгүндө экенин баяндап берет. Акыркы көрүп келгенден кийин да кат алышып жүргөн, эки ай өтүп калганда балдарынан учурдагы кат келди Аянага.

   "Биздин биологиялык ата энебизге" деп башталыптыр . " Өз клеткаларыныз менен бөлүшүп, бизди тандап, утурумдук жайда сактап бизге жашоо бергениниздер үчүн ыраазыбыз. Жана ар дайым бизди күтөөрүнүздөрдү билебиз. Биз өз тандообузду жасадык." деген кыска гана жазуу эле. Даниярга ар дайымкыдай эле  көрүнгөнү менен Аянага каттын нускасы жага бербеди. 

-Эмнеси жакпай турат Аяна? Алар дайымкыдай эле өздөрүнө гана түшүнүктүү болгон сөздөр менен жазыптыр. Мен эч кандай өзгөчөлүк деле көрбөй турам, деди Данияр кыжырданганы же корккону белгисиз дирилдеп.

-Алар кандай тандоо жасашы мүмкүн. 

-Эсинден чыктыбы, биздин балдар эчаак эле тандоосун жасап бизден алыс кетишкен. 

-Ошентсе да жүрөгүм жайында эмес. Төрт жылдан кийин ошол жасагандарын баяндап жазат деп ойлобойм. Эмне эгер алар жашаган жайын которуп кетишсе. Биз менен көрүшүүнү такыр каалашпаса, деди Аяна шаштысы кетип корккон түрү менен. 

Данияр кайрадан компьютерге үңүлдү. 

-А балким тескерисинче үйгө кайтып келе жатышкан болсочу. 

-Жоок, деди Аяна башын чайкай. 

-Эмнеге? Болушу толук мүмкүн. Карасан "бизди күтөөрүнүздөрду үбилебиз" деген тура. 

-Данияр жок! Алар бизди тандабайт. Акыркы көрүшүүдө менден өздөрүн узак тутушкан. Сезип турам аларга бир деме болду. Биз тез аранын ичинде анда барышыбыз керек. 

-Макул, сен алаксыба маанилүү сүйлөшүүлөр бар деп жаткансын, жумушун менен алек бол, мен кийинки апта барып кайтамын, деди Данияр келинчегин жоошуута. 

-Жок, биз бирге, азыр жөнөйбуз. 

Бул ирет Данияр келинчегине каршы сөз суйлободу, анткени өзүнүн да көңүлү жайында эмес. Бирок канча издеген менен жакынкы арада АКШга Бишкек, Алматы шаарларынан уча турган учак жок, Берлин аркылуу гана, болгондо да бир күндөн кийинкиге араң табылды чыпта. 

Алар түндү араң өткөрүп жолго камынып жатышканда Аянанын үйүнөн кабар келди, атасы оорудан жыгылыптыр деген. Баарын жыйыштыра анда жүгүрүштү. 

Атасы чын эле оор абалда экен, кыймылсыз көзү гана кыймылдап кире бериштеги жумшак эмеректе жатат, жанында өткөнкү дарыгери турат куйполоктоп. Данияр кирип келээри менен кайын атасы көздөрүн чоң ачып бир нерсе айткысы келгендей ымдап калды. Же бир түшүнө алсачы кайын атасынын эмне айткысы келгенин. Бир убакта аларга карап турган дарыгер үстөлдүн үстүндөгү компьютерди  көргөзө калды эле байкуш ата көздөрүн ирмеп жиберди. Дарыгер Даниярга карап. 

-Менимче сизди муну  кара деп жатат, деди. 

Данияр шаша компьютерин алып, үч ирет аракет жасап сыр сөзүн таап ача алды. "Амир Альмира" деп неберелеринин ысымдарын коюп алыптыр сыр сөзүнө.

Компьютер жанаары менен электрондук почтасы чыга келди экранга . Кыязы аны жапканга улгурбой калса керек. Анда бажырайып латын тамгаларындагы жазуулар турат, башында "АКШ бүгүн" деген Кошмо штаттын таанымал гезитинин аты. Демек ошол гезиттен алынган макала. Даниярдын экрандагы жазууларга көз чаптырып окуп жатып денеси жыйрыла түштү. "Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон, көп ачылыштардын үстүндө иштеп жаткан медицина илимдеринин доктору Джозеф Лир аттуу окумуштуу бара жаткан жеке Боинг797 улгусундогу учагы кече күнү тынч океандын үстүндө кырсыкка учурап сууга түшүп кеткен. Чоң учактын ичинде окумуштуу менен бирге дагы канча адам бар экени белгисиз жана кыйроонун себептери тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок" деп баяндалыптыр. Ал кайра-кайра кайталап окуй берди. Аянанын чыдамы кете жолдошунун колундагы компьютерди өз колуна ала калып окуй баштады. Окуп болуп нес адамдай катты да калды, компьютер колунан түшүп кеткенин да байкаган жок. Апасы Аянага карай баса бергенде Данияр жерде жаткан компьютерге умтула берди, Кудай жалгап сынып кетпептир. Каттын кимден келгенин көргүсү келген, таң калычтуусу каттын өзүндө эмес аны жөнөткөн адамдын атында болуп чыга келди. Ал Даниярдын балдарын сактайм деп абакта жаткан психология илимдеринин докторунун атынан жонотулуптур. Мына кызык, ал абакта жатып мындай маалыматтарды алып берип жатканы кандай. Ал катты жаба сала башкаларын көрүүгө ашыкты эле бирок башка кат жок экен. "Бул биринчиси болбосо керек, демек баарын тазалап жүргөн", деп кайын атасына караса ал көздөрү жумулуу тирүүлуктүн дайынын билдирбей жатат, дарыгер жанында айланып жүрөт. Анын күзгү айнекти мурдуна такап буусун сүртүп жатканын көрүп тирүү экенин түшүндү. Компьютерди жайына коё сала артка бурулуп сыртка карай жөнөдү. Ар ким өзү менен болуп калган учур, андан кайда бараарын сураган адам болгон жок. 

Данияр туура эле доктор жаткан абакка келген, бирок тилекке каршы издегенин таба алган жок. Доктордун бошоп кеткенине эки-үч жылдын жүзү болуп калганын угуп, илгерки эс тутуму боюнча анын жашаган жайына келди. Ал жерде да жок болуп чыкты доктор, батирин сатып жибергенине да эки-үч жылдын жүзү болуптур. Башка кай жерден издөөну да билбей башы катты. Болду болбоду ал Америкада болушу керек деген ой менен кайрадан жубайынын ата энесинин үйүнө жөнөдү. Ал келгенде кайын атасын ооруканага алып кетишкен экен, үйдө эч ким жок, баары аны менен бирге кетишсе керек. Кудай жалгап компьютер өз ордунда турат, дароо андан докторго кайын атасынын наамынан кат жазып бирок жооп ала албады. 

Бир гана жол Далласка жетип баруу экенин түшүндү, маселе келинчегинде эле. Атасы оор абалда турганда анын ушул жерде калганы дурус деген чечим менен документин, учакка деген чыптасын алганы өз үйүнө кирип келе жатып Аянаны босогодон учуратты. Ал да колуна документин жана учакка алынган чыптаны көтөрүп чыгып бара жаткан экен. Келинчегинин жүзүнөн түшүндү, ал өзүнө тиешелүүсүн гана алганын. Бир азга карашып туруп ичкери кирип кетти Данияр. Аяна жолдошунун оюн билип, басып кетпей ошол ордунда күтүп турган эле. Экөө ишенимдүү кадам таштай жолго чыгып кетишти. 

Ким билет дейсиң алар эмнелер ойлоп бара жатканын. Оорудан көзүн ачпай жаткан атасын ойлосунбу, түшүнүксүз кат жазган балдары эмне болуп жатканынбы, дайынсыз болуп жаткан Джозефтиби же абактан чыккан психолог кайдалыгын ойлоп баш катырышсынбы. Айтоор сансыз жообу жок гана суроолор акылдарында.  

Данияр жаман ойлордон качмак түгүл чыңалып өзүн эң жаман жыйынтыктарга даярдап бара жатты. "Учакта Джозеф менен бирге менин балдарым да болушу мүмкүн беле? Толук мүмкүн. Кече жазылган каттын мааниси Аяна айтып жаткандай болсо, демек алар башка өздөрү тандаган жайга которулуп бара жатышкан болуулары мүмкүн эле. Кай тарапка бара жатышты экен ээ?" дейт кайрадан, "бирок ал эми мааниге ээ эмес да" деген болот. Кайра эле акылына балдарынын тандоосу кайсы жер болду экен деген ой келе берди. Тынч океанды курчап турган өлкөлөрдү бирден санап көрдү, өтө эле көп, дүйнөнүн жарымы эле кирип калгандай. Мынтип таба албашын түшүндү. "Балким ушундай болгону жакшыдыр…" деген акылсыз ой да келип өттү. "Ким билет алардын оюнда эмне бар болгонун . Жер огу өз нугунда айланганы дурус." деп алды өзүнүн оюн актап. 

Бул учурда Аяна да ушундай эле ойго чомулуп бара жаткан. "Бул Джозефтин жазасыбы? Бирок анын жанында менин да балдарым болуп калышы мүмкүн. Анда эмне менин балдарым да жазаландыбы? Бирок алар бала да, эмне себептен жазаланат? Акыркы тандоосу үчүнбу? Кызык алар эмнени, кай жерди тандашты болушту экен эле". Аяна азыр балдарынын эсендигин эмес алардын тандоосу тууралуу ойлонуп баратканына таң калды бир алдын. "Мен эмне деп жатам. Алардын тандоосу эмес эсендиги маанилүү эмеспи азыр. Балдарым бар менен жоктун арасында турса мен алардын тандоосу тууралуу ойлонуп турганым кандай. Токтой турчу, алар төрөлгөндөн бери эле ушундай абалда жүргөн жокпузбу. Биз ар дайым эле бар менен жоктун ортосунда жашабадыкпы? ". Балдарынын туулгандан берки күндөрүн эстеп отуруп каңырыгы тутоп кетти. Анын Ариетинен кийин бош калган эне жүрөгү эч качан толбогон экен, төгүлгөн мээримин эч ким кабыл албаган тура. "Жетишет! " деди өзүнө буйрук бере, акылына келип турган ойлордон коркту кудум бирөө жөнөтүп жаткандай ал ойлорду. Жолдошун бир карап, ал билип коё тургандай андан уялып да кетти. 

Экөө бир ойдун айланасында болгону менен ал тууралуу ооз ачуудан коркуп отурушту. Бири бирин аяшат. 

-Кат доктордун наамынан жолдонгон, деди Данияр. Аянага кайрылганы же өзүнө айтканы белгисиз. 

-Ооба. 

Аяна да ошондой эле жооп берди алдын караган калыбында. 

-Ал Америкада болуусу мүмкүн. Абактан эчаак бошогон экен. 

Аяна эми жолдошу тарапка башын бурду. 

-Албетте. А биз эмне себептен кетип бара жатабыз, ал болбосо. 

Данияр түшүнбөду жубайынын айтканын. 

-Түшүнбөдум?  

-Ал бизди күтүп жатат аэропортто.  

-Сен кайдан билесиң? Же ал менен…? 

-Ооба. Бирок чынында бизди эмес атамды келе жатат деп күтүүдө. Мен атамдын атынан кат жазып кабарлашканмын.

-Сенби? деди Данияр өкүнө. 

-Кыжаалат болбо, атам билбейт, мен жазылган каттарды тазалап койдум. 

-Мына ошон үчүн мага жооп бербеген экен да. Адашасын Аянам. Эми ал атамды күтпөй эле. 

-Эмнеге? 

-Себеби билет, кат атамдан эместигин. 

-Эмне деп жатасын? Ал билген жок, күтөөрүн айткан. 

-Билет деп жатпаймынбы. Себеби мен да атамдын атынан кат жолдогонмун. Жооп болбогонуна таң калгам, көрсө менден алдын сен жазып улгургон экенсиң да. Эки ирет жазылган каттан соң ал түшүндү башка адам жазып жатканын. 

Аянанын шаштысы кете түштү. "Кантип? Эмнеге өз жолдорун өздөрү тосуп алышты".

-Данияр а эмнеге ал бизге жолугуудан качат деп ойлойсуң? Же атам менен ал...? 

-Билбейм. Эгер андай болбогондо. .. , качпаганда менин жазган катыма жооп бермек. 

-Балким окубай калгандыр. 

-Жок! Ал Джозефтин артынан түшкөн. Ал Джозефти жок кылууну баарынан көп самап жүргөн. 

Ушуну менен сөздөрү узулду. Батыраак жетип жерге түшүүну самап жатышты эми. 

Чындап эле Далластын аэропортунда аларды күтүп алган эч ким болбоду. Доктордун көлөкөсү да көрүнбөйт. Туура эле Джозефтин лабороториясы жайгашкан жайга келишти. Полиция ороп алыптыр мекемени, эч кимди өткөрбөй курчап. Кимге эмне деп түшүндүрөөрүн билбей айлалары куруду. Жана эле бардык жыйынтыкка даяр болуп келе жаткан Аянадан дарман качты, кайда барып эмне кыларын билбей турганда көзүнө өткөндө көргөн славян улутундагы жубайлар уруна берди. Алар да өздөрүндөй эле абалда экен, жуздорун көз жаш жууган, бири бирин жөлөп араң турушат. Дароо жанына жетип келди. 

-Биз сиздерди көргөнбүз. Жолдошум тигине. Биздин балдарыбыз бар эле мында, деди үзүл кесил сүйлөп. Сөздү эмнеден баштаарын билбей. 

Эрди катын бир аз ага карап туруп калышты да бири бирине карап калышты. 

-Менин эгиз балдарым бар. Алар Чок Хилл чокусунда болушчу. Биз Кыргызстандан келдик, деп сөзүн улай берди Аяна. 

-Силер билбейсинерби? деди эркеги. 

-Эмнени? 

-Чок Хилл чокусунан тирүү жан табышкан жок. Жада калса биз көргөн жасалма бак, үңкүр үйлөр да жок болуп чыкты. Качандыр ал жайда бир нерсе болгону да күмөн, ишенээрлик эмес деп жатышат. Биздей ата энелер көп, бирок эч бирибиз далилдеп бере алган жокпуз. Эми бул жайды текшеришуудо, азырынча так маалымат жок. Мында иштеген кызматкерлер биздин балдар мында жарык дүйнөгө келгендерин тан алып жатышат, бирок аларды ата энеси менен кеткен боюнча кайрадан көрбөгөндөрун айтышууда. Бул жайда миңдеген балдар жарык дүйнөгө келген экен, көпчүлүгү азыр өз ата энесинин үйүндө жакшы эле жашап жатышыптыр, эч өзгөчөлүктөрү да жок дейт. Айтынызчы сиздин балдардын башкалардан өзгөчөлүктөрү бар беле?

-Ооба, алар эгиз болчу жана абдан акылдуу. 

-Биздин балдар да так ошондой. Ева Егор. Сиздин балдар кимдер? 

-Амир, Альмира, деди Аяна. 

-Ооба укканбыз. Алар Чок Хиллдеги эң акылдуу балдар эле. 

-А эмнеге силер өткөн чак менен сүйлөп жатасыңар? Менин балдарым тирүү, алар тирүү деди Аяна, эми аларды жактырбай. 

Жубайынын катуу чыккан үнүнөн жанына жетип келе калды дарбазаданын жанында кароол менен сүйлөшүп турган Данияр. 

-Эмне болду? 

-Данияр менин балдарым тирүү. Менин жүрөгүм сезип турат алар тирүү. Алар тирүү деп айт. 

-Албетте, албетте алар тирүү, деп жубайын сооротуп тигилер менен сүйлөшүп кетти. 

Алар Болгарлар экен, бир аз чочулап туруп Даниярдын өз акылында, эмоцияга алдырбашын көргөндө гана сөзгө келишти. Көрсө бир топ убакыт алдын аларга Джозефке каршы арыз жазуу сунушун айтып адамдар барышкан экен. Алар баш тартышкан, бирок алардан башка көпчүлүк ата энелер арыз жазып, балдарын мыйзамсыз кармап отургандыгын айтып тийиштүү жерлерге кайрылып жатышкан экен. Акыркы учурда Джозефтин артынан изилдөө да жүрүп баштаган дейт. Алар болсо акыркы окуядан кабарсыз таппастан туруп Джозефтин айланасындагы  абал тынчыганча балдарын алып кетип турууну чечип келишкен экен мында. Азыр болсо балдардан кабар жок дейт, же кулаган учакта Джозеф менен бирге болгону же башка жайга которулуп кетишкени белгисиз. Изилдөө аяктап жыйынтык болсо табылаар деп бул жайдан жылбай турушкан учурлары экен. Дагы көп ата эне бар, алар полиция аймагында көргөзмө берип жүрүшөт дешти. 

-Түшүнүктүү! деген Данияр такси чакырып полиция жайгашкан аймакты карай жөнөй берди. 

Чындап эле отуздан ашык ата энелер жүрүшөт. Кээлери өздөрүн кармап акыл эстүү сөздөрдү айтып жатышса арасында ыйлап өздөрүн кармай албай жаткандары да бар. "Кантишсин анан байкуштар" , деп алды Данияр аларды көрүп. Алар да өздөрүндөй эле кыйналган адамдар да. Жыргаган, ден соолугунан көйгөйү жок адам Джозефке кайрылбаса керек эле. Демек алардын да жалгыз балдары азыркы дайынсыз болуп жаткан эгиз балдар болуусу мүмкүн. 

Данияр бул жайда ага эч ким жооп бербешин түшүнүп жетти, өздөрү түшүнбөгөн нерсени кантип башкага түшүндүрө алышмак эле. Эми анын издегени абактан чыгып келген психолог доктор болуп калды, бир гана ошол адам баардык суроолоруна жооп бере ала тургандай. Албетте дагы бир инсан бар, бирок ал өзү бар менен жоктун арасында жашоо менен күрөшүп жатат. 

Ушундай башаламандыкта жүрүп Далласта бир аптаны өткөрүп жиберишиптир. Ар өлкөнүн менмин деген акылдуу да акчалуу да инсандары топтолуп жүрүшсо да эч нерсе өзгөртө алышкан жок. Гезиттердин беттери жалаң гана Джозефке толуп кетти, дүйнө эли бир дунгуроп алды, бирок алардын эч бири жарытылуу жыйынтык бере албай жатты. Балдар мында турсун Джозефтин өзүн акыркы эки апта ичинде көргөн тирүү жан табылбай койду. 

Данияр кечинде кеч жатканга күндүн көзү чыгып калганча уктап калган экен, көзүн ачса жанында келинчеги жок. Жуунганы кирип кеткендир деп бир аз жата туруп ал келбегенинен жуунчу бөлмөгө карай басты, сууну шарылдаганы  угулбайт. Эми чындап кыжаалаттана түштү. "Эмне аны ойготпой өзү кетип калганбы? Кайда? Бүгүн жекшемби эмеспи, Далласта эч кайсы жер иштебейт." деп турганча Аяна кирип келди, эки колуна эки идиште кофе көтөрүп. 

-Жуунганын жокпу али? 

-А сен кайдан? деди Данияр келинчегинин суроосуна суроо менен жооп берип. Себеби ал көчө кийиминде эле. 

-Биз бүгүн кеч жолго чыгабыз. 

Аяна колундагы кофенин бирин жолдошуна сунуп жатып сүйлөдү. 

-Кайда? 

-Кыргызстанга. Биздин бул жерде кыла турган жумушубуз жок, үйүбүзгө кайтуубуз керек. 

Данияр чочуганынан уурттап жаткан ысык кофеге оозун күйгүзүп алганы аз келгенсип кийимине да төгүп алды. 

-Эмне? 

-Данияр, Кудай акы акылдан айныган деп баа бербе, мен өз акылымдамын. Айтчы качанга чейин жалган менен жашайбыз. Сезип турам балдар тирүү, бирок аларды биз эч качан таппайбыз, эгер өздөрү гана муну каалабаса. Ошондой экен бекерден бул жайларда убакыт өткөрүп жүрүүнүн кажети эмне, атам тигинтип оор абалда жатса. 

Данияр  булганган кийимине бир карап алып кофенин төгүлгөндөн калганын уурттап идишти үстөлгө койду. 

-Билесинби…, сен туура айтасың. 

Ал ойлогон эмес баары мындай жеңил бүтөрүн. Ал такыр эле кетүү жөнүндө ойлонгон эмес. Бирок азыр эң туурасы ушул экенин түшүнүп турду. Аяна туура айтат, балдары кулаган учакта болгон болсо да, андан башка жайда болсо да баары бир табышпайт, эгер өздөрү муну каалашпаса. Алар кайта турган болсо да бул мейманканага келишпейт, өздөрү билген үйгө барышат эмеспи. Кандай гана жаңылык болбосун жакшысы өз үйүндө күткөну жакшы... 


Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   akinaika   25 Февраль 2021 - 20:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Ап баракелде! Эми 8мартка чейин куттурбой жаза салыныз э Димедра айым)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Dimedra   26 Февраль 2021 - 18:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Кечинде Далластан Нью-Йоркко конуп андан ары Алматыга карай сапар тартышты. Учактан учакка которулуп отуруп толук  жыйырма төрт саат өткөндө Бишкекке жетип келишкен, бирок убакыттын айрымачылыгы менен Бишкекте бир күн эмес бир жарым күн өтүп шейшемби күндүн таны атып жаткан эле. Учактан түшүп баратып, арада жашабай эле өз жашоосунан он эки саатты жоготуп койгонун ойлоп кыжаалаттана кетти  Данияр. Мындай жашалбай текке кеткен убакыттын канчасын эстесин… 

Бирок бул жалгыз жагымсыз кабар эмес болчу. Баарынан өкүнүчтүүсу аларды Аянанын атасынын үйүндө тигилген боз үй күтүп турган экен. Дарбазадан кирип эле Данияр жубайын кучагына бек кыса кучактап,

-Аянам эсинде болсун, бул жаратылыш мыйзамы. Ырас келгенден кийин, кетмек бар ар бирибиздин башыбызда. Күйөсүн азыр өкүттүн жалынында, суранам ачуу үстүндө  эч бир жанды эч бир күндү каргаба, күнөөлөбө. Азыр баары сенден көз каранды, тирүүлөрдүн жүрөгүн өйбө, унутпа алардан да бир күн ажыралмак бар, мына ушул тапта аларды сүй. Сен күчтүүсүн, а мен ар дайым жанындамын! Деп сүйлөп жатты кулагына шыбырап.

 Бирок өзү да билбейт эмне болуп жатканын, акылында гана кайын атасынан ажырагандарын түшүнүп турат. Ал эми Аяна болсо эмне болуп кеткенин ойлоноордон алдын эбегейсиз күч жыйнап алды жолдошунун сөздөрүнөн. Боз үйдүн оозунда тикесинен тик турган агасына карап зээни кейип кетти. "Атамдын аргымагы! Көңдөй булуттун көлөкөсүндө жаркыраган нурунду бир көргөзө албай кала бердинби. Билем сени бул нерселер эч качан кызыктырбаган. Мендей аппак тунук булутка суктанган атам сенин асман экенинди  билбей кетти" деп жалооруй тиктеп андан ары өтүп, боз үйдүн ичинде отурган апасына жетти. Азыр чоң апаат башталчуудай тегеректеп келген аялдардын таң калуусуна карай Аяна өзүн өтө токтоо кармап жатты. 

-Апа атамдын көрөөр күнү бүттүбу ушуну менен?

-Кызым, кагылайын каралдым, жалынам карман! Атаңдын тынчтыгын сактоого милдеттүүбуз! деди апасы да кызынан кабатыр тарта. Апасы өзү абдан кайраттуу аял, бирок жан жолдошун жоготуу ага өтө эле оор болуп турду. Ошентсе да энелигин унутпай, бар көңүлүн кызына жумшап жатат. Атасы кызы үчүн жанын курман кылчуудай эле да, ошондой эле болбодубу, кызынын тарта турган кайгысын элестетип жүрөгүнө сыйдыра албай жанын тапшырып берип салбадыбы ээсине. Эми Аянасынын атасы үчүн тарта турган кайгысын элестете албай тыбырчылап жатпайбы эне. 

-Мен мындай болушун ойлогон эмесмин апа. Атамдан айрылаар күндү элестетип да көрбөпмүн, деди Аяна боз үйдү айландыра карап. 

Ал атасынын сөөгүн издеп жатканын түшүндү тегеректегилер.  

-Жерге тапшырдык. Жер кучагына батыра алаган инсан бактылуу инсан, дешип туруп калышты. 

-Качан? 

-Бүгүн эрте менен, силердин качан келишинерди билбедик кызым, деди апасы күнөөлүүдөй.  

-Апа бирок биз жалгыз эмеспиз ээ. Апа биз бири бирибизде барбыз. Атам биздин жашашыбызды каалайт, биз жашайбыз ээ апа, деген Аяна жашылданган көздөрүн апасынын көздөрүнө такап аянычтуу сүйлөп жатты, кудум апасы аны жок деп кагып сала тургандай суранып . 

Апасы анын эмне дегиси келгенин түшүндү. "Атаны курган кызым ай, кайын атасы менен энесинин катар кеткенин көрүп коркуп калган го" деп алды. 

-Келе, бери келчи, деп колдорун созо кызын кучактап калды. - Жан кызым, мен сенин жанындамын, сени жалгыздатып койбоймун. Атаң сени мага табыштады, атаңдын аманатын аткарбай кетпеймин кызым. Азыр болсо ыйла кызым, көздөрүндө топтолгон жашты чыгар, жүрөгүңдү бошот.

Ушинтип күйүтко толгон эки жүрөк бири бирине даба болуп турушту.

 Аяна өзүн бат колго алганы менен мурункусунан такыр башкача болуп өзгөрүп кетти. Атасынын ишенген кыйын, боорукер кызынан, кайдыгер жашоого салкын караган адамга айланды. Баардык нерсени сырттан караганга өттү, эч бир жумушту берилип ичине кирип жасабай калды. Жада калса жолдошу да кызык болбой калгандай. 

-Аяна асылым, балким жумушка кайтаарсын. Эсинде барбы сен атамдын ишенген кызысын, ал киши баарын сага ишенип тапшырган, деди бир күн Данияр жубайын жашоого кайтаруу аракетин көрүп. 

-Жок! деген кыска жооптон кийин бир аз туруп сөзүн улап,
- Мен күчтүү эмесмин. Атам да муну билчүү. Болгону ал мен анын көзүндө  күчтүү көрүнгүм келгенин билип, ага мүмкүнчүлүк түзүп берчүү. Эми андай кылуума зарылчылык да жок, деди. 

-Кандайча? Атам компанияны сага ишенип тапшырды. Ал ишеничти сыртка кагып коё албайсың. Сен күчтүү инсандын тукумусун, демек башкача болууга акын да жок. Күчтүү болушун шарт. 

Аяна жолдошуна жалооруй боорукер көздөрү менен карап жүзүнөн сылады. 

-Биз окшошпуз Данияр. Сен менен мен. Экөөбүз тең өзүбүздү тааныбайбыз. Биз аталарарыбызды өзүбүздөн көбүрөөк жакшы көргөнбүз. Алар эмнени кааласа ал биздин каалоо деп билгенбиз. Кандай өкүнүчтүү ээ балдарыбыз бизге окшобой калганы. Бирок алар менин каалоомду толук орундатышты. Эч кимден көз карандысыз өз ойлоруна гана баш ийген балдарым болуусун каалоочумун.  

Сүйлөп бүтүп эриндерин чурчуйтуп бир учуна кыйшайтып койду. 

Данияр келинчегин угуп, жашоого тан берип отурду. Карасан бир өмүр жашасан да аялды билип бүтпөйсүн дегени ушул тура. Жан дүйнөсү толо, эрктүү, жашоодон эмне каалаганын даана билет деп ойлоп жүргөн Аянасы атасынын кубанычы үчүн өзүн курмандыкка салып, өзүн жоготуп таба албай жүрөт деп миң уктаса түшүнө кирбес эле. Ал эле эмес Даниярдын ички туйгусун да эчаак эле билип болгон тура. "Кыязы эркектер аялдар үчүн ачылган барак болсо керек" деп ойлонуп кетти. 

Даниярдын унчукпаганынан улам өзү менен толук макул деп түшүндү Аяна, башкача болушу да мүмкүнбү, баары ташка тамга баскандай ачык көрүнүп турганда. 

-Мен агама суктанам, кудум атам ага суктангандай. Ал мен сыңары тагдырга тапшырма берип аны өзү аткарып кыйналбайт, тескерисинче өзүнө коюлган тапшырманы тагдырга табыштап коёт. Компанияга келсек, атам аны сага тапшырды мага эмес. Атамды кичине дагы билген болсом, ал балдарынын каалоосун түшүнүп биле алат болчу. Менин каалоом башкаруу эмес күчтүү көрүнүү экенин билген, ошол өзүм ойлоп таап алган күчтүн алдында куурап баратканымды да сезип үстүмдөгү жүктү алып салуу үчүн жанын үрөп журбодубу. Компанияны сага тапшырып мени женилдетем деген тилегин сен түшүнбөй койбодунбу. Өзү башында турган жайда мен толук көз карандысыз боло албашымды түшүндү байкушум. А сен башкасын, атам өзүнө караганда сени мага жакын көрдү. Экөөбүздү биригип иштей алат деди. Ким билет, дагы эмнелерди ойлоп жашады, кандай ойлор анын мээсин жеп жатты. Эмне болсо да акыры ал ойлор атамдын түбүнө жетти, деп ойлонуп отуруп калды. 

-Эч батынба, өзүңдү күнөөлөгө батынба! 
дей салды Данияр жубайынын колдорун кармап. Ал коркуп кеткен, Аяна дагы өзүн күнөөлөп жаткан экен деп. 

-Жоок. Антпейм. Балким чын эле күнөөлүүдүрмүн, бирок ал тууралуу ойлонбойм. Ойлонгондо эле маселе чечиле коймок беле. Болгону мен эми ал жумушка баргым келбейт. Мен эми жашоонун агымы менен аккым келет, деди колдорун тартып алып жайбаракат басып, терезеден сыртка тигиле карап. 

Кызык жубайынын ушул турушу кыжырдантпай эле тескерисинче аябай жагып турду Даниярга. Балким ал кайдыгерликке берилбей эле эми чыныгы өзүнө кайтып жаткандыр, жан дүйнөсүнүн күчүнө таянып. Кана эле өзү да ошондой боло алса. Жашоонун агымы менен аккым келет деген күндө эле кайдыгерликке берилип кетип жатпайбы. А балким Данияр тескерисинче  жашоонун агымына каршы чабак уруп жаткандыр. Тагдыр аны аракетке түртүп жатса андан качып көлөкөгө бекинип. Эркекти жашоого эмес жубайына суктануу үчүн жараткан болсочу. Жаратылышка суктануу, жашоого баа берүү аялдардын иши болуп жүрбөсүн. Эркеги ал жашоону кооздоо менен алек болуусу керектир. Ырас айланага аялдын жан дүйнөсү аркылуу көз сала турган болсо биринчи ал жайдын кооз болушун камсыз кылуусу зарыл. 

Данияр өз ойлорунан бактылуу боло түштү, кудум бала чагында атасы айткан оор табышмактын жандырмагын таба алгандагыдай. Башкалар эмне десе десин эми ал жубайынын жан дүйнөсү менен гана алек болот. Бардык аракети бир гана ал жайдын кооз жана тынч болуусу үчүн жумшалат. Эң башкысы ал эмнеден баштоо керектигин билет. Өзүнөн. А өзү болсо бир тайпаны алдыга сүйрөгөндон эч кимди алдыга салдырбайт, себеби бул анын колунан келет. Адамдарды жашоого үйрөтө албаганы менен жумушка шыктандыруу жагынан күчтүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, адамдарга ишенич берүү анын негизги өзгөчөлүгү. Муну өзүнүн атасы гана эмес кайын атасы да жакшы билишкен болушса керек. Антпесе көрөгөч адамдар анын колунан келбей турган жүктү артып кетишмек эмес. 

Ошол күндөн тартып Данияр компанияны толук өзүнүн көзөмөлүно алды. Анын кандай тездикте жылып алдыга карай бара жатканын, жумушчуларынын кубанычын, эң негизгиси өзүнүн аракетинен  жанган кумарлуу көздөрүн көрүп туруу жакындары үчүн бакыт эле. Кызыгы Данияр жубайынын эмес, тескерисинче Аяна толугу менен жолдошунун жашоосуна сүңгуп кеткендей. Ал кайда барса жанында коштоп жүрөт, эмне жасаса жактырат. Ал эми анын жайнаган көздөрү жолдошун андан бетер жандандырат.

 Бакыт деген башкада эмес ар кимдин өзүндө гана жайгашаарын түшүнүү үчүн ушунча жолду басып өтүү керек беле. Башканы бакыт алуу үчүн издеп эмес, өзүндө толуп ташкан бакытты бөлүшүү үчүн издөө туура көрүнөт. Аянага да ошондой учур келип жетти. 

-Ардагым, мен өзүмдүн бактымды дүйнө менен бөлүшкүм келет. Ким болбосун бул бакыттын даамын татууга акылуу. Сенин мага болгон сүйүүндү, менин жашоодон алган жыргалымды ар бирине тартуулагым келет. Мейли ал жандуу болсун, мейли жансыз болсун. Сен кучагына бек кысып кулагыма куйган күндөн тарта мен жашоомдо бардын баарын сүйөм, жашоону барындай кабылдайм. Бир гана тилегим ал да мени барымдай кабылдай алсын, деди Аяна Париждеги сапарында, атактуу Эйфелева мунарасынын алдында туруп. 

-Анын көздөрү кара тептегерек, сары өңдүү, кипкичине төрт аяктуу, деп кошумчалады Данияр, жубайынын далысына түшкөн чачтарын жыйып бир капталына таштап жатып. 

-Ысымы? 

Аянанын кумарлуу чыккан үнү жолдошунун бүт денесин кытыгылап жиберди. Узун ичке мойнунун чачтардан арылып ачык калган тарабын жыттап жатып өзүнүн кай жерде турганын да унута жаздады. "Бейиштемин" деди оюнда. Эгер жубайынын кайталап берилген суроосу оюн бөлбөгөндө , бейиштин толук сүрөтүн сызмак кыялында. 

-Кумар… Ысымы Кумар, дегенче келинчегинин назик колдорунан жетелеп кете берди… 

"Кызык ээ, алар азыр гана эмес ар дайым, биринчи көргөн күндөн тарта бири бирин сүйө турган. Ойлорун да айттырбай түшүнө алышчуу. Бирок ар бир сүйлөшүүсу тартыш менен коштолчуу эмес беле. Көрсө суйушкондор сүйүүсүн ошентип далилдейт деп түшүнүп алышса керек, "Мен сени сүйөм, баарын сен үчүн жасайм. Сен ошону кабыл ал" дешип сүйүүсүн милдет кылып жүрүшкөн көрүнөт. Ар бири өзү үчүн жашап, жасагандары, жада калса сүйүүлөру дагы өзү үчүн гана экенин түшүнүшкөндө башталды алардын талашсыз махабаты. Азыр алар үчүн эч бир кыйынчылык оор эмес." Данияр ушинтип ойлоп жатты, уктап жаткан келинчегинин чыккан ысык деминен ырахат ала. Дагы кандай ырахат тартууласа экен. Эмне кылса да аздык кылат го. Ал жашоону бүтүндөй өзүнө сиңирип анан ошол жан дүйнөсүн толугу менен жолдошуна арнап жатпайбы. "Бакыт деген ар бурулушта күтүп турат, аны кубаласан жетпейсин, жакшысы аны чакыруу керек" деген ой келип ордунан ылдам туруп компьютерин жандырып отура кетти. Парижде ушул учурда сатылып жаткан күчүктөрдүн тизмегин караса көздөрү жайнайт. Биринен бири өтүп жакшына, жагымдуу. 

-Бул күчүк биздики болсун, деди Аяна соомойу менен сары жүндүү мурду ак кашка болуп кулактары тик турган вельш корги тукумундагы кичине күчүккө көргөзуп. 

Данияр сүрөттөрго суктанып отуруп жанына келип калган келинчегин байкабай калган экен. Ага жылмайып карап койду. 

-Жагымтай ээ. 

Алар ошол мезгилде ойлонушкан да жок жаныбарды башка өлкөгө кантип алып чыгып кетүү жөнүндө. Күчүк аларды кумсарып күтүп тургандай туюлуп экөө шашыла ал турган жайга жетип келишкен. Карасан кызыкты, күчүк да алардын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп берип Аянанын колунда энесине эркелегендей эркелеп жатты. Бакыт бар жерге баары тартылат өңдүү, жаныбар болсо да бакыттын даамын сезип тургандай. 

Болуп жаткан окуянын баары алар ойлогондой өтүп жатты. Чек арада жаралган кыйынчылыктар да жагымдуу туюлат негедир. 

-Биз күчүктү бортко кое бере албайбыз, деди каттоодон өткөрүп жаткан француз кыз. 

-Себеп? Бизде бардык тиешелүү кагаздар бар. Ага атайын орундук да алынган. 

-Көрүп турам. Ошон үчүн айтып жатканым. Күчүккө адамдардын жайынан орундук алып бекер кылгансыз. Жаныбарлар үчүн арналган атайын жай бар, сиздин күчүгунуз ошол жайда кетет. 

-Ырасбы? Бирок биздин күчүк өтө эле кичине да, биз менен бирге болгону жакшы. Балким бир амалы бардыр мадемуазель.  

-Биздин борт эки бөлүктөн турат эмеспи. Алдыңкы сиздер отурган жай "бизнес класс'' деп аталып анда өзүнүн ынгайлыгы үчүн көп суммадагы акча коротуп чыпта сатып алгандар отурат. Сиз туура түшүнөсүз деп үмүттөном, ал адамдардын арасынан жаныбар менен бир жайда отургусу келбегендер чыкпай койбойт. Биз ар бир жүргүнчүнун ыңгайы үчүн кызмат кылышыбыз керек. 

-Ошондо? деп кыйтыр жылмайып турду Данияр, каттоочу кыздын акылында бир ой  бар экенин түшүнгөндөй.  

-Ал эми экинчи бөлүкто адамдар көп деле бири бирине маани бере беришпейт, эгер чектен ашкан жорук болбосо эле. Алар эң жакшы түшүнүшөт, чыптага кетирген акчалары жөн гана каалаган жайына жетип алуу үчүн төлөнгөн, ыңгай үчүн эмес. 

-Биз макул. Данияр Аянага бир карап алып шыр жооп берди. - болгону сиз бизге жардам берип, биз менен орун алмаша ала турган адамдарды таап берсеңиз сизден чоң жардам болоор эле. 

Француз кыз сырдуу жылмайып койду. "Бул эч кандай кыйынчылык жаратпайт" дегендей. 
Ал эми азыр жубайларга баары бир эле кандай жай болбосун жаңы тапкан кубанычтары жанында болсо болгону. 

Мына эми алар үйүнө жетип, өзүнүн куйругун кубалап тегеренип ойноп жаткан күчүктү күзөтүп, өздөрүнүн жасаган аракеттерине ыраазы болуп турушту. Ушул көрүнүш үчүн алар дагы бир ирет чек арада болгон кыйынчылыктарды басып өтүп, кымбат баага алган чыптасын арзан жайга алмаштырып отуруп келүүгө даяр эле. Жада калса жашоосун кайра баштан жашап өтүүгө да кайыл болгондой турушат. 

Бул көрүнүштү эч ким буза албай тургандай эле, бирок дарбазанын кагылышы аларды алаксытты. Кеч күүгүмдо ким болушу мүмкүн, алардын үйүнө чакырылбаган коноктор дээрлик келбей турган. Апасы болсо айтып келмек, башка эч кимди күтпөй эле турушкан. Ачпай койсо деле болмок, бирок атайын дарбаза алдына келип турган адамды кабыл албай кою туура эместей көрүндү Даниярга. Эгер ал муну билсе эч дарбазага жакындамак эместир, бирок эми кеч болгон эле. Бет маңдайында көздөрүн ала качып, баарлашууга  уруксат сурап турган психологту көргөндө бир азга шал болуп туруп калды. 

-Данияр, ким? деп келе калган Аяна да үнсүз катты. 

-Мен баарын баяндап берүүгө милдеттүүмүн. Ал маалыматты эмне кыласыз өзүңүздүн жумушунуз.

Эгер келинчеги жанында жок болгондо доктордун бет маңдайынан дарбазаны жаап коймок, бирок Аянанын алдында анте албады. Канткен менен алар ата эне да, өз балдары тууралуу маалымат кантип кызыктарбасын.  

-Кириңиз, деди ооз учунан, аны көрүүдөн кубанычта эмес экенин билдире. 

Чоң бөлмөгө кирип айттырбай келген конокту жумшак эмерекке жайгаштырып өздөрү ага маңдай отуруп тыншап калышты. Бир аз ынгайсыздана түшкөн доктор эмнеден баштоону билбей утуру тамагын кыра берип,

-Алар тирүү, деди. 

-Кайда? Данияр ага сүйлөгөнгө  акыркы мүмкүнчүлүк берип жаткандай такай суроо узатты. 

-Билбейм. 

-Андай болсо сиз кабарлай турган деле маалымат жоктой. Себеби андай жоромол бизде да бар. 

-А меники жоромол эмес!

Данияр денесин бир аз артка тарта берип каштарын чогулта карап калды. Бул анын таң калып жаткандагысы эле. Маалыматты кайдан алдын деп эмес, ушунча убакыттан соң кандайча муну бизге  айтууга бел байладын деп. 

-Алар кырсык болгон күнү учакта болушкан эмес, себеби андан бир апта алдын эле Чок Хиллден көчүп кетишкен экен, деп айтып болуп жубайлардын аракетине көз сала унчукпай калды. Алардан сөз чыкпаган соң кайрадан улап, 

-Жакында ал балдардын ата энелеринен эки жуп көздөн кайып болду. Жакындарына көчүп кетип жаткандарын айтып кабарлашкан, бирок кайдалыгын маалымдашпаган. Жарым жыл өтсө да алардан эч бир кабар болбоду, жер жутуп кеткендей жок. Эң кызыгы алар экөө тең арыз жазуудан баш тарткан ата энелер болушчу, деди. 

-Кандай арыз? 

Данияр күмөндуу карап суроо узатты. "Сен кайдан билесиң арыз тууралуу" деген суроону ушундай сөздөргө алмаштырып.  

Аяна жолдошуна бир карап алып сөзгө аралаша кетти. 

-Балким алар элдерге аралшкысы келбей ушундай жасашкандыр. Түшүнсө болот, балдарын эстеткен ар бир элестен качып калыштары мүмкүн. 

-Бир үй бүлөө эмес, экөө ээ? Бир убакта? Жок, мен андай ойлобойм. Алар жер түбүнө түшүп кеткендей жоголушту да калды. Жабык уюмдун адамдары болбогон соң, кадимки жараандар мындай кыла алышмак эмес, эгер бирөө жардам бербесе. Дүйнөлүк изилдоочуулорду туңгуюкка каптай ала турган күч аларда жок болчу. 

-Токтой турунузчу доктор. Сиз кайдан жүрүп мынча маалымат билип жүрөсүз? Эмне үчүн учурунда бизге жолугуудан качтыныз? Эми мынтип жети жылдын жүзү болгондо бизге келип, буларды айтып турганынызды кандай түшүнүү керек, деди Данияр кыжырдана. Мындан ары өзүн кармап турууга күчү жетээр эмес. 

-Мен абакта жаткан учурда сиздин атаныз келди мага, деп Аянага карап койду. Эгиздер тууралуу бар билгенимди айтып берүүмду суранып, сөзүмдү бир да бөлбөй угуп отуруп кеткен. Андан эки күн өтпөй мен боштондукка чыктым, жакшы коргозгучтор үчүн  мөөнөтүнөн эрте бошотулдун дешти. Дарбазадан чыга берсем мени ал киши күтүп турган экен. "Сенин илимине ишенем, Джозефтин кыймылдарын тактап анын оюн биле алаарына көзүм жетет. Кайсы жолду туура десең ошону жаса, кандай болбосун Джозеф менин неберелериме кийлигише албай тургандай кыл." деди. Мен дароо эле Техаска жетип баарын изилдей баштадым, акча жагын атаныз каржылап турду. Чок Хиллде жашап жаткан балдардын ата энелерине да жеттим, аларсыз мен бир да кадам жасоого укугум жок эле. Алардын көпчүлүгүнө Джозефтин акыркы кадамдары жакпай турган экен, балдарына толук ээ болуп алганы кыжырларын кайнатып эмне аракет жасаарына билбей турушкан мезгил болчу. Биригип арыз жазып маалымат булактарын бүт ээлеп алдык, эми тиешелүү мекемелер кыймылга келүүгө аргасыз болушту. Джозефтин кумдай сапырылышына аз калганда тигиндей кырсык болуп баары жапырт өчтү. Атанызга бул кат оор келээрин түшүнсөм да жөнөтүүгө аргасыз болчумун. Ал киши чоң үмүттөр менен жакшы жыйынтык күтүп жаткан эле, тескерисинче болуп калуусуна даяр эмес экен эч. Мен балдар тирүү деп айтууга да жетишпей калдым. Бул маалыматка биринчи укканда эле ишенген эмесмин, бирок далилим жок эле. Ошол күндөн бери бир күн да тынган жокмун, менин жашоодон максатым балдарды табуу болуп калды. Жашырганда эмне, аларды тапсам дароо жок кылам баарын деп ойлоп жүрдүм башында. Себеби жер жүзүн жок кылышабы деген коркунуч бар эле. Ошон үчүн сиздерден качтым, жылуу жузунуздорду көргөндө оюмдан кайтып кетемби деп корктум. Башка баласын жоготкон ата энелер да баары акчалуу адамдар, алар мени каржылап турушту, менин түпкү оюмду билген жок алар албетте. Бирок мынтип арадан жети жыл өтсө жер огу өз нугунда айланып турганына караганда мен жаңылышканга окшойм. Алар жерден башка жайды тандап алшышканга окшойт. 

-Эмне? 

Жубайлар жарыша сүйлөп мойнуларын алдыга созо беришти… 

Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   akinaika   27 Февраль 2021 - 02:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Бах чиркин! Бир жыргап окудум го! Эми бир аз калды окшойт э Димедра айым?)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   akinaika   29 Март 2021 - 02:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Качан жазышат болду экен??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 60 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 60, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 12:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: