Суперстан: Түн түшкөн өмүр... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Түн түшкөн өмүр...

#1 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   08 Февраль 2021 - 20:46

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

"Түн түшкөн өмүр..."
Автор: Жалгызым(Назик). ..


Автордон...
Адам баласы тээ түйүлдүк болуп энесинин курсагында жаралганда эле анын тагдыры чечилет деп айтылат. Канча өмүр сүрүп, жашоосунун кай бурулушунда кимдерге кабылаарынан бери алдын ала жазылып коёт дешет. Жашоо жолубузда не деген тагдырларды көрөбүз да, кандай деген адамдар менен кайчылаш өтөбүз? Кээ бири бизге сабак болсо, кай бири арман. Дагы бири жашообузду түркүн түскө боёп кетсе, бири келип аны астын үстүн кылып көтөрө сапырып кетет. Жөн гана жашообузга аралашып, өмүр жолубузда биз менен жүргөнү канча? Ар бир инсан өз жашоо китебинин автору. Китептин калың же жука болгону мааниге ээ эмес, маанилүүсү ал маңыздуу болгонунда. Ошондуктан айтылса керек " узун өмүр сүрүүгө эмес, маңыздуу өмүр сүрүүгө умтул!" - деп.

Бул жолку баяндоочу тагдырдын ээси да көп сыноолорго кабылган. Бул каарманымдын тагдыры кай бирине сабак, дагы бирине жөн гана чыгарма болоор. Бирок ошого карабастан анын баянын колумдан келишинче сиздерге жеткирип берүүгө аракет кылайын...
Катардагы күндөрүмдүн биринде белгисиз профилден социалдык тармактардагы бир баракчама кат келип түштү.
"Кандайсың сиңдим? Сиңдим десем туура болоор, сезишимче менден кичүүсүң. Сенин чыгармаларыңды көптөн бери окуймун. Купулума толот. Сага жазуудан мурун көпкө ойлондум. Анан сен жазган тагдырларды окуп өз тагдырымды баяндап берүүнү туура көрдүм. Негедир ичимдеги бир буулуккан бурганакты сага айтсам жеңилдечүдөй сезилди. Көп сөздөрүңдү мага тааныш, тагыраагы менин ичимдеги арманга үндөштөй туюлат.Мүмкүн болсо айтып берейин..." - деген. Чынында кызыктым, баарлаштык. Бирок каарманым өз тагдырын телефондон эмес, жолугуп көзмө көз баяндап берүүнү туура көрдү. Сунуш киргизди. Көпкө ойлондум. Анан макул болуп жолугушчу жерди болжоп жөнөп калдым. Шаардагы чакан кафе болчу. Киргенимде эле кооз болуп жасалган залдын сол тарабындагы чоң терезе түбүндө олтурган эже колун көтөрдү. Толкундандым, анткени мен биринчи жолу тагдырын жазчу каарманым менен жолугуп жаткам. Эже мени көргөндө бир аз ыңгайсыз боло түштү.
-Назиксиңби?
-Ооба, саламатсызбы?
-Жаш экенсиң, - деди күлүмсүрөп.
-Рахмат...
Эженин маңдайындагы орундуктан орун алдым.
-Кофе?
-Жок, кофе ичпеймин, - дедим.
Жөн гана суусундукка заказ берип олтуруп калдым. Эже болсо кофе... Биз жолуккан кафеде адам аз, анан аябай тынч экен. Атайын сүйлөшүүгө ыңгайлуу деп ушул жерди тандаса керек эже.
Чынында мен да эжени башкача элестеткем. Анткени айткан жашынан бир топ эле жаш көрүнөт экен. Эгер өзү жашын айтпаганда мен ага такыр башка жашты бермекмин. Эжени кандай сүрөттөсөм экен. Көздөрү сулуу, бирок муңдуу. Жүзү абдан жарык, жароокер көрүнөт. Адамдар болот го жүзүн караганда эле жаркыган жазды элестеткен, ошондой көрүндү мага.
-Сени чакырып алып, кайжерден кантип айтаарымды да билбей турам, - деди күлүмсүрөп.
Күлгөндө көздөрү жайнап, баладай болуп бажырайып ансайын сулуу көрүнөт экен. Анан да эженин жүзүндө бир да боёк жок экени таң калтырды. Төгүлгөн каш кирпиги да табийгый. Баары бир табийгый сулуулукка эч нерсе жетпейт окшойт. Ошол үчүн да өзгөчө сулуу көрсөтүп тургандай.
-Сени убара кылганым үчүн кечир.
-Баары жакшы эже, - дедим.
Эже тагдырын башынан баштап баяндоону туура көрдү. Башынан дегенде тээ алыстагы бала күнүнөн тартып ушул күнүнө чейин. Эженин жашоосунун бактылуу күндөрүн айтып жатып, ошол күндөргө кыялы алып учуп, ууртунда болор болбос күлкү уялап айтып жатканын байкадым. Ал эми оор, тагдырынын урунттуу учурларына келгенде шуу эте катуу үшкүрүк тартып, жаркыган кабагы түнөрүп алат...
-Мен абдан жаман адаммын, - деп сөзүн баштады оор улутунуп алган эже.
-Ушунчалык жаманмын. Артымды карап, басып өткөн жолумдагы мен жасаган иштерди мен жасаганыма ишенбей да кетем. Кантип колумдан келди деген суроо кыйнап, ошол учурда баягы азап келет. Бул азапты сөз менен түшүндүрө албайм. Ичтен жеген, ичтен сыздаткан оору... Бул ооруну айыктыруу дарыгерлердин да колунан келбейт. Бул оорунун дарты жок. Сен адамдын абийири соттойт дегенди уктуң беле? - деди мени тике карап.
Ошол убакта эженин көздөрүнөн кандайдыр бир чарасыздыкты, өкүнүүнү окуп турдум. Ушунчалык чарчаңкы тиктеди мени, кудум баарына атүгүл өлүмгө да кайыл адамдай...
-Абийир алдында жооп берүү эмне экенин билесиңби? Анын алдында актануу да пайдасыз. Бул абийир дегениң өзүңдү актоочу миң далилдерди таап келип, жан соога кылганыңа да карабайт. Муну абийир соту дейт. Адам өмүр жолунда кандай гана кылмыш кылбасын ал жазасын алса да, албай көмүскөдө калып кетсе да абийир алдында бөлөк жооп берет... Муну мына мен өз башымдан өткөрүп айтып жатамын!.. .


*******
Ширин күнүгө таң эрте ойгонгондо терезе түбүндө чыркырап сайраган чымчыктардын үнүн көпкө чейин тыңшап жатканды жактырат. Үйдүн капталындагы чоң алма бутагына конуп алышып өзүнчө эле бир хор оркестр тобун элестетет.
-Шириним кызым, тура гой кагылайыным!
Бөлмөгө кире элек жатып жалынып жалбарып келе жаткан чоң энесинин үнүн укканда бактылуу жылмайып алды.
-Энеоууу жата турайынчыыы, - жуурканына ансайын оролуп эркеледи Ширин.
-Кечигесиң садагам!
Энеси ылдый болуп кызынын саамайынан шорулдата жыттап алды. Эки колун керип, денесин созуп чоюлган кыз терезени ачып жибергенде бактагы куштар пырррр эте учуп жөнөштү.
-Качтыңарбыыыы? - терезеге эки колу менен ээгин таяна калган кыз буркурап турган алма гүлүнүн жытын кумарлана жыттап алды да ордунан туруп жөнөдү.
Жуунуп тамактанганы олтурган аны кайра эле энеси кагылып эркелетип жатты.
-Ала гой балам.
Алдына нан менен жаңы тартылган каймакты сунду энеси.
-Бүгүн шаарга барам, апама.
-Мейли балам, анан качан келесиң?
-Эс алууну ал жакта өткөрсөм, жекшемби күнү кечинде келип калам го. Баргым келген жок, бирок апам дагы товарга кетет экен. Инилеримди караганы эч ким жок.
-Ошент балам, апаң да сагынат сени. Кошо жаша десе тигиниси менен батышпай сен да...
- Эне койчу, сени менен эле жашаймын!
-Мектепти бүткөндө чоң окууга өтсөң апаңа барасың кызым.
-Ыкы, апам жер тамга көчөт жакында тиги үйүн мага берсе экөөбүз көчүп барабыз.
-Алда балам ай! Мени ал төрт дубалыңа камап алып не кыласың, мага мына кеңири короомдон өткөн бейиш жер жок, - деген Калипа эне короосун айлантып карап алды.
-Абышкам жашайт бул короонун ар бир бурчунда.
-Энекем менин! - Ширин энесинин жанына өтүп бетинен чопулдатып өөп алды.
-Макул эне кеттим мен.
Бир эки чайдан ууртамыш эткен Ширин шашылып сумкасын көтөрүп жөнөдү.
Аппак көйнөк менен кара юбка боюна жарашып, анын үстүнө келишимдүү келбети көргөн адамды сөзсүз кайра бир каратып алчу. Экиге өрүлгөн көмүрдөй капкара чачтары, кырдач мурду, жазы маңдайы, анан да аппак болуп жүзү туптунук наристеникиндей. Кабагына күн туугансып ар дайым жадырап турат. Ууртуна толгон күлкүсү менен чырайы толгон кареги бир башкача сулуу. ..

Ширин айылда чоң энесинин колунда өскөн. Атасы оор оорудан улам төшөк тартып жатып каза болгон. Шаардагы үйүндө атасынан кийин ээнсиреп жапжалгыз калып кетти. Апасы болсо базарга чыкканы үчүн жумуштап товарга деп кетип, үйгө конуп келип жашачу. Али кичине болсо да акылы ушунчалык зирек эле кыздын, үйүн тазалап, тамагын жасап өзү менен өзү жашай берген. Аз убакыт өткөндө эле апасы башка эркекти жетелеп кирген булардын үйүнө. Апасы эми биз менен жашайт, ата деп кайрыл деп эскертти. Мына ошол адам келгенден Шириндин жашоосу тозоко айлана баштады. Алгач үңкүйүп эле бөлмөсүнөн чыкпаган киши, бир аз убакыт өтүп көнүшүп кеттиби эркин боло баштады. Уялбай эле Шириндин атасынын кийимдерин кийип алчу. Апасы менен кошо жатып, атасынын ордун ээлегенине ансыз да ызааланып жүргөн кыз, атасынын кийимдерин анын үстүндө көргөндө ого бетер ачуусу келди. Урматтуу апалар, чоңдор! Биз балдарды али кичине, эч нерсени түшүнбөйт деп чоң жаңылыштык кетиребиз. А чынында бала кичинекейинен баарын түшүнөт, баарын сезет, баарын жүрөгүнө кабыл алат. Жашооңордогу өзгөрүүнү балаңызга же кызыңызга убагы келгенде айтам деп жүрсөңүз анте көрбөңүз. Бала менен ачык сүйлөшүүгө өтүү керек. Анткени анын бул турмуштун баарын жаңыдан кабылдап, үйрөнүп жаткан аялуу дүйнөсүн уратып алышыңыздар мүмкүн. Сиз убагы келгенде баарын айтам дегиче, бала өз түшүнүгүндө, акылы жетишинче баарын өз алдынча кабылдап алуусу мүмкүн...
Мурун ансыз да жумуштан бошобой кызына анча көңүл бөлө албаган Жийде, тиги күйөөсү келгенден такыр кызын унутту. Кичинесинен эле атасына жакын өскөн кыз, мындай катуу соккуну көтөрө албады. Ичине салып жүрө бергендиктенби балким кусадан, суук тийип сыркоолоп калдыбы белгисиз төшөктөн тура албай жатып калган.
-Ай кыз тур, сабагыңа кечигебиз, сени күтүп турууга алым жок, орунду ачуу керек. - деген Жийде келип кызынын жүзүнө да карабай Шириндин бөлмөсүнүн эшигин ачып босогодон кыйкырды.
-Апаа... - деди ооздорун араң кыбыратып.
-Ширин дейм! Ээк кечиктик, уктай берчи, барбай эле кой! Эшикти илип ал!
Шарактап үйдөн чыгып кетти. Кызы болсо денеси жалындап күйүп, жээкке чыгып калган балыктай араң дем алып жатты.

Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 08 Февраль 2021 - 21:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   08 Февраль 2021 - 20:49

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

-Эмне булар шаарда эшикти илбей олтурушат? - деген Калима эне үйгө кадам койду.
-Жийдеее? Ширииин? Үйдөсүңөрбү деги?
-Апа сыртка дүкөнгө чыгып кетишпедиби? - деди кошо келген кенже уулу Эрулан.
-Үйдү ушинтип таштап кантмек кетмек ботом ,ушул кантип болсун!
-Ширииин! - деген энеси небереси жаткан бөлмөгө баш багып Шириндин жерде жатканын көрдү.
-Ал кокуй күүн! Шириниим менин!
Жерде жаткан небересин ала коюп жүзүнөн өпкүлөп ийди.
-Кантет бул? Эрулан машинени айда, денеси күйүп жатат. Жийде кайда болду экен?...

Кеч киргенде гана күйөөсү шаракташа үйгө кирип келишкен Жийдени кайын энеси тосуп алды.
-Аапа, келиңиз?
-Келдим балам.
-Мен тиги.. бул Сагындык.
Калипа эне көзүнүн төбөсү менен карап төркү бөлмөгө өтүп кетти. Бир аздан соң башына жоолук салынып кайын энесинин алдына чай көтөрүп кирде. Төрдө Ширинди кучактап олтурган экен Калима эне.
-Жийде, - деп сөз баштады Калима эне тамагын кыра.
-Тилегиме жыл айлана элек турмушка чыктың, сени күнөөлөбөйм балам. Бактыңы таап бактылуу болууга акың бар. Менин сенден өтүнүчүм Ширинимди мага бер.
-Апааа..
-Сөзүмдү бөлбөй ук.
-Тилегимдин жалгызы... өзү да кызына үзүлө түшүп өзгөчө жакшы көрчү эмес беле?... Ширинди мен алайын кагылайыным. Сен жашсың, дагы төрөйсүң. Кызым бөлөк атага өгөйлөнбөй кантсе да өз канында болсун.
-Апа Сагындык Ширинди өз кызындай эле...
-Туура, өз кызындай көрүп асырасын. Бирок мени менен болсо оң болоор. Бүгүн кайда жүрдүң? Ооруган кызды жалгыз таштап?
-Мен... - Жийде унчукпастан көз жашын агызып башын жерге салды.
-Ушул менен такыр көргөзбөй алып кетпейм. Каалаган учуруңда, кызыңды сагынсаң күйөөң менен барып көрүп тур. Мен деле шаарга жиберип турамын...

Ошону менен Ширин он жашында чоң энесинин колуна келди. Алгач келгенинде өзүнчө болуп, эч кимге сүйлөбөй Калима эненин жанынан чыкпай жүргөн кыз болсо, убакыт өтүп ал тартынчаактыгы жоголуп, буд үйдөгүлөргө, айылдагы мектебине көнүп кетти. Калима эне кызды бапестеп, эркелетип чоңойтту. Ширин ошону менен бактылуу балалыктын доорун армансыз сүрдү. Баягы шаардан жаңы келгенде мончоктой көздөрү жашылданып, эч кимге кошулбай обочо жүргөн кыз эми класстын эң шайыр кызына айланды. Жаркыган кабагына күндү багып, жылмайып күлгөн ууртунда жылдызды жашырып алгандай сүйкүмдүү жан болду. Бул жылдарда апасы Жийде да катары менен уулдарды төрөдү. Кээде Жийде күйөөсү Сагындыкты ээрчитип айылга келип кетишсе, кээде Ширин шаарга өзү барчу. Айрыкча мектептен жайкы жана кышкы эс алууга чыкканда апасынын үйүнө барып инилерин карашып жашап келчү. Андайда Жийде балдарын кызына таштап, товарга кетчү. Ал эми өгөй атасы болсо базарга чыгат.
-Оой иий белим... акыркы күндөрү белим ооручу болду, - деген Жийде ашканада тамак жасап жаткан Шириндин жанына келип олтурду. Кызынын созулуп бойлору өсүп чоңойгонун көрүп кубанып алды. Маралдай болуп керилген гана кыз болуптур. Колдору да шыпылдап эптүү. Убагында ырас кайын энесине берген экен. Кары адам көп нерсени үйрөтүп, зирек тарбиялаптыр. Болбосо шаарда өскөндө жүрмөк да азыр, жарым орус тилинде сүйлөп шаардагы бейбаш кыздарга кошулуп. Азыр болсо мектепте окуса да бүт жумушту жасайт, инилерин жуунтуп, тамагын жасап, бүт кийимдерин жууп коёт. Үйдү таза кармаганын айт. Кудай буйруса бир үйдү гүлдөтүп, бир азаматтын багын ача турган кызы бар..
-Ошончо жүктү көтөрөсүң, сенин белиң оорубаганда анан, - деди апасына аарчылган алманы сунуп жатып.
-Тигиңе айтсаң болбойбу? Товарга өзүң барбай ошону жибер.
-Ширин, Сагындык аябай жоош. Тиги жакта не болуп кетет. Талашып тартышууга туура келет. Андайда Сагындык алардын айтканына көнүп берет.
-Жооштой эмес. Сен товарга кеткенде бат эле үелет базардан. Үйдө телевизордун алдынан чыкпайт.
-Ээк, сени антпейт. Ширин неге Сагындыкты жактырбайсың?
-Билбейм, - деди кызы эки кашын чытып ордунан туруп баратып.
-Макул мен кирип жатайын, балдарга тамак берип коёрсуң. Эртең да товарга барам.
-Макул.
Белин бекем байлап бөлмөсүнө кирген Жийдеге Сагындык жактырбай бурк этти.
-Кызың эмне дейт?
-Эч нерсе.
-Уктум баарын, мени жактырбайт ушунуң.
-Сагындык койчу эми ага теңелбей. Ал деген бала го.
-Анда сен чык эртең базарга, мен товарыңа барайын.
-Кайдагыны айтпа, өзүм эле барам.
Жийде керебетке жатып уйкуга кетти.
Сагындык алгач Жийде менен таанышканда чынында өңүнө кызыккан. Бир аз жакындан таанышып шаарда үйү, колунда бизнеси бар экенин билген соң ач кенедей жармашты. Дээринен жалкоо, кара жумушка иштегиси келбеген Сагындык мыкты жигиттин ролун ойноп, мурун бир нече жолу үйлөнүп ажырашканын жашырып бойдок боло калды. Жийдеге калптан эле кызың болсо да сүйөм, алам деген ашыктын ролун ойноп мынтип үстүнө кирип алып, жыргап жашап жүргөн чагы. Ананчы баарын алдына даяр кылган аялы турса, ал товарга кеткенде гана ордуна базарга чыгып коёт. Анда да эрте эле жаап келе берет. Бирок бул үйгө келгени аны ушул Ширин жактырбады. Кичинесинде кандай жек көрүп тиктесе азыр деле ошол бойдон. Шириндин өзгөчө сулуулугун да алгач Сагындык байкады. Жаш болгону менен апасы Жийдени жолго калтырган өңү күн сайын мунун делебесин козгоп барат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   jindirak   08 Февраль 2021 - 22:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жарайсын жаным
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Kalla   09 Февраль 2021 - 17:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 23 Июль 18
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 15:48

Назик Кыз колуна береке. Ушу Ширинди Сагындык дегенге жолото койбой, энесинин уйунон эле эч келтирбечи суранам.Жаман окуяларды окусам рухум ооруп кыйналат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Bazana   09 Февраль 2021 - 17:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Ооба, огой атасына зордуктатпаныз Назик кыз. Журогум ооруп атат козу тушту деп окугандан бери.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Ayimka   09 Февраль 2021 - 22:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Жазынызчы автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   BekRek   11 Февраль 2021 - 07:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 21 Апрель 17
  • Соңку аракети: 25 Фев 2025 12:45
  • Жынысы:Эркек

Алооу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Luna7   11 Февраль 2021 - 11:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 17 Май 20
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:25

Жазынызчы Назик эже палажусста
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   jindirak   11 Февраль 2021 - 14:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жаааным жалгызым жазчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   ShaKe11   11 Февраль 2021 - 17:59

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Ии анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Февраль 2021 - 20:42

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

jindirak (11 Февраль 2021 - 14:44) жазган:

Жаааным жалгызым жазчы

***********
-Апа барбай эле койчу? - Ширин эшик таң азанда туруп апасын узатып жатып босогого келгенде ушинтип жалдырады.
-Ширин эмне болду, бир жериң ооруп турабы?
-Жок, бирок...
-Бат эле келип каламын. Инилериңди сага тапшырдым. Анан Сагындык базардан келгенде тамагын карап койчу, суукта үшүп келет.
-Аны эле аяй бересиң, сенин өзүңө күйгөн адам жок... - деген Ширин ашкананы көздөй басты.
-Кызым, мен кеттим жакшы олтургула.
Жийде дайымкыдай товарга кетип, Ширин инилери менен калды. Апасы кеткени Сагындык базардан түшкө жетпей эле келип алып үйдө болот. Мурун деле ушундай болчу, анда залда телевизор көрүп же бөлмөсүндө уктап чыкчы эмес да. Бирок мунусунда чай ичем, тамак салып бер демиш болуп чакан ашканада жүргөн Ширинден көзүн албай, анын ар бир кыймылын карап олтура берет. Тамагын берип батыраак эле ашканадан качып чыгууга шашкан Ширин инилери жаткан бөлмөгө кирип ичинен илип алчу. Ошол каргашалуу кыштын кычыраган түнү. Айлана аппак карга көмүлүп, сыртта жомок аалам болуп жатканда Шириндин жомогу өчкөн түн... Ушул кыштан кийин карды жаман көрүп, суукту жактырбайт. Ошол күнү өзү да билбейт негедир жүрөгү башкача согуп, алда бир жамандыктан кабар берип жаткандай тынчый албай түпөйүл боло берди. Адатта үч күндө келип калчу Жийде да кечигип жок. Сыртта болсо сампарлап жааган кар улам күчөп, бороон аралашып лапылдайт. Кеч кирип айлананы күүгүм каптаган сайын Ширин үйгө батпай кысыла берди. Кудум ичинде кандайдыр бир түшүнүксүз сезим муну күч менен бул үйдөн кууп жаткандай. Көрсө адамдагы алтынчы туюм ушул болсо керек. Ал күнү Сагындык кечке үйдө болду, сыртта аба ырайы жакшы эмес деген шылтоону айтып, базарга чыккан жок. Ширин кечинде инилерин мектептен алып келген соң тамактарын берип, жаткырып өзү да инилеринин жанына жатып алды. Түн бир оокумда ойгонуп кетип, аябай ашканага суу ичкени чыкты. Жарыкты күйгүзбөй туруп суу ичип, артына бурула бергенде ашканын босогосунда өзүн карап майкачан Сагындык турганын көрүп чоочуп кеткенден колундагы чыны учуп кетти.
Коркуп кеткенин сездирбей өзүн кармап жанынан өтө бергенден Сагындык кызды каруудан кармап калды.
-Эмне кылып жатасыз?! - Ширин колун булкуп алды.
-Ширин... - Сагындык кайра кызга жармашты. Андан буруксуп уруп жаткан ичимдиктин жытына көңүлү айланган кыз, башын буруп алды.
-Сиз мас болуп калыпсыз, эс алыңыз! - Ширин инилери жаткан бөлмөгө баратканда Сагындык арттан келип кызды бир колу менен оозун кабыштыра жаап, экинчи колу менен көтөрүп өзү жаткан бөлмөгө сүдүрөп жөнөдү. Алып кирип эле жерге салынган төшөктүн үстүнө кызды басып жыгылды.
-Жок, жооооккк?! Тийбеңиз!
-Акырын! Азыр...
-Суранам тийбеңизчии? ! Болооот?! - жаны алы калбай тырмышкан кыз инисин чакырып жатты.
-Жап оозуңду! - деген Сагындыктын күрөктөй колу кайра эле Шириндин жаагына кептелип басып калды.
-Ааппппаааа? !
Ошону менен Шириндин үнү да чыкпай калды. Көздөрү алайып тыбырчылаган бойдон Сагындыктын алдына калып кетти. Кудум жаш коёнду басып алган карышкыр сымал, коё бербей үстүндөгү кийимдерин айрып ыргытып салды. Анын аппак, аруу денеси мынабу ичи чыгып калган жийиркеничтүү Сагындыктын алдында уйпаланып жатты. Күшүлдөп бышылдаган Сагындык кудум биринчи жолу кыз көргөндөй болуп, аптыгып өөп, улам кыздын жаш денесин мыжыга кармап кумарлана, бир убакта барып Шириндин үстүнө кулады. Ошол бойдон коңурук тартып уйкуга кетти. Аны үстүнөн ары итерген Ширин айрылган кийимдерин көтөрүп, түз эле жуунучу бөлмөгө өттү да муздак сууну агызып жүзүн тосту. Канча турганын деле билбейт. Денесинин жанчылып ооруганы бир тең, ызаага толуп көкүрөгү ачышканы бир тең боло ичтен озоңдоп баштан ылдый шорголоп агып жаткан сууда тура берди. Жашы он сегизге толо элек жатып кырктан өткөн кишинин алдында уйпаланып, кор болгон аппак денесин чымчылап ыйлап жатты кыз. Алдыга койгон ой тилектери менен кыялдары көз алдына тартылып, баары бир заматта ойрон болуп кеткенине жаны ачышып турду. Таң агарып жаңы күн башталды. Ширин бутунун учу менен басып инилери жаткан бөлмөдөн айылга кетчү кийимдер салынган сумкасын көтөрүп алып чыкты да, чоң конок бөлмөдөгү Сагындык менен Жийде акча коюп жүргөн жерден алардын акчасын бүт алып айылга кетип калды.
Ширин чоң энесине да, апасына да деги эле жан адамга бул тууралуу ооз ачкан жок. Эмнеге андай кылды ошол учурда да, кийин да аңдап жеткен жок. Балким Сагындыктын өлтүрөм дегенинен коркту, балким апасын, инилерин аяды. Мүмкүн жаштык кылдыбы айтоор эч кимге айтпай жүрө берди. Балким кийин деле,өмүр бою айтылбай калып кетмек, эгер алдыда дагы каргашалуу окуя болбогондо. ..
Жийде менен Сагындык ошол жылы жазында жер тамга көчүп өтүштү да, кабат үйдү Ширинге берди апасы. Ширин болсо огол баргандан бери ал үйгө барбай койду. Улам чакырган апасына болсо окууга өтүүгө даярдык көрүп жүрөм деген шылтоо менен жолобой койду. Кичине кезинен эле дарыгер болом деп кыялданып жүргөн кыз ал тилегине да жетти. Өз күчү менен окууга өтүп кетти. Шаардагы үйгө чоң энеси Калиманы алып келип экөө жашай баштады.
Жаңы окуу жылы. Жаңы жашоо, жаңы кадамдар. Окуу жайда шатыра шатман ызылдап, айлананы шаң күлкүгө бөлөп каткыра күлгөн кыздардан айырмаланып суз жылмайып, ойлуу жүргөн кыз Илимдин көңүлүн бурду. Белден ылдый түшүп өрүлгөн жоон, капкара чачы менен мөлтүрөгөн сулуулугунан тышкары анын ар дайым жалгыз жүргөнү жигиттин ансайын кызыгуусун арттырды. Ким сүйлөсө да, кандай сүйлөсө да ошол калыбынан жазбай муңаям жылмайып кутулат. Көпчүлүгү Шириндин бул мүнөзүн бой көтөрүү, менменсинүү деп түшүндү. Бир гана Илим кыздын жанда жок жароокерлигин, маңдайы жарык кыз экенин бир көргөндө эле билди. Анын жоодураган көздөрү күн сайын жигитти акылдан алып бараткан. Экөө бир тайпада окушканына карабай, жигит кыз тууралуу эч нерсе билбейт. Атүгүл сабактан кийин баары чогулуп киного түшсө да Ширин өзүнчө кетет.
Бир күнү адаттагыдай сабактан чыккан кыздын артынан түштү Илим. Ишенимдүү кадам таштап алдыда бараткан кыздын келбетине артынан суктанып бара берди. Ширин сейил бак менен басып баратып артынан кимдир бирөө келе жатканын сезим тык эте токтой калды да шарт артына бурулду. Ошол каргаша каптаган түндөн кийин артында адам басса корко турган болуп калган кыз. Бурула берип өзүн жылмайып карап турган өздөрүндө окуган Илим аттуу жигит турганын көрдү.
-Кечир, чочутуп алдым окшойт, - Илим негедир өзүнө тике карап турган кыздан сүрдөп бүт алдындагы жалбырактарды тээп алды.
-Сен белең, - деген Ширин жылмайып койду.
Суз жүргөнү ошончо керемет көрүнсө мынтип ууртунда жылмайганы ансайын сулуу экен.
-Чогуу басалы, - деди Илим кызга жандай басып.
-Эмнеге жалгыз жүрөсүң? - дей салды Илим адаттагыдай ачык айрым мүнөзү менен.
Жоодураган көздөрүн ирмегилеп алган кыз таң кала тиктеп койду.
-Кандайча?
-Жок, бизге кошулбайсың дегеним.
-Табиятымдан ушундаймын, жалгыздыкты сүйөм.
-Кыялкеч турбайсыңбы?
Ширин кайра жигитти тиктеди. Өзүнүн карама - каршысы эле бул жигит. Шайыр, ачык айрым. Тайпада да алдыңкы студенттерден. Окуу жайда кандай иш чара өткөрүлсө ага сөзсүз Илим катышат.
-Балким...
-Кыялкеч, жан дүнөсү назик адамдар аз сүйлөшөт. Элге кошулбайт. Өздөрүнүн кыялында түзүп алган дүйнөсүндө жашай беришет.
-Жапайы болушат де?
-Жоок андай эмес, өздөрү өздөрүнө түзүп алган ыңгайлуулуктан чыккылары келбейт, жана оңойчулук менен ал жака бирөөнү да киргизишпейт.
-Сен адашып дарыгерликке тапшырып алыпсың. Психологияга тапшырбайт белең? - деди Ширин Илимди карап.
-Хаа, хаа. Жоок туура эле тапшыргам. Дарыгер психолог да болушу керек.
Илимдин үнү шаңдуу чыкты. Ширин болсо дайымкыдай суз жылмайып гана койду.
-Кайда баратасың?
-Үйгө.
-Ушул жол мененби?
-Ооба, мен жөө баскынды жакшы көрөм.
-Дагычы? - деди Илим шоктоно кызды карап.
-Эмне?
-Дагы эмнени кылганды жакшы көрөсүң?
-Жамгырды, гүлдөрдү... анан таттууну.
-Эсте болот.
Сагындык кол салгандан бери эркек аттуунун баарын ичтен жек көрүп, баарына наалат айткан Ширин эч кимди жашоосуна киргизбейм деген өзүнө. Мынтип жанында тамаша ыргыта сүйлөө бул жакта турсун, кол алышып көрүшпөйт болчу. Көрсө жашоо деген биз бүттү деген жерден башталып, тыю салган нерсе уланып, уруксат берген нерсе үзүлөт турбайбы. Акыйкатсыз да, адилеттүү да мына ушул жашоо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Февраль 2021 - 20:43

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

********
Илим менен Шириндин мамилеси түшүнүксүз эле. Тагыраагы ар бири өзүнчө, өзүнө таандык, өзүнө ылайыктуу чечим менен мамилелерин түшүнчү. Илим Ширинди сүйөт. Ширин болсо...
Ширин мурункудай болбой убакыт өтүшү менен Илимге көнүп баратты. Эркелеп, кээде кыялын да көрсөтүп алчу. Андайда жигиттин кубанычында чек жок. Ширин ансайын көзүнө таттуу көрүнүп кучактап алгысы келчү. Бирок бирге жүрүшкөн ушунча убакыт аралыгында кыздын колунан гана кармай алды. Ширин такыр өзүнө жолотчу эмес. Кучактап эмес Илим бир аз эле кызга жакын туруп калса Ширин тыпырап кетет да , өзүн ала качат. Бир жолу адаттагыдай сейил бакта балмуздак жеп олтурушкан. Экөө тамашалап олтурушуп Илим кыздын чачтарын уйпалап жатып кучактап алды. Ошол замат кыздын денеси ток ургандай дирр этип Илимди кантип түртүп жибергенин билбей калды.
-Ширин... мен.
-Мен барайын, - деген кыз Илимдин көзүнөн көздөрүн ала качып сумкасын көтөрүп жөнөдү.
-Токточу?! - Илим шашып бараткан кыздын артынан жетип келип колдон тартты.
-Сага эмне болду?
-Эмне болуптур? - деген Ширин кайра жолун улады.
-Коё турсаң, эмне эле менден өзүңдү алыстатып жатасың? Эмне сени боорума басам десең так секиресиң?
-Илим мен үйгө баруум керек!
Ширин жигитти укпастан өзүн кармап турган колдорун кагып салып басып кетти. Жолдо баратып көздөрүнөн жаштары мончоктоктоп агып жатканын өзү да билген жок. Ширин ошол күндөн баштап биринчи жолу ыйлап жатты. Ыйлаганда да ызаа, өкүт менен жүрөгү ачышып ыйлап жатты. "Кечир мени? Кечир! Мен сага татыктуу эмечмин! Мени сүйбө! " - деп жатты шыбырап. Эгер Сагындык жашоосуно кара түн салбаганда эмне болмок? Анда эле Илимдин сүйүү менен тиктеген көздөрүнөн көзүн ала качпай кайра моокум кангыча тиктемек, өзүн кучактамакчы болгон колдорун кагып салбай тескерисинче өзү кучагына бой таштамак. Ар дайым түртүп, өзүнөн аргасыздан оолактатып жаткан Илимдин желкесине башын жөлөмөк да колдорун бекем кармап алып түбөлүккө коё бермек эмес. Эээхх аттиң!....
Үйгө келген Ширин чоң энеси төшөк тартып жатып калганын көрдү.
-Энеооу? Сага эмне болду?
-Азыр балам, өтүп кетет. Бир аз аба жетишпей жата калбадымбы?
-Азыр энеке.
Тез жардам чакырган Ширин энеси менен кошо ооруканага кетти. Ошентип Калима эне бир жумага жакын ооруканада даарыланып жатмай болду. Эки күн энесине каттап жүргөн кыз, окууга барбай жүргөн. Бул күндөрү Илим күндө сабака келип кыздын таппай маанайы жок жүрдү. Экөө урушкандан кийин эле келбей калды. "Катуу сүйлөп алдым окшойт. Каап десең, эми ушул бойдон келбей койсо кантем? Ушул менин шашмалыгым! " - деп өзүн ичтен жемелейт. Үчүнчү күн дегенде көздөрү чарчаңкы болуп Ширин сабакка келди. Илим көрүп кубанып кетти. Бирок сыртына чыгарбай сыр алдырбай олтурду. Сабактын жүрүшүндө кыздан көзүн албай тиктеп олтура берди. Сагыныптыр. ..
-Ширин?
Сабак бүткөндөн кийин баары чыгып баратканда Илим кызды колдон тартты.
-Эмне?
-Кел сүйлөшүп алабыз.
-Угуп жатамын? -Ширин жигиттин маңдайында эки колун кайчылаштырып турду.
-Мени кечир.
-Болдубу?
-Ширин... мен.
-Макул, кечирдим. Эми болду кеттим. Менин жумуштарым көп. - деген кыз тыкылдап басып чыгып кетти.

Жийде бул аралыкта кызын канча ирет үйүнө чакырса да келбей жатты. Келсе да бир эки саатка келип, инилерин эркелетип кетет. Мурункудай түнөп калбай турган болгон. Окуусу татаал, жана сабактары көп экенин айтып качат.
-Сагындык?
-Оу,.
-Тиги Ширинге барып келчи.
-Кече сойгон малдын этинен жеткирип кел.
-Өзүн эле чакыр да.
-Келбей жатат. Энеси да ооруканага жатып, жеп ичкени эмне болуп жатат десең чунак кыздын. Же сен менен кошо өзүм да барайын.
-Койсоңчу алтыным, белим ооруп жатат деп жатасың. Эс ал жатып, мен өзүм барып кабар алып келем, - деди Сагындык аялына камкор болуп.
-Макул ошент, - деген Жийде оюнда жаман нерсе жок ишенип кала берди. Сагындын бул камкорлонуп жаткан беткабынын артында кандай арам ой жатканынан кабары жок кызына жиберди.
Кеч күүгүм болуп калганда Ширин бөлмөсүнө алма алып келип аарчып жеп жаткан. Бир убакта эшиги шырыктап ачыла баштады. Ордунан ыргып турду кыз. "Ким болду экен? Апамбы? Анда ачкыч бар беле? Үйдү мага тапшырганда ачкычты берген да. Дагы ким? Сагындык! Жоок! Болушу мүмкүн эмес! " көз ирмемчелик убакыт ичинде ушуларды ойлоп жиберди.
Сагындык эшик алдына келип коңгуроону басайын деп барып кайра, чөнтөгүнөн ачкычты алып чыгып өзү ачып кирди. Үйдү тапшырганда өзүндөгү ачкычты алып калган болчу. Үйдөн чыкканда эле ошол түн көз алдына тартылып, Шириндин аппак денесин кучактап эзгилеп жатканын элестетип шилекейин жутуп алган. Жолдо келе жатып, ичимдиктен бир аз ичип да алды. Ошентип түштө үйдөн чыккан Сагындык мынтип кеч күүгүмдө кирип келди.
Бутунун учу менен үйгө кадам койгон аны төркү бөлмөдөн жаңы гана чыккан Ширин тосуп алды.
-Эмне келдиң? - деди Ширин коркуп турса да анысын билдирбеске аракет кылып кайраттуу. Бирок баары бир үнү титиреп чыккан эле.
-Сага келдим. Апаң жиберди, - деди Сагындык каамырабай бутун чечип жатып.
-Эмнеге?
-Муну берди.
-Ашканага кой да, кет!
-Кантет бул кыз? Үйгө келген адамды да ушинтип тосуп алат бекен. Жок дегенде нан ооз тий дебейсиңби? Кантсе да атаңдын ордуна атамын, - деди ырсаңдап.
-Сен адамсыңбы? Сен атасыңбы? Түкүрдүм сага! Чыгып кет үйдөн!
-Эмне эле катындардай ажылдайсың?
-Колуңдан алсызды басынткандан башка нерсе келбейт!
-Жыргатып койгон келет. Апаңды, сени деле жыргатып койгом.
-Жогол!
-Кыйкырба!
Сагындык көздөрү кызарып улам кызга жакындай берди.
-Кыйкырамын!
-Өзүң эле уят болосуң!
Ширин бөлмөгө чуркап киргенда артынан Сагындык басып жыгылды.
-Тийбе, жогол деейм!
Ширин болгон күчү менен Сагындыктын бетин чапчып аймалап жатты.
-Жап оозуңду!
Полдо экөө алышып жатып Ширин ары жакта жаткан алма кесип жаткан бычагын көрдү. Тыпырап колун созуп бычакты араң алды да Сагындыкка сайып жиберди. Кайжерине кантип матырып алганын деле билбейт. Аябай ызаасы чогулуп калганга өзүн токтото албай бир нече жолу сайып жиберди. Биринчи бычакты матырганда аюдай айкырган Сагындык, бир убакта сулк эте кыймылсыз жатып калды. Ширин колундагы канды көргөндө гана токтоду. Токтоду да бычакты ыргытып жиберип бурчка тыгыла калды. Эми гана ызаа үстүндө эмне кылып салганын түшүндү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   jindirak   11 Февраль 2021 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Кызып баратат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Ayimka   12 Февраль 2021 - 15:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Жазынызчы автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   12 Февраль 2021 - 20:13

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

jindirak (11 Февраль 2021 - 21:02) жазган:

Кызып баратат

*********
Түн. Илим үчүнчү кабаттагы ашканасынын жарыгы күйүп турган Шириндин үйүнөн көз албай олтура берди. Кеч күүгүмдө кызга келген Илим үйдү айланчыктап жүрө берди. Ширинди сагынып, сүйлөшүү үчүн келген. Ошондон бери кыздын үйүнө бара албай, же чакыра албай экиленип үйдү айланып басып жүрөт. Ээххх аттиң десең... бүт эркин жыйып ошол келгенде эле Шириндин үйүнө келгенде эмне?.. Балким азыр эле ичкериде болуп өткөн каргашаны алдын алмак. Кызды сактап калмак... Бирок ушул пенденин эркинин жоктугу дейбизби, же бир бүтүмгө келе албай буйдалып жатканда көп нерсени жоготуп алат турбайбы. Илим да ушул экиленип жатканда Ширинди түбөлүк жоготуп алганын түшүнгөн жок. Кыздын үйүнүн алдына чейин келип кире албай кете берди...
Ал эми бул убакта Ширин нес абалда олтурган. Чындап эле Илимдин жардамына муктаж эле...
Күңүрт тарткан бөлмө, чала жабылган пардадан ай ичкерини корккондой карап аңдып турат. Чачылган төшөк, буюмдар. Бөлмөнүн ортосунда Сагындыктын эбак муздап калган жансыз денеси. Канга чыланган килем, жана бурчка тыгылып колдору менен бирге бети да канга боёлуп, кийимдери айрылган Ширин... Сырттан кирген адамга бөлмө укмуш коркунучтуу көрүнмөк. Так эле триллер кинолорундай. ..
Ширин ордунан козголбостон Сагындыктын денесин тиктеп эки тизесин кучактап таң аткыча олтура берди.
Сүрүлүп таң атканча кирпик какпай чыккан Жийденин негедир жүрөгү түнү бою түпөйүл болуп тынчтана албай башкача бир өрөпкүп ооруп чыкты. Анан калса түш ченде кеткен Сагындыктан да дайын жок. Эчен ирет Шириндин үй телефонуна чалып көрдү. Жооп жок. Деги аман болсо экен дегени менен жүрөгү тынч алчудай эмес. Акыры өзү кызынын үйүнө жөнөдү. Үчүнчү кабатка көтөрүлүп өздөрүнүн темир эшигине келгенде анын чала жабылганын көрүп жүрөгү ансайын шуу дей түштү. Шашып үйгө кирип кире элек кызын чакырды..
-Ширииин?!
Босогодо Сагындыктын бут кийими турат. Анын жанында кече өзүп салып берген сумкадагы эт. Ашкананын жарыгы күйүп турат. Төрдөгү бөлмөгө акырын басып баратты. Азыр кирип бир жамандыктын үстүнөн чыкчудай жүрөгүнүн сокконун айт.
Бөлмөнүн эшигин түрттү. Ортодо Сагындык жатат. Кирип эле жарыкты күйгүзүп кантип бакырып жибергенин өзү да билбей калды.
-Аааа!
Бул чаңырыктан кийин гана өзүнө келгендей Ширин ыйламсырап апасына жүткүндү.
-Апппааа?!
Жерде жаткан Сагындыкка бараткан Жийде кызынын абалын көрүп ансайын бакырды.
-Ширииин! Кызым, Шириним! Эмне болду? Ким? Ким кол салды силерге?! Айт! Жакшысыңбы? Сага тийишпедиби?
Жийде ыйлап жатып кызынын жүзүнөн сылап суроолорду берип жатты. Ширин ансайын өпкөсү көөп ыйлап башын чайкайт.
-Азыр... мен милицияга чалам. Азыр кызым... тез жардам!
Шашкалактап конок үйгө бараткан Жийдени кызы колдон тартып токтотту.
-Керек эмес. Ал түндө эле өлүп калган.
-Эмне?! Каа- кантип? Ким? Эстеп калдыңбы? Эмне талап кылышты? Тоноочулар бекен?
-Апа аны мен өлтүрдүм!
-Эмнеее?! Ширин сен...
-Апаа! Укчу мени. Болгону мени угуп кой, анан макулмун милицияга тапшырсаң да.
Ширин ыйлап жатып апасына баарын айтып берди. Тээ биринчи жолу Сагындык өзүнө кол салган күндү да айтты.
-Мен...апа мен сени аяп. Инилерим үчүн бул чындыкты ичиме көмүп жашап келгем. Анан кече да келип. Мен өзүмдү башкара албай калдым. Өлтүрүп салдым. Бирок өкүнбөймүн! Макул эми өмүрүм түрмөдө өтсүн, кайылмын! ..
Ширин өз чындыгын чырылдап айтып болуп, өкүм күткөн адамдай апасынын алдында башын шылкыйтып олтурду.
Жийде бир гана нерсени азыр уккандары, көргөндөрү баары жалган болуп калса, же түшү болуп калса экен деп ичинен тиленип, жаратканга жалынып көздөрүн жумуп олтура берди. Көзүн ачканда кызынын апакай жүзү канга боёлуп, жоодураган көздөрү каканак жашка толуп турганын көрүп өзүнүн көзүнөн да мончок жаштар томолонуп кетти.
-Кечир кызым!
Ширинди бооруна басып озоңдоп ыйлап кирди.
-Акмак апаңды кечир! Сени унутуп салган мени кечир! Кантип мен билбей жүрдүм?! Жаным кызым! Периштем, гүлүм!
Жийде кызын боруна басып сүйлөнө берди. Көз алдына кызынын кичине убагы тартылды. Жаңы төрөлгөндө күйөөсү Тилектин канчалык кубанганын эстеди.
-Тилек кечир! Аманатыңды асырап кала албадым! Сенин кызыңды кордотуп алганым үчүн кечир!
Кызынын бул тагдыры үчүн күйөөсү көрүндө тик тургандыр... Эч качан Жийдени кечирбестир. ..
Канча убакыт өткөнү белгисиз, бир убакта Жийде өзүнө келип кызын жүзүнө каратып сүйлөп жатты. Ширин такыр күтпөгөн, оюна келбеген чечимди айтты.
-Ширин тур, тез жуунуп кийимиңди котор. Бул айрылган кийимдерди сумкаңа салып биздин үйгө кет!
-Апааа! - деди көздөрүн алайтып.
-Тур дейм! Ойлонууга убакыт жок. Кана бычак?
Жийде кудум жакшы чечим чыгаргандай жеңилдене ордунан элпек туруп кыймылдай баштады. Ары жакта жаткан бычакты алып аарчып туруп өзү катуу кармап алды. Жерде жаткан Сагындыктын денесиндеги канды алып колдоруна, жүзүнө сыйпады. Өзүнүн үстүндөгү кийимин да айрып, ага дагы канды сыйпап салды. Мунун баарын жинди болгон адамдай Ширин чекеде карап тура берди. Апасы кудум мурун кылып жүргөндөй шыпылдайт.
-Эмне турасың тез жуунуп чык!
Ширин шашып жуунучу бөлмөгө чуркады. Ал жуунуп кийимин которуп чыккыча, Жийденин абалы коркунучтуу болуп чыгыптыр. Чачтары саксайып иретсиз жазылган. Бети башы кан, көйнөгү айрылган. Бир көзү көгөрүп, чекечи сыйрылган. Колдору да көк.
-Апааа! - Ширин ыйлап жиберди. Мунун баарын апасы кантип кылганына акылы жетпей турду.
-Кызым, гүлүм менин! Ыйлаба, баары жакшы болот. Сөз берем жакшы болот. Эсиңде болсун, эч кимге ооз ачпа! Сен кече биздин үйдө түнөгөнсүң! Биз Сагындык экөөбүз бул жака келгенбиз. Андан аркысын билбейсиң уктуңбу?
-Жоок, жоок! - Ширин башын чайкап ыйлай берди.
-Ук мени жакшылап! Мен тез эле чыгам ал жактан! Сен жашсың келечегиң бузулат... Тергөөгө барганда сыр алдырба! Билбейм дегин. Кызым түшүндүңбү мени?!
Ширин башын ийкегилеп ыйлап жатты.
-Бар эми кет. Акырын эч кимдин көзүнө чалдыкпай кет! Тиги сумканы көтөрө кет!
Ширин апасын кучактап алды. Жийде бат жле колун бошотуп, Ширинди түрттү.
-Кет дейм!
Кызы шалдырап босогого жеткенде Жийде артынан кыйкырды.
-Ширин!
Бери бурулуп апасын карады кыз.
-Балдарды жакшы кара! Суранам алар сенин инилериң! - ушул учурда Жийденин үнү көз жашына буулугуп араң чыкты.
-Сөз берем! - деген кызы шыбырап үйдөн чыгып кетти.
Ээн батирде жалгыз калды Жийде. Кызы чыгып кетери менен жанатан жыйнап турган кайраты алда кайда жоголуп озоңдоп ыйлап кирди. Баары үчүн ыйлады. Кызынын кор болгон өмүрү, өзүнүн кайдыгерлиги үчүн. Чуркап бөлмөгө кирип жансыз жаткан Сагындыкты ургулап жатып да боздоп ыйлады.
-Акмак! Ушуну кылмак белең! Менден эмне жамандык көрдүң?! Кызыма көз артканың эмнеси?!
Ал укпаса да ушинтип озоңдоп ыйлай берди. Бир убакта барып басылган Жийде көзүнүн жашын сүртүп телефонду бурап трубканы кулагына такады.
-Алло милиция....

Ширин жол бою көз жашы тыйылган жок. Апасын аяп баратты. Эне баласы үчүн түрмө эмес, тозоктун отуна түшкөндөн да тайбайт экен го...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   12 Февраль 2021 - 20:15

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Сот залы. Колдорун ушалап ,арыктагандан көздөрү кирип кеткен Жийде олтурду. Залда болсо көз жашы токтобогон Ширин.
-Кабылова Жийде, жолдошуңуз менен ортоңуздардагы пикир келишпестик эмнеден улам келип чыкты?
-Акча! - деди суз жооп берген Жийде.
-Тагыраагы?
-Акчаны бөлүшө албадык! Эмнеси түшүнүксүз? Мен аны өлтүрдүм! Өкүнгөн дагы жокмун!
-Түшүнүктүү, башка суроом жок, - деген прокурор ордуна барып олтурду. Соту деле узакка созулган жок. Бардыгы бүт далил менен турган үчүн, башка жагдайларды териштирип ишти казууну эч ким каалаган жок. Ошентип Жийде жыйырма жылга эркинен ажыратылды. Муну укканда Ширин чыңырып ыйлап жиберди. Качан апасынын колдоруна кишен салынып эки милиция эки жагынан кармап сот залынан алып чыгып баратканда кызы апасына жүгүрдү.
-Апааа! Жок, апа жоок! Мен... мен кантем?!
-Шириним! Балдарды сага тапшырдым! Жакшы олтургула! - Жийде мүмкүн болушунча кызынын көзүнчө ыйлабаганга аракет кылды. Качан сот залдан чыкканда гана калчылдаган эки тизеси күчүн жоготуп жерге олтура калды. Эки жагындагы эки милиция кармап калбаганда кулап кетмек. Коркуп жатты. Эркиндиктен ажырап калганы үчүн, түрмөнүн түнт, туңгуяк жашоосунан коркуп жатты. Анан дагы коркунучтуусу балдары сыртта кароосуз калды. Ширини калды. Ушул тапта Жийде үчүн кайсы бири коркунучтуу эле? Жыйырма жыл оңой айтылганы менен адам баласынан өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгү экен. Ал эми Жийде жыйырма жылда ал жактан тирүү чыгабы же өлүгү чыгабы белгисиз. Тирүү чыкканда деле жашоосу мурункудай болбоосу анык. Айтор чырмалган азаптууч коркунучтуу ойлор мээсин, акылын, аң - сезимин чырмооктой чырмап бара жатты...

Ширин канча күн ордунан турбай жата берди. Энеси да ооруканадан чыгып Шириндин жанына келип жашап калды. Гүлдөй жайнап, бажырайып күлүп турган кыздын жүзүнө караңгы түн түштү да калды. Ошол күндөн мурункудай чын жүрөктөн күлгөндү, жылмайганды койду. Ал эми көз алдындагы баягы каргашалуу түн дайым тартыла берет. Атүгүл түшүндө да азап берген ошол жагымсыз элестер. Канча ирет түн ортосунда кыйкырып ойгонуп жатты.
-Тийбеңиз! Жогооол!
Ширин бакырып барып ойгонду. Көкүрөгү демигип, көөдөнүндөгү жүрөгү соккону катуулап, өзү кара терге түшүп ойгонду.
-Кагылайыным десе! - деген энеси бөйпөңдөп өзүн айланып үйдү ысырыктап жүрөт.
-Энее...
-Жаман түш көрдүң балам! - энеси кыздын жанына олтуруп бооруна басты.
-Шириним бир нерседен катуу коркуп калгансың бейм...
-Жок эне жакшы баары. Апамды ойлоп эзилип жүрөм. - Ширин бир уурулугу кармалып калган адамдай көздөрүн ала качып ордунан козголду.
- Апаң эми өз тагдырын ушинтип чечти балам.
-Ии, мен чай коюп келейин. - деген кыз энесинин жанынан чыкканча шашты.
Сыртка чыкса короодо кичүү иниси Замир олтурган экен. Жанына жакын келип катарлаш олтурду.
-Эже?
-Ооу?
-Эми атам келбейби?
Шириндин жүрөгү зырп этип кетти. Мына жашоосун талкалаган адамды канчалык унутайын десе да ага болбогон бир себеп. Мына жандан артык көргөн инилери, ошол зөөкүрдүн балдары.
-Замир сен чоң жигитсиң да. Эстүүсүң...
-Ыкы, эстүү болбойм! Атам келсинчи? - деген балакай көздөрүн жалдыратып эжесин карады. Ширин бул көздөрдү көргүсү келбейт. Башын чулгуп, бул азаптан кутулмакка баа деп бакырып качып кеткиси келди. Бирок...
-Замир, сен түнү уктайсың го?
-Ии
-Ошондо түшүңдө сага атаң келет.
-Чынбы? - деди күнөөсүз көздөрүн балбылдаткан наристе.
-Ооба да!
-Урааа! - деген иниси чуркап кетти.
Ширин оор үшкүрүп алды. Мындан ары мынтип жата берсе болбосун түшүндү. Эми бул үйдүн бүтүндөй түйшүгү менен тиричилиги Шириндин мойнуна түштү. Окууга болсо ошол бойдон барбай калды. Кирген окуусунун акчасын төлөй алмак эмес. Макул деп кол шилтеп койду. Эми белин бекем бууп, базардагы апасынын ишин улантуу керек. Анан да батирин сатыкка коюп, акчасына апасын чыгарып алуу керек. "Буйруса баары жакшы болот!" - деп алдыга кадам койду. Алдыда өзүн дагы кандай сыноолор күтүп турганын билбейт. Ширин базарга чыга баштады. Ары жагынан бардык нерсеге эптүү, зирек кыз бат эле өздөштүрүп кетти. Эркектердин кийимин саткандыгы үчүн, кардарларынын да дээрлик көпчүлүгү эркектер. Келген адамга жакшы сүйлөп, жылмайган кыз баарына жакты. Кыздын сулуулугуна кызыгып эле соода кылышып алып кеткендеи көп. Мунун баары жанында маңдайлаш олтурган Гүлүм деген аялга жакпады. Анткени анын дайымкы кардары, товарды дүңүнөн алып кеткен адам Ширинге ыктай баштаган. Бир эки жолу Ширинден жакшы соода кылып кетти. Гүлүм өзү башынан Жийдени жактырчу эмес, эми болсо кызы.
" Карап тур, сени шашпагын! Кече эле келип алып менин кардарларымды тартып алганды көрсөтөм! " - деди ичинен кекенип.
Ширин абака апасын көргөнү келди. Чакан жолугушуулар өтчү жайда көтөрө келгендерин коюп апасын күтүп олтурду. Темир эшик ачылып, өңдөн азган апасы кирип келди.
-Апааааа!
Ширин апасынын кучагына кулады.
-Шириним! - деген Жийде алсыз колдору менен кызынын чачтарын сылады.
-Кандайсың апа? Ооруп жатасыңбы? Эмне мынча өңдөн аздың? Кыйналып жатасыңбы?
-Мени кой балам, менде жакшы баары, - Жийде көздөрү жашка толуп кызынан саамайынан сылады.
-Силер кандай олтурасыңар? Окууң кантти? Базар эмне болду?
-Апа баары жакшы, окууну бир жылга токтоттум. Базарга чыгып алгам.
-Эмнеге таштадың окууну?
-Апа буйруса батир сатылганы калды, акча төгүп мыкты адвокат жалдап сени чыгарып аламын. Анан баары ордуна келет. Сен иштейсиң, мен окуймун!
-Тилегиңден балам!
-Балдар кандай? Ыйлашкан жокпу? - деди кабатыр үн менен.
-Апа сарсанаа болбо. Алар тигинин балдары болсо да, менин инилерим аларды жакшы көрөм. Мен да башында анын катачылыгы үчүн балдарды жек көрүп калбасам деп корктум. Бирок алар менин инилерим! Жанымдан артык көрөм аларды. Кам санаба...
-Акылдуу кызым менин!
-Апа эмне мынча өңүң бозоруп кетти?
-Ширин.. мен кош бойлуу экем.
-Эмнеее?
-Жакында билдим, эки айдан өтүп калыптыр.
-Анда сени коё беришет экен да э?
-Жок! - деди алсыз башын чайкаган Жийде.
-Ушул жактан көз жарат экем, бала түрмөдө төрөлүп, түрмөдө жашайт экен.
Ширин колдору менен оозун жаап олтуруп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ShaKe11   12 Февраль 2021 - 21:00

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Ayimka   12 Февраль 2021 - 21:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Жиндирак айтынызчы дагы жаза койсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   BekRek   13 Февраль 2021 - 20:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 21 Апрель 17
  • Соңку аракети: 25 Фев 2025 12:45
  • Жынысы:Эркек

Уау
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   jindirak   13 Февраль 2021 - 20:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Дагын эле жаза элексинби жаным
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 18:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: