Суперстан: Кан жыттанган бакыт... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кан жыттанган бакыт...

#121 Пользователь офлайн   jindirak   06 Июль 2020 - 13:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Автор барсынбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   aldap-saya   10 Июль 2020 - 12:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

автор мына чыгарманы унутуп калган окшойсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Nesi   10 Июль 2020 - 13:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 21 Июнь 20
  • Соңку аракети: 13 Окт 2020 13:46

Уландысыыыыыын. .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   10 Июль 2020 - 14:02

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aldap-saya (10 Июль 2020 - 12:30) жазган:

автор мына чыгарманы унутуп калган окшойсун

Ой унуткан жокмун, бардык чыгарма сонуна чыгат))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Kyzyl-jooluk-jaljalym   11 Июль 2020 - 14:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Август 19
  • Соңку аракети: 14 Дек 2021 03:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Где Ты там и Я

Чыгарма аягына чыксын деп кирбей журдум эле, толук окугум келип.... Дале аягы жазылбаптыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   jindirak   11 Июль 2020 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Бугун ушул чыгарманын уландысын окугум келтат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Июль 2020 - 21:21

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Мыкты жасалгаланган чакан ресторан. Аяра Талгат жиберген машина менен келди. Ичкериден да сылык суйлоюп тосуп алган официант кыз Аяраны озунчо болмого баштап жоноду. Ал болмодо Талгат Бейсинбекивич тосуп алды. Келбеттуу боюна кийген койногу ансайын жарашып укмуш сулуу корунду кыз. Коз албай тиктей берчу, таланты менен сырткы сулуулугу топ келген керемет жан!
-Саламатсызбы
-Саламатчылык, - деп сылык корушкон Талгат стулду тартып кыз олтурганга жардамдашты.
-Рахмат.
-Кандайсын? Ден соолук, окууларын?
Талгат негедир создорун аптыгып айтып сурдоп турду. Ушул жашка чыгып, биринчи жолу кыздын алдында сурдоп шашып атканына озу тангалып кетти.
-Рахмат агай, баары жакшы.
Аяра назик кулуп койду эле жузундогу уяча чыгып ансайын ажарлуу корунду.
"Ушунчалык тааныш коздор!" - деди дагы бир жолу ичинде Талгат.
Аяра келгенден сон аз отпой, официанттар столдун устун жайнатып жиберишти. Жемиш ширесинен жасалган суусундуктан ичишип маек уланып жатты.
-Коп сунуштар тушту болуу керек сага?
-Ооба, коп эле.
-Чет жактан да келип жатат. Кобунчосу мода уйлору.
-Мен да ошол сунуш менен сени чакырдым.
"Угуп жатам" - дегендей кыз коздорун ирмебей карап турду. Бир да адамдын козуно кароодон жалтанбаган Талгат, биринчи жолу ушул алдында олтурган жаш кыздан тайсалдап коздорун тартып алды.
-Мен курулуш компаниясына кошуп, мода уйун да ачканы жатамын. Албетте  сен мени менен иштешууго макулдугунду берсен.
-Мен агай...
-Ооба мындай сунушту менден кутпосон керек. Менде мода уйу туптолгон, тагыраагы даяр. Ошого сени стилист, дизайнер катары жумушка чакырып жатамын. Анткени сенин тиги сынактагы кийимдеринди коруп, абдан таасирлендим. Кыргыздын ойууларын жаны заманбап кылып кийимге айкаштыруу баарынын колунан келе бербейт да.
-Мен, ойлонуп коройун агай.
-Албетте ойлонуп кор.
Ушул менен булардын маеги токтогондой болду. Андан ары кунумдук создор уланып, Аяра кетууго кам урду. Алып келген машина менен жеткирип койду айдоочусу.
Кеч келген кызын уктабай кутуп олтурган экен Нурпери.
-Апа сен уктай элексинби?
Бутунун учу менен бараткан кыз чон залда олтурган апасын коруп кайтты.
-Кандай отту?
-Жакшыы, жумуш сунуштап жатат. Мода уйкн ачат экен.
Апасынын тизесине башын коюп жата  кетти.
-Сен окуунду бутуун керек.
-Ооба, бирок бул жакшы сунуш апа. Белгилуу компания, келечектуу. Кала берсе Асхат иштейт. Папам менен, Асхат менен кенешип анан жообун айтамын.
-Озуно жаккан жумушту жаса кызым, жан дуйнон эс алат.
-Апа, сен эмнеге сурот тартпай калгансын?
Улутунуп алды Нурпери. Жооп жок. Жон гана сол колу менен Аяранын чачтарын сылап жатты.
-Чачтарын менин чачымдай.
-Ооба, мамам  жибектей деп мактайт болчу.
-Эс ал кызым, чарчагандырсын.
-Апа?
-Оу
-Бугун сени менен уктайынчы.
-Макул.
Апасын кучактап жанына жатты.
-Кандай соонун жыт! Мен ушул калыпта уктоону канча кыялданып жашадым апа. Жылдызга суктанамын. Ал дайым сенин жанында болгон. Каалаганда сени кучагына баса алган.
Божурап суйлоп уйкуга мемиреп бараткан кызын чачтарынан сылап жаткан Нурпери унсуз ыйлап жатты.
-Жылдызым. Жанымда журуп огой кылып алдым. Бир ирет байкуштун кучактап уктабаган экем. Уктаганды кой, мээрим бердимби? Унчукпай синирип, коз жумган алтыным!
Нурперинин бул создорун Аяра уккан жок. Ал качан эле коошулуп уйкуга кеткен болчу.
-Эки кызымды эки жакта оксутуп таштаган мендей энеге кечирим бар бекен? Аргеним мени сагынган чыгаар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Июль 2020 - 21:21

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
-Асхат бул сонун да.
-Эмнеси?
-Сен экообуз бир компанияда иштеген да.
-Сен окушун керек Аяра.
-Окуймун.
-Анан?
-Эмне анан?
-Анан эмне жумуш деп жатасын?
-Асхат токточу,-деп колунан тартып озуно каратты Аяра.
Кабагы бурколуп, бир нерсеге ачуусу келип жаткандай. Асхат  жини келген учурда ушундай болуп, козуно карабай озун алып кача берет.
-Сага эмне болду?
-Эч нерсе...
-Асхат дейм...
-Эмне сага жумуш сунуштоо учун атайын ресторанга чакырыптырбы?
-Сен ушуга ачууе келип жатабы?
-Эмне кубанайынбы? Компанияга деле чакырса болмок...
-Сенден сурап бардым го, макул деген болчусун...
-Аяра соз бутту. Ал жакта иштебейсин.
-Асхат, эмнн ошондо сен мага ишенбейсинби? Жумуш чыкса ушинтип жолумду тососунбу?
Асхат унчукпай баттан басып баратты. Жанында Аяра жигиттин чон чон кадам таштап, тез басып баратканына улгурбой чуркап алган.
-Асхат укчуу мении. Сенин жанында болом го мен.
Качан кыз чарчагандан, уну энтигип чыгып калганда Асхат токтоду. Бутундагы бийик така менен озунон калбай ээрчип келе жаткан кызга кайра боору ооруп кетти.  Асхатты алдап, ары жак бери жагына тушуп атып акыры кондурду. Жигит баары бир анча конулдонбой кыжаалат боло берди. Анткени Талгат Бейсинбекивичти алгач сынакта коргондо эле Аяраны озгочо суктануу менен карап тураганын сезген эле. Анан да ал адамды, компаниядагылар "жеткен катынпоз" - деп айтышат. Жумушка келген жаш, сулуу кыздарды созсуз озуно чакыртып алчу. Бирок Аяра тынбай жалына берип акыры конуп берди. "Не болсо да жанында иштеймин го, экообуздун мамилени билсе коз артпас" - деп озун жооткотуп алганы менен баары бир журогу тынч эмес.
-Асхат,балким Жылдызга да айтып корорсун.
-Эмнени?
-Жумушту. Азыр дизайнерлерге сынак жарыяланды. Команда тузулуп жатат. Таланттуу кыз, менимче отот.
-Ал сени менен иштейт дейсинби?
-Сен айтасын да. Мумкунчулук дегеним...
-Макул, - деген Асхат Аяраны карап жылмайды. Неге мынча жароокер, куйумдуу болду экен? Жылдыз муну канчалык жек корсо да, эч жаман ойлобойт. Ар дайым ар качан, кимге болсо да жардам берип кол сунганга даяр турат.

                                       ***
-Жылдыз эже мен апамды сагындым.
-Арген.
Жылдыз кагаздарга унулуп олтурган жеринен башын которо инисин корду. Мына азыр ыйлачудай коздору жашка толуп туруптур.
-Келчи мага..
Колун жайып кучагына алды.
-Эже бир эле жолу барып келейинчи. Ал да сагынса керек бизди.
-Арген апабызга биздин керегибиз жок. Сен азыр кичинесин тушунбойсун.
-Ыкы, тушуномун. Ал бизди деп ооруп калды. Аяра эжем алып кетиптир уйуно.
- Аяранын уйуно озу барууну каалады. Биз керек бологонубузда бизге келмек артыбыздан. Апам бизди ойлобой эле, жакшы жашап журот.
-Жок!-деп ыйлап ийди иниси.
-Эркек бала да ыйлачу бекен? Кантет мобу. Жон эми. Эсиндеби атам сени ыйлаба деген?
-Ооба.
-Сен деген келечектеги чемпионсун да. Анан мынтип ыйлап олтурсан. Кийин белгилуу болгонунда айтып салам анда. Бул ыйлайт уйдо деп
-Жоон, айтпа.
-Жок айтамын.
-Эже дейм.
-Макул анда соз бер.
-Эмне деп?
-Башка ыйлабаймын деп, анан айтпаймын.
-Макул.
-Келиштик!
Экоо кол беришип, келишип алышты. Азыр эле кусасы толуп апасын сагынып жаткан Арген эжеси менен ойноп, алаксып калды. Кантсе да бала эмеспи. Ал эми Жылдыз. Канчалык апасына баргысы келип турса да коктугуно салып туруп алды. Журогундогу таарынычы кетпей, ансайын кучоп жатты. Апасы ооруканада жатканда коргону барып, палатадан Нурпери менен Аяра кучакташып олтурганын коргон. Ансайын ызаасы ашып, апасына да жолукпай чуркап кеткен болчу...
Жылдыздын бул оюн телефонуна келген чалуу бузуп жиберди. Асхат экен. Кубангандан эмелки томсоруп турган жузун болор болбос кулуку уялап алыбырып чыкты. Акырын унун кырып телефонду кулагына такады:
-Алло?
-Жылдызка кандай?
Асхаттын конур уну ар дайымкыдай шандуу чыкты.
-Жакшы Асхат байке, озунуз кандайсыз?
-Сонун да. Эмне кылып жатасын?
-Уйдо эле.
-Кезигууго кандай дейсин? Сагынып кеттим сени бучук.
-Бучук дебенизчи
-Макуул, келе кал. Сенин колледжиндин астындагы сейил бактамын.
-Маакул.
Телефонду койгон Жылдыз азыр эле болуп откон окуяны тушуно албай турду. "Чын эле Асхат чакырдыбы? Сагынып кеттим дейби? Билгем мен аны мени жактыраарын! " кыздын эми гана очуп жаткан умутунун оту кайра тутанып алоолоп чыкты. Анын бул жалыны, суйуусу учун эменелерди жалмап, куйгузуп салаарын кетерин ошол убакта сезсе кана?...

Алыстан Асхатты корду. Сагынган экен озу да. Азыр чуркап барып мойнуна асылып алгысы келип, озун аран кармады.
-Оо Жылдызка!
Кучагын жайып келе жаткан Асхат жакындаган сайын журогунун согуусу катуулап чыкты.
-Сулуу болуп кетипсин го? Коп болду сени корбогонумо! Бучук десе!
Асхат адатынча кызды кучактап чачтарынан уйпалап мурдун чымчып койду.
-Асхат байкеее.
-Канаакей ары болчу бойлорун да осуп.
Колунан жетелеген Асхат Жылдызды айлантырып карап суйлоп жатты.
-Арген кандай журот?
-Жакшыы, журобуз.
-Таарынчак десе! Нурпери эже силерди...
-Асхат байке эгер ушул темада чакырсаныз, мен кетейин.
-Токточу, сени десе. Жок бул тема эмес. Дароо тултуя калдынбы?
Экоо жанаша сейил бакты аралап баратышты.
-Жылдыз?
-Ооу.
-Сага сунушум бар, - деди токтой калган жигит Жылдызга карап.
-Кандай?
-Биздин компанияга иштебейсинби? Мода уйу ачылып жатат. Таланттуу дизайнерлер керек. Мен суйлошом. Эмне дейсин?
-Чын элеби?
-Ооба, эртен сага чаламын, чийген кийимдердин эскиздерин которуп кел.
-Созсуз!
Жылдыз чынында жумуш учун же, карьерасында осуучу мумкунчулук пайда болгону учун кубанган жок. Асхаттын озунун жанына жумушка чакырып жатканына ушунчалык озуно батпай суйунуп жатты. Бир жерде иштешет эми...
Ал эми Асхат ал жерде Аяра болоорун, кошо иштешерин айткан жок, айта албады. Кубанып турган жузун коруп, аны кууп алуудан айбыгып жашырып койду. "Озу козу менен короор" - деди оюнда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   jindirak   11 Июль 2020 - 22:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Улантабер автор окуп атам

Билдирүүнү түзөткөн: jindirak: 11 Июль 2020 - 22:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Kyzyl-jooluk-jaljalym   11 Июль 2020 - 22:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Август 19
  • Соңку аракети: 14 Дек 2021 03:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Где Ты там и Я

Сонун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   12 Июль 2020 - 14:41

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Тагдыр биздин алдыбызда кандай сыноолорду даярдап тургандыгын, же эмне деген сюрприздер бизди кутуп жаткандыгын эч кимибиз алдындан биле албайбыз. Туз бараткан жолубуздун биз кутпогон жеринде бурулуш болуп, жашообуз такыр башка нукка озгоруп кетуусу да мумкун. Ак журоктуу инсандары менен биргеликте кар ниет, журоксуз таш боору, байы менен кедейин бир заманда жашатып, атугул бир чойрого кошуп койгон бул дуйнонун биз билбеген табышмагы коп. Дагы ошол туркун дуйного "суйуу" - деген бир ажайып сезимди тартуулап ансайын жашоонун кызыгына чыгарган жараткан бизди ушинтип сынайт туура. Суйуу демекчи, кээ бир адамга бул озгочо бакыт, болсо бирине тугонбос арман. Бир адамды жакшылыка жетелеп эзгуу жолго салса, бирин тескерисинче ойго келбес жоруктарга туртуп ийет турбайбы. Атугул бул суйуунун айынан эзели бирикпес душмандар бир дасторконго олтуруп куда болушса, жакын санаалаштар, арасында бир туугандар жуз корушпос душманга айланып кетет. Мындай тагдырлар дуйнодо, жер жузундо миндеп саналат. Ошондой тагдырлардын ээлери Аяра менен Асхат, Жылдыз, Талгат. Бул тортоо оз суйуулоруно, бактысына жетууго, аны коргоп алууга ар бири оз алдынча корушушот. Бул тиреш ар биринде тымызын журуп барып, чон кан майданына айланып кетери эч кимдин оюна келбестир. Атугул кан тогууго чейин...
Тагдырдын буйругу дейбизби балким жазмышы тортоо бир жерге иштеп калышты. Талгат озунун издеп жургон адамдары, дайынсыз кеткен карындашы менен атасынын душманынын кызы кол алдында иштеп жаткандыгын да билбейт.
-Осмонова Жылдыз, - деди Талгат мандайында турган кызды тиктеп. Кызыгы бул кыз Аярагатушунчалык окшош экен, бир гана коздору башкача. Аяранын коздору мээримдуу тиктесе, бул коздор тескерисинче жалындуу, ошол эле убакта болуп корбогондой мерез.
Нурпери атайы Бекжан каза болуп, белгисиз адамдар келип коркутуп мулкун тартып алышкандан сон балдарынын коопсуздугун ойлоп экоону тен оз фамилиясына откоруп алган эле.
-Кош келипсиз биздин компанияга!
-Рахмат.
-Менин жардамчым сизди команда менен тааныштырат.
-Рахмат, кубанычтамын!
Талгат менен кол алышып коштошуп чыккан Жылдыздын кубанычында чек жок эле. Бир жагынан ушундай чон компанияга жумушка кирсе, экинчи тараптап Асхаттын жанында. Бийик кабаттуу имараттын ичинен орун алган бул компаниянын ичи да сурдуу экен. Колдоруна кагаз, папкаларды которуп классикалык стилде кийинип алган адамдар ары бери басып журушот. Жетекчинин болмосу онунчу кабатта жайгашкан экен. Лифттин жанына келип кутуп туруп калышты. Жогору которулуп ачылган лифттен Асхат чыкты.
-Жылдызка кандай?
-Жакшыы.
-Кирдинби?
-Ооба рахмат сизге.
-Макул, анан байланышам э? - деп шашыла жоноп кетти. Кыз ансайын толкунданып кокурогун озгочо кубаныч ээлеп анысы сыртка чыгып тургандай эки бети албырып чыкты. Кызарып чыккан жузуно акырын колун тийгизип кармап койду.
Сегизинчи кабатта болсо жаны туптолгон мода уйу экен. Айнек менен курчалган болмого Жылдыздв жетелеп кирген Талгаттын жардамчысы, ал жердеги топтогуп олтурган кызматкерлерге кайрылды.
-Баарыныздар бир мунотко, - деп кол чапты эле он чакты адам буларды жалт карап турушту. Ошол убакта Жылдыздын уялганын айт. Колундагы папкасын ансайын кысып кармалап койду.
-Осмонова Жылдыз, биздир командага кошулган жаш, таланттуу дизайнер!
-Саламатсыздарбы?
-Кош келипсин!
Баары кол чаап жылуу кутуп алышты. Ангыча эшик ачылып Аяра кирип келди. Жылдыздын кулмундоп турган коздору чон-чон боло тушту.
-Аяра кел, бул жаны дизайнер силерге.
-Жылдызка кандай? - деп дароо кучактап бетинен ооп койду Аяра.
Жылдыз канчалык ачуусу келип турса да ушунча адамдын козунчо итерип салууга эрки жетпей аран озун кармап калп жылмайды.
-Жакшыы...
-Силер тааныш беленер?
-Ооба, - деди жайдары Аяра.
-Анда жакшы болгон турбайбы? Калган иштерди озун тушундур мен кеттим,-деген кыз чыгып кетти.
-Албетте.
Аяра ошол калыбынан жазбай баары менен тааныштырып жатты. Жылдыз ого бетер аны жек коруп, ага кошуп ичтен  Асхатка таарынып алды. Кыялында атайы Асхат озун жакшы коргону учун жанына жумушка чакырды деп ойлогон. Корсоо...
-Жылдыз биз мода уйунун ачылуу азменде корсотулуучу жаны коллекцияга даярданып жатабыз.
-Демек бул сенин ишин турбайбы? - деди Жылдыз акырын.
-Кайсы?
Аяра да тан калып сурады.
-Мени бул жака жумушка орноштуруу. Мага озунчо боор ооруган адам болдунбу? Асхаттан айттырып атайы, озун айтсан келбесимди билет болчусун да.
-Эмне деп жатасын? Мен бул жака Асхат аркылуу келбедим, мени Талгат Бейсинбекович озу чакырды. Ал эми сен жонундо Асхат мага айткан жок.
Аяра да Жылдыздын ачуусу келип турганын коруп Асхат экоо суйлошконун жашырып койду.
-Мен жек коргонун учун жумуштан кетем дейсинби? Ушундай мумкунчулукту колдон чыгарууна мен арзыймынбы? -деген Аяра ары басып кетти.
"Чын эле бул ким? Ушунун айынан бала кунумдон жанымда турган апамдын мээримине оксуп остум, кийин Асхат, эми болсо жумуш, мумкунчулугумду да берип салайынбы? Жок!" - деди ичинде. "Уууф! Деги сенден качан кутуламын! Сени жек коромун! Кайда болсо алдымдан кошо чыгып, менин жашоомо, мага тийиштуу адамдарга, нерселерге коз артасын! "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   jindirak   12 Июль 2020 - 19:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Анан улантабер автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   12 Июль 2020 - 23:49

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
  Нурпери Алмаздын уйуно келгенден бери жакшы болуп баратты. Бир кызматчы алып атайы Нурперини кароого жалдап койгон, анын устуно тынымсыз массажга барып, керектуу даарыларды убагында ичип жатканга да жылыш болду окшойт. Колу менен буттарынын учу бир аз кыймылга келип, чымырап жан кире баштады.
Короонун артындагы бакчада Алмаз ийилип оскон момо дарактарынын шактарын кыркып жаткан, жанында Нурпери арабада олтурат. Экоо тен унсуз. Ушул уйго келгени Нурпери биринчи жолу мынтип Алмаз менен жалгыз, кенен бетме-бет келиши. Ар дайым коздорун ала качып, озун ынгайсыз сезе кобунчо болмосунон чыкчу эмес.
-Озунду жакшы сезип калдынбы?
Алмаз ошол иштеп жаткан калыбында суйлоду.
-Ооба жакшы.
Нурпери мандайындагы бул элпек кыймылдап жаткан адамды коруп, элжиреп кетти. Бир убактары ушул адамды канчалык катуу суйгон. Бир убактары. Азырчы? Азыр  деле, жок омур бою суйуптур. Болгону курошуудон коркуп, артка чегинип келген экен.
-Алмаз?
-Оу.
-Биз дал ушундай кыялданчубуз э?
Жасап жаткан ишин токтоткон Алмаз бери бурула келип Нурперинин жанына олтурду.
-Кандай?
-Ушундай. "Чон эмес, бирок кооз уйубуз болот. Бакчабыз болот" - деп. "Ал бакты сен озум тигем" - дегенсин. "Балдарыбыз менен бапырап бактылуу жашайбыз" - деп кыялданганбыз. Ал кезде жаш белек? Турмуштун соккуларына даяр эмес белек? Бирок менин куноом коп...
Нурперинин козуно кайра жаш ирмеле тушту.
-Чууш, болду.
-Алмаз мени кое бер, кетейин? Суранам куноомду оорлотпо. Кызым менен сени коруп озумду алдынарда кечире албай журомун.
-Жок Нурпери! Кое бере албайм. Бул жолу сени кетире албайм. Биз сени кайра жоготуп алуудан коркобуз. Кызым экообузду таштаба!
Алмаз колдору менен аялдын жузундогу жашын аарчып койду. Алмаздын колдору жузуно тийгенде Нурпери коздорун жумуп алды. "Кандай жумшак, мээримдуу колдор!" озу да анын колдорун кармап копко турду. Мандайындагы коздорунун астына бир аз бырыш тушуп, чачтарын ак аралап калган бул аял Алмаздын журок оорусу...
-Сен гана эмес, менин да куноом бар Нурпери. Эми аны айтып, талдаганда эмне озгормок? Кандай жол, кандай баа менен болсо да биз кыялданган мына ушул бакытка келдик го? Аярабыз бар, кааласан Жылдыз менен Аргенди да алып келебиз.
Алмаз чын дилден суранып жалооруп карап олтурду.
-Алмаз, Жылдыздын мунозу башкача. Ал Аяра эмес. Кызым мени кечире алабы, билбейм. Ага таарынбайм. Мен озум аны алыстатып, жек корсотуп, мерез кылып остурдум.
-Кечирет, анын апасы сен эмессинби? Кыздарын сага окшош...
-Жок Аяра экообузго окшош.
-Чын эле, - деди Алмаз жылмайып.
-Аяра экообуздун бардык жакшы сапаттарыбызды алган...
-Сенин сырткы келбетинди, жузундогу уячаларынды.
-Ал эми сенин коздорунду, - деди Нурпери.
-Сенин жанда жок жароокер, боорукер мунозунду.
-Сенин  сабырдуу, кучтуулугунду.
-Аяра биз экообузго караганда алда канча кучтуу! Анан анын журогу биздикиндей эмес, журогу тоо, кечире алат. Аяра бизге коп нерсени уйротот...
Уйго кирип келген Аяра апасы менен Алмаздын бакча тарапта олтураганын коруп кубанып алды. Анткени озу да байкап жургон экоо эч эле суйлошпой, мандай келишсе унсуз гана отуп кетип журушконун.
-Паапаа?
-Аяр, кызым.
Ойдо болгон Алмаз кызынын саамайынан ооп койду.
-Апа, абалын кандай? - деген кыз Нурперинин жузунон ооп жанына тизелеп олтура кетти.
-Аяра апан "кетем" - деп мени коркутуп жатат эми.
-Эмнеее?
-Апа сен ээригип жатасынбы? Жалгызсырап калдынбы? "Мени мындай абалда таштап жумушка чыгып кетти" - деп капа болдунбу? Макул мен жумуштан чыгайын, кечке жанында болом апа, кетпечи?!
Аяра бат эле коздору жашка толуп апасынын алдына тизелеп олтуруп кучактап алды.
-Ыйлабачы колоком, кетпейм кызым!
-Апа сен кетпе, мен баарын жасаймын!
Алдына башын коюп кучактап олтурган кызынын чачтарын сылап жатып, Алмазды карады. Ал ошол турган жеринде кулуп, козун кысып койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Июль 2020 - 00:01

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
"Альфа" курулуш компаниясынын негизинде тузулгон мода уйунун бугун ачылуу аземи. Эн мыкты жаш дизайнерлерден турган команда жаны коллекцияны тартуулашты. Коллекцияда кыргыздын улуттук ойууларына басып жасалып, бут курактагы адамдарга арнап тигилген кийимдерди коргозушту. Улуттук калоритте тигуу идеясы Аярага таандык болгондуктан, Талгат дизайнер катары Аяраны тааныштырып, кечеде кыз бардык адамдын конул чордонунда болду. Ар кандай телевидениеден келген журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан Талгат жанына Аяраны коюп алды. Кулгондо он жагындагы уячасы кирип, сулуугу чыгып баарынын козу кызда.
Аларды алыстан карап, кокурогун кызганыч орттоп аран турган Асхаттын жанына Жылдыз келди.
-Асхат байке, - деген кыз колундагы бокалды сунду.
-Экоо аябай жакшы жарашат экен э?
Жылдыз атайы Асхаттын жинине тийип кашын которуп койду.
-Кимдер?
-Талгат Бейсинбекивич менен Аяра. Жада калса ортолорундагы жаш айырмачылыгы да жарашып калат экен.
-Койсончу,
-Ооба менимче шефтин биздин Аярада конулу бар. Аны мен эмес бут компания билет го. Аяра да кош конул эмес сыяктуу, карасаныз кечке жанында журду.
-Жылдыз эмнелерди айтып жатасын?
Асхат колундагы бокалды столдун устуно коюп, Аяра турган тарапка басты.  Талгат Бейсинбекивич жана дагы бир нече белгилуу адамдар менен турган кыздын жанына барууга даабай турду. Жалан олигархтар чогулган бул кечеде озун эми гана ынгайсыз сезе баштады. Бул жерге чакырылган коноктор да олконун элитасы, атугул бийлик, ак уйдон да бир нече окулдор катышып журушот. "Аяра да байдын кызы, тээп жургон унаасынан эле билсе болот. Анын чойросу, деги эле бул кыз ушундай ханзаадалар менен жашаш керек. Ийгиликтуу бизнесмен Талгат Бейсинбекивичтей адамдар турганда Аяра жопжонокой архитектор жигитти карамак беле?"
Дароо артына бурулуп ресторандан чыгып кетти. Сыртка чыккан Асхат мойнундагы галстугун бошотуп кокту карап терен ушкуруп алды. Ичкеридеги суйлогондору жалан доллар магнаттар жургон бул чойро Асхатты бууп жиберген эле.
-Асхат байкее?
Артына бурула берип устуно жука жамынгычын ороп алып Жылдыз келе жатканын корду.
-Мени уйго жеткирип коюнузчу,кеч болуп кетти. Мобул кийимде таксиге жалгыз олтургандан коркомун.
-Макул жур.
Жанында бараткан Жылдызды узака тигилип турду. Аяра опокшош. Болгону коздору болок.
Ушул учурда келген коноктордон аран бошонуп качкан Аяра Асхат издеп журду. Жана эле ушул жерде алыстан кызды карап кулуп турган жигитин заматта таппай калды. "Сыртка чыкса керек" - деп эшике чыкты. Жок.
-Мира Асхатты кордунбу?
Сыртта бирге иштеген кыздар турган экен алардан сурады.
-Кетишти го.
-Кетишти?
-Ии, Жылдыз экоо жана эле кошо кетишти.
-Аа, - деди оозу бош.
Кичине сумкасынан кол телефонун алып чыгып чалды. Узака созулган гудоктон сон, телефону очуп калды. "Тынчылык бекен деги? Мага айтпай кетиши мумкун эмес да"
Жылдызды уйуно тушуруп, озу жолдо баратканда Аяра чалды. Коз алдына Талгаттын жанында, озун унутуп кулуп турганы элестеп, жини келе телефонун очуруп салды. Биринчи жолу Асхатта ушундай сезим болду. Ал биринчи жолу Аяранын алдында тиги менменсиген байлардын козунчо озун томон сезди. Ушул убака чейин, экоонун жашоодогу статустарын тенеп корбогон экен, атугул оюн да келтирбептир. Кыздын бардар адамдын кызы экени таптакыр эсинен чыгып, капарына албай жургон экен. Бугунку жалан олигархтардан турган кече, Асхат менен Аяранын ордун корсотуп койгондой...
  Мына ушул кечеден сон Жылдызда кайра Асхатка деген умут пайда болду. Очуп бараткан оту кайра учкундап кетти. "Кайтарып аламын баары бир!" - деди ичинде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Июль 2020 - 00:05

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Эртеси куну жумушка чыгышкан Асхат менен Аяра бири-бири менен суйлошмок турсун, учурашкан да жок. Экоо тен коктугуно салып суйлошпойт. Ортодогу бул таарыныч эмне себептен келип чыкканын, же кандай соз болгонун олтуруп чечишип алууга экоонун тен намысы жол бербей бири-биринен томон тушпой когорушот. Кимиси эмнеге таарынып жатканын деле билишпейт. Экоонун бул абалы Жылдызга ого бетер жагып, ансайын Асхаттын жанында айланчыктап кетпей журот. Талгат да бул учурдан пайдаланып "тигуу цехин кенейтебиз" - деп имарат коргону Аяраны кошо ээрчитип алып журду. Бул ортодо арадан бир жума отуп кетти. Дагы эле ошол корунуш. "Жаны коллекцияга кездеме коробуз, оймо салуучу жаны аппарат келиптир, цехке барабыз" - деген куруу шылтоолорду айтып Талгаттын Аяраны коп жандап журуп калганы баарынын козуно корунду. Атугул экоону "жакын мамиледе экен" - деген имиштер компанияга желдей тарап кетти. Баары кубур шыбыр, бир гана Асхат унчукпайт. Ичинен вулкан атылып тоо конторулуп жатса да сыртына билгизбей тымпыйып журот. Бир куну адаттагыдай тушку тамактанууга чыгышты баары. Асхат кобунчо сырттан тамактанып келчу. Анткени компаниянын кафеси чонтогуно бир аз туура келбейт.
-Асхат байкее чогуу барабыз.
-Макул, ии анан журосунор мода уйун жаныртып.
-Коюнузчу, биз эмне озубуздун иш. Мода уйун алга суйрогон Аяра го. Ар кандай демилге менен шефтин кабинетине кире берип, бизге коп эле идея таштап жатат. Жакында той койнокторун чыгарабыз. Кыргызстанда биринчи жолу!
-Азаматсынар!
Асхаттын кабагын чытып алды. Муну дароо байкады Жылдыз. Ал атайы ушул реакцияны  коруу учун Аяраны баса белгилеп айткан болчу.
-Журунуз озубуздун кафеден эле тамактанабыз.
-Койсончу Жылдыз сырттан эле...
-Ой эми эмне болуптур  биз деле престижный компаниянын кызматкерлерибиз. Королу да каймактар кандай тамактанышаарын, - деген Жылдыз конбой эле Асхатты колтуктап биринчи кабаттагы кафеге судуроп кирди. Адам аз кымбат кафе. Жай музыка ойнолуп тордо Талгат менен Аяра тамактанып жатышыптыр. Талгат эшик оозунда колтукташа турган Асхат менен Жылдызды коро коюп дароо колун жансады.  Алар да жылмайып кол жансап оздорунчо бош столдон орун алышты. Аяра башын буруп Жылдыз Асхаттын колунан бекем кармап алганын коруп кайра башын чулгуп алды.
-Жаш когучкондор! ...-деди Талгат жылмайып.
-Ыя?
-Тигилерди айтамын, жакшы жарашып калышат экен.
-Ии, - деген Аяра аран жылмайганга жарады.
Биринчи жолу Асхатты кызганып, ичи таарый тушту. Буга чейин анын озуно болгон суйуусуно катуу ишенип, шек саноо болбогон экен эле. Азыр Жылдыз менен жетелишип кирип келиши Аяранын журогун дукулдотуп, дуйносун антарып ийгендей болду. Жакшы отуруп эле ону бозоро тушконун байкаган Талгат кыздын колдорун кармады.
-Аяра? Эмне болду?
-Ыя?
-Онун бозоруп чыкты, жакшысынбы?
-Жакшы, жакшымын. Бир аз башым ооруп, чарчаган окшоймун.
-Ооба коп иштеп жатасын, сага эс алуу беремин.
-Рахмат агай.
Ары жакта олтурган Асхат козунун кыры менен Талгаттын кыздын колдорун кармаганын корду. Ордунан туруп барып кайра олтура калды. Анын бул жоругун коргон Аяра шарт колдорун тартып алып, чекесин кармап олтурду.
-Аяра жур сени жеткирип келем.
-Жок агай, убара болбонуз. Мен жакшымын.
-Тур жур,-деген Талгат конбой кызды колдон алып сыртка алып чыгып кетти. Асхат эми даана ачуусу келип, жузу кызарып чыкты. Анын ар бир реакциясын байкаган Жылдыз баары озу пландаган боюнча кетип жатканына ичинен кымындап алды. Ал муну атайы уюштурган болчу. Талгат менен Аяра кафеге тушуп кетишкенин коруп Асхатты алып кирди, оз козу менен дагы бир ирет Аяранын тиги адам менен олтурганын корсотуу максатында.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   jindirak   13 Июль 2020 - 00:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Отто кызык дагын жазчы автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Июль 2020 - 16:30

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (13 Июль 2020 - 00:28) жазган:

Отто кызык дагын жазчы автор

Экоонун таарынып журушконуно бир айдан ашып баратты. Асхаттын журогундогу таарыныч бара-бара жоголуп анын ордун сагынуу ээлеп, кадимкидей Аярага куса боло баштады. Ооба бир жерде иштеп кундо караанын коргону менен жанына барып суйлоп, же мурункусундай кучагына кысып эркелеткиси келип кыйналып кетти. Компаниядагы кызматкерлер арасындагы ушактардын аягы тыйылмак турсун, кайра кучоп жатты. Айрыкча мода уйу той койнокторду тигип баштагандан бери "Талгат Бейсинбекивич атайы Аяра учун ачкан" - дешип атугул "жакын арада тойлору болот" - деген создор да журот. Асхат бул создорду алгач укканда кызганып туталанганы менен Аяраны коруп конулу жайлана тушот. Кыз ошол бир калыптан жазбай оз иши менен алек. Кээде кез келип каректери чагылыша тушконундо анын да коздорунон ошондой эле суйууну, сагынычты окуп алат. Жалооруп тигилип турган болот озуно. Бул арада Жылдыз да, Талгат да оздорунчо конулдору чак. Жылдыз айланчыктап Асхаттын жанынан кетпей журсо. Талгат курулуш иштеринен коро мода уйундогу иштер менен алек болуп Аяранын жанында журот.
Аяра дем алыш куну эрте менен ойгонуп сурот тартканга олтурду. Бир аз олтурган сон эсине бир нерсе тушо калгандай шашыла кийимин да которбостон тартып жаткан суротун которуп унаасына салып жоноп кетти. Туура эле Асхаттын устаканасына келди. Экоо бул жерде олтуруп далай сурот тартышкан. Асзаттын достору окууну буткон сон ар кай жака тарап кетишкендиктен бул устакананы азыр жалгыз Асхат эле иштетип жаткан. Анан да Аярага да кошумча ачкыч берген болчу. Ошол менен акырын эшикти ачып ичкери кирген кыз турган жеринде катты. Так мандайында Асхат колуна калем менен турат. Бир аз тиктешип турган экоо, ун созсуз тушунушту бири-бирин. Эч нерсеге карабастан дароо мойнуна асылып алды кыз. "Оохх ошол жагымдуу, жумшак жыт!" Откон бир ай, кыз учун бир  кылымдай узарып кеткенин. Мурун кун сайын мойнунан кучактап жыттап алып анан кенен журо берчу. Азыр кайра кучактап туруп тушунбой кетти кантип таарынып чыдап жургонун.
-Сагындым! - деди жигит да шыбырап.
-Сагындым сени кок бет!
-Кантет бул кыз, ыйлап жатасынбы?
-Ооба.
-Жааным менин!
-Озун эмне суйлобой койдун анда?
-Сен го Жылдыз менен ээрчишип мени таштап кетип калган.
-Анан сага тоскоол болбоюн дедим да, шефин менен...
-Эээй! - деген кыз Асхат уруп алды.
-Жон эми. Кана мени карачы, кайра эле ошол, бетинен бери боек, - деп кыздын жузун колдору менен аарчып жатты.
-Кайдан билдин келеримди?
-Мен ушул жерде жашап калгам.
-Эмне тартып жатасын?
-Биздин кыялыбызды.
-Кайсы?
-Келечектеги уйубузду.
-Чын элеби?
-Ооба.
-Ишенбейсин карачы муну, - деген кыз озунун тартып жарым калган суротун коргозду.
Анда чакан, бирок аябай кооз уй. Гулдор анан уйдун жанындагы чон бакта селкинчек тартылыптыр.
-Сонун э?
-Ооба биздин уй ушундай болот. Айланасын биз дубал менен курчабайбыз. Дарбаза да койбойбуз.
-Анан?
-Мобул чон бактын астындагы селкинчекте кызыбыз ойнойт, экообуз жанында олтурабыз.
-Сурот тартабыз десен.
-Ооба.
-Эмнеге биз дубал менен курчабайбыз уйду? Уйго ууру тушсочу, - деди Асхат.
-Ууру деген биздин уйго эмнеге тушот? Биз жонокой уй-булоо болобуз. Бизде уурдай турган эч нерсе болбойт да.
-Макул, анда мен келечектеги уйдун макетин жасаймын.
-Асхат
-Оу
-Курсагын ачтыбы?
-Пицца заказ кылалыбы?
-Кола менен...
Узака созулган таарынуу мына ушинтип аяктады.
      Эртеси эрте менен жумушка экоо кошо келишти. Кун сайын имарттын алдында Асхат менен озуно кофе кармап кутуп турган Жылдыз экоонун кол кармашып келе жатканын коруп дел болду. Эмне кылаарын билбей, же ары басып кете  албай делдиреп эсин жыйгыча болбой экоо жанына келип калышты.
-Кандайсын Жылдызка? - деген Асхат колундагы кофенин бирин алды. Анын коздору эле жанып, бакыттан учкундап конулу куунак экени билинет. Болбосо 1 айдан ашык убакыт туноруп кабагын ачпай же ондуу суйлошпой аткан болчу.
-Жаакшыы, - дегенге аран жарады.
- Макул, тушку тамакта кезигебиз, - деген Асхат Аяраны ооп, Жылдыздын чачынан сылап койду да шашылып жоноп кетти.
Жылдыздын абалы соз менен айтып жеткире алгыс. Коздорунон тамган тамчылар, ачуусу келгенинде туйуло калган колдору менен колундагы кофесин мыжыга кармап турду. "Баары сонун болуп келе жатпады беле? Анан кайдан журуп дагы жарашып алышты? Каргыш алсын сени!" "Аял кишинин сезимдеринен абайлоо керек" - деп жон айтылбаса керек. Болбосо Асхаттын бул кызга "карындашым" - деп гана ийилип кылган мамилесинин акыр тубу кандай жоруктарга алып бараары белгисиз. Жылдыздын бул суйуусунун кучу, ага кошулуп Аярага деген бала кезинен бери келе жаткан кеги, апасына болгон очогушу болуп эмне иштерди жасап жиберери эч кимдин оюна келбестир...
Ошол бойдон жумушта да конулу жок журду. Ал эми Аяра тескерисинче, кээде кынылдап ырдап коюп озунчо бактылуу. Улам кол телефонуна келген билдирууну ачып жанындагыларды да козго илбей жылмайып алат. Анын бул абалына алыстан коз салып олтурган Жылдыз ансайын кызганычы куч алып, азыр колунан келсе Аяраны олтуруп салууга да даяр. Анан байкаган дагы бир нерсе Аяра мурункудай Талгат Бейсинбековичтин кабинетине коп каттабай калды. Деги эле барчу жайларга же кагаздарга кол кою керек болсо башка кыздарды жиберип коюп озу оолак журду. "Асхат катуу дайындаса керек" - деп ойлоду Жылдыз.
Аяранын озун ала качып алыстай тушконун Талгат да байкады. Мурун чакыртканда эле келе калчу. Эми болсо "бошобой жатамын" - деген шылтоолор менен жанындагы кыздарды жиберип журот. Тушку тамака да озунчо чыгып кетип калып журот. Бир айда кадимкидей кызга коно тушкон экен, анын мындай мамилеси катуу тийди. Оюнда кызды озуно энчилеп, менчиктеп албады беле?
Адаттагыдай жумушка келип, машинадан тушуп искери киргенде биринчи кабатта жайгашкан чакан эс алуучу жайда Асхат менен Аяраны корду. Экоо кучакташып турган экен. Бир нече мунотко озундогу контролду жоготуп ийди. Алардан коз албай узака тигилип турганын байкабай калыптыр. Жаныдагы жардамчысы:
-Талгат Бейсинбекович, - дегенде селт этти.
-Кеттик!
Шашыла лифтке келип кутуп туруп калышты. Ошол убакта мунун бул кыймылын козотуп  турган Жылдыз акырын жанына келип кошо турду.
-Саламатсызбы.
-Саламатчылык, - деген Асхат Жылдызды карбастан жооп берди. Адатта ар бир кызматкер менен берилип корушуп жузуно караган жетекчисинин бул аракети кызды ого бетер кызыктырды. Талгат азыр ким суйлоп жатканын же эмне жооп бергенин деле билбейт болчу. Бала кезинен эле "жетем" дегенине жетип жургон буга азыркы корунуш абдан таасир берди. Коз кыры менен Талгаттын жузун абдан карап жатты. Ачуусу келип, тез тез дем алып жатканынан эле билип койду Аяраны кызганып жатканын. Мыйыгынан жылмайып алган Жылдыздын оюна ушул тапта укмуштуудай план келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   jindirak   13 Июль 2020 - 16:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жакшы бул чыгарманы токтотуп берки чыгарманы окусамбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   ASA79   16 Июль 2020 - 10:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Анаан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Kyzyl-jooluk-jaljalym   16 Июль 2020 - 10:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Август 19
  • Соңку аракети: 14 Дек 2021 03:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Где Ты там и Я

Автор качан улантасыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 19:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: