Суперстан: Элесиң түшүмдө калды - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Элесиң түшүмдө калды алгачкы махабатымдын баяны

#61 Пользователь офлайн   iiidahou   07 Июль 2020 - 00:41

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

-Кандайсың,Эркем менин? Сен дагы мени ойлоп жаттың бекен? Сени ушунчалык сагындым дейсиң. Убакыт керек болуп жатат окшойт экөөбүзгө тең,сенин дагы мени кыйналып күтүп жүрө беришиңди каалаган жокмун. Жөжөм десе,билип кой,бир күн келет сени баары бир таап алам. Кандай сонун унутулгус күндөр өттү э? Мени кечирчи,сага арнаган бирок жете албай калган сүйүүм үчүн...-деген билдирүү жана жүрөкчө. Ишенесиздерби? Бул смсти азыркы күнгө чейин сактап жүрөм. Жүрөгүмдү бир заматта дүрбөлөңгө салган,куру үмүттөргө толтуруп,менин сезимдеримди кайра козгогон билдирүү. Мени таап алат дептирмин. Ага ишенгенимди карачы? Канча убакыт мени таап келет деген үмүт менде канча жылдар бою жашады? Азыр дагы ушул сөздөрдү колдорум калтырап,жүрөгүм өйүп,дагы да болсо ошол өчпөгөн үмүттүн таштандылары менен жашап жатканымды билгенинде. ..
Телефонду ары ыргытып,кроватка кулаарым менен телефонум шыңгырады. Оюмда Арсен кандай жеттиң деп сурап чалса керек дедим. Жок,бул жолу мен жаңылыптырмын.
-Алло,Эрке-е, кандайсың?-бул үндү укпаганыма бир нече айдын жүзү болуптур. Чынын айтыш керек,уккум келген. Сүйүнгөнүмдөн көккө учуп кеттим,бирок сыр билгизбей жай гана жооп бердим.
-Жакшы,бул ким?
-Ушинтип тааныбай каласыңбы? Сени сагындым, жа-аным!
-Эмне массыңбы?-дедим мен анын булдуруктаган үнүнөн байкай. Канчалык жүрөгүм элеп-желеп болуп,"сени күткөм,алтыным. Сагындым сени"деп жан дүйнөм кыйкырып жатса дагы,эч нерсе болбогондой жай гана сүйлөп жаттым.
-Кечирчи,кичине ичип койгон элем. Сага чалгым келди. Сагынып кеттим. Сен эле жаныңа жакын жолотпой...-деп бир нерселерди такалып,бирде ачууланса,бирде сүйүнүп жатат. А менин унчукпаганым унчукпаган. -Кредит төлөйм деп жүрүп бара албай калдым. Же мени төрөгөн энем ден соолугум сурап койбойт,ооруп атамбы өлүп атамбы баары бир баарына. Өзүм үчүн жашагым келет,Эрке,- деп жөтөлүп кирди.
-Ооруп калгансың го?-деп менин дагы жанакыдан бир аз көңүлүм жибигенсип. Ал каткырып ийди.
-Көрдүңбү? Ооруп атканымды да билесиң? Сенден башка деги кимге керегим бар айтчы?
-Болду,Бека. Чарчадың го,дары ич да,жатып эс ал. Шашпай сүйлөшөлү макулбу?
-Жаным,мен сени менен сүйлөшкүм келип чалдым. Жаман көрбөчү?
-Ий,сүйлө.
-Жок,дегенде түшүңө кирип жатамбы?-деп күлүп калды. Ар бир түшүмө кирген сайын ага чалып "элестет, түшүмө кирдиң"деп чалып майда-чүйдөсүнө чейин айтып берчүмүн. Анан ал түштлр жөн эле кирерин айтып күлүп калар эле,а мен болсо ар бир түш кийинки күнгө же баары бир бир күн келип таасир этерин айтып туруп алчумун.
-Эмнеге чалып атасың мага?
-Жөөөнчү,Эрке! Сагынып чалып атам. Билесиңби, сенин үнүңдү кандай уккум келгенин? Жо-ок,сен андайды түшүнбөйсүң да! Сен сагынбайсың, -анын мас абалында кандай көп сүйлөөрүн билем. Ошон үчүн чарчаганымды айтып,телефонду өчүрүп койдум. Эртеси күнү түш оогон соң өзүм телефон чалдым. Анткени,анын соолуккандан кийин чалбашын билет болчумун.
-Алло?
-Кандайсың?- деди Бекназар. Сыягы ойгонгонуна бир аз болгон окшойт.
-Кечээ чалгансың. Жакшы элеби баары?
-Иий,жакшы. Өзүң кандай жүрөсүң?-деп андан ары сөзүбүз уланып кетти. Мурда мен анын сүйлөшкөн кызы болгон үчүн мага көйгөйлөрү тууралуу ооз аччу эмес көрүнөт. Бул жолу жаш балача мага даттанып,менден колдоө издегендей, менин алдымда өтө алсыз адам болуп турду. Бекназардын мындай алсыздыгын биринчи жолу көрүшүм. Ата-энесинин кредитин жапса,экинчи жолу чоң суммадагы кредит алганын,аны төлөш үчүн иштеп Россияда калганын айтты. Так биздин мамилебиз кылдын учунда турганда ошол көйгөйлөр чыгып,кыйналган күндөрүн сөз кылды. Аяп кеттим.
-Эмнеге ошол учурда түшүндүргөн жоксуң? Чогуу чечет элек го?
-Сенин алдыңда алсыз болгум келген эмес.
-Бирок...-деп токтоп калдым да,эрк топтоп бул сөздү айтууга батындым.-Бирок, мамилебиздин бүтүшүнө бул эле нерсе себеп болгон жок,туурабы? -дегенимде ортобузда бир саам тынчтык орноду. Албетте,мындан башка чоңураак себеп болгон. Аны ойлосом жүрөгүм жарылып кетейин дейт.-Сүйгөн эмессиң!
-Сүйгөм! Баарынан башкача сүйгөм,анткени сен баарынан кичинекей болчусуң. Аябай жароокер,ишенчээк кызсың. Мени түшүнчүсүң. Азыр деле сүйөм! Сүйбөй калган жокмун!-деп үнүн көтөрө сүйлөп кирди. Ачуусу менен айтып жатканын туюп турдум. Анын ар бир эмоциясын көрбөсөм да,үнү аркылуу билип койчумун.
-Мен бул жомогуңа ишенбейм. Кел эми мен айтып берейин ээ? Шаардык кыз адашып айылга барып калды. Анан ал сага көңүл бурганын көрүп,сага шаардык кыздар кандай болоору кызык болду. Мен жакшы вариант болдум да! Анын үстүнө сүйүп калдым. А сүйүп калганымды көрүп сенин бооруң ооруп кетти,аядың. Туурабы? Жүрөгү оорубасын деп айласыздан мени менен жүрдүң. Кантсе дагы баарынан кичинекей эмесминби? А өзүң болсо сүйгөн жоксуң. Сүйгөн адам мындай кылбайт болчу. Бекназар,мен сүйдүм,мен жалгыз күрөштүм. Анан жалгыз күрөшүү пайдасыз экенин,башкысы сенин сезимиң жок экенин билгенимде мен багынууга аргасыз болдум,-көзүмөн жашым мөлтүлдөп агып жатканын өзүм да байкабай калыптырмын. Чыдабай кеттим. Мурунку жоош, үн көтөрүп сөз сүйлөбөгөн, дайым анын ою менен болгон Эрке жок болчу. Анын жообун,анын сөзүн, анын үнүн уккум келбей телефонду коюп салдым. Анан көп өтпөй билдирүү келди.
-Сени сүйгөм,Эрке. Болгону убакыт келе элек. Сенин жүрөгүңдү ооруткум келбейт.
А менин жүрөгүм эбактан бери эле оорукчан эле. Ооруткум келбейт деген адам,оорутуп, канатып аны миң бөлүккө бөлүп,аны тебелеп тепсеп кетип калган. Кетип калган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   iiidahou   07 Июль 2020 - 23:26

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Эртеси куну козум шишип ойгондум. Канчалык унуттум деп,жек коруп кетсем деле сезимдерип озгоруусуз. Деги кандай адам? Таш боор! Суйгонумду кантейин? Барктай албады го! Мени ойлорум менен тунгуюкка жалгыз калтырып кетти го?! Кантип кайра аны менен бирге боло алам? Жок,ал мин кечирим сурап келсе дагы,мен аны кечире албаймын. Айтор,тан атпай мени тупсуз ойлор курчап алды. Кунумку жумуштарым менен алектенип тез эле алаксып кеттим. Бирок,ичимден "дале мени суйот экен"деп койдум сыр бербей. Анан Арсен чалып жолугушууга чакырды. Ооба,Арсен менен мамилем курчуп кете электе бутурушум керек. Ал да мага байланып бараткандай. Аны дагы аяп кетем,анын да журогу бар. Ошол аруу сезимди ичине катып жаткан таза журогун тепсеп кетким келбеди. Айлам жок эле. Жолугушууга аны БЕкназар деп элестетип баргыча,бир жолу журогун оорутушум керек болчу. Болбосо ал да мен сыяктуу муз журок менен,бирде жек корсо,бирде суйуп ойлору менен,сезимдери менен алпуруша албай калмак. Аядым.
Куугум кирип баратканда биз жолукчу жерге басып бардым. Ал адаттагыдай менден бир аз мурун келип кутуп турат. БУл жолу мурункудан айрымаланып бир нерсеге толкунданып жаткандай. Улам ары-бери басып,бирде мени качан келет дегенсип колундагы саатын карайт. Бери бурулуп мени корор замат мен жакка басып келди. Бетимен суйуп учурашты. Дароо бетимди бура качтым.
-Сага эмне болду?
-Эч нерсе,сени менен суйлошушум керек,Арсен, -дедим аны коздоруно тике карай албай. БУл нерсеге даяр эмес болчу,кыжалаат болуп барып,мени тике карады. Озумду башкача сезип кеттим,анткени ал мени карапалып,уялгансып коздорун дайым ала каччу. Бул жолу,менден козун албай,созумду кутконсуп туруп калды.
-Сага айтпасам болбойт,сени кыйнагым келбейт,Арсен. Аябай жакшы жигит экенсин,сага менден жакшыраак,татыктуу кыз жолугуш керек.
-Ошондо сен мени тенине албай жатасынбы?-деп башын чайкап,четти карады.
-Арсен,жок! Мен сен учун ото жаман адам экенмин. Сен менден жагы жакшы кыз татыктуу! Сени да,озумду да кыйнагым келбейт,-дедим козумон жаш тамчылай. Ал колу менен жашымды суртуп,бетимен сылаганда кереги жок дегенсип жузумду алып качтым. Анан ал баарын тушунгондой:
-Ал келдиби?
-Жок.
-Эрке,айтчы, анан эмне болду? Мага тушундурмойунчо сени эч жакка кетирбейм.
-Сага тушундуро албайм. Журогунду ооруткум келбейт.
-Сени суйуп калдым,Эрке! Мени эмнеге ойлобойсун?
-Кечир,Арсен, кечире алсан. БАктылуу бол!-деп бурулуп артыма карабай басып кеттим. Ал да кетип калаарымды кутпосо керек,оолактап кеткен сон гана артыма кылчая карасам дале ордунда мени узата карап туруптур. Ого бетер озумо озум жийиркенип, жек коруп кеттим. Анын дагы суйуп калганын кара! Же мен мерез журок ага жакшы мамиле жасап койсомчу? Менин баркымды билбей,журогумду тебелеп-тепсеп кеткен адамды суйуп журом. Ошо боюнча Арсендин номерин очуруп,интернет баракчалардан кара тизмеге кошуп салдым. Анын жазган билдируулорун окууга эрким жетпейт,журогум чыдабайт болчу. Ансыз деле бир жактан Бекназар жаны айыгып келаткан жараларымды жаныртып,менин сезимдеримди козгой баштаган. Кун алыстатып чалып журду ал. Маанайыма жараша жооп берип,суйлошуп коем. Кээде аны да аяп кетем,балким чын эле суйгондур деп. Бир куну кайра мамилебизди жаныдан баштоону суранды,Кыргызстанга келерин,башка чет жакка кетперин айтып сунуштады. Бирок,анын бул жомогуна ишенбей,сунушун четке кактым. Суйуп турсам дагы,экинчи жолу журогумду ооруткум келген эмес. БАлким,ошондо макул болуп бири-бирибизди кечиришип,откон кунду унутсак биздин тагдырлар башка бурулуш менен,жаны жолдор менен кетет беле деп коем. Чын эле созуно турмактыр,биз чогуу болмоктурбуз дейм. Бирок,бизди алдыда таптакыр биз ойлобогондой тагдыр кутуп турган.

-Мен жек коросун ээ?-деди бир куну телефондо суйлошуп жатып. Кутуусуз суроо,бирок менин жообум даяр болчу.
-Ортобузда суйуу бар туруп,анан менин канчалык денгээлде суйоорумду билип туруп,аягында мени суйуум менен,жаралуу журок менен,тубу жок ойлор менен жалгыз калтырып кеткен адамды жек кором,ооба,- деп жооп бердим озумо толугу менен ишене. Мындай жоопту куткон эмес,унчупай калганынан эле билип койдум. Болбосо бир шылтоо айтып кутулмак,же болбосо кытмырлап кулуп коймок.
-Сенин жек коруп калышынды каалабайм,-деди куноолуу кишиче. Ал окунобу,окунбойбу мен учун эми мааниси жок эле. Кайра биздин эбак буткон мамилени талкуулап,откону эсиме тушургум келген жок,унчукпай койдум.-Сени дагы тушуном,Эркем менин. Эхх,сен мени менен эмнелер болуп атканын билгенинде. ..-деп созун кайра башкага буруп кетти. Эмнегедир учурунда Бекназардын бул табышмактатылып айтылган создоруно конул бурбагам. Кулагымдын сыртынан гана кетирип," менин баркымды билбей койду"деген гана принципти коюп туруп алгам. Балким,кичине башкачараак мамиле кылганымда баары башкача болмок. Билбейм. Окунбогонго аракет кылам,.баары жакшы болот,бул адамдын жашоомдо жок болгону менин жакшы жашоомо шарт тузот деп ойлодум. А бирок,журок менен акыл эч эле топ келишпей,журокту сезимдер башкарып туруп алат турбайбы!

Билдирүүнү түзөткөн: iiidahou: 07 Июль 2020 - 23:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Puper-pup   07 Июль 2020 - 23:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 27 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Окт 2021 22:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:UFC

Урааа. Дагы болобу? Уктай берейимби де?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   iiidahou   08 Июль 2020 - 00:28

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Баягы айткан мишканы кучактап уктачу болдум. Сыр бербей,билгизбегеним менен Бекназарды аябай сагынып аткам. Мишканы кучактап алып,жанымда Бекназар жаткандай элестетем. Мишканын гилейген колун озумдун белиме имерем дагы,оюмда Бекназар кучактап алганын коз алдыма тартып да алам. Кучактап,кучактап алам. Бул да болсо кичине жардам берет. Анан суйуум кучоп барып,суротторуно тигиле тиктейм. Сурот тартпаган жаным,коздорун эптештирип, суротун тартып катып койгом. Эмнегедир ал суротум Бекназарга окшош,же мен эле окшоштуруп алгам оюмда. Бара-бара жаны таанышкан кезибиз эске тушуп,ошол убактагыдай суйлошчу болдук. Кийин эле кайра ага байланып,баягынын баарын унута коюп,озум тартыла баштадым. Анын мамилеси сууй тушту. Тан калам,бир учурда тен экообуздун суйуубуз куч алганын байкай албадым. Же мен кобуроок тартылам,же ал. Менин сезимдерим ойгонуп,баягы тонуп калган журогумдун муздары эрий баштаганда БЕкназар баягы орой мамилесин баштады. Чалсамжооп берет,суроолорума жооп берет да,ашыкча суйлобой унчукпай отура берет. Ал унчукпай койгон сайын,мен ого бетер ага жармашып,кайра мамилебизди калыбына келтирууго умтулам. Анан бир куну экообуз телефондо кичине келишпей кеттик. Баягы эле анын унчукпай,ун жок соз жок,менин созумду тыншап койгонуна жинденип алгам. Анан кайдагы кызык ойлор пайда боло баштады. Аны да жон турбай,бетке айтып салдым.
-Бироону таап алгансынбы? --дедим эч нерседен бейкапар. Ал "жок"деп койбой,эки эсе кыжырымды келтирип "ыкы"деп ун салды.-Конулун калган го? Андан башка вариант жок менде.
-Экинчиси,-деди ал кулуп.
-Конулум калды дечи. Тушунуктуу. Конул калуу кандай болоорун билем. Макул анда,-деп баштадым мен эски адатым калбай.
-Эрке,тушунбой калдын.
-Конулун калганынбы?
-Конулум сен оз жанынды кыйам деп ойлонгондо эле калган,-деди ал да камарабай. Эн жакын деген адамым журогумо канжар менен сайды.-Сен мени ошондо эле таштап кеткенсин,а суйуу деген андай болбойт,-деди ал. Анан мен анын созун акырына чыгарбай,соз талашып кирдим. Чынын айтсам,ал кунду эстоо мен учун оор эле. Омурумдогу эн коркунучтуу, мен оз омурум менен курошкон кун. Корсо,ал учун менин омурум ушундай эки ооз созго эле татыйт тура.
-Макул,тушундум. ЭКинчи сенин жашооно кийлигишпеймин, бактылуу бол,Бекназар.
-Сен мени менен коштошуп атасынбы?
-Ооба,сенин конулун калган турбайбы. Андан ары суйлошуп эмне пайда? ЖЕ биз чогуубуз,же эч ким эмес.
-Макул,-деди ал. Мен аны таптакыр кызыктырбай калган экенмин корсо. Намысыма тийди. Аны суйгонумо,мен суйгон адам мага ушундай кайдыгер мамиле жасап жатканына окунуп кеттим. ТЕлефонду коюп салдым.

Мен андан биротоло кол узуп,умутумду узгон сон жашообузда кыйын кундор орун ала баштады. Апамдын жумушу боюнча,жашаган уй тууралуу,атамдын туугандары менен келишпестиктер, айтор турмуш мени каалаган жеринен сынап жатты. Ошондой кыйын кундордо чындап жанымда бир адам жетишпей жатканын сездим. Керек болсо ошол адамдын атын гана атоо мен учун ото оор нерселердин бири болуп калды. Баягы "Мен жанындамын, Эркем менин! Баары жакшы болот!" деген адам жок,ыйлап ага жетип бара албайм. Ыйлаган сайын "Мончоктой болгон коздорунду кор кылып,ыйлабачы" дечу. Анан мени сооротуп коюп,менин койгойумду чогуу чечкенге аракет кылчубуз. Бул жолу жалгыз калдым. АЛбетте жанымда апам,синдим бар болчу. Алардын жашоодогу орду мен учун биринчиде турса дагы,коодонумдо боштук туруп алды. Ошондо,суйбой эле койбой дедим. Суйуп азап тарткыча,суйбой мерез журок болгонум артык дедим. Анан бир куну эле чалайын десем,мени баардык жерден кара тизмеге кошуп чыгыптыр. Ого бетер конулум сууп,андан иренжип кеттим. Мени унутам деп,коргусу келбей анан коштубу? Же ушунчалык жек коргон адамына айланымбы? Айтор,суроонун саны коп,жообу жок.
Туулган кунумдо анын куттуктоосун канчалык кутконумду эч бир адам элестете албаса керек. БАардыгы белек-бечкеги менен,куттуктоо создорун айтып жатышса менин кутконум-бир адам. УЛам чалуу же билдируу келген сайын "бул Бекназар" деп ачып карайм да,шалпыйып отуруп калам. Анын баракчасына кирип мени кара тизмеден чыгарса керек деп жуз кирем. Туулган кунум отуп кеткенден кийин кылдай болгон умутум узулду,биротоло жок болду. Экинчи аны эстебеймин, атын атабаймын деп соз бердим озумо. Ал мага кайдыгер карагандай, мага дагы баары бир. Чон апамдын созу бар эле "кулуп журуп ыйлатам"деген, ,ошол созу эч оюман кетпей,ошол прнципке таяна баштыдм. Эми "сенсиз жашоо улана берет"дегенсип, интернет баракчаларына коп кирбей,алдыга чон пландарды коюп,эми келечегим тууралуу олуттуу ойлоно баштадым. Куз айлары келген сон,шаардагы ЖОЖдордун биринде журналистика факультетинде окуп калдым. Айланымдагы адамдардын саны кобойуп,иштерим алдыга жыла баштады. Иштерим алдыга жылып,туйшук кобойгон сайын ал адам жонундо ойлонууга деле убакыт тартыш болуп калат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   iiidahou   08 Июль 2020 - 00:35

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Просмотр сообщения iiidahou (07 Июль 2020 - 23:26) жазган:

Эртеси куну козум шишип ойгондум. Канчалык унуттум деп,жек коруп кетсем деле сезимдерип озгоруусуз. Деги кандай адам? Таш боор! Суйгонумду кантейин? Барктай албады го! Мени ойлорум менен тунгуюкка жалгыз калтырып кетти го?! Кантип кайра аны менен бирге боло алам? Жок,ал мин кечирим сурап келсе дагы,мен аны кечире албаймын. Айтор,тан атпай мени тупсуз ойлор курчап алды. Кунумку жумуштарым менен алектенип тез эле алаксып кеттим. Бирок,ичимден "дале мени суйот экен"деп койдум сыр бербей. Анан Арсен чалып жолугушууга чакырды. Ооба,Арсен менен мамилем курчуп кете электе бутурушум керек. Ал да мага байланып бараткандай. Аны дагы аяп кетем,анын да журогу бар. Ошол аруу сезимди ичине катып жаткан таза журогун тепсеп кетким келбеди. Айлам жок эле. Жолугушууга аны БЕкназар деп элестетип баргыча,бир жолу журогун оорутушум керек болчу. Болбосо ал да мен сыяктуу муз журок менен,бирде жек корсо,бирде суйуп ойлору менен,сезимдери менен алпуруша албай калмак. Аядым.
Куугум кирип баратканда биз жолукчу жерге басып бардым. Ал адаттагыдай менден бир аз мурун келип кутуп турат. БУл жолу мурункудан айрымаланып бир нерсеге толкунданып жаткандай. Улам ары-бери басып,бирде мени качан келет дегенсип колундагы саатын карайт. Бери бурулуп мени корор замат мен жакка басып келди. Бетимен суйуп учурашты. Дароо бетимди бура качтым.
-Сага эмне болду?
-Эч нерсе,сени менен суйлошушум керек,Арсен, -дедим аны коздоруно тике карай албай. БУл нерсеге даяр эмес болчу,кыжалаат болуп барып,мени тике карады. Озумду башкача сезип кеттим,анткени ал мени карапалып,уялгансып коздорун дайым ала каччу. Бул жолу,менден козун албай,созумду кутконсуп туруп калды.
-Сага айтпасам болбойт,сени кыйнагым келбейт,Арсен. Аябай жакшы жигит экенсин,сага менден жакшыраак,татыктуу кыз жолугуш керек.
-Ошондо сен мени тенине албай жатасынбы?-деп башын чайкап,четти карады.
-Арсен,жок! Мен сен учун ото жаман адам экенмин. Сен менден жагы жакшы кыз татыктуу! Сени да,озумду да кыйнагым келбейт,-дедим козумон жаш тамчылай. Ал колу менен жашымды суртуп,бетимен сылаганда кереги жок дегенсип жузумду алып качтым. Анан ал баарын тушунгондой:
-Ал келдиби?
-Жок.
-Эрке,айтчы, анан эмне болду? Мага тушундурмойунчо сени эч жакка кетирбейм.
-Сага тушундуро албайм. Журогунду ооруткум келбейт.
-Сени суйуп калдым,Эрке! Мени эмнеге ойлобойсун?
-Кечир,Арсен, кечире алсан. БАктылуу бол!-деп бурулуп артыма карабай басып кеттим. Ал да кетип калаарымды кутпосо керек,оолактап кеткен сон гана артыма кылчая карасам дале ордунда мени узата карап туруптур. Ого бетер озумо озум жийиркенип, жек коруп кеттим. Анын дагы суйуп калганын кара! Же мен мерез журок ага жакшы мамиле жасап койсомчу? Менин баркымды билбей,журогумду тебелеп-тепсеп кеткен адамды суйуп журом. Арсен ал адамга эч бир окшобойт болчу. Анын алдында эки бетим албырып,тартынып, анын жанында озумду жаш балача сезчу эмесмин. Камкор мамиле жасап,мени колдоп,кыйын учурда жанымда болуп,киийн менин омурлук жарым болуусуна козум жетпеди. Аны озумду мин кыйнасам да,суйо албайт болчумун. Ал мага бакты тартуулого кылган аракеттин,бир пайызын да кыла албайт болчумун. Ошо боюнча Арсендин номерин очуруп,интернет баракчалардан кара тизмеге кошуп салдым. Анын жазган билдируулорун окууга эрким жетпейт,журогум чыдабайт болчу. Ансыз деле бир жактан Бекназар жаны айыгып келаткан жараларымды жаныртып,менин сезимдеримди козгой баштаган. Кун алыстатып чалып журду ал. Маанайыма жараша жооп берип,суйлошуп коем. Кээде аны да аяп кетем,балким чын эле суйгондур деп. Бир куну кайра мамилебизди жаныдан баштоону суранды,Кыргызстанга келерин,башка чет жакка кетперин айтып сунуштады. Бирок,анын бул жомогуна ишенбей,сунушун четке кактым. Суйуп турсам дагы,экинчи жолу журогумду ооруткум келген эмес. БАлким,ошондо макул болуп бири-бирибизди кечиришип,откон кунду унутсак биздин тагдырлар башка бурулуш менен,жаны жолдор менен кетет беле деп коем. Чын эле созуно турмактыр,биз чогуу болмоктурбуз дейм. Бирок,бизди алдыда таптакыр биз ойлобогондой тагдыр кутуп турган.

-Мен жек коросун ээ?-деди бир куну телефондо суйлошуп жатып. Кутуусуз суроо,бирок менин жообум даяр болчу.
-Ортобузда суйуу бар туруп,анан менин канчалык денгээлде суйоорумду билип туруп,аягында мени суйуум менен,жаралуу журок менен,тубу жок ойлор менен жалгыз калтырып кеткен адамды жек кором,ооба,- деп жооп бердим озумо толугу менен ишене. Мындай жоопту куткон эмес,унчупай калганынан эле билип койдум. Болбосо бир шылтоо айтып кутулмак,же болбосо кытмырлап кулуп коймок.
-Сенин жек коруп калышынды каалабайм,-деди куноолуу кишиче. Ал окунобу,окунбойбу мен учун эми мааниси жок эле. Кайра биздин эбак буткон мамилени талкуулап,откону эсиме тушургум келген жок,унчукпай койдум.-Сени дагы тушуном,Эркем менин. Эхх,сен мени менен эмнелер болуп атканын билгенинде. ..-деп созун кайра башкага буруп кетти. Эмнегедир учурунда Бекназардын бул табышмактатылып айтылган создоруно конул бурбагам. Кулагымдын сыртынан гана кетирип," менин баркымды билбей койду"деген гана принципти коюп туруп алгам. Балким,кичине башкачараак мамиле кылганымда баары башкача болмок. Билбейм. Окунбогонго аракет кылам,.баары жакшы болот,бул адамдын жашоомдо жок болгону менин жакшы жашоомо шарт тузот деп ойлодум. А бирок,журок менен акыл эч эле топ келишпей,журокту сезимдер башкарып туруп алат турбайбы!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Aituwas   08 Июль 2020 - 01:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Дагыыыыыыыыыыыыы. ...озумду алаксытып 1 сериясы 2 сааттан болгон 9 сериял коруп келсем не мынча аааааз эле жазып койгонсуз автоооооооооор. ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   iiidahou   08 Июль 2020 - 19:15

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Суйгон адамына мин ишенимдуу болуп,аруу сезиминди арнап,баардык нерсеге даяр болуп суйгондон кийинки эн жаман нерсе-ага окшош адам издей берет экенсин. ЖЕ болбосо башка жигиттерге конулун тартпай калат. Иштерим алдыга жылып,университетте мыкты студенттердин бири аталып,окууда да бир топ ийгиликке жетишкеним менен журогумдун эн тупкурундо баягы сезимдердин улбурогон оту жанып,катылып жаткан. Ага чейин балдар менен мамиле куруп жургонум менен,АЛ алардын бирине дагы окшобойт болчу. Озгочо камкор,мээримдуу, оор учурда колдой билген,конулум жокто эркелете суйлоп,далай жылмаюмдун, далай бакыт менен кайгымдын себепчиси болгон адам. Ушунчалык суйууну батырган озумдун кичинекей,алсыз журогумо тан калам. Унутууга мин аракет кылсам дагы,алардын биринен майнап чыкпады. Болбой эле ал адам менен болгон кундор,бактылуу муноттор эс-тутумумда кечээ куну болуп откондой эле сакталып тура берди. Анын кулкусу,бетиндеги мен ашык болгон ууртучасы,бакырайган коздору,кара каштары далай жолу коз алдыма тартылды. Жалдындап турган кучагы,оттой ысык эриндери далай тушумо кирди. Мына,кичинеден ал адам жашоомдо оз ордун жоготуп баратат деген сайын ар убак тушумо кирип,кайра озу туурасында эске салып турат. Айтор,андай адамдарды унутуу мумкун эмес экен. Анан эн башкысы айтайын дегеним,мезгил дарылабайт! Мезгил отушу менен журоктогу жаралардын оорусу,сагынуу менен кусалык бир аз гана басандайт. А сезимдер болсо баягы журоктун тубундо,ал журок биротоло ташка айланып,бычырап жок болмоюн жашай берет. "Адамды адам дарылайт! "дейт. Адамдар да дарылабайт! Алар ого бетер журоктун дартын кучотуп,ал адамга окшошпосо,ошол журок ээсин эске салат. Бакыт же ырахат тартуулай турган адам болушу мумкун,суйуу? ЖОк,суйуу тартуулаган адам бироо эле болот экен.
1-курсту ийгиликтуу аяктадым,ортодо автошколага барып права алдым.Права алуу дагы онойго турган жок,чуркачу иштери коп экен. Аны менен бирге озумдун иштеп бир аз чогулткан акчама,уй-булом устуно акча кошуп машина алдык. Чынында,бул машина апамдыкы болуш керек болчу. БИрок,ал машина айдоону уйроно албашын,менин права алганга жараша ал машинаны алышымды,анын мага туулган кундук белек катары берилгенин айтып туруп алды. Башында шаардын жолдорунда айдоо бир азга кыйынчылык жаратты,аз-аздан тайкемди жаныма отургузуп айдап жатып,акырындык менен конуп кеттим. Анан коп барбай калган айылыма,машинамды таене-таятамдарга корсотойун деп,уй-булом менен кереметтуу Ысык-Колдун узун жолуна сапар алып кеттик. ТАята-таенем биздин жетишкендиктерге аябай суйунду,жетине албай кан чыгарып,мал союшуп чакан той откорушту. Анан эртеси куну эле мен сырымды сактаган,далай бактылуу муноттордун, коз ирмемдердин кубосу болгон Ысык-Колдун жээгине жонодум. Машинамды стоянкага токтотуп жатып,козумо тааныш машина урунду. Бул машина кимдики экени айтпаса да белгилуу. Башында журогум элеп-желеп болуп барып,анан бир саамдан кийин баягы алоолонгон сезимдер мурункудай куч албай калганын байкадым. Анын устуно катуу депрессия болуп жургонумдо озумду алаксытыш учун коптогон психологиялык китептерди окугам. Мурункудай эмоцияга алдырып,бул ирээт анын алдында сезимдерге баш ийип бере калбайт болчум. Машинадан тушуп жай кадамдар менен жээкти коздой жонодум. Алыстан майда кумдар корунуп,анан бирин-серин элдер корунуп баштады. Мемиреп кол жатат. Майда толкундар жээкке шарпылдап урунат. Четкерээк чыгып,жээкти бойлой киши жок жакка бастым. Оз ойлорум менен болушуп,бугумду колдон чыгарып жаттым. Бул жолку кол менен кезигуу коп жакшы кундорду эсиме салды. Ыйлап жиберем го десем,жок,ал кундорду бир гана жылмаюу,жакшы ойлор менен гана эсиме тушурдум. Жээкке болгон сагынычым тараган сон,кун уясына батып баратканда кайра уйго жонойун деп стоянка жакка бастым. Менин унаам менен катарлаш турган унаалардын жанынды мындан 3жыл мурда коргон,кол жээкте отурган балдар турушкан экен. Баары мени дароо тааный коюшту,жапырт бурула карап калышты. Сыягы,оз унаасына тушуп кетет деп кутушкон эмес го,машинаны от алдырып жатсам,тан калгандарын жашырбай карап жатышты. Анан машина ордунан жылган сон мен 2жарым жылдан бери корбогон,мени кайсы бир убакта жалгыз таштап кеткен адам менен коздорум чагылыша тушту. Мурдагыдай коздорумду ала качпай,ишенимдуу турдо тике карадым да,аны омурумдо биринчи жолу коруп жаткандай бурула карап,оз жолум менен кеттим. Бул жолу кайра сезимдерим ойгоно калып,мамилебизди кайтаруу туурасында ойлонгон жокмун. Акыркы жолу жакшы эле конулум калган корунот. Албетте,бул коздордун чагылуушуусу онойго турган жок мен учун,бирок,чогуп да кетпедим. ЭЧ нерсе болбогондой уйго бардым. Эртеси уй-булобуз менен келдик кол жээкке. Бул жолу дагы кечээки машиналар токтоп турду менин унаам менен катарлаш. Уй-булобуз болуп жээкке жайгашкан сон,бир пакет калыптыр машинада деп,кайра артка жонодум. Машинадан пакетти алып,эшигин жаап жатсам:
-Кандайсын,Эрке? -деген кулагыма тааныш ун угулду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   aminausman   08 Июль 2020 - 19:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 11 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Арча бешик

Анааан, жазчы коп коптон эле сураныч.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   iiidahou   08 Июль 2020 - 23:18

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

-Жакшы,-дедим жай бурулуп. Баягы Адилет досу экен. Чынын айтсам,Адилетти менин артыман чыга калат деп күтпөгөм. Мурдагыдан бир аз өзгөрүлө түшүптүр. "Тиги" адам менен мамилем бүткөндөн кийин кез-кезде интернет баракчаларынан жазып жүргөн,жоопсуз калтырып жатып биз андан ары сүйлөшкөн эмеспиз.
-Өзгөрүлүп кетиптирсиң го,тааныган жокмун,-деген сөзүн да жоопсуз калтырып, аны ыңгайсыз абалга салдым көрүнөт.-Жакшы жүрөсүңбү?
-Рахмат,жакшы. Өзүң?
-Жүрөм дегендей. Балдар менен эс алып жүргөнбүз,-деди машинага көз жүгүртө карап.-Машина алдыңбы?
-Ооба,туулган күндүк белек,-дедим ары жакта бирөөнүн көз салып турганын байкап. Бул баягы мени баалабай кеткен,баркымды түшүнбөгөн адам болчу. Бир да көңүл бурбастан Адилет менен маектешип туруп алдым. Көп өтпөй аны менен коштошуп,тиги адамдын жанынан аны эч качан тааныбагансып өтүп кеттим. Жада калса артыма кылчайып караган жокмун. Бирок,көп жыл бою жүрөгүмө бүлүк салып,мени сагындырган, мен сүйгөн адам менен мындай кырдаалда жолугушуу мен үчүн оңой болгон жок. Көл жээкте эс алып болгон соң,үй-бүлөм жыйнагыча сиңдим экөөбүз алгач стоянка жакка жөнөп кеттик. Аңгыча Адилет аркаман келип,сүйлөшөлү дегендей кылып токтотту.
-Сени менен өзүнчө сүйлөшөйүн дегем,-деди эки жагын бир нерседен кооптонгондой каранып. Сүйлө дегенсип карап койдум. Ал сөзүн баштагыча ары жактан Бекназар көрүндү. Бери басып келбей,ошол бурчтагы бактын жанында биз тарапка көз салып гана тура берди. Аны көргөн Адилет:-Макул, шашпай сүйлөшөлү. Сага жазам,Эрке,- деп чуркап кетти. Мен көңүл бурбагансып машинага отурдум да,алдыңкы күзгүдөн тигилерди карадым. Бир нерсени талашыштыбы, айтор,урушуп жаткандай ары басып кетишти. Ал түнү түшүмө кирди. Бир кара узун чачтуу кыз менен артын салып кетип баратат. Ал кыздын жүзүн көрө алган жокмун. Бир топ кадам баскан соң мага бурулуп жалооруй карады. Ал көздөрдө бир сыр катылып жаткандай,бирок эмне сыр экенин түшүнө албадым. Ал жөн гана бир белги берип жаткансып мени караган бойдон кете берди. Көздөрү менде болгону менен,тиги кызды энесин жетелеген жаш балача жетелеп баратат. Түшүмөн ойгондум,бирок ага көңүл бурганым жок. Мындай түштүн далайын көргөм,далайына үмүт этип,акыры үмүтүм үзүлүп гана кала бергем. Ошон үчүн бул түштү деле жоруп,андан үмүт кылуу майнапсыз болчу. Мурдагы 16 жаштагы түшүнө ишенип,анын орундалышына тилектеш болгон секелек Эрке жок.
Күүгүм кирип баратканда интернет баракчасын ачтым. Айткандай Адилет жазыптыр. Маанилүү сөзүм бар эле дейт. Жаман оюмда,жактырып калгандардын бири болсо керек деп божомолдоп койдум. Дагы билдирүүсү жоопсуз калды. Эртеси күнү кечке маал айласы кеткен кишидей чалды мага.
-Эрке,мен сага айтышым керек сөзсүз. Бир эле жолу угуп койчу.
-Макул,каяктасың? -ал өзү келерин айтты. Мен ишенбегенимден өзүм бараарымды айтып болбой туруп алдым. Кийинип алып аны алып кетейин деп бардым көчөсүнө. Машинанын алдыңкы ордуна отуруп мага учурашты.
-Ии,угуп жатам сени.
-Бул жерде сүйлөшсөк болбойт. Бизди көрүп калышат.
-Көрсө эмне экен?
-Болбойт. Аркы коңшу айылдын көлүнө айда,-деди Адилет улам эки жагын каранып. Анын мынтип кооптонуп жатканына бир аз жиндене түштүм. Анан көлгө жетпей,катарлаш турган бактардын жанына токтоткон соң:
-Анчалык эмне болуп кетти? Ушунча жашыруун сөз беле?
-Бека жөнүндө.
-Ал жөнүндө болсо бекер алып келдиң. Биздин мамилебиз эбак бүткөн,Адилет.
-Угуп тур,сенин абалыңды көрүп мен четте тура албадым,-дегенинде гана анын сөзүнө кызыга түшүп,башта дегенсип карадым. Анан ал мен көптөн бери билбей жүргөн,ачуу чындыктын көзүн ачып,узун баянын акырындап баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Aituwas   09 Июль 2020 - 00:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Nurbek555   09 Июль 2020 - 02:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 09 Январь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2022 01:30

3 метра над уровнем моря
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   iiidahou   09 Июль 2020 - 19:35

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

-Бека сени бир көрүп жактырып калган. Анан ал күнү тагдырдын тамашасы болуп,Алик тайкен чалып калды бизге,карындашымды айылга жеткирип койгула деп. Анан Бека дароо өзү жөнөдү баарыбызды калтырып коюп,мындай мүмкүнчүлүк баарына эле берилбесе керек. Ал кеткенден кийин сага көз кырын салган балдар болду,бирок Бекага эч ким сүйлөйт албайт болчу. Кийинчерээк сени менен сүйлөшүп жүргөнүн угуп,билип баштадык. Бека сени аябай катуу сүйдү,анын өзгөрүп баштаганына таң калгам. Өзү дагы сен жөнүндө көп айтып,телефондоруна сүрөттөрүңдү коюп алчу. Анан биз чогуу Москвага кетмей болдук, ал жерде тааныш дос балдар бар болчу. Алар менен чогуу жашап,чогуу иштешип калдык. Башында баары жакшы болчу. Сени сагынганын айтып,кээде айтпаса да байкап калар элем. Көңүлү жок жүрүп сени менен сүйлөшкөндөн кийин кадимкидей көңүлү көтөрүлүп калчу. Анан сен ага жакын арада үй-бүлө курбашыңды айтыптырсың, -деп баштады узун сөзүн Адилет. Анан Бекназар "үйлөнөбүз " дегенинде,мен окууну бүткүчө кое туралы,бутка туралы деп койгон элем. Биздин кыялдар,аткарылбай калган ой тилектер эсиме түштү.
-Бирок,ал Кыргызстанга баргандан кийин сен мектепти бүтсөң,сага үйлөнөм дечү. Мурда Айдай мн сүйлөшүп жүргөндө аны мындай көргөн эмесмин. Шашпай үйлөнөм дей берчү. Бека тапкан акчасын аяш атамдардын кредитин жапканга жумшачу. Өзүнө кичинесин алып калып, баарын айылга салчу. Кредитти жапсам,кичине тыйын чогултуп машина алам деп баштады. Бирок, ал кредит жабылган соң, аяш атамдар дагы чоң суммадагы кредит алып коюшуптур. Анан аяш атамдын да жумушу болбой,кредит төлөөгө акчасы тартыш болду көрүнөт. Биз жакын дос болгон үчүн,Бири-бирибизден сыр жашырчу эмеспиз. Бизде да жумуш токтоп,акча тартыш боло баштады. Квартиранын акчасын берүү кезеги да келип, бир жерден кредит чыгып,андан башка ылайык жумуш чыкпай кыйналып кеттик. Анан биздин подьездде,биз жашаган квартиранын маңдайында бир колунда бар кишинин биз курактуу кызы жүрүп калчу. Биздин үйгө да келип ,үйдөгү эжелерге жардамдашып калчу. Анан көп өтпөй Бека менен сүйлөшө баштады. Анын көз караштарынан, жасаган мамилесинен Бекага бир нерсеси бардай сезилчү. Аны өзүнө айтсам,сени сүйөөрүн айтып туруп алды,-деп сөзүн кысылып уланта албай токтоп калды Адилет. Анын айткан сөздөрүнө ишенбей,ичимен бушайман болуп чыктым. Ал менин көзүмө дайыма таза адам көрүнчү.
-Анан? Эмне токтоп калдың?
-Кантип айтышты билбей турам. Сенин Беканы кандай катуу сүйөөрүңдү билем. Сени аяганым үчүн,анын сырын ачып отурам сага,Эрке,-деп башын жерге сала,бир нерсеге өкүнгөндөй бир саам турду да,кайра сөзүн улады.
-Анан бир күнү аяш апам ыйлап чалды(Беканын апасы). Кредитке акча табылбай,үйдү алабыз деп банктан кишилер келишиптир. Же Беканын жумушу болбой,же менин колуман жардам келбей башыбыз катып туруп калды. Анан аны аяш апамдар чалып же акча таппайсың дегенсип урушуптур. Досум аябай катуу капа болду. Эмне кылаарын билбей, тааныштарынан акча сураштырып да таппайт. Бир күнү эле бутуна тура албай мас болуп келди,-дегенде ошол күнү Бекназардын мага катуу кызып чалганын эстеп кеттим. Аны сооротуп,экөөбүз бирге ыйлап,таң аткыча сүйлөшкөнбүз. Бирок, мага кредит тууралуу ооз ачкан да эмес.
-Кызуу болуп анан экөөбүз чогуу ичип отурсак үйгө тиги кошуна кыз келди. Аты Малика болчу. Эмне болгонун сураса,Бека болгонун болгондой айтып берип, башын салып отурду. Анан Малика өзүнчө сүйлөшөм дегенинен мен эшикке чыгып кеткем. Эмнени сүйлөшүштү билбейм. Ал колунда бар кишинин кызы болчу,өзүнүн тээп жүргөн машинасы да бар,кийинип- жасанып жүргөнүнөн эле билинип турчу. Анан ошо кыздын да досума көз артып туруп алганын карабайсыңбы? !
Үйгл келсем алар жок экен. Көңүл бурган жокмун,андан ары Бека ичип,бир кафеде отурушса керек дедим. Анда жаман оюм жок. Анын үстүнө Бека буга чейин бир да кыз менен болгон эмес,башка балдардай болуп "тигиндей" кыздарга да барчу эмес,-деди ого бетер менин жарама туз сээп. Ичимен өрттөнүп кеттим,унчукпай отурганым менен жан дүйнөм үнүнүн болушунча кыйкырып жатты. Бир чекитти тиктеген бойдон,анын айткан сөздөрү менен өткөн күндөрдү эстеп отура бердим. Бир жолу алгачкы жолу ким менен болгонун сурасам, күлүп "сени менен болот жаным,биз үйлөнүп бактылуу жашайбыз" деп койчу. Кээде ишенбей кетсем,кээде ал менин көзүмө сүттөн ак адам көрүнчү. Ошол ишеничке,ошол сөзгө кирип алып Адилеттин бул айткан ачуу чындык сөздөрүн акыл-эсим кабыл ала албай турду. Көзүмө жаш толуп,дагы бир нерсе десе буркан-шаркан түшүп ыйлап ийчүдөй эле отурам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   09 Июль 2020 - 20:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Анан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   iiidahou   10 Июль 2020 - 02:10

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

-Эрке,калганын айтпай эле койсомчу? Сени көрүп жүрөгүм ооруп кетти.
-Улант,-дедим көзүмдүн жашын аарчып. Мен башка нерсени күтсөм дагы,бүгүн мындай ачуу чындыктын көзү ачылаарын күтпөгөм. Артыман бирөө суу куйгандай,жок, суу да эмес. Миң канжар менен сайгандай туюлду. Андан ары угууга алым келбей,жүрөгүм чыдабай турса дагы,мен кандай адамды сүйгөм,ал адам мага кандай кыянат жасаганын билүүгө ынтызарланып турдум. Анын үстүнө Адилет сөзүн баштап алган. Андан көрө мунун баарын билбей койсом болмок...
-Эртеси күнү Бека көңүлсүз келде үйгө. Мени менен дагы сүйлөшпөдү. Потолокту тиктеп көпкө жатты,сурасам унчуккан жок. Анан эки күн өтпөй эле айылга акча салды. Мен ал акчаны тиги Малика бергенин досум айтпаса дагы, айдан ачык билип турдум. Анан шашпай отурган соң,өзү эле "Мен Эркени башкага алмаштырдым" деди башын жерге салып. Анын бул нерсеге айласыздан барганы,болгонго миң ирээт өкүнүп турганы кебетесинен көрүнүп атты. Аяп кеттим досумду,бир чети сени ойлодум. Сенин кандай сагынып,сенин кандай күтүп жатканыңды айтып ал, өзү жүрөгү сыздап кетчү. Кийин айтып берди,ошол күнү Малика акча берерин айтып сунуштаптыр. Бирок,албетте, ал акчаны кайра башка нерсеге алмаштырмак. Беканын үйдө түнөбөй,түштө келген себеби да ошол экен,Малика менен түн өткөрүптүр. "Андай кыздар келет,кетет. Эркеге бирин айтпасаң,билбей жүрө берет. Жүрөгүң тандаган адам мн бол!"деп экөөбүз сырдашып калганда кеңеш бердим. Бирок,кайдан? Ал Малика да жөн эмес экен. Каалаган учурунда берген акчасын милдет кылып Беканы алып кетет,биздин, үйдөгү эжелердин көзүнчө бир ийменип койбой Беканы айланчыктап эле калды. Ал эми Бека болсо сени ойлоп эле жүрдү, сыягы кыя албаса керек. Малика анын жанында көздөрү жайнап,бактылуу болуп, колунан келген нерсесин берип жүргөнү менен,Бекназар анын жанында бактысыз болчу. Өтө бактысыз...-деди ал да кейиген түр көрсөтүп. Менин оюма эмнегедир баягы түшүмдө көргөн боюнда бар кыз келди. Денемди муздак калтырак басып, жада калса сүйлөөгө тилим келбей калды.
-Ал... ал кыз... челкасы бар...
-Ооба,кара тору кыз болчу. Ата-энесине машина алып бергенин билсең керек?-башымды араң көтөрүп, кайра шылкыйтып алап буркурап ыйлап кирдим. Андан аркысын уга албайм,жок! Мага бул адамдын кыянаттыгы тургай,жалгыз таштап кеткени эле жетишет! Ал машинаны бир туугандары алып беришпеди беле? Акча чогултуп алдык дебеди беле? Мага салган акчаларычы? Ошол бузукунун акчасын салган эккн да? Мен сагынычтан чыдабай,түнү бою көз жашымды жаздыкка төгүп жатканда,ал тигиниси менен бир төшөктө жаткан экен да? Биздин үйлөнүү тууралуу кыялдарыбызчы? Биринчи түндү элестетип,анан шашпай туралы деп өзүбүздү кармаганыбызчы? Мендее өтүп,ал бекемирээк эмес беле? Айтор,ойлорум түбү жок санаага салды мени. Биринин артынан бир суроо жаралып, ага жооп таппай Адилеттин алдында жалдырап эле отуруп калдым. Ушунчалык бир убакта чын дилимен берилип сүйгөн,мен суктанган, мен ага бой түзөп үлгү алган адамым оюмда өтө пас,өтө кир,өтө жийиркеничтүү адам көрүнүп кетти. Менин ишенимимди, менин ыйга толгон күткөн күндөрүмдү, кыялдарымды, максаттарымды көз алдымда тебелеп жатты. Ага болгон аруу махабатымды ошол акчага,ошол кызга,ошол машинага алмаштырып кетти. Чогуу чечет элек го? Мага айтса мен деле колуман берген жардамымды берет элес го? Ак сүйүүмдү булгады! Биз сүйлөшүп жүргөн убактагы күндөрдү талдап,анын мага орой мамилесин, ар убак жоголуп жүргөн кездерин,анан кез-кезде "түшүнбөйсүң да,түшүнсөң кана?"деген сыяктуу сөздөрүн эстеп,бирде өзүмдү,бирде аны жемелеп жаттым.
-Бирок,ал Малика менен жүргөнү менен сени чын дилинен сүйдү. Ал Маликаны ээрчип кеткен сайын өкүнгөнүн байкачумун. Бир күнү сени үмүттөнүп жүрө бербесин, мамилеңди бүтүр десем,сенин жүрөгүңдү оорута албашын айтты. Анан сен... таблетка ичип алганда... ал артыңан кошо кетейин деди. Ушундай кабатырланды дейсиң,уктабай чыкты. Кетип калайын деп аз калды,бирок ал учурда Малика биротоло өзүнө байлап алган. Өзүнүн машинасын Бекага берип,Бека убактысынын баарын эле ошонусу мн өткөрүп калган. Башында унчукпай жүрүп,кийинчерээк сени айтып,аны менен бүтүр деп баштады. Бека кетип калайын десе эбак аяш апама чалып анын башын айлантып сүйлөшүп коюптур. Анын үстүнө үй бүлөсү анын кредит жаап бергенин билишчү экен. Сени ичимен аячумун. Сени менен сүйлөшпөй калгандан кийин да аябай кыйналды. Бирок ал эбак эле башка жолду тандап алган. Сенин жолуңду тосуп, бактыңды кармай албайт болчу. Айла жок,бошотту сени. Ошол учурларда баары кеч боло электе сага айтайын десем сен мага жооп бербей койдуң. Издейин деп,издеш оор болду. Баягы күндөн бери айтып берейин десем,артыман Бекназар аңдып туруп алды. Ал үйдөгү балдардын да жаагын басып жүрдү. Сени көрүп,муну билишиң керек деп ойлодум. Билем, мен досумдун сырын ачып,чоң күнөө кылдым. Бирок сенде да жүрөк бар. Сен сүйгөн адам кандай экенин билишиң керек болчу.
-Анысы каякта?
-Жакында келет деп атышат.
-Ушунун баарын баарыңар билип туруп,жалгыз мен эми билип атамбы?-дедим дагы деле көзүмдүн жашы токтобой агып. Андан да жаманы жүрөгүм канап жаткан. Жек көрүүм күчөп кетти,аны азыр барып эле жанын сууруп алгым келди,качандыр бир убакта менин жүрөгүмдү жулуп кеткендей. Сезимдеримди, ишеничимди,махабатымды тепселеди. Кандай сонун бактылуу түгөй болор элек? Биз кыялдангандай мен ак жоолугумду салына,тамагымды даярдап аны жумуштан күтүп алмакмын. Ал мени келер замат кучагына кысып,көтөрүп алып айлантмак. Эки жүрөк, бир сүйүү болуп баардык жакта чогуу жүрүп,эч ажырабайт элек. Кандай ажарлуу,акылдуу балдардын бактылуу ата-энеси болуп тарбия берет элек? Кандай өлкөлөрдү кыдырып,жашоонун жыргалына батмак элек? Бизди кандай жаркын келечек күтүп турган. Баарын бир заматта талкалады. Үмүтүмдүн баарын өчүрдү. Жүрөгүмдү музга айлантты. Менин аруу сезимдеримди өзү сүйбөгөн кызга,убактылуу акчага,убактылуу ырахатка алмаштырып кетти. Сүйүп туруп,сүйбөгөн адамын тандап кетти,бактысызым менин. Мен элестеткен аны менен бактылуулук дагы көз алдымда урап түштү. Менин дагы,өзүнүн да бактысына балта чапты. Аны сүйгөнүмө өкүнүп кеттим. Ал сезимдерди эч качан сөз менен айтып жеткире албайм. Адилет андан ары бирдемелерди айтып сооротуп жаткансыды, же алардын бири кулагыма кирсечи? Кулагым тунжурап,көздөрүм тумандап барып өзүмө келдим. Машинадан түшө калып,жерге шыпырылып отуруп калдым. Дале тиги Адилет сооротуп жатат. Ал телефонун алып ары жакка сүйлөшүп кетти,сыягы бирөл мн урушуп жаткандай. Келип менин колумдан алды. Мени мындай абалга жеткирип,ошол чындыктын бетин ачкан Адилетти да жек көрүп кеттим. Селт эттирип колумду тартып алдым. Мени арткы орундукка отургузуп,машинаны өзү башкарып айылды көздөй жөнөдү. Кеч кирип, караңгы түшүп калган. Мемиреген асман, сансыз жылдыздар жана жапжарык болуп тийип турган Ай. Машинаны токтотуп мени чыгарып дарбазадан киргизди. Анан ал бурулуп кеткен соң ал бирөө мн ызылдашып жаткандай дабыштар угулду. Ал үн мага өтө тааныш үн эле. Аны топураган адамдардын үнүнүн арасынан дагы тааныйт болчумун. Көчөгө чыгып ары бассам Бекназар менен Адилет жакалашып туруптур. Мени көргөн Бекназар тиги досун кое берип жаныма басып келди. Жаныма басып келди да карап туруп калды. Сөз айтып,үн чыгарууга ал тургай менин алдымда мынтип жалооруган көздөрү менен кароого да акысы жок эле. Адилет жаныма басып келип ийнимен алып:
-Жүрү,Эрке,сен эс алышың керек,-дегенинде колун жулкуп алып салдым ийнимден. Мен жөн гана тиги маңдайымда жалооруп карап турган көздөрдү,көөнүм толгон жек көрүү,жийиркенич, ыза жана жан дүйнөмдөгү кыйкырык менен карап турдум. Акыры анын чыдамы жетпей көздөрүн ала качты. Үчөөбүздүн бирибиз да унчукпай туруп калдык,ортодо тынчтык.
-Эрке...-деди анан араң үнүн чыгарып. Ошондо да башын жерге салып алып,көзумө кароого эрки жетпеди. Кантип жетсин? Жетсе дагы менин жек көрүүгө толгон көздөрүмдү тиктөөгө анын өкүнүчтү алган көздөрү туруштук бере албайт болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   alisha00   10 Июль 2020 - 15:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Ата-энеси кредит алып ал жактан кыйнап атса, сиз келбейсиң КРга деп ал жактан мээсин жеп атсанар ошентет да анан. Бекага боорум ооруп кетти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   nuriza91-90   10 Июль 2020 - 20:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 09 Август 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 10:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Калганын качан жазасынар эми.Бир жазганда коп коптон эле жазгылачы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   iiidahou   10 Июль 2020 - 22:40

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Билем,бул сүйүүдө менин дагы чоң күнөөм бар. Жалгыз Бекназарга күнөөнү асып,аны жаман атты кылып көрсөткөнүм туура болбос. Ал күнөөлөрүмдү мойнума алып,кемчигилимди сезбегенимде мынтип бүгүнкү күнү болуп өткөн күндү ар кандай тараптан талдап отурбайт элем. Ал кылган туура эмес кадамдарым үчүн далай күнү, далай түнү өкүнгөм. Мындай кылсам туура болмок деп бармак тиштеп отура берген да болбойт экен. Канчалык жүрөгүм жараланып,музга айланып калса дагы жашоо юир орунда турбай улана берет. Көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Жада калса анын атын уккан сайын дене боюм дүркүрөп,жүрөгүм сыгылып кетчү. Азыркы баарын талдап,орду- орду менен сөз сүйлөп,мындай ийгиликтерге жетишүү көп убакытты талап кылды. Өзүмө араң келип,аны акырындык менен унута баштаганымда ал кайра көзүмө көрүнүп, аны менен бирге мындай нерсе ачыкка чыкты. Андан кийин тагдыр бизди жолуктурган жок,жолдорубузду кайра бириктирбеди. Бир айыл болгон соң,ошо айылдан деле,биздин сүйүүнүн себепчиси болгон Ысык-Көл жээктеринен жолугуп калуу мүмкүн деп ойлоорсуңар. Мен да ошентип ойлогом. Бирок,жараткан мени аяды көрүнөт. Бул байкушта жүрөк деле калбады,жан дүйнөсүндө бир эле боштук деп аяды окшобойбу. Аны дагы эки кыздын ортосунда калды деп,аны дагы аяды. Баягы китептен окуп калар элем,"Эки сүйүшкөн адам аруу сезимдерди булгап албаш үчүн үй-бүлө курушпайт" деген сыяктуу. Ошол сөздүн дагы юир канча чындыгы бардай. Бактым башка адамга жазылган болсо дагы,сүйүүм ошол камкор,ууртучасы бар,19жаштагы Бекназарда калды. Анын сөздөрүн көп эстечүмүн. Анан аны бир гана жакшы тараптан эстеп баштоону үйрөндүм. Менин жашоомдогу бактылуу барактардын башкы каарманы. Мен берилип,чын дилим менен сүйгөн адам. 16 жаштагы секелек кыздын капысынан кезиктирген тунук махабаты. Күн өткөн сайын өзүмө келип,жакшы жашоого умтулуп баштадым. Мурда ансыз деле жашоом өтө берерин далилдегим келип жашасам,бул жолу өзүм үчүн жашагым келди. Эми каалаганымдай жашайм дедим. 3-курста окуп жүргөнүмдө практикага барып,жакшы көрсөткүч көрсөтүп, ошол жумушка чакырышып алып калышты. Өзүм сүйлөө жагынан аксаганым менен,жазуу жактан кыйынмын. Кагаз толтуруп, акырындык менен макала жазууга өттүм. Анан бир күнү кеңседе отуруп китеп жөнүндө ой келип,"мен сен жөнүндө китеп жазам!" дедим. Ооба,бул ой дагы деле оюмда бышып жүрөт,качан толугу менен өзүмө ынанып,ишенгенимде китебимди чыгарам. Балким ал китепти Бекназар да окуп калар, же анын тууган-туушканынын колуна барып тиер. Анын жанында башка селки жанаша жүрсө да,менин бактыма башка жан себеп болсо да,Бекназар экөөбүздүн ортобуздагы сүйүүбүз өмүрүмдүн акыркы мүнөттөрүнө чейин жашайт. Ага болгон ак сүйүүм эч нерсе болбогондой менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө эч кимге айтылбаган сыр болуп сакталып калат. Көпкө чейин аны бошото алюай жүрүп, акыры ушул ойго келгем. Кии менен болсо дагы,анын бактысын тилейм. Кийин улгайып калганда капысынан баягы Көлдүн жээгинде колубузга неберелерибизди жетелеп алып кезигип калаарбыз. Ошондо жай гана аны баягы наристе кезимдеги сүйүүгө толгон көздөрүм менен карап,эски тааныштардай учурашып өтөм. Биз бирге боло алган жокпуз, демек тагдырларыбыз башка жандарда экен. Акыры ушундай жакшы ниет,ойлорум менен аны бошотууга эрким жетти.
Машинада бараткам,эмнегедир "бактылуу болчу жан элек"деген саптар оюман кетпей,дароо токтой калып кагазга жаза баштадым. Бул чын жүрөгүмдөн чыгып жаткан ыр саптар болчу. Баардык таарынычым, ызам,ыйлап жатып уктаган түндөрүмдү ушул ырга жазып, толугу менен аны кое бердим!

Баш ийбестен тагдырларга кебелбес,
Бөлүштүрүп сүйүүлөрдү тең эмес,
Мезгил келип,мүмкүнчүлүк болгондо
Баш тарттык биз бактыбыздан ченебес.

Бирок,тагдыр ага дагы карабай,
Тартып алды жылдарымды санабай.
Сезим деген жашай берет турбайбы,
Адамдардын жүрөктөрүн аябай.

Көздөрүң баарын айтып турса дагы,
Башканы айтып,өз сүйүүңдү танасың.
Мени өзүңдөн коргойм деген максат менен-
менден эмес,сен өзүңдөн качасың!

Жылдар өтүп сезим менен алышып,
Миң ажырап,кайра издеп табышып,
Сезимдерди алоолонтпой өчүрүп,
Качтык андан,башка жанга жандырып.

Бул сүйүүнү бир дагы жан эстебес,
Калса калаар жүрөктөгү бир элес...
Махабатты сактай албай калкалап,
Бул сүйүүдө сен жеңилдиң,мен эмес!

Келишип,бирде келишпей
Тиледик бирге болсок деп,
Өмүрдү сүйүп өткөргөн
Бактылуу болчу жан элек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Puper-pup   10 Июль 2020 - 22:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 27 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Окт 2021 22:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:UFC

Аягыбы ээ? Болдуву? Сүйлөшпөй кала бердиңерби ошо бойдон? Ырга сөз жок бали?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   KG1234567   10 Июль 2020 - 23:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 09 Январь 19
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 14:38
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения iiidahou (10 Июль 2020 - 02:10) жазган:

-Эрке,калганын айтпай эле койсомчу? Сени көрүп жүрөгүм ооруп кетти.
-Улант,-дедим көзүмдүн жашын аарчып. Мен башка нерсени күтсөм дагы,бүгүн мындай ачуу чындыктын көзү ачылаарын күтпөгөм. Артыман бирөө суу куйгандай,жок, суу да эмес. Миң канжар менен сайгандай туюлду. Андан ары угууга алым келбей,жүрөгүм чыдабай турса дагы,мен кандай адамды сүйгөм,ал адам мага кандай кыянат жасаганын билүүгө ынтызарланып турдум. Анын үстүнө Адилет сөзүн баштап алган. Андан көрө мунун баарын билбей койсом болмок...
-Эртеси күнү Бека көңүлсүз келде үйгө. Мени менен дагы сүйлөшпөдү. Потолокту тиктеп көпкө жатты,сурасам унчуккан жок. Анан эки күн өтпөй эле айылга акча салды. Мен ал акчаны тиги Малика бергенин досум айтпаса дагы, айдан ачык билип турдум. Анан шашпай отурган соң,өзү эле "Мен Эркени башкага алмаштырдым" деди башын жерге салып. Анын бул нерсеге айласыздан барганы,болгонго миң ирээт өкүнүп турганы кебетесинен көрүнүп атты. Аяп кеттим досумду,бир чети сени ойлодум. Сенин кандай сагынып,сенин кандай күтүп жатканыңды айтып ал, өзү жүрөгү сыздап кетчү. Кийин айтып берди,ошол күнү Малика акча берерин айтып сунуштаптыр. Бирок,албетте, ал акчаны кайра башка нерсеге алмаштырмак. Беканын үйдө түнөбөй,түштө келген себеби да ошол экен,Малика менен түн өткөрүптүр. "Андай кыздар келет,кетет. Эркеге бирин айтпасаң,билбей жүрө берет. Жүрөгүң тандаган адам мн бол!"деп экөөбүз сырдашып калганда кеңеш бердим. Бирок,кайдан? Ал Малика да жөн эмес экен. Каалаган учурунда берген акчасын милдет кылып Беканы алып кетет,биздин, үйдөгү эжелердин көзүнчө бир ийменип койбой Беканы айланчыктап эле калды. Ал эми Бека болсо сени ойлоп эле жүрдү, сыягы кыя албаса керек. Малика анын жанында көздөрү жайнап,бактылуу болуп, колунан келген нерсесин берип жүргөнү менен,Бекназар анын жанында бактысыз болчу. Өтө бактысыз...-деди ал да кейиген түр көрсөтүп. Менин оюма эмнегедир баягы түшүмдө көргөн боюнда бар кыз келди. Денемди муздак калтырак басып, жада калса сүйлөөгө тилим келбей калды.
-Ал... ал кыз... челкасы бар...
-Ооба,кара тору кыз болчу. Ата-энесине машина алып бергенин билсең керек?-башымды араң көтөрүп, кайра шылкыйтып алап буркурап ыйлап кирдим. Андан аркысын уга албайм,жок! Мага бул адамдын кыянаттыгы тургай,жалгыз таштап кеткени эле жетишет! Ал машинаны бир туугандары алып беришпеди беле? Акча чогултуп алдык дебеди беле? Мага салган акчаларычы? Ошол бузукунун акчасын салган эккн да? Мен сагынычтан чыдабай,түнү бою көз жашымды жаздыкка төгүп жатканда,ал тигиниси менен бир төшөктө жаткан экен да? Биздин үйлөнүү тууралуу кыялдарыбызчы? Биринчи түндү элестетип,анан шашпай туралы деп өзүбүздү кармаганыбызчы? Мендее өтүп,ал бекемирээк эмес беле? Айтор,ойлорум түбү жок санаага салды мени. Биринин артынан бир суроо жаралып, ага жооп таппай Адилеттин алдында жалдырап эле отуруп калдым. Ушунчалык бир убакта чын дилимен берилип сүйгөн,мен суктанган, мен ага бой түзөп үлгү алган адамым оюмда өтө пас,өтө кир,өтө жийиркеничтүү адам көрүнүп кетти. Менин ишенимимди, менин ыйга толгон күткөн күндөрүмдү, кыялдарымды, максаттарымды көз алдымда тебелеп жатты. Ага болгон аруу махабатымды ошол акчага,ошол кызга,ошол машинага алмаштырып кетти. Чогуу чечет элек го? Мага айтса мен деле колуман берген жардамымды берет элес го? Ак сүйүүмдү булгады! Биз сүйлөшүп жүргөн убактагы күндөрдү талдап,анын мага орой мамилесин, ар убак жоголуп жүргөн кездерин,анан кез-кезде "түшүнбөйсүң да,түшүнсөң кана?"деген сыяктуу сөздөрүн эстеп,бирде өзүмдү,бирде аны жемелеп жаттым.
-Бирок,ал Малика менен жүргөнү менен сени чын дилинен сүйдү. Ал Маликаны ээрчип кеткен сайын өкүнгөнүн байкачумун. Бир күнү сени үмүттөнүп жүрө бербесин, мамилеңди бүтүр десем,сенин жүрөгүңдү оорута албашын айтты. Анан сен... таблетка ичип алганда... ал артыңан кошо кетейин деди. Ушундай кабатырланды дейсиң,уктабай чыкты. Кетип калайын деп аз калды,бирок ал учурда Малика биротоло өзүнө байлап алган. Өзүнүн машинасын Бекага берип,Бека убактысынын баарын эле ошонусу мн өткөрүп калган. Башында унчукпай жүрүп,кийинчерээк сени айтып,аны менен бүтүр деп баштады. Бека кетип калайын десе эбак аяш апама чалып анын башын айлантып сүйлөшүп коюптур. Анын үстүнө үй бүлөсү анын кредит жаап бергенин билишчү экен. Сени ичимен аячумун. Сени менен сүйлөшпөй калгандан кийин да аябай кыйналды. Бирок ал эбак эле башка жолду тандап алган. Сенин жолуңду тосуп, бактыңды кармай албайт болчу. Айла жок,бошотту сени. Ошол учурларда баары кеч боло электе сага айтайын десем сен мага жооп бербей койдуң. Издейин деп,издеш оор болду. Баягы күндөн бери айтып берейин десем,артыман Бекназар аңдып туруп алды. Ал үйдөгү балдардын да жаагын басып жүрдү. Сени көрүп,муну билишиң керек деп ойлодум. Билем, мен досумдун сырын ачып,чоң күнөө кылдым. Бирок сенде да жүрөк бар. Сен сүйгөн адам кандай экенин билишиң керек болчу.
-Анысы каякта?
-Жакында келет деп атышат.
-Ушунун баарын баарыңар билип туруп,жалгыз мен эми билип атамбы?-дедим дагы деле көзүмдүн жашы токтобой агып. Андан да жаманы жүрөгүм канап жаткан. Жек көрүүм күчөп кетти,аны азыр барып эле жанын сууруп алгым келди,качандыр бир убакта менин жүрөгүмдү жулуп кеткендей. Сезимдеримди, ишеничимди,махабатымды тепселеди. Кандай сонун бактылуу түгөй болор элек? Биз кыялдангандай мен ак жоолугумду салына,тамагымды даярдап аны жумуштан күтүп алмакмын. Ал мени келер замат кучагына кысып,көтөрүп алып айлантмак. Эки жүрөк, бир сүйүү болуп баардык жакта чогуу жүрүп,эч ажырабайт элек. Кандай ажарлуу,акылдуу балдардын бактылуу ата-энеси болуп тарбия берет элек? Кандай өлкөлөрдү кыдырып,жашоонун жыргалына батмак элек? Бизди кандай жаркын келечек күтүп турган. Баарын бир заматта талкалады. Үмүтүмдүн баарын өчүрдү. Жүрөгүмдү музга айлантты. Менин аруу сезимдеримди өзү сүйбөгөн кызга,убактылуу акчага,убактылуу ырахатка алмаштырып кетти. Сүйүп туруп,сүйбөгөн адамын тандап кетти,бактысызым менин. Мен элестеткен аны менен бактылуулук дагы көз алдымда урап түштү. Менин дагы,өзүнүн да бактысына балта чапты. Аны сүйгөнүмө өкүнүп кеттим. Ал сезимдерди эч качан сөз менен айтып жеткире албайм. Адилет андан ары бирдемелерди айтып сооротуп жаткансыды, же алардын бири кулагыма кирсечи? Кулагым тунжурап,көздөрүм тумандап барып өзүмө келдим. Машинадан түшө калып,жерге шыпырылып отуруп калдым. Дале тиги Адилет сооротуп жатат. Ал телефонун алып ары жакка сүйлөшүп кетти,сыягы бирөл мн урушуп жаткандай. Келип менин колумдан алды. Мени мындай абалга жеткирип,ошол чындыктын бетин ачкан Адилетти да жек көрүп кеттим. Селт эттирип колумду тартып алдым. Мени арткы орундукка отургузуп,машинаны өзү башкарып айылды көздөй жөнөдү. Кеч кирип, караңгы түшүп калган. Мемиреген асман, сансыз жылдыздар жана жапжарык болуп тийип турган Ай. Машинаны токтотуп мени чыгарып дарбазадан киргизди. Анан ал бурулуп кеткен соң ал бирөө мн ызылдашып жаткандай дабыштар угулду. Ал үн мага өтө тааныш үн эле. Аны топураган адамдардын үнүнүн арасынан дагы тааныйт болчумун. Көчөгө чыгып ары бассам Бекназар менен Адилет жакалашып туруптур. Мени көргөн Бекназар тиги досун кое берип жаныма басып келди. Жаныма басып келди да карап туруп калды. Сөз айтып,үн чыгарууга ал тургай менин алдымда мынтип жалооруган көздөрү менен кароого да акысы жок эле. Адилет жаныма басып келип ийнимен алып:
-Жүрү,Эрке,сен эс алышың керек,-дегенинде колун жулкуп алып салдым ийнимден. Мен жөн гана тиги маңдайымда жалооруп карап турган көздөрдү,көөнүм толгон жек көрүү,жийиркенич, ыза жана жан дүйнөмдөгү кыйкырык менен карап турдум. Акыры анын чыдамы жетпей көздөрүн ала качты. Үчөөбүздүн бирибиз да унчукпай туруп калдык,ортодо тынчтык.
-Эрке...-деди анан араң үнүн чыгарып. Ошондо да башын жерге салып алып,көзумө кароого эрки жетпеди. Кантип жетсин? Жетсе дагы менин жек көрүүгө толгон көздөрүмдү тиктөөгө анын өкүнүчтү алган көздөрү туруштук бере албайт болчу.


iiidahiu,ушул жерден окуя кандай уланды. Сиз кыскартып жазып койдунузбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   iiidahou   10 Июль 2020 - 23:32

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 08 Февраль 19
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Просмотр сообщения KG1234567 (10 Июль 2020 - 23:16) жазган:

iiidahiu,ушул жерден окуя кандай уланды. Сиз кыскартып жазып койдунузбу?

Кечиресиздер, окурмандар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 11:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: