Суперстан: Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел)

#101 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   07 Декабрь 2020 - 18:35

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (07 Декабрь 2020 - 17:58) жазган:

Окурмандардын отунучун эске алып дагын жазып койчу жан.


****
- Жоок! Менден эч кандай маалымат ала албайсыңар! Мен талап коё элек жатып мени сурак кылууга акыңар да жок. Мен жөнүндө маалыматты билбей туруп айыптай албайсыңар!
Кабыл Токторович стол үстүндөгү кичинекей диктофондон чыгып жаткан үндү тыңшап олтурду.
-Ммдаа! Демек баш тартты.
-Ошондой, - деди Ильяз.
-Бул кызды ушул бойдон коюп жиберүү бул акмакчылык. Шер менен Альберт өз каналдары менен тартып кете алат. Ошого ишенип олтурат да бул.
- А эмнеге жогорудан буйрук келбей жатат сурак кылууга Кабыл Токторович? - деди Ильяз.
-Андай буйрук келбейт. Жогору тарапка Шер менен болгон байланыш өз чөнтөктөрүнө кандай пайда алып келерин сен элестете албайсың. Ушинтип жылдырып олтуруп акыры бир күнү коё беришет, - деди Токторович кейигендей.
-Мен бара берсем болобу?
Ильяз өзүнүн жасап жаткан жоругунан өзү уяла ыңгайсыз болуп ордунан козголду.
-Албетте.
Сыртка чыккан Ильяз шашыла машинасына олтуруп жөнөй берди. Туура эле байкеси айткан даректеги анын үйүнө келип кийимдерин которуп кайра жолго чыкты. Өзүнүн машинасын иштеген жериндеги унаа токтотуучу жайга алып келип калтырып, досу Акылдын жардамы менен ижарага алган Matiz үлгүсүндөгү унаа менен байкеси экөө келишкен жайга келип кабар күтүп турду.
Учурдагы Мая олтурган убактылуу кармоочу жайда белгисиз баш аламандык болуп кетти. Ким кайдан койгону белгисиз бөлүмдүн экинчи кабатынан капыстан өрт чыгып, ичкеридеги адамдарды эвакуациялоо башталды. Өрттү өчүрүүгө да негедир өрт өчүрүүчү топ ашыкпай келишкени таң калычтуу болду. Өрт өчүрүлүп, ал жердеги кармалгандарды башка имаратка жылдыруу убагында Аселди качырышты. Асел келген өрт өчүрүүчү топ менен алардыкына окшош формада чыгып кетти. Ильяздын байкеси дайындаган топ, Аселди айтылган дарек боюнча түшүрүп койду. Ошол жерден кызды Ильяз тосуп алып жөнөп кетишти. Асел жолдо баратып ыйлап өксүп, өксүп үнүн катуу чыгарып ыйлап жатты. Бир жагынан өзү үчүн аракет кылып, жанын тобокелге салып куткарган адам бар экенине кубанса, дагы бир жактан баары бир өзүнүн бул иштерине Ильязды аралаштырып, анын да тынч жашоосун бузганы үчүн ыйлап жатты.
Ильяз Аселди үйгө таштап дароо артына такси менен кайтты. Анткени азыр эле өздөрү жасаган кырдаалда үйдө болуусу шарт эле. Ал үйгө келгенде Айжан биринчи жолу өзүн тосуп албады. Күн сайын алдынан чуркап чыгып жаш баладай асылып ойногон аялынын бүгүн жок экени абдан таң калтырды. Жол бою "азыр Айжандын күнөөсүз көздөрүнө кантип карайм?" - деген кыжаалат ойдо чайналып келсе эми мынтип анын тосуп албаганына томсоро түштү. Атүгүл көнүп да калган экен бир нерсе жетишпегендей ээнсирей үйгө кадам койду. Ашканага кирген Ильяз стол үстүндө даяр болуп коюлган тамак ашты көрдү. Дароо өздөрүнүн уктоочу бөлмөсүнө чуркап барды, керебеттин үстү бош экен. Мээсине биринчи эле "Айжан кетип калды" - деген ой кадала түштү. Андан өтүп тай энесинин алдына чуркап кирген Ильяз ал жерде Айжандын уктап жатканын көрүп жүрөгү бир аз ылдый боло түштү. Кайра башын жерге салып ашканага келип олтурду. Жасалган дасторкондун үстүндө баягы Аселдин алмасы. Колуна алып жыттап жатып көзү кагаз конвертке түштү. Акырын колуна алып ачып көрдү. Эч нерсени түшүнгөн жок. Кичинекей УЗИ аппаратынан чыккан сүрөттү ары - бери айлантып жатты. Артында жанатан карап турган Айжан бырс эте күлүп ийди эле Ильяз чоочуп кетти.
-Бул эмне? - деди түшүнбөй.
-Булбу?
Айжан акырын басып келип Ильяздын колдоруна курсагын койду.
-Бул деген жашоо. Бул деген сенин бөлүгүң!
Ильяз дагы түшүнбөгөндөй бирде Айжанды бирде колдору турган анын курсагын карап турду.
-Тентек, биздин балабыз! - деди Айжан күлүмсүрөп.
Эми эсине келгендей Ильяз ордунан тура калып Айжанды кучактап алды.
-Чынбы?
-Ооба,чын.
-Качан төрөлөт?
-Алты айдан соң?
-Эмнеге ошончо узакпы?
-Тентек бала тогуз айда төрөлөт да, бул азыр али кичине үч ай.
-Эмнеге үч айдан бери мага айткан жоксуң?
Ильяз Айжандын жүзүн өзүнө буруп көздөрүнө карады.
-Өзүм кеч билдим,анан айтууга сен такыр үйдө болбой.
Алдында күнөөлүдөй башын жерге салган Айжанды аяп кетти. Кайра кучактап маңдайынан жыттап турду.
-Кечирчи, жумуш көп болуп, - деп күбүрөнө сүйлөнүп жаткан Ильяздын ичин кандайдыр бир башкача сезим аралап өттү. "Балам" - өзгөчө жылуу сөз жан дүйнөсүн жибитип, баарын унуттуруп атүгүл Аселди да мүнөткө эсинен чыгарып ийди. Телефонуна келген чалуудан селт эте чоочуп телефонду көтөрдү.
-Азыр барамын!
Бажырайып турган Айжандын жүзү заматта мостойо жаш баладай оозун чүйрүп алды.
-Сен дагы кетесиңби?
-Барбасам болбойт, билесиң го...
Ильяз шашылып үйдөн чыгып баратып такси чакырды.
-Ар бир камераны бирден текшерип чыккыла! - деп кыйкырган Токторовичтин үнү бүтүн бөлүмгө угулуп жатты. Саат түнкү 12 ни кагып турса да кадимкидей кызматкерлер ары - бери басып ар биринин жүзүндө чочулоо менен убайым жаткан. Аңгыча ичкериден ачуулангандан жүздөрү кызарып кеткен жетекчиси чыкты.
-Кабыл Токторович!
-Кеттик, - деген ал Ильязды күтпөстөн шашып басып баратты. Соңунда Ильяз.
Туура эле дал бүгүн Аселди качырган имаратка келишти. Ильяз келгенде Акыл да, байкеси да ушул жерде жүрүшүптүр. Астыртан бирин - бири карап коюшкан үчөө үнсүз гана башка кызматкерлерге аралашып, эч нерседен кабары жоктой жүрүштү.
Асел бул үйгө келгенден сыртка эмес олтурган бөлмөнүн бурчунан жылган жок. Чачтарын жазып, эки тизесин кучактап мелтиреп баарын таразага салып жаткандай ойлуу олтура берди. Бир убакта шарактаган сырткы эшик ачылганда ордунан туруп бөлмөнүн төрүнө жылды. Корккондон жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү өзүнө дейре угулуп чаап жиберүүгө даярданып, колуна илинчү нерсе издеп жатты.
-Асеел?
Төркү бөлмөгө өтүп жарыкты жандырган Ильяз Аселди көрүп каткырып жиберди. Чачтары жазылып, чоң көздөрү корккондон андан да чоңоюп, колунда болсо кол чатыр, уруп жиберүүгө даярданып туруптур. Чын эле кыздын бул көрүнүшү сырттан караган адамга абдан күлкүлүү эле.
-Ильяз!
Асел ыйламсырап жиберди. Жанына келген Ильяз колундагы кол чатырды алып, саамайына түшкөн чачтарын сылады.
-Эмне корктуңбу? - дели мээримдүү.
Асел жооп бергендин ордуна жөн гана башын ийкеп койду.
-Коён жүрөк десе!
Мурдунан эркелетип чымчыган Ильяз Аселди катуу кучактап алды.
-Мен бармын эми. Коркпо. Кандай кырдаал болсо да сени коргой аламын!
Аселдин көздөрүнөн эрксизден дагы тамчылар кулай берди. Ал ушунча жылдан бери кудум ушундай мээримге, мына ушундай коргоого муктаж болуп келбеди беле. Жетимсиреп жалгыз калган күндөн баштап бирөө маңдайынан сылап "мен бармын!" - деген сөздү айтуусун каалаган.
-Ээй, токточу сен эмне ыйлап жатасыңбы? Бери карачы? - деген жигит Аселдин жүзүнө үңүлдү.
-Мен сени күчтүү экен десе.
-Сенин алдыңда эмес, - деди Асел жылмайып.
-Тамактандыңбы?
-Жок.
-Эмнеге? - деген Ильяз кызды колдон алып ашкана тарапка жөнөдү.
-Асел тамак жаса мен жаныңда кобурап берем.
Асел жайылган чачтарын төбөсүнө байлап, Ильязды бакырайган көздөрү менен ирмегилеп карап алды.
-Эмне болду?
-Мен тамак жасай албаймын да, - деди жер тиктеген Асел.
-Чын элеби?
-Ии,
Асел башын ийкегиледи.
-Дайыма тамакты кызматкерлер жасап, - деген сөзүн улай албай ашканадагы столдун чекесин кармалап эрдин тиштеди.
-Жумурткачы?
Асел баш чайкады.
-Макул анда эмне жегиң келди?
-Манты, - деген Аселдин көздөрү жайнап кетти.
Телефондон тамак заказ кылган экөө ашканада маңдайлаш олтуруп тамактанып жатышты. Кудум эле бала кезиндегидей кудуңдап кубанышкан алар бирде тамакты, бирде суусундукту талашып жатышты.

Күндөр өтө берди. Ильяз күн сайын Аселдин алдына келгени менен кыз мында түнөп кетүүсүнө уруксат берчү эмес. Кыйылып жатып араң жанынан кетет. Бул жака келе жатканда көңүлү куунак болуп, айлананы суктана карап атүгүл кымыңдап ырдап алыр келсе, кайтып бара жатып жүрөгүнүн бир бурчу муздап эңшерилип кеткендей маанайсыз кетет. Кала берсе курсагы томпойуп чыгып, өзүн күткөн Айжандын көздөрүнө кароо баарынан да кыйын болду. Дайым шаар кыдырып же башка болуп түн жарымда барат үйгө. Асел канчалык жанынан эрте кууганы менен теңселип үйгө бара албай жүрө берчү болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   07 Декабрь 2020 - 21:12

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

-Кабыл Токторович муну карасаңызчы?
Токторович Асел качкандан бери ошол иш боюнча бир илинчек таап алчудай изденип жатты. Алгач "атайын жогорку тарап уюштуруп качырып жиберди" - деген ойдо болгон. Бирок эртеси күнү эле жогорку тараптан чалып, телефондон чыгып кетчүдөй айкырган министрди укканда ал ою туура эмес экенине ынанды.
-Таак эмне экен?
Көз айнегин тагынып жанында шыпылдап жүргөн жардамчысы көрсөткөн сүрөткө үңүлдү.
-Маани берип караңыз. Бул Мая, жабык кечеде тартылган сүрөтү, мойнундагы кызыл жоолук. Андан кийинки сүрөттө ошол эле кызыл жоолук колунда бантик болуп байланып турат. Мына сүрөттө сумкасында, мунусунда чачында экен.
Токторович астында жайнаган ар түрдүү сурөттөрдү карап олтурду. Кыздын ар бир образы бири - бирине окшобой такыр башка адамдай. Биринде кара чачтуу, биринде сары, дагы биринде тармал ак чач... деги койчу ушунун баары бир кыз экенине ишенүү кыйын.
-Анан? - деди Токторович сүрөттөрдү көрүп болуп, ары жылдырды да көз айнегин ылдый түшүрүп жардамчысын карады.
-Эми мобул сүрөттү караңыз, бул анын кармалганда жанынан алынган буюмдары. Бул жерде да кызыл жоолук турат. Ал эми бул кече ал качкандан кийинки анын буюмдарын текшерип жатканда тартылган сүрөт. Бул жерде ошол жоолук жок. Документин да албаган,бирок жоолукту алып кеткен.
-Кандайча? - деген Токторович башын кармады .
-Демек...
-Демек ушул нерседен илинчек тапсак болчудай. Бул жоолук ага кымбат болгону билинип турат.
-Ооба, бирок Маянын өткөн жашоосун эч ким билбейт.
Чын эле башы катты Токторовичтин. Тиги чөйрөдөн эч ким аралашпаган болсо, анда үчүнчү тарап барбы? Деги Маяга кызыкдар адамдар көп эмеспи? Бирок ошондо деле мурдубуздун астынан качып кеткени шектүү. Демек өздөрүндө иштеген бирөө сөзсүз жардам берген. Бирок ким?...

******
-Мен сага эмне дегем?! Сен!
Колдору титиреген Шер бөлмөнүн ичин оодарып салып, бут алдында чачылып жаткан буюм кагаздарды тепселеп жүрдү.
-Кантип качат? Ким качырат? Аселдин кайсы таанышы бар ал жайда?!
-Шер,
-Эмне Шер?! Колуңдан бир ишти бүтүрүү келбеди. Тергөөнү күтөм деп. Мына эмне болду.
-Табабыз!
-Табасың! Башка чараң да жок! Бүгүндөн калбай КР га учасың да, бир жуманын ичинде Мая менен алдыма келип каласыңар! Болду сөз бүттү. Чыгып кет!
Шер андан аркысын уккусу да келбеди. "Мая кайтышы керек!" - деп жатты кайталап. Ошол эле убакта анын тээ баягында Москвадагы төрөт үйүндө өзүн жек көрүүгө толгон көздөрү менен карап "Түбүңөргө жетем!" - деген сөзүн эстеди. Шеф өлүм алдында жатып, өзүнүн ордуна Шерди коюп кеткен. Чөйрөдөгү даражасы кыйла жогорулап калганы менен толгон маселелерди чече албай аксады. Көрсө даяр эмес экен. Шеф айткандай курч абалга жете элек, мокок бойдон турбайбы. Өзү бир топ аксап, жаралаган толгон маселелерди чече албай, крим чөйрөдөгү авторитетин жоготуп баратканда Маянын мынтип колго тушүп андан ары изин суутуп жоголуп кетиши чоң сокку болду. Азыр ушул тапта мамлекет менен кримдүйнө ортосундагы байланыш, кырдаал чыңалган абалга жетти. Бир канча мафиоздор да аралашып кетти. Ортодогу маселе Маянын жоголушу. Мамлекеттин бийлик өкүлдөрү да, крим дүйнөнүн адамдары да биле албай калышты. Ал эми бул сырдын түйүнү жалгыз Альбертке гана маалым болчу.

********
Окшош күндөр. Асел жөнөкөй адамдардын жашоосуна кыйла көнө түштү. Атүгүл эрте менен ойгонгондо өзүн болуп көрбөгөндөй бактылуу сезип жылмайып алат. Ильяз Аселдин суранычы менен күндө келбей, жумасына эки жолу гана келип кетчү болду. Ильяздын абалы түшүнүксүз. Айжандын жанына келип, курсагын кармалап баласы үчүн өзүнчө бактылуу, Аселдин жанына жетип жүрөгү тынч алып башкача магдырайт.
Бүгүн Ильяз келчү күн. Асел өзгөчө даярданып күтүп олтурду. Бая күнү Ильяз өзү көтөрүп келген гүлдүү узун көйнөктү кийип, башына кызыл жоолукту салып алды. Мына эшик ачылды.
-Асеел?!
Эшиктен кирип кирбей жатып кубанычтуу кыйкырган Ильяздын алдынан чыкты.
-Асел, мен. Мен уулдуу болдум! - деди Ильяз оозу кулагына жете кубанып. Асел бир нече мүнөткө катып калды да, кайра өзүн колго алып:
-Куттуктаймын! Өмүрү, ата - энеси менен берген болсун! - деди Ильязды кучагына кысып.
Ильяз эми гана Аселдин абалын түшүнүп өзүн ыңгайсыз сезип кетти.
-Рахмат! - деди акырын.
-Жүр үйгө өт.
Ошол күнү оңдуу деле сүйлөшө алышкан жок. Бир одеялого оронуп алышып алдындагы телевизордогу кинону көрүп жатышканы менен экөө тең өз ойлору менен алек болчу. "Эмне кылып салдың Асел? Мунун өз жашоосу бар экенин унуттуңбу? Сен пайда болбошуң керек. Сен кетүүң керек!" - деп жатты Асел ичинде.
"Көңүлүн оорутуп алдым. Периштем, кичинекейим менин ушул жарык дүйнөгө келген уулумдун апасы сен болууң керек эле!" - деген Ильяз кыздын маңдайына түшкөн бир тал чачын колдору менен алып маңдайынан өөп алды.
-Ильяз кеч болуп кетти, - деди Асел шыбырап.
-Кет дебечи..
-Кетүүң керек.
-Айжан жок го...
-Ильяз! - деген Асел жигиттин кучагынан бошонууга аракет кылды.
-Кечир! Бир аз. Бир аз турайын кетем.
Ильяз ансайын өжөрөлөнө кызды бекем кучактап алды. Ушинтип , ушул калыпта сүйлөшпөстөн жөн гана бири - биринин демин тыңшап,жүрөктөрүнүн кагуусун угуп дагы бир саат олтурушту.
-Ильяз! - деди Асел өзүн колго алып. Анткени азыр дагы бир аз ушинтип турчу болсо жигиттин демине баш айланып өзүн жоготуп коймок.
-Макул, кеттим, - деген жигит да таарынгандай ордунан туруп эшикти көздөй жөнөдү. Артынан босогого чейин узатып келген кыз, коштошоордо Ильяздын чачтарынан уйпалап сылап алды.
-Эртең келем!
Ильяз чыгып кетти. Эшик жабылып кулпуну илери менен Асел турган ордуна шалак эте олтура кетти да, буркурап ыйлап жиберди. Биринчи жолу көөдөнү ачышып кызганычтан өрттөнүп жатты. Биринчи жолу Ильяздын жубайы Айжанга, анын тоодой бактысына көз артып ыйлап жатты. Анын ордуна өзү болуусу керек экенин элестетип бакырып бакырып алды. "Кетүүм керек!" - деди көз жашын титиреген колдору менен сүртүп. "Бул жерде сенин ордуң жок. Алардын, Айжандын бүтүн бакытын бүлүндүрүүгө акың жок!" - деп жатты өзүнө. Бирок кайда, качан кетерин билбейт. Аселдин чаташкан ойлорун эшик коңгуроосу бузуп ийди. "Дагы ачкычын унуткан го?" - деген кыз шашыла көзүндөгү жашын аарчып эшике карай басты. Анткени эки үч жолу Ильяз ачкычын унутуп кайра келген эле. Эшикти ачкан Асел ошол ордунда дел болду. Маңдайында Ильяз эмес, Альберт турган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Bazana   08 Декабрь 2020 - 13:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Жиндирак айт жазсын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   ASA79   08 Декабрь 2020 - 14:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Жакшы сериалдай болуп кызык жерине келгенде,токтоп калды

Билдирүүнү түзөткөн: ASA79: 08 Декабрь 2020 - 14:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Komar   08 Декабрь 2020 - 19:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 14 Июль 20
  • Соңку аракети: 18 Сен 2021 14:40

Жиндирак,Жалгызымдан жаз деп суранынызчы, кутуп калдык!.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   ShaKe11   09 Декабрь 2020 - 00:09

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Жалгызым жазып койчу алтыным
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   jindirak   09 Декабрь 2020 - 19:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Биротоло бутуруп салбайсынбы Жан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   09 Декабрь 2020 - 19:37

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (09 Декабрь 2020 - 19:22) жазган:

Биротоло бутуруп салбайсынбы Жан


Асел канчалык коркуп кетсе да өзүн колго алды. Эшикти жапмакчы болгондо Альберт буту менен босогону тиреп турган экен.
-Эмне керек?
-Сүйлөшүү керек, - деген Альберт кыздын жообун күтпөстөн үйгө кадам койду. Жупуну, бирок таза эки бөлмөлүү үй. Альберт бутун да чечпестен төркү бөлмөгө өттү. Жарык өчүрүлүп телевизор күйүп анда мультфильм болуп жатыптыр. Маңдайындагы диванда чачылган чипсы менен чоң одеяло, эки адам олтурганы билинип турат.
-Мая! - деди Альберт жарыкты күйгүзүп.
Ильяздан кызды ушунчалык кызганып турду. Шарты жок могу үйгө караганда заңгыраган особнякта үйгө кинотеатр койдурткан, бирок Асел бир да жолу баш багып карап койгон эмес. Канчалык өзүнөн коркуп турганы менен алдына жалтанбай басып келген Аселдин көздөрүн тиктеди. Бирок бул жолу баягы муздак кара көздөр эмес, жалындуу, кумарлуу, жашоону сүйүп караган, үмүткө ,арзууга толгон жапжашыл таза көздөргө кабылды. Тээ илгери кызды биринчи жолу кезиктиргендеги баё, кирсиз таптаза каректер! Өзүнүн акылын ошол ирмемде уурдаган периштеникиндей үлбүрөгөн жүзү, эрди, мурду... Кызга жакындай бергенде мурдун өрдөп кеткен жагымдуу, таттуу жытына баш айлана түштү.
-Эмне каалайсың? - деди Аселдин үнү жумшак.
Артка кетенчиктеген Альберт эми кыздын тулку боюна көз жүгүрттү. Кудум Аселди биринчи жолу көрүп жаткандай абдан берилип тиктеп жатты. Келбетине жарашкан узун көйнөгү, башындагы кызыл жоолугу болор болбос ылдый шыпырылып, андан саамай чачы чыгып турат.
-Эми чындап баягы Асел болупсуң! - деди Альберт акырын.
-Кайсы?
-Чыңгыз Айтматовтун "Кызыл жоолук делбири" - деди күлүмсүрөп.
Асел таң калды. Альбертти билген он жыл аралыгында биринчи жолу ушундай күлгөнүн көрүптүр. Ырас каткырчу, бирок муздак, жасалма...
-Абдан жарашыптыр. ..
Күбүрөнгөн Альберт диванга олтура кетти.
-Кайдан таптың? - деди кыз бир убакта ага жакын келип. Мурдагысындай коркпой, чаап жиберет деп үркпөй жакындаган Аселге элжиреп тиктеди. Канча жолу сабап салганын эстеп, мынабу аппак жүзүн канга боёп кумардан чыккан күндөрүн эстеп жүрөгү тилинип жатты Альберттин.
-Ким экенибизди, чөйрөбүз кандай экенин эсиңден чыгардыңбы Асел?
Кыздын бакырайган көздөрү чоңоюп кетти. Анткени Альберт дайым Мая деп кайрылчу. Бирок чын эле унуткан сыяктуу "кара дүйнөнү". Ал чөйрөдө мынабу мамлекеттин ичиндеги кабыр эткен кыймыл да билинип, кабар жетип турат эмеспи.
-Асел! Сенин бул образыңа Мая деген такыр коошпойт экен, - деди .
-Шер да билеби? - деген кыз Альберттин маңдайындагы креслого олтурду.
-Жок! - Альберт ызалуу баш чайкады.
-Анын оюна да келген жок! Силердин сүйүү баяныңарды унутту дейсиңби? Ильязды жандан артык сүйөөрүңдү байкабайт дедиңби? Алыста болсом да Ильяз тууралуу бардык маалыматка ээ болчумун. Анын сени жылдап издегенин да билем. Оюмда сени "Ильяздын өмүрү менен коркутуп кармап калам" - деп жүрчүмүн. Бирок сен бир да жолу качпадың, тек гана өмүрүңө кол салып жаттың. Сен колго түшкөн күндөн эле билем баарын. Ильяз сага жолукканын, ал качырып чыкканын.
-Ильяздан алыс бол! - деди кыз үнүн катуу чыгарып.
-Жок, ага зыянымды тийгизбейм. Эгер сен..
-Эмне эгер мен? Сени менен кетүүм керекпи э? Менимче өзүң айткандай Ильяздын өмүрү менен мени коркутуунун учуру келди да.
-Сен мынтип гана жоголуп кете албасыңды билет болчусуң.
-Жок, барбайм десемчи сен менен? Күч колдоносуңбу? Же дагы сабайсыңбы?
-Жок, бирок сен каршылык кыла албайсың. Бул жерде кала албасыңды да билесиң. Ильяздын өз турмушу бар экенин да көрдүң. Сен өзүң анын жашоосун бузуудан коркуп, өзүңдү курмандыкка чалып жашабадың беле? Эми анын тагдырын өз колдоруң менен талкалаганы турасың. Билесиңби сени качырганы билинсе аны кандай жаза күтүп турганын. Мамлекет го мейли,чыккынчы деп абака кесип жиберет. Андан ары ойлодуңбу? Абакта анын күнү эмне болоорун, Шерди билесиң. Анан калса абакта, мурунку милиция кызматкери, болгондо да тергөөчү түшкөнүн билсе ал жактагылар соо чыгарбайт экени эсиңден чыгып кеттиби?
Заматта Аселдин көз алдына Ильяздын түрмөнүн караңгы бөлмөлөрүндө тепки жеп жатканы, Шер Ильязды кыйноого салып жатканы тартылып кыйкырып жиберди.
-Жооок!! Эч качан андай болбойт!
-Ооба, анын өмүрү сенин колуңда!
Асел ыйлап жатты. "Эми жеттим" - деген бактысынын ушунча кыскалыгына өкүнүп ыйлап жатты.
-,Асел сөз берем сен кайра бул дүйнөгө аралашпайсың. Шердин алдына да барбайбыз. Башка жактарга алып кетем. Болгону мени менен кетсең болду...
Альберт титиреп ыйлап жаткан кыздын ийинине колун коюп сүйлөп жатты.
*******
Кабыл Токторович Асел менен кошо жоголгон кызыл жоолукту уккандан бери ошол мекемеде иштеген ар бир кызматкерди чакыртып, сурак жүргүзүп жатты. Анткени сөзсүз өздөрүнөн бирөө жардам бергени көрүнүп турат. Бирок эч кандай илинчек жок. Акыры сурак кезеги Ильяздын досу Акылга жетти. Шыпылдап,адамдын ичи койнуна кирип чыга турган мүнөзү бар бул жигит негедир Токторовичке шектүү туюлуп, эки күн катары менен чакыртты. Биринчи күнү башка маселелер боюнча сүйлөшүп, эгер ошол кыз жөнүндө ким кандай маалымат айтса, жогорку кызмат убада кылынганын , бул кабар анонимдүү түрдө болоорун кошумчалаган.
Кызмат,акча, бийлик, мансап кимди гана жолдон чыгарбады дейсиң. Адамзаты эч качан бул амалга тойбосо да артынан чуркай берет экен го. Ильяздын досу да мансап үчүн, кызмат үчүн достуктан кечип кетти. Ортолорундагы достукта алмашып жиберди. "Кан досум,жан досум" - деп жүрүп ошол досуна кыянат кылды. Бир жагынан анын бул кадамга баруусуна ичиндеги көрө албастык да себеп болду. Ильяз анын көзүндө аябай ийгиликтүү эле. Айжан да аны сүйүп калды. Жетекчинин жалгыз күйөө баласы болуу бардык эле кызматкерлердин кыялы эмеспи? Оюнда азыр Ильязды салып берсе ,ал абака түшөт. Мунун кызматы көтөрүлүп, "мүмкүн Айжандын деле көңүлүн алып үйлөнүп каламбы?" - деген арам ойго жетеленди. Ильяз менен Аселдин сүйүүсүн Токторовичке айтып берип, аны кантип качырып жиберишкенин бери сүйлөп берди. Токторович кызыл жоолуктун баянын да эми түшүндү.
-Ит! Акмак! Кантип менин жүзүмө карап жүрөт?!
Өзүн кармай албай туталанып кетти.
-Кыз кайда азыр?
-Ошол даректе, - деди Акыл бүжүрөп.
Токторович үстүнө күрмөсүн көтөрүп чыгып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   09 Декабрь 2020 - 19:41

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

*******
Асел бул күнү өзгөчө болчу. Күндөгүдөн шаңдуу куунак. Бала күнүндөгүдөй күлкүсү катуу чыгып, шоктонуп олтурду. Ильяз экөө бул күнү көпкө чейин бирге болушту. Башына жоолукту ороп салган кыз Ильяздын жетегинде шаар кыдырып жүрдү. Айлананы суктана карап, улам көздөрүн жумуп терең дем алып жаткан кызды көрүп Ильяз эркин жашоону сагынган үчүн деп болжоду. А бирок кыздын бул шаар менен өз ичинде тымызын коштошуп жатканын сезбеди. Үйгө абдан кеч кайтышты. Кубалашып кирип келген алар босогого жеткенде дымып, жөн гана бирин - бири тиктеп тура беришти. Ильяз кызга жакындап мурдуна мурдун тийгизип алды. Ильяздан чыккан дем, белинде оролуп турган анын оттой ыссык колдору кыздын ичин куйкалап, өзүнө да баш ийбеген бир тентек сезим оргуштап кантип жигиттин эрдине өзүнүн эрини жакын келип чапташып калганын аңдабай калды. Асел көздөрүн жумуп жиберди. Акылдан аздырып башка ааламга алып учкан таттуу өбүшүү көпкө барып басылып, экөө тең энтиккен демдерин баса албай түрушту. Ильяз кыздын жүзүнөн акырын өөп, моюндарынан аймалап жатты.
-Ильяз!
Асел жалбарыңкы үн катты.
-Унчукпачы суранам?! Периштем...
Ильяз жалындуу шыбырап кызды так көтөрө бөлмөгө кирип кетти...
Ильяз ашкана тараптан чыккан үндөн ойгонуп терезени караса күн эбак чыгып көтөрүлүп калган экен. Жаткан ордунан бир канча үбакыт турбай бактылуу жылмайып магдырап жата берди. Бир убакта колдорун керип ордунан козголо ашкана тарапка өттү. Асел чачын төбөсүнө байлап күйүгүп шашыла бир нерсе бышырып жаткан экен. Артынан келген Ильязды кызды кучактап алды. Көздөрүн жумуп чачтарынан ырахаттана жыттап койду.
-Сен тамак жасаганды үйрөндүңбү? - деди бетинен өөп.
-Сага өз колдорум менен акыркы жолу жасап берейин деп, - деген Асел күлүмсүрөдү.
-Акыркы жолу?
Ильяз түшүнбөгөндөй бир кашын көтөрүп сурады. Ошондо гана Асел ичиндеги оюн сыртка айтып алганын түшүндү.
-Ой биринчи жолу! Могуну бышырам деп, башым да чаташты, - деди кыз шашыла сөзүн оңдоп.
-Ошондой десең, менин эң бактылуу күндөрүм башталганда акыркы жолу дебей.
-Бар жуунуп чык. Тамактанабыз.
Асел Ильязды шаштырып түрткүлөп ваннага киргизип жиберди да, ашканадагы стулга олтура кетти. Көзүнөн тамган жашты сүртүп "Асел шек алдырба! Баары жакшы болот. Сенде эмес, бирок Ильязда баары сонун болот! " - деп жатты.
Сүлгүгө жүзүн аарчып чыккан Ильяз столго олтуруп жатып:
-Оо омлет! - деди кол чаап.
-Кел чай.
Экөө дагы адатынча тамак талашып, бири- бирине тийишип жатып тамактанышты. Эшик оозуна узатып келген Асел Ильяздын көйнөгүнү жакасын түздөп жатып жакын келип, жигитти шуу этип жыттап алды.
-Ээй, сагынбай тур. Кеч келемин, - деген Ильяз кыздын жүзүнөн өөп сыртка чыкты. Эшикти ачып ошол турган калыбында катты. Анткени маңдайында жетекчиси Кабыл Токторович менен кошо кармоочу топ турган.

Ильязды ээн бөлмөгө алып кирип салышты. Жалаң дубал болуп, төбөдө гана кичинекей терезеден жарык түшүп турган бөлмөдө ары - бери басып жүрдү. "Кантип таап келишти? Ким айтты? Асел эмне болду экен? " - деген суроолор мээсинде айланып өзүн коёрго жер таппай тар бөлмөдө капаска түшкөн куштай тыбырчылай берди. Бир убакта оор болгон темир каалга ачылып Кабыл Токторович кирип келди. Ильяз алгач корккондон денесин майда калтырак басып, артка кетенчиктей берип кайра чыйралды.
-Кабыл Токторович!
-Жап оозуңду! Сөз да сүйлөбө! Мен сүйлөймүн! Эң оболу жооп берчи Айжандын эмне күнөөсү бар? Кызым сага эмне душмандык кылды анын жүзүнө бут коёсуң?
Токторович бакырып жатты. Атүгүл Ильязды эки - үч жолу чаап да жиберди. Ильяз үн катпастан туруп берди. Азыр ал адам сүйлөчү сөздүн баары туура болчу.
-Сен акмак! Сени мен ушул түрмөнүн түбүндө чиритем!
Чыгып кетти Токторович. Теңселе басып башын мыкчый олтура калды Ильяз.

Асел олтурган бөлмөгө Альберт кирип келди. Ордунан атып турган кыз жигитке жетип келип жүзүнө чаап жиберди.
-Сенин ишиң да бул!
-Жок! Асел жок мен убадамда туруп сени күттүм. Эми гана уктум силерди кармап кеткенин.
Кыз көз жашын төгүп башын чайкады.
-Ильязга зыян жеткирбейм дегенсиң!
-Чын эле менин ишим эмес бул.
Бөлмөнүн бурчуна тыгылып олтура кыз көпкө ыйлады. Анан бир убакта эсине бир нерсе түшкөндөй Альберттин алдына келди.
-Сактап кал! Суранам сенден! Ильязды бул жактан чыгар. Акысына каалаган ишиңди жасаймын. Шер менен сага өмүр бою кул болуп өтөйүн, бирок аны бул жактан чыгар! Альберт түшүнчү жашоомдогу менин жалгыз адамым Ильяз. Андан башка эч кимим жок. Эми аны да мен үчүн тагдыры талкаланып кетүүсүн каалабайм!
Асел биринчи жолу чөгөлөп Альберттен суранып жатты.
-Бул менин колумда эмес!
-Билем сен чече аласың! Куткар аны...

Токторович кызы Айжан жаткан төрөт үйүнө келди. Бүгүн чыгышмак. Бөлмөсүндө Ильязды күтүп олтурган Айжан өңү бозоруп кирип келген атасын көрүп чочуп кетти.
-Ата?
-Кызым! - деген Токторович кызынын маңдайынан сүйдү.
-Жакшысыңбы ата?
Айжан шаштысы пас атасынын түрүн көрүп ого бетер чоочуп турду.
-Ильяз кайда? Келдиби?
-Жок.
-Анан? Эмне келбейби?
-Кызым сени үйгө чыгарып кетели? Бир тыңып алгыча биздикинде бол, кандай дейсиң? - деди атасы сөздү буруп.
-Жок, ата биз өз үйүбүзгө кетебиз. Тай энем камынып жүрөт да. Ата эмне болду айтчы эми? Бир нерсени айта албай жаткандыгыңды көрүп турам го.
-Кызым ,сен акылдуусуң, - деген атасы сөздү атайы алыстан баштады.
- Ильяз издеп жүргөн кыз жөнүндө билет белең?
-Аселби? Табылдыбы? - деди Айжан кубангандай. Токторович кызынын ушунчалык тазалыгына, ичи кеңдигине таң берип да, суктанып да турду. Анан баарын шашпай айтып берди.
-Кызым сен кандай десең баары ошентип бүтөт. Сенсиз мен чече албайт элем кызым.
-Ильяз кайда азыр?
Айжандын жүзү сумсайып мелтиреп олтурган бойдон сурады.
-Камап салдык.
-Асел..
-Аны да, - деди атасы.
Ортодогу бир канча мүнөттүк тынчтыктан кийин Айжан:
-Ата, - деди кайраттуу.
-Ильязды коюп жибер.
-Эмне?
Токторович ишенбегендей кызын таң кала кайра сурады.
-Ооба, коюп жибер ата. Мен аны кечирдим. Ага турмушка чыгып, башымды байлап жатканда эле баарына даяр болгом. Бир күн келип баары бир ошол издеген кызы каршылаш чыкса Ильяздын колун коё берип жол бошотууга даяр элем. Анткени Аселди сүйөт ал. Сен аны камап, керек болсо өлтүрүп салсаң да Аселди сүйгөн бойдон кетет. Ильяздын жанында мен өзүмдү бактылуу сездим. Анын бөлүгү менде бар. Кааласа алдыма келип жашасын, мен өмүр бою бул теманы козгобойм. Ата ортодо уулубуз бар. Анын келечеги да биздин колубузда. Тай энем бул кабарды укса жыгылып калаары анык.
Токторович кызын бооруна басты. Кызындагы ушунча айкөлдүк, кечиримдүүлүк кайдан экенине таң. Өзү ойлогондон да алда канча акылдуу экен кызы көрсө. Азыр укса чыр салат, башка аялдардай болуп карганат деп күткөн. Мынчалык токтоолук менен кабыл алып, чечип, кечирип коёрун да күтпөгөн.

**********
Асел ак калгаанын алдында кыйла турду. Ичинде өзүн эмне күтүп турганы белгисиз болгон бул үйдүн коңгуроосун басканга даай албай, колундагы Альберт берген даректи дагы бир ирет карап алды да болгон күчүн жыйнап терең дем алып эшик коңгуроосун басты.
Каалга ачылып андан өзүн күлүмсүрөп карап турган Заринаны көрүп көздөрү чоңоюп кетти.
-Зари? - деди араң оозун кыбыратып.
-Аселка?!
Бир убакта барып гана өзүнө келген Асел Заринанын кучагына кулады. Кудум апасын көргөн жаш баладай өрөпкөп ыйлап жатты.
-Кудайга шүгүр! Жаратканга миң мерте шүгүр! - деп шыбырап жатты ый аралаш.
Үйгө кирип жайланышып олтурган соң дагы эле Асел ишене албай Заринанын колдорун кармалап жатты.
-Кантип Зарина?
-Альберт сөзүндө турду, - деген Зарина көзүнө келген жашты сүртүп алды да Аселдин чачынан сылап күлүмсүрөп:
-Дагы бир жолугушууга даярсыңбы? - деди сырдуу.
-Дагы бир? Сен. Шер ушул жердеби? - деген кыздын көздөрү коркунучка толуп турду. Анткени Аселдин качып кетип, жараткан маселеси үчүн Шер унчукпай коё албайт экенин билет.
-Мияя?! - деди Зарина артына карап кыйкырып. Асел да Зарина үн салган жака башын бурду. Ошол убакта чоң залга кире бергендеги дубалдан колуна мамалак көтөргөн кичинекей кыз карап турду буларды.
-Мия келчи? - деген Зарина кызга колун сунду. Кичинекей улам жакындаган сайын Аселдин жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү катуулап, кулак түбү чуулдап чыкты. Качан гана кыз булардын маңдайына келгенде Асел өзүнүкүндөй жапжашыл бакырайган көздөрдү көрдү.
-Зари?
Асел оюна келген сөздү андан ары улай албай такалды.
-Сенин кызың Мия! - деди Зарина.
Аселдин көздөрүнөн жаштар салаалап төгүлүп кетти.
-Кызым? - деди үнү бүтүп шыбырап. Кичинекейдин алдына тизелеп олтура калып кучагына басты. Негедир кыз да Аселден жатыркабай, кайра көптөн кутүп жүргөндөй колдорун апасынын мойнуна асып алып тура берди. Асел улам өпкүлөп, кайра кучагына басып деги тойчудай эмес кызына.
-Кантип? Кантип ушундай болду? Мага өлдү дешкен, сени да жок кылып салышкан дегем, - деди Асел бир убакта жаштуу көздөрүн Заринага кадап.
-Ооба, негизи ошондой буйрук келген экен Шефтен. Бирок Альберт алдындан сүйлөшүп, мага кошуп кызын түн жарымда төрөтканадан качырып жиберди. Кыздын ордуна башка өлүү төрөлгөн баланы коюшуптур. Биз бир жума Москвада турган соң Альберттин алдын ала даярдап койгон башка документтери менен Германияга келдик. Мия бул жакта эң күчтүү врачтардын көзөмөлүндө болду. Айына жетпей төрөлгөндүктөн аябай алсыз болчу. Бирок Альберт Мия үчүн баарын жасады. Бул сырды экөөбүздөн башка жан билбейт. Альберт мага сөз берген, "качандыр бир убакта, Аселди кошо алып келем, ал дүйнөдөн чыгарам" - деп. Мияга сен жөнүндө көп айткам. Сени алыс жактарда иштейт дегем. Анын бөлмөсүндө сенин сүрөттөрүң көп, - деди Зарина Аселге баарын түшүндүрүп.
Асел ыйлап жатты. Альбертке ушул убакта чын дилден ыраазы болуп турду. Акыркы жолу Аселди абактан чыгарып жаткандагы Альбертти эстеди.
- Асел, сенин алдыңда кечирилгис күнөөлөрүм көп. Баары үчүн кечирим сураймын. Жашооңду бузганым, талкалаганым, ыйлатканым баары үчүн. Билесиң сөзгө жокмун. Ичимдегини оңой менен сыртка чыгарып түшүндүрүп бере албайм. Азыр сени боштондукка коё берип, өзүм сенин ордуңа түрмөгө киргеним да сенин алдыңдагы күнөөмдү жеңилдетпейт. Бул жерде баары даяр, бүгүн Москва аркылуу Германияга учасың. Бул даректе сени керектүү адамдар тосуп алат, - деп колуна чакан баштык карматкан. Анда пачка болуп оролгон акча менен жаңы документ.
Асел кеткенден соң Ильязды коё беришти. Кабыл Токторовичтин бөлмөсүндө өз каалоосу менен иштен бошотуу тууралуу арызын кармап олтурду.
-Ильяз, мындай болуусун эч ким каалаган эмес. Сен мыйзам алдында жооп берчү иш жасадың. Бирок билесиңби мен атамын. Мен эң алсыз тарабым сенде. Кызым Айжан үчүн дүйнөнү көңтөрүп, сапырып ийүүгө даярмын. Бирок Айжан жашоодо менден бул нерселерди суранган эмес. Биринчи жолу сен үчүн суранды. Ал кызды коё бердик. Сени дагы. Бирок мунун баасын башка адам экөөңөр үчүн өмүрү менен төлөдү. Азыр бул жактан чыгып кайда баруу өз колуңда. Кааласаң тиги кызды издеп дүйнө кез. Кааласаң Айжан менен уулуңдун алдына бар. Бирок Айжанга барсаң, кайра башка чечим чыгаруу үчүн жол жок болот. Бул дегени аны бактылуу кылууга милдеттүү болосуң, экинчи мындай катачылыгың үчүн кечирим болбойт.
Ильяздын баягы Аселге кезиге электеги тынч жашоосу калыбына келди. Уулу өмүрүнүн, жүрөгүнүн жарымына айланды. Бактылуу бирок, ич ичинде бактысыз да эле. Көкүрөгүнүн бир бурчу оор тартып, Аселдин ордун эч кимге бербей келет. Баягы эски чемоданга ыргытылган Аселдин сүрөтү, ошол текчеден кайра орун алды. Муну Айжан өзү коюп койду. Сүрөткө узак тигилип алган Ильяз "Бактылуусуң деп ойломун периштем! " - деди.
Асел абактан бошотулаары менен өлкөгө мыйзамдагы ууру катары таанымал Альберт Крикосян кармалгандыгы тууралуу маалымат расмий түрдө берилди. Ал эми наркобарон, мафиоз, издөөдөгү Шердин денеси Манхеттендеги особнягынан табылды. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн бул кримдүйнө өкүлүнүн өлүмү баары үчүн табышмак бойдон калып кетти.
Асел кетти. Бул жолу Ильяздан бүтүндөй кетти. Бул жарык дүйнөдөгү жалгыз жакынынын жашоосун сактоо үчүн ал менен көрүшпөстөн кетти. Бирок ошол эле убакта жүрөгүнүн астында экөөнүн таттуу махабатынан жаралган сүйүүлөрүнүн мөмөсүн көтөрүп кеткенин билбеди. Бул дегени күтүлбөстүктөргө бай тагдырдын жолу алардын жолдорун балким он, жыйырма жылдан кийин да кездештирери мумкүн. Бул жолу да тагдыр пенденин чечичмин, анын планын өзгөрттү. Балким качандыр бир Асел өзү да билбеген абалда алып кеткен жүрөгүнүн астындагы Ильяздын баласы экөөнүн бул жалганда дагы бир ирет кездешип алуусуна түрткү болор...
АЯГЫ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   jindirak   09 Декабрь 2020 - 20:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жакшы бутуптур аягы, бирок дагын бир чыгарма баштап койгонунда жакшы болотледа жаным кандай дейсин, если сурансам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   09 Декабрь 2020 - 21:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (09 Декабрь 2020 - 20:38) жазган:

Жакшы бутуптур аягы, бирок дагын бир чыгарма баштап койгонунда жакшы болотледа жаным кандай дейсин, если сурансам.

Аракетуем)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   nurzash09   09 Декабрь 2020 - 21:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Аябай соонун,калеминизге таазим!
Дагы жазынызчы,сиздин шылтоонузда китеп окуп жатам::)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   ASA79   10 Декабрь 2020 - 20:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Чооң рахмат.Дагы жакшы чыгарма күтөбүз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 10:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: