Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел)
#62 01 Декабрь 2020 - 05:38
Барыле макташатко.
Бир чыгынып Кудайдан болуп окуп корсомбу десем гор тиричилик шылтоосу даяр туратта чиркин. Же кызыгуу шык мык дегендер болушу керекпи ия. Бешенеге ат эмей эле эшек тепкенбейм чамаси. Кысскача айта кеткиле бай болгурлар мне жонундо экен кептин тору
#63 01 Декабрь 2020 - 09:07
Elnuratoktogul (01 Декабрь 2020 - 05:38) жазган:
Барыле макташатко.
Бир чыгынып Кудайдан болуп окуп корсомбу десем гор тиричилик шылтоосу даяр туратта чиркин. Же кызыгуу шык мык дегендер болушу керекпи ия. Бешенеге ат эмей эле эшек тепкенбейм чамаси. Кысскача айта кеткиле бай болгурлар мне жонундо экен кептин тору
Сен окубайле кой барибир тушунбойсун.
#64 01 Декабрь 2020 - 11:09
jindirak (29 Ноябрь 2020 - 14:29) жазган:
Маладец дагын жазасынбы жаным
*****
-Көзүн ачты!
Асел көздөрүн ачып бирок эч нерсе көрбөй эле үндөр угулуп жатты. Көздөрүн кайра жумуп, ачып ирмегилеп жиберип анан бозоргон шыпты көрдү.
-Суу!
Оозуна биринчи ушул сөз келди кыздын. Зарина кыздын кургап кеткен оозун нымдуу чүпүрөк менен суулап жатып,бурчта көздөрү алайып турган Альбертке сүйлөдү.
-Врачты чакырып келерсиз?
Кыз өз жанына кол салып ооруканага түшкөндөн бери Альберт да акылынан ажыраган немедей нес абал жүргөн.
"Адам өмүрүндө канча жолу өлөт? Эмнеге менин жандүйнөм,ичимдеги рухум өлүп,бул жашоого деген кайнап турган каалоом муздап калса да Жараткан жанымды албай жатат? Мындан өткөн эмне сынооң калды эле?!" Аселдин жашоосунда өзү менен өзү сүйлөшүү мезгили башталгандай. Буркурап ыйлабады, Альбертти жек көрбөдү. Жөн гана тагдырына мою сунуп жашай берди. Бала кезинен жат адамга оңой менен ачылбаган кыз эми таптакыр түнт адамга айланды. Кээде гана өзүн жандап жүргөн Заринага сүйлөбөсө дээрлик үнү чыкпайт. Бирок ошол эле убакта анын ичинде болуп көрбөгөндөй согуш жүрүп жаткан. Ичине бир эмес, үч төрт Асел кирип алгандай ар кандай ойлордон өзү чаташып кетчү.
Өзүнө кол салгандан туптуура бир ай өтүп кыз ошол кечеде таанышып,тузагына түшүргөн Оспанов Серик менен жолугушуп маңдайында олтурду. Капкара бакырайган көздөрү менен өзүн жалооруп тиктеген бул сулуунун бир эле көз карашына дүйнөсүн, мансабын, керек болсо өмүрүн садага чаап ийгенге даяр прокурор. Шердин командасына бул прокурордон өтө чоң пайда түшөт. Анткени бир эле Кыргызстан эмес ,коңшу мамлекеттен да товар ташуу жүргүзүлүп аны менен бир катар маселелер жаралган болчу. Ал эми Оспанов буларга эң сонун мүмкүнчүлүк. Чек арадан ири өлчөмдө "товар" чыгарууну көзөмөлдөп берсе эле...
Асел аны тузагына түшүрүп берди, " агам" деп Альберт менен тааныштырып Оспановту да өз иштерине кошуп алышты. Тагыраагы эч кандай коррупциялык иштерге киришпеген, мыйзамсыз аракеттерди жасабаган шаардык прокурор бир сулуу үчүн кримдүйнөгө аралашты.
Асел эрте мененки тамактан соң өзүн жаман сезе баштады. Анан да акыркы күндөрү шалдырап уйкусу келип жаны жер тарта бергендиктен Заринаны ээрчитип текшерүүдөн өткөнү келишти.
-Кош бойлуусуз!
Кубануу керекпи? Албетте мындай учурда ар бир аял кубанат да. Бирок Асел. Анын жагдайы...
-Сегиз жумалык, - аппарат менен текшерип жаткан аял кубанычтуу сүйлөп жатты. Асел гана эмес маңдайында өзүн карап турган Зарина да шок абалда. Өзүндөгү өзгөрүүнү байкап жүргөнү менен мээсине кылт эте келе калган бул ойдон чоочуп жүргөн. "Эми кантем? Альберттин баласы!" Эрксизден титиреген колдору менен курсагын сылап жиберди. Кайра эле апасын эстеди. " Апа балким сен да мени ушундай чарасыздыктан жарык дүйнөгө алып келдиң беле? "Апасынын тагдырын кызы кайталайт" - дешсе ишенбеген элем. Чын эле ошондой болуп жатабы апа? Балким курсагымдагы бул күнөөсүз периште да кыз болсочу,анда муну да менин тагдырым сыяктуу азаптуу жашоо күтүп алабы? Андан көрө жарык дүйнөгө алып келбей койсомчу?" Үйгө кирип келишкен Асел менен Заринанын алдынан Альберт тосуп чыкты.
-Баары жакшыбы?
Альберт экинчи кабатка бара жаткан Аселди бир карап алып Заринадан сурады. Анткени Аселдин сүйлөбөй жүргөнүнө көнүп калган. Суроо берген менен пайда жок,баары бир жооп бербейт. Зарина сумкасынан дарыгердин жазып берген корутундусу менен УЗИ кагазын алып чыгып Альбертке сунду.
-Мунуңду түшүнбөйм жөн айтчы?
Альберт колундагы кагазын стол үстүнө ыргытып жатып сүйлөдү.
-Кош бойлуу аялың!
-Эмнее?!
Жаңы гана диаанга олтурган Альберт ийне сайгандай атып турду.
-Кандайча кош бойлуу?
-Эмне жорук жасаган элең? Ошонун мөмөсү!
Зарина өзүн таң калып да, чоочуп да карап турган Альбертти акшыя карап алып экинчи кабатка көтөрүлүп кетти.
"Асел кош бойлуу! Менин балам! " эми эле эмне кылаар айласын таппай чоочуп турган Альберттин жүрөгүн бир башкача жылуу сезим аралап өттү. "Аселдин курсагында менин балам! Бул эң сонун да! Балким Аселдин жүрөгү балага жибип,мени да кечирер. Атүгүл сүйүп калуусу да толук мүмкүн да." Альберт шашып калды. Стол үстүндө турган телефонду алып кимдир бирөөгө чалып жатты.
-Алло? Шеф, кайдасыз? Мен сизге өтөйүн? Макул, азыр. Азыр барып калам.
Альберт чуркаган бойдон үйдөн чыгып кетти.
Адатынча терезени ойлуу тиктеп олтурган кызга Зарина суусундук сунуп жатып сүйлөдү.
-Муну ич, балага пайда.
Жалт этип өзүн караган Аселдин көздөрүнөн жаш томолонуп кетти.
-Төрөбөйм! Алдырам баланы, - деген Асел көзүнөн тамган чолок жашты колу менен сүртүп ийип,үнүн бийик чыгарып башын көтөрүп сүйлөдү.
Зарина боору ооругандай кызга аянычтуу тигилип чачтарынан сылап жатып:
-Балада эмне күнөө? Анын күнөөсү жаңылып сени тандап алганындабы? - деди.
-Эмне аны төрөлөөрү менен мынандай тозок жашоодо жашасын дейсиңби? Атасы апасы кылмышкер экенин билсе не болот?
-Альберт жол койбойт го баланы алдырууга?
-Андан эч ким уруксат сурабайт!
Асел кайра терезени тиктеп алды. Бала үчүн көкүрөгү ушунча ачышып, жүрөгү тилинип кетти. "Сенин күнөөң эмне? Бул дүйнөгө кызыкпай эле кой балакай. Бул дүйнө мерез жүрөктөр менен адилетсиздиктерге толуп кеткен. Келдиңби? Күнөөгө батасың. Периште болуп келип, ошол бойдон учуп кет!" Асел дилинде баласынан ушинтип кечирим сурап жатты.
Чоң бильярд ойноочу атайын бөлмөдө шарактаган үч төрт кыз менен Шер, төр жагында коляскада Шеф олтурган экен. Альберт кирип эле түз Шефтин алдына өттү.
-Эмне болду анчалык шашып?
Жаңы гана тутанткан тамекисин тартып, анын түтүнүн көккө үйлөп жатып сурады Шеф.
-Кеңешчү маселе бар?
Альберт акырын Шефтин кулагына жакындап шыбырады эле Шеф жанында турган сакчыларына баш ийкеп койду да,ары жакта жүргөн Шерди кол жаңсап чакырды.
-Шер кыздар менен сууга түшүп тургула, биз бир аздан соң өтөбүз.
Шер дароо түшүндү жеке сүйлөшүү экенин. Унчукпастан эки кызды эки жагына коюп ичке белдеринен кучактап, калган кыздар колдорундагы бокалдарын шыңгыратып аларды ээрчип тез эле чыгып кетишти. Ээн бөлмөнүн төрүндө Альберт менен Шеф калды.
-Ии сүйлө эми?
Шеф колундагы тамекини өчүрүп жатып Альбертке карады.
-Шеф, мен эмне десем экен.
-Максатка өтсөңчү!
Бул жолу Шефтин үнү катуурак чыкты.
-Мая кош бойлуу!
-Ыя?
-Ооба кош бойлуу, - деди Альберт сөзүн кайталап.
-Ммммм так....
Шеф колу менен эгин сылап ойлонуп жатты.
-Эмне төрөйт бекен?
-Өзүн билбейм, бирок мен ...
-Алдыртпайм дейсиңби? - деди Шеф Альбертти сынай.
-Шеф ал менин балам.
-Альберт уксаң, ушул күнгө чейин канча кыздан канча балаң болду? Анын канчасы "төрөйм" - ыйлаганда өзүң колунан жетелеп барып аборт жасаткансың?
-Эми алар...
-Ээххх Альберт, Альберт!
Шеф кайра жаңы тамеки алып чыгып тутантты.
-Тескери жашоонун кызыгын кара? "Төрөйм" - деген кыздарды чыңыртып алдырып, "төрөбөйм" - деп сени жек көргөн кызды мажбурлап төрөткөнү турасың.
-Бул башка алардан.
-Ооба бул өзгөчө жан. Бул Мая!
-Альберт билесиң да,келишимди башкача болчу. Мен сага ал кызды аялдыкка алып берүүгө убада кылгам, сен экөөң биригип иштеп бересиңер. Атүгүл сен үчүн мен Мадинаны курмандыкка чалдым.
Шеф мыйыгынан жылмайып карап турду.
-Дал ошондой болду. Мындан ары да болот. Мадинага келсек, өзүңүз деле акыркы күндөрү анын иштеринен канааттанбай калдыңыз эле.
-Туура, Мадина таза иштебей калган болчу. Бирок аны ордуна коюп койсом болмок. Сөзсүз эле өлтүрбөй. Биз Мадинаны пайдаланып Шерди, ага кошуп кызын тузака түшүрдүк.
-Шеф мен Мая төрөп алганга чейин эле тыныгуу сураймын. Андан аоы иштейт Мая.
-Альберт мен сага айткам бул кыздан бизге чоң пайда деп. Көрдүңбү эки айга жетпей Оспановту чөгөлөтүп койду. Эми бизге Казахстандын чек арасы проблема болбой калбадыбы? Алдыда көп көздөгөн министр, бизнесмендер бар.
-Аз эле убакыт Шеф. Мен Маяны сүйөм! Бул мага мумкүнчүлүк.
-Альберт сүйүү биздин иште, биздин чөйрөдө болбойт экенин билесиң.
-Бирок...
-Ойлонобуз! - деген Шеф "кете берсең болот" - дегендей колун көтөрүп койду.
#65 01 Декабрь 2020 - 12:43
****
Дагы мажбур болду. Мажбурлашты. Бул жолу эне болууга мажбур кылышты. Асел өмүрүн, төрөлгөндөн баштапкы өзүнүн жашоосун кудум бирөөдөн карызга алып жашагандай. Тагыраагы өз жашоосуна, тагдырына өзү ээ эмес. Дайым анын ордуна башка бирөө чечим чыгарат. Мурун атасы Шер болсо, эми Альберт. Альберттин оюнда эмне бар экени белгисиз. Асел менен Заринаны кошуп Россияга алып келди да Москванын чок ортосунда жайгашкан үч бөлмөлүү "пентхауска" жайгаштырып кетти. Адатта аял төрөлө элек балага аял киши биринчи мээрим төгөт эмеспи? Ал эми эркек киши бара - бара акырындык менен, балким бала төрөлүп, аны колуна алганда мээрими түшөт. Альберт менен Аселде мунун тескериси. Альберт балага али жарык дүйнөгө келе элек балага үйрүлүп түшүп башкача камкор. Асел болсо муздак. Кайдыгер. Мэжрим төккүсү келбеди. Кудум ичинде бала жоктой кадимки турмушу менен жашап жүрө берди. Атүгүл дарыгер жазып берген витаминдерди да кабыл албай ыргытып жиберген. Бирок бул турмушта адамдын пейилин, керек болсо өзгөрбөс принциптерин өзгөртчү жагдай, окуялар көп болот.
Адатынча Асел музыканы бийик коюп алып секирип бийлеп жаткан. Бир убакта курсагында түшүнүксүз кыймыл болгондой, толкун сымал тээп өткөндөй болду. Телевизордон чыккан музыкага кошулуп ырдап ошончо бийлеп жаткан кыз тып басылды. Саамга токтоп тыңшагандай музыканы өчүрө туруп калды. Дагы кайталанды.
-Зарииинааа!
Ага удаа эле дагы кыймыл.
-Зарииии?!
Ашканадан туурап жаткан эти менен колуна бычак көтөрүп чуркап келди Зарина. Чачылган, диванга коюлчу жаздыкчалар ар кай жерде оонап тозу чыккан бөлмөнүн ортосунда чачтары иретсиз жайылып, көздөрү бакырайган Асел кыймылсыз турат. Жанына жетип келген Зарина:
-Ай эмне болду? Бир жериң ооруп жатабы? - деди тынчсыздана.
-Чыышшш! Акырынчы! - деген Асел сөөмөйүн оозуна алып келди.
-Эмне бирөө келдиби? - деди Зарина да үнүн акырындатып.
-Карсаң сен да?
Асел колу менен курсагын көрсөттү. Зарина акырын ылдый болуп кыздын курсагына жакын келди.
-Эмне болду?
-Ичимде бирдемке кыймылдап атпайбы? - деди Асел да шыбырап.
-Хааа- хааахааа!
Зарина эки колун чаап жиберип диванга кулап көзүнөн жашы аккыча күлдү. Бир кыйлада араң күлкүсүн тыйып кызды караса ошол калыбында көздөрүн алайтып катып турат.
-Ай боорум ай! Ай кыз келчи бери, - деген Зарина Аселди жанына чакырды.
-Ичиндеги бала чоңойгон сайын кыймылы сага билинет. Ал деген тирүү жан да, кыймылдайт.
-Эмне мурун кыймылдачу эмеспи?
-Мурун өтө кичинекей болгон,кыймылын сага жеткире алган эмес. Азыр сен тигинтип секирсең кыйналгандыр бала, ошого катуу кыймылдады. Сага "апа акырын" - деп белги берди да, - деди күлгөн Зарина тамаша аралаштырып.
-Мен билбегем... - деди Асел акырын курсагын сылап.
-Сен кайдан билмек элең, өзүң али бала болсоң.
Зарина кызды аягандай жалооруп сүйлөп бооруна кысты.
Дал ошол күндөн Аселдин жашоосу башка түс ала баштады. Буга чейин сезип көрбөгөн бир жагымдуу сезим пайда болуп, аны башкача бактылуу кыла баштады. Баланын ар бир кыймылын күтүп, тыңшап аны менен сүйлөшүп кээде ойноп кетчү. Мурун өзү менен өзү сүйлөшсө эми ошол башындагы, дилиндеги сөздөрдүн баарын курсагындагы бала менен бөлүшөт. Айланадагы кубулуштарды бак дарак, асман, күн жолдор, деги койчу баарын баласына баяндап берет. Көчөгө чыкканда бала ээрчиткен апаларды көрсө ансайын кубанып, өзү да баласын батыраак эле колуна алгысы, кучактап алып жыттагысы келип жүрөгү делбирип кетет.
-Ким экенин билесизби? - деди аппарат менен текшерип жаткан дарыгер сырдуу жылмайып.
-Кыз!
Асел көздөрүн жумган калыбында жооп берди.
-Ооба, чын эле кыз!
Дарыгер Аселдин сөзүн тастыктап кубанычтуу сүйлөдү.
-Жүрөгүнүн соккону, а бүл колдору. Мынакей башы.
Кичинекей түшүнүксүз аппараттан жүрөктүн дүкүлдөп соккону кадимкидей угулуп, курсагындагы баласын суктануу менен бактылуу карап жатты Асел.
Анын бул кубанычын четте карап турган Заринанын жүрөгү ачышып, Аселди ана кошуп анын жарык дүйнөгө келчү кызын аяп жаткан эле. Анткени Аселди алдыда дагы кандай сыноо күтүп турганы ушул Заринага маалым.

#67 01 Декабрь 2020 - 14:18
#68 01 Декабрь 2020 - 15:34
#70 01 Декабрь 2020 - 23:19
jindirak (01 Декабрь 2020 - 14:05) жазган:
Бутубу жаным
****
-Зариии?!
Түн ортосу. Кыздын ачуу кыйкырыгынан ойгонуп кеткен Зарина жарыкты күйгүздү. Бөлмөнүн кире беришинде курсагын кармап онтоп Асел туруптур. Турган жериндеги пол суу. "Башталды! " - деди Зарина.
-Аселя! Тынчтан. Терең дем ал! Азыр, азыр ооруканага кетебиз. Мен чалайын тез жардамга.
-Аааа?!
Ооруунун катуулугунан кыз дагы кыйкырды.
-Зари эмне болуп жатат? Эрте эмеспи али?
Жаштуу көздөрүн жалдыратып өзүнөн жардам күткөндөй жалооруп карап турган кыздын каректерин батынып карай албай көздөрүн тартып алды Зарина. Күндүзү текшерүүгө барганда "витамин" - дешип атайы Альберттин буйругу менен толгоону келтирүүчү укол жасашканын Асел билген жок.
Тез жардам келгиче толгоонун ачуусуна чыдабай кыйкыра берген Аселдин күчү кетип баратты. Уңулдаган үнү менен чырагын жандырып зуулдап келген тез жардам менен Аселди ооруканага жеткиришти.
-Төрөт бөлүмүнө!
Кабыл алган дарыгер дароо Аселди төрөткө алды.
Узун каридор менен каталкада бара жаткан кыз жанындагы Заринанын колдорун бекем кармап алып сүйлөп жатты.
-Зарина суранам! Жанымдан кетпе? Коркуп жатамын мен!
Кыздын көзүнөн ылдый сызылган жаштарын колу менен сүрткөн Зарина:
-Коркпо. Баары жакшы болот. Мен, мен ушул жердемин, - деди алдастап өзү да коркуп. Анткени Аселдин өңү купкуу болуп, терге чөмүлө көздөрү болуп көрбөгөндөй кызарып чыккан эле.
-Бул жагына сизге мүмкүн эмес, - деген медайым Заринаны төрөт бөлүмүнүн эшигинин оозунан токтотуп калды.
Титиреген колдору менен телефонун алып чыккан Зарина Альбертке чалып жатты.
-Биз ооруканадабыз! - деди да өчүрүп салды. Арадан жарым саат өтүп өтпөй Альбертке кошулуп,Шер экөө ээрчишип жетип келишти.
-Абалы кандай?
Альберт жакындай бергенде Заринадан сурады.
-Жаман! Оор абалы! Кандай гана таш боор мыкаачысың! Асел 17 жашта али. Эне болууга даяр эмес экени аз келгенсип, эми маалынан эрте төрөтүп жатасың! Балага, өзүнө бир нерсе болсочу?!
Зарина акыркы сөздөрүн айтып жатып буркурап ийди. Анткени жанында жүрүп, өзү да билбеген абалда Аселге байланып аны жакшы көрүр калган эле.
-Жап жаагыңды!
Жанына келген Альберт ары бери өткөн адамдарга угузбай Заринанын жанына келип каруусунан катуу кармап сүйлөдү.
-Бул жер жеке менчик клиника! Шаардагы эң күчтүү клиника. Эң тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенет бул жерде. Баланын да, Аселдин да өмүрүнө кепилдик беришкен.
-Эмне силер Кудай болуп кеттиңер беле?! - деген Зарина колунун ооруганына чыдай албай булкуп тартып алды да ары жака басып кетти.
-Аааааа?!
-Аз калды,чыда! - деген орус аялдардын сөзүнүн бири кулагына кирсе бирин укпай жатты Асел.
-Мынакей,азыр!
Аселдин күчү кетип көздөрү тумандай баштады.
-Бала көрүндү! Акыркы жолу күчөн. Батыраак!
Асел болгон күчүн топтоп катуу кыйкырып жатты.
-Аааааааа?! - деген өзүнүн үнүнө удаа эле ыңааплап ыйлаган баланын үнүн укту. Шалак этип керебетке боюн таштаган Асел жылмайып алды да алсыз:
-Кызым! - деди.
-Укол!
Аселди тегеректеген бир нече медайымдар колуна дароо укол беришти.
-Кызым кана? Көрсөткүлө? !
Асел жумулуп бараткан көздөрүн ачып, ордунан козголуп турууга аракет жасап жатты.
-Бала алсыз, кислородко муктаж. Айына жетпей төрөлдү. Биз аны коопсуз жайга алып кетебиз.
Аселдин маңдайынан сылап аккан терлерин аарчып жаткан дарыгер сүйлөп жатты.
-Балам! - деген кыз оозун алсыз кыбыратып көздөрү жумулуп кетти.
Асел уктап жатты. Периштеникиндей аппак жүзүнөн акырын сылаган Альберт жанында олтурду. Бир убакта колдорун кыймылдатып, көздөрүн ачты кыз. Альберттин маңдайында өзүн күлүмсүрөп тиктеп турганын көргөн кыздын көздөрү чоңоюп кетти.
-Мая!
Асел ордунан турайын деди эле Альберт колдон тартып жаткырды.
-Сага мүмкүн эмес азыр.
-Зарина кайда?
Альбертти карагысы келбеген кыз жүзүн ары буруп сүйлөдү.
-Ал кетти.
-Эмне? Кайда кетет?
Асел таң калгандай Альберьтти тиктеди.
-Сага жакшылап карай албаганы үчүн иштен алдым.
Асел эми сүйлөйүн дегенде сырттан медайым кирип келди.
-Мая Крикосян, абалыңыз жакшыбы?
-Мени баламдын алдына алып баргыла! - деди Асел жооп бергендин ордуна. Бирде Аселди кайра Альбертти карап туруп калган медайымга Альберт башын ийкеп койду. Эч нерсени түшүнбөгөн кыз тыкылдап чыгып кетти.
-Мая, балабыз.
-Балам! Менин балам.
Асел баса белгилеп айтты.
-Балабыз жок.
-Эмне?
Асел бул сөздү түшүнгөн жок.
-Кандай жок. Сен мени баладан баш тарт дегени турасыңбы? Эч качан!
-Мая укчу. Балабыз учуп кетти. Сен үч күн өзүңө келе албадың. Бала бир гана күн жашады. Азыр Кудайга сенин амаң калганыңа шүгүр келтирип жатабыз.
-Жоок?! Жоооооок?!
Асел кулактарын колу менен жаап кыйкырып жиберди.
-Токтот! Суранам айтпаа?! Мен бул жоготууну көтөрө албайм!
Кыйкырып колуна сайылган тамчылатма уколду жулуп ыргытып чуркап бараткан жеринен Альберт кармап калды.
-Мая!
-Коё бер! Кызыыыыым?! !
Сырттан келген дарыгер менен бир нече медайым Аселдин колуна тынчтандыруучу укол беришти.
-Жалган дегилечи?! Суранам балаң тирүү дечи?! - деген Аселдин көздөрү кайра жумулуп кетти.
#71 01 Декабрь 2020 - 23:21
**********
-Асел Бектеновна! Алимова Асел Бектеновна!
Ильяз компьютерге үңүлүп бир нерселерди издеп жаткан жигитке кайталап жатты.
-Жок!
-Кантип эле?
Ильяз оозу бош шалдырай жанындагы олтургучка олтура кетти.
-Өзү ушул райондо жашаганы анык беле?
-Билбеймин.
-Анан эмне бул жактан издеп жатасың?
-Аны бүт жактан издеп жатам.
-Сенин эсиң ооп калыптыр! Кантип тапмаксын аны?
-Табам! Дүйнөнү жөө кыдырсам да табам. Жанындагы жигит баш чайкап күлүп койду.
Ильяз болсо "сени баары бир табам!" - деген сөзүн ич - ичинен кайталап жатты.
Ильяз окууга тапшырганда апасы Россияда жүрүп иштеп тапкан акчасына шаардан үй алып берип койгон. Өзү болсо башка турмуш куруп кетти. Ильяз айылдан тай энеси Салима энени алып келип жашап калышты. Шаарга келгени Аселди кыдырууга өткөн. Келген күндөн баштап тынымсыз издеди. Тапшырган окуусу милиция болгондуктан, издөөгө жакшы эле шарттар түзүлдү. Шаарга катталган ар бир жашоочулардын тизмесин алдыртып издеп көрдү. Эч майнап чыкпаган соң мынтип шаардан анча алыс эмес райондорго өткөн эле. Ильяздын оюн телефонго келген чалуу бузуп жиберди.
-Алло?
-Ильяз? Алимова беле сен издеген кыз?
-Ооба, - деген Ильяздын көздөрү кубанычтан жайнап кетти.
-Бөлүмгө келсең.
-Макул байке, азыр жаныңызда боломун.
Практикага чыккан жердеги жетекчиси менен мамилеси келишип Асел жөнүндө айткан эле. "Аракет кылабыз, Кыргызстанда эле болсо табабыз!" - деген. Эми мынтип чакырып жатат. "Бир дайыны билинген го" - деген үмүткө жетеленип кантип бөлүмгө келгенин билбей калды.
-Саламатсызбы байке?
-Оо Ильяз кел иним?
-Таптыңызбы? - дей салды шашыла.
-Олтурсаң, Алимова Асел Бектеновна, сен айткан жылы мектепти бүткөн экенсиңер. Ал кыз медициналык академияга тапшырган экен.
-Чынбы?
Ильяз ишенбегендей кайра сурады. Анткени Асел эч качан врач болом дечү эмес да.
-Ооба, бирок андан ары маалымат жок. Калганын ошол окуу жайдан сүрүштүрүү керек.
-Азыр эле барамын.
-Шашпачы,сен сурасаң маалымат айтылбайт да. Анткени сен студентсиң. Мен эртең өзүм барганга аракет кылайын.
Ильяздын жүрөгүндө кандайдыр бир үмүттүн зор учкуну жанып кетти. "Чын эле таптымбы Аселимди? " - деген кубаныч көкүрөгүн ээлеп, делөөрүп үйгө кубанычтуу кирди.
-Тай энеоооу?
Бут кийимин чечип чечпей атып кыйкырып тай энесин издеди.
-Кулунум десе, тай энең сенден айлансын! Бөйпөңдөп чыккан Салима эне уулунун чачтарынан шорулдата жыттап алды.
-Тай эне,мен Аселди таптым! - деди кубанычтуу Ильяз колун жууп жатып.
-Эмне дейт? Анан мында ээрчитип келбедиңби? Периште кызымды мен деле сагындым да.
-Эртең тай эне, эртең жолугам буйруса. Ишенесиңби ал мынабу эле медицина окуу жайында окуп жүрүптүр да, биз билбей эле Бишкекти түрө кыдыра бериптирбиз, - деди Ильяз шаңдуу тамака олтуруп жатып.
-Тапканың ырас болуптур. Айттым го сага анча санаа чеге бербесеңчи деп. Асел аман соо жүргөндүр десе көнбөйсүң.
-Тай эне көрдүң го башкача түштөр кирип эле...
- Ээ түшкө ишенген сени. Ал тамагың муздайт..
Бүл күнү Ильяз төшөгүнө бактылуу жатты. Эртеңки күнүн, Аселге жолукчу күнүн элестетип тим эле бактылуу жымыңдайт. "Периштем го! Таптым сени!" - деп жатты көөдөнү толо кубаныч менен. Бирок аттиң, бул кубанычы үлбүрөп эртең учуп жок болоорун сезген жок...

#72 02 Декабрь 2020 - 10:12
Болдубу жаным
Билдирүүнү түзөткөн: jindirak: 02 Декабрь 2020 - 10:16
#73 02 Декабрь 2020 - 10:19
jindirak (02 Декабрь 2020 - 10:12) жазган:
Болдубу жаным
Ильяз эртеси күнү сабагына да барбастан байкеси менен Асел жөнүндө маалымат алуу үчүн медициналык окуу жайга кошо келди. Окуу жайдын жетекчисинин чакан кабинетинде колунда Аселдин документтерин кармап олтурду.
-Мынакей тапшырылган документ, бирок ал кыз окууга келген жок, - деди окуу бөлүмүнүн жетекчиси.
-Кандайча? Силерде байланыш номери, даректери жазылган да.
Ильяз баары бир үмүтүн үзгүсү келбей сурап жатты.
-Албетте бул жерде калтырылган номерге, кызды окуудан четтетип жатканыбыз жөнүндө айтуу үчүн байланышканбыз. Бирок өчүрүлгөн.
-А дарек боюнча издеп көрдүңөрбү? - деди Ильяздын байкеси.
-Жок, бизге мунун эмне кереги бар? Кыз окууга келбеди демек, биз четтетебиз. Ал эми документи архивке түшөт. Каалаганда келип алып кетсе болот, - деген декан кайдыгер колун жайды.
-Даректи жазып алабыз.
Ильяз кандайдыр бир илинчек болсо да таап алам деген кыязда кичине баракка документте көрсөтүлгөн даректи жазып алды. Окуу бөлүмүнүн жетекчиси менен жылуу коштошуп чыгышкан Ильяз менен байкеси түз эле кагазда көрсөтүлгөн дареке жөнөштү. Көп кабаттуу үй экен. Бирок бул жерден да кыздын дайынын биле алышкан жок. Бул үйдү ижарага алып жаш үй бүлөө турушат экен. Алардан үй ээсинин телефон номерин алып байланышышты эле "үйүмдө турган ар бир ижарачыны эстеп кала албайм! " - деп корс сүйлөгөн аял телефонду коюп салды. Эрте мененки жүзүндөгү кубанычы күбүлүп эки ийинин шалдыратып Ильяз байкеси менен бөлүмгө келди.
-Кантип эле жок?
Ильяздын такыр акылы жетпей турду.
-Мынтип жоголгондор көп эле болот, - деди байкеси.
-Окуу жайга тапшырып, бирок окуган эмес болсо. Таааак...
Байкеси колу менен стол үстүн черткилеп ойлонуп жатты.
-Мүмкүн ала качып кеткендир?
Ильяздын жүрөгү солк этти.
-Кантип?
-Ушинтип эле. Азыр ким көп шаарга айылдан келген балдар көп. Балким бирөөсү баса калып алып кеткендир, - деди байкеси.
-Жок, андай болсо Аселдин кабары билинмек. Турмушка чыккандыгы угулмак да. Байке элестет, мени менен кезигишкен күнү эле кечинде телефону өчүп калды.
-Ошондо маанайы жакшы беле?
-Жакшы болчу, - деген Ильяз ойлоно калды. Бирок кызды аябай сагынгандыктан ошол жолугушканда анын маанайына деле көңүл бурбаганын эстеди. Кеч киргенде гана тынчсызданып улам Ильяздын колдорун кармалап жаткан. Анан эле тиги атасынын жардамчысы келип калбадыбы? Болбосо ошол учурда Аселден дарегин сурайын деп жаткан.
-Атасы эмне жумуш кылчу эле? - деген байкеси Ильяздын сөзүн бөлүп жиберди.
-Аныгын билбейм. Асел атасы жөнүндө көп айтчу эмес. Анткени атасын жек көрчү.
-Эмнеге?
-Апасын өлтүргөнү үчүн.
-Токтой турчу. Анан? Балким...
-Жоок, - Ильяз байкеси айта турчу болжолду ойлогусу да келген жок.
-Атасынын да дайыны жок да. Кызыыык...
-Ильяз акыркы болжол калды.
-Эмне? - деди Ильяз байкесин карап корккондой.
-Кылмыш дүйнөсүнө аралашкан болуусу да мүмкүн.
-Мүмкүн эмес, Асел ал..
-Анткени изсиз жоголуп кетсе биригана ошол дүйнөгө аралашкан адам жоголот. Ишенип кой сен бул чөйрөнү билбейсиң иним.
-Ишенбейм,- деди Ильяз оозу бош.
-Эми бул жөн гана, миңдеген айтылчу болжолдун бирөөсү да. Балким сенин периң жүргөндүр жакын эле жерде.
-Ооба, ишенем табабыз.
-Ильяз издөөнү токтотпойбуз дечи. Бардык чек ара пункттарындагы сыртка чыккандардын тизмесин кароо керек архивтен. Анан Кыргызстан алакандай дегенибиз менен канча айыл кыштак бар? Табылат иним.
Эрте менен үйдөн шаңдуу кеткен уулу кечинде кеч кайтты. Демейде эшиктен кирип кирбей жатып тай энелеп шоктонгон небересинин маанайы пас экенин көрүп аяп кетти Салима эне.
-Кагылайын карегим, келдиңби?
-Келдим тай эне, келдим, - деп суз сүйлөгөн Ильяз түз эле бөлмөсүнө өтүп кетти.
Артынан кирген Салима эне уулунун кичинекей рамкага салынган Аселдин сүрөтүн кармап турганын көрдү.
-Жолуга албадыңбы? - деди диванга олтуруп жатып.
-Жок таппай калдым дагы тай эне.
Ильяз ызаланган жаш баладай Салима эненин тизесине башын коюп жата кетти. Колундагы кыздын бажырайган сүрөтүн карап:
-Кумга сиңгендей жок тай эне, - деди ыйлагысы келип бирок өзүн кармана.
-Табылат уулум.
Салима эне алдында жаткан небересинин чачтарын сылап жатып, колундагы Аселдин сүрөтүнө тигилди. Кыязы жаз мезгили окшойт. Гүлдөп турган алма багынын астында, акактай болгон тиштерин кашкайта көрсөтүп, бир жагына өрүлгөн чачына байланган кызыл жоолукту кармап бактылуу күлүп түшүптүр. Күлмүңдөгөн жапжашыл көздөрү алыстарды бактылуу тиктеп турат. "Кайда жүрдүң экен периште кызым ай?!" - деп жатты дилинде Салима эне убайым тартып.
#76 02 Декабрь 2020 - 19:13
Дагын бир окуп коюп ужин ичкенде жакшы болотледа, ошого кандай дейсин жаным, мени суйсон хотябы бир страница чыгарчы.
#77 02 Декабрь 2020 - 19:41
jindirak (02 Декабрь 2020 - 19:13) жазган:
Дагын бир окуп коюп ужин ичкенде жакшы болотледа, ошого кандай дейсин жаным, мени суйсон хотябы бир страница чыгарчы.
*******
Убакыт өз мыйзамынан жазбай, кадимки эрежеси менен өтүп жатты. Адам баласынын бактылуу күндөрүндө токтобой учуп өткөн убакыт ,оор күндөрүндө деле ошол зымыраган тездигинен мүдүрүлбөй өтө берет экен. Адамдар өз дүйнөсүндөгү гана мезгилди токтотуп,алга сүрөп бийлик жүргүзө алат турбайбы?
Асел Альберт көрсөткөн Москванын чекесиндеги айылдарда атайын мусулмандардын мүрзөсүнө коюлган кызынын кичинекей бейитинин жанында олтурду. Жанындагы башка бейиттерден айырмаланып кичинекей анан, жаңы коюлганы билинип топурагы да кургай элек. Асел узун болгон манжалары менен топуракты сылап койду. Такыр ишенгиси келбей турду. Кече эле курсагында жашап,өзүнү тирүүлүгүнүн белгисин берип тыпырап тээп аткан кипкичинекей периштеси мынтип муздак кара топурактаны алдында жатканына ишене албай жатты. Чынында кыйбай турду кызын, жан эти менен бир тең болуп өмүргө келе элек жатып, өмүрүнүн маңызына, жашоосунун мазмунуна айланган кызын бул караңгы сыз топурак астына таштаганга кыйбай турду. Өзү али наристе бойдон, наристенин күйүтүн тартты...
Асел бир аз өзүнө келген соң кайра Казахстанга кайтышты. Аселдин жанына Заринанын ордуна башка аял кошуп берди Альберт.
-Мен сага жаш бала эмесмин! Нянька жалдоонун кереги жок! - деди Асел бөлмөсүнө гүл көтөрүп келген Альбертке.
-Зарина менен деле жүргөнсүң го, сени ээрикпесин деп...
-Рахмат мени ойлоп камкор болгонуң үчүн! Бирок эми керек эмес мага эч ким! - деди Асел Альберттин сөзүн бөлө.
-Мая! Мени өзүмдөн чыгууга мажбур кылба!
Альберт кызга жакын келди.
-....
Асел эч нерсе деген жок. Жөн гана маңдайында турган Альбертти теше тиктеп тура берди. Альберт мурун кыздын көздөрүн тиктегенде башкача күч, жылуулукту, аруулукту көрүп ал таза каректерге батынып карай албай көздөрүн тартып кетсе, азыр ошол эле көздөрдөн ыза,өч алуу, жек көрүү дегенди көрүп турду. Бир канча жыл мурун Шеф айткан вулкандай күйүттү эми Альберт көрүп жатты. Бул көздөр кудум жан алгычтай бирде мазактуу тиктесе,бирде жеңиштүү жайнап миң өзгөрүлө өзүнөн көзүн албай, жалтанбай турган эле. Анан Москвадагы ооруканада кызынын өлгөнүн укканда эсин жоготуп баратып Шер менен Альбертти карап "силер күнөөлүүсүңөр, түбүңөргө жетем! " - деп жыгылганын эстеди. Кыргыз тилинде сүйлөгөн үчүн бул сөздөрдү Альберт менен Шер гана түшүнгөн. Ошондогу жек көрүүгө толгон көздөр ошол бойдон өзгөрбөй калып кетти. Заматта ушуларды көз алдынан өткөргөн Альберт кыздын ээгинен алып кармап турган колдорун акырын түшүрүп, колундагы чоктой кызарган бир букет розаны бөлмөнүн төрүндөгү уктоочу керебетке ыргытып чыгып кетти.
Альберт чыгып кетери менен Аселдин көздөрүнөн жаштары томолонуп кетти, да терең дем алып алды. "Жок Асел ыйлаганга болбойт! Ичиңден ыйла,өкүр, жулун! Бирок могу жырткычтарга бир тамчы жашыңды,алсыздыгыңды көрсөтө көрбө! " - деп жатты өзү менен өзү сүйлөшүп.
-Мая кандай?
Шеф алдында көңүлсүз ичимдик ичип олтурган Альберттен сурады.
-Жакшы! - деген Альберт шуу этип үшкүрө дагы бир рюмканы көтөрүп ийди.
-Альберт, баарын мен айткандай бүтүрдүң да э?
Шеф сынагандай Альбертти тиктеп турду.
-Ооба, бала жети айда төрөлдү, сенин буйругуң менен ал да жок болду. Заринанын ошол эле күнү көзүн тазалаганбыз!
-Эң сонун! Анын бизге башка кереги жок. Ал эми силер Мая менен али балалуу болгонго жетишесиңер.
Бейкапар сүйлөп жаткан алдындагы Шефти Альберт биринчи жолу жек көрүп турду.
-Эми Мая мени өзүнө жолотпойт! Мындай мүмкүнчүлүк башка болбойт! - деди ызалуу Альберт.
-Альберт мага ишен! Маяны алдыда улуу иштер күтүп турат!
Альберт биринчи жолу Шефинин сөзүнө кошулган жок. Анын максаты такыр бөлөк болчу. Аселге кошулуп өзү да бул чөйрөдөн кеткиси келген. Тынч жашоодо жашагысы келген.Бирок мунун баарын батынып Шефке айта албай койбодубу? Эрксиздиги үчүн өзүн кошуп жек көрүп жатты. Бул чөйрөгө кете алгыс болуп өмүр бою байланганын унутуп салыптыр. Шефтин "Эсиңден чыктыбы сени кайжерден сууруп чыкканым! " - деген сөзүн угуудан коркту. Ал үчүн өмүрүн, Аселди жана кызын курмандыка чалып кете берди. Өзү го мейли, бирок кызычы? Анын күнөөсү эмне эле? Көздөрүнүн кычыгына келген жашты Шефке көрсөтпөй болгон күчүн ичимдиктен чыгара ичип жатты. Бул Альберттин биринчи жолу мындай кылуусу эле. Ал эч качан өзүн башкара албай калганга чейин ичпеген.