Суперстан: Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел)

#81 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   03 Декабрь 2020 - 16:53

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (03 Декабрь 2020 - 15:52) жазган:

Кызып атат жаным тездет



*****
-Ильяз канча убакыт өттү? - деди жанында олтурган досу Акыл.
-Алты жыл.
Ильяз ошол компьютерге үңүлүп эки кашын бириктире аябай берилүү менен бир нерсени издеп аткандай,досуна көңүлсүз жооп берди.
-Воо, алты жыл. Аныңдын бир дайынын билбей эле издей бересиңби? Өткөн алты жыл ичинде Кыргызстанды түрүп ийдиң го. Ары дегенде Баткенден бери издеттиң. Билинсе бир жиги билинмек ушул күнгө чейин.
-Биз билбеген тоолордогу айылдар кемби Кыргызстанда Акыл? Ар бирин аңтарып чыкпадык да, - деди Ильяз ошол калыбынан козголбой.
-Жок,макул ошончо болду эгер сени сүйгөндө өзү деле бир дайынын айтмак да туурабы? Же силер келишип алгансыңарбы периң менен. "Мен жашынам сен тап" - деген талап койду беле?
-Жөнчү адамды күлдүрбөй.
Ильяз досунун кебетесин көрүп жылмайып алды.
-Чын да. Карасаң эми социалдык сайттар калбады сен кирбеген. Алимова Асел! Тогуз жүз токсон тогуз Асел чыгып турат. Мунун кайсынысы сенин периң экенин кайдан билесиң? Жарымынын сүрөтү жок!
-Жүрөгүм менен сезем!
-Койчу, сенин могу түшүнбөгөн өжөр жүрөгүң бир нерсени сезгенде качан эле "Ильяз, Асел үйлүү жайлуу болуп, балдары менен бактылуу бапырап жашап жатат, мен сезип жатамын!" - демек да "тиги Айжанды эле сүйүп алайын" - деп айтмак.
-Балким, Асел бир жерде мени күтүп жүрсөчү? Жардамга муктаж болсочу?
-Ээй азыр деген 21- кылым. Өнүккөн заманда жашайбыз. Төрөлгөн баладан бери колунда телефон.
-Мүмкүнчүлүк болбой аткандыр такыр... - деди Ильяз чындап эле кабатыр үн менен.
-Эмне кулчулук дооруна түшүп калды дейсиңби аныңды?
Акыл чындап жини келе сүйлөп жатты.
-Бир аз жашоого реалдуу көз менен карачы Ильяз? Кыялыңдагы Аселди издеп жаныңда сени чындап жакшы көргөн адамдарды байкабай калып баратасың. Жашоонун кадимки күнүнөн ырахат алып жашай элексиң. Качан болсо шашып ар жакты кыдырып, башың кагаз архивтер менен компьютерден көтөрүлбөйт. Алты жыл издедиң, балким жетишер. Тиги Айжандын деле көңүлүн муздап бүтмөй болдуң, же ал байкуш сенден үмүтүн биротоло үзсөчү. Мына дагы сага келди, - деген Акыл эшик оозунда буларды карап турган Айжанды көрүп ордунан турду.
-Кандайсыңар жигиттер?
Айжан бөлмөгө кирип булар менен учурашты.
-Макул мен кеттим, бүгүн кезектемин, - деген Акыл экөөнү таштап чыгып кетти.
-Эмне болду? Кабар барбы? - деген кыз колун акырын Ильяздын желкесине койду.
Айжандын үнү мээримдүү чыкты. Ильяздын кулагында жанатан досу айткан сөздөр калып кетип таасир эттиби же чын эле чарчадыбы Айжанга жүзүн буруп абдан маани берип карап жатты.
Тунук жүзүнө жарашып турган мурду, оозу,бажырайган көздөрү. Анан да жанда жок жароокер. Мээримдүү жылмайып турат. Ильяз окууга тапшырган жылы эле экөө мамилелери ,көз караштары келишип ынак болуп кетишкен. Окуусу милиция болгондуктан тайпада көбүнесе эркек балдар, кыздар аз гана санда. Айжандын атасы өзү орган кызматкери болгондуктан кызы атасынын жолун улап тапшырып калыптыр. Эки агасынан кийин жалгыз кыз болсо да тайраңдап эрке эмес. Сүйлөгөн сөзү ордунда, абдан жөнөкөй жан. Дос болушканы канча жолу Ильяздын үйүнө келип Салима энеге кол кабыш кылып кетип жүрдү. Экөө жанаша жүргөн күндөн эле кыздын Ильязда көңүлү бар экени өзүнө эле эмес, айланадагы бардыгына байкалган. Бирок Ильяз Асел жөнүндө көп айтчу. Жада калса экөөлөп издеген күндөр болду. Айжан кээде " ээхх ушул кыздын ордуна мен болуп калсам эмне?" - деп тамаша чыны аралаш Ильязга тийишип өтчү. Кыздын өзгөчө сапаты бар, ал башка адамдардын сезимдерин сыйлоону билет. Сүйүп турса да кызганып жулкунбай, кайра жардам көрсөтүп издешип келген. Ары жагынан эле ушундай сабырдуубу же Ильяз үчүн сабырдуу болгонго үйрөнгөн беле...
-Эээй?
Маңдайында күлүп турган кыз колдорун булгап Ильязга сүйлөдү.
-Эмне болду сага? Дагы Аселди ойлоп жатасыңбы?
-Чарчадым. Бир аз басалычы...
Ильяз Айжандын колун кармады. Жигиттин эч качан мындай аракетин көрбөгөн Айжандын толкундангандан жүрөгү апкаарып, жүзү албырып чыкты.
-Ии макул, анда мен формамды алмаштырып алайын.
-Сыртта күтөм, - деди Ильяз.
Борбордо кыш. Кеч кирип, көчөнүн жарыктары жандырылып андан майда жумшак себелеп жаткан кар укмуш көрүнөт. Эки караан сейил бакты аралай басып баратышты. Күн жылуубу же Айжандын жүрөгү жанып ичине түшкөн оттон ысып жатабы белгисиз, үстүнө кийген пальтосунун алдын ачып алган.
-Керемет! - деди Ильяз бир убакта жүзүн жаап жаткан карга тосуп.
-Чын эле.
-Кар сонун жаап жатат негедир.
Айжан жигитти таң калып карап турду. Күндөгүдөн такыр башкача бүгүн.
-Кар жылда эле ушундай жаайт, - деди Айжан күлүмсүрөп.
-Ээк сени. Романтик болоюн десе бузасың да, - деген Ильяз күлүп кадамын улады.
-Ильяз айтсаң эмне болду?
Бир убакта Айжандын чыдамы кетти көрүнөт алдын торой калып, жигиттин маңдайында туруп сурады.
-Эмне болуптур?
-Сен башкачасың? Эмне жаман кабар уктуңбу Асел жөнүндө? Же кайгырып жатасыңбы? Табылат да Ильяз, сен жеңилбе да.
Айжан чын дилинен камкорлоно сүйлөп жатканын көрүп Ильяздын жүрөгү элжиреп кетти. Маңдайында турган кыздан эки кадам артка таштап алыстады. Айжан так эле жол боюнданы көчөгө жарык берген жол чырактын астында турган экен. Андагы жарыка чагылып түшүп жаткан бүртүктөрү менен Айжандын бул турганы өзгөчө кооз көрүндү.
-Эң сонун кадр! - деген Ильяз чөнтөгүнөн телефонун алып кызды тартты.
-Ильяяяз?!
Ильяз кайра Айжанга жакын келди да:
-Айжан кел бүгүн башка нерселер жөнүндө сүйлөшөбүз? - деди.
Айжан эми көрдү жигиттин көзүндөгү жашты.
-Бүгүн бардык нерсе жөнүндө сүйлөшөбүз, Аселден башка... - деп кыйкырган Ильяз алдыга басып баратты. Жанында унчукпай Айжан келе жатат.
-Айжан? - деди бир убакта Ильяз.
-Ооу?
-Адатта жолугушууга чыкканда ресторанга тамактанганы алып кирет экен жигиттер. Мен антпедим, капа эмессиңби? - деди.
-Тентек!
Айжан күлүп койду.
-Эмне экөөбүз кыз-жигит белек? Досторбуз да!
-Ооба, досторбуз.
Ильяз Айжандын сөзүн артынан кайталап койду. Ал күнү экөө көпкө сейилдеп басышты. Ильяз айткандай көп нерсе жөнүндө сүйлөшүштү. Бала күнүндөгү кар кечип, жылгаяк тепкен, кар киши жасаган, жаңы жылды кубана күтүп аяз атага ишенген күндөрүн айтып келе жатып томсоро түштү. Анткени ал күндөрдүн баарында жанында Асел болгон. Такыр эле Ильяздан ажырагыс болуп жашоосуна байланганын карасаң...
Түн бир убакта Айжанды үйүнө жеткирип келген Ильяз коштошоордо кыздын маңдайынан сүйүп койду. Кызга ушул эле керек белем? Ансыз да албырып, сүйүнүчтөн бир калыпта сокпой тыпырап жаткан жүрөгү кантип бул кубанычтан жарылып кетпегенине өзү таң Айжан. Үйгө кирип албырган жүзүн колу менен басып кыялдана көпкө жатты кыз.
Жолдо үйүнө бараткан Ильяз машинасында жаңырып жаткан ырга бирде кошулуп, бир үнсүз муюп угуп баратты.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Түшүмө кирчи Периииииштеееем! ....
-Туулган күнүң менен периштем! - деди Ильяз шыбырап, качан гана ыр соңуна чыкканда.

Так ушул убакта бир канча алыстыктарда кыпкызыл розалар толуп, өзгөчө шамдар жагылган бөлмөнүн бир бурчунда колуна кызыл жоолукту кармап олтурган Асел ушул ырды ырдап жаткан.
Түшүмө киирчии, түшүмө кирчи Перииииишттттеем! ....
Мукам үнү басылып көзүнөн жалгыз бермет ылдый кулады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Bazana   03 Декабрь 2020 - 21:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Жалгызым азго бугун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   ShaKe11   03 Декабрь 2020 - 23:42

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Кооптон жазып салчы автор
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   jindirak   04 Декабрь 2020 - 01:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Омуру китеп окубаган жаным сенин чыгарманды кууп окуйм деп жети уктап тушумо кирген эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   04 Декабрь 2020 - 10:09

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (04 Декабрь 2020 - 01:18) жазган:

Омуру китеп окубаган жаным сенин чыгарманды кууп окуйм деп жети уктап тушумо кирген эмес.


****
Бөлмөсүнө кирген Ильязды төрдөгү Аселдин томсоргон жүзү тосуп алды. Ооба сүрөттө жадырап күлүп түшкөн кыз бүгүн Ильязга капалуу тиктеп тургандай. Ильяз биринчи жолу Аселди ойлобой, кыялданбай кечти тосуп, табигатка суктанып башка жан менен ээрчише басып келгени үчүн, башка сулуунун маңдайынан сүйгөнү үчүн ызалуу карап тургандай. Негедир кызды унутууга,ансыз жашоонун жаңы барактарын толтуруп, жазууга жүрөгү чыдай албай турду. Аселсиз таңды тосуп,күндү батырууга, Асел менен эмес, башка бирөө менен түтүн булатып, тирүүлүктүн өлбөс көчүн улап кетүүгө каалоосу келбей турду. Дегиле эле Аселсиз жашоону каалабай, буга жүрөгү жол бербей баш чайкайт.Экөө кыялданган жашоону башка жан менен татууга акысы жоктой чебелектейт. Жада калса Салима эне ниет кылып катып жүргөн ак жоолук жалгыз Аселине таандык болгондой башкасына ыраа көрбөй келет. Жакын келип сүрөттөгү Аселдин саамайынан сылады. "Унутту дейсиңби? Периштем, бул мүмкүн эместигин жакшы билесиң го? Бирок... Сен кайдасың Асел?!"

Ал эми Асел. Анын жашоосунда Ильяз өчтү дейсиңби? Жок. Алыстагы кол жеткис, бирок жарык берген жылдыздай болгон элеси кыздын түн түшкөн жашоосун жарытып келет. Өзү менен өзү сүйлөшүп, адамдардан деги эле тирүүлүктөн көңүлү көчкөн журттай муздаган кыздын, кулпуланып ачылбай, сапырылып тозу түшкөн ээн дүйнөсүндө жалгыз Ильяз жашайт. Баарын жоготуп бүк түшкөндө ошол Ильязынын караанын эш тутуп жыгылган ордунан турбады беле? Өмүрүнүн эң эле таттуу мезгили да дал ошол Ильяз менен өткөн. Асел баарын жоготту. Анын өмүрүндөгү жалгыз кубанычы кызын да жоготуп алды. Эми ошол артта калган кайрылбас күндөрдөгү жагымдуу элестерден башка эмнеси бар? Канча жолу Ильязды издегиси келди. Бирок эмне пайда? Балким ал үйлөнүп, жайланып өз жашоосу менен алек болгондур. Мынтип ойлоп алып кайра кызганыч жүрөгүн өрттөп, олтурган жеринен тура калып жөө болсо да издеп жөнөгүсү келет. Бирок буттары жипсиз тушалуу. Өзү жашаган дүйнөдөгү Ильязга кеткен жол, белгисиз. Туңгуюк. Ильязга кабарын берсе эле иштин бүткөнү. Анын тынч жашоосун бузгусу, аны да мынандай баш аламан дүйнөгө кептегиси келбеди. Эгер эле ага карай талпынса Шер менен Альберт мунун кайтаруу үчүн эмнелерди гана кылбайт. Өз өмүрү го мейли, Ильязды коркунучка кептегиси келбей андан көрө кызганыч менен жашап анын мейли башка бирөө менен өмүр сүрүп жатканын моюндаган жеңил. Тирүү жүргөнү эле каниет...
Алты жыл өттү. Бул жылдарда Аселдин жашоосу кай жака гана оодарылган жок. Эчен жолу ажал менен маңдайлаш келди. Өткөн бул убакыттын ичинде кыз Шеф айткандай не деген " улуу иштерди" жасабады. "Кара дүйнөнү" аттаганда көргөн жанды суктантып үлбүрөгөн периште, эми ошол дүйнөнүн мүчөсүнө айланбадыбы? Мая! Эчендеген бизнесмен, министрлерди тузагына түшүрдү дейсиң...Мая жүрөксүз, таш боор муздак аял катары крим дүйнөгө таанымал болду. Ал аяп, боор тартууну билбейт. Чачын тысырайта төбөсүнө байлап,капкара кийинип жүргөн кара көздүү сулуунун чыныгы жүзүн бир да адам көрбөгөн. Аселдин жүрөгү өлдү. Таттуу кыялдар, аруу тилектер катаал жашоосунун артта калып эскирген дептеринин бүктөмдөрүндө калып кетти. Бул жылдар аралыгында кыздын сөлөкөтү гана жашап жүрдү. Альберт менен Шер өлгөн жүрөгү өлгөн Аселдин сөлөкөтүн гана сүцрөп жүрүштү.Күндөр, айлар анан жылдар. Өз тизмегин бузбай кербендей чубап өтө берди....

********

-Ильяяз! Болчу балам!
Таң ата элек тай энеси уулун шаштыра түрткүлөп жатты.
-Тай эне бир аз, бир аз эле жата турайын.
-Катыгүн, жатчу убак бекен азыр? Тур тура гой, камыналы эртерээк. Апаң менен тиги күйөөсүн аэропорттон тосуп алуу керек. Анан Сабырлар да мына келип калышат. Машинеңди жүргүз, алчу нерсе ошончо.
-Ой тай эне,жок дегенде базар ачылсынчы?
-Эмне элдин баары сен сыяктуу уктап жатат дейсиңби? Ачылган базарың!
-Уффф!
Азыр эле тай энеси ачып кеткен жуурканын кайра бетине жаап ары карады Ильяз.
- Ай ботом, турасыңбы сен бала? Сен эмей эле мен үйлөнүп жаткандай чебелектейм. ..
-Анан ошондой эле го...
Ильяз жаткан ордунда күбүрөдү. Небересинин ушул эле сөзү жетиштүү болдубу же андан ары сүйлөп бүтпөс теманы ырбаткысы келбедиби Салима эне шуу үшкүрө бөлмөдөн чыгып кетти. Тунжураган тынчтык. Жанатан уктап жаткан адамдай болгон Ильяз бери оодарылып маңдайындагы текчеге коюлган Аселдин сүрөтүн тиктеди. Түнү бою ушул сүрөттү тиктеп жатты. Сүйлөштү. Кечирим сурады. Бирок баары бир жүрөгү оор тартып күнөөсүн көтөрө албай жанын беймаза кылып жатканы эмнеси? Акыркы жолу ушинтип карап жатат. Акыркы жолу сүрөтүнөн болсо да жүзүнөн сылап жатат. Мындан ары Асел эле эмес, анын сүрөтү да жашоосунан жок болуш керек. Мүмкүн эмес. Айжан уруксат берген күндө деле Ильяздын акысы жок эми. Сүрөттү алып шкафтагы каралбай калган эски документ салынган чемоданга таштады. Жашыл көздөрүн күлүңдөтүп Асел дале карап турат. Кудум ошондой мээримдүү, жароокер ...

Ашканага чыгып шалдырай олтургучка олтурган Салима эне ич-ичинен уулуп аяп кетти. Мындан бир жума мурун экөө сүйлөшкөн кечти эстеди.
-Тамак даамдуу болуптур тай эне.
Ильяз адаттагыдай ичкен тамагын мактап оозун арчып жатып сүйлөдү.
-Аш болсун, Айжан жасап берип кетти, - деди Салима эне уулун сынай тиктеп.
-Ал келди беле?
-Ии.
Бата кылып ордунан козголгон Ильязды тай энеси токтотту.
-Олтурчу сүйлөшөлү.
Салима эне күндөгүдөй уулун эркелетпей олутту сүйлөдү.
-Эмнени?
Сөз төркүнү эмне жөнүндө болоорун Ильяз болжосо да кайра сурады.
-Ильяз кулунум! Көзүмдүн кареги! Өмүрүңдүн канча мезгилин күтүү менен өткөргөнү жатасың?
- Тай эне!
-Отур!
Ордунан козголуп адатынча качып жөнөмөкчү болгон Ильязга Салима эне бул жолу катуу айтты.
-Жакшы сүйлөгөнгө деги көнбөсөң! Канча жыл болду уулум? Он жылга чукулдады. Издеп эле келе жатасың! Жетишет болду балам!
-Сен эмне деп жатасың тай эне? Эч ким түшүнбөсө да сен мени түшүнөт элең го? Башкасы мейли, алыстагы апам да билбейт бирок сенчи? Асел экөөбүздү сенден жакшы билген адам азыр дүйнөдө калган жок. Анан кантип?
-Аны түшүнөм, бирок убакыт жылып баратпайбы? Бир дайынын да билдирбей кетти.
-Тай эне укчу, сен кантип эле Аселди башкага алмаштырып жатасың? Кантип? Антпечи суранам! Аселди жек көрбөчү, унут дебечи?
Ильяз жаш баладай тай энесинин алдына чөгөлөй кетти. Көкүрөгү ушунчалык ачышып жатты. Өзүнүн эмес, тай энесинин, экөөнүн ынтымагын, сүйүүсүн өз көзү менен көргөн тай энесинин "Аселди унут" - дегени оор болуп жатты. Жада калса Аселинин тай энесинин сезиминен чыгып баратканына күйүп, туталанып баратты.
-Балам, сен издедиң, күттүң. Асел балким бактылуу жашап жүргөндүр. Болбосо ал да сени издемек. Эми өз жашооңду кур. Мени тай эне десең, мени ыраазы болсун десең издөөнү токтот. Канча күнүм калды, бир Кудайга маалым. Көзүмдүн тирүүсүндө сенин үйбүлөө күтүп калганыңды көрүп калайын. Шум ажал келип кайсы күнү жанымды алат? Айжанды алып кел!
-Тай эне?!
Небересинин чарасыз көздөрүн кароого батынбай этегин кагып туруп кеткен Салима эне.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   assanov97   04 Декабрь 2020 - 10:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 20 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:06

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Komar   04 Декабрь 2020 - 17:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 14 Июль 20
  • Соңку аракети: 18 Сен 2021 14:40

Автор,кутуудобуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   bond0202   05 Декабрь 2020 - 18:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

жазчы садагасы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   bond0202   05 Декабрь 2020 - 18:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

кутуп калдыкко
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Ayimka   06 Декабрь 2020 - 02:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Жиндирак суранса анан жазат бул автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Baichechekey   06 Декабрь 2020 - 03:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 30 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Янв 2025 15:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек убактылуу Москвадамын

Жалгызым, жалдыратпанызчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Deimon1990   06 Декабрь 2020 - 18:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 13 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 14 Июн 2021 21:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россия.Санкт-Петербург

Бүгүн жазбайт дем алыш.Эртең жазса керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   ShaKe11   07 Декабрь 2020 - 10:07

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Жинди айттып кой жазсын Жалгызым
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   jindirak   07 Декабрь 2020 - 13:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жаз Эми жалгызым жаным кутуп калдык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   07 Декабрь 2020 - 13:49

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (07 Декабрь 2020 - 13:16) жазган:

Жаз Эми жалгызым жаным кутуп калдык.



*******
-Эннеее?! Эээ Ильяз?! - деп кыйкырып кирип келген Ильяздын досу Акылдын үнүнөн Салима эне ордунан туруп утурлай чыкты.
-Кел балам? - деген Салима көзүнүн кычыгынан кулаган жашты сүрттү.
-Олтурасызбы эне?
-Сен таң атпай не жүрөсүң? - деген Ильяз да төркү бөлмөдөн чыга келди.
-Сен үчүн келдим да, сен болсо. Ме ал, - деп колундагы гүлдү Ильязга тарапка ыргытты.
-Сен үчүн гүл да алып койдум, эми кийинип Айжандын үйүнө барсак болду. Же Айжанга айталы өзүң эле келе бер деп, - деген Акыл тамаша аралаштыра Ильязга көз кысып койду.
-Жөнчү...

Ильяз Айжанга үйлөндү. Он жылдап күткөн, издеген бактысынан мына ушинтип гана бир күнү баш тартып кетти. Ал тай энеси үчүн гана эмес, өзү үчүн да унуткусу келди Аселди. Ооба жүрөгүнүн төрүндө жайгашып,жашоосунун эң көркөмдүү, эң өткөөл мезгилдерине күбө болгон ошол Аселин унуткусу келди. Бул мүмкүн эместигин билсе да, ич - ичинен эч качан унута албасын сезсе деле өжөрлүк менен унутам деди. Ал эми Айжан. Көз алдында башка бир кыз үчүн жанын тиштеп, азапка түшүп издеген адамга баарын көрүп туруп өмүрүн байлады. Баары сонун, баары ойдогудай. Экөө жубай аталып бир жаздыка баш койгон күнү бир керебеттин эки бурчунда олтурушту.
-Айжан?
-Ооу?
-Мени кечир... Мен , мага бир аз эле убакыт бер. Көрөсүң баары... - деп келе жаткан Ильяздын жанына Айжан келди да колдору менен оозун жапты.
-Суранам унчукпа. Мен баарын түшүнөм. Күтөм, чыдай аламын...
Аппак жоолук салынып көздөрүн жалдыратып турган келинчегин бооруна басты.
-Бактылуу кыл дебейм Ильяз, сени менен бактылуу болом. Көрөсүң го,менин сүйүүм экөөбүзгө да жетет....
Айжан ушинтип ойлогон. Ильяз да ушул сөзгө ушунчалык ишенгиси, Аселди унутуп кучагында турган, өзүн жанынан артык сүйгөн Айжанын сүйгүсү келип турду. Он жылга жакын убакта Ильяз Аселди канча издеп убайым чексе, Айжан да Ильязды ошончо катуу сүйүп азап тартып келди. Ушул күндөн Ильяздын жашоосу өзгөрдү. Тынч бейпил жашоо. Көптөрдүн жашоосундай калимкидей өмүр кечирип жатты. Ильяздан өтүп Салима эне бактылуу. Айжан жароокер мүнөзү менен Салима энени ээриктирбейт. Иштен келсе алдынан чуркап чыгып жадырап тосуп алчу жубайы бар. Бирок негедир баягы көкүркөгүнүн бир бурчунда калып кеткен, көмүлүп сыртка чыга албай буулуккаен сагыныч, куса гана жанын тымызын кыйнап азаптап келет.Балким өмүрү ушул калыпта өтүп кете бермек беле. Эгерде Асел кокустан мынтип кайра жашоосунда пайда болбогондо. ...

********
-Ильяз менин мобу колдорум менен Шер менен Альберт эмне гана иштерди жасашкан жок. Кандай гана күндөрдү кечирбедим. Ооба менде бул иштерди жасабай коюга бир жол болчу. Ал өлүм. Бирок жанымды кыйбады дейсиңби? Аракет кылгам, аябай көп...
Ильязга маңдайлаш олтуруп баарын бирден көз алдына тизмектеп өткөрүп, жашап жаткандай болгон Асел кантип ыйлап жатканын деле билбей калды. Атүгүл азыр Ильязга айтып берүү ал күндөрдү башынан өткөргөндөн алда канча оор болду. Аселдин баянын угуп олтурган жигиттин бирде жүзү кызарып муштуму түйүлө кыжырданганы билинип столду уруп жиберсе, бирде көздөрүнө жаш тегеренип кызды ошончолук аяп да кетип жатты.
-Эмнеге Асел? Эмне үчүн бир эле жолу кабарыңды билдирбедиң? Сени ал жерден суурүп алууга күчүм жетпейт дедиңби? Же ошончолук алсыз дедиңби мени?
-Жок. Мен сенин жашооңо өзүмдүн, маанисиз баш аламан турмушумду аралаштыргым келбеген, - деген Асел башын жерге салды.
-Сен тентексиң! Акылсыз!
Кыйкырып алган Ильяз бөлмөнү айланта басып жүрө берди.
-Билем! Ошол бойдон кезикпей калсак эмне? !
-Андай болуусу мүмкүн эмес эле. Анткени бул акыйкатсыздык болчу. Тагдырдын, сүйүүнүн, сенин мага жасаган акыйкатсыздыгың!
-Кечир! - деди Асел жашка муунган үн менен буулугуп.
-Жок! - деди Ильяз да көктүгүнө салып. Ооба ушундай мүнөзү бар эмес беле, өзү каалаганына жетпесе, же айтканындай болбосо ушинтип кашын бириктирип көгөруп алчу. Качан гана Асел алдына көздөрүн жайнатып туруп алганда тоң болгону жибий түшчү эле го.
-Кечире албайт экем Асел?! Сен эмне болгонумду билесиңби сен үчүн. Кыргызстандын ар бир бурчун, айылын менден жакшы билген адам жок. Кыргызстанда канча Асел бар экенин менден сура, баарын билем. Көргөм! Керек болсо сени издеп жүрө берип жашап жүргөн шаарымда эмне өзгөрдү, эмне курулду билбейт экем. Мезгилдердин катарынан адаштым. Аптанын күндөрү мен үчүн бирдей болду. 10 жыл Асел, 10 дыл ушинтип жашадым. А сенчи?!
-Эмне мен? Ильяз сен жок дегенде тынч жашоодо жашадың. Сен каалаганда туруп, уктай алдың! Сен деген кааласаң көчөгө чыгып эркин баса алдың. Жөнөкөй эле нерсе эгер кааласаң өлүмдү тандай аласың! Жашооң башка бирөөлөр тарабынан чектелбеди. Эмне сүйлөп, эмне коюшуң керек экендигинен бери жазылып коюлган жок. Менинчи? Эртеңки күнгө байлаган үмүттөрүм башка бирөөлөр тарабынан өрчүлгөн. Уктай албаймын эртең дагы кандай ишти аткараар экенмин деп. Жада калса өлүп да кете албадым! Бул да менин колумда эмес. Жашоом, дем алуум кайтарууда. Кээде өзүмдө эки адам жашап жатканын сезчүмүн. Мая менен Асел. Экөөнүн ортосунда күн сайын кандай гана согуш жүрбөдү. Шер менен Альберт акыры менин ичиме ошол Маяны кантип жайгаштырып салышканын да аңдай албай калдым.
Асел вулкандай атылып кетти. Ызылдап кыйкырып жатты. Ушунча жылдап ичине чогулган ызаа, балким арман ушинтип чыгып кетти. Жашоосундагы жакындарынын ар бирин жоготкондо өзүн ичтен көмүп келген.
-Кечир! Асел кечирчи?!
Ильяз кантип жетип кызды бооруна басканын билбей калды. Аселдин абалы ушунчалык аянычтуу эле. Ильяз кучагына алганда кадимкидей денеси титиреп жаткан болчу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Bazana   07 Декабрь 2020 - 14:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Жинди , жанын дагы жазабы бугун?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   jindirak   07 Декабрь 2020 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Ушул элеби дагын окугум келип атат жаным
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   07 Декабрь 2020 - 15:24

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (07 Декабрь 2020 - 15:02) жазган:

Ушул элеби дагын окугум келип атат жаным


*****
Үйгө кеч киргенде колуна бир сумка алманы көтөрүп кирип келген Ильяздын алдынан чуркап чыккан Айжан мойнуна асылды.
-Сагындым! - деди шыбырап.
Ильяз унчукпады, күнөөлүүдөй келинчегин болор болсо бооруна басып тура берди.
-Тай энем кандай болуп калды? - деди бир убакта бул абалдан чыгууга.
-Жакшы, бүгүн тамак жакшы ичип жатат, - деди Айжан жолдошунун мойнуна оролгон колдорун бошотуп жоолугун оңдоп жатып.
-Алма?
-Ии, ме.
Ильяз колундагы сумка толо алманы келинчегине карматты.
-Айылга бардыңбы?
-Ооба,мен тай энеме кирейин, - деген Ильяз шашыла Айжандын көптөгөн суроолор жаткан көздөрүнө батынып карай албай ары басып кетти.
Таза, тыкан болуп жыйналып турган ээн бөлмөнүн төрүндөгү аппак төшөктө Салима эне мемиреп уктап жатты. Бутунун учунда ойготуп албайын деген кыязда акырын баскан Ильяз келип тай энесинин жанына олтуруп, колдоруна башын жөлөп алды.
-Кулунум, - деген тай энесинин мээримдүү үнү каргылданып чыкты бир убакта.
-Оов тай эне.
-Келдиңби балам чарчабай?
-Келдим.
Салима эненин мынтип төшөктө жатканына бир айга чукулдап калды. Ошондон бери Айжан тамагын берип жууп тарап келет. Салима эне небересинин ичинде бактысыз экенин эң жакшы билчү. Алгач "эч нерсе болбойт, нике ысык эмеспи Айжанга жылып калат" - деп ойлогон ою жаңылыш экенин эми билип олтурат. Анткени Ильяздын көзүндөгү баягы күндөрдөгү жалтыраган учкун өчүп күн өткөн сайын муңайып бараткандай. Кээде оор үшкүрүнүп да алчу.
-Балам, сен мени кечир, - деди Салима эне капыстан.
-Эмнени айтып жатасыз тай эне?
Түшүнбөй калган Ильяз башын көтөрүп тай энесин карады.
-Сени бактылуу кылам деп өзүм да билбей бактысыз кылып жаткан жокмунбу деп.
-Койчу тай эне, мен бактылуу элемин, - дели Ильяз да жадырап.
-Сен оорубачы...

Салима эненин алдында кыйлага божурап сүйлөшүп олтурган Ильяз тай энеси уктап калганда гана ашканага тамактанууга өттү.
-Тай энем уктадыбы? - деди Айжан Ильязга чай сунуп жатып.
-Ооба.
-Кел тамак.
Ильяз алдына коюлган тамака сол сунуп жатып, маңдайында өзүнө мээримдүү карап жылмайып олтурган келинчегин көрүп ойго чөмүлдү.
"Чын эле менин жанымда ар дайым колдогон жакындарым болду, жада калса Айжан да сүйүп мээрим төгүп келди. Тай энем, алыста болсо деле апам бар. Аселчи? Жок, аны кайра аларга таштап бере албайм!"
-Ильяяз?
-Оу, - деген Ильяз Айжандын үнүнөн селт этти.
-Жакшыбы баары жумушта?
-Аа ооба жакшы.
Келинчегинин алдында да олтуруп да Аселди ойлоп жатканы үчүн ушунчалык өзүн күнөөлүү сезип турду.
-Азыр, мен.
Ильяз ордунан шашыла туруп сыртка жөнөдү.
-Сен кайда? Өзү эми келдиң го?
Артынан чуркап эшик оозуна жетип жалооруп сүйлөгөн Айжандын үнүнөн артка бурулду. Аппак жоолук салынып, өзүн ыйламсырап карап турган келинчегинин көздөрүнө карай албай койду.
-Жумуштан, унуткан экем. Бат эле кайтамын, - деген Ильяз ылдам басып машинасына жөнөдү.
Ошол калыбында эшик оозунда халатынын чөнтөгүндөгү эки сызык тестти колдору менен мыкчыган Айжан канча турду белгисиз. Ичкериден Салима эненин "Айжааан? " - деп өзүн чакырган үнүнөн селт эте, көзүндөгү жашты аарчып үйгө карай чуркап кетти.

Ильяз жолдо баратып кол телефонун алып кимдир бирөөгө чалып жатты.
-Алло байке? Кайдасыз? Жолугалычы? Жок жумушта сүйлөшчү маселе эмес да. Жанагы кафеге келе аласызбы? Макул.
Бир сааттан кийин болжошкон жердеги чакан кафеде өзүнчө болгон кабинада Ильяз менен жанагы байкеси олтурду.
-Эмне болду анчалык?
-Жардамыңыз керек болуп, - деген Ильяз алдындагы вилканы кармалап жатты.
-Айт.
-Мен Аселди таптым.
-Хмм, сен аны издөөнү токтоттум дебедиң беле? - деди байкеси да эки колун кайчылаш кыла.
-Ооба ал кокустан пайда болду. Мен издебеген учурда, мен күтпөгөн жагдай менен. Эсиңдеби сен "кылмыш дүйнөсүнө аралашуусу мүмкүн" - деген божомол айтканың?
-Ии анан? - деген байкеси кызыга Ильязга жакын болуп бери обдулду.
-Билбейм, кантип эмне дээримди.
-Башынан айт.
-Мая кармалды го? Ошол Асел болуп чыкты!
-Оппа!
Байкеси эки колун чаап алды.
-Сен кантип билдиң?
-Өзүм сүйлөштүм.
-Чын, сенин ал селкиңдин жер жуткандай жок болуп кеткенине ушунчалык кызыккам. Бирок дал Мая ал экени...
Байкеси башын чайкап сүйлөнүп жатты.
-Анын тарыхы өзүнчө. Башка маселе бар.
-Эмне? Аселди куткарам деп чыкпа.
-Дал ошондой. Аселди куткаруу керек. Билесиң бизде мыйзам кандай иштерин. Жакынкы күндөрү Аселди Шердин адамдары алып кетет.
-Же болбосо.
-Же болбосо өмүр бою абака кесилет, - деди байкеси Ильяздын сөзүн толуктап.
-Ильяз эки гана жол турат да.
-А мен үчүнчү жолду тандайм. Аны качыруу гана керек. Анткени ал күнөөсүз.
-Сен эмне деп жатасың? Кандай күнөөсүз? Ал Мая! Жок баягы сен сүйгөн бала күнүңдөгү Асел эмес. Маая! Кылмыш дүйнөсүндөгү таасирдүү аялдардын бири!
-Байке аны мажбур кылышкан.
-Ильяз ойлочу, ал сенин алдыңда гана күнөөсүз периштенин ролун аткарбады деп ким айта алат? Ал деген Мая! Ал миң кубулуп кимдерди торуна салып, не деген иштердин үстүнөн чыкканы сага да, мага белгилүү. Сени ушинтпеди деп,сенин ага болгон сокур сүйүүңдү пайдаланбады деп ким кепил боло алат?
-Мен айта аламын! - деди Ильяз ишеничтүү.
-Байке Аселди мендей билген адам жок. Асел жада калса менден жардам да сураган жок. Өзүм чечтим. Эгер чын эле сен айткандай ал спектакль ойноп жатса, не кереги бар? Шер менен Альберт куткарып кетет. Муну экөөбүз тең жакшы билебиз. Маянын абака кесилип жаза алуусун экөөбүзгө окшогон майда кызматтагылар эле каалап жатпаса, жогорку тарап кош колдоп Шерге тапшырып берет.
-Кабыл Токторович! Сенин кайын атаң бул ишке катуу киришкенин билесиң да?
-Ошондуктан сизден жардам сурап жатамын байке.
-Ильяз эмне деген жорук баштаганы турасың деги? Акыры жакшылык менен бүтпөйт го? Ушул күнгө чейин ал кыз жашооңдо болбоду, кел мындан ары да дал ошондой жаша. Аселди издеп. Ал эми бул кыздын Мая экенин тан ал.
-Жоок! - деди Ильяз баш чайкап.
-Мен анте албайм байке. Ал Асел.
-Макул мен макул болдум да дейли анан? Андан аркы планың барбы?
-Ошол үчүн сизди чакырдым да. Асел кармалган жайда Акыл иштейт, андан да жардам сурайбыз.
-Аның ишеничтүүбү анан? Билесиң э бир чети чыкса абалыбыз кандай болоорун?
-Кам санаба андан.
Экөө көптөгөн пландарды түзүп, Аселди куткаруунун жолдорун сүйлөшүп жатышты.
-Менин шаардын четинде үйүм бар, ошол жака алып барасың, - деди байкеси.
-Ал жак..
-Коркпо эч ким жашабайт. Анан калса Маяны издөө иштеринде, милициянын үйүнөн кыдыруу эч кимдин оюна келбейт, - деген байкеси көзүн кысып койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Komar   07 Декабрь 2020 - 17:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 14 Июль 20
  • Соңку аракети: 18 Сен 2021 14:40

Жиндирак, дагы кобуроок сураныныз Жалгызымдан, коптон жазып бутурсун! Жаздыбы деп улам телефонду карай берип телефонда эки коз да тешилмей болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   jindirak   07 Декабрь 2020 - 17:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Окурмандардын отунучун эске алып дагын жазып койчу жан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 30 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 30, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: