Суперстан: Түн түшкөн өмүр... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Түн түшкөн өмүр...

#121 Пользователь офлайн   Janna19   09 Апрель 2021 - 13:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 78
  • Катталган: 06 Ноябрь 20
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:23

Просмотр сообщения jindirak (05 Апрель 2021 - 16:35) жазган:

Оооо маладец жаным, уландысын кутомго же бугун бутуп кетеби а.

Жаныңды жазыдырып койчу бай болгур)).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Aituwas   09 Апрель 2021 - 18:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

2 ай кутобуз эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   ShaKe11   09 Апрель 2021 - 20:17

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Ии анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Aituwas   11 Апрель 2021 - 22:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Аааууу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   12 Апрель 2021 - 03:11

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (05 Апрель 2021 - 22:35) жазган:

Оооо маладец жаным, уландысын кутомго же бугун бутуп кетеби а.

*******
Дүйнөдөгү таттуу сезимдердин бири энелик сезим. Эң күчтүү сезим да ушул экени талашсыз. Анткени эне мээрими, эне сезими болгон үчүн бул жер шаары өз огунан чыгып кетпей айланып, аалам аңтарылып, дүйнө өзөгүнөн үзүлүп кетпей жашоо уланып жаткандыр. Эненин балага болгон чексиз, эсептеп өлчөнгүс сүйүүсү бардыгы үчүн жашоо кербени уланып жаткандыр.
Ширин курсагында бала пайда болгондон бери өзгөрдү. Табитинен тартып, айланага болгон көз карашы да өзгөрдү. Эң биринчи кол алдында иштеген кыздарга мамилеси такыр башкача болуп баратты. Кыздар ката кетирсе же ашыкча сүйлөсө мурункусундай көзүнөн заары чачырап тиктебей мээримдүү гана тигилип карап коёт. Жулкулдатып зордоп жумушка түртүп чыгарбайт. Анын бул аракети, бул өзгөрүүсү албетте Акылдын көз жаздымында калган жок. Шириндеги өзгөрүүнү эң биринчи байкаган да Акыл болду. Ичиндеги күмөнү туура экенине ынануу үчүн дагы бир аз кызды сыртынан күзөтүүнү туура көрүп жүргөн. Бир күнү таңкы тамакка өзү куймак бышырып Ширинди чакырды. Эми гана дасторконго олтурганда Ширин оозун колу менен жаба калып чуркап кетти. Бир аздан соң өңү купкуу болуп кайра ордуна олтурду.
-Ширин жакшыбы баары?
-Жакшы, жакшы эле, - деди кыз көздөрүн ала качып алдындагы чайдан ууртап.
-Эч нерсени жашырбай элесиңби?
-Жок, сенден эмнени жашырмак элем?
-Ден соолугуң жайында эмес го дейм? Өңүң да кубарып, - Акыл колун Шириндин чекесине тийгизип жатып сүйлөдү.
-Өтүп кетет, ашказаным бир аз...
-Бүгүн сени ооруканага өзүм алып барайын. Баягы күнү да ушинткенсиң. Ошол бойдон барбай жүрөсүң го дейм.
-Акыл, тиги мен өзүм барамын. Сен жумушуңдан калба.
-Сенден өткөн маанилүү жумуш жок да мен үчүн. Мен сыртта боломун, кийинип чык, - деген Акыл Шириндин чачтарынан өөп коюп чыгып кетти.
"Өлдүм! " - деди ичинен. "Эми кантемин? Мунун мындай адаты жок болчу. Же бир нерседен шекшип калды бекен? Кандай жол тутсам экен?" - деген Ширин кийинип жатып ойлору кымгуут түшүп жатты. Деги эле бул тордон кантип кутулуп кетүүнү билбейт. Кайсы күнү Акыл билип калат экен деген коркунучтуу ой көкүрөгүн эзип, санаага батып жүргөн чагы. Акыл биле элегинде качып кетүүнү болжоп жүргөн. Бирок кайда? Апасынын жанына деги бара албайт... Айтоор баш аягы жок чырмалышкан ойлор...
Сыртка чыкса Акыл унааны от алдырып коюп тамекисин түтөтүп айдоочу менен сүйлөшүп турган экен.
-Ширин сени Жалын өзү алып барат. Менин башка жумуштарым чыгып калды жаным, - деди Шириндин жүзүнөн өөп жатып.
-Макул, - деген Ширин ичинен " өөх!" - деп терең дем алып алды. Акылда шектүү эч нерсе байкалбайт. Демек ал эч нерсени билбейт деп койду жымыңдап. Ал эми Акыл кыздын ар бир сөзүнө жасаган реакциясын астыртан күзөтүп жатты. Жана ооруканага кошо барам дегенде шашкалактап сөздөрүн жоготуп сүйлөп, өңү өзгөрө түшкөнүнөн бери байкап олтурган. Эми болсо барбайм десе көздөрү жанып кубанып кеткени да күмөнүн арттырды. Ширин олтурган машинанын артынан байкатпай айдап бара берди. Машина туура эле оорукананын алдына келип андан түшкөн Ширин көз айнегин тагып ичкери кирип кетти.
-Саламатсызбы эже?
-Кел Ширин жакшысыңбы? - деген дарыгер Ширинди шашылыш келгенин көрүп чоочуп кетти.
-Ооба эже жакшы. Болгону мага могу кусканымды басаңдатчу даары жазып бериңиз. Акыл шек алып кала жаздады. Болгон майлуу тамактарга жүрөгүм айланып жатат.
-Эми ал менин колумдагы нерсе эмес да. Сага болгон күчтүү витаминдерди жазгам.
-Таасир этпей жатат. Деги бул абал качанга чейин уланат эже?
-Ар кимде ар кандай эмеспи. Бирок бул абал өтүп кеткени менен сага чечим болуп бере албайт да. Эртең курсагың чыкса кайда катасың? Баары бир Акылга айтпасаң болбойт кагылайын, мени да коркунучка койбо. Тигиниң билсе экөөбүздү тең соо койбойт, - деген дарыгер аял кабатырлана Шириндин колдорун кармады.
-Сарсанаа болбоңуз эже Акыл билбейт. Билген чакта деле сизди айтпаймын.
Бир нече убакыт өтүп Ширин чыгып кеткен эшиктен Акыл кирип келди.
-Акыыл!
-Күтпөдүңүз беле? - деди Акыл акырын басып келип.
-Жок, кел? Жөн жай элеби?
-Жөн эле. Шириндин абалын билейин дегем.
-Ширин? Ага эмне болуптур?
-Анткорлонбочу? ! - деген Акыл эки аттап жетип дарыгер аялдын маңдайына келди.
-Акыл! Ширин баарын өзү түшүндүрүп берет.
-Айт дейм!
-Ал кош бойлуу. Баланы алдыртпайм деп туруп алды. Ичиндеги балага үч айдан өттү.
Дарыгер аял маңдайында тиштерин кычырата өзүн жеп ийчүдөй тиктеп турган Акылдын кызарып кеткен көздөрүн көргөндө эле кантип баарын айтып жибергенин байкабай калды.
-Эртең абортко даярдангыла! Ширинди алып келем! - деген Акыл аялды түртүп жиберип чыгып кетти.

Күзгүнүн алдына олтуруп капкара жайылган чачын жазып тарап олтурган Ширинди Акылдын күтүүсүз кирип келгени чоочутуп жиберди.
-Се-сен?
-Эй акмак кыз! Сен эмне менин айтканыма каршы чыга турган болуп калгансыңбы? !
Акыл Шириндин алдына келип эле жаактан ары чаап жиберди. Жерге олтура калган Ширин тызылдап ачышкан жүзүн сылагылап олтурган ордунда артка кетенчиктей берди.
-Акыл, мен. Мен баланы алдыра албаймын!
-Эмнее?! Себеп?
-Бул менин балам! Тирүү жан! Кудайдын берген тирүүлүгүн мен кантип өлтүрөм?!
-Хаа-ха-хаа! Муну башка айтса да сен унчукпачы э?! Тиги өзүң сүйрөп барып алдырткан балдарчы анда? Өзүң белиңе чейин күнөө сазына батып алып анан кудайды сүйлөп жатасыңбы?!
-Ооба күнөөм көп! Анын азабын тартканга макулмун! Бирок балада күнөө жок. Анын айыбы мени сени тандаганындабы?
-Башты оорутпачы Ширин! Мен балалуу болгум келбейт! Менден соо бала төрөлбөйт муну жакшы билесиң! Азыр муну төрөп алып өмүр бою майып денесин карап өтөсүңбү?!
-Акыыл дейм! - Ширин кулактарын жаап алды да олтурган жеринде бүк түшүп ыйлап жиберди.
-Сөз бүттү эртең алдыртып келебиз!
-Жок! Эч качан! Мени өлтүрүп сал андан көрө!
-Эмне?!
Акыл Ширинди олтурган жеринде туш келди уруп, тепкилеп жиберди.
-Мына ссага! Өлүм элеби!
Шириндин кыйкырып, чырылдап ыйлаганына да караган жок.
-Ичииим! Жоок!
Акыл ансайын күчөп кыздын ич тушуна тээп жатты. Бөлмөнүн такылдатып кирип келген Жалын жерде бүктөлө оозу мурду канжалап жаткан Ширинди бир тиктеп алды.
-Эмне келдиң?!
-Товар Бишкекке келиптир. Сизди чакырып жатышат.
-Сени менен сөз бүткөн жок! Кайра келир сүйлөшөбүз. Ал эми бул жерден качып кетем деп ойлобо!
Акыл жерде эс - учун билбей жаткан Ширинге сүйлөнүп коюп Жалынды ээрчитип бөлмөдөн чыгып кетишти. Бөлмөнү сыртынан кулпулап, кулпуну Жалынга ыргытып койду да машинага түшүп дайым товар келчү өздөрүнүн жайына жөнөп кетишти.

*********
Ширин көздөрүн ачканда башы чыдатпай ооруп жатыптыр. Акырын башын көтөрүп ордунан козголгондо оозуна ачуу даам келип кетти. Теңселе басып караңгы бөлмөнүн жарыгын күйгүздү да күзгүдөн өзүн тиктеп алып коркуп кетти. Маңдайы жарылып андан сызылып агып түшкөн кан бүт жүзүн каптаптыр. Табарсык тушу бир түйүлүп ооруп алды.
-Иччииим?!
Курсагын кармап турган жеринде олтура калган Ширин ыйлап жиберди.
-Балам! Суранам, таштап кетпе мени! Экинчи сени капа кылбаймын балапаным! Болгону мени таштай көрбө!
Ширин азыр жанынын ооруганынан да, баласынан ажырап калуудан көбүрөөк коркуп жатты. Баланын алдында бүт нерсе жада калса өзүнүн ден соолугу да бир тыйынга турбасын билди. Мына ушул болсо керек энелик сүйүү, энелик сезим...
Ошол убакта эшиктин кулпусу шырыктап ачыла баштады. Ширин демин ичке жутуп бир нече көз ирмемге катып, атүгүл дем албай туруп калды. Оюнда күнүмдүн бүткөнү ушул экен деди. Анткени Акыл кайра келди деп ойлогон. Бирок эшиктен кирип келген Акыл эмес, айдоочусу Жалын эле.
-Шириин!
Жалын чуркап келип жерде бүрүшө олтурган Ширинди колдон алды.
-Азыр ооруканага!
Так көтөрүп дароо унаага салып өзү да шашыла айдап жөнөдү.
-Акылдын боору оорудубу мага?
Арткы орундукта оор онтоп жаткан Ширин акырын кыңкыстап үн чыгарды.
-Жок! Акыл билбейт. Мен өзүм келдим.
-Эмнее? - Ширин бери обдулуп катуу сурады.
-Билбейт дейм Акыл. Алар азыр чоң товар келген ошону майлап жатышат.
-Анда ооруканага алып барба. Токтот унааны.
-Эсиң жайындабы сенин?! Кайда анан?
-Билбейм, бирок ооруканага эмес. Эртең Акыл ал жактан мени таап алат.
-Эмне башка бара турчу жайың барбы?
-Жок деле, - деген Ширин оор улутунуп алып акырын унчукту.
-Эгер жашынчу мыкты жай болсо мен да кайтпаймын, - негедир Жалын да акырын сүйлөдү. Жол четинде токтоп турган унаанын ичин үнсүздүк каптап аргасыз жымжырттык.
-Бирок бул өлкөдөн Акылдан тирүү кутулбайбыз го э? - деди бир убакта Жалын тынчтыкты бузуп.
-Кутулабыз! Айда, мен бир жайды билем! - деген Ширин оюна жакшы нерсе келгендей кайраттуу сүйлөдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   12 Апрель 2021 - 03:17

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

********
Түшүнөн чоочуп ойгонуп кеткен Аскар эшигинин коңгуроосу токтоосуз чырылдап жатканын билип ордунан турду да босогого келип акырын үн катты.
-Ким бул?
Анткени бул үйгө, дегиле Аскарга бирөө келчү эмес. Тагыраагы мындай түн жарымда издеп келчү адамы жок эле.
-Ммеен! - деди сырттан титиреп угулган үн.
Аскардын жүрөгү солк этти. "Ширин" деген ысым чагылгандай жарк этип мээсин жарып өткөндөй болду. Бул дирилдеген үн эч качан кулагынан кетпес болуп калган. Дароо тааныды. Эшикти ачты. Босогодо жүзү канга боёлгон Ширинди колуна көтөрүп Жалын турган.
-Ширин! - кыздын абалын көргөн Аскар дароо колуна көтөрүп үйгө алып кирди. Артынан болсо Жалын эшикти ичинен илип акырын кирди. Төрдөгү жумшак диванга кызды жаткырып дароо кичинекей кутуча таап чыгып андан бир нерселерди алып чыгып кыздын жүзүндөгү жарааттарына сүйкөп жаткан жигиттин кыймылын күзөтүп олтурду Жалын. Жолдо келе жатканда Ширин "жакын таанышым болчу милицияда иштейт, бизге жардам берет" - деген эле. Бирок милиция дегенди уккан Жалын анча көңүлдөнбөй келген. Көрсө бул жигит Ширин десе үзүлүп түшөт туура.
-Кечир! Кечир мени Аскар! - көздөрүн болор болбос ачкан Ширин Аскардын колдорун кармады.
-Сага эмне болду? Ким айтчы? Ким сени мындай кылган?
-Аскар, сенин жашооңо аралашкым келбеген. Бирок бизге жардамың керек. Суранам сөзүмдү укчу.
Ширин бир жака шашып жаткандай аптыгып сүйлөп жатып эсин жоготту.
-Кайдан таптың? Эмне жардам? Сен билесиңби толук?
-Акыл сабады. Билбейм силер Акылдын ким экендигин билесиңерби жокпу. Ширин андан кош бойлуу. Азыр дароо ооруканага жеткирбесек баладан ажырап калат. Мен ооруканага десем болбой сага алып келди. Сени жардам берет деди. Жол бою Акыл жөнүндө сага болгон маалыматты айтуумду тапшырды. Мен Акылдын айдоочусу Жалынмын. Ширинди Акылдын колуна келген күнүнөн бери билемин. Мындай кадамга баруума да кыздын бүгүнкү аянычтуу абалы түрткү болду. Жөн гана артымды салып басып кете албадым. Бүгүн чоң жыйналыш болуп жатат. Кече түнү чоң өлчөмдө товар өткөрүлгөн түштүк аркылуу Өзбекистандан. Бүгүн борборго алып келишти. Эртең тиешелүү аймактарга бөлүштүрөт. Бүгүн түнү менен майлап жатышат. Ошол учурдан пайдаланып Ширинди качырдым. Бирок мындан ары экөөбүз кайда барабыз, эмне болобуз билейм...
-Балам! - деген кыз алсыз шыбырады.
Аскар ойлонуп олтурууга убактысы жок эле. Кызды көтөрүп дароо ооруканага жөнөштү. Кайра жандандыруу бөлүмүнө кызды таштап Жалынды ээрчитип милиция бөлүмүнө келишти да ал жерден, эч кандай ордери жок кармоочу топ менен Жалын айткан дарекке жөнөп кетишти.
Он адамдан турган топ менен эч кандай даярдыгы жок Аскар Акыл олтурган үйгө бастырып киришти. Чындыгында баары күтүлбөгөн жерден болгондугу үчүн Акылдар да эч кандай даярдыксыз кенен олтурушкан. Атүгүл сырттагы коргоп турган жигиттер да күтүүсүз чабуулдан өздөрүн жоготуп коюшту. Акыл жана анын уюшкан тобун бир түндө колго түшүрүп бөлүмгө алып келишти.

*********
Ширин көзүн ачты. Бозоргон шыптан башка нерсе көзүнө көрүнбөйт. Бир убакта барып гана тийтилдеген аппараттын үнүн укту. "Тирүү экем" - деди кайра көздөрүн жумуп. "Баламчы? Балааам!" Кайра көздөрүн ачып ийнелер сайылган колдору менен курсагын сылагылап жиберди. Ошол учурда сырттан кирип келген медайым менен кошо Жалынды көрдү.
-Ширин айым тынчтаныңыз. Баары жакшы.
-Балам?!
-Бала аман. Кабатыр болбоңуз, - сыпайы сүйлөгөн медайым Ширинди тынчтандырып колуна дагы бир ийне сайып жатты. Тушундагы олтургучка олтурган Жалын Ширинди жылмайып карап турду. Качан медайым чыгып кеткенде гана кыздын жанына келип колдорун кармады.
-Куттуктайм баары артта калды.
-Акыл??
-Аны Аскар кармап келди.
-Чын элеби?
-Чын.
-Апам, инилерим... мен алардан коркомун. Акылдын колунан баары келет да.
-Жок, эми ал эч нерсе жасай албайт, - Жалын жылмайып башын чайкады.
-Эртең суракка мен да барамын. Андан ары мен да кирип кетүүм мүмкүн. Бирок сени сатпаймын. Мен Аскарга сенин Акылдын колунда кечирген ар бир күнүң жөнүндө айтып бердим. Ал сени коргоп калат.
-Жалын, баары үчүн рахмат.

********
Өлкөдөгү акыркы жаңылыктардын баарын кримтөбөл Акылдын кармалышы басып кетти. Ал аркылуу мыйзамсыз иштетилип жаткан мейманкана, сауналардагы сойкулар да ачыкка чыкты. Түштүк жана борбордогу бир нече эс алуучу жайлар жабылып тинтүү иштери жүргүзүлүп жатты. Чындыгында ал кылмыштуу топко калкан болуп үстүртөн каржылап келе жаткан бир катар чиновниктер да айласын таппай баары бирден из жашырып өлкөдөн чыгып кетип жатышты. Ал эми ал топтун курмандыктарына айланган кыздарды атайын колдоого алашып керектүү жардамдар көрсөтүлөөрү дайындалды. Башка өлкөгө сатылып кеткен кыздарды да издөө Акыл аркылуу улантылаары маалым болду.

Ширин бир кыйла өзүнө келип калганда Аскар кыз жаткан бөлмөгө баш бакты.
-Кандай болуп калдың?
-Жакшыы , - деген Ширин жаткан ордунан өйдө болуп олтурду.
-Эртең чыгасың.
-Буйруса.
Ортодо жымжырттык.
-Биз аларды кармадык, - деди Аскар ортодо жаралган ыңгайсыздыкты бузуп тамагын кыра.
-Рахмат сизге Аскар байке. Чын жүрөктөн ыраазымын.
-Сага, Жалынга ыраазычылык. Чоң кылмыш тобун кармалышына салым коштуңар.
-Ошол топтун мүчөсү элем мен да, - деди Ширин эрдин бекем тиштеп.
-Мен баарын билем Ширин! - Аскар кыздын колдорун бекем кармап алды.
-Көз жумган жубайымдын сүрөтүн сага көрсөтүп алып кеткенин да билем.
-Көз жумган? - Шириндин көздөрү чоң чоң болуп кетти.
-Ооба Фарида жубайым мындан бир нече жыл мурун көз жумган.
-Кечириңиз.. .
-Жакшы баары Ширин!

********
Каарманым окуясынын ушул жерине келгенде токтотту. Ууртунда жылмаю көзүндө мөлтүр жашы менен баянын соңуна чыкты.
-Бүттүбү? - дедим шашма жаным эжеге жүз аарчы сунуп жатып.
-Жок, уланган, дале уланып жатат.
-Анан?
-Анан Аскар экөөбүз баш коштук. Билесиңби Аскар менин эч нерсеме карабай үйлөндү. Өтмүшүмө, келбетиме, жада калса курсагымдагы балага карабай үйлөндү. Экөөбүз мындан кийинки турмушубузда эч качан өтмүштү кеп кылбаганга убадалаштык. Ошол окуядан соң Аскар жумушун тапшырып шаардан көчүп кеттик. Баарынан алыска, биз тааныбаган, бизди тааныбаган адамдарга аралашып карапайым жашоо менен жашагыбыз келди. Эч кимден өзгөчөлөнбөй жашагыбыз келди. Бирок баары бир биздин үй бүлөө айылда да өзгөчөлөндүк.
-Эмнеге? - дедим ансайын кызыгуум артып.
-Уулум, балам башка балдардан өзгөчөлөнүп төрөлдү. Туурасы майып төрөлдү. Алдын ала билсем да мындай болоорун мага оор тийди. Айрыкча төрөтканада дени сак балдарын кармап бакыттан балкып олтурган энелерди көргөндө дүйнөм таарып кетчү. Көрсө эң жаманы алдыда туура. Ар уулумду көргөн сайын, анын дарты менен күрөшүп жатканымда да кетирген каталарым көз алдыма келип азап тарта баштаймын. Неге менин кетирген күнөөлөрүмө бул периште балам жооп бериши керек деген суроо кыйнайт. Бул уулумдан кийин дагы бир уул, бир кыз төрөгөм. Бирок Аскар өз балдарына караганда Акылдын баласына үзүлүп түшчү. Аны өзгөчө жакшы көрчү. Кээде балам оорудан улам түнү менен ыйлап чыкчу. Андайда Аскарда уйку жок. Таң аткыча баланы көтөрүп силкилдетип чыгаар эле. Эшиктен кирип келгенде да алдынан чуркап чыккан уул - кызына карабай коляскада олтурган уулубузга чуркап келчү. Аскардын жүрөгү ушунчалык кенен. Анын дүйнөсү мээримге толо. Анан..
Эженин жоодураган көздөрүнөн жаштары кулап кетти.
-Анан уулум бир жыл мурун көз жумду, - деди шолоктоп.
Чынында эмне сөз айтып, кантип жубатаарымды билбей турдум.
-Аскар экөөбүздүн бар кубанычыбыз ошол уулубуз менен кеткендей. Турмушубуз көрксүз уланып жатты. Бирок өлбөгөн тирүүлүк уланат дегендей жаныбызда калган уул-кызыбыз үчүн жашоого мажбур элек. Мына ошентип жашап жүргөнүбүздө жашоомду аңтарган дагы бир окуя болду. Менин оорум.
-Оору? Кандай оору?
-Рак. Дабасы жок, көптөрдүн өмүрүн алган бул дарт мага да жармашты. Чынында мен капа болгон жокмун. Бул Жараткандын адилетүү чечими жана менин күнөөм.
-Эже, эч качан жакшылыктан үмүт үзбөө керек, - дедим эжеге үмүт бергим келип.
-Мен жашоодон дагы кайсы жакшылыкты күтүп жашайын эми? - деди эже да алсыз жылмайып.
-Бул оорум жөнүндө Аскар билбейт. Айткым келген жок. Айтып аны да азапка салууну каалабаймын. Болгону кылган күнөөлөрүм, жасаган кылмыштарым үчүн Жараткандан кечирим сурап калууга жетишсем экен деп шашып тообо кылып жатамын. Сени чакырып турмушумду баяндап бергенимдин себеби да ушул. Айрымдарга сабак болоор деген ой. Ар кандай кырдаал, ар түрдүү жагдайда да адам бойдон, адамдык сапатыңарды сактап калгыла дейт элем. Мен аралашып кирген чөйрө азыр да бар, дале аны токтотуп калууга эч кимдин даремети жетпей келе жатат. Мага окшоп кирген, же мен көргөн кыздарга окшоп туткунда жүргөн кыздар санаксыз...
-Эже анан даарыланып жатасызбы? - дедим.
-Билесиңби азыр менин дарыгерим ким?
-Жок, - дедим баш чайкап.
-Илим!
Менин таң калгандан эжени тиктеп турдум.
-Ооба Илим. Таң калдыңбы? Мен да башында сендей шок абалга түшкөм. Дартым жөнүндө билген жалгыз жакыным Илим. Көрсө тагдырдын биз күтпөгөн, биз билбеген белектери көп туура. Ортобузда тээ илгеркидей жалындаган сүйүү болбосо да, негедир жылуу жакындык бар. Анын көздөрүнөн аёо сезимин көрөм. Илим өзү каалагандай, кыялданганындай мыкты дарыгер болуптур. Эгерде өмүрүмө түшпөгөн кара түн болбогондо балким мен да ак халат кийип өмүр сакчысы болоор белем деп көп ойлоном. Ойлонуп анан кайра тагдырдын жазмышы да деп тим болом. Мына Назик кыз менин өмүр таржымалым.
-Эже иниңиз Жакшылык жүрөбү? - дедим. Негедир ошол бала эсимден чыкпай туруп алды. Бейкүнөө жаралган бөбөк, тоодой күнөөнүн курмандыгы болгонун билбей эжесинен мээрим күтө талпынып жатканын элестетип жүрөгүм ачышып кеткен болчу.
-Жакшылык. Жүрөт жакшылыктын жарчысы болуп. Чын эле мыкты уул, ини, жигит болду. Бирок дале жүрөгүм жылыбай койду. Канчалык аракет кылсам да колумдан келген жок, боорума тарта алган жокмун.
Чынында ичим тызз этти. Көрбөсөм да балакайдын жалдырап караган каректерин элестетип алдым.
-Баарынан да абийирим алдында жооп берүү оор болуп жатат Назик. Бул оору башкача оору, башкача дарт. Абийир соту!
(АЯГЫ)

Автордон...
Эже менен жылуу коштоштук. Жашоосунун баарын төкпөй айтып берип, мага чыгарма жазуума толук укук берген үчүн ыраазычылык. Эже чыгарманы башкача бүтүрүүмдү суранган. Көркөмдөп эженин өлүмү менен бүтүрүүмдү каалаган. "Саналуу гана өмүрүм калды, баарына жакшылык кылып мени өлтүрүп эле кой э?" - деп жылмайып күлгөн эженин сүйкүмдүү элеси көпкө чейин көз алдымда жүрдү. Бирок мен анткен жокмун. Эже жашоодо сиз өзүңүз айткандай толо сюрприз жана күтүлбөстүктөр болот. Үмүт үзбөө керек дегим келет сизге кайра. Азыр окуп баш чайкап жылмайгандырсыз. Бирок ишенип коюңуз баары алдыда!
Урматтуу окурмандарым, сабыр кылып күтүп окуган ар бириңиздерге терең ийилип таазим. Кай бириңизге сабак, дагы бириңиздерге көркөм чыгарма болуп калгандыр. Адам кандай ката кетирип, эмне кылмыш кылса да кечирим суроого, жана кечирилүүгө татыктуу. Эженин кетирген каталарына, күнөөлөрүнө карабастан аны жакшы адам деп бааламакмын. Башка сөз айта албайм. Эже жөн гана жакшы адамсыз. Балким кай бириңиздер тилдейт болушуңуздар керек "эмнеси жакшы адам?" - деп. Бирок мен үчүн жакшы адам. Бактылуу болгонго ар бир жандын акысы бар! Баарыңыздардын үй - бүлөңүздөргө бакыт жана тынчтык каалаймын. Сиздерди терең урматтап Жалгызым(Назик)...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Luna7   12 Апрель 2021 - 05:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 17 Май 20
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:25

Даа,сабак болчу окуя экен.биз карапайым эл өзүбүз менен өзүбүз болуп айланабызда ушундай окуялар болуп жатканын байкабайбызда, андабайбызда, Кудай өзү сактасын жамандын баарынан,тапкан, жегенибизди адал кылсын.
Чооон рахмат Назик эже,дагы көп чыгармаларды күтөм,Жиндирак байкени айттырбай жаза беринизчи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   BekRek   12 Апрель 2021 - 09:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 21 Апрель 17
  • Соңку аракети: 25 Фев 2025 12:45
  • Жынысы:Эркек

Сонун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Komar   12 Апрель 2021 - 22:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 14 Июль 20
  • Соңку аракети: 18 Сен 2021 14:40

Ичи таар Гулянын айынан эженин жашоосу кинодогудай бурулуптур да.Ал эмне болду экен кийин?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   ASA79   13 Апрель 2021 - 16:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   NSKA   15 Апрель 2021 - 10:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 02 Июль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 14:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Керемет Ааламы

Молодец, эми жүрөгүмдү да бүтүрүп салсаң сонун болмок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 12:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: