АТАКЕМ
Атакем ов, кулабас бийик аскам,
Кадамыма кубанган ар бир баскан,
Тоскоолдуктар жаралса жанын үрөп,
Четке сүрүп жолумду кенен ачкан.
-
Балдарым деп аянбай жанып күйгөн
Акыл айтып жүрөгүмө бекем түйгөн,
Ысык - суука калтырбай калкалаган,
Атакем сен бар үчүн түгөл дүйнөм.
-
Атакем ов, жок дебей тапкан баарын,
Балдарым деп садага чапкан жанын.
Жараткандын сөздөрүн түз жеткирген,
Пайгамбардан кийинки пайгамбарым.
-
Атакем ов, Бакайдай акылманым,
Сезип турат ичимде катылганын.
Аска тоодой карааның жөлөк болгон,
Оорубасын эч качан асыл жаның.
-
Атакем ов, үйүбүздүн түндүгүсүң
Адамдардын эң асыл, бийигисиң.
Дуба кылып суранам бир өзүңө,
Жараткандын мээрими, нуру тийсин.
Ызакова...
Нурасман Ызакова Ыр жыйнак
#2 19 Октябрь 2021 - 23:41
Ак сүйүүм өчкөн кезде,
Өзүңдү күтпөй, сагынбай калам.
Сөзүңө такыр таарынбай калам.
Жолума жайган торуңа сенин,
Айланып өтүп, чалынбай калам.
-
Мен сени унутканда,
Жасанып сага жагынбай калам.
Сезимди ээрчип, багынбай калам.
Кудайым буйруп көрүшкөн кезде,
Көзүңдөн ал кез жашынбай калам.
-
Сендик сезим соолуганда,
Башкадан сени кызганбай калам.
Өзүңдү эстеп кыйналбай калам.
Балалык кездей чачылып алып,
Бактылуу жолдон жыйналбай калам.
-
Кусадан арылганда,
Эстете берчү адаттан кетем
Өзүңсүз башка багытка кетем.
Жоготкон ошол тынчтыкты таап,
Эңсеген бийик бакытка жетем.
-
Сагынбай калганымда,
Бакыттын жолуна мен туруп алам,
Багытын бир өзүмө буруп алам.
Тагдырдан таттуу өчүм алуу үчүн,
Башкача бийик бакыт куруп алам.
Ызакова
Өзүңдү күтпөй, сагынбай калам.
Сөзүңө такыр таарынбай калам.
Жолума жайган торуңа сенин,
Айланып өтүп, чалынбай калам.
-
Мен сени унутканда,
Жасанып сага жагынбай калам.
Сезимди ээрчип, багынбай калам.
Кудайым буйруп көрүшкөн кезде,
Көзүңдөн ал кез жашынбай калам.
-
Сендик сезим соолуганда,
Башкадан сени кызганбай калам.
Өзүңдү эстеп кыйналбай калам.
Балалык кездей чачылып алып,
Бактылуу жолдон жыйналбай калам.
-
Кусадан арылганда,
Эстете берчү адаттан кетем
Өзүңсүз башка багытка кетем.
Жоготкон ошол тынчтыкты таап,
Эңсеген бийик бакытка жетем.
-
Сагынбай калганымда,
Бакыттын жолуна мен туруп алам,
Багытын бир өзүмө буруп алам.
Тагдырдан таттуу өчүм алуу үчүн,
Башкача бийик бакыт куруп алам.
Ызакова
#3 19 Октябрь 2021 - 23:42
《КАБАРЛАШПА》
Унутуу жолундамын, суранам кабарлашпа,
Көрүшүп калсак эгер үнсүз өт, амандашпа.
Ортодо пайда болгон күнөө жок бул сезимде,
Тилим да дитим барбайт сүйүүнү жамандашка.
-
Өткөндү кайтарууга табалбай амал башка,
Тагдырдын жазганы деп тандадык жолду башка.
Жүрөкө жалган айтып, өзгөнү бакыт дедик,
Биз эми басалбайбыз дос болуп катарлаш да.
-
Бул жолдо мени жандап келаткан караан башка.
Жолумдан тосуп чыгып, ал жанга атаандашпа.
Жазбай да, чалбай койчу, үмүткө байлап мени,
Кайрадан толтургум жок көзүмдү ачуу жашка.
-
Экөөбүз бирге жүргөн алтыным заман башка.
Айрылып кетсек дагы сүйүүнү табам башка.
Билемин, билесиңго калп эле күрөшпөчү,
Маңдайга жазып койгон түгөйлүк адам башка.
-
Башканы бакытың деп алдаган жүрөктөрдү,
Оордунан козгоп келип сен мага кабарлашпа.
Ызакова...
Унутуу жолундамын, суранам кабарлашпа,
Көрүшүп калсак эгер үнсүз өт, амандашпа.
Ортодо пайда болгон күнөө жок бул сезимде,
Тилим да дитим барбайт сүйүүнү жамандашка.
-
Өткөндү кайтарууга табалбай амал башка,
Тагдырдын жазганы деп тандадык жолду башка.
Жүрөкө жалган айтып, өзгөнү бакыт дедик,
Биз эми басалбайбыз дос болуп катарлаш да.
-
Бул жолдо мени жандап келаткан караан башка.
Жолумдан тосуп чыгып, ал жанга атаандашпа.
Жазбай да, чалбай койчу, үмүткө байлап мени,
Кайрадан толтургум жок көзүмдү ачуу жашка.
-
Экөөбүз бирге жүргөн алтыным заман башка.
Айрылып кетсек дагы сүйүүнү табам башка.
Билемин, билесиңго калп эле күрөшпөчү,
Маңдайга жазып койгон түгөйлүк адам башка.
-
Башканы бакытың деп алдаган жүрөктөрдү,
Оордунан козгоп келип сен мага кабарлашпа.
Ызакова...
#4 19 Октябрь 2021 - 23:43
Түшүмө кириңизчи...
Бул сүйүү кошкон үчүн дилибизди,
Байланып жүргөнүмдү билиңизчи.
Өңүмдө болбосо да кеч киргенде,
Жаркырап түштөрүмө кириңизчи.
-
Колго алып кызыл роза гүлүңүздү,
Уктаганда түштөрүмө кириңизчи.
Маңдайымдан аяр сүйүп эркелетип,
Баягыдай жылмайып күлүңүзчү...
-
Түшүмдө тосуп чыгам жолуңузду,
А сиз мага буруңуз бүт оюңузду.
Таң ойгонуп, сагынычым тарагыча,
Жарыгым сиз жанымда болуңузчу...
-
Бүгүн да угуп жатам ырыңызды,
Көрүү үчүн түшүмдө өзүңүздү.
Жанымдан алыстап кетпеңиз ээ,
Тоё искеп алгыча жытыңызды.
-
Ызакова...
Бул сүйүү кошкон үчүн дилибизди,
Байланып жүргөнүмдү билиңизчи.
Өңүмдө болбосо да кеч киргенде,
Жаркырап түштөрүмө кириңизчи.
-
Колго алып кызыл роза гүлүңүздү,
Уктаганда түштөрүмө кириңизчи.
Маңдайымдан аяр сүйүп эркелетип,
Баягыдай жылмайып күлүңүзчү...
-
Түшүмдө тосуп чыгам жолуңузду,
А сиз мага буруңуз бүт оюңузду.
Таң ойгонуп, сагынычым тарагыча,
Жарыгым сиз жанымда болуңузчу...
-
Бүгүн да угуп жатам ырыңызды,
Көрүү үчүн түшүмдө өзүңүздү.
Жанымдан алыстап кетпеңиз ээ,
Тоё искеп алгыча жытыңызды.
-
Ызакова...
#5 19 Октябрь 2021 - 23:44
Кызгандыңбы?
Кызгандыңбы бүгүн да санап күмөн,
Же санааркап баттыңбы ойго түмөн?
Ойлоруңда а балким башка жандын, Кармадымбы колдорун артып күнөөм.?
Ким карады, ким көрдү, ким сүйлөдү,
Кимге арналды жагымдуу эх күлгөнү?
Жаман ойлор ойуңду бузгандыр ээ,
Башкасы бар а мүмкүн деген өңдүү...?
Мүнөт сайын текшерип карек талбай,
Кайра - кайра чаласың калсам албай.
Жүз толгонуп бүгүн да кызгандыңбы,
Өз тынчыңды жоготуп уктай албай...?
Ишенсең да өзүнчө кыйналасың,
Себеп кылып алысты кызганасың.
Сени сүйгөн жүрөктүн тынчын алып,
Кыйнайсыңда ыраактап кыйлага чын...
Бүгүн түндө түшүңө кимдер кирди?
Күнү кечке ойуңда кимдер жүрдү?
Деген өңдүү сурооңду болду токтот,
Мендик жүрөк бир гана сени сүйдү...
Ызакова..
Кызгандыңбы бүгүн да санап күмөн,
Же санааркап баттыңбы ойго түмөн?
Ойлоруңда а балким башка жандын, Кармадымбы колдорун артып күнөөм.?
Ким карады, ким көрдү, ким сүйлөдү,
Кимге арналды жагымдуу эх күлгөнү?
Жаман ойлор ойуңду бузгандыр ээ,
Башкасы бар а мүмкүн деген өңдүү...?
Мүнөт сайын текшерип карек талбай,
Кайра - кайра чаласың калсам албай.
Жүз толгонуп бүгүн да кызгандыңбы,
Өз тынчыңды жоготуп уктай албай...?
Ишенсең да өзүнчө кыйналасың,
Себеп кылып алысты кызганасың.
Сени сүйгөн жүрөктүн тынчын алып,
Кыйнайсыңда ыраактап кыйлага чын...
Бүгүн түндө түшүңө кимдер кирди?
Күнү кечке ойуңда кимдер жүрдү?
Деген өңдүү сурооңду болду токтот,
Мендик жүрөк бир гана сени сүйдү...
Ызакова..
#6 19 Октябрь 2021 - 23:45
《Үчүнчү жан》
Сагындым, үмүт кылып келет дедим
Жүрөгүм күтүү дартын жеңет дедим.
Мезгилдин кышы кетип, алсыздана,
Жаз менен кошо ыйлап, көнөктөдүм.
-
Билсем да күтө бердим кылып үмүт,
А бирок эзе берди ичтен күйүт.
Үчүнчү колду туткан туруксузум,
А балким ката кылдым сени сүйүп.
-
Четин да көргөзбөй күйүтүмдүн,
Ооба билем мен сага унутулдум.
Ортодогу үчүнчү жанды көрүп,
Жибин үздүм акыркы үмүтүмдүн.
-
Сезбеген соң жанымдын кыйналганын,
Көрбөсөң дейм көңүлдүн кыйраганын.
Ортодогу үчүнчү жан себеп болуп ,
Билип турам эс учуңду жыйбаганың
Сагындым, үмүт кылып келет дедим
Жүрөгүм күтүү дартын жеңет дедим.
Мезгилдин кышы кетип, алсыздана,
Жаз менен кошо ыйлап, көнөктөдүм.
-
Билсем да күтө бердим кылып үмүт,
А бирок эзе берди ичтен күйүт.
Үчүнчү колду туткан туруксузум,
А балким ката кылдым сени сүйүп.
-
Четин да көргөзбөй күйүтүмдүн,
Ооба билем мен сага унутулдум.
Ортодогу үчүнчү жанды көрүп,
Жибин үздүм акыркы үмүтүмдүн.
-
Сезбеген соң жанымдын кыйналганын,
Көрбөсөң дейм көңүлдүн кыйраганын.
Ортодогу үчүнчү жан себеп болуп ,
Билип турам эс учуңду жыйбаганың
#7 19 Октябрь 2021 - 23:46
ТАГДЫРЛАШЫМ
Кубат алып күчтүү акыл, билегиңден,
Бакытым деп сездим сени жүрөгүңдөн.
Ар эшикти каккылап, издеп жүрүп,
Мен өзүмдү таптым сенин тилегиңден.
Атымды угуп дуба, сөздөрүңдөн,
Өзгөрдүм бала кыял кездеримден.
Дүйнөмдү сен аркылуу таза кылып,
Өзүмдү көрдүм сенин көздөрүңдөн,
Ой, максатты бийик коюп көнгөнүңдөн,
Ак, караны адилеттүү бөлгөнүңдөн,
Ушул менин тагдырлаш адамым деп,
Ойлодум, сездим алгач көргөнүмдөн.
Ашып өтүп, күтүүнүн кыясынан,
Кезиктирдим өзүмдү кыялыңдан.
Эркелигим көтөргөн тагдырлашым,
Таптым сени ыр дүйнө сыясынан.
Нурасман Ызакова
Кубат алып күчтүү акыл, билегиңден,
Бакытым деп сездим сени жүрөгүңдөн.
Ар эшикти каккылап, издеп жүрүп,
Мен өзүмдү таптым сенин тилегиңден.
Атымды угуп дуба, сөздөрүңдөн,
Өзгөрдүм бала кыял кездеримден.
Дүйнөмдү сен аркылуу таза кылып,
Өзүмдү көрдүм сенин көздөрүңдөн,
Ой, максатты бийик коюп көнгөнүңдөн,
Ак, караны адилеттүү бөлгөнүңдөн,
Ушул менин тагдырлаш адамым деп,
Ойлодум, сездим алгач көргөнүмдөн.
Ашып өтүп, күтүүнүн кыясынан,
Кезиктирдим өзүмдү кыялыңдан.
Эркелигим көтөргөн тагдырлашым,
Таптым сени ыр дүйнө сыясынан.
Нурасман Ызакова
#8 19 Октябрь 2021 - 23:47
《ӨЗГӨРӨМ》
Мен өзгөрөм, ыйлабайм абалкыдай,
Баш көтөрөм, четтетем азапты жай.
Жаңы күндү баштайм да алга жылам,
Жолум тоскон сүйүүгө алаксыбай...
Мындан ары өзгөрөм, бекем болом.
Буттан тарткан сезимдин баарын жоём
Боорукерлик, ак көңүл, берешендик,
Мүнөздөрүн жолумдан четке коём.
Мен өзгөрөм, өзүмдү өзүм жеңем,
Максат кылган ойума түгөл жетем.
Аёо сезим, ишенчээк, көңүл боштук,
Өлкөсүнөн бир жолу көчүп кетем.
Өзгөрдүм чын, эртең дагы өзгөрөм,
Өзгөрүүгө бүгүн чындап сөз берем.
Бир кездери чаң көчөдөн жоготкон,
Мен өзүмө эртең сөзсүз кез келем.
Өзгөрөм да, өзүм менен табышам,
Тагдырымды өзүм кошо жазышам.
Чыгып алып кайгы баскан кейпимен,
Өз жашоомо кошум алам дагы шаң.
Ызакова..
Мен өзгөрөм, ыйлабайм абалкыдай,
Баш көтөрөм, четтетем азапты жай.
Жаңы күндү баштайм да алга жылам,
Жолум тоскон сүйүүгө алаксыбай...
Мындан ары өзгөрөм, бекем болом.
Буттан тарткан сезимдин баарын жоём
Боорукерлик, ак көңүл, берешендик,
Мүнөздөрүн жолумдан четке коём.
Мен өзгөрөм, өзүмдү өзүм жеңем,
Максат кылган ойума түгөл жетем.
Аёо сезим, ишенчээк, көңүл боштук,
Өлкөсүнөн бир жолу көчүп кетем.
Өзгөрдүм чын, эртең дагы өзгөрөм,
Өзгөрүүгө бүгүн чындап сөз берем.
Бир кездери чаң көчөдөн жоготкон,
Мен өзүмө эртең сөзсүз кез келем.
Өзгөрөм да, өзүм менен табышам,
Тагдырымды өзүм кошо жазышам.
Чыгып алып кайгы баскан кейпимен,
Өз жашоомо кошум алам дагы шаң.
Ызакова..
#9 19 Октябрь 2021 - 23:48
АТА - ЭНЕМЕ
Бешөөбүз беш мүнөздү көргөзүп чар тараптан,
Биз болдук нечен ирет чарчатып, көп тажаткан.
А бирок өстүрдүңүз, кыйындык эч көрсөтпөй,
Кийинтип бактыңызда кем кылбай аш тамактан.
Атаке өзүңүздөн мен азыр алыстамын.
Жашыма жаш кошулуп жыл менен жарышамын
Уядан учсам дагы көрүнүп көзүңүзгө,
Билемин баягыдай кичине ханышамын.
Күнүн да, түнүн арнап өткөрдү нечендеген,
Балам деп мен баскыча ийилип, жетелеген.
Өмүрдө асыл апа чынардай сиз бар үчүн,
Кадамым кулабастан болоттой бекемделген.
Алтымыш, жетимиштин тоосунан ашыңыздар.
Сексен да токсон жашты биз менен басыңыздар.
Ак бата берип дайым, төрүбүз көркү болуп,
Арчадай узун болсун, өмүрлүк жашыңыздар.
Ызакова...
Бешөөбүз беш мүнөздү көргөзүп чар тараптан,
Биз болдук нечен ирет чарчатып, көп тажаткан.
А бирок өстүрдүңүз, кыйындык эч көрсөтпөй,
Кийинтип бактыңызда кем кылбай аш тамактан.
Атаке өзүңүздөн мен азыр алыстамын.
Жашыма жаш кошулуп жыл менен жарышамын
Уядан учсам дагы көрүнүп көзүңүзгө,
Билемин баягыдай кичине ханышамын.
Күнүн да, түнүн арнап өткөрдү нечендеген,
Балам деп мен баскыча ийилип, жетелеген.
Өмүрдө асыл апа чынардай сиз бар үчүн,
Кадамым кулабастан болоттой бекемделген.
Алтымыш, жетимиштин тоосунан ашыңыздар.
Сексен да токсон жашты биз менен басыңыздар.
Ак бата берип дайым, төрүбүз көркү болуп,
Арчадай узун болсун, өмүрлүк жашыңыздар.
Ызакова...
#10 19 Октябрь 2021 - 23:49
《Бир тууганым》
Жыгытпай жөлөөрүм, бир тууганым,
Ишенээр тирегим, жан тумарым,
Күнүгө Кудайдан дуба кылып,
Өзүңө бакытты мен сураймын.
Оорусам бир боорум деп тураарым,
Чалынсам эң алгач кол сунаарым,
Башыма караңгы күн түшсө да,
Билемин абалым сен сураарың.
Кыйналсам маңдайдан табылаарым,
Ишенип тумардай тагынаарым,
Жаныңдан бир азга алыстасам,
Биле жүр, өзүңдү сагынаарым.
Мен үчүн бакытты суранаарым,
Мен күлсөм билемин кубанаарың.
Мен үчүн сенда бактылуу жаша,
Ошондо мен сендей кубанамын.
Нурасман Ызакова...
Жыгытпай жөлөөрүм, бир тууганым,
Ишенээр тирегим, жан тумарым,
Күнүгө Кудайдан дуба кылып,
Өзүңө бакытты мен сураймын.
Оорусам бир боорум деп тураарым,
Чалынсам эң алгач кол сунаарым,
Башыма караңгы күн түшсө да,
Билемин абалым сен сураарың.
Кыйналсам маңдайдан табылаарым,
Ишенип тумардай тагынаарым,
Жаныңдан бир азга алыстасам,
Биле жүр, өзүңдү сагынаарым.
Мен үчүн бакытты суранаарым,
Мен күлсөм билемин кубанаарың.
Мен үчүн сенда бактылуу жаша,
Ошондо мен сендей кубанамын.
Нурасман Ызакова...
#11 19 Октябрь 2021 - 23:50
《Ушул күн》
Ушул күн, ооба мына ушул күн,
Келген эле жаңы жашоо баштагым.
Кеч күз эле ноябрдын отузу,
Деген элем жаман ойду таштадым.
Ушул күн, ооба сына ушүл күн,
Келген эле мен чынында өзгөргүм.
Жакшы максат талкаланып а бирок,
Алга эмес, артка кетип өзгөрдүм.
Ушул күн, ооба мына ушул күн,
Муң, кайгыга чөгүп, канча жакшырдым.
Ой тазалап, көңүл кирин чыгарып,
Каарманы болгум келген жакшы ырдын.
Ушул күн, ооба мына ушул күн,
Мен бактылуу өмүр жолун самадым.
Кыял, максат, тилек, жакшы сөз менен,
Жараланган жүрөк дартын жамадым.
Ушул күн, ооба мына ушул күн,
Койгон элем алдыга чоң максатым.
Эскерилип кийин жакшы из менен,
Калса дегем тирүүлүктө жакшы атым.
Ызакова...
Ушул күн, ооба мына ушул күн,
Келген эле жаңы жашоо баштагым.
Кеч күз эле ноябрдын отузу,
Деген элем жаман ойду таштадым.
Ушул күн, ооба сына ушүл күн,
Келген эле мен чынында өзгөргүм.
Жакшы максат талкаланып а бирок,
Алга эмес, артка кетип өзгөрдүм.
Ушул күн, ооба мына ушул күн,
Муң, кайгыга чөгүп, канча жакшырдым.
Ой тазалап, көңүл кирин чыгарып,
Каарманы болгум келген жакшы ырдын.
Ушул күн, ооба мына ушул күн,
Мен бактылуу өмүр жолун самадым.
Кыял, максат, тилек, жакшы сөз менен,
Жараланган жүрөк дартын жамадым.
Ушул күн, ооба мына ушул күн,
Койгон элем алдыга чоң максатым.
Эскерилип кийин жакшы из менен,
Калса дегем тирүүлүктө жакшы атым.
Ызакова...
#12 19 Октябрь 2021 - 23:51
Жайдары, жаз кыял, көктөмүм
Жаркыган жылдызым, көктөгүм
Өзүң деп бүр ачкан сүйүүмдүн,
Суранам ак гүлүн төкпөгүн..
Аралап сезимдин көчөсүн,
Ак сүйүүң жаркырап өчпөсүн,
Сүйүүмдүн көргөн соң актыгын,
Бек болуп ойлоруң көчпөсүн...
Көптөрдү көрсө да көздөрүм
Өзгөрбөй өзүңдү көксөдүм,
Өмүрдө сен менен мен бирге
Келет ай жашаргым, көктөгүм.
Кеми жок келишкен көркөмүң
Бир өзүң кайгыга чөкпөгүн
Бакытка арзып сен күлүп жүр,
Эч качан көз жашың төкпөгүн.
Көңүлдөр кайгыдан чөкпөсүн,
Көздөр да ачуу жаш төкпөсүн.
Бийигим, ашыгым кел бирге,
Сүйүүбүз гул ачсын, көктөсүн...
Ызакова..
Жаркыган жылдызым, көктөгүм
Өзүң деп бүр ачкан сүйүүмдүн,
Суранам ак гүлүн төкпөгүн..
Аралап сезимдин көчөсүн,
Ак сүйүүң жаркырап өчпөсүн,
Сүйүүмдүн көргөн соң актыгын,
Бек болуп ойлоруң көчпөсүн...
Көптөрдү көрсө да көздөрүм
Өзгөрбөй өзүңдү көксөдүм,
Өмүрдө сен менен мен бирге
Келет ай жашаргым, көктөгүм.
Кеми жок келишкен көркөмүң
Бир өзүң кайгыга чөкпөгүн
Бакытка арзып сен күлүп жүр,
Эч качан көз жашың төкпөгүн.
Көңүлдөр кайгыдан чөкпөсүн,
Көздөр да ачуу жаш төкпөсүн.
Бийигим, ашыгым кел бирге,
Сүйүүбүз гул ачсын, көктөсүн...
Ызакова..
#13 19 Октябрь 2021 - 23:53
Унчукпайт деп сабырдууну капбагыла.
Чыдамынын чеги болот байкагыла,
Сабыр толот, а кээдэ көңүл ооруйт,
Момундарга оор сөздөрдү айтпагыла.
Ушак, айың кеп уксаңар тактагыла,
Билип, билбей кемсинтип какпагыла.
Кээ бир учур бир сөз да ашык болот,
Көңүлдөрдү сындырбай, сактагыла.
Шайтандарды ичиңерге катпагыла,
Кара санаа, максаттарды бакпагыла
Эгер болсо кыпындай кара ойлор,
Арылгыла, дилди таза сактагыла.
Аруу максат менен таңды атыргыла.
Үмүтсүздүк келсе желге сапыргыла
Ой- кыялга, жүрөк жана көңүлдөргө,
Оор сөздөрдү жолотпой качыргыла.
Эң башкысы адам болуп жетилгиле,
Жаман сөздү кулак сырттан кетиргиле,
Таарыныч болсо эгер жүрөктөрдө,
Кек сактабай бир- бириңди кечиргиле.
Ызакова...
Чыдамынын чеги болот байкагыла,
Сабыр толот, а кээдэ көңүл ооруйт,
Момундарга оор сөздөрдү айтпагыла.
Ушак, айың кеп уксаңар тактагыла,
Билип, билбей кемсинтип какпагыла.
Кээ бир учур бир сөз да ашык болот,
Көңүлдөрдү сындырбай, сактагыла.
Шайтандарды ичиңерге катпагыла,
Кара санаа, максаттарды бакпагыла
Эгер болсо кыпындай кара ойлор,
Арылгыла, дилди таза сактагыла.
Аруу максат менен таңды атыргыла.
Үмүтсүздүк келсе желге сапыргыла
Ой- кыялга, жүрөк жана көңүлдөргө,
Оор сөздөрдү жолотпой качыргыла.
Эң башкысы адам болуп жетилгиле,
Жаман сөздү кулак сырттан кетиргиле,
Таарыныч болсо эгер жүрөктөрдө,
Кек сактабай бир- бириңди кечиргиле.
Ызакова...
#14 19 Октябрь 2021 - 23:54
《АМАНАТЫМА》
Бул дүйнөдөн кетээрде, үзүп демим,
Апакеңе дем, күч кошо үмүт бердиң.
Оорубай өс, асылымдын аманаты,
Жан биргем кичинекей үмүткерим,
Жанымдан жаралган данегимсиң,
Өмүрдөн аяр көзүм, карегимсиң.
Тирүүлүкө байлаган данакерим,
Бакытка багыт берген дарегимсиң.
Өмүрдү кызык кылган бар эрмегим,
Бир өзүңө жумшалсын бүт эмгегим.
Сен үчүн кайра бакыт чакырайын,
Өзүң мага жылмайып дем күч бергин.
Өмүрдө таттуу бирок кыска болгон,
Сактайбыз сенде бакыт элестерин.
Ызакова...
Бул дүйнөдөн кетээрде, үзүп демим,
Апакеңе дем, күч кошо үмүт бердиң.
Оорубай өс, асылымдын аманаты,
Жан биргем кичинекей үмүткерим,
Жанымдан жаралган данегимсиң,
Өмүрдөн аяр көзүм, карегимсиң.
Тирүүлүкө байлаган данакерим,
Бакытка багыт берген дарегимсиң.
Өмүрдү кызык кылган бар эрмегим,
Бир өзүңө жумшалсын бүт эмгегим.
Сен үчүн кайра бакыт чакырайын,
Өзүң мага жылмайып дем күч бергин.
Өмүрдө таттуу бирок кыска болгон,
Сактайбыз сенде бакыт элестерин.
Ызакова...
#15 19 Октябрь 2021 - 23:56
Нурум
Нур кошулган атты уксам эрээркеп,
Жашым төгүп ыйлап алам сени эстеп.
Окшош атты угуп калса жүрөгүм,
Жол каратып күтүп калат келет деп.
Түн жашоомду жаркыраткан нурдайым,
Бул өмүрдү таттуу кылган балдайым,
Биз тагдырда айры жолду бассак да
Нурлар бизди кошуп турат ар дайым.
Тааныштырган, нурлар бизди байлаган,
Ортобузга сүйүү берген кайнаган.
Сенден кетип жандасам да башкасын,
Нур кошулган атыңдан эх айланам.
Аябагын көрсөң көзүм ыйлаган,
Сүйөөрүңдөн бир белги бер ымдаган.
Уулду болсом сен экөөбүз тилечү,
Нур кошулган ысымдардан ыйгарам.
Ызакова
Нур кошулган атты уксам эрээркеп,
Жашым төгүп ыйлап алам сени эстеп.
Окшош атты угуп калса жүрөгүм,
Жол каратып күтүп калат келет деп.
Түн жашоомду жаркыраткан нурдайым,
Бул өмүрдү таттуу кылган балдайым,
Биз тагдырда айры жолду бассак да
Нурлар бизди кошуп турат ар дайым.
Тааныштырган, нурлар бизди байлаган,
Ортобузга сүйүү берген кайнаган.
Сенден кетип жандасам да башкасын,
Нур кошулган атыңдан эх айланам.
Аябагын көрсөң көзүм ыйлаган,
Сүйөөрүңдөн бир белги бер ымдаган.
Уулду болсом сен экөөбүз тилечү,
Нур кошулган ысымдардан ыйгарам.
Ызакова
#16 19 Октябрь 2021 - 23:57
Билесиңби мен сени кандай сүйдүм,
Сүйүүм үчүн азапка баттым, күйдүм.
Колдоруңду коё берип түбөлүккө,
Ичтен сызып, аргасыз сырттан күлдүм.
Ызаландым, кызгандым, дагы сүйдүм,
Сенден кеттим, а бирок сен деп жүрдүм
Көргөн кезде буулугуп ыйлап алдым,
Жанынан өткөн кезде бакыт үйдүн...
Болушунча талкалап тилектерди,
Үнүн укпай кыйнадым жүрөктөрдү.
Сагынып келбейин деп мындан ары,
Өчүрөм чогу түшкөн сүрөттөрдү.
Сен да келбе күнөөнү мага коюп,
Сезбеген соң өзүңдөгү себептерди.
Ызакова...
Сүйүүм үчүн азапка баттым, күйдүм.
Колдоруңду коё берип түбөлүккө,
Ичтен сызып, аргасыз сырттан күлдүм.
Ызаландым, кызгандым, дагы сүйдүм,
Сенден кеттим, а бирок сен деп жүрдүм
Көргөн кезде буулугуп ыйлап алдым,
Жанынан өткөн кезде бакыт үйдүн...
Болушунча талкалап тилектерди,
Үнүн укпай кыйнадым жүрөктөрдү.
Сагынып келбейин деп мындан ары,
Өчүрөм чогу түшкөн сүрөттөрдү.
Сен да келбе күнөөнү мага коюп,
Сезбеген соң өзүңдөгү себептерди.
Ызакова...
#17 20 Октябрь 2021 - 00:03
《Өмүр》
Жамандын жолун тоспогон өмүр
Сүйүшкөн жанды кошпогон өмүр
Сыноону берип, кыйнасаң дагы,
Мен сенден үмүт үзбөгөм өмүр..
-
Бирөөгө көрүүнү зар кылган өмүр
Бирөөнүн жолун тар кылган өмүр
Сүйүшкөн жандарды экиге бөлүп,
Сүйбөгөн жанды жар кылган өмүр
-
Энени - баладан айрыган өмүр
Жакшынын жолун кайрыган өмүр.
Бирөөгө жакшы жашоону берип,
Бирөөнүн тонун сыйрыган өмүр
-
Бирөөнү карыш бастырбай өмүр,
Бирөөнү такыр жактырбай өмүр,
Жалгандан толук бакытты берип,
Бирөөнү койду шаштырбай өмүр.
-
Ай күндү айдап барасың өмүр.
Кээде ак, кээде карасың өмүр.
Сыноону берип сен мени карап,
Жашымды алдап аласың өмүр
-
Көтөрүп туруп кулатат өмүр
Күлтүрүп туруп ыйлатат өмүр
Көздөрүң ыйлап көңүлүң чөксө
Кайрадан өзү сооротот өмүр..
-
Кээ бир күн күлүп гүл атат өмүр
Кээ бир күн келип таш атат өмүр
Жакшылык күндөн үмүтүң үзбө,
Сабырдуу жанды жактырат өмүр
-
Бир жаманды көп сыйлайт өмүр.
Бир жакшыны көп кыйнайт өмүр
Кыйналсаң дагы чыдамдуу болгун.
Бейиштик жанды көп сынайт өмүр...
-
Байлыкты - бакыт деп алдаган өмүр
Азгыр деп шайтанды жалдаган өмүр
Жалганга алданбай түз жүргөн жанга
Бейишти убада чын кылган өмүр...
-
Жаш кезден алдап баргансың өмүр
Жаштыгым арбап алгансың өмүр.
Таттуусуң, сени сүйөмүн, бирок,
Түшүндүм бүгүн жалгансың өмүр...
Ызакова... 06.06.2017
Жамандын жолун тоспогон өмүр
Сүйүшкөн жанды кошпогон өмүр
Сыноону берип, кыйнасаң дагы,
Мен сенден үмүт үзбөгөм өмүр..
-
Бирөөгө көрүүнү зар кылган өмүр
Бирөөнүн жолун тар кылган өмүр
Сүйүшкөн жандарды экиге бөлүп,
Сүйбөгөн жанды жар кылган өмүр
-
Энени - баладан айрыган өмүр
Жакшынын жолун кайрыган өмүр.
Бирөөгө жакшы жашоону берип,
Бирөөнүн тонун сыйрыган өмүр
-
Бирөөнү карыш бастырбай өмүр,
Бирөөнү такыр жактырбай өмүр,
Жалгандан толук бакытты берип,
Бирөөнү койду шаштырбай өмүр.
-
Ай күндү айдап барасың өмүр.
Кээде ак, кээде карасың өмүр.
Сыноону берип сен мени карап,
Жашымды алдап аласың өмүр
-
Көтөрүп туруп кулатат өмүр
Күлтүрүп туруп ыйлатат өмүр
Көздөрүң ыйлап көңүлүң чөксө
Кайрадан өзү сооротот өмүр..
-
Кээ бир күн күлүп гүл атат өмүр
Кээ бир күн келип таш атат өмүр
Жакшылык күндөн үмүтүң үзбө,
Сабырдуу жанды жактырат өмүр
-
Бир жаманды көп сыйлайт өмүр.
Бир жакшыны көп кыйнайт өмүр
Кыйналсаң дагы чыдамдуу болгун.
Бейиштик жанды көп сынайт өмүр...
-
Байлыкты - бакыт деп алдаган өмүр
Азгыр деп шайтанды жалдаган өмүр
Жалганга алданбай түз жүргөн жанга
Бейишти убада чын кылган өмүр...
-
Жаш кезден алдап баргансың өмүр
Жаштыгым арбап алгансың өмүр.
Таттуусуң, сени сүйөмүн, бирок,
Түшүндүм бүгүн жалгансың өмүр...
Ызакова... 06.06.2017
#18 20 Октябрь 2021 - 00:05
《УБАКТЫЛУУ》
Убактылуу кыш да, жай да, көктөм да
Убактылуу жааган жамгыр көктөн да
Азапталган кыйын күндө көзүнүн,
Убактылуу мөлтүр жашын төккөн да.
Убактылуу кызыл коңур күзүң да
Убактылуу бүгүн сулуу жүзүң да
Тамагыңды таттуу кылган азыркы,
Убактылуу кардай аппак тузуң да.
Убактылуу кыйынчылык баштагы
Убактылуу башка чыккан чач дагы
Ушул күндө бийик, асман тиреген
Убактылуу аска зоолуу таш дагы
Убактылуу акча, байлык, мүлкүң да
Убактылуу жүзүңдөгү күлкүң да.
Сулуумун деп мактанбагын эч качан
Убактылуу өң келбетиң, тулкуң да.
Убактылуу башыңдагы багың да
Убактылуу олтурган бул тагың да
Ар мүнөттү сооп амалга пайдалан
Эгер билсең убактылуу жаның да
Убактылуу эгер билсең жаштыгың
Убактылуу сен бирөөгө баштыгың.
Акыретте жообун сурайт мүнөттүн
Ошондуктан топтоп соопту алгының
Ызакова...25.05. 2018
Убактылуу кыш да, жай да, көктөм да
Убактылуу жааган жамгыр көктөн да
Азапталган кыйын күндө көзүнүн,
Убактылуу мөлтүр жашын төккөн да.
Убактылуу кызыл коңур күзүң да
Убактылуу бүгүн сулуу жүзүң да
Тамагыңды таттуу кылган азыркы,
Убактылуу кардай аппак тузуң да.
Убактылуу кыйынчылык баштагы
Убактылуу башка чыккан чач дагы
Ушул күндө бийик, асман тиреген
Убактылуу аска зоолуу таш дагы
Убактылуу акча, байлык, мүлкүң да
Убактылуу жүзүңдөгү күлкүң да.
Сулуумун деп мактанбагын эч качан
Убактылуу өң келбетиң, тулкуң да.
Убактылуу башыңдагы багың да
Убактылуу олтурган бул тагың да
Ар мүнөттү сооп амалга пайдалан
Эгер билсең убактылуу жаның да
Убактылуу эгер билсең жаштыгың
Убактылуу сен бирөөгө баштыгың.
Акыретте жообун сурайт мүнөттүн
Ошондуктан топтоп соопту алгының
Ызакова...25.05. 2018
#19 20 Октябрь 2021 - 00:07
《КҮТӨМ БАКЫТ》
Күтөм бакыт, күтөм сени кечикпе,
Адашпай кел, башка жанга кезикпе.
Ак сүйүүңдөн бөлүп берип башкага,
Жүзүмдөгү кубанчымды кемитпе.
Көп күттүрүп, тагдыр мени кейитпе
Бакытымды бөксөртпө да, кемитпе.
Жолуң карап, бурула албай оң солго,
Түз баратам үмүттүү ошол кейипте.
Келгин бакыт, көп күттүрбө кейитпе
Жол каратпа, бирок шашып, ээликпе.
Мага келчү жолуң тоссо өзгөлөр,
Сен аларга ачууланба, терикпе.
Өзүңдү башкалардан кооруп кел.
Кучагыма кемибестен толуп кел.
Кеч келсең да бакыт менин жаныма,
Түбөлүккө кала турган болуп кел.
Күтөм бакыт, күтөм сени кечикпе,
Адашпай кел, башка жанга кезикпе.
Ак сүйүүңдөн бөлүп берип башкага,
Жүзүмдөгү кубанчымды кемитпе.
Көп күттүрүп, тагдыр мени кейитпе
Бакытымды бөксөртпө да, кемитпе.
Жолуң карап, бурула албай оң солго,
Түз баратам үмүттүү ошол кейипте.
Келгин бакыт, көп күттүрбө кейитпе
Жол каратпа, бирок шашып, ээликпе.
Мага келчү жолуң тоссо өзгөлөр,
Сен аларга ачууланба, терикпе.
Өзүңдү башкалардан кооруп кел.
Кучагыма кемибестен толуп кел.
Кеч келсең да бакыт менин жаныма,
Түбөлүккө кала турган болуп кел.

Супер-Инфо
super.kg
видео










Мобилдүү версия