Суперстан: Казакстандагы баш аламандыктар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Казакстандагы баш аламандыктар Митинг Казахстан.

#1 Пользователь офлайн   KG-312   04 Январь 2022 - 23:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 447
  • Катталган: 10 Август 21
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 01:24
  • Жынысы:Эркек

Казкелер до конца тура алат бекен эми? Буларда бийлик күчтүүлүк кылып баарыңды камап, атып, кууп жок кылчу эле.
Чаке жетеш, сен жакшы талдайсың саясатты, пикириңди жазчы, казкеңдер чалдарды айдай алабы?)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jai   05 Январь 2022 - 05:47

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 00:55

Уже жетти го дейм? Кайсы бир областьында газ биздин валюта менен 10с болуптур,бизде кстати 40 с
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Tansuluu09   05 Январь 2022 - 22:48

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 262
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 17:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Кучтуу митинг болуптур. Бийлик аларды да чегине жеткиргендир да.
Бизге салыштырмалуу алда канча алдыдагы онуккон мамлекет болчу.
Митинг болот бар жок талкаланат, кайра чыгаша кетирип ондошот, канча адамдардын омуру кыйылат....
Ар бир олкодо тынчтык эле болсунчу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   312-banda   06 Январь 2022 - 01:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 298
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:50
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Ото катуу болуп ататко аларда дагы
Душмандын биринчи кадамы - жылмайып айткан саламы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   PATRIOT-BALA.KG   06 Январь 2022 - 02:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 18 Ноябрь 20
  • Соңку аракети: 17 Июл 2023 22:59

Жамааттык коопсуздук келишими уюмун жардамга чакырыптыр. Белорус мн орусиянын аскерлери келе жатышат экен бүгүн түнү менен көчөлөрүн "очистка" кылышат экен деп жатышат.

Билдирүүнү түзөткөн: PATRIOT-BALA.KG: 06 Январь 2022 - 02:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Antiradikal8   06 Январь 2022 - 12:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

Менимче казак боордоштор женишти колдон чыгарып жиберчудой. ..

Казахстан катуу толкуду. Казахстандын дээрлик бардык шаарында толкундоолор орун алды. Бизде Бишкекте эле толкундоо болуп, Бишкекте эле бийлик алмашып кетет. Ал эми Казахстандын ондогон шаарларында эл толкуп, куч тузумдорунун куралдарын эл тартып алганы менен, элдин башында эч ким болбогону учун, чогулган эл андан ары эмне кылаарын билишкен жок. Ортодо митингчилнрдин санын толуктап жеке кызыкчылыктарын коздогон криминалдар, морадерлор коп болчу.

Эгер ошончо топтолгон элди башкарып кайсы бир нукка буруп турган лидерлер болсо Казахстанжа бмйлик бтротоло алмашмак.

Эми бираз кыйын. Бирок дагы ким билет, эл баары бир эл... Эл катуу толкуса ОДКБ аскерлеринин колунан да эч нерсе келбейт. Бирок элдин толкуну басандап барып токтосо керек деп ойлойм. Эл женишке толук жетпей эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Eka.kg   06 Январь 2022 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34 204
  • Катталган: 03 Август 16
  • Соңку аракети: 01 Сен 2023 19:02

ОДКБ мамлекеттин ички ишине кийлигишпеш керек. Эгер Казакстанда бийлик алмашып кетсе, анын аркасы менен Россияда дагы алмашып кетиши мүмкүн. Путин ошондон коркуп жатат.
Love is a game. The first to say love, he lost...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   ShaKe11   06 Январь 2022 - 17:46

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Просмотр сообщения Eka.kg (06 Январь 2022 - 13:38) жазган:

ОДКБ мамлекеттин ички ишине кийлигишпеш керек. Эгер Казакстанда бийлик алмашып кетсе, анын аркасы менен Россияда дагы алмашып кетиши мүмкүн. Путин ошондон коркуп жатат.

Эмне учун Россия алмашып кетет
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Eka.kg   06 Январь 2022 - 21:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34 204
  • Катталган: 03 Август 16
  • Соңку аракети: 01 Сен 2023 19:02

Элдин аң сезими өзгөрөт. Канча жылдан бери Казакстанда турган бийлик алмашты, биз дагы алмаштырабыз деп чыгышат эртең эле орус беларустар.
Love is a game. The first to say love, he lost...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Antiradikal8   06 Январь 2022 - 21:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

Мен олко жараны катары, Садыр Жапаровдун акмак чечимин сындоого, аны менен макул болбоого толук акым бар.

Садыр Жапаровдун боордош казак элине, Казахстанга куралдуу аскер жонотобуз дегени акмактык! Эгер Казахстанга тыштан кол салуу болсо бир жон эле. Бирок карапайым казак элине каршы аскер жонотуу президент деп ишенген Садыр Жапаровунардын канчалык кыска ойлонгонунун далили...

Боордош казак эли да, кыргыз эли сыяктуу оз келечегин озу аныктоо укугуна ээ! Эч бир эл жакшы жашоодон улам митингге чыкпайт, бийликтин отставкасын талап кылбайт. Казак эли ансыз да 30 жыл Назарбаевдин башкаруусуна чыдап келди. Акыркы 2-3 жылдан бери Назарбаев Токаев аттуу марионеткасынын колу менен кошого артынан казак элин башкарып келет... Казахстандагы кымбатчылык, жашоо-шарттын оордошуусу жалпы казак элинин сабырынын жеткен чегине алып келди. Эл бир эле Алма-Ата же Нурсултанда эмес, Казахстандын бардык аймак, бардык шаарларында которулгонунон, бул жалпы казак элинин бийликке каршылыгы, каяшасы, жалпы казак элинин толкундоосу деп тушунсок болот. Токаев айткан айрым бир террористтик топтор Казахстандын бут аймагында, жалпы элди кочого алып чыга алмак эмес. Бул бийликтин актануусу болгону. Бизде да ар бийлик элди террорист ж.б. тенеп келген, Ак уйго чабуул коюшса.

Биз казактар менен дилибиз, тилибиз бир боордош элбиз. Бир тууган элбиз. Анан ошол боордош элге куралчан аскер жонотуу, бир тууган бир тууганына кол которгондой эле калпыс иш. Эч бир келишим, эч бир шартнама кайсы бир элдин ички ишине башкаларынын аралашуусуна укук бербейт.

Жапаровду дакансалары эле колдобосо, копчулук кыргыз эли Казахстанга куралчан аскер жонотулуусуно каршы, кандай максатта жонотулуп жатса да.

Эгер боордош казак элине, Казахстанга жардам бергибиз келсе, анда гуманитардык жардам жонотолу, дары-дармек жонотолу, дарыгерлерди жонотолу. Бирок куралчан аскер эмес. Жапаров жоноткон биздин аскерлер Казахстандын кайсы мамлекеттик обьектин коруган кундо да, митингчилер ал обьектке кол салып, ортодо кан тогулбойт деп эч ким кепил боло албайт. Ошондуктан бир тууган эки эл бир-биринин канын тогуудон алыс болсун. Биз, Кыргызстандан бордош казак элине куралдуу аскер жонотулуусуно КАРАМАНЧА КАРШЫБЫЗ! !!!!! !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Eka.kg   06 Январь 2022 - 21:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34 204
  • Катталган: 03 Август 16
  • Соңку аракети: 01 Сен 2023 19:02

Жапаровго дагы өйдө жактан буйрук түшкөн.
Love is a game. The first to say love, he lost...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Antiradikal8   07 Январь 2022 - 03:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

Просмотр сообщения Eka.kg (06 Январь 2022 - 21:28) жазган:

Жапаровго дагы өйдө жактан буйрук түшкөн.


Кечээ эле тажиктерди курал менен каисыздап аларга жан тарткан Путиндин астында "ляппай" деп куйругун шыйпандатып турат да арсыз, намыссыз..... ...

Билдирүүнү түзөткөн: Antiradikal8: 07 Январь 2022 - 03:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Emir-Kozcuoglu   07 Январь 2022 - 12:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 13 Май 19
  • Соңку аракети: 11 Июн 2025 20:14

Казактарга сырттан кол салуу болгондо ар дайым кыргыздар жардам берип турган.Ошол эле Желтоксан деген ат менен калган каргашалуу окуяларда да кыргыз жаштары Алматыда казактарга жардам берип Москвага каршы турушкан.Тарыхта ушундай жакшы ат менен калган кыргыз.

Кемчонтой эки достун аркасынан бул каргашалуу окуяларда кыргыз да кара так менен атын жазат экенда.Бизге тажиктер сырттан кол салганда канкор шал менен токолу токаев тажиктерге ок дары берген.Шал менен токолу Токаев кыргыздарга душмандыгын корсоткон.Ошондо биз канкор шалдын бийлигин бекемдеген ге жардам берип жатабызбы?

Билдирүүнү түзөткөн: Emir-Kozcuoglu: 07 Январь 2022 - 12:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Emir-Kozcuoglu   07 Январь 2022 - 12:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 13 Май 19
  • Соңку аракети: 11 Июн 2025 20:14

Эртен сатана Рахмондунда бийлигин бекемдегенге аскер керек десе бул гений эки дос ойлонбой жонототго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   XATSAN125   07 Январь 2022 - 15:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 663
  • Катталган: 27 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 12 Дек 2024 21:23
  • Жынысы:Эркек

Жонотпош керек болчу ич ара жаңжалына
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   kaidasyn   08 Январь 2022 - 01:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 31 Мар 2025 01:30
  • Жынысы:Эркек

Эми жонотбой коелу десе болбой атбайбы шериктештикке кирген мамлекеттер жонотуп атса,биздин олко карап калса болбойт да.Эрткенки кунду да ойлош керек ун,бензин казакстандан келип атса жана какзакстан аркылуу откорулуп атса бизден жонотбой койсо болбойт да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Antiradikal8   08 Январь 2022 - 11:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

Просмотр сообщения kaidasyn (08 Январь 2022 - 01:57) жазган:

Эми жонотбой коелу десе болбой атбайбы шериктештикке кирген мамлекеттер жонотуп атса,биздин олко карап калса болбойт да.Эрткенки кунду да ойлош керек ун,бензин казакстандан келип атса жана какзакстан аркылуу откорулуп атса бизден жонотбой койсо болбойт да



Биринчиден эл дарбыса эшек дарбыйт болбой мээни иштетуу керек. ОДКБ тыштан агрессия болгондо бир-бирине жардам корсотуу боюнча келишим тузгон олколор уюму. Казахстанга тыштан агрессия болуп кайсы бир олко кол салдыбы? Жок! Токаев террористтер кол салды деп айтканы менен далил келтирдиби? Кайсы террористтик уюмдун мучолору экен? Аль-Каида, Талибан, Хезбола, Абу-Саяф, Боко-Харам? Казахстандын ири чакан бут шаарларында жуздоп, миндеп, он миндеп эл бийликке каршы чыгып жатты. Мына ошол жуз миндеген казактын баары террорист бекен? Токаев карандай калп айтса эле ишенип аскер жонотуу керек беле? Качантан бери ОДКБ кайсы бир тирандын бийлигин коргоочу уюмга айланды эле?

Кечээ Тажикистан Кыргызстанга кол салганда кылы кыйшайбаган ОДКБ тиран Назарбаев менен Токаевдин бийлигин сактап калуу учун аскер жонотуп жатса, эмнеге Кыргызстан аны колдоосу керек болчу? Баш тартуу керек мындай уюмдан. Мучолуктон чыгуу керек болчу.

Эртенки кунду ойлоо керек дейсин. Чек аранды тажиктерден коргой албай чимкиригинер агып жатып Казахстандын тагдырын чечип калдынарбы? Казахстан чек арасын жапса, силер куч менен ачтырасынарбы? Андай кыйын экенсинер, Каримов канча жыл чек араны жаап койгондо барып куч менен ачтыра алдынар беле ыя?! Эртенди ойлогон бийлик боордош эки элди бир-бирине кайрап упуштурмак беле аскер жонотуп?! Эртен баары бир казак эли устомдук кылып Казахстанда бийлик алмашса, жаны казак бийлиги Кыргызстандын чыккынчы саясатына очошуп чек араларды 1-2 жылга биротоло жаап салса, ошондо колунардан не келет? Ташиев доорусо силер да дооруй бересинерби? Ташиев дооруп отуруп тажиктерди очоштуруп алып, эми туштон кийин чычып алган баладан бетер Баткенге айда-жылда бир барып жатат, тийип качып. Чек араны оз колуна алганы менен, балээге да чек ара чыры чечилбей кайра курчуп келет...

Билдирүүнү түзөткөн: Antiradikal8: 08 Январь 2022 - 11:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Antiradikal8   08 Январь 2022 - 12:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

ОДКБ аскерлерин Казахстанга киргизуу...

Бул идеянын артында Назарбаев менен Путин турат. Мына бугунку кундо да Казахстанды Назарбаев башкарып жатат Токаевдин колу менен. Болбосо Токаев харизмасы, саясий салмагы жок эч ким болчу, президент болуу тушуно да кирбеген...

Казахстанда окуядар тездик менен онугуп, нааразы болгон казак эли Жанаозен, Актау, Атырауда эле эмес, Казахстандын бардык шаарларында которуло баштаганда шашып калган Назарбаев менен Токаев элдин талаптарын аткарууга шашты. Окмотту отставкага кетиришти. Назарбаев коопсуздук кенеши жетекчилигинен кетти деп жарыялашты. Бирок толкуган эл тынчыган жок. Алар биротоло бийликти кулатууну максат кылып аракеттене башташты. Коптогон акимияттар, полиция участоктору ж.б. митингчилер колуна отуп орттолуп талкалана баштады. Ошондо Назарбаев менен Токаев колдон жылбышып кете баштаган бийлигин сактап калуу учун Путинге кайрылышты. ..

ОДКБ аскерин киргизуу сунушун Путин макул тапты. Биринчиден Казахстан Россиянын эн жакын оноктошу. Ансыз да Путиндин туура эмес саясатынын айынан Россия КМШ олколорунун ичинен Грузия, Украина, Молдова, Туркменистанды жоготту. Казахстанды Россия жоготууга даяр эмес болчу. Эгер Казахстанда бийлик алмашып кесе, жаны бийлик Путиндин дудкасына бийлеп бийлебеси белгисиз болчу. Ошол себептуу кандай болгон шартта да Казахстандагы бийликти сактап калууну оз милдети деп билди Путин. Экинчиден элдин бийликке болгон нааразычылыктары акыркы жылдары Россияда да, Беруссияда да осуудо. Путин ОДКБнын жардамы менен бийлик алмашууларга бут тосуп богот болууну туура деп тапты. Бугун ОДКБнын жардамы менен Казахстанда бийлик алмашууну токтото алса, эртен Белоруссмяда, Россияда бийлик алмашууну токтото алабыз деп ойлошту. Ошондуктан ОДКБ аскерин киргизуу учун митингчилерди террорист деп атоого, митингчилерди куч менен жетско басууга буйрук берди Путин. Токаев бугун да митингге чыккан карапайым элди террорист деп ишендирууго колдон келген аракетин коруп жатканы ошондон. ОДКБ аскери болуп барган орус аскерлеринин бир болугу казак спезнацынын камуфляжы менен митингчилерге ок атып олтуруп кууп таркатууга катышкан жок деп эч ким кепил боло албайт. Орус снайперлери кайсы бир имарат чатырларына жашынып митингчи элди атпады деп эч ким кепил боло албайт.

ОДКБ аскерлерин Казахстанга киргизуу идеясы Садыр Жапаров менен Ташиевке да майдай жакты. Бийликтин даамын татып, эми бийликти колунан чыгарууну каалабай турган Садыр менен Камчы, канкор Назарбаев менен Токаевдин бийлигин сактап калуу учун аскер жонотуп отурат. Баткен окуясында Жапаров менен Ташиевдин балдарына ок аткан жок тажиктер, бул экоонун жакындары, тууган-туушканы олгон жок, карапайым эл олду. Карапайым эл буларга эч ким. Олсо олду да 35и дешти. Ал эми эртен эл бийликке каршы толкуса бул экоонун уй-булолоруно, уул-кыздарына, оздоруно коркунуч туулат, колундагы бийлик кетиши мумкун. Мына ошол коркунучтан сактап калуучу куч катары коруп жатат булар ОДКБны. Канкор казак бийлигин сактап калган ОДКБ биздин бийликти да сактап калат деп ошого жанталашып аскер жонотуп жатат экоо, элди опузалап, депутаттарды опузалап... Ыплас шайлоо откоруп, озуно караштуу чимкириктерди откоруп алганы Жапаров менен Ташиевке ондой берди болду. Элдин копчулугу каршы болгонуна карабастан алакоодон Ташиев депутаттарга басым жасап отуруп чимкирик Жогорку Кенештин макулдугун алып, Жапаров кол коюп аскер жонотушту Казахстанга. .. Бул кыргыз тарыхындагы жууса кеткис кара так болот эми.

Эки боордош эл коптогон кылымдар жанаша жашап, кыз алып кыз берип, калмак кыргынында эки боордош эл калмактарга каршы чогуу курошуп, жакшылык-жамандыкта бир болуп келген. Откон кылымдын 30-жж. ачарчылыкта кыргыздар ачкадан кырылып жаткан казактарга колунан келишинче жардам берген. Бугун Жапаров менен Ташиев биринчиден Путинден буйрук тушкону учун, экинчиден келечекте оз бийлигин ОДКБнын жардамы менен сактап калууга ниеттенип, куралсыз карапайым казак элине каршы куралдуу аскер жонотуп отурат, боордош эки элди касташтырып.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Emir-Kozcuoglu   08 Январь 2022 - 15:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 13 Май 19
  • Соңку аракети: 11 Июн 2025 20:14

Просмотр сообщения kaidasyn (08 Январь 2022 - 01:57) жазган:

Эми жонотбой коелу десе болбой атбайбы шериктештикке кирген мамлекеттер жонотуп атса,биздин олко карап калса болбойт да.Эрткенки кунду да ойлош керек ун,бензин казакстандан келип атса жана какзакстан аркылуу откорулуп атса бизден жонотбой койсо болбойт да

Мойнунан жетеленме алабай болбош керек.Карапайым калкка каршы аскер жонотуп жатат.Эртен канкор шайтан Эмомалинин режимине каршы чыкса анда Эмомалинин режимин бекемдеш учун да башка ОДКБ аскер жиберсе башкалар жиберди карап калсак болбойт деп канкор шайтандын бийлигинда коргоп аскер жонотосунорбу дакансалар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Antiradikal8   08 Январь 2022 - 21:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

Ташиев тууралуу:

Ташиевдин кечээ Жогорку Кенеш жыйынындагы туркойлугун коруп алып аябай иренжидим.

ОДКБнын чечими боюнча. Адашпасам ОДКБнын кайсы бир мучосу кайсы бир олкого аскер жонотууго каршы болсо, ОДКБнын калган мучо олколору да аскер жоното албайт экен. Мындан чыкты, Садыр Жапаров аскер жонотуудон баш тартса, Путин баш болуп калган 4 олко Казахстанга аскер жоното албайт экен эле.

Эми ОДКБга мучо олколор Токаевдин сунушун кабыл алганы менен, Казахстанга аскер жонотуу керекпи же жокпу деген маселени президент Садыр Жапаров же досу Ташиев эмес, конституция боюнча Жогорку Кенеш чечет экен. Ташиев баш болуп ызылдап жатып калышпадыбы, Кыргызстандын ОДКБ боюнча милдеттенмелери бар деп. Мына ушул боюнча депутат Нуржигит Кадырбеков туура айтты, биз учун Конституция жогорубу же ОДКБ милдеттенмелериби деп. Биз учун ОДКБ, Шанхай кызматташтык уюму, ООН же башка уюм эмес, Кыргызстандын конституциясы баарынан жогору турат!

Эми ошондо Жапаров же Ташиев эмес, жоопкерчилик Жогорку Кенеш депутаттарына жуктолуп жатат. Эми Ташиевдин созун карайлы.

"Азыр пиар кыла турган учур эмес. Ачык эле айтып коеюн. Азыр мага маалымат келди. Акжол менен Актилекти уже жабышты. Эртен барып туруп Айдарбеков жооп берсин элге, эмне учун бизге ун келбей калганда. Эртен ундун баасы, бир кап ун 10 минге чыгып кеткенде, 1 литр бензин 100 сомго чыгып кеткенде. Бул жерде мамлекетти да ойлошубуз керек да. Биз эмне кочодо жургон эле бир адамдар эмеспиз да, бул жерге силердин алдынарга келип алып силердин алдынардан суранып жалынып жалбарып эле.. озубуз учун чечип жаткан жокпуз. Силер учун чечип жатабыз, мамлекет учун чечип жатабыз. Коомубуз учун чечкени аракет кылып жатабыз. Силер урматтуу депутаттар, коомдун жаны шайланып келген депутаттары катары, жоопкерчилик алганы тоже,...алыш керек жоопкерчиликти. Эртен эртеге Нуржигит Кадырбеков жооп бербейт да. Ал отурат бир креслосунда. Мен адамдардын канынан корком деп коюп. ..... Мамлекеттик денгээлде мамлекеттин башчысы кабыл алган чечим. Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевич чечимди кабыл алды. Тигил .. башка мамлекеттердин башчылары менен чогуу. Тунку саат 2де чечим кабыл алынды. Таак. Анан кийин эгерде добуш бере албасан, башка болсо. Пиарланбай, канды башканы оозуна алып суйлонбостон жакшына болуп олтуруп бергиле... 7 пост тен баары жабылгандан кийин, унду желкесине Кадырбеков ташып келип береби?! Ким ташып келип берет?! Элибизди ким багат?! Элибиздин, коомубуздун ичини, тынчылыгыны ким сактайт?!"

Кадырбековдон жооп:
"Казахстан биз учун мындан да кыйын учурларда чек араларын жапкан. Эми откон кунго кайрылбайын дедим эле. Кыйналып турганда бизге ошондо ун керек болчу, азыр ун керек эмес. Бизде азыр Кудайга шугур, аманчылык, тынччылык, эки колубуз, эки бутубуз бар. Озубузду озубуз бага алабыз. Ошондо да чек араны жапкан, биз жашап кеткенбиз. Кеп анда эмес.

Экинчиден биз жоокерлерди жонотсок, Казахстан ошол чек араларын ачат деген кепилдик барбы? Бул экинчи суроо."


Бул жерде олко лидери катары Жапаров Казахстанга аскер жонотууго макулдук берип жатат. Бирок конституция боюнча аскер жонотуу же жонотпоо боюнча чечимди президент эмес, Жогорку Кенеш депутаттары кабыл алуусу керек. Мына ошол себептен Жогорку Кенеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп жатат. Бирок Окмот башчысы Акылбек Жапаров да, Камчыбек Ташиев да, юстиция министри да, башкасы да Казахстанды кайсы агрессиядан коруу учун аскер жонотулууго тийиш экенин даана тушундуро алышкан жок. Бара турган аскерлер кайсы обьекттерди корууга тийиш экенин жа айта алышкан жок. Барууга тийиш аскерлерден каза болсо жоопкерчиликти ктм алаарын да айта алган жок. Биздин аскерлер кайтарган обьектке митингчилер чабуул койсо кыргыз аскерлери эмне кылууга тийиш экенин да айта алышкан жок Кайра Ташиев депутаттарга басым жасап, опузалап отуруп жыйын жабык эшик артында отуусуно жетишип, акыры бийликчил чимкирик депутаттарды "макул" деп добуш бердирууго жетишти.

Ташиевдин чек ара боюнча айткандары Ташиевдин акыл-парасаты, тушунугу канчалык томон экенин айгинелейт. Эмне, Казахстан чек араларын жаап жатат деп Казахстанга аскер жонотушубуз керекпи эмне? Биз аскер жонотсок эле Казахсиан коркуп кетип чек араларын ача коебу? А эртен Озбекистан чек араларын бир тараптуу жаап салсачы? Анда да аскер жонотобуз деп Озбекистанды коркутабызбы? Баса, Озбекистан ОДКБга мучо эмес. Ошондо кантип Озбекистанга аскер киргизет Кыргызстан? А Кытай чек арасын жаап салсачы? Элибиз ачка калды, кийимсиз калды деп Кытайга согуш ачабы Ташиев?! Элибизди ким багат дейт? Экономикабыз онукпой, импортко коз каранды болсок ошол да. Импортко азырак коз каранды болуу керек ошол учун. Олкого завод-фабрикаларды куруп экспорттук потенциалыбызды которуу керек болчу деп неге ойлонбойт Ташиев менен Жапаров? Ушундай тушунугу томон, ала коодон адамдар олко башында турганы абдан окунучтуу.........

Билдирүүнү түзөткөн: Antiradikal8: 08 Январь 2022 - 21:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 00:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: