Суперстан: Коомдук транспорт. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Коомдук транспорт. Маданият жана эреже тууралуу кеп кылабыз.

#1 Пользователь офлайн   ales   16 Март 2016 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

1. Форумда коомдук транспорттун кызматын пайдалангандар көп эле болсо керек. Жаштарды тартиптүүлүккө, ыймандуулукка, кичипейилдикке үндөгөнүбүз үндөгөн. Азыр жаштар (окуучулар, студенттер) мурдагы жылдарга (2-3 жыл) салыштырмалуу ыймандуу боло башташты. Каттамдык маршруттун акыркы орду гана жаштар үчүн экенин эч ким айтпаса да, салтка айлангандай көрүнүш. Эки-үч жыл мурун: "Ай турагой, мага орун берчи..." деген эжекелер, азыр унчукпай эле унаага кирээр замат орундук таба алат.
Айтайын дегеним, ошол кээ бир улуу муундагы адамдардын маданияты. Орун берген адамга "рахмат! " деген бир ооз сөздү да кээде аяшат. Далысындагы оор рюкзагы бар мектеп окуучусу орун берсе дагы унчукпай отуруп алган эжекелерди, агаларды көргөндө көңүлүм сууй тушөт. Алардын рахмат деген сөздү айтпай койгону үчүн эмес. Жок дегенде ошол окуучунун, орун берген адамдын колундагы оор баштыгын колуна кармап алайын дебегени кандай дейсиздер?
Бул оройлук, менменсинүүлүк, текеберлик деп билем. А силерчи? Бизге үлгү болуучу адамдарыбыз өздөрүн орой алып жүрсө, заманабыз эмне болот? Кыргыздын келечеги кандай болот?
Улутту бөлүү эмес, бирок орус улутундагы улуу адамдар жеке менин көз карашымда, бул көрунуштө өздөрүн абдан маданияттуу алып жүрүшөт. Орун берген адамга болгон ыраазычылыгын айтып отурат да, колуңдагы оор болобу жеңил болобу сумкаңды алдына алып алат. Же, оройлук биздин каныбызга сиңген мунөздөрдүн бириби?

2. Эми коомдук траспортту башкарган айдоочулардын одоно эреже бузууларын сөз кылсак. Албетте, баарыбыз эле билебиз, унаа башкарып баратканда, телефон менен суйлөшүү эреже бузуу экенин. Бирок, баарыбыз эле бул эрежени эбак эле унутуп калганбыз. Качан гана ГАИ дегениди көргөндө телди ката калган айдоочуларды көрүп эле жүрөбүз.
Качан көрбө, коомдук транпортту (каттамдык унаа, маршрут) башкарган айдоочу, унаа башкарып баратып: "Эй каякка жеттин? Мен баланча жакка жеттим. Э.... дурайын тигил чоюп жатат...", же " Тигини жай айда деп айтып койчу" , "Баланча жерде ГАИ бар экен" ж.б. Деги койчу колдорунан телефон деген эме тушпөйт. Бир жагынан акча санап, бир жагынан кирип жаткан кишинин санын эсептеп, бир жагынан телефонго жооп берип, бир жагынан ат чабышка тушкөнсүп, үчунчү сызыктан, күтүүсүз бурулуштарды жасап, упай топтоп жаткансып, тосуп турган кардарлдарды да салганга үлгүрөт. Кокустан кардар көрө калса алтын көрө калгандай, тормозду дароо басышат. Унаадагы адамдар бири-бирине кептелип, ичтери түйүлүп, кээ бирин колдору кармоочтон ажырап калган учурлар толтура эле эмеспи?
Деги эле буларды ким көзөмөлдөйт? Депутаттарбы? Алар коомдук транспортко отурбаса мындай баш аламандыкты кайдан билсин? Жол эрежесин бузуп жаткан айдоочуга кандай мамиле кылсак болот?
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Shanson   16 Март 2016 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1) Улутчулмунбу билбейм, бирок, мен коомдук көлүктө башка улуттун аялдарына турбайм. Эгер ал кары же боюна бар же ооруп / чарчап араң турганы болсо, албетте, туруп берем. Бирок, көзүнөн от чачырап каблук кийип тимэле жарышка түшчүдөй болуп тургандарына турбайм деле. Андайларга башта "кой, кыз экен" деп турсаң кайра көбү "ой, сенкю, айм нот олд" деп адамды облом кылган. Ошондуктан азыр бетти бетон кылып эле турбайм.

Бир жолу адаттагыдай китеп окуп отурам телефондон. Жаныма бир түгөй келип туруп калышты. Сүйлөшкөндөрүнөн жаш экенин баамдадым. Бир станция отуруп кете бердим. Бир маалда башты көтөрүп эки жакты карасам жанымда турган келиндин боюнда бар экен. Ыргып турдум! Кечирим сурадым байкабай калганымды айтым. Аялы-күйөөсү болуп рахмат айтты. Бир чети өзүмдү ыңгайсыз сезип бир чети алардын рахмат айтканына көңүлүң жылый түштү. Болбосо дагы бир ошондой учур болду эле. Аялынын кош бойлуу экенин көрүп орун бошотсом унчукпай ле отуруп алды. Кебетемден көрүндү окшойт ынжыя түшкөнүм. Күйөөсү ары карап турган, бери бурулуп отдуши рахмат айтты. Бул, албетте, талап кылынчу "акы" эмес. Бирок, бирөө ордунан туруп берип атса ыраазычылык билдирип коюу тарбиядан.

Бизде, Бишкекте же жер-жерлерде бул нерсе (рахмат айтпай отуруп алган) көп эле кездешет. Бизде, кыргыздарда улууну сыйлоо по умолчанию болгондуктан, улуулар өзүнүн энчисин алып аткандай болушуп рахмат айтууну милдет көрбөйт. Мен эстесем, ага көп деле көңүл бурбачы кенмин мурун. Кийин эле байкап атканым болбосо.

Мындай карап көрсөң, "Рахмат" деп койгондон тил ооздон шылынып түшүп деле калбайт! Ушуну ар кимиңер (жаштар) үйдө отурганда же бир жерде отурганда акырын айтып койсок улуу тууган-туушкандарга. Жакшысы ушул тема гезите бетине чыгып көпчүлүк окуса, мүмкүн бети кызарып эмкиде кимдир-бирөө орун бошотуп берсе 6 тамганы аябай калаттыр...

2) Ноу коммент!
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   medina.   16 Март 2016 - 16:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Шоопурлар адамды ашыкча сала бергени жанды кашайтат да.:94:
Автор туура баамдаган,телефон менен суйлошкон аларга кадыресе корунуш.Анан, улууларга орун берсен "рахмат,бактылуу бол"десе ичинден ыраазы болуп каласын.Анча- мынча жаш жигиттер орун берсе,"тарбиясы дурус экен"деп, чечим чыгарып коёсун оз алдынча.:)

Билдирүүнү түзөткөн: medina.: 16 Март 2016 - 16:05

Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Uhtishka.   16 Март 2016 - 16:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 066
  • Катталган: 05 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МСК

Адамдын коомдук жайларда, озун кандай алып журуусу -бул ар бир адамдын визиткалык картасы десек болот. Кандай тарбия коргон, кандай жерде оскон жана ошол адамга кандай мамиле кылуусуна себеп болчу нерсе.
Коомдук транспортто озун алып журуу да бул маданияттуулук болуп эсептелинет. Эркек киши аял затынын баарына эле орун беруу деген нерсе жок негизи, качан гана аял киши жаш баласын колунда которуп турган болсо созсуз турдо орун бошотуп беруу керек.
Анан колтукташып, эки -экиден болуп тугойлор же курбусу менен колтукташып чыккан да этикага жатпайт, жанындагы адамдарга ынгайсыздык жаратат.
Коомдук транспортко чыкканда эч качан тамак-аш жеп, которуп чыгуу мумкун эмес.
А жогоруда айткандай ,эгер тугойлор чыгып, аялына башка киши орун бошотуп берсе, аял озу да анан созсуз турдо жолдошу ыраазычылыгын билдируусу керек.
Коомдук транспорттотугойлордун биринчи аялын чыгаруусу да шарт эмес, озу биринчи болуп тушуп, аялын тушуусуно жардам берсе болот.
Чон болобу, кичине адам орун бошотуп береби созсуз турдо "ыраазычылыгын" билдируусу керек.
Телефондо бир гана шоферлор эмес, жургунчулор да акырын суйлосо жакшы болот эле, кээбир адамдар бар, ушунча кыйкырып же каткырып кулуп суйлошушот. .. :wacko: :wacko:
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Zvezda000   16 Март 2016 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 853
  • Катталган: 18 Июль 14
  • Соңку аракети: 16 Июн 2016 05:19
  • Жынысы:Белгисиз

Азыр коомдук транспортторго калктын карапайым катмары эле тушпосо, депутат-сепутат министр-синистрлер тушпой калыштыго... Ошол себеп аларга коомдук транспорттордун ичиндеги койгойлор тааныш эмес, баштары да оорубайт. Водитель элди картошка жуктоп алгансып, ангил-донгул жолдордон анкылдатып айдап, анысы аз келгенсип оозуна тамекини тиштеп алып, бир колу менен киргендерден акча алып, ал ортодо телефон менен бироолору менен тынымсыз суйлошуп... деги койчу, бери жакта карап отуруп жанынды оозуна тиштеп кана турасын да! Аа улууларга, инвалидтерге жаштардын орун бошотуп беруусу тууралуу айтчу болсом, бошоткону бошотуп берет айттырбай эле, бошотпогону козун жумуп, кулагына наушнигин тагып алып бетин табактай кылып отура беришет. Ошондойлордун жанына басып барып, "кел, мага ордунду бошотуп берчи кагылайын, сен мендей болгончо далай отурасын" - деп тургузуп атышса, неге ага кайра рахмат айтыш керек? Анысы да жон бошотпой, "Эээ картайганда уйундоле отурса!" - деп наалып атып бошотот. Тарбия! Кептин баары тарбияда!




Эч качан суйуудон азап чегип жаткан адамды суйбо! Анткени, ал жарадар. А сени ошол жаратына бинт катары колдонот.  
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   mawa.32   16 Март 2016 - 18:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Чын эле коомдук унааларга кишинин бутун коёрго жер калбай калганча сала беришет. Анан артка жылгыла эле дей беришет унаасы резинадан беш беттер чоюла тургансып. Анан аялы деле эркеги деле мас болуп алып маршурткагы чыгып алып калжындап, ар кимге суйлоно бергени нервти кашайтат да.
)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mawa.32   16 Март 2016 - 18:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Анан коомдук унааларда "алманы, бананды сырты м.н же, наспайды чайнап жут" деген жазуулар мода болуп аткан го.
)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Zvezda000   16 Март 2016 - 18:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 853
  • Катталган: 18 Июль 14
  • Соңку аракети: 16 Июн 2016 05:19
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения mawa.32 (16 Март 2016 - 18:41) жазган:

Анан коомдук унааларда "алманы, бананды сырты м.н же, наспайды чайнап жут" деген жазуулар мода болуп аткан го.

Ооба, ооба! :applause: Маданияттуулукту оздорунон биринчи корсотуп, анан элден талап кылышса!





Эч качан суйуудон азап чегип жаткан адамды суйбо! Анткени, ал жарадар. А сени ошол жаратына бинт катары колдонот.  
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2016 - 21:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Автор байкоолорунуз абдан туура. Мен андан сырткары дагы бир нерсени айтмакмын, ошол карылар жанына майда балдарын отургузуп алып башка адамдар менен иши жок. Мен 2 кун мурун бир транспорто болдум, андагы бир кары киши 2-3 кл баласы менен отурду мага эле эмес менден да чон адамдарга орун бошоттуруп берген жок, ичимден сенин тарбия берген кейпин ушул болсо, балдарындан кийин эчнерсе умут этпей эле койсо болот экен дедим. Акыркы кундордогу болгон окуя, буга чейин деле марштурканын ичин толтуруп отуруп алышып анан майда балдарын терезе жакка олтургузуп оздору болсо корстон. Эмнегедир мындайлар кыжырымды да кайнатпайт, ичимден аяп коеп адамдык денгелинер ушул окшобойбу деп. Анан кобунчо турбай акыркы 2 сапта оздорунчо манап болуп бараткан жигиттерди да ичимден Эс алып алгыла кымбаттуларым 30 чыгып 3 бала тороп кант этсин белинер да жарабай калбадыбы деп ичимден эликтеп коймой адатым бар. Сыйлабаса сыйлабай эле коюшсун ар ким оз денгээлине жараша кыймылдайт да.


Айдоочулар озунчо бир кеп, абдан эсимде калганы мындан 2 жума мурун 113 маршрутунда айдоочу оозуна ак ит кирип кара ит чыгып суйлоп баратат кулагына блютуз илип алган экен. Бустун ичиндеги сыртындагы адамдар баары бир тен, нары эле кочодо эч кимге тийишпей бара жаткан адамады ашатып согуп уйча керилбей бат баттан баспайбы деп согуп баратат. Барчу жеримден мурун эле тушуп калдым. Бул жерден же тигил жерден токтот деген адамдарды ***** бир нерсе кылаарда керек эртереек айтпайсынбы деп соз менен жулмалап баратат. Озунунузду кичине тарбиялуурак алып журбойсузбу деп айтайын дедим да, тенелгенде эмне деп кайра оозумду басып, тушуп кеткенче шаштым. Айдаганы да бир шумдук картошка дагы эмес бош машине айдап бараткансып ар бир токтотконунда алды артыбызды кармап албасак туз эле барып мандайкы терезе жабышып калаарыбыз айдан ачык эле.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Shorobashat   17 Март 2016 - 11:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Дулдуюп отуруп алат кээ бир улуулар, "Рахмат! "-десе оозунун жели азайып кете тургандай. Албетте анан бетин сыйрып коюп, наушник салып алып улууларды кормоксонго салып отура берген жаштар бар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Zvezda000   17 Март 2016 - 11:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 853
  • Катталган: 18 Июль 14
  • Соңку аракети: 16 Июн 2016 05:19
  • Жынысы:Белгисиз

Мага орун бошотуп беришсе жан-алым калбай рахмат айтам. :)
Эч качан суйуудон азап чегип жаткан адамды суйбо! Анткени, ал жарадар. А сени ошол жаратына бинт катары колдонот.  
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   ales   17 Март 2016 - 12:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Бүгүн бир маршруткага отурдум. Туруп турган адамдар үчун бир дагы кармооч жок экен. Мейли киргенде, мейли андан ары... Кардарлар терезелерге алаканыбызды коюп алып келдик. Борбор шаардагы мына ушундай талапка жооп бербеген коомдук транспортту ким текшерет? Ким өз ишин так аткарбай, айлык акы алып жатат болду экен?
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   microsoft-windows   17 Март 2016 - 13:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 744
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 05 Янв 2018 18:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Журо берет ар жерде

Мини бусиктер тойгозот Кгда. Алыскы шаар аралык каттамдардан бери немистин эски бусиктери болуп кетти. Мага коомдук транспорттун Кыргызстанда эн жакпаган жагы ушул бусиктер. Жок дегенде Ош Менен Бишкек шаарларына чон автобустардан койсо жакшы болмок. Кытайдын эмес Белорусия Россия Кореядан чыккан сапаттуу жумшак отургучтуу узун автобустардан. Туруп кетсенда ынгайлуу болот. Кондуктор болсо ар бир автобусда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   karakchyyy   17 Март 2016 - 13:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 10 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 08 Апр 2018 20:35

Просмотр сообщения Disappear (16 Март 2016 - 15:12) жазган:

Автор байкоолорунуз абдан туура. Мен андан сырткары дагы бир нерсени айтмакмын, ошол карылар жанына майда балдарын отургузуп алып башка адамдар менен иши жок. Мен 2 кун мурун бир транспорто болдум, андагы бир кары киши 2-3 кл баласы менен отурду мага эле эмес менден да чон адамдарга орун бошоттуруп берген жок, ичимден сенин тарбия берген кейпин ушул болсо, балдарындан кийин эчнерсе умут этпей эле койсо болот экен дедим. Акыркы кундордогу болгон окуя, буга чейин деле марштурканын ичин толтуруп отуруп алышып анан майда балдарын терезе жакка олтургузуп оздору болсо корстон. Эмнегедир мындайлар кыжырымды да кайнатпайт, ичимден аяп коеп адамдык денгелинер ушул окшобойбу деп. Анан кобунчо турбай акыркы 2 сапта оздорунчо манап болуп бараткан жигиттерди да ичимден Эс алып алгыла кымбаттуларым 30 чыгып 3 бала тороп кант этсин белинер да жарабай калбадыбы деп ичимден эликтеп коймой адатым бар. Сыйлабаса сыйлабай эле коюшсун ар ким оз денгээлине жараша кыймылдайт да.


Айдоочулар озунчо бир кеп, абдан эсимде калганы мындан 2 жума мурун 113 маршрутунда айдоочу оозуна ак ит кирип кара ит чыгып суйлоп баратат кулагына блютуз илип алган экен. Бустун ичиндеги сыртындагы адамдар баары бир тен, нары эле кочодо эч кимге тийишпей бара жаткан адамады ашатып согуп уйча керилбей бат баттан баспайбы деп согуп баратат. Барчу жеримден мурун эле тушуп калдым. Бул жерден же тигил жерден токтот деген адамдарды ***** бир нерсе кылаарда керек эртереек айтпайсынбы деп соз менен жулмалап баратат. Озунунузду кичине тарбиялуурак алып журбойсузбу деп айтайын дедим да, тенелгенде эмне деп кайра оозумду басып, тушуп кеткенче шаштым. Айдаганы да бир шумдук картошка дагы эмес бош машине айдап бараткансып ар бир токтотконунда алды артыбызды кармап албасак туз эле барып мандайкы терезе жабышып калаарыбыз айдан ачык эле.


Балким мен жанылышып жаткандырмын бул менин жеке ойум дегендей негизи жаш балдарды ошондой 3класстан ылдыйларды отургузуп койгон туура элего дейм себеби чондордун арасында кысылып туртулуп калышы мумкун. Онуккон мамлекеттерде бул кадыресе корунуш жаш балдарды отургузуп а улуулар жанында турушат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   microsoft-windows   17 Март 2016 - 14:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 744
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 05 Янв 2018 18:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Журо берет ар жерде

Европа Россия ж.б олколордо жаш балдарга улуулар орун бошотуп берет. Мисалы апасы мн чыкса апасы озу олтурбай баласын олтургузат. Менимче бул туура эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Zvezda000   17 Март 2016 - 14:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 853
  • Катталган: 18 Июль 14
  • Соңку аракети: 16 Июн 2016 05:19
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения mawa.32 (16 Март 2016 - 18:38) жазган:

Чын эле коомдук унааларга кишинин бутун коёрго жер калбай калганча сала беришет. Анан артка жылгыла эле дей беришет унаасы резинадан беш беттер чоюла тургансып. Анан аялы деле эркеги деле мас болуп алып маршурткагы чыгып алып калжындап, ар кимге суйлоно бергени нервти кашайтат да.

Бир жолу маршруткада тыгггылып кетип баратабыз. Ошондо да ар жерден токтотуп, бирден, экиден адамды салып алып атты. Дааагы бир жерден бироо токтотуп атса, токтогон атат! " Ай чон жигит, болду токтотпогула! Аны каягына батырасын? Менин моюнума минип алабы эмне?" - деп чанкылдады алдыда букуроюп, торт буктолуп тыгылып бараткандардын арасынан бир эже. "Эже, ал да бироонун баласы, куйоосу, атасы! Уйуно эртерээк жетип алгысы келип атат. Сырт суук! Сизге да токтобой койсом болот беле?" - деп салды.



Эч качан суйуудон азап чегип жаткан адамды суйбо! Анткени, ал жарадар. А сени ошол жаратына бинт катары колдонот.  
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Shanson   17 Март 2016 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Асанкайгынын урпактарынан го, чиркин!
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   aiturgasha   17 Март 2016 - 16:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Коомдук транспорт болгондон кийин, айдоочу да, жолоочу да эрежени сакташ керек.
1. Айдоочу, чыккан жургунчулорго ынгайсыздык жаратпаш учун, автобуска бата турган адамды гана алыш керек.
2. "Токтотуп койсонуз болобу? " , " Тушум калсам болобу?" деп айткан жургунчулор учун ар жерге токтой бербеш керек. Эреже бузулат и кондуруп алат адамдарды ошого.

Жургунчулор жонундо айтсам, жогоруда айтышкандай тарбиясына жараша болот.

Откондо балам менен маршруткага чыксам, жаштардын бары ону тусумо, кийген кийимиме, кыскасы турпатыма коз жугуртуп, сынап карагыча, бир жашы улуулап калган аке ордунан туруп "кел кызым, отур" деп орун бошотуп берди. Уялдым. Отура берин дедим. Анан бир бала орун берди. Эми коомдук транспорт болгондон кийин ар турдуу ситуацияга туш болот экенсин.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   eldar.   17 Март 2016 - 17:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 004
  • Катталган: 11 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Фев 2018 22:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ФРУНЗЕ

Кээ бир маршурттарда жок дегенде 1 люк жок экенине кыжырым келет. Мамлекет мыйзам киргизсе гана, "1 ай убакыт беребиз, тезинен маршуртканарга 1 эмес, соссуз 2 люк жасаткыла" деп. Жасатпагандарды жол кайгуул кызматы тосуп алып пырылдатыш керек, кором ошондо жасатпаганын.

Билдирүүнү түзөткөн: eldar.: 17 Март 2016 - 17:24

**************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Jentelman   17 Март 2016 - 23:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 367
  • Катталган: 25 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 20 Окт 2017 20:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтуу Ысык-кол,Тон р/н

Маршрутка резиновая... .кто назад пройдет,тот себе место найдет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 21:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: