Өзүңөр окугандай теманын аты «Күйдүм бир гана күйдүм чок!» Мындайча айтканда бизди күйдүргөн коомдогу болуп аткан окуялар, адамдардын жүрүм-туруму же бир башка учурлар тууралуу.
Жазылган (которулган) же көчүрүлүп келинген нерселерге мүмкүн силер макулдурсуңар же макул эместирсиңер. Ага менин аспириним жок )).
Эгер кимдир-бирөө ушул жерде жазылган нерселерден өзүн көрсө, акырын ичинен ойлонсун. Өзүнүн кылгандарын таразалап көрсүң. Кааласа кылып келаткандарын уланта берсин, кааласа «тууй атта, мен туура эмес кылып аткан турбаймынбы? » деп токтотуп койсун. Анда эле теманын алкагында жазылган айрым билдирүүлөр максатына жеткен болот.
Айтмакчы, көчүрүлүп келингендер теманы ачкан авторго тиешелүү эмес. Бирок, көбү менен пикири бир. Ал эми кээ бирлерин өзү жазган.
Ар бир билдирүүнүн алдында спойлерде которулган тексттин түпнускасы бар. Орфографиясы өзгөрүлбөй берилген
Силер дагы силерди да күйдүрүп, кашайтып жетер жериңерге жеткен окуяларды, кубулуштарды, адамдарды жазып койсоңор болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео











