Суперстан: Тандалмалар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тандалмалар Кириңиз, анан билиңиз!

#21 Пользователь офлайн   AeCHka   11 Август 2009 - 03:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

maksi, "Журок сыры-Журоктон чыккан ырлар", 17 бет

Тынч турган жан дуйномо бүлүк салып,
Албастан уруксаатты кирип келген,
Бул эмне махабатпы же кыйрообу?
Ушуга жооп табалбай издеп келем.

Кайгырбайм сүйүү болсо ошол сезим,
Кубанып кучак жайып тосуп алам.
Жалгыздык кучагында жашап журуп,
Эми араң сезгендеймин бакыт даамын.

Албетте айткым келет жашырбастан,
Сырымды ичте журуп эзип жаткан,
Дүйнөдө жок го деймин мага окшоп,
Сезимдер кучагында балкып жаткан.

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 11 Август 2009 - 03:05

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   AeCHka   11 Август 2009 - 03:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

USSR, "Журок сыры-Журоктон чыккан ырлар", 21 бет

Жашоондо жакшы инсандар болгон жакшы.....


Кандай сонун жакшы инсандар болгону
Жолоп-таяп турса сени ар-дайым
"Салам! Кандай?" деп койсо да болгону
Конулуно шаттык берет ансайын...

Жашоонорду байландырбайт эч нерсе
Карыз эмес,болгон эмес бересе.....
А бирок....ойлонуп корсом терендеп
Алар мага-ааламга болгон терезе.....

"Салам,кандай? Маанайларын жакшыбы?"
Болгону ушул,ортодогу ангеме
Бирок ушул....жопжонокой создордон
Кубат алам кортирликти женгенге.....
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   AeCHka   11 Август 2009 - 03:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Jeka, "Оюн,кулку, тамаш
а- Акындар айтышы", 1 бет


Кайрадан салам берип - келдим эле,
Айтышка чыгынышкан - суперлерге!
Ойлобопмун мынча акын бар экенин,
Шаардагы жашап жаткан "киргиздерде" !

Конулум толуп калды - абдан эле,
Акындардан уксам дагы - толо "жеме"!
Айтылган сын-пикирди кабыл алам,
Ой кетпесин - "тушунбогон кандай неме"!

Шашылбай, аба жутуп кере-кере,
Отурам - "клавада" тамга тере.
Мындайда кычашкансып соз табылбайт,
Тугонуп - соз байлыгым калды беле.

Айланайын бир боорлорум - акындарым,
Айтыш менен алектенген - жакындарым.
Баарынарга чын журоктон алкыш айтам,
Очурбой, улайлычы - кыргыз салтын!

Мен айрыкча кубанамын - куттуктаймын,
Кыргызымдын татынакай ууз кыздарын!
Эр жигиттер даай албай - коркуп жаткан,
Чон жарышка тайманбастан - шар чыкканын.

"Аечка" деген сулуу - ник менен,
Жерлиги кайдан болду экен?
Айтылуу Кетмен-Тобонун,
"Феясы" - ким болуп кетти экен?

Эми, жигиттер - чамдайлы,
Кыздардан - алыс качпайлы.
Ширелуу жана чырайлуу,
Кооз создордон камдайлы.

СССР досум - сонун идеяны таштадын,
Принц досум - айтышты сен баштадын.
Экоонордон кем калбайын деп - жанталашып,
"Соз бакканды" уйронуп мен жатамын.

Ушул жерден мен ырымды - токтотойун,
Айткан создун маанилерин ойлонойун.
Эмки жолу - шарт болгондо улантамын,
Азырынча эс алганча - "толгонойун"!
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   AeCHka   11 Август 2009 - 03:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Jeka, "Мен кыргызмын- кыргыздар жонундо ырлар", 1 бет

Мен кыргызмын - Ала Тоону жердеген,
Мен кыргызмын - сансыз байлык ээлеген.
Атам Манас - кан тогулгон кыргында,
Жаттан алып - аны бизге энч эткен.

Андан бери доор алмашты - арадан,
Элим осту - улуу Манас атадан.
Оз алдынча улут болуп - кыргызым,
Кем калбады - осуп кеткен башкадан.

Эне тилим - осуп жатат кенири,
Бул жонундо - дуйно жузу бут билди.
Улуу агам, улуу Чынгыз - болбосо,
Кимдер билмек - чет жердеги бир тилди.

Арабызда жашап жатат - кээ бири,
Бут унуткан - ага таандык бул тилди.
Ойлонсончу замандашым - дамыкпай,
Бироо корсо - айтат го дейм "шул кыргызбы" ?

Мейли уйрон, мейли оку - жат тилди,
Эл ичинде онорлуу бол - тил билги.
Унут калып, уят болбо - жат жерде,
Оз тилинде айта албай - оз сырынды!
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Kg kyz   17 Август 2009 - 02:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 15 Июнь 09
  • Соңку аракети: 29 Янв 2015 05:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оsh

USSR "Кыргыз жана саясат" 3-бет

Бу саясат дегенин кыргыздарга жарашпаган оокат окшойт.Элдин саясатташып кеткендиги- мамлекеттин алсыздыгы, улуттук идеалогиянын жоктугу.Алсыз кичинекей, кедей мамлекетте кайдагы тышкы саясат.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Kg kyz   25 Август 2009 - 03:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 15 Июнь 09
  • Соңку аракети: 29 Янв 2015 05:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оsh

"ЖУРОК СЫРЫ" , "Монолог" , 13-бет. ONA.


Тушуно албай келем адам табиятын... ээ койчу адам эмес озумдун табиятымды. .. айтып- айтып алдым кечоо ойлогонумду, чыдай албай кеткенимди, кабыл ала албастыгымды мындай журуш-туруштарын. .. эмнени ойлосом ошону бут айттым... ыгы жок тамашалары, создору жан дуйномду оорутуп жатканын айттым... кечирим сурашты, кээ бироо тултундап мунозун корсотуп калышты... .
"Мейли, дедим мындан ары мен эгоисттин дал озу болом, бироонун конулуно карап озумду, озумдун кызыкчылыгымда курмандыкка чалбайм", кандай мамиле болсо, ошондой жооп кайтарам... керемет создор:"Ийилгенге ийилгин, баалап берген кул эмес, какайганга какайгын, пайгамбардын уулу эмес",- деп, женилдеп калдым, согунуп да алдым, копко суйлоштук,бирок мен баары бир оз оюмда калдым...Ашкере боорукерчилик адамга жарашпайт корунот...
Мурда кунку коргон фильмдегидеги каармандай, 30 жашка чыкканда баарын жаны баштагым келбейт менин...
Мага менин ар бир кунум, ар бир саатым кымбат!! !
Керемет кечимди, же жаркын кунумду жарыбаган, арзыбаган нерселерди талкуулап, бироону кемсинтип, калп эле тур корсотуп сыртымдан кыйын болуп,же жасалма жылмайып откоргум келбейт... Баары "по настоящему" болсо дейм...Сага болгон сыйлоосу башкалардын, сен ошого таттыктуу болгонуна жараша болуш керек го, же сыйлоону кыйкырык-суроон менен, же жалпалактап- куйполоктоп, анан бироонун (аргасыздан, анткени ал сенден коз каранды!! !) калп эле сыртынан сыйламыш болгону кимге зарыл экен тушунбодум. .. Тушунбодум ушундай жасалма мамиледен ырахат алып, курсагын тойгузуп, кыйраткансып, озуно озуно ыраазы боло басып жургон адамдарды да...
Неге ушундай жаралып калдым экен, оз билгенимди бербеген кежир болуп... менимче менин жолум туура... Окунучтуусу, муну мен азыр обьективдуу баалай албайм... убакыттын отушу менен гана кандайдыр баа бере алуум мумкун... бирок ал учурда бир нерсе кылуу актуалдуу болбойт...
Биринчи Адамбыз го, анан бироонун кызы, бир кесиптин ээси, бир креслонун эгедери, бироонун душманы,бироонун суйгону, бироонун карындашы,бироонун классташы, бироонун курдашы ж.б.у.с. го...
Айтышты "ты не понимаешь,щась не такое время,ты опять за свое".... Ооба МЕН ОШОНДОЙМУН! !" Озумо таптакыр керексиз, бирок айланадагыларга жаккан беткаптарды чаптап журо албайм, жасалма жылмаюу тартуулай албайм, жалпактай жагына албайм, алдай албайм, башка бироонун авторитетине баш ийип бугуло албайм, коз карандылыкта кун кечире албайм, озумо жакпаган нерсени,же озум туура эмес деген нерсени мажбурлап жасата албайм озумо...тоголоно албайм тыйындын же байлыктын артынан, адамдык сапаттан кеткенче... адамдык мамиледен кеткенче...
Эмне кыл дейсин! эркиндикти суйом! эч кимге эч нерсе карыз болгум келбейт... албетте алтыным Апамдан башка....
Татыктууну сыйлайм,алсызга чын дилден колдон келген жардамымды аябайм,ак жолумдан тайбайм, кандай жашап келсем, ошондой жашоомду улантам... омур кыйырында созсуз ыраазы болом озумдун жашоомо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   vais   25 Август 2009 - 04:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

"Жүрө ктөн чыккан ырлар", 23-бет, Аруу

Колдонулбай кагаз, калемим,
Кат жазылбай жатат чаң басып.
Кыйма-чийме Жашоо жолунун,
Кай жеринен кантип адаштык?

Кийчү элем ,батис көйнөгү м,
”Жарашат” деп айтсаң,” укмуштай”.
Өңү өчкөн ошол көйнөктү н,
Мурункудай бүгүн кулпурбайт.

Биз жолукчу дайым түбүндө ,
Паркта өскөн дарак жалгыздайт.
Жоготуптур ошол даамын ,
Сүйүп жеген биздин балмуздак.

Үзөң гүлөш журуп сыноого,
Бере албадык неге туруштук.
Сен кай жерде басып жүрөсү н,
Мага келчү жолду унутуп.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   arhidey   26 Август 2009 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Монолог 15-бет.adalsvards



Эстеп корсом, акыркы уч жылда таптакыр эс албапмын...

Мына 25 кундук эс алуудан кайтып, кадимкидей кайрадан бул жарык дуйного келгендей болдум... Азыр байкасам, туура 25 кун мурун бир калын дептерге окшош болчум. Анын тамтыгы чыккан, жаза турган кыпындай жери жок, туш тарабы айрылган эле...

Бирок мен бугун жаны калын дептер сымалмын... Сыртын кооз кагаз менен тыштап да койдум... Мурункудай кара сыя менен эле жаза бербей, туркун тустуу калем менен жазам...

Байкуш журок тымызын суйунуп, мени "Качан дептерин ачып, жаза баштайт" деп кутуп турат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Женижок   29 Август 2009 - 12:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 247
  • Катталган: 17 Февраль 09
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 23:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыз жигит Кыргыз кыздары мнеге женил ойлуу 2 бет Kirgizshaa
КЫРГЫЗ КЫЗЫ

Кыргыз кызы...
Талаа, түздө,
Кышта, күздө,
Күндөп, түндөп,
Дискотека, клубтарда,
Көчөдө .
Атасы жок, никеси жок,
Төрөсө ...

Кыргыз кызы...
Чет жерлерде,
Акча үчүн,
Сатып жүрсө денесин,
Уят кылса,
Элин, жерин, мекенин.

Кыргыз кызы...
Абийир кайда,
Кана намыс?
Барбы уят,
Айтчы калыс.
Эсиңе кел,
Тийет каргыш...

Кыргыз кызы...
Карап көрчү тарыхты,
Каныкейдей асыл зат,
Курманжандай акыл зат,
Айганыштай сулуу зат,
Айчүрө ктөй улуу зат,
Баары кыргыз кыздары....

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 30 Ноябрь 2009 - 18:59

Вы можете судить о мощи нации по женщине, которая стоит позади мужчины.
Бенджамин Дизраэли
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Jeka   07 Сентябрь 2009 - 08:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Барс, Оюн, күлкү, тамаша - "Акындар айтышы", 43-бет

Жаш акыным Бектурган,
Адам бол сөзгө бек турган.
Күлүктү минип чапкан соң,
Шамалдан коркпо бетке урган.
...

Айтыш деген ушундай,
Же жеңилдиң , же жеңдиң .
Андан көрө ыр ырдап,
Батасын алгын көп элдин.
...

"Айтышта" дайым салт сактап,
Сактык менен ырдайбыз.
Улууларды урматтап,
Кичүүлө рдү сыйлайбыз.
Бирибизди-бирибиз,
Жамандыкка кыйбайбыз.
Башкаларды кемсинтип,
Жалган кадыр жыйбайбыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 07 Сентябрь 2009 - 08:51

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Jeka   07 Сентябрь 2009 - 18:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

USSR, Жүрөк сыры - "Жүрө ктөн чыккан ырлар", 22-бет

Тоо этектеп кулач жайган айылым
Сени эңсеп күчөп турат сагынуум.....
Кыялымда аттап-буттап чыгып барып
Кырда олтурам...бет маңдайы айлымдын...

Көзгө тааныш, ийри-буйру көчөлө р
Жайында чаң...жазында баткак, ылай
Көң жыттанат...нан жыттанат....тааныш жыт
Эстен кеткис эне сүтү жытындай....

Мамыт аке айванында күн тийген
Устачылык кылып жатат сыягы
Амир аке от алдыра албай жаткансыйт
Эскилиги жетип бүткөн "Волгасын" баягы....

Султан аке жонго таштап кетменин
Жөнөдү окшойт сугарганы эгинин
Короосуна суу себип шыпырууда
Жаңыбайдын жаңы келген келини.....

Ооо! Буркан аке атын сылап жалынан
Баккан экен,аргымактын көзү ойноктойт
Бу кызык...кө рсөтпө й бакчу эле
Жакында улак-тартыш болот окшойт....

Тээтигинде там-туң баскан бир бөбөк
Ойноп жүрөт жөжөлө рдү кубалап
Үрпөйү п,сес көргөзү п чаар тоок
Эне эмеспи,жө жөлөрү н кызганат.....

Эхх...айылым. ..
Ааламга кеткен дангыр жол
Ушул сенин босогоңдон башталат....
Ар бир ташың,ар бир чөбүң ...дарагың
Кубат берип....канат байлап шаштырат....

(Кыргыз айылын, анын жашоочуларын абдан элестүү , тирүү сүрөттө гөнү жана поэзияда жаңы стиль тапкандыгы үчүн жактырдым!)

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 07 Сентябрь 2009 - 18:10

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Jeka   08 Сентябрь 2009 - 08:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

arhidey, Шайлоо-2009 - "Курманбек Бакиевке" , 1-бет

...Падышанын кудурети беш нерседе:
1) Ынсаптуу болуу;
2) Душмандан ар убак сезгенип,алдын ала билип туруу;
3) Аалымдар менен ардактуу кишилердин зоболосун зор кылып туруу;
4) Эл журтту жакшы тутуу;
5) Ар бир аймакта жашаган элдердин ал-акыбалынан кабар алып туруу.

...мына ушул создор ... мага да тиешелуу деп ойлойсузбу?

Барс, Шайлоо-2009 - "Курманбек Бакиевке" , 2-бет

... баатырлар ар түрлүү болушат:
1 - "Жылаң ач баатырлар" - алар ойлонбойт. Кылыч кайсы жакка шилтенсе, ошол жакка барып, курман болгончо күрөшө т.Кара күчтүн ээси. Бирок, эмне үчүн салгылашып жатканынна ой жүгүртү п отурбайт.
2 - "Эрлер" - алар ойлонушат, бирок, баары бир салгылаштын маани-маң ызына толук түшүнү шпөйт. Эмне үчүн күрөшү п жатышкандыктарына көздөрү жетет.Салгылаш туурасында маалымат аз болгондуктан, түшүнү к да аз. Жалтанбастар алар.
3 - "Кыраандар" - өз алдынча ой жүгүртө алган, чакан топко акыл үйрөтө тургандар. Эмне үчүн салгылашып жатканын жакшы билишет. Чабуул койгон учурда, чабуулга өтүп, чегине турган учурда чегинүү нү да билет.
4 - "Кол башчылар" - булар баарысын билген инсандар. Кара күч жагынан кыйын болбосо да, акыл жагынан аябай өскөн баатырлар. Амалкөй да, куу да, сүйлөшө билген да (дипломат деп коелучу) азаматтар...

... Жөн эле чыркырай бергенден кандай пайда ..."Дежурлар" ... алар да бир нерсеге акыл жеткен кишилер болот. Баарысы эле сатылды деп ойлоо, бери болгондо атасына акараат айткан менен эле тең!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 08 Сентябрь 2009 - 08:55

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   kom   08 Сентябрь 2009 - 09:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Монолог, kyrgyzshaa? 16-бет

Күз келгенде эле удургуп калам күзгү шамалга окшоп, бир ордумда тура албай, бирде долуланып нөшөрлө гөн, бирде акырын себеленген жамгырга окшоп. Кээде чартылдап калам чагылгандай, кээде тынчып бүркөлгө н күнгө окшоп. Алыстарга учуп кетким келет келгин куштарга кошулуп. Сезидерим тебеленип, жан-дүйнө м кыйраган сайын кайрадан чыйралып, күрөшү үгө даярданып келем. Таш боор болуп баратамбы же жеңилип калганымды мойнума алгым келбей жатабы...билбей калдым...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Kg kyz   09 Сентябрь 2009 - 16:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 15 Июнь 09
  • Соңку аракети: 29 Янв 2015 05:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оsh

МОНОЛОГ. Kirgizshаа. 13-бет

Адаштым...жанылдым. .
.

Бугумду жазайынчы
Буулугуп батпай калдым
Конулсуз бул жашоодо
Эч кимге жакпай калдым
Турмуштун жолдорунда
Чалынып баспай калдым
Саанаага батып журуп
Белгисиз жанга айландым
Айткылачы эмне кылам
Айламды таппай калдым


МОНОЛОГ. Kirgizshаа. 14-бет.

Кызык...монологдун көпчүлү гү эле сүйүү тууралуу жазылыптыр. Жан дүйнөнү н жаңырыгы сүйүү менен гана айтылабы...же жалаң эле сүйүү дөн жабыркагандар жазып калышабы деген ой пайда болду...а мен сүйүү тууралуу ойлонбой койгонума көөө п болуп кетиптир...жек көрүп калгамын ушул сүйүү дегенди, ошол бойдон жашоомо кайрадан кирип келишинен корком...тынч жаткан жан дүйнөмдү жабыркатып кетет деп корком...ансыз да араң турганда санаамды самандай сапырбасын деп корком...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   arhidey   12 Сентябрь 2009 - 10:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Журок сыры. Монолог. Принц. 16-бет.


Бир гана ой дайым мени туп тамырдан жеп келет. Албетте окурманым ал кандай экен деп ойлойттурсуз. Билгиниз келип турабы? Балкиим мындай суроо сизге да бир убакта келсе керек. Ал журокту эзген суроо "эмнеге мен бул дуного жаралдым?" деген болбогон эле кичинекей суроо. Эртенкибиз карангы жанбыз, ашып кетсе бир кылымды ашабыз болбосо жарымына да жетбей сапар тартабыз. Ушул кыска омурдо эмнеге жетише алам? Дуйнону толугу менен тушунуп жете аламбы? Жарытаарлык бир нерсе жасай аламбы, кийин атым жакшы сыпаттарда жанырып туболуктуу жашайт бекенмин, деп эле кыйнала берем. Чындыгында биз бул дуйного эмнеге жаралганбыз? Бири олуп кете берет бири ынаалап жарык жашоого келет. Билинбестен бул жашоодо театр каарманындай турмуштун агыына синип кетет экенбиз? Копторно ушул суроону узатсан "жараткандын сыноосу да" деп гана жооп беришет. Эмнебизди сынайт кандай адамгерчиликтерибизд
иби? Же бейиш менен тозокту толтуруш учун "кандидат" топтойбу? Андай болот экен эмнеге ар бирин торт тарабын тендештирип жаратса эмне болмок? Кээ бир нерселерди бул дуйного жаратып, бирок кайра тыйуу салып койгон. Бул жагын ойлоп отуруп да коркуп кетем, "куноо кылып албайын" деп себеби мен да жараткандан корккон жанмын да. Макул баарын таштап салып маселенин озогуно кайра кайталы. Адам баласы ушундай акылдан тайкы келет экенбиз озубуздун эмнеден келип чыкканыбызды да билбейбз. Дарвиндин айткан адам маймылдан жаралган деген айтымынабы, же дин жолу менен айтканда топурактанбы? Анда эмнеге маймылдар азыр деле адам болуп кетбейт? Эмнеге топурактан адам туруп келбейт? Адамды кайра топурака берет экенбиз го? Кордунбу окурман ушул сынары ойлор мени кыйнап келет, ото кыйнап келет. Албетте сз бул суроолорго жооп биле турган болсонуз бул жеткен анкоо экен го деп ойлойттурсуз.

Келебиз жарыктыка жаш баладай,
Сапарыбыз болсо болоор бир кылымдай.
Эртен эле жалп очкон шам чырактай
Сапар алып ийебиз кайырлашбай.

Жашоо чиркин балдан таттуу, жолу катаал,
Татыктуу жашап отуу абдан татаал.
"Ким элем, эмне болдум" деген кыял.
Болсом экен мен дагы адам сымал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   kom   16 Сентябрь 2009 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Kyrgyzshaa, монолог

Бир газетадан "улуулар менен сулуулар баркын кетирип алышты, биринчиси абийирин сатса, экинчиси денесин сатты" деген саптарды окудум эле. Чындап эле акчага абийирди, намысты, денени...бардык нерсени сата берсе болобу, же руханий баалуулуктар да акча менен бааланып калганбы деген ойго кетет экенсиң.
27 жылда топтолгон руханий байлыгым канча сом болот экен....
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Kg kyz   18 Сентябрь 2009 - 00:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 15 Июнь 09
  • Соңку аракети: 29 Янв 2015 05:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оsh

Vаis. "КЫЗ-ЖИГИТ" "СҮЙҮ ҮДӨН КАЛГАН БИР ЭЛЕС" 3-бет.

мурунку суйуудон эмне калмак эле...
Журогумдогу бир тыртык !!!!
Эмне кылам аны жыртып?
Андан коро журо берсин...
Жан дуйномдун жакасын тытып...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Jeka   24 Сентябрь 2009 - 17:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Prince, Эркин тема - "Бул дүйнөдө эмне кызык?", 1-бет

Кызык кызык не кызык,
Бул дуйнодо жан кызык,
Соодагерге мал кызык,
Сулууларга кал кызык,
Ырчыларга ун кызык.
Баласызга уул кызык.
Жешке нерсе тапбасан,
Эки тиштем нан кызык,
Жалгыз жанга дос кызык,
Суйушконго жар кызык,
...
Ооруп жатсан тошокто,
Дени таза жан кызык,
Ынтымактуу эл кызык,
Саяпкерге куш кызык,
Жылкычыга ат кызык,
Жамакчыга бөз кызык.
Ажоолорго так кызык,
Деги нени сурайсын,
Бул жашоонун өзү кызык.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Сентябрь 2009 - 17:36

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   ona   24 Сентябрь 2009 - 17:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

aruu , Сезимдер дуйносу, Журоктон чыккан ырлар,24 бет

Жаздагы келгин куштай келдин дагы,
Байырлап мекендедин журогумду.
Кайтаарын билсем дагы туногуно,
Калаар деп узбой койдум кудорумду.

Билдирүүнү түзөткөн: ona: 24 Сентябрь 2009 - 17:54

"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Jeka   25 Сентябрь 2009 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

tentek, Оюн-күлкү -тамаша, "Күндө лүк", 46-бет

Бугун менин тагдырым чечиле турган кун. Тентектигимден бир ишке кабылып алып, азыр абдан чайналып жаткан учурум. Баарын унутуп - эч ким жок жерге, сулуу жаратылышка кетип калгым келип жатат. Булбулдун мукам унун, жел менен кошо бийлеп жаткан бактардын, таштан ташка урунуп, адам баласынын жашоодогу образын элестеткен шар аккан суунун унун угуп озумду озуум алдап, кыялымда бактылуу куштай алыстарга учсамбы дейм. "Турмушун эшек араба, туулдун калдын балаага" деген соз бекер эмес корунот. Оюма ар кайсы ойлор келет, бирок жакындарымды ойлосом - аларды аяйм. Кочодогу бомждарды коруп булардын деле куну отуп жатат ко, менин башымдагы кыйынчылык кундор деле отот деп ишенем. Балким алдыда кандай бактылуу кундор кутуп жатканын бир гана Аллах билет. Отконду билбегендин келечеги жок дейт. Адам баласы ушул кыйынчылык кундорун да унутпай, намыстанып жашайт. Жашоо, менимче, бир оюндай сезилет. Оюндун эрежелерин алдын ала билип алсан - ал кызыксыз болуп калат эмеспи. Жашоодо да ойдо ылдыйлар болбосо, адам байлардын балдарындай бузулуп, наркотикке берилип, же адам олтуруп жаман иштерге берилип кетет болуш керек. Ошондуктан бул дуйно сыноо, Аллах бирибизге байлыкты берип, бирибизге кетменин берип бул дуйнодо оз ордуларыбызды таап берген. Ар бир эле адамдын башында туйшук бар. Бул кат - менин жеке турмушумдагы арман эмес, бул кат менен мен учурда кыйналып жургон адамдарга кайрылуу жасагым келди. Анткени, алар абдан алсыз болуп жатышат: бири ичкиликке берилсе, бири - талап тоноочулукка, дагы бири - оз жанын кечип, жарык дуйно менен коштошкондор аз эмес. Келгиле, баарыбыз чыдамдуу бололу...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Сентябрь 2009 - 18:16

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: