- (9 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Сизге ким тарбия берди?
#1 29 Апрель 2013 - 13:06
Бир туугандардын улуусу болгондуктан, мектепке чейинки куракта ата-энемдин менин тарбияма кошкон салымын жокко чыгарам. Анткени экөө тең иштечү, анан да мен убактымдын көбүн бала бакчада өткөзчүмүн.
Окуучулук куракта, тарбиядагы ролдун башчысы көбүрөөк биринчи мугалимде болду. Себеби, атам керели кеч жумушта болчу, иштен келгенден кийин дароо кабинетине кирип кетчү да, түн оокумга чейин бүтпөй калган иштерин улантчу. Тамак убагында гана сабактарымды сурабаса, тарбия сааты ошону менен аяктачу. Апам кичүүлөрдөн колу бошочу эмес.
Каникулда тайне-таята, чоң энеме барчумун. Таятам чоң китепканасы, андагы атайын мен үчүн тандап койгон китептери менен тарбиялады. Тайнем санжыра, адабияттар, айрыкча тарыхый инсандардын таржымалы менен тарбиялаганга аракет жасады, чоң энем болсо, ырымчыл болчу, андыктан каада-салт, жөө жомоктор менен тарбияма салым кошкон.
Эми, суроого келсек, силерде кандай болду? Кимдин үлүшү чоң? Жана учурда балаңар болсо, аларга жетиштүү убакыт бөлөсүңөрбү, тарбия иштерин кандай нукта жүргүзөсүңөр?
Жеңиш - менин тагдырым.
#2 29 Апрель 2013 - 13:44
кто лучше нас, им просто не до нас.
#3 29 Апрель 2013 - 13:52
Arstan (29 Апрель 2013 - 13:44) жазган:
Акыркы сүйлөм көңүл жылытты!
Мен тескерисинче, атамдын, же апамдын жанына отургузуп алып, кайсы бир тема тууралуу узун-узун сүйлөгөнүн эстей албайм. Кичинемде дегеним. Анткени жеке сапаттар, же мүнөз (кыскасы, личность) өспүрүм курагы токтогондо түзүлүп калат дешет го.
Жеңиш - менин тагдырым.
#4 29 Апрель 2013 - 13:54
#5 29 Апрель 2013 - 14:02
#6 29 Апрель 2013 - 14:11
adalsvards (29 Апрель 2013 - 10:52) жазган:
Мен тескерисинче, атамдын, же апамдын жанына отургузуп алып, кайсы бир тема тууралуу узун-узун сүйлөгөнүн эстей албайм. Кичинемде дегеним. Анткени жеке сапаттар, же мүнөз (кыскасы, личность) өспүрүм курагы токтогондо түзүлүп калат дешет го.
Апам бир нерселерди жасап иш кылып журуп эле бизге коп убактысын боло албай калса керек деп ойлой берем,себеби биз уй-булоодо копчулукпуз да,ар бирибизге жетишпесе керек. Ал эми атам отургузуп алып же болбосо чогуу тамактанып жатканда ар дайым андай кылгыла,мындай болгула деп айтып турчу,бирок ушул айтып деп турганы деле жакшы экен,кулакка куюлуп,эсте калат экен.
Атам абдан ырым-жырымды катуу колдонот,шамда уктаба,кечинде тырмак алба,кулго ойнобо ушуга окшогондорду коп айтчу,же тамакка отурганда озундон чон адамдан мурда тамакка кол сунба,улуулар менен эки колдоп учураш,улуу адам келгенде ордундан тур айта берсен коп экен,мунун баары ото жакшы тарбия экен. Ата-энеме омур бою ыраазымын,ушундай тарбия берип чонойтуп коюшту. Эн жакшы тарбиялардын бири,ата-энем экоо эч качан биздин козубузчо урушушпайт, азыр алтымышка чыгып калса да апамды эркелетип турат,ушул да балага эн жакшы тарбия болот экен,менда ушулардай болуп урушпай жашайм деп ата-энелерибизден улгу алып жашайт экенбиз да.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#7 29 Апрель 2013 - 14:14
Азыр болсо акырын уйротуп окуткум келет, бирок убактымдын тардыгына кейип кетем, кызыктырып тамгаларды окутумуш этем, атасы окутат кобунчо, буйруса инеттен суротторду кочурдум барактан жасаганды уйротуп кызыктыргым келип жатат. Ошол негизи ата-эненин жаманы болбойт го , бирок озуно кылбаганды балана кылгын келет экен озун жетпегенди, ошого жараша да убакыт бурулбай калат экен, дагы жакшы чон апалары бар жакшыы нерселерди уйротконго, нервибиз чыдабай какыс кукус башталганда аркасына бекитип алган

Билдирүүнү түзөткөн: miniusha: 29 Апрель 2013 - 14:18
#8 29 Апрель 2013 - 14:17
Arstan (29 Апрель 2013 - 14:11) жазган:
Эстеп кеттим, менин бир аяш атам аяш энемди "махабатым" деп чакырат да...))
Балким, ата-энелердин тарбиясы алардын өз жүрүм-турумунда сакталган чыгар. Барып-барып биз деле аларды туурап калаттырбыз. ..)))
Жеңиш - менин тагдырым.
#9 29 Апрель 2013 - 15:39

Ал эми мен коомго болгон коз караш, журум турум, кыскасы, прозаикалык нерселерден башкасын китептен алдым окшойт. Ата- эне, таята-таэне, туугандардан болок, тарбияны китептен алдым десем жанылышпайм.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#11 29 Апрель 2013 - 16:19
#12 29 Апрель 2013 - 17:10
Кийин убакыт отуп оз атам оз уйумо алып келе берген. Жашоо, турмушка байланыштуу тайене-тайатамдын колунда осконмун. Он жашка толгонумда оз ата-энемден тарбия ала баштадым. Алардын тарбиясы такыр болокчо, алар оздору намаз окууга, динге кызыкпагандыктан. Мени такыр ыймандан алыстатып салышты. Тайатамдын колунда арап тилин уйронуп бутуп калган элем. Оз уйумо келгенден кийин ата-энем орусча уйротуп, орусча тарбия беришти. Бирок мен наразы эмесмин. Анткени ал дагы керек да. Атам катуу кармайт болчу. Уйдун эн кичуусу болгондуктан атамдын эрке кызы элем. Ошого байланыштуубу такыр мени урушпайт эле жон гана эркелетип отуруп терен тушдурчу. Бара-бара улгайган сайын атам мени дагы катуу кармап, катуу тарбиялаган. Эжемдерге акыл айтып, катуу урушуп тарбиялаган улам эле менда атамдан коркуп эле айткан созунон, чызган чызыгынан чыкпай тарбия алып бой жеттим.
А апамдан, эжелеримден дагы чон тарбия алдым десем жанылышпай. Эн негизгиси жашоо, турмуш эле адамды мыкты тарбиялап коёт экен. Жашоо, турмуш турдуу болгондуктан эки тараптан мектепти кошуп уч тараптан тарбия алдым. Бой жеткен сон ыйман журогумо терен орноп тайатам рамалинин тарбиясынан улам ыйманга жакындап ыйман жолуна тушуп алдым. Мени ушул даражага жеткирген адам болушума чон салым кошуп, мыкты тарбиялаган бардык жакындарыма чон рахмат айтамын. А чон энемди коргон эмесмин мен тороло элек отуп кеткен. Чон атамды коргонмун бирок чон атамдан тарбия алуу насип этпептир.
Билдирүүнү түзөткөн: AtankulovaB: 29 Апрель 2013 - 17:14
#13 29 Апрель 2013 - 17:28
Билдирүүнү түзөткөн: Miraida93: 29 Апрель 2013 - 17:39
#14 29 Апрель 2013 - 17:44
Ал эми балалуу болсом аларга кандай тарбия беруум тууралуу ойлонуп жургон чагым. Текшеруудон откон ата-энемдин методунбу же китептерден окуган теорияларды практикалоого аракет кыламбы билбей турам.
#15 29 Апрель 2013 - 19:07
adalsvards (29 Апрель 2013 - 11:17) жазган:
Атам,апамды попо деп эркелетет... .неге ушинтип эркелеткенин азыркыга чейин тушунбойм... .апамдын атына деле уйкаш эмес...)))
Дагы кызыктуу моментти эстеп кеттим.....апам, атамдын атын эч айтпайт да.....мектепте окуп жургондо айттыра албайле убара боло берчубуз....атамдын, чон атамдын,чон энемдин негизи атамдын туугандарынын аттарын такыр айтпайт,анан ар кандай суроо берет элек. Апа,кочодо бироо кимдин аялысын десе не деп жооп бересиз деп кыйнап сурай берет элек....)))
кто лучше нас, им просто не до нас.
#16 29 Апрель 2013 - 21:12
Miraida93 (29 Апрель 2013 - 17:28) жазган:
Кандайдыр бир деңгээлде окшоштук бар экен, бизде деле ошондой мыйзам!
Менин эсимде калганы "тамакты аягына чейин ич, класстын биринчиси бол" деген сыяктуу гана сөздөр болчу, мектептен үйгө, үйдөн мектепке, кийин бул көрүнүш ЖОЖдон үйгө, азыр иштен туура үйгө дегендей...))) Бир гана "муну жаса, аны кыл" деген гана буйруктар... )))
А таятамдын тарбиялоо принциптери таптакыр башкача болчу, жаман-жакшы жөнүндө көп нерселерди айтып берер эле, турмуштук сабактарынан, китептерден, ар кимден укканынан дегендей...
Жеңиш - менин тагдырым.
#17 29 Апрель 2013 - 21:15
Arstan (29 Апрель 2013 - 19:07) жазган:
Дагы кызыктуу моментти эстеп кеттим.....апам, атамдын атын эч айтпайт да.....мектепте окуп жургондо айттыра албайле убара боло берчубуз....атамдын, чон атамдын,чон энемдин негизи атамдын туугандарынын аттарын такыр айтпайт,анан ар кандай суроо берет элек. Апа,кочодо бироо кимдин аялысын десе не деп жооп бересиз деп кыйнап сурай берет элек....)))
Демек, сиздерде көбүрөөк сый-урмат менен тарбия жүрөт окшойт. Суктандым!
Меникилер классташ болгондуктан, ортосундагы мамиле теңтуш бойдон сакталган. Ошондуктан, бизде демократия!..)))
Жеңиш - менин тагдырым.
#18 29 Апрель 2013 - 21:40
Билдирүүнү түзөткөн: Strateg: 29 Апрель 2013 - 21:41
#19 29 Апрель 2013 - 21:41
#20 30 Апрель 2013 - 15:55
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
- (9 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »