Тишиңер оорубасынчы!
Мен бир паста сатып алдым лечебный оорубай калды шүгүрчүлүк.
Негизи бардык тиштерими экаменден өткөргөн элем 3ай алдын.
Баары таза жакшы деген.
Бир тишим жок эле тээ илгери түбүнөн алдырып салган элем. Ошонун ордуна керамика койдурдум.
Тиштериңдин эмалы жукарып калыптыр лечения кыл десе болмок!
Тиш оору Эгерде тун ичинде ооруса.
#122 26 Март 2015 - 22:26
мен да тиштин азабын тарьып жатам.тишими тазалатсам шишип кетти 4 кундон бери стомго барам.шишик зыян келтирбейби айтып койгулачы.
#123 26 Март 2015 - 22:42
мен да тиштин азабын тарьып жатам.тишими тазалатсам шишип кетти 4 кундон бери стомго барам.шишик зыян келтирбейби айтып койгулачы.
Шишиктин аягы ошол шишиктин жанындагы тишти алдыруу менен бутот(((эгер дарылабаса
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#124 30 Март 2015 - 09:31
Тишинер ооруса туз эле стомго кайрылгыла!
!! Он жолу ошол. Тиштин канаганы С витамини жетишсиздигинен,
1 жума дарылоо болот, уколдон бери аласын.
#125 30 Март 2015 - 18:15
Тиштин азабын кичинемден эле тартып келем, стомго каттай берип, ошол больницадагы врачтардын баарын таанып буттум окшойт)))))
#126 05 Июнь 2015 - 17:50
менин да тиштеримдин баары саргайып кеткен тим еле сигарет таркан адамдай бирок сигарет тартпасам емнеге анчалык саргаят емне кылсам болот агарыш учун мандай тиштеримда вообще саргайып кеткен кулгонгода уялам
#127 06 Июнь 2015 - 00:34
Эхх,тиш ооруп,аларды жулдурган боюнча мен рекорд койсом керек.Охх,тункусун ооруганычы,
андайда тан да атпай калат.
#128 07 Июнь 2015 - 00:11
менин да тиштеримдин баары саргайып кеткен тим еле сигарет таркан адамдай бирок сигарет тартпасам емнеге анчалык саргаят емне кылсам болот агарыш учун мандай тиштеримда вообще саргайып кеткен кулгонгода уялам
Эмвейдин казан агарта турган порошогу бар имиш))))бир болсо ошол агартат
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#129 08 Июнь 2015 - 09:43
men tiwimdi aldyrdym ele da owol aldyrgan tiwimdin janyndagy tiwter owo aldyrgan tiwimdin ustunku tiwi da ooruup jatat jardamga suranych
#130 10 Июнь 2015 - 01:13
Жагымдуу жылмаюуну акактай таза жана бүтүн тиштер ого бетер көркүнө чыгараары бышык. Муну менен катар эле ден соолуктун да негизин түзөт. Ошондуктан ар дайым тиштериңизге туура кам көргөндү билиңиз. Ар бир 6 айда тиш доктурга кайрылып, тиштердин абалын аныктап туруңуз. Кандайдыр бир оорунун белгилери байкалса, анда дароо дарыгерге кайрылып өз учурунда дарылатуу керек. Кээде тиш кыйшык чыгат. Мындай учурда дагы дарыгерге кайрылыңыз.
Канчалык эрте кайрылсаңыз,
ошончолук тез жана жакшы жыйынтыкка жетесиз. тамакты тиштөө жана майдалоо кызматын аткарат. Тиштер сүйлөөгө да катышат. Кишинин алдыңкы жана үстүңкү жаагында 16дан тиш (4 кашка, 2 кылкыйма, 4 азуу, 6 акыл азуу) жайгашкан. Сүт тиштердин формасы туруктуу тиштерге эле окшойт, бирок алар кичине, тамыры (түбү) кыска болот. Ар бир жаакта 10дон тиш (4 кашка, 2 кылкыйма, 4 азуу) болуп, кичине азуулар болбойт. бдан 14кө чейинки балдарда сүт тиш жана туруктуу тиштер болот. Сүт тиштер 13 -14 жашка чейин акырындап туруктуу тиштер менен алмашат. Мында азуу сүт тиш туруктуу кичине азуу менен алмашат. Ал эми туруктуу чоң азуулардан мурда сүт азуу тиш болбойт.
Туура тамактаныңыз
Жеп жаткан тамагыңызды канчалык майдалап чайнап жутсаңыз, организм ошончолук тез жана кубаттуу азыктанат. Тишке кам көрүүнү алгачкы сүт тиш чыккан күндөн тарта башташ абдан маанилүү. Ал үчүн атайын бармакка кийилүүчү щётканы пайдаланыңыз. Аны бармакка кийип наристеңиздин тишин кылдаттык менен сүртөсүз. Азырынча атайын тиш жуугуч каражаттардын кереги жок, жөн гана таза, жылуу суу менен жууп коюу жетиштүү.
Туура тазалоо
Баланын бардык тиштери чыгып бүткөн соң атайын щётканы жана пасталарды пайдаланууну баштаса болот. Тиш тазалоонун атайын эрежелери бар. Щётка менен үстүнкү тиштердин ичи-сыртын ылдый карай, астыңкы тиштердин ичин жана сырткы бетин өйдө көздөй тазалоо шартка ылайык. Ал эми азуулардын үстүн артка-алдыга айланта сүртүңүз. Бир күндө эки ирет, эртең менен тамакка чейин, кечинде тамактан кийин сөзсүз тиш тазалоону адатка айлантып алыңыз. Тишти 5-7 мүнөт тазалоо талапка ылайык.
Щёткалар
Тиш щёткаларын өтө чебердик менен тандап алышыңыз кажет. Ал түрүнө карата жумшак, орточо, катуу, жана өтө катуу деп төрт топко бөлүнөт. Ыңгайлуусу орточо катуулуктагы щётка, өтө катуу түрү бара-бара тиштин эмалын кырып салуу коркунучу бар. Мындан сырткары, электр щёткалары да кеңири пайдаланылып келет. Алар тиштин үстүн ылдам сүрткөндүгү менен өзгөчөлөнөт. Бирок, бүйлөнүн сезгенүүсү же токко урунуп калуу сыяктуу коркунучту да туудурбай койбойт. Эгер туура колдонсо, электр тиш щёткалары жакшы жыйынтык берет. Кандай гана щётка болбосун, үч айда бир жолу алмаштырып туруңуз.
Тиш жуугуч пасталар
Тиш пастасын тандоодо жаш куракка жана курамын эске алуу абзел. 6 жашка чейинки балдарга атайын балдар үчүн пасталарды колдонуу туура болот. Ал эми чоңдор фтор, кальций кошулгандарды пайдаланса жакшы. Курамында ромашка, шалфей бар болгон паста да пайдалуу. Негизи, сапаттуу пасталарды алууга аракет жасап, базарлардан эмес, дарыканалардан алган жакшы.
Ооз чайкагыч эликсирлер
Тиш эликсирлери тазалоодон кийин колдонулат. Анын курамына ооздун айланасындагы жабыркап калган кичинекей жаракаттарды айыктыруучу, бактериялардын көбөйүп кетишин азайтуучу, курттардын түшүшүн чакыруучу бактерияларды жок кылуучу өзгөчөлүккө ээ болгон дарылык касиети бар чөптөр кирет.
Тиш чукугуч
Тишке тыгылып калган калдыкты алып чыгуу үчүн тиш чукугуч пайдаланылат. Бирок чукуганда бүйлө сезгенет да, акырындык менен ал жогору жылып, тиштердин ортосу ачылышы мүмкүн. Анын ордуна тиш тазалоочу жиптерди колдонгон жакшы. Жип эки тиштин ортосундагы калдыктарды жакшы тазалайт.
Тишке курт түшүү
Тишке курт түшүү же кариес гигиенанын туура сакталбаганынан улам келип чыгат. Тамактын калдыктары калган жерде микроорганизмдер пайда болот. Алар тамактын калдыктарын жеп, иштетип, анан кайра кислота кылып бөлүп чыгарышат да кислота тиштин эмалынын талкаланышына алып келет. Мындай учурда курт түшкөн тиштерди пломбалоо жолу менен дарылоого туура келет. Учурда тиш доктурлар заманбап фотопломбалоону сунушташат. Бул мурда колдонулуп келген цементке караганда жакшы натыйжа берет. Убакыттын өтүшү менен салынган цемент кичирейип, түсүн өзгөртүп жиберет. Ал эми фотопломбада мындай маселе жаралбайт жана аз кычкылданып бүйлөнү сезгентпейт.
Тазалоо
Тиштериңизге туура эмес кам көрүүдөн улам анын түбүнө майда, таш сымал катуу катмар пайда болот. Ал бүйлөнүн жана эмалдын жабыркашына шарт түзөт. Бүйлө сырттан таасир болмоюнча өз алдынча эч качан канабайт, ириңдебейт. Эгер ооруксунуп, жаман жыт чыгып жаткан болсо, анда тишти тазалатууга туура келет. Тазалатуу – тишти түбүнө жабышкан катуу заттан арылуу. Анын эмалга зыяны тийбейт.
Агартуу
Тиштерде сары сызыкча же тиш толугу менен саргыч түстө болот. Бул флюороз деген оору. Ал организмде фтор затынын көбөйүшүнөн улам пайда болот. Анын кесепетинен тиштин эмалы түсүн өзгөртөт. Фтордун көбөйүшүнө аба, ичкен суу, жеген тамак-аш жана башкалар таасир берет. Тишти агартуу үчүн эмалдын бир катмарын кырып салууга туура келет. Ошондой эле тамике тарткандардын тиши да саргарып кетет.
Озул (стамотит)
Озул- ооздун былжыр челинин сезгениши. Ал өз алдынча оору же айрым оорулардын кызылча, скарлатина, грипп, кандидоздун белгиси катары пайда болот. Озулдун пайда болушуна ички органдардын, нерв системасынын өнөкөт оорулары, зат алмашуунун, ички секреция бездеринин иштешинин бузулушу, тамак-ашта витаминдердин жетишсиздиги түрткү берет. Ошондой эле тамеки тартуу, спирт ичкилик ичүү, өтө ысык же муздак, өтө кычкыл жана туздуу дарылардан да болот. Мында ооздун ички былжыр чели кызарып, ооруйт, жаак алдындагы бездери чоңоюп, шилекей көп бөлүнөт. Көпчүлүк учурда жараланып, боз кебер менен капталат. Балдарда көп жолугат. Дене ысып, чыйрыгат, чиринди жыттанат, жалпы абал начарлап, тамак иче албайт. Кээде жаралар көп пайда болуп, дене ысып, тамак ичкенде, сүйлөгөндө катуу ооруйт. 3 жашка чейинки балдарда катуу кармайт. Өнөкөт түрү ичеги-карын жолунун жана боордун ооруларына байланыштуу болот. Алдыңкы эриндеги; 2- жумшак таңдайдагы жараланган стоматит.
Айрым дары-дармек, айрыкча антибиотиктерди, сульфаниламид дарыларын көп ичкен учурда да озул пайда болот. Ал көбүнчө улгайгандарда, катуу ооруп алсызданган кишилерде, ара төрөлгөндөрдө көп жолугат. Көп учурда учтуу, миздүү заттар, бузулган тиш, жасалма тиш менен тилди же бүйлөнү жабыркатуудан травмалык озул өөрчүйт.
Бүйлөнүн жабыркашы гингивит деп аталат. Бүйлөнүн сезгенишине тишке таштын чогулушу, туура эмес салынган пломба, жасалма тиш, өтө катуу тиш жуугуч щётка менен тыттырып алуу жана башкалар себеп болот. Ал пародонтоздо, кем ээк же орсок тиште, витамин жетишсиздигинде байкалат. Сезгенүү 2-3 тиштин түбүнө же бүт бүйлөгө тарайт. Бүйлө шишимик тартып ооруйт, тиштин арасы канайт. Организм начарлаганда жакында айыкпай, жараланат, кичине эле тийсе канап, ооз жаман жыттанат. Мындай гингивит көбүнчө тамак-ашта С витамини жетишпегенде болот.
Орсок жана ууру тиштер эмнеден пайда болот?
Айрыкча жаш балдардын тишин ар дайым тиш доктурга көрсөтүп туруу керек. Орсок, ууру, тиштер жаак сөөктөрүнүн туура эмес өсүшүнөн келип чыгат. Кыйшык тиштердин да түрү бар. Бала төрөлгөндөн баштап эле кыйшык тиш же болбосо туура эмес тиш катнаштарынын эң биринчи себептери баланы тамактандыргандан эле башталат. Бала колдонгон упчу жумшак болушу зарыл. Упчунун оозу бир чоң тешик болсо бала какап-чакап эч кандай соруу рефлексин өнүктүрбөй, мимикалык булчуңдары да өөрчүбөй калат. Алар даяр тамакты жутканга гана көнүшөт. Эненин эмчегинин үрпү кандай болсо упчунун оозун да ошондой жасап тамактандырыш керек. Мындан сырткары, кээ бир балдар уктап жатканда оозун ачып укташат. Себеби, алардын мурундары жакшы дем албайт. Оозу ачылып уктаган убакта жаак сөөгүнүн баары ачылып, тил таңдайга жабышпай, жаак сөөктөрдү куушуруп тиштердин өсүшү начарлайт.
Дагы башка ыкмалар…
Тиштеринизди күн алыс лимондун кабыгы менен сүртүп турсаңыз болот. Агартуучу касиетке ээ. Мындан сырткары, тамак-аш содасы. Жумшак кездемеге же марлиге сода сээп алыңыз же сууланган тиш щётканы соодага малып алып, аны менен тишиңизди тазалаңыз. Агартылган таасирди дароо байкайсыз. Бирок, бул ыкма айына эки жолу колдонулушу керек, себеби тактарды тазалап жатканда жука жана назик эмалды да тактар менен кошо тазалап, көйгөй жаратышы мүмкүн. Тиштин өңү агарганы менен эмалдар бузулуп, тиштердин кийинки абалы кыйын болот.
Кулпунай дагы тишти агартууга көмөкчү боло алат. Мындан сырткары айына эки жолу деңиз тузу менен оозду чайкап туруу ар кандай бактериялардын келип чыгышына бөгөт коет жана тиштерди бекемдейт. Бир стакан жылуу сууга бир чымчым деңиз тузун салып ээригенче аралаштырып, андан кийин оозго бир мүнөттөй кармап турасыз.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#133 04 Март 2016 - 09:21
Men da tiw oorunun azabyn tartyp jatam 1juma murun juldurdum ele oorup tamyr tiwim bol4u owo azyr 4ukugan tiwim oruutup jatat iwip.Juldurgandan kiyin kalyp ketkem okwoit deep barsaam jaak sook dep koidu katyk tiwke okwow bolobu?silerdeda owondoi bolgonbu?bilgender bolso jazyp koigulaa4y?Kyjalaat boltam.
#134 22 Март 2016 - 01:27
Иий тишим ооруп эч нерсе жакпай жатам.Суук шамалда мээме чыгып атат.Уффффф
#135 02 Апрель 2016 - 00:16
Аябай эле тишим ооруп.меем ыргып эле чыгып кетчуудой болтат.кимге айтсам экен.ким куйот эми мага.
[ quote][/quote]
#136 01 Май 2016 - 16:04
Торогондон кийин торот уйунон чыга электе эки азуум жарым жарымдан сынып калды азыр кулсомда тишим ушуп кетет
#137 07 Май 2016 - 18:35
Админ ,2,5жаштагы баламдын тиштери сынып кичирейип жатат эмне кылуу керек .кенеш алып бересиздерби.
#139 25 Июнь 2016 - 22:20
Тиш ооруган азап экен! Бекеринен айтпайт да "катуудан тиш ооруган жаман" деп. Жаным козумо корунуп кетти го.
♔ Aytku(love)a ♔
#140 19 Июль 2016 - 21:58
достор азуу тиш чыгып атат мага чыгып атканына 5 6ай болуп кетти дареги жок дагы деле эми каттуу ооруп атат алдыртып эле койгонум жакшыбы?

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия