1. Маданий интеллигенция (акын-жазуучулар, сүрөтчү лөр, маданият жана искусство инсандары);
2. Илимий интеллигенция (илимий чыгармачылык менен эмгектенген инсандар);
3. Коомдук интеллигенция (коомдук жашоонун бардык түрүндө эмгектенгендер);
4. Саясий интеллигенция (саясатты тандап алгандар) ж.б.
Анда суроолор төмөндө гүчө:
1. Ошол интеллигенциялардын ичинен бизде кайсынысы калыптанды?
2. Мамлекет интеллигенцияга кандай камкордук кылып жатат?
3. Интеллигенция кимдин же кайсы өлкөнү н кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат?
4. Келечекте интеллигенция Кыргызстан үчүн эмнелерди кылуусу мүмкүн?
Андан кийинки суроолор стандарттуу эмес. Анда эмесе, мындай:
1. Биз интеллигенция деп ойлоп жүргөн кыргыз интеллигенциясы кыргыз элинде ажырымдардан улам пайда болгон «киргиздерби»? Жана алар чындап эле кыргыз интеллигенциясы боло алабы?
2. Нагыз кыргыз интеллигенциясы калыптандыбы? Калыптанса, алар кимдер?
3. Же Кыргызстанда башка улуттун өкүлдө рү кыргыздарга караганда көбүрө өк интеллигентпи?
4. Мамлекет кыргыз интеллигенциясын өнүктү рүү максатында атайын иш-чара алып барабы? Мамлекет кыргыз интеллигенциясынан эмнелерди күтөт?
5. Бул суроону өзүм дагы жакшы түшүнбө йм. Мамлекет интеллигенциянын өкүлдө рүн өстүрбө й жатат окшойт. Мунун себептерин байкаса болобу?
6. Коомдо байлык жана бийлик болсо, ал жерде саясий күч бардык нерсени аткарууга күчү жетет. Ошондуктан, биздин азыркы саясий интеллигенциянын деңгээли кандай? Алар башка чөйрөлө рдү көтөрү п жатабы же коомдук өнүгү үлөргө күчү жетпей жатабы? Же таптакыр эле коомдук өнүгү үлөрдү ооздуктап жатабы?
Жоопторуң уздар үчүн алдын-ала ыраазычылыктарымды билдирем.
Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 06 Январь 2010 - 15:05