Цитата
LIFE @ 6.1.2010, 19:06
Jeka байке! Сизди дайыма сыйлаганым үчүн, катуу тийише берем да. Эми, стандарттуу эмес бир суроо:
1. Сиз азыркы мударистердин арасында интеллигенция көп деп ойлойсузбу?
2. Деги эле мударистик кесиптин баалуулуктары жана анын азыркы учурда коомдогу орду кандай?
3. Кандай кылганда мударистик чындап эле бир интеллигенциянын чыныгы жүзү боло алат?
Жоопторун чыдамсыздык менен күтөм.

Интеллигенция деген терминди "...коомдук окуялар боюнча өзүнү н калыптанган көз карашы, такшалган тажрыйбасы бар илим-билимдү ү, маданияттуу, адамгерчиликтү ү, жаңычыл, демилгечил инсандардын тобун айтабыз" деп чечмелеп, ал эми «Мударис» деген сөз «дарс» сөзү менен байланыштуу экенин өзүң айттың эле. Ушул өңү ттөн алып караганда азыркы мударистердин арасында интеллигенция көп деп айта албайм. Анткени, азыркы мударистердин көпчүлү гүнүн, мен байкаганы, коомдук окуялар боюнча өзүнү н калыптанган көз карашы жок, бийлик эмне десе "хоп" дегендер. Ошондой эле "жаңычыл, демилгечил" инсандар да аз.
Мударистик кесиптин баалуулуктары адилеттик, жогорку кесиптик деңгээлге умтулгандык, б.а. сөздүн толук маанисинде интеллигенциянын өкүлү болууга умтулгандык деп билем. Мударистердин азыркы учурдагы коомдогу орду көңү л жылытаарлык эмес. Буга, бир жагынан, коом жакшы көңү л бурбай жаткандыгы себеп болсо, экинчи жагынан, мударистер өздөрү коомго көңү л бураарлык идеяларды бербей жаткандыгы себеп деп ойлойм.
Чынын айтканда, мударистер интеллигенциянын алдыңкы катардагы өкүлдө рү болушу керек эле. Ал үчүн алар ыкшоолукту таштап, жаңы демилгелер менен коомдо өз жүзүн көрсөтү п турууга тиийш.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 11 Январь 2010 - 11:01