Урматтуу форумчулар баарыбыз эле"Оловонун"
даамдап корсо керек деп ойлойм.Ошентсе да даярдалышын жаза кетейин.
Даярдалышы: Малдын өпкөсүн бычак тийгизбей таза сактап союп алуу керек. Өпкөнү жүрөгү менен чыгаргандан кийин муздак сууга сала турат. Андан кийин өпкөгө батышынча жылуу суу куюп, өпкө агарганча чайкайт. Суу менен тазалаган соң, өпкөнүн ичине сары май салып, тузу өткүл татыган жылуу сүттү куя баштайт. Сүттү ар бир өпкөгө батышынча куюу зарыл. Өпкө сүткө толгондо бир да жеринде темгили калбай, агарып калат. Сүт төгүлүп кетпес үчүн өпкөнүн оозуна эттен салып, эки-үч жеринен жип менен катуу байлап коет. Даяр болгон өпкөнү казанга салып, 45-60 мүнөт жай кайнатабыз. Жана дагы ушул эле өпкөнү ар кандай кылып ак куу жасоого да болот.

Soonun tamak men da jep korgom mm jegim kelip ketti .

Супер-Инфо
super.kg
видео