Суперстан: Салаттын түрлөрү! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Ашкана сырлары
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Салаттын түрлөрү! Издегенге оңоюраак болушу учун,салатыныздын турун бул жакка жазыныз

#141 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 17:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

"Күйөө бала үчүн" салаты
Сүрөт
Бул өзгөчө аталыштагы салатты күйөө баласын конокко чакырган кайын энелер көп жасашат экен. Абдан даамдуу салат.

Керектелүүчү азыктар:

Уй эти (сууга бышырылган)- 150 грамм

Козу карын (консерваланган)- 1 банка

Жумуртка (сууга бышырылган)- 6 даана

Сабиз (чийки)- 1 даана

Грех жаңгагы (майдаланган)- 1 чай кашык

Зайтун майы- 50мл

Лимон ширеси- 2 аш кашык

Сыр (катуу)- 30 грамм

Салат жалбырагы- 1 боо

Туз, кургак калемпир- татымына жараша

Сүрөт

Даярдоо ыкмасы:

Эт, козу карын жана жумуртка тилкесинен узун жана ичке тууралат.

Сабизди чийки бойдон узунунан сүргүчтөн өткөрөсүз.

Сүрөт Сүрөт

Жумуртканын сарысына туз, калемпир, зайтун майын жана лимон ширесин кошуп миксерден өткөрөсүз.

Сүрөт

Бул чыкка (соуска) керек.

Даяр болуп тууралган азыктарга салат жалбырагын кол менен үзүп саласыз жана ага соусту кошуп аралаштырасыз. Эң үстүнө сүргүчтөн сырды өткөрүп коёсуз. Калганын өзүңүздүн фантазияңыз менен кооздоп аласыз.

Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 18:04

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кызылча жана деңиз капустасынан жасалган салат
Сүрөт
Керектелүүчү азыктар:

Кызылча- 500 грамм

Картошка- 300 грамм

Пияз- 130 грамм

Сабиз- 2 даана

Деңиз капустасы- 300 грамм

Майонез- 7 аш кашык

Деңиз тузу- даамына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Кызылча, картошка, сабизди сууга бышырып алуу керек. Муздаган соң кабыган тазалайсыз.

Сүрөт

Андан кийин кызылчаны сүргүчтөн өткөрүңүз.

Сүрөт

Пиязды туурап, ага бир аз ашкана уксусун кошуп, жарым саатка тыныктырып коюңуз.

Сүрөт

Картошка сүргүчтөн өткөрүлүп туз себилиши керек. Сабиз да сүргүчтөн өткөрүлөт.

Сүрөт

Эми түбү чуңкур идишке желим баштык салып, ага даяр болгон азыктарды ирети менен сала баштайсыз. Ар бир кабатын салган соң, майонез сүйкөйсүз.

Биринчи кабат- кызылчанын жарымы

Сүрөт

Сабиз салынат

Сүрөт

Деңиз капустасы

Сүрөт

Картошка

Сүрөт

.Эң акырында кызылчанын калган жарымын саласыз

Сүрөт

Табитиңизге жараша кооздоп аласыз.

Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 18:08

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


"Кежир мырза" салаты


Керектелүүчү азыктар:


Уй эти- 200 грамм

Пияз- 1 даана

Жумуртка (сууга бышырылган)- 3 даана

Сыр (катуу)- 100 грамм

Майонез

Лимон ширеси- 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

Алгач, этти сууга жумшак кылып бышырып аласыз. Ал үчүн кайнаган соң көбүгүн алып, туз салып, отту кичирейтип 1 саатка чейин бышырсаңыз болот.

Жумуртканы да сууга бышырасыз. Кайнагандан кийин отту азайтып 7 мүнөт коюп коёсуз.

Пиязды жарым шакекче формасында туурап аласыз. Аны кайнак сууга салып, кайра сүзгүч менен сүзүп аласыз.

Лимон ширесине бир чымчым кум шекер салып бир стакан сууга аралаштырасыз.

Пиязды идишке салып, майонезди сүрөттөгүдөй кылып сүйкөйсүз.

Сүрөт Сүрөт

Этти анча чоң эмес формада туурап, пияздын үстүнө салып, майонез сүйкөйсүз.

Сүрөт Сүрөт

Жумуртканы кабыгын аарчып, көзү чоң сүргүчтөн өкөрөсүз. Эттин үстүнө кошуп майонез сүйкөйсүз.

Сүрөт

Сырды майда көздүү сүргүчтөн өткөрүп аласыз. Жумурканын үстүнө саласыз.

Сүрөт

Эми салаттын үстүн өз табитиңизге жараша кооздоп койсоңуз болот. Мырзаларга бул салат абдан жагат.

Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 18:35

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош




Куурулган козу карын салаты



Керектелүүчү азыктар:

Шампиньон - 300 грамм

Жашыл жалбырак салат-100 грамм

Сыр- 50 грамм

Балык консерваланган- 1 банка

Сабиз- 1 даана

Пияз- 1 даана

Жумуртка- 2 даана

Бадыраң- 1 даана

Майонез - 100 грамм

Өсүмдүк майы, туз татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Алгач, шампиньонду майда туурап кызарта кууруп аласыз. Андан кийин атайын майы агып түшө тургандай торчо идишке салып коёсуз.

Сүрөт

Пиязды майда туурап, сабизди сүргүчтөн өткөрүп күйүп кетпегендей кууруйсуз.

Сүрөт

Балыкты консервадан алып, аш айы менен бөлүктөргө бөлүнөт.

Сүрөт

Жумуртканы сууга бышырып, аш шайры менен майдалайсыз.

Сүрөт

Жашыл жалбырак салатын таза жууп, кургатып туурап аласыз.

Сүрөт

Бадыраң кичинекей төрт чарчы формасында тууралат.

Идишке даяр болгон азыктарды ирети менен кабаттап сала баштайсыз.

Биринчи салат жалбырагынын жарымы салынат.

Андан кийин куурулган шампиньондун жарымын саласыз.

Ар бир кабаты салынган сайын майонез сүйкөп турасыз.

Сүрөт

Мындан ары жумуртка, бадыраң, балык, сабиз, пияз жана шампиньондун жарымы салынат. Салат жалбырагыны жарымы салынып майонез сүйкөлөт.

Сүрөт

Эң үстүнө кыргычтан сырды өткөрүп себелеп коёсуз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Тоок этинен жасалган даамдуу салат


Керектелүүчү азыктар: Сууга бышырылган тоок эти – 200 грамм


Бадыраң – 2 даана

Жумуртка – 1 даана

Соя соусу – 2 аш кашык

Зайтун майы – 2 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Уксус кислотасы 6%дык – 1 чай кашык

Кунжут данектери, салат жалбырагы, көк чөптөр, туз, мурч татымына жараша

Даярдоо ыкмасы

Алгач, жуулган бадыраңды жана бышкан тоок этин жука, узун тилкелерге туурап аласыз.

Сүрөт

Жумуртканы чагып, ага туз жана тууралган көк чөптү аралаштырып, кызытылган көмөчкө куймак жасоо керек.

Сүрөт

Даяр болгон куймакты узунунан туурап, бадыраң менен тоок этине кошуп аралаштырасыз.

Сүрөт

Эми чык даярдайсыз. Идишке зайтун майын, соя соусун, уксус кислотасын, туз, мурч, майда тууралган көк чөп жана жанчылган сарымсакты аралаштырасыз.

Сүрөт

Андан кийин жуулган салат жалбырактарын тарелкага жайып, ага тууралган азыктарды саласыз. Үстүнө чык куюлуп, кунжут данекчелерин сээп коёсуз.

Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 18:42

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош




Жоогазын салаты



Керектелүүчү азыктар:

Кичинекей помидор- 10 даана

Көк пияз- бир боо

Сыр- 200 грамм

Краб таякчасы- 240 грамм

Бадыраң- 05, кг (керектүүсүн колдоносуз, ашып калат)

Сарымсак- 2 баш

Майонез, туз татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Ар бир помидорду төрткө бөлүп кесип алып, кашыктын жардамы менен ар биринин ичин тазалап чыгасыз.

Сүрөт Сүрөт

Андан соң жоогазын формасындагы помидорлордун ичине салынчу салатты даярдайсыз. Ал үчүн краб таякчаларын тиешелүү көлөмдө туурап, сырды майда кылып сүргүчтөн өткөрүп, тууралган сарымсакты, тузду жана майонезди кошуп аралаштырасыз.

Сүрөт Сүрөт

Даяр болгон салатты помидорлордун ичине саласыз.

Сүрөт

Тарелкага коюлган көк пияздардын ар биринин башына ичине салат салынган помидорлорду бирден коюп, айланасын бадыраң менен кооздоп коёсуз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Краб таякчасынан жүгөрү кошулган салат

Сүрөт

Керектелүүчү азыктар (4 адамга ылайыкталган):

Краб таякчасы- 400 грамм

Жүгөрү- 200 грамм

Жумуртка-5 даана

Катуу сыр- 200 грамм

Сарымсак- 2 тишче

Укроп- 2 боо

Майонез, туз, кургатылган калемпир порошогу

Сүрөт

Даярдоо ыкмасы:

Алгач жумуртканы сууга бышырып, көзү чоң сүргүчтөн өткөрүү алуу керек. Краб таякчасын кичинекей төрт чарчы формасында туурайсыз. Сырды орточо көздүү сүргүчтөн өткөрөсүз.

Сүрөт

Жүгөрүнү идишинен чыгарып суусунан бөлүп аласыз. Сарымсактын сыртын аарчып тазалаган соң атайын сарымсак майдалагычтан өткөрөсүз. Укроп таза жуулгандан кийин майдалап туурайсыз. Эми даяр болгон жумуртка, краб таякчасы, сыр, жүгөрү, сарымсак жана укропту идишке саласыз. Андан кийин татымына жараша туз менен калемпир сээп, майонез менен аралаштырып коёсуз. Дасторконго койгонго чейин 1 саат убакыт муздаткычта турганы жакшы болот.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош




Токойдогу козу карын салаты



Керектелүүчү азыктар:

Маринаддалган козу карын - 1 банка

Картошка- 2 даана

Сабиз- 2 даана

Жумуртка- 2 даана

Тоок филеси- 1 даана

Сыр- 200 грамм

Укроп, петрушка чөптөру- бир боо

Маринаддалган бадыраң- 2 даана

Кытай капуста жалбырагы

Калемпир порошогу, туз, майонез

Даярдоо ыкмасы:

Эң биринчи сууга бышыра турган азыктарды даярдап алыңыз. Буга картошка, сабиз, жумуртка жана тоок филеси кирет. Ал эми филени бышырып жаткан учурда туз менен татымалдардан кошуп коюну унутпаңыз.

Атайын даярдалган идишке азыктарды кабаты менен салуудан баштайсыз. Баары кабатталып бүткөн соң эң ылдыйкы кабаты үстүнө которулат.

Сүрөт

Козу карынды башын ылдый көздөй жаткырып тизип чыгасыз.

Майдаланып тууралган көк чөптөрдү экинчи кабатка себелейсиз.

Сүрөт

Бышкан картошканын сыртын аарчып, орто көздүү сүргүчтөн өткөрүп, көк чөптүн үстүнө салып, туз жана калемпир себелеп коесуз. Андан кийин майонез сүйкөйсүз.

Сүрөт

Жумуртканы тазалап аны да сүргүчтөн өткөрүп ,картошканын үстүнө саласыз. Туз сээп, майонез сүйкөйсүз.

Андан кийин сабизди сүргүчтөн өткөрүп аны жогорудагыдай тартипте саласыз.

Сүрөт

Маринаддалган бадыраңды анча чоң эмес бөлүктөргө бөлүп аны да кезеги менен саласыз.

Сүрөт

Тооктун филесин да чоң эмес бөлүктөргө бөлүп, бадыраңдын үстүнө салып, туз сээп, майонез сүйкөп коесуз.

Сүрөт

Сыр дагы орточо көздүү сүргүчтөн өткөрүлүп жогорудагыдай тартипте салынат.

Сүрөт

Мындан кийин үстүн желим баштык менен жаап, муздаткычка 3-4 саатка коюп коюңуз.

Сүрөт

Муздаткычтан чыгаргандан кийин салат капуста жалбырагын идишке салып үстүнө салатты көмкөрүп, фантазияңызга жараша кооздоп коёсуз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 19:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

"Рафаэлло" салаты
Сүрөт
Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка- 10 даана

Сыр - 150 гр

Майонез -150гр

Көк пияз, укроп, сарымсак

1 боо салат жалбырагы,

Татымына жараша туз.

Даярдоо ыкмасы:

Жумурткаларды алгач сууга бышырып аласыз. Кайнап баштагандан кийин 5- мүнөт аралыгында ал бышат. Кайнатылган жумуртканы тең ортосунан экиге бөлүп ичиндеги сарысын чыгарасыз. Ага туз , майда тууралган пияз, майонез менен аралаштырып көнгөй жумурткаларга салып, кыргычтан өткөрүлгөн сырды үйүп себелеп коёсуз. Четтерин табитиңизге жараша кооздоп койсоңуз болот.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 19:01

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 19:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош




"Чымчык уясы" салаты



Бул салатка төмөнкү азыктар керектелет:

Тооктун эти - 200 гр

Ветчина - 50 гр

Туздалган шампиньон - 200 гр

Жумуртканын агы - 3 даана

Картошка (анча чоң эмес) - 3 даана

Туз- татымга жараша

Майонез- көз ченем менен

Өсүмдүк майы- көз ченем менен

Салат жалбырагы

Ал эми жумурткалар үчүн:

Катуу сыр - 100 гр

Жумуртканын сарысы - 3 даана

Укроп, майонез жана сарымсак – 2 даана (тишчеси)

Азыктарыңыздын баарын даярдап алган соң, эми картошканы аарчып, жука, узун-узун кылып тилкесинен туурайсыз. Скавародкага өсүмдүк майын куюп жакшылап ысыгандан кийин картошка салып куурулат, бирок, аралаштырбаш керек. Күчтүү отто картошканын бир тарабы кызаргандан кийин гана оодарып экинчи жагын кууруйсуз. Кызарып, кытырак болуп куурулган картошканы оттон чыгарып, туздан себелеп коёбуз.

Андан ары, тооктун этин бышырып, майда кылып туураңыз. Ветчинаны жука, узун-узун тилке кылып, шампиньонду майдалап туурайсыз.

Жумуртканы сууга бышырып, сарысын алып агын анча майдалабай тууралат.

Эми жумурткаларды жасайбыз:

Жумуртканын сарысын майдалап, катуу сырды майра кыргыч менен кырап, укропту жууп, майдалап туураңыз. Сарымсакты сарымсак майдалагычтан өткөрсө жакшы болот.

Булардын баарын кошуп, жакшы жармашыш үчүн бир аз майонез кошуп, чымчыктын жумурткасына окшоштуруп майда-майда кылып тоголоктолот.

Андан кийин тооктун этин, шампиньонду, ветчинаны, жумуртканын агын кошуп, майонезди жакшылап аралаштырасыз. Салат жалбырагын тарелканын үстүнө тизип, аралашманы анын үстүнө салыңыз. Салатты уянын формасына окшоштуруп үстүн бир аз чуңкурайтып коёңуз.

Мындан соң, сыртынан куурулган картошка менен кооздоп, чуңкурчага жасаган жумурткаларды салып коюңуз.

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт





Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Biikech93   26 Август 2015 - 14:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 445
  • Катталган: 10 Август 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 11:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Киндик кан тамган айылым

Баклажандан жасалган салат.
Керектелуучу азыктар
Баклажан, грек жангагы, сарымсак, коктор, осумдук майы.
Баклажанды тегерек кылып туурап (калындыгы5–7см болууга тийиш), туздап, 20–30 муно т коюп коюу керек. Андан сон эки жагын тен осумдук майына кууруп аласыз. (Эгер баклажан майлуу болсо –салаттын даамы жок болуп калат)
Грек жангагынын эт чыгаргычтан
откоруп алуу кажет. Кок чоп кинзаны майдалап туурап алуу керек. Сарымсакты да кыргычтан откоруп алыныз.
Тубу терен идишке азыртарды ирети менен салып аласыз: куурулган баклажан, абдан ичке суйколгон майонез , кок чоп, бир аз сарымсак жана грек жангагы. Бардык азыктарды ушул тартипте тизип чыгасыз. Даамын чыгаруу учун 1 саат коё турсаныз, абдан дамдуу салатка айланат…....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   medina.   30 Октябрь 2015 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

  • 1
  • 2
  • следующая ›
  • последняя »
Сүрөт“Кооздук” салаты

Кандай азыктар керек?

Тооктун эти: 200 г

Кызыл сабиз: 2 даана

Апельсин: 1 даана

Катуу сыр: 150 г

Жумуртка: 4 даана

Майонез

Кантип жасалат?

Тооктун этин бышырып чарчы кылып туурайсыз.

Апельсиндин кабыгын аарчып чарчы кылып туурайсыз.

Сырды кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз.

Сабизди сууга кайнатып бышырып аласыз.

Жумуртканы сууга бышырып, муздаган соң кыргычтан өткөрөсүз.

Эми даярдалган азыктарды кабат-кабат кылып тизип, ар биринин арасына майонезден сүйкөйсүз. 1-кабат - тоок эти, 2-кабат – сабиз, 3-кабат – апельсин, 4-кабат – жумуртка, 5-кабат – сыр.

Салатты апельсиндин кесимдери менен кооздоп коёсуз.

Баклажан салатыСүрөт

Кандай азыктар керек?

Баклажан: 2 даана

Помидор: 2 даана

Болгар калемпири: 1 даана

Маринаддалган бадыраң: 1 даана

Жаңгак: 100 г

Катуу брынза: 150 г

Зайтун майы

Туз

Кантип жасалат?

Баклажанды чоң чарчы кылып туурап зайтун майына кууруйсуз жана муздатасыз.

Болгар калемпирин, помидорду, бадыраңды туурайсыз, жаңгакты майдалайсыз.

Бардык азыктарды кошуп аралаштырып, татымына жараша туз кошуп коёсуз.

“Ростбиф” салатыСүрөт

Кандай азыктар керек?

Уйдун тили: 100 г

Бадыраң: 1 даана

Болгар калемпири: 1 даана

Шампиньон козу карыны: 50 г

Помидор: 1 даана

Салат жалбырагы: 2 даана

Зайтун

Соусу үчүн:

Горчица: 25 г

Зайтун майы: 50 г

Шекер: 20 г

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Соус үчүн керектүү болгон азыктардын бардыгын аралаштырасыз.

Тилди кайнатып бышырып, муздаган соң жука тилим кылып туурайсыз.

Бадыраңды, болгар калемпирин, салат жалбырагын узун-узун кылып туурайсыз.

Помидорду кайнак сууга бир малып алып кабыгын аарчыйсыз да, чоң-чоң бөлүктөргө бөлөсүз.

Шампиньонду да узун-узун кылып туурап, азыраак майга кууруйсуз.

Салат жалбырагын, бадыраңды, болгар калемпирин, шампиньонду 1 чоң кашык соус менен аралаштырып тарелканын ортосуна саласыз.

Айланасына помидордун ар бир кесимин бирден тилге ороп тизип чыгасыз.

Калган соусту салаттын үстүнө куюп коёсуз.

“Цезарь” салатыСүрөт

Кандай азыктар керек?

Багет (сүйрү нан): жарты

Зайтун майы: 3 чоң кашык

Тооктун төш эти: 2 даана

Пекин капустасы: 1 даана

Катуу сыр

Соусу үчүн:

Сарымсак: 2 тишче

Жумуртканын сарысы: 2 даана

Горчица: 1 чоң кашык

Лимон ширеси: 3 чоң кашык

Зайтун майы: 3 чоң кашык

Туз

Кантип жасалат?

Сүйрү нанды төрт чарчы кылып туурап аласыз. 3 чоң кашык зайтун майын калыпка куюп, үстүнө тууралган нандарды саласыз да, май нандарга тегиз тийгидей кылып аралаштырасыз. 200 градус ысытылган духовкага калыпты салып 8-10 мүнөт коёсуз.

Тооктун төш этин кууруп аласыз.

Капустаны колуңуз менен жыртып бөлүктөргө бөлүп аласыз.

Эми соусту даярдайсыз: сарымсакты кыргычтын өтө майда тишинен өткөрөсүз. Ага жумуртканын сарыларын, горчицаны, лимон ширесин, тузду кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бир колуңуз менен аралаштырып, экинчи колуңуз менен зайтун майын чууртуп куясыз.

Азыктардын баарын кошуп туруп соус менен аралаштырып, бетине кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелеп коёсуз.


Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Shaa-82   24 Февраль 2016 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Фаттуш.

Помидор, бадырын, кок пияз, пияз, салат жалбырагы, петрушка, лаваш.

Помидор менен бадырынды кубикче формасында туурап алабыз. Кок пияздыда ирик кылып туурайбыз. Пиязды майдараак туурайбыз. Салат жалбырагы менен петрушканы кол менен узуп кошуп , туз, суу май кошуп аралаштырабыз. Тарелкага салып кооздойбуз. Лавашты ромбик формасында туурап духовкага бир аз коюп, тарелкадагы салаттын устун кооздоп баарын жапкандай тизип коёбуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   janaika-95   24 Февраль 2016 - 22:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 562
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2022 22:13
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Ммммммммм курсагым ачып кеттигоо. Рахмат.
Ар бирин жасаганга аракет кыламын.
Ассаламу алайкум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   18 Июнь 2016 - 15:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Брокколи менен салат

Кандай азыктар керек?

Брокколи: 400 гр

Помидор: 4 даана

Кызыл пияз: 1 даана

Сарымсак: 3 тишче

Ышталган бекон: 100 гр

Лимон ширеси: 2 аш кашык

Горчица: 4 аш кашык

Алма уксусу: 2 аш кашык

Зайтун майы: 100 мл

Кызыл, кара мурч, туз

Кантип жасалат?

Брокколини бир нече мүнөт кайнатып, дароо муздак сууга салып сузгуч менен сузуп алабыз.

Беконду жука туурап, көмөч казанга катырак абалга келгенче бир аз кууруйбуз.

Пиязды жарым шакекче, помидорду чоңурак тилимде, сырды өтө чоң эмес кубик түрүндө туурап кошулмаларды кошуп аралаштырабыз.

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   18 Июнь 2016 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Төө буурчак салаты

Кандай азыктар керек?

Төө буурчак (консервадагы же жаңы): 300 гр

Шпинат: 1 боо

Помидор: 100 гр

Катуу сыр: 150 гр

Сарымсак: 1 даана

Жарым лимондун ширеси

Зайтун майы: 2 аш кашык

Уксус, туз, мурч

Көк чөптөр: петрушка, укроп, кинза

Кантип жасалат?

Шпинатты үзүп туурап, үстүнө зайтун майы менен лимон ширесин кошуп, кол менен бир аз аралаштырабыз, ширеси чыгышы керек. Үстүнө сарымсак сыккычтан өткөрүлгөн сарымсакты кошобуз.

Эгерде консервадагы төө буурчакты тандасаңыз, суусун төгүп алыңыз, кургак болушу керек. Аны шпинатка аралаштырабыз.

Помидорду тегерек, катуу сырды майда туурап, баарын аралаштырып, кашыктын учу менен уксус кошобуз. Акырында майда тууралган көк чөптөр, кошулмалар кошулуп аралаштырылат.

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   18 Июнь 2016 - 15:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жашылчалар салаты

Кандай азыктар керек?

Бадыраң: 1 чоң даана

Помидор: 1 чоң даана

Салат жалбырагы: 1 боо

Шпинат: 1 боо

Фета сыры: 80 гр

Күнжүт: 2 аш кашык

Зайтун майы: 2 аш кашык

Туз, калемпир

Кантип жасалат?

Помидорду эки бөлүккө бөлүп алып сүйрү кылып туурап, тең экиге бөлөбүз, сырды төрт бурчтук кылып туурап алабыз.

Күнжүттү кургак көмөч казанга күмүш түскө келгенче кууруйбуз.

Салат жалбырагы менен шпинатты кол менен майдалап, үстүнө помидорду салып, бадыраңды сабиз аарчыгыч менен жука сүйрү кылып өткөрөбүз.

Ага сыр, күнжүт, зайтун майы, татымалдарды кошуп аралаштырабыз.

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Tahmina.Musaeva   21 Июнь 2016 - 14:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 437
  • Катталган: 25 Май 16
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2021 09:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Капустаны узун-узун кылып ичке туурап, туз менен осУМдук майынан кошуп, аралаштырып жей берсениздер болот. Мага аябай жагат)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   Nazik.   26 Июнь 2016 - 02:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 989
  • Катталган: 28 Апрель 15
  • Соңку аракети: 03 Июл 2018 11:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыл шаар)))

Просмотр сообщения Mediziner (25 Август 2015 - 18:44) жазган:




Жоогазын салаты



Керектелүүчү азыктар:

Кичинекей помидор- 10 даана

Көк пияз- бир боо

Сыр- 200 грамм

Краб таякчасы- 240 грамм

Бадыраң- 05, кг (керектүүсүн колдоносуз, ашып калат)

Сарымсак- 2 баш

Майонез, туз татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Ар бир помидорду төрткө бөлүп кесип алып, кашыктын жардамы менен ар биринин ичин тазалап чыгасыз.

Сүрөт Сүрөт

Андан соң жоогазын формасындагы помидорлордун ичине салынчу салатты даярдайсыз. Ал үчүн краб таякчаларын тиешелүү көлөмдө туурап, сырды майда кылып сүргүчтөн өткөрүп, тууралган сарымсакты, тузду жана майонезди кошуп аралаштырасыз.

Сүрөт Сүрөт

Даяр болгон салатты помидорлордун ичине саласыз.

Сүрөт

Тарелкага коюлган көк пияздардын ар биринин башына ичине салат салынган помидорлорду бирден коюп, айланасын бадыраң менен кооздоп коёсуз.

Сүрөт


Ушунун озгочо жасалгасы жакты да) дасторкондун коркун ачат окшойт))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Kani1994   26 Июнь 2016 - 02:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 24 Июл 2017 14:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

оу УКМУШ го,дагы көп-көптөн жазгылачы?! Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ашкана сырлары
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 18:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: