Кафелди Кола менен жууган жакшы.
Унаанын маңдайкы айнегин да Кока Кола менен жууса кири жакшы кетип, айнек туптунук болуп калат. Дат баскан буюмду бир күнгө Кока Колага салып коюп анан жууса, даты оңой кетет. Түбү күйүп калган мискейге Коланы куюп, отко коюңуз. Бир кайнаган соң Коланы төгүп, ысык суу менен жууп салсаңыз мискейиңиз жаркырап калат. Чайнектин ичиндеги кеберден арылуу үчүн ага Кока Коланы куюп, бир нече мүнөт кайнатыңыз да, андан соң суу менен жууп салыңыз.
Пaйдaлуу кеңештер Ден соолук, туура тамактануу жана башкалар
#181 08 February 2014 - 17:01
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.

#182 08 February 2014 - 17:02
Чай
Чайдын жыт сиңирүүчү касиети күчтүү. Сарымсак же балык тазалаган соң колуңуз жагымсыз жыттанып калса, коюу демделген кара чайга колуңузду жууңуз. Шкафтын, кийим салган текченин ичин күбө түшүрүүчү көпөлөк басып кетпеш үчүн ал жакка көк чайдын бир жолу колдонулуучу 1-2 пакетин коюп койсо болот. Камырга жакшы демделген кара чайдан кошуп жууруса, ал камырдан жасалган азык жагымдуу күрөң түскө ээ болуп бышат. Кооздук үчүн жасалган токума буюмдардын жана кийимдердин түсүн чайга жууп өзгөртсө болот. Ал үчүн 1 л кайнап турган сууга 2 аш кашык чай, 2 чай кашык туз салып 2-3 мүнөт кайнатуу керек. Оттон чыгарган соң ага буюмду 10-15 мүнөт чылап, анан бир аз уксус кошулган муздак сууга чайкап салуу зарыл. Идиш жуучу каражатка аллергиясы бар айымдар аны кадимки кургак чай менен алмаштырса болот. Демделген чай менен сүртсө, күзгүнүн, айнектин, полдун кири жакшы кетет. Бирок, артынан таза суу менен аарчып чыгууга туура келет. Кара кийимдин үтүктөлгөн кырын жазууга туура келип калса, 2 аш кашык жүгөрү крахмалы кошулган кара чайды ошол кыр чыккан жерлерге бүркүп жиберип, анан үтүк менен катуу-катуу басып салуу керек.

#183 08 February 2014 - 17:05
Сыра
Жыгач эмеректи сырага малынган чүпүрөк менен сүртүп, артынан кургактап аарчып койсо, жылтырап өңүнө чыга түшөт. Металл идиш-аякты да өз өңүнө келтирүү үчүн аны сырага нымдалган гезит менен сүртүү керек. Килемге төгүлгөн чайдын, кофенин тагын кетирүү үчүн ал жерге сыраны куюп, катуу-катуу сүртүңүз. Алтын жасалгаларды тазалоо үчүн аны бир канча убакытка сырага салып коюп, андан соң жумшак чүпүрөк менен тазалап сүртүп салуу зарыл. Өсүмдүктү 1:10 өлчөмүндө сыра аралашкан суу менен сугарса, ал тез өсөт жана зыянкечтер жолобойт. Жемишти же ал турган жерди каптаган зыянкечтерден арылуу үчүн ага жакын жерге сыра куюлган бөтөлкөнү коюп, оозун толук жаппоо керек. Зыянкечтер жытына тартылып бөтөлкөнүн ичине кире беришет.

#184 08 February 2014 - 17:07
Арак
Гүл узакка чейин соолубай турсун үчүн вазадагы сууга бир нече тамчы арак, анан бир чай кашык шекер кошуп койсо болот. Бирок, сууну күндө алмаштырып туруу зарыл. Жуунуучу бөлмөнүн керамикадан жасалган жерлерин жылтыратуу үчүн аракка нымдалган чүпүрөк менен сүртүү керек. Кийимге сиңген жагымсыз жытты кетирүү керек болсо, ага аракты тегиз чачып туруп шамалдап турган салкын жерге кургатып алуу кажет. Көз айнекке түшкөн колдун тагын же кирди аракка нымдалган жумшак чүпүрөк менен сүртсө жакшы кетет. Дат басып буралбай калган техника бурамаларын ага арак куюп жиберүү менен бошотуу жеңил. Лезвиени бир же эки саатка аракка салып коюп анан колдонсо, ал дат баспай көпкө курч бойдон турат. Камырга 1 аш кашык арак кошуп койсо, андан жасалган азык даамдуу жана кеч ката турган сапатка ээ болот. Арак менен балдын сапатын да текшерүүгө болот. Ал үчүн бир аш кашык балды ысытып туруп аракка куюп көрүү керек. Эгер бал толугу менен эрип кетсе - табигый, эрибей бүртүк-бүртүк болуп калса же арак киргил тартып кетсе - жасалма. Эт жумшак болуп бышсын үчүн ал кайнап жаткан шорпонун көбүгүн алып, ага арак (500 г этке 1 аш кашык арак) кошуп койсо болот

#185 08 February 2014 - 17:20
Шубаңызды сандыкка салаардан мурда щёткалап, тактарын кетирип, күнгө жайып анан кагазга ороп же атайын мүшөккө салыңыз. Шубаны жасалма кездемеге же жылтыракка салбаңыз. Ага аба кирип туруу керек. Күбө күндүн нурун жактырбайт.
Андыктан, кышкы кийимдериңизди айына бир жолу күндүн нуруна жайып туруңуз. Күнгө жаюуда да этиет болуңуз, өтө ачуу тийген күн шубаңыздын жүндөрүнүн жулунуп түшүп калышына алып келет. Жүндөн жасалган кийимдерди сактоодо атыр самын да чоң жардам кылат. Самынды шубанын чөнтөктөрүнө салып коюңуз. Ал өзүнүн атыр жыты менен күбөнү жолотпойт. Ошондой эле тамеки, апельсиндин кабыгы, герань гүлүн да салып койсоңуз булардын жытынан күбө качат. Кышкы кийимдер сакталган бөлмөнү желдетип туруңуз. +10 градустан жогору эмес жылуулукта сактаңыз. Дүкөндөрдө атайын күбө үчүн сатылган дарыларды сандыктын түптөрүнө, үйдүн бурчтарына сээп коюңуз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#186 08 February 2014 - 17:21
Айнек, темир жана желим буюмдардан чаптагычты чыгаруу үчүн кадимки чач кургатуучу фенди колдонобуз,
анын жогорку ысык табы менен чаптагычты ысытасыз. Анан желим бычак же сызгыч менен жогору жагынан ылдый сыйрыйсыз. Алдында калган такты айнек жуучу атайын колдонмо менен жууп салсаңыз эч так калбайт. Жыгач буюмдардагы чаптагычты өсүмдүк майы менен жылтылдата майлайсыз да, 10 мүнөт күтө турасыз. Андан соң өсүмдүк майына эзилип калган клейди желим бычак менен акырын кырып аласыз. Анча-мынча калган тактарды самындуу жылуу суу менен жууп саласыз. Керамика, фарфордон жасалган жаңы идиштердеги этикеткаларын сыйрууда да маселе жаралат. Андай учурда кебезди спиртке жакшылап сиңирип аласыз. Аны этикеткага сүртөсүз. Спирт жакшы сиңгенден кийин жогорудан ылдыйды көздөй сүрөсүз. Андан соң атайын идиш жууган каражат менен жууп салыңыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#187 08 February 2014 - 17:22
Күмүш нымдуу жерде, булгаарынын,
боёнуучу каражаттардын,
туз, пияз, желим буюм, газ, кээ бир идиш жуучу каражаттардын таасиринен улам карарып кетет. Андыктан, ушул нерселерден алыс коюңуз. Жүндөн жасалган кездемени нашатырь спиртине малып, күмүш өзүнүн жалтырак түсүнө келгиче сүртүңүз. Стакандагы сууга бир чай кашык нашатырь спиртин куясыз. Ага суутектин перекисинен жана балдардын суюк самынынан тамчылатып аралаштырасыз.
Бул аралашмага карарып калган күмүштү салып коёсуз. Качан өзүнүн түсүнө келип калганда алып чыгып таза чүпүрөк менен сүртүп коюңуз. Эгер күмүш буюмуңузда чапталган таш болбосо, фольга салынып, сода кошулган сууга күмүш жалтырак түсүнө келгенче кайнатса болот. 9 проценттүү уксусту жылытып, ага күмүштү саласыз. Бир нече убакыттан кийин алып чыгып кургак чүпүрөк менен сүртүп коюңуз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#188 08 February 2014 - 17:28
Казаныңыз баткыдай чоң идиш керек. Ага бир соданы бүт бойдон жана кадимки эле клейден салыңыз. Үстүнө суу куюп, анан карарып калган казанды салып 8 саат кайнатасыз.
Эгер казаныңыз өтө эле кир болсо клейден көп эле кошуп, 10-12 саатка чейин кайнатыңыз.
Суусу соолуп калбас үчүн карап туруңуз. Аягында катуу щётка менен тазалап, суудан жаба куюп тазаласаңыз казаныңыз жаңы сатып алгандай болуп калат. Казанга арыктын майда кумун толтуруп салып жай отко таң аткыча коюп коюңуз. Бул учурда ашкананын эшигин жаап, терезени ачып койгонду унутпаңыз. Эртең менен таштарды төгүп, казан жуугуч менен жууп саласыз. Кир жуучу самынды майда туурап, казанга саласыз. Анын үстүнө кайнак суу куюп 20-30 мүнөт отко коюп кайнатасыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#189 08 February 2014 - 17:30
Чай менен башка азыктардын таасири
Чай менен шекер
Ооба, чайга кошулган көп эмес өлчөмдөгү шекер чайдын даамын жакшыртат. Ал эми көп кошулган шекер тескерисинче, чайдын өзүнө гана таандык жыпар жытын жоготуп, даамын начарлатат. Мындан тышкары, ал чайдагы В1 витаминин жоготот. Андыктан, чайга шекерди аз гана өлчөмдө кошуп же болбосо шекердин ордуна бал кошуп ичип үйрөнсөңүз жакшы болот.
Чай менен сүт
Сүт - химиялык курамы татаал азык. Көрсө, сүт чай - адамдын организмине жеңил сиңүүчү эң жогорку деңгээлдеги суусундук экен. Белгилүү болгондой, сүттө адамзатка зарыл болгон 100дөн ашык пайдалуу заттар, витаминдин 20га жакын түрлөрү бар. Тилекке каршы, сүттүн өзүн ичкенде булардын баары организмге сиңбейт. А чай болсо сүттүн мындай "кемчилигин" оңдоп, организмге бүт бойдон сиңдирүүчү касиетке ээ.
Чай менен лимон
Лимон да чайдын баалуулук касиетин жогорулатуучу азык. Ал күчтү калыбына келтирип, суусунду жакшы кандырат. Бирок, лимон чайдын даамын өзгөртүп жиберет. А пайдалуу касиеттери ошол бойдон сакталат. Андыктан, чайдын тигил же бул сортунун табигый жытын сезүүнү каалагандар үчүн лимон сунушталбайт.
Чай менен бал
Чай менен балдын аралашмасы бир эле убакта таттуу да, өзгөчө пайдалуу да суусундук. Бирок, бал кошулган ысык чайды сүйүүчүлөр үчүн эскертүү: 40 градустан жогорку температурада бал өзүндөгү бардык пайдалуу касиеттерди жоготот. Андыктан, тандаңыз: же жылуу чай же пайдасы жок бал. Эске алынуучу дагы бир нерсе: бал чайга караганда кайнаган суу менен жакшы сиңет. Бул балдын эмес, биздин организмибиздин өзгөчөлүгү.

#190 13 February 2014 - 19:40
Хлорофитум
Бөлмө гүлдөрүнүн ичинен ден соолукка эң пайдалуусу - хлорофитум гүлү. Бул гүл үйдөгү синтетикалык материалдардан чыккан уулуу заттарды жутуп алат. Мындан тышкары, хлорофитум гүлү бөлмөнү бактериялардан тазалоочу эң жакшы каражат. Бир идиштеги мындай гүл бир сутканын ичинде орточо көлөмдөгү бөлмөнү бактериялардан толук бойдон тазалап коюуга жөндөмдүү. Эгерде гүл идишке 1-2 таблетка активдештирилген көмүр салып койсоңуз, гүлдүн абаны тазалоо касиети бир нече эсеге жогорулайт. Хлорофитум гүлү үчүн эң жакшы жай - ашкана. Анткени, ал газ күйгөндө бөлүнүп чыккан уулуу заттарды да өзүнө сиңирип алат.

#191 13 February 2014 - 19:42
Кактус
Кактустун узун ийнелүүлөрү өзгөчө пайдалуу. Бул өсүмдүк абадагы микробдорду өлтүрөт, бизди электромагниттик нурлануудан коргойт. Андыктан, кактусту компьютер, телевизор турган бөлмөгө коюу сунушталат.

#192 13 February 2014 - 19:43
Сансевьера
Эгер квартираңызда аба жетишпесе, кышында аба кургак болсо сансевьера гүлүн өстүрүңүз. Бул гүл кычкылтекти бөлүп чыгаруу боюнча фабрика. Мындан тышкары, ал линолеумдан, үй эмеректеринен чыккан зыяндуу заттардан сизди коргойт.

#193 13 February 2014 - 19:43
Алоэ
Алоэ - күчтүү "үй-бүлөлүк доктур". Анын жалбырактарында көптөгөн пайдалуу заттар камтылган. Ал эми анын ширеси ферменттерге, витаминдерге бай. Бактерияларга каршы туруучу касиетке ээ болгондуктан, көптөгөн ооруларды айыктырууда жардам берет. Мисалы, алоэнин жалбырагынын бир кесимин ооруган тишиңиз менен тиштеп турсаңыз, бир нече мүнөттөн кийин айыгат. Же болбосо жарым стакан сууга алоэнин 30 тамчы ширесин кошуп ичүү баш оорудан арылтат. Ал эми ашказан ооруларын айыктырууда эт майдалагычтан өткөрүлгөн алоэге теңме-тең кылып бал кошуп жеш керек. Мурун бүтүүдө болсо анын ширесин ар 2-3 саат сайын тамчылатып туруу зарыл.

#194 13 February 2014 - 19:45
Герань
Экинчи орунда - герань гүлү турат. Ал баш ооруда, уйку качууда, стрессте, болор-болбос нерсеге кыжырдана берүүдө жардамга келет. Мындай учурда гүлдөп турган герандын жанында 10 мүнөт турсаңыз, нерв системаңыз жайына келип, маанайыңыз ачылат. Мындан тышкары, герандын сасык тумоодо пайдасы чоң. Сасык тумоо жаңыдан башталып келаткан учурда өсүп турган герандын жалбырагын жулуп алып, колуңуз менен эзиңиз. Андан чыккан жытты жыттасаңыз, сасык тумоо жоголот. Ал эми кан басымыңыз жогору болсо, бул гүлдүн жалбырагын билегиңиздин ички бетине жармаштырып алыңыз, кан басымыңыз ордуна келет. Кулак ооруда, радикулитте жалбырактарын эзип ботко жасап, аны ооруган жерге коюу сунушталат. Бирок, герань өскөн бөлмөдө уктоо башты оорутуп коёт.

#195 13 February 2014 - 19:46
Фикус
Фикустун кургатылган жалбырагы - геморройдо, сабагы - ревматизмде жардамга келсе, сабагынын ширесин тери ооруларында, тамак сиңирүүнүн бузулуусунда, кургак учукта колдонушат. Фикус фенол, бензол сыяктуу зыяндуу заттарды өзүнө сиңирүү менен абаны тазалайт. Ошондой эле бул гүлгө тиешелүү мындай ишеним бар: эгерде балага зар үй- бүлөлөр фикус гүлүн өстүрүшсө, балалуу болушат. Бул гүлдү уктоочу бөлмөгө коюу сунушталбайт, анткени, фикус түн ичинде кычкылтекти жутат.

#196 13 February 2014 - 19:47
Бөлмө гүлдөрүнүн мындан башка пайдалары Абаны тазалоо. Гүлдөрдүн көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип алып, кычкылтекти бөлүп чыгарарын ар бир эле мектеп окуучусу билет. Бөлмөнү кычкылтек менен камсыз кылууну, абаны нымдоону дал ушул бөлмө гүлдөрү өз "моюндарына"
алышат. Атүгүл бөлмө гүлдөрүнүн арасында адам өмүрүнө зыяндуу ар түрдүү бактериялар,
микробдор менен активдүү күрөшкөн гүлдөр да бар.
Нерв системасын калыбына келтирүү. Жашыл түс нерв системасына оң таасир тийгизээрин психологдор алда качан далилдешкен. Ал чарчоону, чыңалууну жазып, адамды тынчтандырат. Ошондой эле жашыл түс компьютерде иштөөдөн чарчаган көздү эс алдырат. Ал эми бөлмө өсүмдүктөрүнүн кызыл түстөгү ачылган гүлдөрү активдүүлүктү жогорулатат
Нерв системасын калыбына келтирүү. Жашыл түс нерв системасына оң таасир тийгизээрин психологдор алда качан далилдешкен. Ал чарчоону, чыңалууну жазып, адамды тынчтандырат. Ошондой эле жашыл түс компьютерде иштөөдөн чарчаган көздү эс алдырат. Ал эми бөлмө өсүмдүктөрүнүн кызыл түстөгү ачылган гүлдөрү активдүүлүктү жогорулатат
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#197 14 February 2014 - 03:34
Азаматсыз кенештеринизге абдан чон чон рахмат.Мен кумуш жонундо билгим келген эле дагы бир жолу рахмат сизге
#198 14 February 2014 - 15:33
Идиш-аяктарыңызга туура кам көрсөңүз, алар
сизге көпкө кызмат кылат
Ашкана идиштериңизди күзгүдөй жалтыратуу
эң эле оңой. Эгер албетте, сырларын
билсеңиз. Идиш-аяктардагы кирлерден же
майлуу тактардан арылууга сизге бир гана заманбап каражаттар эмес, жөнөкөй ыкмалар
да жардамга келет. Бирок эсиңизде болсун,
жасалган материалына жараша ар бир идишке
өзүнчө кам көрүү зарыл. Ашкана идиштери
сизге көпкө кызмат кылат, эгерде аларга
талаптагыдай кам көрсөңүз.
сизге көпкө кызмат кылат
Ашкана идиштериңизди күзгүдөй жалтыратуу
эң эле оңой. Эгер албетте, сырларын
билсеңиз. Идиш-аяктардагы кирлерден же
майлуу тактардан арылууга сизге бир гана заманбап каражаттар эмес, жөнөкөй ыкмалар
да жардамга келет. Бирок эсиңизде болсун,
жасалган материалына жараша ар бир идишке
өзүнчө кам көрүү зарыл. Ашкана идиштери
сизге көпкө кызмат кылат, эгерде аларга
талаптагыдай кам көрсөңүз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#199 14 February 2014 - 15:36
Кашык, вилка
Кашык, вилкаларды жуугандан соң дароо кургата
сүртүп коюңуз. Болбосо суунун тактары агарып
калып калат.
Кашык, вилкалар тамакка салынган боюнча же
жуулбаган калыбында көпкө турбасын. Мындан алар жалтырактыгын жоготуп, тез эле бозоруп
кетет.
Күмүш кашыктарды нержавейка кашыктарга
кошуп жуубаңыз - мындан күмүш чийилип кетет.
Күмүш же алтын жалатылган кымбат-баалуу
кашыктарды кадимки каражаттар менен жууганга болбойт. Алар үчүн зер дүкөндөрүндө атайын
тазалоочу каражаттар сатылат.
Күмүш кашыктар назик болот, алар чийилип
калбаш үчүн жумшак кездемеге ороп сактаңыз.
Кашык, вилканын жана бычактын дат баскан
жерине пияздын кесимин сүртсөңүз, даттан дайын калбайт.
Кашык, вилкаңыздын дайыма жалтырап туруусун
кааласаңыз, аларды пайдалангандан кийин бир
аз сода кошулган кайнак сууга салып жибериңиз.
Картошка кайнаган жылуу сууга кашык,
вилкаларыңызды жуусаңыз, алар жалтырап калат.
Кашык, вилкаларды сактоодо кармагычын ылдый
жакты каратып коюңуз.
Бычак
Лимон, анар кескенден кийин бычакты дароо
жууп коюңуз. Болбосо бычакты дат басып кетет. Бычакты кашык-вилкалар менен чогуу бир жерге
койбоңуз, мындан бычак тез мокойт.
Бычакты ысык сууга жуу жана ысык нерсенин
үстүнө коюу да анын тез мокошуна алып келет.
Мискей
Эмаль идиштин бекем болуусу үчүн колдонулган бир ыкма бар:
Жаңы сатып алган эмаль
мискейди пайдаланбай туруп ичине толтура
туздуу суу куясыз (1 л сууга 5 чай кашык туз).
Аны отко коёсуз да, кайнаганда оттон чыгарасыз.
Муздаган соң сууну төгүп саласыз.
Алюминий мискейиңиздин карарып калышын каалабасаңыз, ага тузсуз суу жана кабыгы
аарчылбаган картошка кайнатпаңыз.
Алюминий мискейди тазалоого капуста жардам
берет. Капустанын жалбырагына күлдү ороп,
алар менен мискейиңизди сүрүп тазалайсыз.
Температуранын кескин өзгөрүлүүсүнөн эмаль жаракага дуушар болушу мүмкүн. Андыктан,
ысык мискейге муздак суу же тескерисинче,
муздак мискейге кайнак суу куюуга болбойт.
Мискейдин капталындагы сүттүн күйүп калган
калдыгын жана датты кетирүү үчүн идиш жууган
чүпүрөктү кофенин данына малып алып, ошону менен сүртүңүз.
Эгер алюминий, эмаль мискейлериңиздин ичи
карарып кетсе, ага алманын, алмуруттун
кабыктарын салып алып кайнатыңыз. Мындан
мискей агарат.
Карарып кеткен алюминий мискейге толтура суудан куюп, 3-4 чоң кашык уксус кошуп 10-15
мүнөт кайнатсаңыз, мискейиңиз таптаза болуп
калат.

#200 14 February 2014 - 15:38
Айнек идиштер
Хрусталь стаканды ысык сууга жууганга
болбойт, мындан ал бозоруп кетет. Стакандарды жууганда бутунан эмес, үстүнөн
кармоо керек.
Айнек стакандарды уксус кошулган муздак суу
менен чайкап койсоңуз, хрусталь сыяктуу
жылтырап калат.
Оозу кууш айнек идиштерди мындай ыкма менен жуу натыйжалуу болот:
идишке жылуу суудан
куюп, жуучу каражат жана бир чоң кашык ирик
кум саласыз. Анан идишти ары-бери бир нече
жолу чайкайсыз да, ичиндегилерин төгүп
саласыз.
-Бөтөлкөнүн түбүндөгү шараптын, ширенин катып калган калдыгын кетирүү үчүн бөтөлкөгө жылуу
суу куюп, бир чоң кашык сода саласыз да, бир
саат коюп коёсуз. Андан соң жакшылап чайкап,
чоргодон агып жаткан сууга жууп саласыз.
Жаңы алган стакандарыңыздын көпкө кызмат
кылуусун кааласаңыз, аларды мискейдеги сууга салыңыз. Ортолорун калың кагаз менен бөлүп
койсоңуз, бири-бирине тийишкенде сынбайт. Анан
мискейди отко коёсуз. Суу кайнаганда мискейди
оттон чыгарасыз. Качан гана суу толук бойдон
муздаганда стакандарды мискейден чыгарасыз.
Ичине май куюлган бөтөлкөнү жууда кофенин даны жардамга келет. Аларды бөтөлкөнүн ичине
себелейсиз, анан бир аз жылуу суу куюп,
чайкайсыз.

Супер-Инфо
super.kg
видео