Эгер сорпонун тузун ачуу салып алган болсоңуз, 2-3 картөшкөнү сүргүчтөн өткөрүп майдалап, эки катар марлиге салып туруп, сорпонун ичине кармаса, анын тузун бир нече убакыттан кийин соруп алат.
Пaйдaлуу кеңештер Ден соолук, туура тамактануу жана башкалар
#82 28 October 2011 - 19:13
Рахмат "Айдашка"
эжеге,талыкпай иштей бериңиз!
Суроо:
"Общественный транспортто" уктап калбоо үчүн кандай кеңеш?
Китеп,газета окуганда көз ооруйт?
Колдун тамырлары эмнеден чыгат?
(кеңеш берсеңиздер)

#83 28 October 2011 - 23:26

Уйкуну келтирбей кармап туруу үчүн… Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктө рү иштеп, ал уйкуну келтирбө өгө жардам берет.
Кофе менен чайды уйкусуздук үчүн колдонууда абайлаңыз, өтө көп ичүү жүрөктү н согушун тездетип, артериалдык канбасымды көтөрү п жиберет.
Муздак аба, муздак сууга чайынуу денеңизди сергитет, уйкуңузду умачтай ачат.
Бирөөлө р менен жандуу сүйлөшү ү, үн чыгарып ырдоо да жабышкан көздөрү ңүздү ачат.
Уйкуга эмнелер тоскоол?
Кофе, кызыл чай, кока-кола уйкуну бузат. Жакшы уйку үчүн жалбыз, валериана чөптөрү нөн демделген чай, же бир стакан жылуу сүт жутуңуз.
Жатаар алдында буркурата чегилген тамеки, алкоголь ичимдиктери тынч уйкуну жоготот. Түнкү ичилген коньяктан кийин болсо таңында ойгонуу,калыбыңа келүү өтө кыйын.
Жатаар алдында күчтүү тамактанып алганда организм тамак сиңирү ү менен алектенип, уйку менен эсалдырууга күчү жетпей калат.
Жумшак төшөк, чоң жаздык денени жакшы эс алдырбайт, тынч уктоого тоскоолдук кылат.
Уктоочу бөлмөдө гү турган иш столу, компьютер уктоого терс таасирин тийгизет.
Башжагың ызда турган сааттын "бетин" тескери буруп коюу оң натыйжа берет.
Уктабаган адам - дөөрү кчүл
Уйкудан дайыма жапа чегип жүргөн адам жөнүжок ачууланып, сөз көтөралбай, нерви чыңалуу абалында жүрөт. 5 күнгө чейин уктабагандары болсо соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрү гөн абалга жетишкенде - доктурлар андан ары тажрыйбаны улантуудан чочулашып, дароо токтотушкан.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#84 03 November 2011 - 21:36
Карарып калган банандарды ыргыткандын ордуна, оозу жакшы жабылган пакетке салып, морозильникте сактасаңыз болот. Эриткенден кийин кексттерге кошуп бышырсаңыз болот.
Салат сыяктуу жалбырактуу жашылчаларды бычак менен туурагандын ордуна колуңуз менен бөлүңүз. Көбүрөөк витаминдерди сактап каласыз.
Балыңыздан шекерленип кетпеши үчүн салкын жана караңгы жерде сакташыңыз керек. Күндүн нурундан коргоп, оозун ачык калтырбашыңыз керек.
Катып калган нанды духовкада кызарткандан кийин майдалап оозу жабык айнек идиште сактасаңыз болот. Котлет же куурулган тамактарда пайдаланыңыз.

#85 06 November 2011 - 00:05
Эгер бычактын мизи карарып же дат басып калса, аны лимондун кесими менен сүртүү керек.
Бычакты курчутуу алдында тазалап, кургатып алуу зарыл.
Болоттон жасалган бычакты ысык суу менен жууганга болбойт.
Азыктарды жыгач же пластиктен жасалган тактайчалардын үстүнө кесүү керек. Айнектен жасалган тактайчалар бычакты бат мокотот.
Бычакты курчутуу алдында тазалап, кургатып алуу зарыл.
Болоттон жасалган бычакты ысык суу менен жууганга болбойт.
Азыктарды жыгач же пластиктен жасалган тактайчалардын үстүнө кесүү керек. Айнектен жасалган тактайчалар бычакты бат мокотот.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#86 11 November 2011 - 00:31
Капуста аралашкан тамактарда жыты чыкпасы үчүн казаныңыздын капкагына бир кесим нан коюп коюңуз.
Сырты катуу жаңгактарды оңой чагуу үчүн бир түн туздуу сууда түнөтүңүз.
Картошканын жумшак болуп соолуп калуусун алдын алуу үчүн арасына алма кошуп коюңуз.
Ваннаңыздын жана раковиналардын таптаза болуусу үчүн кадимки эле тазалоочу каражатка уксус кошуп тазаласа жакшы натыйжа берет.
Кафелди тазалоо үчүн, сода кошулган суу менен жууп, кургаткан соң спиртке малынган кебез менен аарчып койсо жалтырап калат.
Полдогу кичинекей тактарды кетирүү үчүн сууга уксус кошуп тазаласа жакшы чыгат.
Дубалга кагылган жөнөкөй же бурама мыктын дат басып кетпөөсү үчүн түссүз лак менен лактап койсоңуз болот.
Тамактын майы көп болуп калса казанга муз салып коюңуз. Майлар муздун жанына топтолуп калганда аны чыгарып таштаңыз.
Абадагы тамекинин түтүнүн тазалоо үчүн оливка майы эң жакшы жардамчы. Ал майга сиңирилген пахтаны күйгүзсө аба тазаланып калат.
Жаңы алган килемиңизди 6 жума өтпөстөн мурда чаң соргуч менен тазалабаңыз. Атайын щётка менен гана тазалап турган оң.
]

#87 11 November 2011 - 16:27
Охоо, рахмат, рахмат!
Жазып алайын: аябай пайдалуу кеңештер экен!

Бөлкө нан барбы?
#89 18 November 2011 - 20:41
Чайдын чамасы пайдалуу!
1. Чайдын чамасын кадимки гүл өстүргөн идишке салып койсо, андагы топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле, ал семирткич катары да жакшы натыйжа берет.
2. Чайдын чамасын кургатып коюп, от жакканда отун-ичеги катары пайдаланса болот.
3. Кургатылган чаманы ташкөмүргө аралаштырып жакса, оттун табы көпкө сакталат.
4. Ар кандай айнек идиштер менен күзгүлөр, терезелер кирдеп калган учурда аларды чайдын чамасы чыланган суу менен сүртсө, тез тазарып, туптунук болуп калат.
5. Кургатылган чаманы ар кандай жагымсыз жыт жыттанган жерлерге, маселен, дааратканаларга төгүп туруп күйгүзүп жиберсе, жагымсыз жыт дароо жоголот.
6. Жагымсыз жыттанып калган идиш-аяктарды чайдын чамасы салынган сууда 10 мүнөттөй кайнатса, жыты оўолуп калат.
7. Кургак чаманы жаздыкка салып койсо, жаздык тер жыттанбай, ары жумшак, ары жагымдуу жытка ээ болот.
8. Эгерде бөлмөнүн ичине чайдын чамасын түтөтүп койсо, ал жерге чымын-чиркей жолобойт.
9. Жумуртка бышыруучу сууга чайдын чамасы менен туз кошуп койсо, жумуртка өтө даамдуу болот.
10. Чеснок же пияз жегенден кийин ооздун ичи жыттанып калса, кургак чайды чайнаган пайдалуу.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#90 20 November 2011 - 22:38
Пияздын дарылык касиети
Биринчиден, пияз тамак синируугo жакшы жардам берет. Анын жагымсыз жыты андагы эн эле баалуу сапаты, бул эфир майлары оору пайда кылуучу жана чиритуучу кoптoгoн бактерияларды жок кылат.
Атересклероз, мээ кан тамырларынын склерозунда пияз ширеси жана балдын кошулмасын (1:1) 1 аш кашыктан кунунo 3 маал тамактын астында же тамактан 2-3 саат oткoндoн кийин ичет.
Пияздын ширеси жана боткосу - жарада, кoпкo чейин айыкпаган жаратта, дерматит, теридеги кычыштырган тактарда, безетки, куйук, ал гана эмес сепкилде да натыйжалуу.
Эгерде денеге чыйкан же сыздоок чыкса, ал жерге ысытылган пияздын жылуу боткосун же бышкан пияз, майдаланган самындын аралашмасынан даярдалган мааламды (пластырь) тартуу керек. Бинтти кунунo бир нече жолу алмаштыруу талап кылынат.
Пияздын жаны ширеси суук тийгенде алмашкыс каражат. Аны бал менен аралаштырып (1:1) кунунo 1 аш кашыктан 3-4 ирет ичуу керек. Эгерде тамак ооруса кунунo 3-4 ирет 1 чай кашыктан кабыл алат. Сасык тумоодо, гриппте мурундун былжырлуу челин пияздын жаны ширеси менен суртуп же мурун аркылуу 2-3 мунoт дем алуу керек (оорунун башталышында oтo натыйжалуу). Баланы дарылоо учун ал уктаганда керебетинин жанына пияз салынган тарелканы коюп коёт.
jpg]

#91 20 November 2011 - 22:45
Тамакты башында туз жеп алып баштасаңыз мээ тарабынан жөнөтүлгөн бир сигнал аркылуу ашказанда мукус деген бир катмар пайда болот да, ашказандын тамакты оңой сиңиришине жана даярдык менен желген тамакты күтүп алышына себепкер болот.
Тамак жеп атканда жерге отуруп, сол бутту бүктөп оң бутту болсо курсака таяп жесе, суу менен толтурулган балон сыяктуу ашказандан толугу менен сиңдирилбеген тамактын ичегилерге өтүп кетишине жолтоо болот да, ашказан толоору менен токтук сезимин берет, ушинтип аз тамак жеп дасторкондон туруп кетсеңиз болот.
Тамак жеп атып тамактын ортосунда суу ичилсе, ичилген суунун азыктардын сиңдирилише жана керектүү витаминдерди эмилишине жардамчы болот, токтук сезимин берип аз тамак жедирет.
Отуруп жана 3 жутумда ичилген суу, тил жана ооз жерлеринде көбүрөөк токтогондуктан түкүрүк бездери үчүн керектүү болгон суунун эмилип тартылышына себепкер болот жана ооз менен тиш чыңдыгын артырат.
Уктап жатканда оң жагыңыз менен жатсаңыз жүрөгүңүз сол жакта өйдөдө калат да жеңил иштейт жана чарчабайт..
Душтан чыгаарда бутуңузга муздак суу төксөңүз денең издеги кандын айланышын тездетесиз, ысык суу менен гендешип бара жаткан кан тамырларына жандуулук берип давлениенин түшүшүнө жардам бересиз.

#92 22 November 2011 - 00:09
ЖАҢГАКТЫН ДАРЫЛЫГЫ
КАСИЕТИНИН КҮЧҮ ЭМНЕДЕ?
“Азык болгондон тышкары миң түркүн ооруларга даба болуп келе жаткан жаңгактын касиети эмнеде?” деген суроо жаралбай койбойт. Буга окумуштуулар “касиети андагы эң пайдалуу заттарда” деп түшүндүрүшөт. Изилдөөлөрдө жаңгактын данында, май, белок, йод, калий, магний, темир, күкүрт, жез, кобальт, цинк жана витаминдерден: В, В6, В2, А, С, К бар экени тастыкталган. Булардан тышкары амин кислоталарынын топтомдору да бар.
ОРГАНИЗМГЕ ТААСИРИ
Жогоруда айтылгандай, жаңгактын тандалма курамы адамдын иммунитетинин көтөрүлүшүнө, денеден оор металлдардын (стронций, коргошун ж.б.) чыгышына, организмдин радиацияга каршылыгынын жогорулашына салым кошот. Ошондой эле жаңгак мээни азыктандырып, анын иштешин жакшыртат. Жүрөктүн булчуңун жана ашказанды бекемдеп, атеросклероз оорусунун алдын алат. Кант диабетинен арылууда салым кошуп, кош бойлуу аялдардын курсак терисинин жарылышына жол бербейт. Эркектердин бел кубатын күчөтөт. Жаңгактын жалбырагы микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ экенин да айта кетели. Жаңгактын мындан башка да дарылык касиеттери толтура.
Төмөндө элдик медицинада жаңгак кайсы ооруда кандайча колдонулары тууралуу маалымат беребиз.
ЭС-ТУТУМДУ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ
Бул үчүн жаңгак бальзамын даярдоо керек. 1 килограмм жаңгакка 300 грамм бал кошулат. Ал эми 100 грамм алоэге 300 грамм суу кошулуп, өзүнчө кайнатылып, анан муздатылып алынат. Эми жаңгак, бал, алоэни кошуп аралаштыруу зарыл. Дары бальзам даяр. Күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан колдонулат.
ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРҮҮ
500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат.
Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичүү талапка ылайык.
БЕЛ КУБАТТЫ КӨТӨРҮҮ
100 грамм жаңгак менен бир аш кашык балды аралаштырабыз. Ар күнү уктаарга 3-4 саат калганда бир аш кашыктан кабыл алуу керек. Таасири бир нече күндөн кийин байкала баштайт.
ТИШТИ ТАЗАЛОО
Көк жаңгактын сыртындагы калың кабык менен тишти сүртсө, тиш аппак болуп чыга келет. Ооз ичиндеги жагымсыз жыттар да кетет.
СӨӨЛДӨН КУТУЛУУ
Жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп кайнатып алат.
Анан кайнатма сууп калганда сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, үстүнө целлофан коюп таңуу кажет. Муну күндүз деле бир нече ирет жасай берүүгө болот. Сөөл алгач карарып, анан өлчөмү кичирейип баштап, акырында жоголот.
ЖАҢГАК КЫЯМЫ
Көк жаңгактын кыямы (варенье) бөйрөктүн сезгенүү ооруларында (нефрит, пиелонефрит) колдонулат.
ЖАҢГАК МАЙЫ
Жаңгак майы заманбап жана элдик медицинада коньюнктивит (көз оору), тери жаракатында жана эмчектин үрпү кесилгенде сыйпоо үчүн колдонулат. Отитте (кулак оору) кулакка тамызылат.
КИМДЕРГЕ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?
Псориаз, экзема, нейродермит, бөрү жатыш ооруларынан жапа чеккендерге колдонууга болбойт. Ошондой эле гастрит оорусунун курчуп турган кезинде пайдаланууга тыюу салынат. Анткени жаңгак аталган ооруларды күчөтүп жиберет.

#93 22 November 2011 - 00:13
Жүгөрү жана анын пайдасы
Курамындагы витаминдер.
Жүгөрү жүрөк-кан тамыр системасынын калыптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон К витаминине бай. Андыктан жүгөрүнү көп өстүргөн өлкөнүн калкы жүрөк-кан тамыр оорулары менен аз оорушат. Жүгөрү – эрте картаюунун алдын алып, чачтын жана теринин абалын жакшыртуучу Е витамининин казынасы. Нерв системасын бекемдөөчү В витаминин, иммунитетти көтөрүүчү С, сөөктү бекемдөөчү Д витаминин жана темир, калий, кальций жана магний сыяктуу пайдалуу заттарды да жүгөрүдөн табууга болот.
Диетологдор жүгөрүнү организмден ашыкча холестеринди чыгара алгандыгы үчүн баалашат. Жүгөрү майы тамакка болгон табитти төмөндөтөт. Андыктан аны арыктоодо да колдонушат.
Колдонулушу.
Жүгөрү илгертен тамак-ашка жана тоют катары кеңири колдонулуп келет. Мисалы, поп-корн кийинчерээк гана популярдуулукка ээ болсо, ал мындан 5000 жыл мурун эле америкалык индейлердин негизги тамагы болгон.
Жүгөрүнүн медицинада да өз орду бар экенин кошо кетели. Мисалы, жүгөрүнүн чачыгы боор менен өттүн иштөөсүн жөнгө сала тургандыктан, аны холецистит жана гепатит ооорусу барлар кайнатып ичишсе болот. Жараны айыктырууда да салымы чоң болгондуктан, дерматит оорусу барлар тамак-ашка (мисалы, салатка) колдонсо жакшы.
булагы

#94 03 December 2011 - 16:23
Чеснокту оңой аарчыш үчүн, бычакты капталынан койгондон кийин алаканыңыз менен катуурак уруңуз. Кичине жанчылган чеснок абдан оңой аарчылат.
Балыңыздан шекерленип кетпеши үчүн салкын жана караңгы жерде сакташыңыз керек. Күндүн нурундан коргоп, оозун ачык калтырбашыңыз керек
Карарып калган банандарды ыргыткандын ордуна, оозу жакшы жабылган пакетке салып, морозильникте сактасаңыз болот. Эриткенден кийин кексттерге кошуп бышырсаңыз болот.
Катып калган нанды духовкада кызарткандан кийин майдалап оозу жабык айнек идиште сактасаңыз болот. Котлет же куурулган тамактарда пайдаланыңыз.
Салат сыяктуу жалбырактуу жашылчаларды бычак менен туурагандын ордуна колуңуз менен бөлүңүз. Көбүрөөк витаминдерди сактап каласыз.
Консерва томат пастасын ачкандан кийин капкактуу айнек идишке салыңыз, томат пастаны жапкандай кылып суу май куюп койсоңуз көгөрүп кетпейт.

#95 03 December 2011 - 17:02
Кубат берүүчү азыктар
Кубат берүүчү азыктарга албетте белок, углевод жана майларга бай азыктар кирет. Өлчөмүнө жеткире тамактанбаган адамдын шайы кетип, башы ооруп, кыйналып жүрө бериши мүмкүн.
Ал азыктарга төмөнкүлөр кирет:
Майлар: Өсүмдүк майы, сары май, каймак жана башка курамында май кездешкен сүт азыктары кирет.
Майлуу азыктар: Эт, зайтун майы, жаңгак, жер жаңгак жана башкалар кирет.
Өсүмдүк уруктары: ашкабак уруктары, коон уруктары, күнжүт, күн карама уруктары кирет. Белокторго абдан бай болгондуктан, жаңгак менен өсүмдүк уруктары дененин өсүшүнө жардам берүүчү азыктар катары абдан баалуу.
Негизги азыктар
Негизги азыктарга турмушта абдан көп пайдалануучу азыктар кирет.
Дан азыктары: буудай, курүч, жүгөрү, таару ж.б.
Крахмалдуу тамырлар: кабакча, картошка.
Крахмалдуу мөмө жемиштер: банан, алмурут, жүзүм, курма ж.б.дан азыктары темирге, белокко жана витаминдерге бай келгендиги үчүн организмге абдан керектүү. Айрыкча, өсүп жаткан дене үчүн пайдалуу азыктардын катарына кирет.
Өсүп жаткан организм үчүн керектүү болгон белоктор
Бул белокторго бай азыктарды, жаш балдарга күндө берип туруу керек. Ал бир гана денени чыңабастан ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө да жардам берет.
Саадактуулар: аш буурчак, төө буурчак, тобуя, жасмык.
Жаңгактар: жер жаңгак, грек жаңгагы, бадам, мисте ж.б. данектүүлөр кирет.
Өсүмдүк уруктары: күнжүттүн, күн караманын.
Жаныбардан алынган азыктар: сүт азыктары, жумуртка, балык, тоок эти ж.б.
Денени коргоочу азыктар: витаминдер жана минералдар. Жалпысынан алганда аларга, кочкул-жашыл жалбырактуу өсүмдүктөр кирет: помидор, сабиз, ашкабак, кызылча, капуста, пияз, сарымсак кирет. Ошондой эле мөмө жемиштер: алма, өрүк, алмурут, шабдалы, апельсин ж.б. Ар түрдүү өсүмдүк азыктарын жегенге аракет кылуу керек. Анткени, табийгат адам ден соолугу үчүн ылайыкташып жаралган. Ден соолук үчүн абдан пайдалуу жана денени ар түрдүү белок, витамин жана минералдар менен камсыз кыла алышат.
Витаминдерди, минералдарды жана белокторду арзан баада көбүрөөк алуу боюнча кеңештер
1.Эненин сүтү. Ымыркайдын ден соолугу чың болуш үчүн э? пайдалуу жана арзан берилүүчү азык катары эсептелет. Эне канчалык деңгээлде туура тамактанса, бала да ошончолук азыктуу заттар менен камсыз болот. Ошондуктан, ымыркайды эрте эле эмчектен чыгарып салуу туура эмес.
2.Жумуртка жана тоок эти. Көптөгөн аймактарда жаныбарлардан алынуучу белоктордун эң арзаны жана пайдалуусу. Аны жакшылап бышырып ымыркайга да берсе болот. Шартка байланыштуу үй канаттууларын багуу ашыкча болбойт. Жумуртка кабыгын жакшылап кайнатып, майдалап, тамакка кошуп азыктанса, денеге чыккан жараны, булчуңу тырышса жана бош тиштерге дары катарында абдан пайдалуу.
3.Боор, жүрөк, бөйрөк жана кан - белок, витамин жана темирге абдан бай келет. Этке салыштырмалуу жогорудагы мүчө-лөрдү өтө арзан баада алууга болот.
4.Аш буурчак, төө буурчак, тобуя, жасмык. Саадактуулар белокко бай келет, баасы да арзан. Бул азыктар жаңыдан өнө баштаганда витаминдерге абдан бай болот. Аш буурчакты жакшылап бышырып, электен өткөзүп, ымыркайга да берсе болот.
5.Кочкул жашыл жалбырактуу жер-жемиштер. Курамында бир аз темир, белок жана бир топ "А" витамини бар.
6.Жашылча - жемиштерге, күрүчкө жана башка өсүмдүктөргө сууну аз куюп, бышыруу туура болот. Анткени, алардын курамындагы организмге бай заттар көбүрөөк сакталып калат. Ал азыктар кайнатып бышырылган сууну да ичүү абдан пайдалуу.
7.Жапайы мөмө жемиштер "С" витаминине жана табийгый кантка бай келет. Алар адамга кошумча кубат берип, денени керектүү азыктар менен камсыз кылат.
8.Темир кесиндиси салып бышырылган тамак-анемияга дары болот. Лимонго мыкты сайып, ширесин суусундук кылып ичсе да каназдыкка пайдалуу. Ал эми карачай ордуна көк чай ичкен туура. Себеби, көк чай организмди тазалоочу суюктук.

#96 09 December 2011 - 19:49
Балдын пайдалуулугу.
Бал медицинада
Медиктердин далилдөөсү боюнча бышык бал жүздөгөн ооруларды айыктыра алат. Экинчи кылымда жашаган байыркы рим дарыгери Гален өз убагында эле балдын касиетине таң берип: “ден соолукту чыңдоодо жана ооруларды айыктырууда балдан ашкан дары жок” деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында балдын организмдеги уулу заттарды жөндөөрү тууралуу айтылган.
Дарылык касиети
Балдын дарылык касиети талашсыз. Анын химиялык курамы болуп В, К витаминдери, магний, калий, фосфор, темир, йод, жез, марганец жана цинк эсептелет. Ошондой эле ал микро жана макро элементтерге да бай. Ошондуктан адамдын организми балды оңой эле өздөштүрөт.
Бал бактериялар менен күрөшүүдөн башка, нерв системасына, жүрөк-кан тамыр ооруларына жардамын берип, бөйрөк менен боорду тазалап, кандын курамын жакшыртат.
Өзгөчөлүү терапия касиети
Балдын негизги дарылык касиети анын аарылар аркылуу ар кандай касиеттүү өсүмдүктөрдөн чогултулгандыгында сакталган. Ошондуктан анын ар бир түрү – өздөрүнүн өзгөчөлүү терапия касиетине ээ.
Адамдын дем алуу органдары ооруганда, абасы таза тоолордогу гүлдөрдөн чогултулган тоонун балын колдонушу керек.
Бөйрөк ооруганда - жазындагы айылдардын талааларындагы керемет чөптөрдөн жасалган балды колдонсо болот.
Нерв жана жүрөк ооруларына - жайында жасалган бал жакшы.
Талаалардагы гүлдөрдөн жасалган бал болсо – тамак сиңирүү системасынын ар кандай ооруларын айыктырат.
Адамдын организми балды өзүнө өздөштүрүүдө, сиңирүүдө жана иштеп чыгууда анча деле кыйналбайт жана ал процесс башка азыктарга салыштырмалуу жеңил жана аз убакытта жүрөт. Көрсө, эмгекти сүйгөн чаяндар биз үчүн иштин баарын жасап коюшат экен.
Ден соолуктун жалпы чың болушу үчүн ар бир адамга суткасына 4-6 чай кашык балды ичип коюусу ашыкча болбойт. Анткени, бал нерв системасын эс алдырат, жүрөктүн булчуңдарын чыңдайт, канды тазалап турат жана адамдын күчүн калыбына келтирет. Ошондуктан мүмкүн болушунча денелик оор жумушту аткараардын алдында жана андан кийин бал колдонуш керек. Спорт менен машыккандарга бул маанилүү.
Ооруларды алдын алууда жаңы балдарды колдонгон жакшы. Жапайы арылардын балы ден соолук үчүн коркунучтуу. Ал эми дүкөндөрдө сатылган балдар 49 градуска чейин жылытылат. Тилекке каршы 41 -42 градус жылуулукта балдын күчтүү касиети жоголуп кетет.

#97 09 December 2011 - 21:06
1. Чеснокту оңой аарчыш үчүн, бычакты капталынан койгондон кийин алаканыңыз менен катуурак уруңуз. Кичине жанчылган чеснок абдан оңой аарчылат.
2. Балыңыздан шекерленип кетпеши үчүн салкын жана караңгы жерде сакташыңыз керек. Күндүн нурундан коргоп, оозун ачык калтырбашыңыз керек
3. Консерва томат пастасын ачкандан кийин капкактуу айнек идишке салыңыз, томат пастаны жапкандай кылып суу май куюп койсоңуз көгөрүп кетпейт.

1. Чеснокту мен сууга бир аз салып туруп аарчыйм.
2. Балды мен бат эле жеп таштайм. Ошондуктан шекерленип кетүү көйгөйү жок. ))
3. Ушул кеңешиңизди көрүш керек экен. Мен билбей жүрдүм эле..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#98 09 December 2011 - 21:09
Баарын көчүрүп алдым. Болочок келинчек үчүн да аябай пайдалуу кеңештер бар экен.)) буйруса.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.

#99 09 December 2011 - 22:19
Баарын көчүрүп алдым. Болочок келинчек үчүн да аябай пайдалуу кеңештер бар экен.)) буйруса.
Шилтемесин эле агенттен жөнөтүп жибериш керек.. Эмитен окуй берсин.. А то кийин убакытты кайдан табасың
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#100 10 December 2011 - 00:08
Мен жазып алдым,куйооого тийип калсам(алса) кереги тиет деп
Сүйүп сени жаркыным. Күйүп сага алтыным. Айтсам дагы арзыбайт. Бир сөз эмес алты миң.

Супер-Инфо
super.kg
видео