Суперстан: Учурга анализ... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Учурга анализ... Сиздин оюнуз?

#21 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   20 Апрель 2010 - 09:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Деги эмне болуп барат адамзат. Маевкадагы окуя да журок ушун алды го. Турктордун уйун орттоп, 3 айылдашын олтурушуп, аларга жардамга барган "тез жардам", орт очуруучулордун машинасын откорбой... Айтор, олкодо кырдаал оор болуп туру.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Dr Rich   20 Апрель 2010 - 15:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 157
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 13 Фев 2012 11:41
  • Жынысы:Эркек

Оппозиция элди жугуртуп коюп озулору карап турушкан, азыр болсо Бакиев карап турат, провакаторлорду чуркатып коюп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   ona   03 Ноябрь 2010 - 13:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Тынчтанып, эмоциялардан арылып, чарбабызды жургузсок жакшы болмок... Экономика дефолт болуу коркунучунда турат...анан "ары жок тооктун тушуно актаган таруу кирет" болуп эле саясаттан арыла албай жатабыз... Создон ишке,болгондо да "созидательный" , эффективдуу ишке отсок болот эле...
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   adalsvards   05 Август 2011 - 10:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Форумчулар тарабынан дагы өзүнүн анализдери жазылса жакшы болмок...
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Tangsuu   05 Август 2011 - 10:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 259
  • Катталган: 26 Июль 11
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Менин ойум бойунча, азыр бизде мурунку ууруларды, (кимдер жонундо экенин тушундунуз болуш керек) башка уурулар менен эле алмаштырылып жатат. СүрөтВот и все!
P.S. 1 28√e 980

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   adalsvards   24 Апрель 2012 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Бекерге баш айланткан ВИРТ дүйнө

Күндө жок дегенде, эки жолу маршруткага түшөм. Мен каттаганы университеттерди кыдырып жүргөнү үчүн басымдуу бөлүгү студенттер. Мына, эшикти ачып кирдиң, акчаңды төлөдүң, ооздон кичине ары өттүң, анткени жол жарым саатты алат. Кызыктуу картина! Бир колу бийик тутканы кармаса, экинчи колунда телефон. Отургандарда деле ушундай көрүнүш. Бирөөсү тымызын мылжыйып алган, сыртынан караган адамга акылынан азгандай көрүнөт, экинчиси ашыкча жыргап алган, энеси эгиз төрөгөнсүп, үчүнчүсү кнопкаларды тешип жиберчүдөй басып... Ар бири өз дүйнөсү, өз оокаты, өз тар чөйрөсү менен алек. Маршрутка кокусунан катуу тормоз басып жиберсе, телефонун чукулап отургандардын баары реакция деле кылбайт, унаада бара жатканын деле унутуп калса керек саамга... Уланта беришет. Эч нерсе болбогондой. Анан баягы биз сүйгөн Шурик конспектти окуп бара жатып, жоготуп алып, түрдүү китеп, журнал, гезит беттеринен издейт го аны, дал ошол сыяктуу ар биринин экранын карайм. 99 пайызы агентте, анда-санда электрондук китепчелерге көз түшүп калат.

Аш-баш дегиче, үйгө жетесиң. Тосуп алган апам. Менин келгениме кадимкидей кубанат. Дароо эле ашканага өтөбүз. Менин "жандуу агентим" - апам. Бир күндүк жаңылыктарды эч кандай окубай, суранбай, жалдырабай эле угуп алам. Укканда да кандай! Эмоция менен, мимика менен! Кээде апам берилип кетип, ыйлап да алат...))) Ашкана гана күрү-гүү. Сезимдерге, анан албетте ушактарга бай. Калган бөлмөлөрдүн үнсүз режимге түшүп калганына эки-үч жылдан ашып бара жатат. Биринде эки иним, дагы биринде сиңдим. Үчөө тең агенттин кулу, малайы, күңү. Айрыкча сиңдим 24 саат бою кароолчулук мөөнөттө.

- Тиги М. деген аяш энеңчи "жакында өзүбүз менен өзүбүз сүйлөшүп калат окшойбуз" деп күлдүрөт. Баласы керээли кечке агентте отурат экен.

- Апа, эми азыр баары эми ушундай. Аяш энеме да агент ачып берип коюшсун.

- Ансыз да баласы ошентип күйдүрүптүр.

- Туура кылат, - деп апам экөөбүз учу-кыйыры жок сөздөргө баш оорутабыз. Тамак бышат бул аралыкта. Кыйкырып отурбайын деп, менде ачылган агент аркылуу "тамак" деп жазып жиберем ар бирине...))) Аркы бөлмөдө отурган алар жооп да жазып коюшат, уялбай: "не хочу", "у меня диета", "азыр, бирок менюда не?" дешип!

Апам менен атам наалый беришет. Уюлдук телефон деген балээ чыкканда, экөөнү ага үйрөткүчө эсим оогон. Анан СМСти жаздыруу өзүнчө бир чоң сыноого эле айланган. Азыр экөө тең кат тергенди, бирөөнүн байланышын сактаганды билишет...)))

Эч кимге агенттин айынан асылгым келбейт. Өзүмдүн интернет дүйнөсүнө байланганыма 12 жылдай болуп бара жатат. Болгону мунун массалык бир вируска айланып бара жатканы ойлонтот. Ким кандай максатта пайдаланып жатканы болсо, таптакыр туңгуюк тема!

Бир күнү улуу иним сиңдимдин агентин карап калып, ал жактан "ПАРНИ" деген бөлүмдүн 200дөй адамы бар экенин көрүп, урушумуш боло баштады, тарбиялык саат өткөрүп. Чала орусташкан ал укту, укту да, "это только которые сидят в онлайне" деп жатпайбы... Өлүп берүү аздык кылат!..))

Билбейм, бул көрүнүш канча үй-бүлөнү кыйнап жатат? "Агент баңгилери" тынымсыз, күн-түн дебей, телефонсуз тамак жей алышпайт, уктай алышпайт, сабакка, жумушка да бара алышпайт. Аны менен эмне ичип жатканын, эмне жеп жатканын, ким менен жүргөнүн, кимди сүйүп жатканын, ким менен ажырашканын, кайра кимди тапканын, ким менен түн өткөргөнүн, э, койчу, бүт майда-чүйдөсү менен билип турасың бул тууралуу.

Атүгүл, ким менен жолукпа, ушул агент, фейс, твиттен башталат сөздөр: "баланчаны көрдүңбү, минтип коюптур?" , "түкүнчө жигити менен түшкөн фотосун илиптир". .. бла-бла... тырым-пырым. ..

Керек болсо, мен да жипсиз байлангам. Ушул эле форумдан баштап. Эгерде форумга катталган күндөн баштап бир адамга ушул форумга арнаган убактымды бөлүп, көкүрөк өйүгөн көйгөйлөрүмдү ага айтсам, аны менен кошо талкуулашсам, эмдигиче жакын адамдарымдын бирине айланып калмак беле? Күлкүм келет! Аргасыздан!

Тажадым, вирттен. Монитор артында отурган адамдардан. Башка жолум жоктой, кыларга иш табылбай калгансып, ошолор менен сүйлөшкөнүм кыжырды келтире баштады. Бирок айланкөчөк. Убактылуу четтедиң дегичекти алардан кол үзөсүң. Анткени "баңгилер" толтура. Ал эми реал дүйнө барган сайын тарып барат. Жакында аларды кызыл китепке кошсо деле таң калбайм. Таразанын тандоосу кайда оойт, билбейм.

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   orion   24 Апрель 2012 - 20:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 486
  • Катталган: 16 Апрель 11
  • Соңку аракети: 18 Июл 2014 12:07
  • Жынысы:Эркек

Uh ty Adalsvards postunus chyndykty aykyndashtyrgan makala bolupturgo. Men dele ushunday okuyaga kundo kezigem, birok mynday kooz jana tushunuktu jazalmak emesmin. Sizdin postorgo fanat bolup barata jatam. Tuura aytasyz azyr internet, agent chon koygoluu maselege aylanyp barajatat. Bizdikiler adattagyday masele tuyshukko aylanganda kana chara korush kerek ele dep kalyshat. Oshonduktan dagy kopko marshrutkadagy okuyalarga kubo boluuga duusharsyz.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   FALLAH   25 Апрель 2012 - 09:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 154
  • Катталган: 31 Май 08
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:27
  • Жынысы:Эркек

adalsvards - Вау чын эле вау, экен. Бир буркумдо ичнидегилер чыгып кеткен экен. Илгери мындайларды курбу досторго айтчу элек, казыр инетте айтып калдык. Кытайда интернет менен ооругандар учун отдельно поликлиника ачылды деген чын окшойт. Азыр мурдагыдай аялдамада, кафеде, ж.б. жерлердеги случайно болгон танышуулар азайып баратат. Почти жокко эсе. Откондо бир тааныш айтып жатат- очередьте туруп жанымдагы сулуу кыз мн таанышкым келип батынып суйлой албай койдум. Ичимден агентин сурасамбы деген ой келди- дейт. Ммммдаааа!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   adalsvards   01 Май 2012 - 10:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Таштанды балдар...(((

Акыркы жолу былтыркы жылдын декабрь айында үч күндүн ичинде бир китепти (Ким Филби "Я шпион") окуп чыктым. Ага чейин өзүмдү аябай жемелеп жүрдүм, китеп окубай калдым деп... Азыр ойлонуп көрсөм, окуу адатын таштагандан эмес, бир күндүн ичинде өтө көп маалымат окугандан улам энергия жетпей калып жатат го деп ойлоп калдым. Кезектеги маалымат, анын аталышы, кириш сөзү... "27-апрелде энелери төрөп, таштап кетип, Москвадагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан Тимур, Арсен жана Нурбек аттуу наристелер Бишкекке алынып келинди." Менин көңүлүмдү бурганы ымыркайлардын ысымдары Тимур, Арсен менен Нурбек болду, жок калп айтам, тагыраагы наристелердин эркек экендиги мени майыштырды, капалантты, кадимкидей. ..(((

Бул жашоо алынган тажрыйбасы менен кызыктуу. Өз чөйрөмдөн эле 3-4 үй-бүлөнү билем, уул төрөп бербегени үчүнаялынын үстүнө токол алышкан. Азыркыга чейин ошол эркектердин, тагыраагы үй кожоюндарынын "Туяксыз калам! Сен кет, эркек (!) төрөп берген катын алам" деп үйдү үч көтөргөндөрүн эстейм. Ошол анча-мынчаны жакшы сиңдириле элек курагымда "кыз адам эмеспи?" деген суроолорго такалып калчумун. Кийин мунун баарын аш кылдым, бир эле кыргыз эмес, бүтүндөй адамзаттын эркек баланын төрөлүшүнө өзгөчө басым жасарын билдим.

Менде суроо пайда болду. Тимур, Арсен жана Нурбектин аталары кайда? Алар туяксыз калып кеткенден коркушпайбы? Мейли энелери ымыркайды керексиз деп таштаптыр, а аталарычы? Аларга да керексизпи? "Эркек керек (!)" деп кыйкырган, үй-бүлөсүн таштаган, кыздарынын убалынан коркпогон эркектерге эмне болду? Намыс кайда, туяк керек деген эркектер кай жерде калып кетти?

Балким, Москваны тургузуп жаткан курулуштардын бириндедир, же көчө шыпырып жүргөндүр, кечке чейин эптеп иштесем, түнү бир бөлмөдө 20сы уктагандардын арасында бүктөлө жатууга орун табылса, курсакты кукси менен жалмаса, айдын соңунда кийинки айга чейин эптеп жетчү акчага дейре чыдаса, учу-кыйыры жок сарсанаа болуу, өмүрү толбос чөнтөктүн азабын тартуу, аны жүз грамм жана тынымсыз түтүн-чылым менен басуу - бул баардык көйгөйдүн арасында балалуу болгум келет деген ниет жоголуп бара жаткандай...

Билем, мунун баарын дүлөй менен азиздерге айтып-жазып жатам. Биз намыссыз, кымындай жоопкерчилиги жок, убалдан коркпогон, коркунучтуу, өтө коркунучтуу адамдарга айланып бара жатабыз. Эгерде кыргыз, үйдүн кожоюну деп эркекти билсе, бүгүнкү эркек келечектеги туягын эмес, күнүмдүк аш-оокатын жана мүнөттүк кумарга батуусун ойлосо, бизди эмне күтөт?

Жыл айланбай, жыйырма жыл өтүп-өтпөй Тимур, Арсен жана Нурбек атасыз-апасыз чоңоёт. Бир гана үмүт. Үзүлбөгөн үмүт - жок дегенде ушул эркектер, ата-эненин жоктугунан кадырын миң эселеп билгендер, өз уулдарын, өз кыздарын таштабай, үй-бүлөнү баалаган болуп чоңоюшаар.

Пы.Сы . Жогоруда китепти бекерге эстебедим. Чет жерге чыгып, Москва аркылуу учкан элек. Барууда, кайтууда, аэропортто көпкө отуруп калам деп китепти колумда кармай кеткем. Шереметьеводо отурам, тыңчыларды окуп, каттамыбыздын убактысы келгенче... Анан тамеки чеккен жайдын жанындагы эки кызга көңүлүм түштү. Бирөөсүнүн ичи челкейип, жок дегенде жети айлык боюнда бар экен. Дембе-дем, өлүп-талып, соруп жатат чылымды. Ушунчалык ачуум келди, китебим менен барып туруп, башын коюп алайын дедим. Курсагындагы баланын ден-соолугун ойлобогон ушул келин, анын тагдырына да көңүл кош болсо керек. Жок дегенде, баланы ата-энесиз калтырып кетсеңер да, суранам, анын ден-соолугуна балта чаппагылачы. ..

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Romantic   01 Май 2012 - 11:03

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Просмотр сообщения adalsvards (01 Май 2012 - 10:45) жазган:

Makalanyz maktoogo tatyk!!! Al emi bolup jatkan korunuw akyr zamandyn belgileri... :smoke:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   kaitpas   04 Май 2012 - 13:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Учурга анализ:Дуйнону дунгуротуп, онугуп-осуп келе жаткан мамлекеттерди теледен.интернеттен коруп алып козум куйот.Экономикасы жагынан эн артта калып,ал эми кичинекей мамлекет экенибизге карабай митинг,уруш- талаш,ушак-айкын жагынан алдынкы орунда экенибиз баарына белгилуу.Башка элдерге салыштырмалуу акыркы убактарда уламдан которулуш чыгарганыбыз, саясат жана саясат деп теледен да,интернеттен да жада калса кочого чыксан да баарынын оозуда сасык соз.Башка элдер электрониканы, илимий изилдоолорду ж.б ушуга окшогон жетишкендиктерди кылып,ошондо да тынч тушунук менен жашаса,биздин эл оозу менен суйлоп коюп бирине бири асылганы асылган.Чындыгында абал ото оор,жашоонун кыйындыгынан, айланын жоктугунан жарандарыбыз ар тарапка кетишип сарсан болуп журушпойбу. Ат минерлер кундо жаны мыйзам киргизип,оппозиция бийликке асылып,бийлик оппозицияга асылып арада карапайым калк кыйналып жатканы чын.Жакыр жашаган эл акча деп алыс жерлерде ботон элдерге кор болуп,эркектер стройкада,аялдарыбыз кафелерде идиш жууп же болбосо орустун кочолорун шыпырып кун коруудо.Иштегени жакшы бирок алардын жаман адаттарын жуктуруп алып,сулуу кыздарыбыз тамеки тартып,арак ичип келечегине балта чаап жатпайбы.Эркектерибиз аялдарынын устуно аял алып,кыздарыбыз сойкулук кылып жан багып,канчалаган уй-булолор бузулуп кыргызга жарашпаган жат корунуштор болуп жатпайбы.Парламентте олтуруп алып чон суйлогон аттуучандар корсо да кормоксон болуп,билсе да билмексен болуп,жеке оз жашоосуна ылайыктап мыйзам тузуп алгандай.Бийликтен кетсе бизнеси токтоп каларын билип жан аракет кетпестикке курошуп жаткандары да жок эмес.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   yahaha   04 Май 2012 - 13:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 27 Июль 09
  • Соңку аракети: 28 Сен 2015 16:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

kaitpas ты колдойм. Кошуна эле Азербайжанды кара кандай керемет шаар... . Биздикилер дагы ле ушакчы, бекерпоз катындай. :cray: Жадагалса окумуштуу сөрөйлөр бир кыргызча илимий китеп жазганга жарабады, саясатчы-ашмалтайлар бир ошондой талап коё албады, ишкерлерибиз акчасын бөтөн өлкөгө салып, ошолор жакта иш ачты, өзүбүзгө болсо сырттан издейт аңкоону :shok: , ушундай бир митаам, шумпай, жатак жана макоо өлкөгө айланып баратабыз... .

Билдирүүнү түзөткөн: yahaha: 04 Май 2012 - 13:18

үмүтсүз - шайтан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   adalsvards   07 Май 2012 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

" Кичинекей апаң жакшы турабы?"

Ушул суроону кечээ бирөөнүн оозунан, тагыраагы ал айтып берип жаткан окуянын ичинен угуп калдым. Билбейм, мен ушунчалык кайнап чыктым. Андан кийин эмне сөз болгонун жакшы элес кылбай баштадым. Дивандан акырын турдум да, терезени карай жөнөдүм. Айнектин сыртында жапжашыл бак, жапжашыл чөп, көкмөк асман. Гармония! Өзүмдү контролдой албай калдым да, жаштар тыпылдап чуркады да, ылдыйды көздөй чууруду. "Токто, столдо отургандар эмне деп ойлойт? Сенин буга эмне тиешең бар?" деп өзүмдү ичимен урушуп жатам. Мындай болуп турат, бирок чанда. Бирөөнүн кайгысынан дайыма кабардар болуп турсам, өзүмдүкүндөй энчилеп алам ошол трагедияны. .. "Кичинекей апаң жакшы турабы?" - бир ооз сөз! Бирок азыркы мүнөткө чейин өзүмө келе албай отурам.

Кайда барбайын, башында кыздарга аралашып кетип, ашканадан башым чыкчу эмес. Жылдар өткөн сайын ал кыздар турмушка чыгып, ордун келиндер алмаштырды. Алардын чөйрөсүнө көп бата албайм. Анан апалар, эжелер, энелер менен чогуу отурууга туура келет. Чайнек алмаша берет, тамак-аш келе берет, ушактын артынан ушак, сөздүн артынан ээрчиген сөз.

- Баланча бар го, катын-балдарын таштап, баягы шуркуяга кетип калыптыр!

- Ий, бетим. Ал ошентмек, акчасы ашып-ташып жатса, оозунан сүтү кете элек кыздар өзү азгырып отурса...

- Өлүгүңдү көрөйүн, азыр ыйман кетти! Түкүнчө бар эмеспи, токолу өз кызынан эки жашка чоң экен, эми неберелери менен токолунан төрөлгөндөрү теңме тең болуп калбайбы...

Кыскасы, ушундай... Аялын-балдарын таштап кетүүгө деле жүйөлүү себеп жок, баарынан да өзүнөн эки эсе жаш кыздарга кетип жатканы эмнегедир таң калуу жаратпай деле калды. Эсимде, ушул эле апалар, эжелер, энелер мындан он-он беш жылдай мурун мындай кепти бири-бирине шыбырашып айтышчу. "Уят" деп, катуу үн менен сүйлөшүшчү эмес. Азыр кадимки тема. Ар бири коштоп кетет, өз мисалдары менен...

Тай энем айтып калат "биздин заманда ажырашкандар дээрлик жок болчу, жубайы каза болсо эле кайра үйлөнүшөт эле" деп. Азыр ажырашып кетүү эки тыйынга барабар. Аялыны кошо азап тартканы, балдарынын көз жашы ашып барса, беш тыйын.

- Айылга барып калган экен. Баягы токол алып албады беле К. , ошонун уулу тоого барып, атасынын тууганына жолугуп калса "кичинекей апаң жакшы турабы" дептир. Кантип болсун, ушундай... Кичине кызуулугуна салганбы, баягы бала жашына карабай, тууганын ашатып сөгүп бериптир!

Менин кабарым бар. Эгерде мен ошол баланын ордунда болсом, эмне кылмакмын билбейм, бирок мен андан да жүз эсе жаман жолго барарым - бул кепилдик! Бала атасы үйдөн чыгып кеткенде, кадимкидей депрессияга түшүп кеткен, ичип жүрдү, ыйлады. Эч ким сууруп чыга албай жатты. Соорото албады эч ким. Мен билсем, туугандары деле билет да! Анан ошентип кичинекей апасын сурап турганы, бул эмне? Шылдыңбы?

Балким, бул көнүмүштүр! Кадыреседир! Адаттыр!

Бүгүн кичинекей апа жөнөкөй эле нерсе болуп калса, анда эртең "кичинекей аталар" да пайда болот. Элестеткиле, ашканага чыксаң, "кичинекей апалар" жүрөт, дасторкондо "байбичелер" , казан менен самоордо "кичинекей аталар", төркү үйдө, аксакалдар кеңеши.

Бирок чыдай алабызбы ушундай көрүнүшкө?

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   kaitpas   08 Май 2012 - 02:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения adalsvards (07 Май 2012 - 15:27) жазган:

"Кичинекей апаң жакшы турабы?"

Таасирлуу создор!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Elvira Karaeva   30 Май 2012 - 13:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Сладкая вата" аласызбы?

Сүрөт

Базар күн. Кечке жуук болуп калган. Эртели-кеч футбол майданында жүрүп, анын үстүнө ушул күнү форумчуларыбыздан фортуна жүз үйрүп кетип, маанай "атылып" кеткен болчу. Ар бирин кучактап, соороткуң келет, бирок өзүмдүн ахывалым да "хреново" болуп турду. Кыскасы, оюн бүттү, "Билайн" жеңди. Шампан атылды, анын ичимдиги туш-тарапка чачылды. Анан эле жамаат менен кафелердин бирине бармай болуп калдык.
Финка, мен, дагы бир кесиптеш кызыбыз жолго чыктык. Чаалыккан үчүнбү, же карылыкпы Финка экөөбүз "такси менен эле кетеличи" дей баштадык. Антпесе кафе деле жакын. Биздин наалыганыбызга карабай, заматта өзүнүн оптимисттик маанайы менен үчүнчү кесиптеш кызыбыз "мобул эле жерде, жөө бассак деле жетебиз да" деп калды. Жаш баладай алдана басып жөнөдүк.
Жолдун жарымына келгенде, көчөлөрдүн биринен өтүп бара жатсак, таяк кармаган эжеге көзүм түшүп калды. Ары өткөндөн кийин артымды карасам, экинчи колунда бул жактагы таягынан үч келген, бирок "сладкая ватанын" баштыктары илиниптир. Алыстан карасаң балким эң бир кооз күлгүн түстүү гүлдесте болуп көрүнмөк беле?..
- Эже, түз эле кетесизби ушул жол менен? Биз барган жерге чейин көтөрүшө барайын?..,- дедим эжеге.
Тыкан жана таза кийинген, бирок арык жана кара тору эже жоолук салынган кичинекей башын акырын көтөрдү. Алакандай болгон жүзү, сөөк менен териси калган келбетинен саамга алдастай түштүм. Колума "гүлдтестени" карматты, элестеткенимден оор экен. Бир карасаң даамы ширин, салмагы жеңил "сладкая вата" деле оор экен...
Күйүмдүү Финка эже менен кобураша баштады. Ал эже былтыркы жылы күзүндө буту сынганын, ошондон бери сылтып калганын, балдарына көчөнү кыдыра "сладкая ватаны" саттыра албаганын, жума күндөрү "Дордой" "Супер-Инфо" да сатып, тиргилик өткөрөрүн айтып бара жатты.
- Бутум жакшы кезинде күнүнө 500дү сатчум, азыр 170ке чейин жетет. Көп кыдыра албай калдым проходдорду, - дейт эже.
Анан Базар-Коргондон болорун, айылды сел алып кетип, бир метрдей ылай каптап калганын угуп баштаганда, артыбыздан келе жаткан башка кесиптештерибиз кошулуп калды. Финка заматта демилгени колго алып, жөн кетпей, "сладкая вата" сатыша кетели" деп калды.
Анан бульварда бакырып, ары өткөн, бери өткөнгө сунуштай баштадык.
- Жашооңуз таттуу болот!,- деп...)))
Эже бир кубанат, бир сүйүнөт.
- Ким ойлоптур, бүгүн ушинтип жолум болорун,- дейт эже толкунданганынан. ..
Кафеге да жетип калдык. Жашоонуу таттуу кылган пахтанын дээрлик жарымын сатыштык. Башында жолуктурган үчөөбүз эжени бактын башынан узатып койдук. Эже эки жагына таягына таянган бойдон жолун улантып кетти.
- Балдар, вата алгыла,- деп жатты, артымды карасам...

Пы.Сы. Бул окуяны жазбайт деле болчумун. Бирок айтайын дегеним башкада... Келгиле, Финканын демилгесин аягына чейин колдоп коелу. Бүгүн акыркы күн. Балким, күйүмдүү курбубуз жаш балдарга "сладкая вата" да ала барар...)))

"Касыңды кучактасаң - дос табасың,

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Balamir   12 Август 2012 - 02:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Учурга анализ...
Мен, телевизорду учурдун Троя атына окшотом. Душман сырттан күч коротуп басып алуунун ордуна ичтен кирип келди. Болгону бир куту. Бирок, сыйкырдуу куту. Ичинен оюңа келбеген нерселер чыгат. Байкашымча, бизге пайдалуу өтө эле аз нерсе чыгат. Демек, биз үчүн пайдасынан зыяны көп. Аны көрсөк да көрмөксөн болобуз. Убакыт өлтүргөнгө ТВге эмне жетсин. Анын башында канча саат өткөнүн байкабай да калабыз.
Балдарыбызды өзүбүз тарбиялап атабыз деп ким айта алат? Балдарыбыз бери турсун, өзүбүздү да ТВнин колуна тапшырып койдук го. Анан, ата-энени көргөн бала кайда бармак эле... чогуу отуруп жөнөкөй эле самындын жарнамасы деп аппак санын жууп аткан жылаңач кыздарды кызыгуу менен көрүп же Голливуддун жылдыздарынын же азыркы күндө атактуу болуп бараткан сериалдагы каармандардын аттарын жаттай баштайт. Атын эле жаттап тынчыса макул дейсиң. Алардын жашоосун өз жашоосуна ташыйт. Ошолордой кийинип, ошолордой сөгүнө баштайт. Жүрүм - туруму автоматтуу түрдө өзгөрөт. Чоңойуп сага каяша айтып турганда түшүнө баштайсың... кеч калдың.
ТВ, модерн бутка1 айланды. Биз адамдар, колубуздагы "пульт управления" менен аны башкарып атам деп ойлойбуз. Чындыгында ТВнин кулуна айланып калганыбызды сезбейбиз... же сезип турсак да өзүбүздү кыйнагыбыз келбейт. Телевизорду жашооңордон чыгарып салгыла десем... мени келип атып кетсеңер керек. :-). Себеби мен аракет кылдым төрт жыл болду үйгө телевизор кире элек. Бирок, интернет бар. аны да азыраак колдонгонго аракет кылып атам. Колдонгондо да пайдалуу жакка колдоно билүү керек экен. Канча убактым ушунун башында өлүп кетти. Кыскасы өзүм айдан акмын дебеймин. Ошентсе да айтыла турган нерсени айттым. Эми, баары ИМХО. Кабыл алып-албаш силерден. Өтө чоң теманы кыска кылып бүтүрп койуу менин да ичиме жатпады. Бирок, буюрса мындан аркы макалаларда кеңири алганга аракет кылам.
...
Кой мен кеттим... сериал башталды. :-)).

____________
1. Бут - колдо жасалган кудай. Тагыраак айтканда кээ бир коом, өз колдору менен кудайларын элестетип жасап алышат да ага сыйынып андан жардам күтушөт. Ошол жасалган кудайчага бут деп да айтылат.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 12 Август 2012 - 10:31

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   kaitpas   12 Август 2012 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ушул темага кирсем эле башыма оор жук тушкондой,тубу жок ой-кыялдар жан дуйномду ээлеп алат.

Учурга анализ:
Кочого чыктым,айылдын оо мурдагы мындайча айтканда "авторитет" кишилери олтуруптур. Айыл баары бир айыл да,тиги акелер суйлойт калгандары ооздорун ачып эмне десе сиздин созунуз туура дегендей баш ийкешип,телмерип тиктеп турушат.Мен айылда аз жургондуктонбу айтор баягылардын создору негедир жага бербеди.Мен да кызуу талкуудагы темаларга кантип берилип кеткенимди сезбей да калыпмын.
Бири айтат,азыр бизге президенттин кереги жок,озубузду озубуз багып жатабыз дейт.Экинчиси айтат,бизге депутаттардын да кереги жок,алар эч нерсе кылбай эле жеп олтурушат дейт.Ошентип анын кереги жок,мунун кереги жок.Аны кетириш керек,муну кетириш керек деп олтуруп,кеч да болуп кетиптир.Тушундуройун деп бир билгенимди айтайын десем,кой балам озундон чондор суйлогондо аралашпай жон угуп олтур дешет.Куйгон эле жерим,жаштарды суйлото койбой, куду бийликтегидей айылда да,чондор суйлоп жаштар оозун ачып,чала маалыматты угуп жатканы.Ар кимдин асылганы бийлик,билип- билбей суйлогону чала саясат.Жаштардын ан-сезими да ошого жараша болуп баратат.Кимди караба,кайда барба бироодон наалыган же бироону жамандаган. Мындан торт-беш жыл мурдагыга салыштырмалуу баары озгоргон.Жаштар болсо баары интернетте, агентте.Жумуш кылгандары да бир топ азайган.Эгер ушул корунуш болсо дагы беш жыл ичинде эмнелер болоору белгисиз.Мектептерде сабак отуу да бир топко томондогон. Мугалимдеринин 50%ти сырттан окуп эптеп дипломду алып,жумушка орношуп алган.Бугунку жаштардын ан-сезими бузулгандай, себеби баардыгынын колунда телефон.Каалаган сайттан каалаган эро филмдерди кочуруп коруп жатышат.Бироону угуу жок,озум билем,озум кылам,озум алам дегендей.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   kaitpas   12 Август 2012 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Чонток телефону...

Азыркы кундо телефонсуз жашоо куду колу-бутсуз жашагандай эле болуп калды.Кимди караба же суйлошуп бараткан же аны клавиштерин баскылап баратканын коросун.Туура, телефон бизге алысты жакындатып, журутуп жаткан иштерибизге жакшы пайдасын тийгизип жатат.Бирок биз анын пайдасынан зыяны коп экенин билгибиз да келбейт.Себеби телефон жашообуздун бир болугуно айланды.Кундон- кунго жаны улгудогу коп функциялуу, жада калса эн жогору сапаттагы телефондор иштелип чыгып жатат.Ага ылайыкташтырылып ар турдуу сайттар да кобойуудо.Мумкун бул кандайдыр денгээлде электрониканын онукконуду. Бирок жаштарыбыз аны туура пайдаланып жатышабы деген суроо пайда болот.Кайсыл сайтка кирбе жыланач кыздын кебетесин коросун.Бугунку кундо жаш мектеп окуучулары да андай нерселерди тартынбастан коруудо.Эми окуучуларга тиешелуу жана пайдалуу болумдору да бар.Бирок алар аны эмес,кайдагы европанын ыймандан жана тарбиядан алыстатуучу сайттарына кирип жатканы жалган эмес.Коп уй-булолор мына ушул биз суйгон мобилдиктин артынан ажырашууда. Кантип дейсизби,азыр оспурум жаштарыбыз интернеттен коруп жаткан эротикалык фильмдерди, алардын батып жаткан кумарын созсуз кайталагысы келет.Демек уй-булодогу чыр-чатак кантип чыгып атат:аялы куйоосуно билдирбей таанышып,куйоосу аялынын козуно чоп салып жатпайбы.Мунун баарына ошол телефон туртку берет.Айтышыбыз мумкун,ар нерсе адамдын озуно баалык деп,бирок арабызда ошол нерсени кыска ойлоп,кыска тушунгондор да жок эмес.Айрыкча акыркы убакта агент сыяктуу таанышып достошкон чаттар да кобойуудо.Ал нерсе кандайдыр пайызга бизди жолдон чыгарууда.Бул виртуал мир дейбиз,бирок ошол вирт.мир эн жаман бузулууга алып келет.Тугойу туруп,ойнош издегендер же ошол эрофильмдегидей бироо менен болуп коргусу келгендер да коп учуроодо.Бугун биз сотканын жардамыда бактылуу жашашыбыз мумкун,а эртенчи?Биздин балдарыбыз мындан да бетер болуп чыксачы...Биз европага тенелип,европа боло албайбыз.Америкага суктанып Америка боло албайбыз.Биздин ата-энелерибиз телефонсуз эле,керек болсо электр жарыгысыз эле жашап келишкен.Мен муну менен телефонду колдонбойлу дебеймин,болгону келечектеги жаш,акылдуу муундарыбызды ушундай жаман нерселерден алыс тарбияласак дегеним.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Balamir   03 Декабрь 2012 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Үйлөнгөндөр бир жолу, бойдоктор эки жолу окугула..! ! (мен дагы :-))

Аял: Ало, алтыным каяктасың?
Эркек: Машинаны оңдоткону алып келдим.
Аял: Дагыбы? Кечээ эле оңдотподуң беле! Сенин да бир бутуң СТОдо калган. Качан болбосун машинам деп жүрөсүң!
Эркек: Өзүңчү? Маркеттен маркетке саякаттайсың! Дайыма үйүмдү кооздойм деп жүрөсүң!

Туура, көпчүлүк аялдар үйүнө, эркектер машинасына маани берет.
Кээ бир эркектер бар дейсиң, машинанын үнүн тыңшап турушат. “Бул үн кайдан чыгып атат? Глушительдин үнү окшойт же тормоздон чыгыпатабы? Мотордун майы азайып калдыбы? Дөңгөлөктү алмаштырыш керек эле, эскирип да калды. Түй ата! Бул жери качан чийилди эле?” деп тынбай текшерип турушат.
Аялдарчы? “Бул килемге ким варенье төктү?! Үстөлдүн үстүн чаң басып кетиптир го. Перденин кирдегенин карачы. Жаңысын эле алып илип койсом окшойт. Тиги тойго эмне алып барсам болот. Муну алсам эл эмне дейт. Кой жакшынакайын эле карап алайынчы ж.б. ” деп үйүн, өзүн көзөмөлдөшүп турушат. Ары-жак, бери-жактан акчадан кысып атып болсо да “үйгө эмне алсам экен же кандай көйнөк алсам экен... мунун модасы өтүп кетти” деген сыяктуу нерселер. Айта берсең толтура.

Айткылачы, канча эркек жана аял “менин үй-бүлөлүк турмушум кандай өтүп атат?” деп ойлонот?

Машинадан чыккан үндү тыңшаган эркек, аялынан чыгып аткан кээ бир үндөргө да кулак салып, “Аялымдан эмне үчүн мындай үн чыгып атат? Кай жерде ката кылдым экен? Же үй-бүлөмө көп көңүл бурбай атамбы? Кой, андан көрө анын көңүлүн алайын, жумшап калсын” деп ойлойбу? Машинасындай кылып жубайына да жумшак мамиле жасайбы? Балким, “менин бир эле ишим бар, ал да сырттан акча таап келүү” деп, жумуштан келээри менен телевизордун башынан кетпей, чайын уурттап койуп, бала-чака, жубайына да жакшылап көңүл бурбай отургандыр. Же, жумуштан аркелгенде аялы менен эки ооз сөз сүйлөшпөй сулайып уктап калып атабы?

А аялдарчы?
Үйүнүн тазалыгы үчүн кылган аракетин, күйөөсүнүн көңүлүн алуу үчүн жасап атабы? Жерде жаткан мусорду дароо алып үйүн таза кармаган аял, күйөөсүнүн кетирген катасын ортодогу сүйүүсүн жоготпоо үчүн унутканга аракет кылып атабы? Же, ошол катасын ичинде сактап, убагы келгенде бетине айтып “сен баланча күнү ушундай кылган элең” деп сайрап турабы? Аялы да күйөөсүнө окшоп, “мен үйдөгү ишти кылсам, тамак жасасам, бала- бакыраны карасам жетет” дегендей кылып, жолдошу жумуштан келгенде сериал көрүп отуруп алып атабы?

Балким жогоруда аша чапкандырмын, бирок, менимче ар бир эркек машинасы үчүн кылгандарын жубайынан да аябаса, ар бир аял да үйүн кандай таза кармаса, күйөөсү менен арасындагы мамилени да ошондой таза кармаса...
Бир өмүр бактылуу болушат беле, ыя?

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 03 Декабрь 2012 - 22:57

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Таллас   03 Декабрь 2012 - 22:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Э, биринчи ошол эки машинени алайынчы, анан күнүгө кирип ушул жазганыңды окуп турам ))
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 09:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: