Араб Эмираттарына алгач эс
алганы барып, кийин
туруктуу жашап калган
Жанара Миг учурда эки
жеке компаниянын ээси.
Журтташыбыз ар кандай
майрамдык кечелерди
уюштуруп, кыймылсыз
мүлк саткан агенттикти
жетектейт.
Каарманыбыз Жанара Миг
Дубай шаарына беш жыл
мурун Кыргызстандан
кесиптештери менен эс
алууга барган. Ысык чөлгө
курулган заманбап шаар
Жанараны биринчи көргөндө
эле өзүнө арбап алган.
- Мен бул жерден таптакыр
башкача жашоого күбө
болдум. Эс алуум бүткөндөн
кийин эле иштегени келдим.
Алгач тил билбегендиктен,
виза алуу үчүн өзүмдүн
компаниямды каттоодон
өткөрдүм. Айдоочунун
күбөлүгүн дароо эле алдым.
Анткени Эмираттарда
мындай күбөлүк абдан керек.
Тил үйрөндүм, анан бир жыл
өткөндөн кийин кыймылсыз
мүлк саткан агенттикке
риелтор болуп орноштум.
Негизинен орус тилдүү
кардарлар менен иштешем.
Бул кесиптен тышкары
өткөн жылы өзүмдүн эки
бизнесимди ачтым. Анын
бири - Араб Эмираттарында
майрамдык кечелерди,
концерттерди,
тойлорду
уюштурат. Ал Silk road UAE
деп аталат. Экинчиси -
Дубайда туристтерге,
чет
элдиктерге ижарага батир
таап берип иштейт. Азыр
ушул иштеримди өркүндөтүү
үчүн чуркап жүрөм, - дейт
Жанара. Анын айтуусунда,
чоочун өлкөдө мындай
иштерди баштоо оңойго
турбайт.
Жанара Дубайдагы
кыргыздардын чогултуп,
майрамдарда ар кандай
концерттерди,
кечелерди
уюштурат.
Өзгөчө алгачкы эки жыл тил,
жергиликтүү калктын
менталитетин жетишерлик
билбегендиктен кыйын
болгонун бүгүн дагы эстейт.
- Башында үй-бүлөмдү,
уулумду сагынып кыйналдым.
Негизи эле Эмираттарда
бала-чакасын,
үй-бүлөсүн
алыста калтырып, аларды
багам деп иштеп жүргөн
кыз-келиндер көп. Бирок
бардыгын мекенде калган бир
туугандарың,
ата-энең,
балдарың үчүн жасап
жатканыңыды сезгенде көздү
жуумп, чыйралып, алдыга
карай умтуласың.
Кыйынчылыктардын бардыгы
убактылуу, анын үстүнө бул
жерде көп мүмкүнчүлүктөр
бар. Жашаганга, бизнес
жүргүзгөнгө бардык
шарттар
ылайыкташтырылган.
Азыр
эми кудайга шүгүр, уулум
жанымда. Бул жактан
мектепке барып атат, ага да
Дубай жагат. Айтор,
көңүлүм тынч.
Жанара жеке ишинен
тышкары Дубайдагы
кыргызстандыктардын
башын кошуп, майрамдарда
концерт-кечелерди уюштуруп
келет. Алгач жаңы жылдык
кече уюштурушса,
эми андай
иш-чаралар үзгүлтүксүз
болуп турат. Кыргызстандан
ырчыларды чакырып, алыста
жашаган мекендештердин
көңүлүн көтүрүп турушат.
- Башында Омар, Нурбек
Сабитахуновду,
кийин Азия
MiX Квн командасын,
быйыл
Гүлнара Тойгонбаеваны
чакырдык. Кийин башка
улуттар дагы ушундай
кечелерге кызыга
баштаганын байкадым.
Ошентип алар үчүн да
Орусия, Казакстандан
КВНчилерди чакырып жүрүп,
экинчи бизнесимди ачып
алдым. Биз бул жактагы
Кыргызстандын Башкы
консулдугу менен тыгыз
иштешебиз. Жакында эле
мекендештер үчүн ачык
асман алдында жолугушуу
уюштуруп, дасторкон
жайдык. Айтайын дегеним,
биздин мекендештер
активдүү эмес. Ошол эле
жолугушууларга,
концерттерге келишпейт.
Айрымдар акчаларын
үнөмдөшөт, башкалары жөн
эле каалашпайт.
Кээде
ушундай жолугушууларды
убара болуп өткөрүүнүн
кажети барбы деп да ойлоп
кетесиң.
Жанара Орусия,
Казакстандан КВНчилерди
чакырып жүрүп, экинчи
бизнесин ачууга жетишти.
Жанаранын баамында,
Дубайда бейрасмий
маалыматтар боюнча 5
миңден ашуун
кыргызстандык жашайт.
Алардын көбү соода-сатык
тармагында дүкөнчү болуп
иштешет. Башка өлкөлөрдүн
жарандарына
салыштырмалуу Дубайга
келген кыргыздар билимдүү,
тилди тез өздөштүрөт деп
белгилейт каарманыбыз.
- Ошондой эле кыймылсыз
мүлк тармагында иштеген
бир нече мекендешибизди
билем. Үч-төрт адамдын бул
жакта жеке бизнеси бар. Бул
жакка келиш үчүн англис
тилин билүү талап кылынат
да. Көптөрү жогорку
билимдүү. Маселен, бул
жакта курулуш тармагында,
кара жумушта иштеген
кыргыздар жок. Мындай
айлык акыга негизинен
Индия, Пакистандан
келгендер иштешет. Соңку
айлары Орусиядагы кризиске
байланыштуубу Дубайга
келүүнү көздөгөн
кыргызстандыктардын саны
өстү. Айрымдары англис
тилин билбей эле келип
иштейм дешет. Бирок
чындыгында тил билбей
туруп бул жактан жумуш
табуу дээрлик мүмкүн эмес.
Ошол себептен мен Дубайга
келип иштейм дегендерге
сөзсүз түрдө англисче
үйрөнүп келгиле деп айтар
элем.
Биздин каарманыбыз Жанара
ушул тапта Дубайда
баштаган ишин андан ары
өнүктүрүп, өзү гана эмес
мекендештерине дагы пайда
алып келип, рахат
тартууласам деген аруу
тилеги бар.
Дубайдан салам!
#162 04 February 2016 - 12:44
Дубайдагы туугандар, аман эле болунуздар!
!!
Дубайдагы туугандар, аман эле
болунуздар! !!
болунуздар! !!
Дубайдан салам! 25 градус куууууун ысссссыккк!
Маска эжеңер жогоруда жазылгандарды окуп бул жакта жашаган кыргыздарды ордуна коюп коёюн деп жүрөт окшойт
> Mен эл менен <
#164 28 February 2016 - 16:46
#165 09 April 2016 - 00:29
Саламаьсынарбы?
Досумдун суроосу; дубайда англисче билбей эле жумуш тапса болобу?
#166 21 April 2016 - 15:34
Саламаьсынарбы?
Досумдун суроосу; дубайда англисче билбей эле жумуш тапса болобу?
Болот, эгер:
- жакын таанышыңдын жеке компаниясы болсо, жана ишиң ошол компаниянын ичинде эле боло турган болсо;
- жайкы саратанда (+45 тен жогору), мээ кайнаткан ысыкта куруучу болуп кара жумушта иштеп айына 250-300 доллар маяна алууга даяр болсоң;
- эгер жынысың Ж болсо, анда жашыруун борделдерде иштегенге макул болсоң (бул реклама эмес);
- эгер Кыргызстандагы бул жактагы консулдугунда таанышың болсо, бирок, бул учурда иш кагаздары менен иштегенди билишиң керек болот;
Им-пич-
мееееент!
#167 30 June 2016 - 02:08
Кыргызстаным алгалай берПишите мне
#168 18 July 2016 - 23:58
Дубайлыктыр Салам
Job Travel Possible Украинанын фирмасы чет олколукторго в том числе кыргыздарга Мейманканалардан жумуш табып берууго жардам беришет экен.
Ушул фирманы билгендер болсо ойлорунуздарды калтырсаныздар!
Job Travel Possible Украинанын фирмасы чет олколукторго в том числе кыргыздарга Мейманканалардан жумуш табып берууго жардам беришет экен.
Ушул фирманы билгендер болсо ойлорунуздарды калтырсаныздар!
Слова - еще не дело
Ф. М.Достоевский
Ф. М.Достоевский
#169 19 July 2016 - 00:01
Ушул фирма аркылуу кетип калайын десем. Атам менен апам ишеничтуу эмес. Сирияга отуп кетесин, сатылып кетесин деп ынашпайтат да.
Ушул фирма ишеничтуу экенин, ушул фирма аркылуу кеткен кыргыз жарандары оз ордуларын табып, катуу кыйынчылыка кабылышпаганын билуу эле жетиштуу болчу.
Фирма жардам берген адамдарды табып баарлашуу керек болтат.
Ушул фирма ишеничтуу экенин, ушул фирма аркылуу кеткен кыргыз жарандары оз ордуларын табып, катуу кыйынчылыка кабылышпаганын билуу эле жетиштуу болчу.
Фирма жардам берген адамдарды табып баарлашуу керек болтат.
Слова - еще не дело
Ф. М.Достоевский
Ф. М.Достоевский
#171 22 July 2016 - 23:48
Дубайдагы достор, ал жакка кантип барып иштесем болот кенеш бериниздер сураныч,кайсы агенттик аркылуу бардыныздар эле. Мумкунчулук болсо ватсап аркылуу байланышып койсонуздар.
559643005
#172 03 August 2016 - 03:12
Дубайдагы достор, ал жакка кантип барып иштесем болот кенеш бериниздер сураныч,кайсы агенттик аркылуу бардыныздар эле. Мумкунчулук болсо ватсап аркылуу байланышып койсонуздар.
559643005
Тил билсен ишке орношуу эч жерде чон проблема болбосо керек, негизгиси тил билуу керек. Агенттиктер деле тилди требует этет, бул жерге кайрылып корунуз Токтогулов кочосу менен Жаш Гвардия кесилиши... ушул жерден коп олкого вариант бар, мамлекет озу козомолдойт, ишеништуу.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#173 03 August 2016 - 03:18
Дубайга Москвадан салам! Бизге да аптаптуу керемет жердин насиби буюрду бекен?
Комурго эле эмес, баарына бай - Таш- Комурум,
Кайда журсом сени мн го ой- конулум.
Мезгилге багынбаган балалыкта ,
Кучагында канча ойнодук чан торундун.
Шамалынды сагынганда шашып жонойм,
Шахталардын кен Мекени -Таш - Комурум!
Кайда журсом сени мн го ой- конулум.
Мезгилге багынбаган балалыкта ,
Кучагында канча ойнодук чан торундун.
Шамалынды сагынганда шашып жонойм,
Шахталардын кен Мекени -Таш - Комурум!
#174 04 August 2016 - 14:31
Тил билсен ишке орношуу эч жерде чон проблема болбосо керек, негизгиси тил билуу керек. Агенттиктер деле тилди требует этет, бул жерге кайрылып корунуз Токтогулов кочосу менен Жаш Гвардия кесилиши... ушул жерден коп олкого вариант бар, мамлекет озу козомолдойт,
ишеништуу.
#175 05 August 2016 - 01:21
так маалыматыңыз болсо бөлүшө кетсеңиз жакшы болмок, ошол агенттик тууралуу.
Так маалыматты ошол жерден аласыз, менин билгеним ушул. Ал жерде коп олкого мумкунчулук бар, негизгиси тил, жаш курак туура келсе болду.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#176 16 January 2017 - 05:45
Бул жакта да Дубай темасы бар экенго.
ПС. Дубайда иштеп жургондорго суроода, мен Москвадан через Дубай кететураган болсом, Дубайда бир жумадай айланып, анан Бишкеке отуп кетсем болобу? 7 кундук да виза бар экенго. Ушундай переседка кылганда 5-10 кун калып кетуу жолдору болсо болушкулочу достор?!

#177 17 January 2017 - 03:29

Сиз Дубай аркылуу Бишкеке кетип жатсаныз анда Москвадан Виза ачтырып алышыныз керек. Эгер 7 кундук кылсаныз ошол убактан ашырбай Дубайдан ( БАЭ) ушул олкодон чыгып кетуу шарт. Болбосо очойто штраф толоп калуу коркунучу бар. Ошондуктан канча кун журо турган болсонуз ошончолук кылып Виза даярдап алганыныз туура болот. Мен Дубайдын Аеропортунун кызматкери катары кенешимди бердим.
#178 19 January 2017 - 05:40

Тушунуктуу, рахмат тууган. Негизи мага айланганга 4,5 кун жетет. Бирок 7 кундук визаны кантип алам? Кандай цел менен дегеним?
#179 05 February 2017 - 20:48
Салам Дубайда иштеген ага-эжелер.Мен тил уйронуп,экзамен тапшырып Дубайга иштегени барайын деп жатам буйруса.
Орточо айлык акы канча болот жана кунумдук иш убактысы канча саат?
Квартира тамак ашка орточо эсеп менен бир айга канча акча кетет? Толугураак маалымат берип коюнуздарчы сураныч.Жана ал жактан окуса болобу иштеп журуп?
Алдын ала чоон рахмат.

#180 05 February 2017 - 20:50

Эгер мумкун болсо whatsap0779480898

Супер-Инфо
super.kg
видео