Чон ата баардыгына калыс болсо,
Чон эне суук создон алыс болсо.
Туугандан көргөн кордук
#42 23 Февраль 2013 - 14:29
Zamirbek.kg (15 Февраль 2013 - 01:18) жазган:
Бул окуяны окуп чыгып менинда туугандар менен болгон таарынычымды айта кетейин; мектепти аяктап кыялданган борбор каалабызга келдим. Копчулук жаштардын бириндей эле чон окуу жайына студент болууну каалап. Туз эле келип атамдым байкесиникине келип туштум. Аны ата дейм. 2002жылы жайда келген элем. Балалык бае сезим эч кандай арам ой жок, адам алдайт деген сыяктуу. Ошентип окуугада оттум. Анан окуу башталганча иштейин деп чечтим. Кунуго жумуш издейм. Ала-Тоо конушунда элем. Акчага эконом болсун деп жоо барып келем. Уйдон шлагбаумга 1жарым саат. Ошол жолду 1 жарым ай бастым. Анан эптеп жумуш таптым кунуно 150 сомдон кем эмес. Бир аз акча чогулттум 1000 сомго жетти жанымда журсо коротуп койбоюн деп. Чон апага берууну чечтим. Эртен менен жумушка кетип жатып акча чогулттум эле сизге берип каттырып коеюн дедим эле десем. Канча сом-деп сурады чон апа. 1000сом дедим. Кашайып ошол маалда камыр жууруп жаткан эле. Тигил шкафтын устуно коюп кой деди. Шкаф устуно коюп жумушума кетип калдым. Кайра кечинде жумуштан келдим. Саат кечки 10дон откондо келчу элем. Уй келсем жээним эле бар экен. Чон ата, чон ата, баласы жээним, мен болуп турчу элек. Жээним экообуз суйлошуп калсак эле. Ал айтты сенин таштаган акчан мин эмес эле 900 экен деп. Мен кой мин сом бергем деп эс алууга уйкуга кеттим. Уктап жатсам бир ачуу ун, айкырык чыкты. " муну карасан, уялбай мин сом болчу деп коет, сен бизди жаман аттуу кылганга келген турбайсынбы,
жашасан жок жаша, ме акчанды деп светти жандырып чачып жиберди. Дагы бир топ создорду айтып урушуп калды. Туруп акчамды терип чогултуп башыма жазданып ал куну уйкуга кете бердим. Балким менден кеткендир туура эмес эсептеп алгандырмын эчтеке дегеним жокболуптур апа деп кала бердим. Эртеси уялып эртен менен чай ичпей кете бердим. Кечинда чай ичпей эле келип жатып алам анткени озумду кунолу сезип бетин карай албай калгам. Ошол адатым 4-5 кундо уланды. Бир куну жумуштан келип эле жата кеттим. Чай ич дешти. Жок токмун деп койдум. Мына анан концерт башталды. Чон айкырып, кыйкырып ата эненди кекеткенсип андай мындай деп дагы коп соз болду. Акыры уйдон кет деди. Ордуман турдум болгону бир пакет кийимим бар эле. Алдымда уйдон чыгып кеттим. Чон атам баласы бироо кой токто кайда дебеди. Жээним гана кайда деп сураганга улгурду. Мына менин караан тутуп, бир тууган, чон ата дегендерим унчукпай жат кишидей кал, кайда депта айткан жок. Карасам саат туура 23.тон откон экен акыркы маршрут менен жумушум жакты карай жонодум. ТЭТС жакта лессо базада иштечу элем. Келип ошол жактан тушуп калдым. Анан кайда барам деп ойлонуп. Турбанын тубуно жатмай болдум. Ылайыктуу орун таппадым. Анан иштеген жериме барып. Кароолчусуна эптеп былдырап, орусча суйлой албайт элем, аран тушундурдум.
Ал анан макул болуп киргизди. Анан кирип биз иштеген комнатага жаттым. Алдымда апилка, анан чогуу иштеген жумушчулардын кийимдери, эптеп аран тан атырдым. Октябрдым аягы эле. Эртеси барын чогу иштегендери айттым. Бироосу озунун уйуно алып барды. Эки этаж уй экен уялып аран тунодум. бир алыс эле тууганымды . Ош базарынан таап алдым эле эртеси ошого бардым. Ал меникине бар деп эрчитип алды. Бирок ал батирде эле эптеп эсинен жашырып киргизип чыгарып. Жашатып журду. Анан айылыма баарын таштап кете бердим. Ушул кунго чейин аларды кечире албай келем. Барсам ата энемдин жумуштары менен барып жарым саат аран отуруп кетем. Анан жатып кет деп эле айта беришет. Кантип жатасын. Неге жатасын, ичимен ооба аябай коп жатам деп уйунон чыгып кете берем. Мен ото кекчилмин мен аларды кечире албайм ушуга чейин балам ушул окуюда кимибиз куноолу болсокта кечиришели деп бир ооз айта элек. Айтса кечиришип катышы п турат белем балким.........
.
Эх...Ушундай окуялар журогумду оорутат...Дос- тууган менен катташ,бирок бир тундуктун алдында чогуу жашаба.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#43 23 Февраль 2013 - 18:17
urmat-86 (03 Июнь 2007 - 14:34) жазган:



Келбегенге барып уялт,бербегенге берип уялт деген соз бар эмеспи анын сынарындай сен чон атана кек сактабай тескеринче аны кечирип сыйлай бер.(чон мансапка жетип алардан коргон кордукту корсотсон анда сенин алардан не айырман бар?Бул жон гана сен келекчекте билим алып кандайдыр бир ийгиликтерге жетууно стимул болсун)
#44 23 Февраль 2013 - 20:48
Сенин тагдырын да меникине окшош экен менин да тууган-уругум биздин уй-булону тенине алышпайт эле бара-бара убакыт отуп баары орду менен болот экен сен андан коро ошондой турмуштук жагдайлардан чыйрал!