Достор ушул темага Рыспайдын ырларын билгендер болсо сөзүн жазсаңар ырдап журөбүз.
Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдайбыз.. Берчи мага жарым кашык музыка!!!!
#1 09 July 2011 - 12:58
Не бойтесь того, что ваша жизнь должна окончиться,
бойтесь того, что она так и не начнется.
#2 09 July 2011 - 18:23
Издейм сени
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз, гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Эң бир кооз, гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, дайым сен деп,
Кайгырууга келгенмин.
Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарыңдан, ажарыңдан азууда ден соолугум.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#4 25 November 2011 - 16:55
Аккуулар
Ичиңде күйгөн жалын бар,Издесең түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Аккуулар сени сагынар.
Жериңден кеттим алыстап,
Жемиштүү бекен алыс жак,
Каранып кандай көөнүндүн,
Карап көр өзүң калыстап.
Тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмуштан,
Кезиксем деймин тезирээк.
Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар ширин балы бар,
Айланып көлгө конбосоң,
Аккуулар сени сагынар.
Алмалуу бактын шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар,
Акыры көлгө конбосо,
Аккуулар сени сагынар.
Айланып көлгө конбосоң,
Аккуулар сени сагынар.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#5 25 November 2011 - 16:56
Жолугарым Билгемин
Биз жолуктук, билбейм, качан, сүйгөнүм, Ээлеп алдың жүрөк эркин сен бүтүн.
Бир өэүңө жолукканга бир жолу эмес,
тагдырга миң ырахмат,
Бизди кошкон өмүр бою
ошол бейпил түн үчүн.
Мен өмүрдө далай жолу ыйладым,
Мээрим издеп, өзүмдү озүм кыйнадым.
Жолукканда көзүң карап ошоп күнү
эң биринчи өзүңө
Көңүл дегдеп, жүрөк толкуп,
Көлкүлдөдүм, көөдөнүмө сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу ай, дүйнөнун!
Мен жер шарын бут кыдырып жургөмүн
Билбесем да бар экенин бул дүйнөдө
бул жашоодо ак сүйуу
Бир өзүңө эртедир-кеч
жолугарым билгемин.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#6 25 November 2011 - 16:59
Эсиңдеби?
Элесиңди карап турсам сүрөттөн, Эске түшөт көлдун жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби кечиңдеги сырдашуу.
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жанат балбылдаган чыракгай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыэ жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп, күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Бирок мезгил өткөн сайын арылап,
Тетир карап буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөмүн,
Жүрөгүмдү умүт менен дарылап.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#7 25 November 2011 - 17:01
Сагынуу
Бүркөк асман жарк дегенде чагылганБайкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да сени ойлоп жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.
Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге отурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу курактар.
Чертүү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.
Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жатам азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#8 25 November 2011 - 17:03
Таанышыңдай карагын
Гүлү сенсиң эркин өскөн талаанын,Бирде жакын бирде алыстайт карааның.
Түшкө кирип өңүмдө бир көрүнбөй,
Түрттүң мени түпкүрүнө санаанын.
Үмүт оту үстү-үстүнө тамчылап,
Жүрөк байкуш күнөөлүдөй жанчылат.
Айтчы эркем, айтчы сүйгөн таң шоолам,
Күтөм дагы бир өзүңдү канча убак.
Жашоо үчүн тийбесе эгер кереги,
Ак сүйүүмдү далилдешке мен эми.
Гүл ордуна жүрөгүмдү сунмакмын,
Алып кой деп жүрөгүңдүн белегин.
Кезиккенде салкын тартса карааның,
Мен ан сайын тумчуккансып барамын.
Сезимдеги жакшы учурду жандантып,
Жок дегенде таанышыңдай карагын.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#9 17 August 2013 - 19:17
рахмат жигиттер. Залкар адамды эстегендерди мен сыйлайм. Бул кишинин ырларын ырдаганда эс алып калам кадимкидей.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
#11 09 January 2019 - 01:22
Мурда коп ырларын дептерге жазып алып жаттайт элем го чиркин азыр эстен чыгып кетти кобу

Супер-Инфо
super.kg
видео














