Суперстан: Роза Аманова - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • > Ыр дүйнө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Роза Аманова Ырлары, сүрөттөрү

#1 Жолоочу_jaja_23_* 06 Июнь 2007 - 17:10

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Бул ыр бейгилүү жерден Ооган согушунда курман болушкан Ала-тоолук эр жигит агаларымдын арбагына багышталат. Оо арман дүнүйө !
18 жаштагы чырактай жалгыз уулун Ооган согушуна аскерге жөнөтү п, ордуна күл ойрон болгон уулунун сөөгү жашырылган темир табытты алган эненин арманы.

“Эненин арманы”
Көкү таза ал кезде көк жайнаган жаз эле
Көчө толуп жаштарга көктөм көрккө наз эле
Көп жигиттер кошулуп көздөн жаш тамбас эле
Кулунумду узаткам көксөп жүргөн аскерге
Ал көксөгө н аскерге.

Алма бышып күз келип анда нечен күн өттү
Аман-соосун тиленип, айлуу, айсыз түн өттү
Ар жумада кулунум ак кагазын жөнөтчү
Ала-Тоого салам деп, аскер жактан кат жазчу
Бүтсө кош жыл барам деп, алыстатпай бат жазчу
Апакелеп кат жазчу.

Ар бир апта кат келбей айча болду кабар жок
Жамандыкты сезгендей азып өңдө н санаам чок
Айла кылаар чамам жок. Ии-ии-ий, оо-ой.

Ал аңгыча астыртан аян берген түш көрдүм
Аны кантип жооруймун, амал жетпес иш көрдүм
Асмандап ай учаарда атылган бир куш көрдүм
Ураган аска зоо көрдүм, кулаган бийик тоо көрдүм.
Ии-ий, оо-ой.

Күүгү м кирип калганда айыл апа жыйналып
Чогулушуп келишти аксакалдар баары бар
Угузганы келгендей жамандыктуу бир ишти.
Ии-ий, оо-ооо-ой.

Аскерде жүргөн ак шамың өчүптү р деп айтышты
Аска туткан аскарың көчүптү р деп айтышты
Бей акылың жаш жаның кечиптир деп айтышты
Ооган кеткен жалгызың өчүптү р деп айтышты.
Оо-оо-ооо.

Алып келишти сөөгү ңдү алыс жактан, Оогандан
Ак кепинсиз сөөгү ңө кара сандык сыңардай
Алып келгендер табытты ачтырбады бу кандай?
Кулпулантып көмүштү эми кантем кудай ай.
Ии-ий.

Коргоп жатып мекенин өлдү дешти Оогандан
Бизден башка мекениң болмок беле бу кандай?
Ала-Тоого алмашаар ата-журтуң кайсы эле
Жалгыз уулун жоготуп мендей сыздайт кайсы эне.
Аа-аа-аа.

Аман келип элиңди көрө албадың кулунум
Ак кепиндеп, аруулап көмө албадым кулунум
Айлап ыйлайм айлам жок
Ай, кантейин кулунум.
Ии-ии-ий, оо-оо-оо.

Ай айланып жыл өттү, алар келди балам жок
Көп куштардын ичинде көздөй болгон караан жок
Ооган кеткен балам жок
Оо, кудай ай амал жок.

Болжоп билээр болмушту айтар бир жан болсочу
Атасыз бул жетимди аяр бир жан болсочу
Боз топурак алаар соң бозой туулбас болсочу
Минтип боздоп калаар соң, ии-иий
Ботом туулбас болсочу.

Көргөн сайын таң эрте Ала-Тоонун нур жагын
Айкөл өткөн жер эне алтын түскө курчалат
Анан жерди тебелеп адам пенде үн салат
Айлан көчөк тегерек а бу дүйнө керемет
Айлан көчөк тегерек арман дүйнө не керек
Арсыз жашап жүрөмү н ар күнүмдү чегереп
Асылымдын жердиги алтын башын тебелеп
Жалгызынан айрылган арман дүйнө не керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Жолоочу_jaja_23_* 06 Июнь 2007 - 17:11

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Роза Аманова
“Кусалык”

Тагдырым экен таңдарды сенсиз аттырдым,
Унутайын деп көңү лгө жаккан отуңду.
Жол карап күндө күткөндү рсүң сен ардагым,
Жүрөгү ңө тумардай жазып катымды.

Кайырма:
Жетейин десем жете албай жүргөн жазыгым,
Сүйүктү ү элем, периште элем, ак элем.
Эңседим го кайда жүрсөм,
Ашыгым, асылым.

Толкуттуң мени эсиме түштүң термелип,
Асылым сенин кадырың билдим, мен сенин.
Кечирчи жаным кайрылбас кайра көктөмү м,
Кечирчи мени жоготкон өмүр өрнөгү ң.

Ак гүлүм элең, акылым элең,
Асылым менин, ашыгым менин.
Кыялым менин, сураарым менин,
Ардагым, арманым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Жолоочу_jaja_23_* 06 Июнь 2007 - 17:14

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Роза Аманова
“Өрүк комуз”

Жаш амал бир адамдын муңун угуп,
Жашырбай айтып берген сырын угуп.
Жүрөгү м тилингендей тыз-тыз этип,
Жүрөмү н ичтен сызып кыңырылып.
Эмесе ошол сырды баяндайын,
Тагдырдын табышмактуу ыры кылып.

Таластын суусу тынбай шарпылдаган,
Таластын толкундары тартылбаган.
Татына бир өйүздө н турак алып,
Там салдым, жарды күттүм жаркылдаган.
Терезе тушка тигип бир түп өрүк,
Теңирим берсе дедим артын маган.

Биз көргөн бай турмушту кошо көрүп,
Биз көргөн жай турмушту кошо көрүп.
Черткилеп жалбырагы тереземе,
Тез эле бой тиреди ошол өрүк.
Жемиши жерге батпай төгүлгө ндө,
Перзенттү ү болдум бакыт кошо келип.

Уулубуз оозангандан өрүк жечү,
Умтулуп там-туң басып терип жечү.
Баланын тили таттуу аттиң арман,
Өрүккө тили келбей өлүк дечү.
Өнөрү жылда күчөп улам бийик,
Өйдөкү бутактарын эликтечү .

Кийимдин сатып келем жаңысынан,
Таттуунун тандап берем дагысынан.
Оюн саак уулум бир күн тайып кетип,
Оң колу сыйрылыптыр далысынан.
Өрүккө өчөгү штүм сениби деп,
Бир чака бензин таптым издеп араң.

Короого камап уулум тыйып салдым,
Кокустук уланат деп кыйыктандым.
Уулумдун убалына калдыңбы деп,
Өрүккө жаба бензин куюп салдым.
Арбайып-тарбайып ал, куураганда,
Араалап, балталадым, кыйып салдым.

А тигиң өрүктү ң ээй кыйып салдым,
Аябай неге бензин куюп салдым.
А тигиң эркең өскөн кулунумдун,
Эркине койбой неге кыйыктандым.
Киндиги туташ тура ал экөөнү н,
Билбепмин ыйыктыгын ыйыкталдым.

Өрүктү н байкалганда куураганы,
Уулумдун күчөй берди ыйлаганы.
Бай турмуш, жай турмушту бүлүндү рүп,
Башталды тагдырымдын бурганагы.
Бир чака бензин өрттөп кеткен тура,
Бир өрүк менен кошо бир баланы.

Өрүктү н байкалганда кургаганы,
Уулумдун күчөй берди кыйнаганы.
Далысы сыйрылганы тез айыгып,
Жүрөгү сыйрылганы кыйнап аны.
Өлүгү м, өлүгү м деп угулгансыйт,
Өрүгү м. Өрүгү м деп ыйлаганы.

Балта чаап мен өрүктү н тамырына,
Өзүмдү н балта чаапмын тамырыма.
Сырдуу күү кайрыктары угулгансыйт,
Сыйпалап, кол тийгизсем кабыгына.
Акыры өрүк комуз чапмай болдум.
Өзөктө н чыккан өрүк зарын уга.

Өрүктү н денесинен сулап жаткан,
Өлүктү н табытындай сулап жаткан.
Уулума эм болоор деп, дем болоор деп,
Капкагын бул комуздун курап жатсам.
Кыл тагып ичегиден, күүлө гөндө,
Кулагым укмуштуу бир угат дастан.

Капкагын бул комуздун курап жатсам,
Кыл тагып кулактарын бурап жатсам.
Кулунум баш көтөрү п жаздыгынан,
Кудуңдап, көзү жайнап угат дастан.
Ошентип көзү жайнап кете берди,
Оо арман кашка таңды бубак баскан.
Ошентип жалгызыман мен айрылдым,
Оо арман кашка таңды бубак баскан.

Көп ошол бүтүп- бүтпөй чала калып,
Канатын күүлө й берет салаланып.
Көргөндө куурап жаткан өрүктө рдү,
Көзүмдө н жаш куюлат салааланып.
Биз канча карагайда кыйып салып,
Биз канча арчаларды арааладык.

Уулумду улгайганда таптым эле,
Уулума өрүк комуз чаптым эле.
Ошонун эм болоор деп, дем болоор деп,
Оңбосун боёк тумар тактым эле.
Акыры өчүн алды жаратылыш,
Ай арман балта чаптың бактыма деп.

Үн катпайт үйүбү здө турат комуз,
Көргөндү н көңү л-оюн бурат комуз.
Кокустан колуң тийсе кылдарына,
Комуздан муңканган бир чыгат добуш.
Уулумду улгайганда таптым эле,
Уулума өрүк комуз чаптым эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Жолоочу_jaja_23_* 06 Июнь 2007 - 17:16

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Роза Аманова
Олжобай менен Кишимжан

Олжобай менен Кишимжан экөө бир тууган таэже жээн болот экен. Бирин-бири жактырып жүрүшө т экен. Кишимжандын Кудаке деген агасы Байназар деген байга кудалап коёт. Аны билген Олжобай Кишимжанды алагчмак болот. Буларды сыртынан байкап калган Кудаке атайын киши койдуруп экөө качканда изин куудуруп, Жийдели деген жерде эс алып отурушкан жеринен колго түшүрө т экен. Олжобайды өлтүрү п тынат экен. Аны көргөн Кишимжан өзүнө өзү бычак уруп өлөт. Олжобайдын таятасы Кулжыгач атайын кабарчы даярдатып, бу кыпчак деген абдан каардуу эл деп укчу элем барып эле өлтүрү п койду десең, сени кошо өлтүрү п тынат, андан көрө айылды билген элге Олжонун кабарын угуз деп атайын кабарчы жөнөтө т экен. Ошол кабарчынын келип айылдын чекесинде жүргөн бир абышкага жолугуп Олжубайдын кабарын айтып турган жери:

Ак кары баштан кетпеген,
Ак кайкың аскаң ой бел кайда.
Айланып каздар кетпеген,
Айдың бир чалкар көл кайда.
Канаттуу куштар жетпеген,
Какшыган куру чөл кайда.
Калкынан кеткен баатырдан,
Кабар албай тим жаткан.
Элим силердей капарсыз кыпчак эл кайда.

Алдыңда батаң кызыл ат,
Аркардай сулуу ой мал беле.
Мал берип айдап кыз алган,
Айлыңда жигит бар беле.
Таятасы Кулжыгач,
Чыңмайрам тоолук чал беле.
Калың кыпчак көп элдин,
Кармаганы кан кускан,
Элим силерде Олжобай деген бар беле.

Ким болот ата бабасы,
Кимдин да ай болот ой баласы.
Кайсы элдин кызы болду экен,
Ошону тууган апасы.
Анда абышка муну айтат:
Аралап топко барбаган,
Айылда картаң менмин дейт.
Кабарын элдин сурай бер,
Мен да бир кыпчак элмин дейт.
Абал мурун дүнүң дү айт, эси чыккан немече,
Балам энтеңдеп кайдан келдиң дейт.

Олжобай сенин эминең,
Калтырбай сурай бердиң деп.
Көп болду элден кеткениң ,
Көк жал элең Олжобай.
Күңгө йдө жаткан ак ордо,
Ошол Олжобайдан калган жай.
Чыңмайрам тоосун жердеген,
Кулжыгач деген кишинин.
Жактырып кызын алам деп,
Жашыңдан өлгөн болуучу,
Атасы анын Солтобай.
Ак шумкар учат кайрылып,
Айдыңда жаткан кептерге.
Адырдын чөбү кулпунат,
Асмандан жамгыр төгүлү п.
Абасы жакшы көктөмдө м.
Калың кыпчак баарысы,
Жашы менен карысы.
Кайгысын тартып жүрүшө т,
Олжобай мындан кеткенге.
Эрөөл байлап топ бузган,
Эпкиндеп тийген окко учкан,
Эр Олжобай баатырдын,
Элине жаккан кеңеши.
Айылдан чыккан акылман,
Бегимжан болот энеси.
Алыскы жерде жүрсө да,
Аман бир бекен бир башы.

Каймана жүргөн картаң чал,
Кайрылып туруп ой муну айтты.
Башкасы кантет деп ойлоп,
Кабарчы көөнү н оң айтты.
Алыстан келген жолоочу,
Чыңмайрам тоодон келдиңби.
Кабарын уккан болчумун,
Калың кыпчак элдин деп,
Капаланба карыя.
Кабарын айтам айлына.
Кайран баатыр Олжобай,
Каргаша болуп өлдү деп.
Картайып калган Кулжыгач,
Кайгырып ыйлап айткан соң,
Мен кабар сала келдим деп.
Душмандын жүрөт алдында.
Гүлдү бада бууданы,
Жалгыздын иши жаман иш,
Жанында бирөө ой турбады.
Эр Олжобай өлгөндө ,
Кудакеден башкалар,
Көзүнү н жашын тыйбады.
Кууп келип артынан,
Жийделиден өлтүрдү ,
Анын Кудаке деген ой тууганы.
Уктуңбу аба кебимди,
Угузар жайын өзүң бил.
Энеси эстүү Бегимжан,
Кыпчак абдан көп эл деп,
Алыстан даңкын укчу элем,
Кудакени куутуп,
Алгын кыпчак кегиңди.

Кабарчым сөзүң билдим деп,
Акылдашып көрөлү ,
Айылга бирге жүргүн деп.
Алып барды элине,
Олжобай баатыр өлдү деп.
Акылдашып мурдатан,
Айылды билген бегине.
Үйгө келип киргенде,
Катар, катар отуруп.
Кабарчыны карады,
Билет экен ушул деп.
Эр Олжобай баланы.

Энеси анын Бегимжан,
Эси бүтүн жан эле.
Эр Олжобаң жалгызым,
Мекнден кеткен бала эле.
Өлүбү балам тирүүбү ,
Өлбөй калчу киши жок,
Кабарчы кандай кебиң бар эле.

Кабарчы туруп муну айтат,
Байбиче өзүң билесиң.
Чыңмайрам тоолук элди деп,
Ала качып Кишимди,
Акыры Олжоң өлдү деп.
Эрегишип кармашсаң ,
Эч адам алы жете албай,
Олжобай алдоо менен өлдү деп.
Буркурап ыйлап Кишимжан,
Буралып келип көрдү деп.
Жээнимен кантип калам деп,
Жеңиндеги бычагын жүрөккө малып өлдү деп.
Өлдү деп кабар укканда,
Бегимжан кетти кубарып.
Өлгөнү анын чынбы деп,
Ал байкуш жатып калды суналып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Gulchatay   24 Ноябрь 2007 - 15:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 10 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 24 Сен 2016 17:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Роза Аманованын "Дастан" деген ыры болсо жонотуп коюнузду суранам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   30 Сентябрь 2012 - 21:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Бул ырчы эжебиздин барагын чан басып кетитир го,а мен издеп жургом!
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   AtankulovaB   24 Декабрь 2012 - 00:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Июл 2013 19:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекеним Кыргызстан

Вау менин суйуктуу ырчы аямымго аябай суйуп угамын ушул ырчыны, ар бир ыры журокту эзетко чиркин эх, комузду дагы укмуш ойнойт. Мен бул ырларын издеп таппай озум аран жазып буттум эле корсо бул жакта давно бар экен маани берип карап корбопмун.
"Сен таза болсон мен таза болсом, коом дагы таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Alima96   14 Январь 2013 - 17:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Дек 2018 08:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Роза Аманова талантууу ырчы айым.

Комузду да мыкты чертет.

Озунда онорунда баалайм


Акчасына карап кесип тандаба.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Dolbooruwka   28 Февраль 2013 - 04:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 30 Апр 2021 14:15

Salam sizderden suranarym bar, "Kaadyrym bilgenderdin eesindemin" degen iryn da jazyp koyunuzdar4y.
[size="3"] [/size]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   admin_media   28 Февраль 2013 - 10:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 746
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:...

Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, жүктөп коюуга аракет кылабыз.


Биздин порталда азырынча Жаныш Кочкоровдун аткаруусунда бар "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин"



Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Чыркыраба, боздой бербе, сезимдерим,
Санаага түшүп анча эзилбегин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Сырымды билгендердин эсиндемин.

Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Чыныгы күйөрмандын эсиндемин!

SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Larisa-92   28 Февраль 2013 - 11:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эже же байке-сизден чон сураныч Роза Аманованын мен сенсиз жашай албай калгансыймын- деген ырын жуктоп кое аласыздарбы. Чон-чон сураныч. Алдын ала рахмат.
Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   admin_media   28 Февраль 2013 - 11:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 746
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:...

Просмотр сообщения Larisa-92 (28 Февраль 2013 - 11:12) жазган:

Эже же байке-сизден чон сураныч Роза Аманованын мен сенсиз жашай албай калгансыймын- деген ырын жуктоп кое аласыздарбы. Чон-чон сураныч. Алдын ала рахмат.


Саламатсызбы! Сиз сурап жаткан аталышта ыры жок экен, балким аталышы башкача...
SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Larisa-92   28 Февраль 2013 - 11:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аа, ырдын аты-айыбым жок.
Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   admin_media   28 Февраль 2013 - 11:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 746
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:...

Просмотр сообщения Larisa-92 (28 Февраль 2013 - 11:12) жазган:

Эже же байке-сизден чон сураныч Роза Аманованын мен сенсиз жашай албай калгансыймын- деген ырын жуктоп кое аласыздарбы. Чон-чон сураныч. Алдын ала рахмат.



Чын эле аталышы башкача экен :). "Айыбым жок" деп аталат сиз издеп суранган ыр


SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Larisa-92   28 Февраль 2013 - 11:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

А эмнеге ачылбайт? Же компьютер менен кириш керекби?
Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Февраль 2013 - 12:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения Larisa-92 (28 Февраль 2013 - 11:54) жазган:

А эмнеге ачылбайт? Же компьютер менен кириш керекби?


Компьютер менен киришиңиз керек.
Медиа - порталдан көчүрүп да алсаңыз болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Larisa-92   28 Февраль 2013 - 12:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Оо, чон-чон рахмат. Угуп эле жыргап калдым.
Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   hanzada_samatova   01 Март 2013 - 02:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 21 Февраль 13
  • Соңку аракети: 26 Фев 2018 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен Роза эженин баааааардык ырларын жакшы кором, озун суйом, кун айын угам, укпай калсам бир нерсе жетишпегендей боло берет.))
Айыбым жок деген ырын кантип кочуруп алсам болот?
Үч нерсе кайра келбейт: убакыт, айтылган сөз, мүмкүнчүлүк.
Үч нерсени жоготпош керек: үмүт,сабыр, намыс.
Үч нерсе жашоодо баалуу: сүйүү,ишеним, достук.
Үч нерсе жашоодо туруксуз: бийлик, ийгилик,байлык.
Үч нерсе адамдын ким экенин билдирет: эмгек, ак ниеттүүлүк, жетишкендик.
Үч нерсе адамды бузат: шарап, текебердик, ачууга алдыруу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Larisa-92   01 Март 2013 - 12:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен Роза эженин баааааардык ырларын жакшы кором, озун суйом, кун айын угам, укпай калсам бир нерсе жетишпегендей боло берет.))
Айыбым жок деген ырын кантип кочуруп алсам болот?
Медиа порталта бар экен.
Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   admin_media   01 Март 2013 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 746
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:...

Просмотр сообщения hanzada_samatova (01 Март 2013 - 02:06) жазган:

Мен Роза эженин баааааардык ырларын жакшы кором, озун суйом, кун айын угам, укпай калсам бир нерсе жетишпегендей боло берет.))
Айыбым жок деген ырын кантип кочуруп алсам болот?




Саламатсызбы! Төмөндөгү шилтеме менен кирип угуп, көчүрүп алсаңыз болот. Ар бир ыр, клиптин астында көчүрүү деген сөз бар))
http://www.super.kg/ ...&media_search=1

SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ыр дүйнө
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 02:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: