Сыймык Бейшекеев
”Досума ант”
Сөзү, обону: Сыймык Бейшекеевдики.
Бул ыр таланттуу обончу, маркум досум Таалай Бектургановдун жаркын элесине ыр эстелик.
Көөдө
нүмдөн муң арылбай жатты,
Көкүрө
к дартым жарылбай жатты.
Убакыт учат зымырап куштай,
Уйкусуз далай таңдар да атты.
Колдон бир келбес иш экен аттиң,
Козголбос жайга сен эми кеттиң.
Чымындай жаның чыркырап кетти,
Чын кеткениң
ди мен эми сездим.
Эмне мынча сен эртелеп кеттиң?
Элиңдин бүгүн жүрөгү
н эздиң.
Укканда сени ишене албай,
Ушак бул жалган бир кепир дедим.
Арман күн андай болобу, досум,
Ыр бутагына конбодуң
досум.
Аталап ыйлап туяк калтырып,
Анан кийин не соолбодуң
, досум?!
Арбыбай сенин кадамың, досум,
Арылбай жакшы арааның, досум.
Сыздатып коюп сен учуп кеттиң,
Сагындык сенин карааның
, досум.
Артыңдан калган досторуң
, досум,
Армандуу коштойт үнүң
дү, досум.
Черткенде черди таркатчу, аттиң,
Гитардын кылы үзүлдү
, досум.
Арман, ый жүрөк толгойт го, досум,
Өзүң
дөй эми болбойт го, досум.
Эрте алып кеткен арадан бөлүп,
Боору таш ажал тойбойт го, досум.
Булактын көзү соолдубу, досум,
Буурчак жаш көзгө толдубу, досум?
Береним бизден бөлүнү
п учтуң,
Бейишке жаның кондубу, досум?
Кызарып күнүң
баттыбы, досум,
Күкүктө
й үнүң
каттыбы, досум?
Жалынсак дагы келбейсиң
кайра,
Жанатка жаның жаттыбы, досум?
Булутка күнүң
баттыбы, досум,
Булбулдай тилиң каттыбы, досум?
Ыйласак укпай сен кетип калдың,
А дүйнө эмне жактыбы, досум?
Туулган жериң Чаткалың
, досум,
Турпагын жаздап жатканың
, досум.
Адамдын баарын өзүң
дөй көрбөй,
Жүрсөң
бир болмок сактанып, досум.
Эзилип жүрөк зырп этти, досум,
Ээ кылбай ажал шыр кетти, досум
Буркурап боздоп биз калып калдык,
Ырдалбай канча ыр кетти, досум.
Энеңе кыйын иш болду, досум,
Кандай бир күнгө туш болдуң досум.
Таалайы тайкы Таалайбек досум,
Элиңден кеткен куш болдуң, досум.
Ырларың калды аманат, досум,
Унтулбай ырың ырдалат, досум.
Таалайбек деген атың жүрөктө
,
Түк өчпөс болуп сакталат, досум.
1996-ж., январь айы.
Сыймык Бейшекеев Ырлары, сүрөттөрү
#2 06 Июнь 2007 - 17:20
С. Бейшекеев
“МАҢКУРТ БАЯНЫ”
Сөзү, обону: С. Бейшекеевдики.
Ээн талаа Сары-Өзө ктө желмаян төөсү н желдирип, бир эне минтип боздоп келет: “Мен ботосу өлгөн боз инген, тулубун келип искеген, кудай-талаа бул дүйнөдө эч кимди маңкурт кылбаса экен...!”
Бул жомок өзөгү мдү өрттөп сөгөт,
Чындыгын ырасын-ий бул жомоктун.
Ээн талаа, эрме чөлдө аппак куш:
Дөнөнбайлап учуп жүрөт, Дөнөнбай. ..
Казактын кең даркан талаасында,
Ээн талаа, эрме чөлдөн арасында.
Жеммаян төөгө минип бир байбиче,
Желдирип келе жатты шашке маалда.
“Ким,-дейсиң ,-бул байбиче?” “Найман апа”,
Азыр ал тагдырына абдан капа.
Жалгызын жоготконго ичи ачышып,
Жалдырап көзүн салат эки жакка.
Бечера улутунуп ыйлап-ыйлап,
Бел тутуп өткөн күндү эске салат.
Жалгызын кандай кылып чоңойтту эле,
Жараткан оо кудай-ай, атаганат.
Жалгызы бой көтөрү п чоңойгондон,
Жаа тартып кылыч шилтеп торолгондон.
Жарады эл ишине, ар-намыска,
Жаш-кары бирдей көрдү жоо чабышта.
Айлардан ай алмашып айдан жылга,
Алмашып убакыт да алга жыла.
Бактылуу алтын күндөр өтө берди,
Баа жеткис, алмаштыргыс алтынга да.
Капыстан чуулгандуу кептер тарап,
Кыргызым дүрбөлө ңгө түшүп замат.
“Тургула, тургула элим жоо келди!” –деп,
Угулду үндөр улам жаңырыктап.
Аттанып кыргыз эли жоого каршы,
Алдыда уулу барат колдун башы.
Бечера Найман эне калып калды,
Уулуна берем деген бышпай ашы.
Оо Кудай-ай жок дегенде,
Өз колунан акыркы даам берсе эмне.
Токто кагылайын, кайрылчы артка!
Деп зор какшап калып калды Найман эне.
Күндөрдө н күн алмашып, өтүп жатты,
Күндөрү н үзбөй эне күтүп атты.
Жүрөгү бир жамандык билдиргендей,
Түшүнө алда нелер кирип жатты.
Тигине келе жатат түрлөрү бар чаалыккандай,
Тилеги: уулун көрсө- сүйүнү чтөн маңдайы жарылчудай.
Эмнегедир көрүнбө йт го уул элеси,
Курган жүрөк бир башкача туйлайт да, бул эмнеси?
“Байбиче, - деп сөз баштайт уруу башы,
- Бардаш кыл, эсиңди жый садагасы.
Барымтага түшүп кетип жалгыз уулуң,
Байкабадык биз аны кара басып”.
“Жок!”(4 жолу) Чучуктай чыңырды эми байкуш эне,
- Жоломан, сени ушинтсин дедим беле!””
Кайгырып, боздоп ыйлап зар какшаса,
Кара жер жердигинен түткөн белем.
Энеге эми баары бирдей болду,
Эңсеп күтөт уулунун келчү жолун.
Жылдар өттү, баары бир эне күтөт,
Жылдызы келүүчү дөй сунуп колун.
Бир күнү түшкө маал үй жанынан,
Биригип кербен өтүп бара жатты.
Байбиче кербендерге кымыз сунуп,
Ак бата ак тилегин алып жатты.
Ак бата тилегиңер уулума деп,
Бечера Найман апа тилек кылды.
Аңгыча кербен башы сөз баштады,
А байкуш эне ага кулак түрдү.
“Келатып эрме чөлдүн арасынан,
Кер мурут жигит көрдүк, төө кайтарган.
Сезбестен чөлдүн ысык ысыктыгын,
Сенделип басып жүрөт төө артынан.
Сүйлөсө ң жооп бербей башын катат,
Сүрдөнү п киши көрсө ары басат.
“Уулум, бери келгин, жакын”- десем,
Умтулуп маңкурт сымал ары качат”.
Сезди эне-ал Жоломан уулу экенин,
Уулумду издебечү мен бекемин.
Шерт байлап, мына ушинтип чыкты жолго,
Төө минип камчыланып оңго-солго.
Аптадан өтүп калды чыкканына,
“А, кудай, жеткире көр максатыма”.
Алыстан калың төөнү н үйрүн көрүп,
Ашыкты ылдамдатып камчылана.
Жел жетпей, желгенине Желмаяндын,
Бат эле кирип барды төөгө жакын.
Төөчү нү көрөө р замат, дароо таанып,
Кыйкырды: “Жоломан! ”- деп үнүн баарын.
Кыйкырык үндү угуп, жалт карады,
Көздөрү эне көзүн бир арбады.
Буулугуп эне турду, уулун тиктеп,
Бурулуп уулу кетти, мал сыңары.
“Кулунум! – деп, учуп түштү Желмаяндан,
- Кургурум тааныйсың бы? Бул мен, апаң.
Эстечи, атыңды айтчы. Атыңды айтчы!
Эрмегим, билесиңби, ким сенин атаң?”
Уулу, дал болгондой башын чайкап,
Дөлдүрө п үн чыгарып: “Маңкурт” – деди.
Ушул сөз кулагы угуп байкуш эне,
Уугуп, сүйлөй албай. Ыйлай берди.
“Жок, балам, сенин атың маңкурт эмес,
Жоломан, сенин атың кургурум-ай!
Атаңдын атын унутупсуң , аның кандай,
Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай? !
Оо, таш боор адам,
Качанкыга бири-бириң ди кордойсуң ар?!
Эмне үчүн оо, катыгүн,
Адам деген атка татык болбойсуң ар?!”-
Деп зар какшап ыйлап атты Найман эне,
Аңгыча көрүп калды не бир караан.
Көрө сала сурады уулунан ал:
“Келе жаткан кимдер болот, эки адам?”-
“Кожоюн”, - деди маңкурт өзүнө н-өзү коркуп.
“Кокуй анда мени айтпа, кайта келем,
Бүгүн түнү өз элиңе алып кетем”-
Айтып бүтүп Найман эне жүрүп кетти,
Аңгыча эки жуңжуң жетип келди.
“Тигил ким, качкан сенин жаныңдагы,
Айткының , өлтүрө бүз азыр сени?! ”
“Билбеймин, энеңмин деп өзү келди,
Билегин кармап алып ыйлай берди”.
“Жалган ал энең эмес,-деп байкушту,-
Өлтүргө нү келген сени” - деп коркутушту.
“Алдагы тебетейиң жулуп алып,
Башыңды кайнак сууга малат”,-деди.
Эх мыкаачылар маң кылганы аз келгенсип,
“Эми келсе аткын!”-деп, жааны берди.
Адамзатты айбан кылган макулуктар,
Арбантышып маңкуртту жөнөп кетти.
Аңгыча күүгү м каптап айлананы,
Ай чыкты сүттөй каптап эрме чөлдү.
“Элиңе алып кетем ”-деп эне келсе,
Эссиз уул өз энесин ажал көрдү.
...Келет эне уулуна жай бастырып,
Бечараны-ажал бол!-деп шаштырып.
Адамзаттын бул ишине жийиркенгендей,
Ай да кетти булуттарга жашынып.
“Жоломан, Жоломан!”- деп, эне келет,
Жалгызым кайдасың деп сыздай берет.
Токто, кагылайын, атпа, атпа! “Бул мен апаң”,-
Деген сөздү ээн талаа жутуп кетет.
Тепчилди жебе эне жүрөгү нө,
Термелип ылдый карай кулап барат.
Жоолугу моюн ылдый шыпырылып,
Жомокто куштай болуп сүйлөй учат.
“Кулунум тааныйсың бы, бул мен, апаң
Атың ким? Атың сенин-Жоломан.
Атаң ким, кургурум-ай,
Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай”.
Бул жомок өзөгү мдү өрттөп сөгөт,
Чындыгын, ырастап-ий бул жомоктун.
Ээн талаа, эрме чөлдө аппак куш,
Дөнөнбайлап учуп жүрөт.
1994-жыл, декабрь айы,
1995-жыл, январь айы.
“МАҢКУРТ БАЯНЫ”
Сөзү, обону: С. Бейшекеевдики.
Ээн талаа Сары-Өзө ктө желмаян төөсү н желдирип, бир эне минтип боздоп келет: “Мен ботосу өлгөн боз инген, тулубун келип искеген, кудай-талаа бул дүйнөдө эч кимди маңкурт кылбаса экен...!”
Бул жомок өзөгү мдү өрттөп сөгөт,
Чындыгын ырасын-ий бул жомоктун.
Ээн талаа, эрме чөлдө аппак куш:
Дөнөнбайлап учуп жүрөт, Дөнөнбай. ..
Казактын кең даркан талаасында,
Ээн талаа, эрме чөлдөн арасында.
Жеммаян төөгө минип бир байбиче,
Желдирип келе жатты шашке маалда.
“Ким,-дейсиң ,-бул байбиче?” “Найман апа”,
Азыр ал тагдырына абдан капа.
Жалгызын жоготконго ичи ачышып,
Жалдырап көзүн салат эки жакка.
Бечера улутунуп ыйлап-ыйлап,
Бел тутуп өткөн күндү эске салат.
Жалгызын кандай кылып чоңойтту эле,
Жараткан оо кудай-ай, атаганат.
Жалгызы бой көтөрү п чоңойгондон,
Жаа тартып кылыч шилтеп торолгондон.
Жарады эл ишине, ар-намыска,
Жаш-кары бирдей көрдү жоо чабышта.
Айлардан ай алмашып айдан жылга,
Алмашып убакыт да алга жыла.
Бактылуу алтын күндөр өтө берди,
Баа жеткис, алмаштыргыс алтынга да.
Капыстан чуулгандуу кептер тарап,
Кыргызым дүрбөлө ңгө түшүп замат.
“Тургула, тургула элим жоо келди!” –деп,
Угулду үндөр улам жаңырыктап.
Аттанып кыргыз эли жоого каршы,
Алдыда уулу барат колдун башы.
Бечера Найман эне калып калды,
Уулуна берем деген бышпай ашы.
Оо Кудай-ай жок дегенде,
Өз колунан акыркы даам берсе эмне.
Токто кагылайын, кайрылчы артка!
Деп зор какшап калып калды Найман эне.
Күндөрдө н күн алмашып, өтүп жатты,
Күндөрү н үзбөй эне күтүп атты.
Жүрөгү бир жамандык билдиргендей,
Түшүнө алда нелер кирип жатты.
Тигине келе жатат түрлөрү бар чаалыккандай,
Тилеги: уулун көрсө- сүйүнү чтөн маңдайы жарылчудай.
Эмнегедир көрүнбө йт го уул элеси,
Курган жүрөк бир башкача туйлайт да, бул эмнеси?
“Байбиче, - деп сөз баштайт уруу башы,
- Бардаш кыл, эсиңди жый садагасы.
Барымтага түшүп кетип жалгыз уулуң,
Байкабадык биз аны кара басып”.
“Жок!”(4 жолу) Чучуктай чыңырды эми байкуш эне,
- Жоломан, сени ушинтсин дедим беле!””
Кайгырып, боздоп ыйлап зар какшаса,
Кара жер жердигинен түткөн белем.
Энеге эми баары бирдей болду,
Эңсеп күтөт уулунун келчү жолун.
Жылдар өттү, баары бир эне күтөт,
Жылдызы келүүчү дөй сунуп колун.
Бир күнү түшкө маал үй жанынан,
Биригип кербен өтүп бара жатты.
Байбиче кербендерге кымыз сунуп,
Ак бата ак тилегин алып жатты.
Ак бата тилегиңер уулума деп,
Бечера Найман апа тилек кылды.
Аңгыча кербен башы сөз баштады,
А байкуш эне ага кулак түрдү.
“Келатып эрме чөлдүн арасынан,
Кер мурут жигит көрдүк, төө кайтарган.
Сезбестен чөлдүн ысык ысыктыгын,
Сенделип басып жүрөт төө артынан.
Сүйлөсө ң жооп бербей башын катат,
Сүрдөнү п киши көрсө ары басат.
“Уулум, бери келгин, жакын”- десем,
Умтулуп маңкурт сымал ары качат”.
Сезди эне-ал Жоломан уулу экенин,
Уулумду издебечү мен бекемин.
Шерт байлап, мына ушинтип чыкты жолго,
Төө минип камчыланып оңго-солго.
Аптадан өтүп калды чыкканына,
“А, кудай, жеткире көр максатыма”.
Алыстан калың төөнү н үйрүн көрүп,
Ашыкты ылдамдатып камчылана.
Жел жетпей, желгенине Желмаяндын,
Бат эле кирип барды төөгө жакын.
Төөчү нү көрөө р замат, дароо таанып,
Кыйкырды: “Жоломан! ”- деп үнүн баарын.
Кыйкырык үндү угуп, жалт карады,
Көздөрү эне көзүн бир арбады.
Буулугуп эне турду, уулун тиктеп,
Бурулуп уулу кетти, мал сыңары.
“Кулунум! – деп, учуп түштү Желмаяндан,
- Кургурум тааныйсың бы? Бул мен, апаң.
Эстечи, атыңды айтчы. Атыңды айтчы!
Эрмегим, билесиңби, ким сенин атаң?”
Уулу, дал болгондой башын чайкап,
Дөлдүрө п үн чыгарып: “Маңкурт” – деди.
Ушул сөз кулагы угуп байкуш эне,
Уугуп, сүйлөй албай. Ыйлай берди.
“Жок, балам, сенин атың маңкурт эмес,
Жоломан, сенин атың кургурум-ай!
Атаңдын атын унутупсуң , аның кандай,
Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай? !
Оо, таш боор адам,
Качанкыга бири-бириң ди кордойсуң ар?!
Эмне үчүн оо, катыгүн,
Адам деген атка татык болбойсуң ар?!”-
Деп зар какшап ыйлап атты Найман эне,
Аңгыча көрүп калды не бир караан.
Көрө сала сурады уулунан ал:
“Келе жаткан кимдер болот, эки адам?”-
“Кожоюн”, - деди маңкурт өзүнө н-өзү коркуп.
“Кокуй анда мени айтпа, кайта келем,
Бүгүн түнү өз элиңе алып кетем”-
Айтып бүтүп Найман эне жүрүп кетти,
Аңгыча эки жуңжуң жетип келди.
“Тигил ким, качкан сенин жаныңдагы,
Айткының , өлтүрө бүз азыр сени?! ”
“Билбеймин, энеңмин деп өзү келди,
Билегин кармап алып ыйлай берди”.
“Жалган ал энең эмес,-деп байкушту,-
Өлтүргө нү келген сени” - деп коркутушту.
“Алдагы тебетейиң жулуп алып,
Башыңды кайнак сууга малат”,-деди.
Эх мыкаачылар маң кылганы аз келгенсип,
“Эми келсе аткын!”-деп, жааны берди.
Адамзатты айбан кылган макулуктар,
Арбантышып маңкуртту жөнөп кетти.
Аңгыча күүгү м каптап айлананы,
Ай чыкты сүттөй каптап эрме чөлдү.
“Элиңе алып кетем ”-деп эне келсе,
Эссиз уул өз энесин ажал көрдү.
...Келет эне уулуна жай бастырып,
Бечараны-ажал бол!-деп шаштырып.
Адамзаттын бул ишине жийиркенгендей,
Ай да кетти булуттарга жашынып.
“Жоломан, Жоломан!”- деп, эне келет,
Жалгызым кайдасың деп сыздай берет.
Токто, кагылайын, атпа, атпа! “Бул мен апаң”,-
Деген сөздү ээн талаа жутуп кетет.
Тепчилди жебе эне жүрөгү нө,
Термелип ылдый карай кулап барат.
Жоолугу моюн ылдый шыпырылып,
Жомокто куштай болуп сүйлөй учат.
“Кулунум тааныйсың бы, бул мен, апаң
Атың ким? Атың сенин-Жоломан.
Атаң ким, кургурум-ай,
Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай”.
Бул жомок өзөгү мдү өрттөп сөгөт,
Чындыгын, ырастап-ий бул жомоктун.
Ээн талаа, эрме чөлдө аппак куш,
Дөнөнбайлап учуп жүрөт.
1994-жыл, декабрь айы,
1995-жыл, январь айы.
#7 05 Октябрь 2007 - 13:41
АРЗУУ
Ой болуп карайм жузундон сымбат,
Ойноок коз курбум карашын кымбат.
Сагыныч эзет сары оору кылып,
Садагам деймин башкадан ылгап.
кайырма:
Ооруду журок ок болуп тийген,
Козундон сенин жалындап куйгон.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы суйбойм.
Кыйбасын ойлон кымбатым жандын,
Жанында болуп жалындай жандым.
Антпесе омур боектой очот,
Озунсуз отсом арманым арбын.
кайырма:
Ооруду журок ок болуп тийген,
Козундон сенин жалындап куйгон.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы суйбойм.
Сагындым сени улбуроп турган,
Мажурум болуп суйуумду ырдайм.
Жол бою оскон дарактай болуп,
Кутуудон чарчап жанымды кыйнайм
Ой болуп карайм жузундон сымбат,
Ойноок коз курбум карашын кымбат.
Сагыныч эзет сары оору кылып,
Садагам деймин башкадан ылгап.
кайырма:
Ооруду журок ок болуп тийген,
Козундон сенин жалындап куйгон.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы суйбойм.
Кыйбасын ойлон кымбатым жандын,
Жанында болуп жалындай жандым.
Антпесе омур боектой очот,
Озунсуз отсом арманым арбын.
кайырма:
Ооруду журок ок болуп тийген,
Козундон сенин жалындап куйгон.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы суйбойм.
Сагындым сени улбуроп турган,
Мажурум болуп суйуумду ырдайм.
Жол бою оскон дарактай болуп,
Кутуудон чарчап жанымды кыйнайм
#8 30 Сентябрь 2012 - 21:49
Сыймык байкенин да ырларынан жазалычы!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#9 12 Май 2013 - 16:00
Жолуккум келип турат,жолукпа деп айтпачы саптары бар ыры жакты.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#12 06 Июнь 2013 - 09:08
Сыймык Бейшекеевдин ''Гулум ай'',''
Кукук ай'' деген,дегеле баардык ырлары жагат.
Акчасына карап кесип тандаба.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
#14 21 Июнь 2013 - 17:27
Сапырылган сары жалбырак,санааларга мени азгырат,кузгу ношор тынбай тогулот ай,коздорундон жааган жамгырбыы...
и.т.д. деп мамам ырдап калчу эле созолонтуп.
Семирип да кеткенби Сыймык.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#15 04 Июль 2013 - 08:47
Yrlarynyn maanisi jakshy. Maanai jokto ugup kalap airykcha "Toktogulga ketesinbi"degen yryn
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#16 28 Октябрь 2013 - 07:23
Мен ушул байкенин ырлары менен чоңойгом да,кичинемде үнүн туурап,окшоштура албай көп убара болчум.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#19 29 Декабрь 2013 - 13:37
Абдан жагат.инимдин атын Сыймык койгонбуз.Сыймык акедей,биз сыймыктана турган адам болсун деп!
#20 09 Январь 2014 - 03:05
"Жакшы сөз айтчы мага" деген ырынын клибин биринчи көргөндө ыйлап жибергенбиз (үй-бүлөөбүз м.н). Сиңдилерим ошону эле коюп берчи дей беришет.
АльхамдулиЛлях!

Супер-Инфо
super.kg
видео




















Мобилдүү версия