Алдын ала эскертип кетейин - темада автор тууралуу сөз жүрүп жаткан жок. Ошондуктан,
менин бакчама таш ыргытуудан алыс болгула!
Темага өтө турган болсом - акыркы мезгилде көптөгөн жаштар учуп кетип (залёт болуп) үйлөнуп жатышат. Мурда мындайларды жек көрүп караган болсом, азыр "жоктон көрө жогору" деп аборт кылдырбай кеч болсо да нике кыйдырып үйлөнүп жатканына ыраазы да болуп кетесиң..
Силердин оюңар кандай?
P.S. Коом үй-бүлөдөн куралганына карап "Саясат жана коом" бөлүмүнө ачтым теманы. Ойлойм, ушу "Үй бүлө" деген бөлүм ачууга мезгил бышты го?" деп.
"Учкучтар" үй курушса... түшүнүктүү тил менен айтканда "залёт"
#2 29 April 2012 - 02:05
Негизи тээ илгери биз бала кезде мындай нерсе аябай эле өөн учурачы эмес беле азыр болсо Кадимки эле мыйзам ченемдүү корунуш болуп калбадыбы. Бу да болсо "жетишкендик"
... Озун айтып откондой нике кыйдырып алгандарына дагы тобооо...!!
!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#3 29 April 2012 - 10:11
Эң негизгиси ошол эки адам, аны менен кошо андан жаралгандар бактылуу болушсун!
Нике бул - формалдуу шарт, ЗАГС деле.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#4 29 April 2012 - 11:49
abort kyluu azyrky ubakta kop bolup atat,kyz jigit bolup jyryp abort kylyp alyp kop jyl otkondon kiyin okynottor dep oiloim,oshonduktan andaidy kaalabagandary nike kyidyryp jashap alyshyp atattar,ortodo bolgon prelisterin echkim tashtandyga tashtagysy kelbeitko.
shaste zdes kogda ya zdes
#5 29 April 2012 - 17:04
Эң негизгиси ошол эки адам, аны менен кошо андан жаралгандар бактылуу болушсун!
Нике бул - формалдуу шарт, ЗАГС деле.
Нике - кимдир бирөө үчүн формалдуу шарт болушу мүмкүн, а кимге негизги шарт болушу мүмкүн.
ЗАГС тууралуу да ошону айтса болот.
Баары бир, никеси кыйылып бактылуу болушсун, э?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 29 April 2012 - 21:58
Баары бир, никеси кыйылып бактылуу болушсун, э?
Жеке мен үчүн, никенин бар-жогу мааниге ээ эмес! Албетте, бул экинчи тараптын оюн сыйлабагандык дегендикке жатпайт.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#7 29 April 2012 - 23:21
Баарынан да бактылуу болушса болду. Ооба мурда жат корунуш болчу,азыр конумуш адат болуп калды окшойт. Буга заманды кунооло туура эмес го дейм баары озубуздун колубузда.
#8 02 May 2012 - 20:49
кесип туруп, анан, эми ченейли дегендей эле да. Чанда туура келбесе, кобу брак.
#9 02 May 2012 - 21:44
Учкучтарбы? Бузгучтарбы биринчиден бактылуу болсун.Бузганды бузуп алышып,качып,
коркуп жүрбөй.Бара бара башка заман болуп бара жатат,кылым алмашып азыркы жаштар менен азыркы карылар да башкача Ликвидатор айткандай.Кыздар ыйлабасын,жигиттер чайналбасын.
#10 03 May 2012 - 13:06
Бир нерсе айтуу абдан кыйын бул темада. Куру соз кулака жакпайт . Ушул эле форумда ушундай иштерди жасап туруп акылдуу корунгон " учкучтар"
жана " учууну" уйронуп андан бакыт таап жаткандар чыгышы мумкун.Учкучпу же шофёрбу наристени кор кылбай жарык дуйного алып келип татыктуу тарбия берсе ошол сооп иш .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#11 03 May 2012 - 14:35
Азыр конумуш эле корунуш болуп калды го, аборт маборту жок эле эч болсо да кеч болсун деп нике кыйдырып,наристени жарык дуйного алып келген он го,эн негизгиси бактылуу уй булоо болушсун да.
Апакем менин кымбатым!
#12 04 May 2012 - 02:51
Лётчиктер жонундо деп ойлопмун башында,карасам жердегиле лётчиктер турбайбы.Бул форумда деле Ликвидатор айткандай учкучтар,учууну энсегендер жана учмакчы болуп учайын деп калгандар да бар.Азыр модадай болуп,кайсы эркектин жанында жарым саат суйлошуп олтурсан,он беш муноту учкучтар тууралуу болуп калыптыр.Нике кыйдырып алса мейлиго,бирок барган сайын кобойуп баратат да.Ал эми абортсмендер да куч алып жатат.Буларга чара колдонуу зарыл,кандай болсо да мыйзамга киргизуу керек.Эгер киргизилбесе келечекте каскадёрлору да чыгат.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#13 04 May 2012 - 10:12
Тема боюнча раелдан алынган күлкүлүү окуя:
Кыргызстандын бир айылдарынын биринде бир жигит шашылыш үлөнуп калат экен. Ошол кезде айылда жалан гана залет менен үлөнүп калышкан кез өкүм сүрүп турган экен. Тиги жигит шашылыш үйлөнүп калганына достору таң калып "Сен эмне болуп үйлөнүп калдын?" - деген суроого жигит "Эл катары эле" - деп жооп берип коёт дейт
Тема боюнча билдирүүм:
Биздин айыл өтө эле эскилерден, залетту койдум жигит кыз менен көчөдө туруп сүйлөшүп калса чоң ушак болчу эле. Былтыр ал түптөлгөн менталитетти 1992 жылкы балдарыбыз таш талканын чыгарды
. Башкача айтканда шаарды көздөй жөнөп кеткен окууну жаңы бүткөн 2 жигитибиз уйлөрүнө бирден келин жетелдеп барышты. Эх жаштар үйлөнө баштаптыр үйлөнүш керек эле деп отурсам 2-3 айга жетпей балалуу болушуптур женткекке келгиле деп жанылык келди
Кыргызстандын бир айылдарынын биринде бир жигит шашылыш үлөнуп калат экен. Ошол кезде айылда жалан гана залет менен үлөнүп калышкан кез өкүм сүрүп турган экен. Тиги жигит шашылыш үйлөнүп калганына достору таң калып "Сен эмне болуп үйлөнүп калдын?" - деген суроого жигит "Эл катары эле" - деп жооп берип коёт дейт
Тема боюнча билдирүүм:
Биздин айыл өтө эле эскилерден, залетту койдум жигит кыз менен көчөдө туруп сүйлөшүп калса чоң ушак болчу эле. Былтыр ал түптөлгөн менталитетти 1992 жылкы балдарыбыз таш талканын чыгарды
#14 24 May 2012 - 21:56
Кандай абал болбосун,эки адам туболук жашап кетиши.Ортодо наристени ара жолдо калтырбаш керек деп ойлойм.
#15 06 June 2012 - 13:20
Баары эле правила менен жашап, үйлөнүшсө кызыксыз болуп калат болуш керек.)))
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...

Супер-Инфо
super.kg
видео


















