Суперстан: Кантип семирип, кантип арыктаса болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Диетология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (29 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кантип семирип, кантип арыктаса болот? келип карап койсонуз

#321 Пользователь офлайн   EjEviKa.   03 Июль 2014 - 15:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 17 Янв 2015 18:54

Атайы ич откозо турган дарыларды ичип арыктагандарды коруп тан калгамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Июль 2014 - 14:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ашыкча салмактан арылуу көпчүлүк айымдардын олуттуу көйгөйү. Бул көйгөйдөн арылууга айрымдарынын эрки жетсе, көпчүлүгү андан арыла албай келишет.
1. Көңүлүңүздү тамакка гана коюңуз

Тамактанып жатканда эч нерсеге алаксыбаңыз, көңүлүңүздүн баарын тамакка коюңуз. Телевизордон сүйүктүү сериалыңызды көрүп же компьютерде иштеп отуруп тамактансаңыз, дайыма жеп жүргөн порцияңыздан үч эсе көп жеп койгонуңузду өзүңүз билбей каласыз.

2. Көп чайнаңыз

Тамактын ар бир тиштемин 25тен кем эмес жолу чайнап, андан кийин гана жутуңуз. Мунун эки пайдасы бар. Биринчиден, жакшы чайналган азык организмге жакшы сиңет. Экинчиден, чайнаганда бүйлөлөр массаждалып, пародонтоз оорусунун алдын алат.

3. Эки даана жумуртка

Конокко, тойго жана башка тамак көп болчу жерге барардан мурун үйүңүздөн сууга бышкан эки жумуртка жеп алыңыз. Алар сизди ток кармап турат, натыйжада, дасторкондогу дүйүм тамактан өзүңүздү кармап отуруу жеңил болот.

4. Таттууларды чектеңиз

Жатар алдында желген балмуздак жана башка таттуу азыктар бүт бойдон майга айланары миллион жолу далилденген. Ал эми бул сүйүктүү азыктарыңызды түшкө чейин жесеңиз, алар сиздин мүчө келбетиңизге эч кандай терс таасирин тийгизбестигине кепилдик бар. Жатар алдында таттуу нерсе жегиңиз келсе, бир даана апельсин, алма же бир кесим ананас жеп алсаңыз болот.

5. Диетанын кереги жок!

Бир дагы диета узак убакытка эсептелген эмес. Мындан тышкары, ал сиздин организмиңиздеги зат алмашууну бузат. Анткени, диета кармоодо сиз же ачка жүрөсүз, же рационуңуздан бир нече азыкты чийип саласыз. Мындан тескерисинче, мурдагыдан үч эсе тез салмак топтойсуз.

6. Толук кандуу уйку

Изилдөөлөрдөн белгилүү болгондой, толук кандуу уйку да келбетиңизди бир калыпта сактоого жардам берет. Ал эми уйку канбаса, организмде гормоналдык баш-аламандык орун алат, башкача айтканда, май ткандарын эритүүчү гормондор аз иштелип чыга баштайт. Суткасына 6 сааттан аз уктаган адамдын организминде май чогула берет да, бир жуманын ичинде ашыкча салмак кошкону байкалат. Андыктан, күнүнө 8 сааттан кем эмес уктаңыз. Бирок, эсиңизде болсун, ашыкча уйку да салмак кошот.

7. Кыймыл-аракетти көп жасаңыз

Канчалык кыймылдуу болсоңуз, ошончолук келбеттүү болосуз. Анткени, физикалык активдүүлүк организмдеги зат алмашууну жакшыртат жана майларды эритүүчү заттын иштелип чыгышын жакшыртат.

8. Цитрус жемиштерин көп жеңиз

Белгилүү болгондой, цитрус жемиштери С витаминине бай. Ал эми бул витамин организмде картизолдун, башкача айтканда, майдын топтолушун шарттоочу гормондун иштелип чыгышына тоскоолдугун тийгизет.

9. Ак эт жеңиз

Тооктун, үндүктүн, балыктын эти адамды ток кармайт. Баарынан жакшы жери, алар майдын чогулуша алып келбейт, тескерисинче, алардын курамында булчуң эттер үчүн курулуш материалы болуп берчү аминокислоталар бар.

10. Суюктукту көп ичиңиз

Суу ачкалыкты сездирбейт жана зат алмашууну 3%га жакшыртат. Андыктан, сууну канчалык көп ичсеңиз, ошончолук жакшы. Тамактанар алдында бир стакан жылуу суу ичип алууну адатка айлантыңыз. Мындан тамакка болгон табитиңиз басаңдап, азыраак жегенге шарт түзүлөт. Мындан сырткары ар саат сайын 100 миллилитрден суу ичип турсаңыз, эч качан ачка болбойсуз, ал эми суу сиздин ичиңиздеги шлактарды айдап чыгат.

11. Туруп туруңуз

Мүмкүн болушунча көбүрөөк туруңуз. Отурганга караганда туруп турган абалда бир жарым эсе көп калорий сарптайсыз. Ушуну эске алып врачка кирүүгө кезек күтүп турганда, атүгүл телевизор көрүп жатканда тикеңизден тик туруп туруңуз.

12. Пайдалуу азыктарды жакын жерге коюңуз

Пайдалуу азыктарды дароо көзгө урунгудай жерге коюңуз. Мисалы, жер-жемиштерди столдун үстүнө, муздаткычты ачканда эле көрүнгүдөй жакын текчесине дегенде


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Июль 2014 - 14:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

ундан жасалган тамактар, кортошка, кум шекер, күрүч жана ар кандай алкоголдук ичимдиктерди эң аз колдонуу керектиги айтылат.

1-эреже

Эч качан ачка болбоо. Бир күндө аз-аздан беш маал тамактануу. Ал тамактардын көбү мөмө жана жер жемиштеринен турушу зарыл.

2-эреже

Бир күндө канча колория да тамак жегенинизди эсептеп чыгыңыз

3-эреже

Тамактануу учурунда ар дайым маанайыңызды көтөрүп, жагымдуу ойдо болуңуз. Адам кандай көңүлдө тамактанса ал анын организимине ошондой таасирин берет.

Диета сактоо ыкмасынын менюсу

Эртең мененки тамак (эрте менен08.00дө). Сууда бышкан овсянка кашасы, майсыз йогурт же простоквашина.

Экинчи тамак (саат 10.00дө). Эки алма же бир мандарин.

Түшкү тамак (саат 12.00де). Белоктуу тамак – балык, майы жок эт, тооктун эти, жумуртка.

Полдник (саат 16.00 дөн 17.00гө чейин). Эки алма же мандарин.

Кечки тамак (саат 19.00гө чейин). Жер жемиштерден жасалган салат, майсыз айран, сууга бышкан жумуртка.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   Mononoke   13 Июль 2014 - 14:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 145
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Сен 2021 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

8 саат бир жерде отуруп иштегендер кантебиз,дайым туруп журо албайбыз да
Aлга !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   Saiha.84   13 Июль 2014 - 15:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Mononoke (13 Июль 2014 - 14:07) жазган:

8 саат бир жерде отуруп иштегендер кантебиз,дайым туруп журо албайбыз да


Эртен менен же кечинде 1 сааттай убакытты чуркаганга же ылдамдыктагы жоо журушко болуунуз керек,дайыма конул куунак ден-соолук бекем жана келбетиниз чырайлуу болуп турасыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   Mononoke   13 Июль 2014 - 15:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 145
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Сен 2021 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Saiha.84 (13 Июль 2014 - 15:04) жазган:

Эртен менен же кечинде 1 сааттай убакытты чуркаганга же ылдамдыктагы жоо журушко болуунуз керек,дайыма конул куунак ден-соолук бекем жана келбетиниз чырайлуу болуп турасыз!

эртен менен болбосо керек уйкудан аран 7.20 да турам,
Aлга !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   JANTUMARYM345   25 Июль 2014 - 12:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 25 Февраль 14
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

салам достор!салам супердин суппер форумчулары! силерден керектуу кеп кенеш алайын дедим эле.куйоомду семиртип топтомолок кылып алып жургум келет.адамдар, ,ии мынча арыктап кеткен,,десе эле ичимде уйгу туйгу башталат,катуу тиет,мен карабай койгондой болуп.бирок эн жакшы карайм тамагын турлоп жасап берем,кийимин чечкенин сразу жуйум,утуктойм, устуно тушуп эле карайм.анткен ошондой тарбия коргом,атам военный болчу,апам жугурунуп эле журчу,муну кийип алын,муну жеп алын деп...кыскасы кантип семиртсем болот туугандар?! же витамин барбы атайын?кандай кылсам?ал иштейт,мен уйдо балдар менен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   jypara1415   25 Июль 2014 - 12:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 912
  • Катталган: 06 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2019 07:15
  • Жынысы:Аялзаты

Менде да ушул көйгөй :) .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   admin_superstan   25 Июль 2014 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"куйоомду кантип семиртем?" темасы менен бириктирилди.
JANTUMARYM345 , кайталанган тема ачуудан алыс болуңуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   Feijipiao   27 Июль 2014 - 14:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Көбүнчө сымбаттуулукту бузган ашыкча салмак. Андыктан ашыкча семиргиңиз келбесе, койдун майын жана камыр тамак жегенди чектегениңиз жөндүү. Бирок, организмге белок керектелет. Муну камсыздагыңыз келсе жумуртка, кара кесек эт, балык жеңиз. Мындайда эт менен балыкты куурубай кайнатканыңыз оң. Майлуулугу аз сүт, быштак, айран да пайдалуу. Өзгөчө коллориясы аз болгон жашылчаны куурубасаңыз ашыкча эттенүүнүн алдын алган болосуз. Эгер өтө толуп кетсеңиз: 100 грамм сулууну, 500 грамм сүргүчтөн өткөрүлгөн алмага, 1 аш кашык лимон менен грек жаңгагына ошол эле өлчөмдө бал кошуп аралаштырасыз. Даярдалган азыкты төрткө бөлүп, тамак ордуна 4 маал ичесиз.Эскерте кетчү жагы өнөкөт гастрит, боор, жүрөк кан тамыр оорулуулар, жашы жетимиштен өткөндөргө колдонууга болбойт.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 27 Июль 2014 - 14:09

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
. Диетологдор ар бир жылдыз белгиге карап арыктоонун төмөндөгүдөй ыкмаларын иштеп чыгышкан. Сиз да өз белгиңизге карап, кандай диета сунушталганын байкап көрүңүз.


Кой жылдызы:
Кемчилиги: Таттуу азыктардан баш тарта албайт. Жолду катар азык-түлүк сатылган дүкөндөрдү кыя өтпөй, көзү көргөндү алмайын тура алышпайт. Басып баратканда оозуңузду кыбыратып бир нерсе жемей адатыңызды таштаңыз!
Сизге керектүүсү: Өзүңүздү тамак менен эле чектебестен спорттун ар кандай түрүнө катышып, бий менен да алектениңиз. Бир күндө аз-аздан бирок, төрт ирет тамактанып турууңуз керек. Сууга бышкан жумуртка, картошка, капуста, сабизден жасалган жеңил тамактар арыкташыңызга оңой өбөлгө түзөт.
Букачар:
Кемчилиги: Бир отуруп тоё тамак жеш үчүн көп нерсеге даярсыз. Таттуу азыктарга караганда майлуу тамактарга басым жасайсыз. Спорт көнүгүүлөрүн жасайын деген аракетиңиз бар, бирок денеңизди көп кокустатып, жалакайланып бат тажайсыз.
Керектүүсү: Сизге баарынан да йога менен алектенүү же болбосо сууда сүзүү көбүрөөк пайда алып келет. Түшкү тамактануу учурунда курсагыңызды болушунча тойгузуп, калган убакта өзүңүзгө чек коюуну үйрөнүңүз. Төө буурчактан жасалган шорпо, алма, дарбыз же коон дене -мүчөңүздү бир калыпта кармап жүрүүгө жардам берет.
Эгиздер:
Кемчилиги: Жаңгак, печенье, кечкиден калган тамактардын калдыгын кемирип отурганды жактырасыз. Оозуңуз дайыма кыймылда жүрөт. Сууда сүзгөнгө караганда күнгө кактанып жатканды жактырасыз. Азыраак кыймылда болгонуңуз сиздин толуп жатканыңыздын эң негизги себеби.
Керектүүсү: Спорт менен машыгууну каалабасаңыз да физикалык күч жумшап, кара жумуштарды аткарганга аракет кылыңыз. Суусундуктарга көбүрөөк басым жасап, майлуу, куурулган тамактардан баш тартканыңыз оң. Жер-жемиштер, үй шартында даярдалган сыр, айран сиздин салмагыңыздын көбөйбөшүн көзөмөлдөп турат.
Бөйөн:
Кемчилиги: Эркектин жүрөгүнө жол ашказан аркылуу өтөт деген сөздү ураан тутуп, сүйүктүүңүзгө тамактын даамдуусун даярдагандан эринбейсиз. Албетте өз колуңуз менен жасалган тамактан баш тартуу сизге оорчулукка турат. Ошондо сиздин салмагыңыздын көбөйүшү жеке жашооңузга көз каранды деген жыйынтык чыгарсаңыз болот.
Керектүүсү: Күчүңүздү аябай кара жумуш менен көп алектениңиз. Эрктүү болуп калориясы көп тамактарга азгырылбаңыз. Ушул эки эрежени эске алсаңыз ашыкча салмакты азайтып, өзүңүз каалагандай дене-мүчөгө ээ болосуз. Баса, газдалган суусундуктарга караганда анардын ширеси ден-соолугуңузга көбүрөөк пайда алып келээрин эсиңизге салабыз.
Арстан:
Кемчилиги: Сиз эң жакшысына, эң мыктысына татыктуумун деген ойго жетеленип тамактануучу жайга киргенде менюдагы эң кымбат, майлуу тамакка басым жасайсыз. Күндүз кечке тамактын түрүн жеп, жатаарда оозуна наар албай уктаса адам арыктайт деген оюңуз жаңылыштык.
Керектүүсү: Жогорудагы жаңылыштык эрежеге жетеленбей андан көрө бир күн бою аз-аздан тамактанып, кечкисин күрүчтөн жасалган ботко, тооктун шорпосу, кургатылган нан менен өзөктү алдаганыңыз туура. Спорт менен машыгууга убакыт таппай жатсаңыз төшөк майданында темпиңизди жогорулатып "өзгөчө арыктатуучу" көнүгүүлөр менен машыксаңыз болот.
Бийкеч:
Кемчилиги: Тамакты калтырбай ичүүнү адатка айландырып алганыңыз-сиздин эң негизги катаңыз десек болчудай. "Жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын" деген урааныңызды таштамайын дене-мүчөңүздү оңой менен бир калыпка салып, ашыкча салмактан арыла албайсыз. Дайыма стресстин үстүндө жүргөнүңүздөн салмагыңыздын кошулганы кошулган.
Керектүүсү: Эртең менен болушунча тамактанып, күндүн калган бөлүгүндө жеңил тамактар менен чектелиңиз. Өзүңүздү бир калыпта кармап, жан-дүйнөңүздүн тынчтыгын сактаңыз. Анткени, ар бир көрүнүшкө жинденип отурсаңыз салмагыңыз гана кошулуп тим болбостон ден-соолугуңузду өз колуңуз менен талкалашыңыз мүмкүн.
Тараза:
Кемчилиги: Туздалган тамактардан баш тартпай, ар бир жеген тамагыңызга кетчуп же каймак кошуп жемейин тура албайсыз. Сизге сунушталган тамактардан баарын аз-аздан болсо да даамдап көрүп, жыйынтыгында ашказанга күч келтирип кыйналасыз. Спорт менен чындап машыккандан качып, анда-санда жөн гана башкалардын көзүнө көрүнүш үчүн спорт залга баш багып коюшуңуз мүмкүн.
Керектүүсү: Эртең менен кара нан менен айран, түштө жер-жемиштин түрү менен тамактанган пайдалуу. Кечкисин табитиңизге чек коюп, күрүчтөн жасалган суюк шорпо, кургак нан менен көк чай ичип тим болуңуз.
Чаян:
Кемчилиги: Эртеден-кечке жарытылуу тамак ичпей, болгон күчүңүздү кечки тамактан чыгармай жаман адатыңыз бар. Сэндвичти жаныңыздай көрүп бир күндө жок дегенде бирди жемейин тура албайсыз. Андан сырткары шоколад семиртээрин билсеңиз деле андан баш тартууга эркиңиз жетпейт.
Керектүүсү: Сүйгөн адамыңыз сизди арыктатуунун амалын издеп келет. Анын берген сунуштарынан баш тартпай, жардамын пайдаланыңыз. Жогорудагы саналган тамактарды азыртадан баштап менюдан чыгарып, жеңил азыктарга өткөнүңүз жакшы.
Жаачы:
Кемчиликтер: Чыгыш элинин ашканасына суктанып, тамактанууда аша чаап кеткен учурларыңыз көп. Кийин ашказаныңыз ооруп кыйналаарыңызга кайыл болуп, алдыңызга келген табакты түбүнө түшүрмөйүн жаныңыз тынбайт. Анда-санда жүрөгүңүз ооруксунган жагдайлар кездешет. Мунун баары ачуу, майлуу тамак жегендин кесепетинен келип чыгаары талашсыз.
Керектүүсү: Сиздин энергияңыз көп, ошону чеги менен пайдаланыңыз. Тамакты тоё жеп алаарыңыз менен ашказан жеңилдесин деген ойдо дароо оор жумушка киришкениңиз туура эмес. Абалыңызды ого бетер оорлотуп, ашказандын шорун катырасыз. Кандай күчтүү тамак жебеңиз артынан эч убакта суусундук ичпеңиз.
Текечер:
Кемчиликтер: Жаңы бышкан тамактын жытына бат азгырылып, таттуу токочтордон баш тартмагыңыз тозок. Спорт менен машыга баштасаңыз да аягына чыгарбай таштап салганыңыз да бат. Эгерде өзүңүздү бир калыпта алып жүрүүнү кааласаңыз диета менен эле чектелбей ар кандай көнүгүүлөрдү жасаңыз.
Керектүүсү: Эртең менен сүт азыктарын ичип, түштө жакшылап тамактанып, кечкисин кандай даамдуу тамак жасалбасын эркиңизди кармап баш тартканыңыз сиздин дене-мүчөңүз үчүн да, ашказаныңыз үчүн да туура чечим болот.
Суупери:
Кемчиликтери : Колбаса, сыр менен жасалган тамактарды жактырасыз. Куурулган тамак ден- соолукка пайда алып келбесин билсеңиз да майды чылкылдатып картошка кууруп жегенден ырахат аласыз. Бат чарчагандан улам спорт менен машыккыңыз келбейт.
Керектүүсү: Суусундуктун түрүн көп ичиңиз, кайнатма шорпонун түрү арыктаганга жакшы мүмкүнчүлүк түзөөрүн эске алып, куурулган тамакка караганда суюк тамактардын рационун көбөйтүңүз. Шорподон тажасаңыз сабиз, картошка, пияздан соус жасап жесеңиз болот.
Балык:
Кемчиликтери: Денеңиз борпоң болуп бат чарчап, көп ооруйсуз. Чайды жаныңыздай көрүп бир күн бою чай ичип жүрө берүүңүз да мүмкүн. Жеңил тамактар менен чектелип курсагыңыздын ачка болгонуна караганда дене-мүчөңүз бир калыпта жүргөнү сиз үчүн маанилүүрөөк.
Керектүүсү: Эртең менен жемиштин түрү менен жасалган экзотикалык салаттар менен тамактансаңыз болот. Өзүңүзгө көп эле чектөө коё бербей, анда-санда өзүңүздү эркелетип, көңүлүңүзгө жаккан тамакты жасап жегениңиз ашыкча болбойт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   mr.Ada   30 Июль 2014 - 22:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 449
  • Катталган: 08 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 01 Фев 2017 03:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москоу м.Кузьминки

Кызыгы семиз кыздарды коргондо не жейсин айтчы менда семиргим келет кенешинди айтчы деп тамашалап коём. Уругунда барлар такыр семирбейт же арыктабайт экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Жолоочу_Kosmopolitka_* 31 Июль 2014 - 00:58

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

:D Мр.Ада ага, боорду эздиниз го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   bekbolot.kg   31 Июль 2014 - 14:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 600
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Ноя 2023 11:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кызыл-Кия

эч эле масса алалбалымдаа мен. боюм 188см. вес кышта 80болчу. азыр 72 ((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   emma.dinka   31 Июль 2014 - 15:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2015 08:46

Менда арыктай албайтам орточомун бир аз салмак таштасам дейм кенеш бериниздерчи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#336 Пользователь офлайн   AzaNiga   31 Июль 2014 - 16:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 30 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 06 Дек 2014 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения emma.dinka (31 Июль 2014 - 15:22) жазган:

Менда арыктай албайтам орточомун бир аз салмак таштасам дейм кенеш бериниздерчи

кундо эрте менен 30 минут уйкунан кечип 10.15 км чурка,арыктайсын, арыктабасан озум арыктатам .
,...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#337 Пользователь офлайн   Saiha.84   02 Август 2014 - 10:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кунуго жумушка велик менен баргылаСүрөт бензинге же жол киреге да акча сарпталбайт. ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#338 Пользователь офлайн   Lady_smile   02 Август 2014 - 11:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 24 Июнь 14
  • Соңку аракети: 21 Июн 2016 01:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:London

Жугуруп арыктагандар жугурбой койсо кайра бат эле семирип кетет.
Негизи бейгам адам семирет. Мен да мурун томолок кыз болчумун,окуп кыйналып, ар кандай койгойлор жаралып ошолорду ойлонуп журуп эле арыктап кеттим, жана эн негизги нерсе бул тамак напсинерди тыйсанар арыктайсынар. Кыздар "Ушуну жесем башка жебейм" деп жей беребиз ошол туура эмес. Тамактаныш керек бирок убагы менен,нормадан ашпай. Жана дагы Ада байке айтмакчы уруктан, семиз туугандарынызды, же арык туугандарынызды тарткан болсонуз ошол жагына да кудайга шугур кылып жашай бериниз.

Негизи алты саныбыздын аман экенинин озу чон бакыт.
И в радости и в горе, какой
бы ни был стресс, держите под
контролем – мозги, язык и вес!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#339 Пользователь офлайн   Saiha.84   04 Август 2014 - 14:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Lady_smile (02 Август 2014 - 11:05) жазган:

Жугуруп арыктагандар жугурбой койсо кайра бат эле семирип кетет.
Негизи бейгам адам семирет. Мен да мурун томолок кыз болчумун,окуп кыйналып, ар кандай койгойлор жаралып ошолорду ойлонуп журуп эле арыктап кеттим, жана эн негизги нерсе бул тамак напсинерди тыйсанар арыктайсынар. Кыздар "Ушуну жесем башка жебейм" деп жей беребиз ошол туура эмес. Тамактаныш керек бирок убагы менен,нормадан ашпай. Жана дагы Ада байке айтмакчы уруктан, семиз туугандарынызды, же арык туугандарынызды тарткан болсонуз ошол жагына да кудайга шугур кылып жашай бериниз.

Негизи алты саныбыздын аман экенинин озу чон бакыт.

Арыктоо учун гана жугургондун озу катачылык... Ден-соолукту чындоо учун жугурсо калганы бонус болуп келетСүрөт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#340 Пользователь офлайн   aikow92   06 Август 2014 - 09:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Арыктоодогу аффирмациялар Сүрөт


· Мен бүгүн өзүмдү келишимдүү сезип жатам.

· Арыктоо бул оңой эле.

· Мен акырындык менен арыктап жаткандыгым чындык.

· Менин денем күндөн-күнгө күчтүү, сак-саламат, сымбатуу көрүнүп жатат.

· Толук кандуу тамактанып жатканым менен сыймыктанам.

· Өзүмдүн сымбаттулугум үчүн баарына даярмын.

· Келишкен мүчөлүү, акылдуу болууга татыктуумун.

· Суу жаңылантат жана тамакка болгон тартылуумду азайтат.

· Тамактарды тандоодо менин ден-соолугума пайда келтирүүчү гана сапатына көңүл бурам.

· Ар бир күнү денемдеги жакшы өзгөрүүнү байкап жатам.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Диетология
  • Кийинки тема →

  • (29 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июн 2025 13:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: